Мырзайым адам азайганда келем бугун эртен пробка болот суроолор азырынча иийгилик
СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#9923 10 March 2015 - 01:16
Суроолорумду баяныныздан эле жооп алып койгом...сизге жана уй- булоонузго бекем ден- соолук каалайм,жарыгы очпой коломтонордун,
жылуулук кетпесин!
Сиздей сабырдуу адамдар коп болсо экен,Сизге рахмат дегим келет баяныныз менен коп адамдын козун ачтыныз эн башкысы " САБРДУУЛУК"
ту уйротуп кетиниз...бар болунуз эже,балдарынызга кен келечек!
Суйлосон жакшы соз суйло,болбосо УНЧУКПА!
#9924 10 March 2015 - 01:16
Саламатсызбы эже? Мен да элден артта калбай келип калдым.
1. Өзүңүзгө жакпаган кыялыңыз?
2. Балага катуусузбу?
3. Өткөн күндөрүңүз эсиңизге түшкөндө кандай абалда болосуз?
4. Ыйлааксызбы?
5. Эмнеге өкүнүп бармагыңызды тиштегенсиз?
Ийгилик, бакыт каалайм. Жана да өтүп кеткен майрамыңыз менен.

Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#9925 10 March 2015 - 01:25
Суроолорумду баяныныздан эле жооп алып койгом...сизге жана уй- булоонузго бекем ден- соолук каалайм,жарыгы очпой коломтонордун,
жылуулук кетпесин!
Сиздей сабырдуу адамдар коп болсо экен,Сизге рахмат дегим келет баяныныз менен коп адамдын козун ачтыныз эн башкысы " САБРДУУЛУК"
ту уйротуп кетиниз...бар болунуз эже,балдарынызга кен келечек!
Баш багып, каалоо-тилек айта кеткенизге ыраазычылык! Ардайым эл ичинде аман болуп, бактылуу адамдардын катарын толукташынызды каалайт элем.
#9926 10 March 2015 - 01:48
Саламатсызбы?
Интервюга куш келипсиз!
Эн алгач отуп кеткен майрамыныз менен куттуктайм!
Башыныздан коп нерсе отконун озунуз жазган баяныныздан улам билем. Эми суроого келсек. 1) Адам канткенде адам болот? Же эки аягы менен басып журсо, ийнинде башы бар болсо эле болдубу? 2) Тээ алмустактан бери адамзат тынч жашабай, бири-бири менен согушуп келет. Согушту болтурбай коюга болобу? 3) Жонокой эле уй-булолор арасындагы чыр-чатак чон граждандык согушка айланып кетиши мумкунбу? 4) Согуш, чыр-чатак деп атып ойлонтуп койдум окшойт. Согушту мындай койуп эле жонокой эле уй-булолор ынтымакта, тынч, бир да урушпай жашашса болобу? 5) Аял уйдун куту!-деген созду кенен чечмелеп беринизчи? 6) Озунузго муноздомо бере кетсениз? Жоопторго алдын ала рахмат! Ден-соолук, иштеринизге ийгилик, уйбулонузго тынчтык каалайм! Азырынча ушулар. Дагы суроо суйроп келишим мумкун.
#9927 10 March 2015 - 02:02
Саламатсызбы эже? Мен да элден артта калбай келип калдым.
Саламатчылык келе гой...
1. Өзүңүзгө жакпаган кыялыңыз?
Жакпаган кыялдар көп эле... Кайсы бирин айтаарды да билбей калдым.
2. Балага катуусузбу?
Ошо, балага анча катуу эмес окшойм. Бир аз катуураак болгум келет. Негизи балдарым менен бала кыял болуп, ойноп кетмейим бар. Ортодо кандайдыр сыр жашырууну каалабагандыктанбы, кичинекей кыз менен кичинекей болумуш болуп ойноп айтып, кызымдын болгон сырларын билип алам. Ушунчалык сырга бекем кыз. Ошенитип алдап эле жан дүйнөсунө кирип барбасам, сырга бекем. Ал эми уулум азыр кичиине. Ошого карабай бир гана мени менен курөшүп ойнойт. Атан менен ойно десем, ал ойногонду билбейт деп, мени курөшкө утур-утур чакыра берет. Анткени мен калп эле утула берем да... Ал канчалык уткан сайын ошончолук, өзүнө ишенип, эрдендеп,шерденип, дердендеп алат.
Кайын энемдин айтуусу боюнча, келиндерден балдарды катуу кармаган келини катары мени айтат. "Мырзаш көз менен гана жумшап коёт" - деп айтып калат. Өгуну кайын синдим да, сиз аябай катуу кармайсыз дейт. Катуулук деп айтпайт элем, болгону талапты катууу коёт чыгаармын. Себеби, баарыбыздын эле балдар орус мектептен билим алгандыктан, орус мунөз болуп, учурашканды да билбей калышат экен. Биз кыргыз экенибизди кулагына кумдай куюп, биздин менталитеттин закондорун дайым айтып, кайра ошолрду иш жүзүндо талап кылмайым бар. Уруп-согуп эмес, көбүнчө алдап жумшайм, алдап үйрөткөнгө далалат кылам.
3. Өткөн күндөрүңүз эсиңизге түшкөндө кандай абалда болосуз?
"Жаралуу журөк" баянын жазып жатканда, элге жеткиликтүү болуш үчун ошондогу образга тушүп, ар бир коз ирмемдеги эмоцияны кайра баштан өткөруп жазгам. Чындыгында, өткөнду тубөлүккө мээден өчурүү мүмкүн эмес. Болгону алар жөн эле бир экранда калды... Кыялдан болсо жөн эле кагазга айлантып, өрттөлуп, күлу сапырылып туш тарапка учургандыктан, жан дуйнөдө жөн эле боштук калды...
4. Ыйлааксызбы?
Негизи ыйымды эч кимге көргөзчү эмесмин. Ортодон баары бирликке салып журдүм. Кайратым кайткан сон ал адатты эч кимге көрсөткөн жокмун. Бирок, мундуу окуя же, кино көруп калсам, тымызын жашымды сүртуп коймоюм бар.
5. Эмнеге өкүнүп бармагыңызды тиштегенсиз?
Учурда өкунө тургандын баарына, тескерисинче, сүйунуп турган чагым. Ал өкунүчтөр болбогондо, ал бармак тиштөөлөр болбогондо, мынчалык бактылуу болмок эместиримн. ..
Ийгилик, бакыт каалайм. Жана да өтүп кеткен майрамыңыз менен.
Суроолорунузга чоон рахмат! Сизге да, берекелүү жашоо турмуш, бактылуулук каалап кетмекчимин.

#9928 10 March 2015 - 10:37
Саламатсызбы Мырзайым, (атыныз башка болсо да биз ушинтип атап конуп калбадыкпы)
отуп кетсе да 8-мартыныз менен куттуктап коёюн.
Суроом азырынча бироо эле: Ушунча азаптарды корсотсо да, козунузго чоп салса да, Сизди психологиялык стресс, депрессияга жеткирсе да Дайырды суйосузбу?? (балдарымдын атасы да, сыйлайм деген жоопторунузга канааттанбайм, жооп бироо эле: суйом же суйбойм деп кыскача айтсаныз).
Жооп учун алдын ала рахмат, Сизди жакшылыктар, ийгиликтер коштоп журсун.

#9929 10 March 2015 - 10:44
Саламатсызбы?
Интервюга куш келипсиз!
Эн алгач отуп кеткен майрамыныз менен куттуктайм!
Башыныздан коп нерсе отконун озунуз жазган баяныныздан улам билем. Эми суроого келсек.
Саламатчылдык! Куш келдик! Куттуктоолорго албан-албан рахмат.
1) Адам канткенде адам болот? Же эки аягы менен басып журсо, ийнинде башы бар болсо эле болдубу?
Эки аяктуу, ийнинде башы бардын бары эле адамдар эмес, эки аяктап баскан жаныбарлар дагы бар. Айырмасы ан сезиминде. Адам күн өткөн сайын, ар бир тоскоолдукту барып тарс сүзгөн сайын же, тоскоолдукту айланып өтүүгө акыл калчап отуруп адам болот, жашоо-турмушка бышат, ар турдүү кырдаалдардан көзу ачылат.
2) Тээ алмустактан бери адамзат тынч жашабай, бири-бири менен согушуп келет. Согушту болтурбай коюга болобу?
Эн оболу согушу жок эле жашасак, кандай сонун керемет дуйнө болмоктур. Согуш - пикир келишпестиктен келип чыккан жанжалдын өрчушуп кеткени же талашууну чечүүчү акыркы тур. Эгерде адамдар бирдей кулк мунөздө, бирдей ой-жугуртүүдө, бирдей кыял-жорукта, окшош болуп төрөлсө согушту таптакыр болтурбай коюууга болмоктур. Бирок, беш кол тен эмес. Ар бир адамдын оюу ар башка, тушунугу ар башка, ой-жугүртүүсү, кыял жоругу, кулк-мунөзү деги койчу бир адам экинчиге эч эле окшошпойт. Ал тургай эгиздерде да, канча айырма бар. Согушу жок чечүү үчүн, ар кандай варианттарды ойлоп тапса да болот... Мисалы муктаждыктарды алмашуу жолу менен деген сыяктуу.
3) Жонокой эле уй-булолор арасындагы чыр-чатак чон граждандык согушка айланып кетиши мумкунбу?
Айланып кетиши мумкун. Биз муну өз башыбыздан өткөрбөдүкпу? Биздин мамлекеттеги ар бир толкундуу учурду мисал кылсак болот.
4) Согуш, чыр-чатак деп атып ойлонтуп койдум окшойт. Согушту мындай койуп эле жонокой эле уй-булолор ынтымакта, тынч, бир да урушпай жашашса болобу?
Үй-бүлөнун өзөгүн эки башка жыныстагы адамдар тузгөндуктөн, адамдык түзүлушундө көп айырма бар. Ошондуктан казан-аяк кагышпай койбойт. Кантип эле бирде болбосо бирде, жок жегенде бир жолу кыйкырышып урушушпаса да, таарынышпасын? Эч болбосо, жарым саат бири-бирине суйлөбөй коюшаар. Бул закон ченемдүү эле көрунуш. Эгерде үй-бүлөдө бир да жолу таарыныч болбой, бакыттын туу чокусунда гана болушса, бул дагы ченем менен бериле турганын эске алуу керек деген ойдомун. Эгер анча-мынча ньюансты эске албаса, ынтымакта, тынч, олуттуу жанжалсыз жашаса болот. Бирок, ар бир эле үй-бүлөдө, өзүнун кезеги келгенде үй-бүлөлук кризис каптаса керек. Бул жараткандан берилген сыноо катары кабыл алуу менен бирге, женилип бербөө керек деп айтоор элем.
5) Аял уйдун куту!-деген созду кенен чечмелеп беринизчи?
Аял-үйдүн куту! Бул сөздун маанисин бала-чакасы менен, аялдан эрте калган эркек адам абдан жакшы түшунсө керек... Аял бар үй -жылуу, жарык, иреттүү, баары орду менен. Кут ушул сөздөрдун баарын өзунө камтыса керек.
Олутту мисал албай эле, өтө жөнөкөйун алдым.
Элестетип көрсөнуз, жкмуштан чарчап үйгө кирдиниз. Эшиктен каалганы ачып кирсениз, балдарыныз чуркап чыкты. Сиз аларды өпкөнчө эле, бир адамды жоктоп, эки жакты элендеп, дароо эле "апанар кайда?" - деген суроо бересиз. Жок экенин укканда, маанайыныз чөгө жумшак керебетке, же жер төшөккө кыйшая каласыз да ага телефон урасыз. Ал келгенче балдардын таттуу сөзунө алаксыганыныз менен оюунуздун баары аялынызда болоору талашсыз. Албетте, анын ортосунда кызганыч да ойгонуп кетпей анан... Анын аркасынан бир аз ачуулана баштайсыз... Ашканага кирсениз ирээтсиз бөлмөдөн чыгып кеткиче шашасыз... Жининиз куч алагандан куч ала берет... Каныныз кайнап турса да, үйдун муздагы бетинизди аймалайт...
Эми тескери элестетиниз. ..
Сиз чарчап келсениз, эшикти ачканда эле, даамдуу тамактын жыты мурдунузду жарып "бурр" деди. Балдар менен учурашып болгон сон, жыт урган жакты көздөй басып, көнулунуз ого бетер тынч алып мыкты атмосферада чарап келгенинизди да унутуп калдыныз... Аялдын кунумдүк жашоодогу эле орду канча? Ал тургай эшиктен чуркап кирген жаш баланын дароо апасын издегени да, аял кишинин үй-булөдө орду канчалык экенин айгинелейт болсо керек.
6) Озунузго муноздомо бере кетсениз? Жоопторго алдын ала рахмат! Ден-соолук, иштеринизге ийгилик, уйбулонузго тынчтык каалайм! Азырынча ушулар. Дагы суроо суйроп келишим мумкун.
Мүнөздөмө? Ммм... Мектепте окуп жургөндо өздук дело болот го, аркасына мунөздөмөлөр жазылчу эмес беле? Ошол дело 11ди буткөндө колго тийди. Биринчи классымда башка мугалим, экинчи классымда башка мугалим, үчүнчү классымда кайра биринчи класстагы мугалим, бешинчи класстан тогузунчу класска чейин башка мугалим, тогуздан 11 класска чейин башка мугалим мунөздөмө жазышыптыр. 11 жыл боюу өзгөрбөгөн мүнөзүм: айтканыман кайтпаган өжөр мүнөзум менен бетке тике айткан мунөзум болуптур. "...Айтканынан кайтпаган, өзунукун бербеген, өжөр..." - деген сөздү кайра-кайра окуп алып, мен ошондоймунбу деп аябай тан калгам. Ушул мунөзум калган жок окшойт. Андан тышкары боорукерлигим кээде аша чаап кеткени, өзумө да жакпай кетет. Кыялкеч айымдардын катарындамын. Бейтааныштар үчун өтө катаал, бой көтөргөн, тушунугу жок адамдай элес калтырат экенмин. Ал эми тааныштар, курбу курдаштар, туугандар арасында, шайыр, тамаша чалып суйлөгөн жанмын. Балдарым үчүн ак көнул апамын. Күйөөм үчүн тан калдырып бутпөгөн түгөймүн. Колдорумдан көөр төгулбөсө да, жөндөмдүү жанмын. Аларды андан ары өздөштурбөгөнум, жалкоолугум окшойт.
Суроолорунузга рахмат! Уй-бүлөнуз менен ынтымакта, бактылуу болунуздар!

#9930 10 March 2015 - 11:03
Саламатсызбы Мырзайым, (атыныз башка болсо да биз ушинтип атап конуп калбадыкпы)
отуп кетсе да 8-мартыныз менен куттуктап коёюн.
Суроом азырынча бироо эле: Ушунча азаптарды корсотсо да, козунузго чоп салса да, Сизди психологиялык стресс, депрессияга жеткирсе да Дайырды суйосузбу?? (балдарымдын атасы да, сыйлайм деген жоопторунузга канааттанбайм, жооп бироо эле: суйом же суйбойм деп кыскача айтсаныз).
Жооп учун алдын ала рахмат, Сизди жакшылыктар, ийгиликтер коштоп журсун.
отуп кетсе да 8-мартыныз менен куттуктап коёюн.
Суроом азырынча бироо эле: Ушунча азаптарды корсотсо да, козунузго чоп салса да, Сизди психологиялык стресс, депрессияга жеткирсе да Дайырды суйосузбу?? (балдарымдын атасы да, сыйлайм деген жоопторунузга канааттанбайм, жооп бироо эле: суйом же суйбойм деп кыскача айтсаныз).
Жооп учун алдын ала рахмат, Сизди жакшылыктар, ийгиликтер коштоп журсун.
Саламатчылык Тагайбек ага.
Психологиялык стресс, депрессия булардын баары артта калды. Жашоонун сыноолору болбосо, белектери да болбостур. Мен өмур боюу кектеп эмес, өткөнду өткөнгө таштап, дайыма жаны жашоого талпынган жанмын. Жаны жашоого кайтуу учүн көптөгөн медитацияларды аткардым. Биринчи кадамды, журөккө чырмалып калган адамды жулуп ыргыттым. Аны тескери узатып, бийик дубал менен тоздум. Ордуна Дайырдын жылмайып мени суйүү менен карап турганын элестетип, ага да ошондой суйүү тартуулагым келди. Ушул сыктуу медитациялар көп кайталанды. Ага аныкындай суйүү тартуулагым келгени, акылдагы сүйүүнү журөккө өткөрдүм. Демек, мен аны суйдум. Бизге башка адамдар чыдабайт эле. Биз бири-бирибизге жарашабыз жана татыктуубуз!
Сизге да үй-булөлук бакыт каалайм!
#9931 10 March 2015 - 11:34
Арыбаныз эжекем!
Куш келипсиз интервьюнун торуно!
Бир эки собол менен кошо отунучум бар эле, колунуздан келсе аткарасыз деген ойдомун.
1. Жолдошунуз тууралуу эки ооз соз калтырсаныз. Ал киши сиз учун?
2.Кызганыч-деген синдром сиз учун? Кызганычтан журогунуз жабыркайбы?
3. Бир жылдык эмгек кылып жазган баяныныздын жарымы окурмандардын билдируулору менен толуп калган, мумкун болсо ортодо жазылган билдируулорду очуртуп сала аласызбы админге айтып. Себеби мен калтырбай окуп келе жатып, ошол ортодогу коп создордон адашып, кайсыл бетине келгенимди билбей даалай жолу тиягына барактап, биягына барактап убактымды кетиргем. )) Акыры чарчап, эжем бутсунчу анан окуюн деп, сиздин чыгармачыл майданыныздын эшигин жаап салгам озум учун. )) Эми буйруса башынан окуп чыгам. Бир эле мен эмес, мындан арыда эчендеген окурман окууру анык, ошондуктан бир сыйра ыпыр-сыпырдан тазалап, генеральный убарка кылдыртып коюнузчу, отуном! Окурмандарга сый-урмат катары. Чыгарманын аягында каалагандай каалоо-тилек, сын-пикирин жазышсын.
А баса, откондо апама эмне кылып жатасыз десем, Мырзайымдын чыгармасын окуп жатам дейт. Апамын конулунон тунок тапкан чыгармаларды, мен эч качан конулдон сырт калтырчуумесмин. Болгону бул жолкуда окуганга ынгайсыздык жаралып, окуй албай жаткан кезим.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#9932 10 March 2015 - 11:53
Арыбаныз эжекем!
Куш келипсиз интервьюнун торуно!
Куш келдик Чолпон айым. Жөн өтпөй кире кеткенинизге рахмат!
Бир эки собол менен кошо, отунучум бар эле, колунуздан келсе аткарасызбы, бирок зордобойм.
1. Жолдошунуз тууралуу эки ооз соз калтырсаныз.
Ал - балдардын суйктүү, камкор атасы, менин тубөлүктүү түгөйүм.
2.Кызганыч-деген синдром сиз учун?
Дээримде бул синдром жокко эсе болчу. Бир убакта бул оору козгологону менен, учурда жок. Өнөкөт оорум деп айта албайм. Керек учурда гана колдоном. Негизсиз козголбогон оору мен үчун.
3. Отунучум томонкучо; бир жылдык эмгек кылып жазган баяныныздын жарымы окурмандардын билдируулору менен толуп калган, мумкун болсо ортодо жазылган билдируулорду очуртуп сала аласызбы админге айтып. Себеби мен калтырбай окуп келе жатып, ошол ортодогу коп создордон адашып, кайсыл бетине келгенимди билбей даалай жолу тиягына барактап, биягына барактап убактымды кетиргем. )) Акыры чарчап, эжем бутсунчу анан окоюн деп, сиздин чыгармачыл майданыныздын эшигин жаап салгам озум учун. )) Эми буйруса башынан окуп чыгам. Бир эле мен эмес, мындан арыда эчендеген окурман окууру анык, ошондуктан бир сыйра ыпыр-сыпырдан тазалап, генеральный убарка кылдыртып коюнузчу, отуном! Окурмандарга сый-урмат катары. Чыгарманын аягында каалагандай жазышсын.
А баса, откондо апама эмне кылып жатасыз десем, Мырзайымдын чыгармасын окуп жатам дейт. Апамын конулунон тунок тапкан чыгармаларды, мен эч качан конулдон сырт калтырчуумесмин. Болгону окуганга ынгайсыздык жаралып, окуй албай жаткан кезим.
Сиз жанылыктардан артта калган окшойсуз. Бир жылдык жазуум буткөн күндүн эртеси эле, админ тараптан тазаланып, 94 барактан 23 баракка айланып, "Адабият жана поэзия" бөлумунө жылдырылган. Мен айткан бөлүмдөн тапсаныз болот.
Апанызга чын ден-соолук, узун өмүр, уул-кыздарынын сый-урматына балкыган бактылуу карылыкты кааламакчымын. Сизге да аялзаттык бакыт, кадырлуу ден-соолук каалоо менен бирге ардайым шайыр мүнөзунуздөн жазбаныз!

#9933 10 March 2015 - 12:53
Саламатсызбы Мырзайым эже. Интервью төрүнө кош келипсиз. Ден-соолугуңуз,
жашоо жакшыбы?
Суроо бербей калып арманда калбай, мен да анча-мынча кызыккан суроолорду узата кетейинчи.
1. "Жаралуу жүрөк" биографиялык- чыгармаңызда (ушинтип атасам туура эле болсо керек ээ?) өз ысымыңыз өзгөртүлгөн эмеспи, сурайын дегеним, башка каармандардын аттары өзгөртүлгөн беле же өз ысымдарыбы?
2. "Жаралуу жүрөктөн" соң, сиздин өмүр-баяныңыз, жашооңуз тууралуу аз да болсо билип калбадыкпы. Бул суроону да кайра эле ошол жеке жашооңуз тууралуу бермекчимин. Эгер оор келбесе жооп берип өтөөрсүз.
Жолдошуңуздун биринчи никесинен кызы бар эмеспи. Күмүшай деп окудум окшойт эле адашпасам. Ал азыр кимдер менен? Жалал-Абаддабы же сиздер мененби? Күмүшайды да өз балдарыңызга кошуп тарбиялоону ойлоп көрдүңүздөр беле?
3. Жогорудагы жоопторуңуздун биринде бир тентек форумчу кызга бооруңуз оруурун айтып кетипсиз. Эгер ошол тентек кыз реалдуу жашоодо эркек бала болгон болсо (монитордун артында эркек адам отурса кыздын атын жамынып) буга сиздин көз карашыңыз?
4. Супер инфо гезити тарабынан берилген жолдомо менен биздин жылдыздар, супердин кызматкерлери экзотикалык өлкөлөрдө эс алып келип жатканы белгилүү эмеспи баарыбызга эле. Эгер сизге да ушундай жолдомо берилип калса (ушундай учур болуп калса да эми), сиз эс алууга бараар белеңиз? Жолдомо бир гана адамга берилсе, жалгыз өзүңүз барууга туура келди дейли, сиздин тандооңуз?
5. Форум билинбегени менен "оору" эмеспи, сиз үчүн деле ушундайбы?
6. Эгер форумчулар жолугушууга чакырса келе аласызбы? Мега болбосо да, жалаң кыздар же бир канча эле кыз чогулган учур болсо?
7. Журналистика жаатына кызыгууңуз дале барбы? Эгер супер инфо кызматташууга чакырса сизден кандай жооп болмок?
Жооптор үчүн алдын-ала чооң рахмат эжеке.
Ар дайым бар болуңуз. Аман болуңуз. Ылайым мындан аркы жашооңузда жалаң гана бакыт, жакшылык, ийгиликтер нурун сээп турсун.

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#9934 10 March 2015 - 13:23
Иий, кудай жанылыктан артта калган экенминго, сиз айтпасаныз журмок экем журок сырын туро кыдырып.)) Жакшы болбодубу, кеттим анда адабиятка, бутту асып алып бир дем менен окуп чыгайын. 
А сизге ийгилик, аман болунуз!
А сизге ийгилик, аман болунуз!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#9935 10 March 2015 - 14:43
Саламатсызбы Мырзайым эже. Интервью төрүнө кош келипсиз. Ден-соолугуңуз,
жашоо жакшыбы?
Суроо бербей калып арманда калбай, мен да анча-мынча кызыккан суроолорду узата кетейинчи.
Саламатта отурабуз Нурзида. Баары жакшы.
1. "Жаралуу жүрөк" биографиялык- чыгармаңызда (ушинтип атасам туура эле болсо керек ээ?) өз ысымыңыз өзгөртүлгөн эмеспи, сурайын дегеним, башка каармандардын аттары өзгөртүлгөн беле же өз ысымдарыбы?
Көбүн эсе ысымдары өзгөртулгөн. Адашпас үчун көбүнчөсүнө уйкаш аттарды тандагам. Узак убакыт жазбай калып, улаганы келгенде, кээ бир каармандарымдын ысымдарын эстей албай, арткы беттерди барактаган кундөрум да болгон. Арасынан 3-4 каарман өз ысымдары менен эле калган.
2. "Жаралуу жүрөктөн" соң, сиздин өмүр-баяныңыз, жашооңуз тууралуу аз да болсо билип калбадыкпы. Бул суроону да кайра эле ошол жеке жашооңуз тууралуу бермекчимин. Эгер оор келбесе жооп берип өтөөрсүз.
Жолдошуңуздун биринчи никесинен кызы бар эмеспи. Күмүшай деп окудум окшойт эле адашпасам. Ал азыр кимдер менен? Жалал-Абаддабы же сиздер мененби? Күмүшайды да өз балдарыңызга кошуп тарбиялоону ойлоп көрдүңүздөр беле?
Биз алгач бир түтунгө айланган кезде Күмүшай апасында болчу. Ортодон келип-кетип журдү. 1-класска кирген кезде кайнене-кайнатамдардын колуна өткөн. Кайненеме, "Биз алалык. Кантсе да өз атасынын жанында болсун" - дегениме апам (кайненем) таптакыр көнбөй койгон. Ага кошулуп, кайын синдилерим да каршы чыккан. "Тынч эле жашоонорду улай бергиле!" - деген сөздөрду айтышкан. Кайра эле апасы жин ургандай окуудан чыгарып алып, кызды ары суйрөп бери сүйрө кыйнап койду. Акыры кайра чон-эне, чон атасынын колуна келди. Бул убакка чейин, апаман сурап эле журдүм. Себеби, балалык кездеринде бири-бири менен аралашып, камыр-жумур болуп бир тарбияда өсушсө деген элем. Апам же менден корктубу, же кыздан корктубу берген жок. План боюнча 9ду бүтуп колубузга келмек. Бирок, ага жетпей кийинки окуу жылдын башында келип калышы ыктымал. Акыркы жолу ушундай чечимге келгенбиз.
3. Жогорудагы жоопторуңуздун биринде бир тентек форумчу кызга бооруңуз оруурун айтып кетипсиз. Эгер ошол тентек кыз реалдуу жашоодо эркек бала болгон болсо (монитордун артында эркек адам отурса кыздын атын жамынып) буга сиздин көз карашыңыз?
Эми эркек балага "тентектик" , кызга карганда анча- мынча жарашса керек. Бирок, кыз башы менен ушунча адамды тажатканынан бир мандем бар го деп ойлоп жургөм.
4. Супер инфо гезити тарабынан берилген жолдомо менен биздин жылдыздар, супердин кызматкерлери экзотикалык өлкөлөрдө эс алып келип жатканы белгилүү эмеспи баарыбызга эле. Эгер сизге да ушундай жолдомо берилип калса (ушундай учур болуп калса да эми), сиз эс алууга бараар белеңиз? Жолдомо бир гана адамга берилсе, жалгыз өзүңүз барууга туура келди дейли, сиздин тандооңуз?
Дал ошондой жолдомо берилди дегени гана мени кубандырмак. Бирок, мен жалгыз барбайт болчумун.
5. Форум билинбегени менен "оору" эмеспи, сиз үчүн деле ушундайбы?
Оору эмес, азгырык го дейм. Кирип эле кайра чыгам дейм да, көрунгөн теманы сузгулөп, чыга албай, алтын таап алчудай айланып калмайым бар. Бирок, кээде шартка жараша, бир максатты беттеп кирем да кайра чыгып кетем. Ошондуктан дайыма кун тартибимди толутуруп тыштайм. Кээде өзумду бош таштап койгон кундөру азгырылып кетем да, чыккандан кийин өзумду өзум далайга дейре тилдеп алам. "Мынча убактта мынча жумушум бутмөк экен" - деп, кайра өзүмду жазалап, тун уйкудан калтырып коймоюм бар. Интервью жумалыгын алдын ала эске алгандыктан, бул жумага убакытты кенен бөлүп койгон элем.
6. Эгер форумчулар жолугушууга чакырса келе аласызбы? Мега болбосо да, жалаң кыздар же бир канча эле кыз чогулган учур болсо?
Албетте бара алам. Бирок, Мырзайым деген ысым, ник менен эмес.
7. Журналистика жаатына кызыгууңуз дале барбы? Эгер супер инфо кызматташууга чакырса сизден кандай жооп болмок?
Журналист - курч, өткур. тайбас болуу керек. Эгер ушул мунөздөрду эске алсак, бул мунөздөр менден алыстап баратат.. Убакыттын өтушу менен бул кесипке болгон кызуум тарап бараткандай. Буга чейин көп жерге резьюме жөнөтуп, таштап көнул жылыткан жооп албагандан кийин женилип бердим окшойт. Мындай жоопко көбунчөсү, эч кандай филологиялык, журналистикалык билимим болбогону көп себепкер болгон.
Дайыр кээде, " Ырас эле журналалист болбопсун. Мындай турун менен сени эчак атып кетишмек" - деп калат. Анан отуруп алып кээде саячсатты аябай талкуулайбыз да, анда да, "Сен деги депутат болбо, ошол куну седен айрылып калам" - деп калат. Кыязы, беттегенимди бетке балп этип түз айтмайым дале бар окшойт.
Жооптор үчүн алдын-ала чооң рахмат эжеке.
Ар дайым бар болуңуз. Аман болуңуз. Ылайым мындан аркы жашооңузда жалаң гана бакыт, жакшылык, ийгиликтер нурун сээп турсун.
Рахмат! Жаратканым жакшы кундөрдү кен берсин, болочокту түгөйүнүздү тен берсин! Жузүнуздөн жылмаюуу төгулуп, ардайым бар болунуз!

#9936 10 March 2015 - 16:37
Саламатсызбы?
Сизге жана уй-булоонузго чын ден-соолук, узун омур каалоо менен биргеликте суроолорумду бере кетсем.
1. Сиздин баяныныз аябай жеткиликтуу жазылган бирде кулсок, бирде ыйладык дегендей. Чыгарма жазайын оюнуз барбы ?
2. Азыр даары-дармекти канчалык денгээлде колдоносуз?
3. Кызыныз сиздин тагдырынызды кайталабашы учун, кандай акыл- насааттарды айтып келесиз же айтайын деген ой бар?
Азырынча ушулар.

#9937 10 March 2015 - 17:04
Саламатсызбы Мырзайым эже?
Элден калбай менда суроолорду бере кетейин.
1.Дипломуңуз менен ушул тапта иштейсизби?
2.Форумдан көңүлүңүздү катуү калтырган форумчулар болгонбу?
3.Кыздардын достугуна ишенесизби? Негизи эле достүка ишенесизби?
4.Көбүнчө ким менен сырдашас,сырга бекемсизби?
5."Жаралуу жүрөктөгү" жазгандарыңыздан сизди кечиримдүү деп ойлойм.Бирок кечиргениңиз менен жүрөктө кетпес так калабы?

#9938 10 March 2015 - 17:13
саламатсызбы мырзайым эже?отуп кеткен жанан келе жаткан жаз майрамдарыныз менен!сизге суроом:1. азыр эмне жумуш менен алексиз?2.кайсы ырчы жана актер актриса (чет олколук жана озубуздун)жагат сизге?3.эн таасирленткен акыркы кинонуз?4.кайсы тамакты жакшы коруп тамшанып жейсиз?5.8-мартка жолдошунуз эмне белек берди?(эгер сыр болбосо)
#9939 10 March 2015 - 18:21
Саламатсызбы?
Сизге жана уй-булоонузго чын ден-соолук, узун омур каалоо менен биргеликте суроолорумду бере кетсем.
Саламатчылык. Каалоо-тилектеринизге ыраазычылык.
1. Сиздин баяныныз аябай жеткиликтуу жазылган бирде кулсок, бирде ыйладык дегендей. Чыгарма жазайын оюнуз барбы ?
Мындай оюм бар. Жакынкы арада болбосо да, алдынкы жылдарда дебюттук чыгармамды тартуулап калышым мүмкүн.
2. Азыр даары-дармекти канчалык денгээлде колдоносуз?
Тфу-тфу көз тийбесин! Учурда дары колдонбой элемин.
3. Кызыныз сиздин тагдырынызды кайталабашы учун, кандай акыл- насааттарды айтып келесиз же айтайын деген ой бар?
Кызымдын кашында камкор атасы жана мээримдүү апасы бар болгондуктан менин тагдырыма, анын тагдыры окшош эмес. Мен андай кезде өгөй аталуу болгом. Кызым керек бул сөзгө да тушунбөйт. Ушундай эле болсун! Биз аларга жол көрсөтүүчу эн жакын адамдарыбыз. Балдардын келечеги азыр биздин колдо болгондуктан жаш курагына карап, акыл-насааттарды айтып, эл керегине жараган, ата-энени кадырлаган, тушүму мол болгудай тарбия берүүдөбүз.
Азырынча ушулар.
Дагы суроолор жаралып калса, тартынбастан келе бериниз... Бар болунуз, бай болунуз, бакытка балкыган айымдарын катарын толуктаныз!

#9940 10 March 2015 - 18:45
Саламатсызбы Мырзайым эже?
Элден калбай менда суроолорду бере кетейин.
Саламатчылык.
1.Дипломуңуз менен ушул тапта иштейсизби?
Ооба. Дипломумдукөтөруп алып бир мекемеде иштебесем да, сандыкка салып коюп, ошол билимим менен иштейм.
2.Форумдан көңүлүңүздү катуү калтырган форумчулар болгонбу?
Бир жолу болгон. Бирок, купуядан кечирим сураган. Ошо менен таарынычтар тараган.
3.Кыздардын достугуна ишенесизби? Негизи эле достүка ишенесизби?
Достукка анча эле ишене бербейм. Бирин сирин гана ишенген досум бар.
4.Көбүнчө ким менен сырдашас,сырга бекемсизби?
Эч ким менен сырдашпайм деле. Сырга бекеммин. Бирөө айтпа деп айтса, ал оозуман абага чыкпайт.
5."Жаралуу жүрөктөгү" жазгандарыңыздан сизди кечиримдүү деп ойлойм.Бирок кечиргениңиз менен жүрөктө кетпес так калабы?
Жок. Тактардын баарын жууп, тазалап, ордуна апапак кебез сымал булут каптатып, жан дүйнөну нурга бөлөп, жалан гана позитив маанайда өмүр сурүүдөбүз. Бул жасалма, же мактаныч эмес. Бул чындык.

Супер-Инфо
super.kg
видео