Та гам себепчи болгон АЛЛАХКА шугур чексиз Ыйманыбыз бекем болсун
Намаз окуганына ким себебчи болгон же озунбу?
#42 11 March 2015 - 22:35
Кайненем себеп болду. Баарын башынан, эринбей айтып,кетирген катачылыктарымды акырын тушундуруп уйротту. Аллахка шугур.
"Побеждает тот,кто верить,что он может победить."
#43 12 March 2015 - 11:19
Чон кайненем узак сапарга кетти деп кабар келгенде ,бир башкача болдум ..шаша кийинип чала була даарат алып намазга жыгылганмын.
.андан бери 2 жыл отту ,намазымды ,ыйманымды туздоп бекем ниет менен окуп жатам..
#44 13 March 2015 - 07:39
Ассаляму алейкум.Менин намаз окуганыма,ыйман жолуна тушконумо жолдошум себепчи болгон.Анан дагы кайын синдим да десем жанылышпайм.
Кайнатам каза болгондо баары боз уйдо суукта отуруп,намаз убагында по очереди намаз окуп калышкан.Элдердин баары тараганда кичинекей кайын синдим менин бир намазым каза болуп калды деп кейип,суукта даарат алып келип казасын окуган.Мен ошондо аябай таасирленгем.
Бир намазына ушунча кейип жатат,а менин канча деген намаздарым окулбай жатат деп.Ошентип шаарга келип Жолдошума дааватка барып келеличи,намаз уйронуп,окуйм десем аябай кубанган.Конец света(21.12.12) болот деген куну дааватка кеткенбиз.Аллага чексиз мактоолор болсун,азыр калтырбай окуйм,журогумдо тынчтык,конулум Ар дайым жайдары,кыжаалатчылык жок.Аллага шугур керек нерсемди намаз окуп дуа менен сурап алам.Аллах мээримдуу зат

Супер-Инфо
super.kg
видео









