2003-жылдары 2гектар пахта эккенбиз,кичине калды тушко чейин бутуруп келе коебуз деп обед албай барып алыпбыз эжем экообуз,же бутсокчу жер катуу,кун ыссык акыры чыдабай ыйлап жибергем курсагым ачканынанбы же кун ысыктанбы.
Кетмен көтөрүп талаада иштеген күндөрдү эстейбиз. Ар бир адамдын башыда бар,шаардыктар да иштеген каникулга айылга келге
#182 07 February 2015 - 18:41
2006 жылы 2 гектар семичка эгип талада кокочоо болуп кеткемгоо чиркин))) ээхх ошол кундөрүм сонүн экен эч нерседен кайгырбай 11 ди жаңы эле бүтүп келечеке план коюп жүргөн убак
"Адамга эн кыйыны күн сайын адам болуу" Ч.
Айтматов
#183 07 February 2015 - 18:43
Хе хе..... Негизи эле аябай соонун кундор откон.... Мен дагы чарчадым деп отуруп алчумун.......
чын эле эч чапкым келчу эмес озумчо эркелеп......
Мен маканы кошо чаап алат элем да бирок кайра эгип койчумун билдирбей же ыргытып койчумун эч кимге билдирбей... ....
Мен маканы кошо чаап алат элем да бирок кайра эгип койчумун билдирбей же ыргытып койчумун эч кимге билдирбей... ....
#184 07 February 2015 - 18:50
Баарынандаа күрүчтүн иши жаман оордаа ииии
"Адамга эн кыйыны күн сайын адам болуу" Ч.
Айтматов
#185 07 February 2015 - 18:59
88-89-жылдары СССР доорунда, тамекиге катуу иштечибуз, план толбосо буудайда, акчада аз берчу. Ысык-суука карабай таалада журчубуз. Алыстан колхоздун башкармасынын (Раис) уаз, же вилис машинасы корунуп калса калтырап, башты которбой коркуп аябай иштечибуз. Кееде окмоттун самолеттору талаага, беде, чопторго, курт-кумурскаларга каршы, суу даары чаччу, алар ахмак орустарга (Учкуч орустар) баарибир болчу, кыргыздарды адам катары корбогонуго дейм, адамдарга карабай устуно чачып отуп кетчу. Самолет гурулдоп уну угулганда, кетмендерди ыргытып чуркап качат элек жашынганы. Байкуш апалар качалбай, устулоруно дары каптарды жаап алып олтуруша берчу. Бугунку кундо СССР дин эмгек бойунча баатыры наамга конгон, ошол кездеги бригадир, огрономдор кату иштешчу, аялдардыда согуп, кечке эзип иштетчу, ошол учунда коркуп, жылбай отура беришчу экен чиркин...
#186 07 February 2015 - 19:27
88-89-жылдары СССР доорунда, тамекиге катуу иштечибуз, план толбосо буудайда, акчада аз берчу. Ысык-суука карабай таалада журчубуз. Алыстан колхоздун башкармасынын (Раис) уаз, же вилис машинасы корунуп калса калтырап, башты которбой коркуп аябай иштечибуз. Кееде окмоттун самолеттору талаага, беде, чопторго, курт-кумурскаларга каршы, суу даары чаччу, алар ахмак орустарга (Учкуч орустар) баарибир болчу, кыргыздарды адам катары корбогонуго дейм, адамдарга карабай устуно чачып отуп кетчу. Самолет гурулдоп уну угулганда, кетмендерди ыргытып чуркап качат элек жашынганы. Байкуш апалар качалбай, устулоруно дары каптарды жаап алып олтуруша берчу. Бугунку кундо СССР дин эмгек бойунча баатыры наамга конгон, ошол кездеги бригадир, огрономдор кату иштешчу, аялдардыда согуп, кечке эзип иштетчу, ошол учунда коркуп, жылбай отура беришчу экен чиркин...
Ушундайларды уксам же окуп калсам давлениям 200го чыгат да!
Бизди кул кылып эшектей эле иштеткен экенда е окендер?!
Ошол убакта саткын чондор азыр да журот ссср ди мактап коюп.
Кудайга шугур ошондой кундорду башызбыдан алып койгонуна.
#187 07 February 2015 - 19:43
Оа Нурмухаммад,
колониясында кул болгонбузда.
Материальный жактан камсыздап, алдап, руханий жактагы баалуулуктарыбызды талкалашкан.
Уркия Салиева деген аял Колхоздо башкарма болуп турган кезде, Курманжандатка энебиз кийдирип кеткен хижабды бут чечтирип, баарыны кулчулука-тамекиге айдаган. Аны бугунку кундогу тушунбогон улуу муундар, аялдарды эркиндике чыгарган, баатыр кыз деп данкташат. Кайдагы баатыр, шариятка душман болуп жатса...
#188 07 February 2015 - 21:33
Менин таятам раис болгон экен .Аз гана убакытка иштеп калган(киши колдуу болуп каза болгон экен)Эски блокнотторун корсом силос,сут тапшыруу,туут,
туум,тоют ушул сыяктуу жазуулары бар экен.Сут тапшырган адамдардын аттарын окуп,тапшырган пландарын коруп тан калгам.Чынында ССР мезгилинде элибиз эмгекчил болгон экен....
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#189 07 February 2015 - 21:59
талаага же чопко чыкканда эртен м.н эрте багымдатты окуп алып эле чайды ичип жонойт элек жоо.кээде кечке чейин иштейт элек кээде тушко чейин кобунчо тушко чейин.окуй элек убакта тамеки,пахта эгет элек.кийин азыркы мезгилде жугору семичке ж.а беде эгип калдык.мен эч жактырбайт элем ошентип иштегенди.бирок озундун адал эмгегин м.н тапкан жемиш кандай гана сооннуунн
#190 07 February 2015 - 22:34
<br />Оа Нурмухаммад,
колониясында кул болгонбузда.
Материальный жактан камсыздап, алдап, руханий жактагы баалуулуктарыбызды талкалашкан.
Уркия Салиева деген аял Колхоздо башкарма болуп турган кезде, Курманжандатка энебиз кийдирип кеткен хижабды бут чечтирип, баарыны кулчулука-тамекиге айдаган. Аны бугунку кундогу тушунбогон улуу муундар, аялдарды эркиндике чыгарган, баатыр кыз деп данкташат. Кайдагы баатыр, шариятка душман болуп жатса...<br />
Орустардын мындай жаман мамилесин коп жолу уксамда, устунон даары чачканын биринчи жолу уктум, онбогур орустар колуна бийлик келсе эле оздорун хан сезип алганы жаманда.....
Бирок Уркуя Салиеваны жаман дегенинизге кошулбайм/эмгекчил/ ал аялдардан чыккан "биринчи' ' бригад айым болгон.....
Ал жон гана бийликтин талабын аткарган!
#191 08 February 2015 - 01:21
Мен тамеки терип да иштегем,чайырына билектен малынып,пияз отоп да иштегем уйго кайтканда пияз жыттанып,пахта да тергем колдоруму тытып...бул иштерди тээ мектепте орто класста окуп жургондо иштегем,озумо акча иштеп табайын,коз каранды болбойун деп
#192 09 March 2015 - 02:14
Кетмен чаап талаада кун ысык да уктап калыпмын ойгонсом кун батайын деп калган учуру экен,отто чарчаган болчум.
#193 09 March 2015 - 03:17
Эстебегендечи))Кичине эле жерибиз бар эле,семичка же жугору экчубуз.Оргонду жакшы корчумун.Тан атайын дегенде туруп алып,баштачубуз болом экообуз.Кийин турмушка чыкканда деле тамеки оруп,жер тээп эле жургом.
#194 10 March 2015 - 04:17
Алы кучун бар болсо арам терди чыгарып эмгектенгенге не жетсин...
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#195 11 March 2015 - 19:11
Москвадан барган болчум июль айында. Чоң энемдин үйүндө жүргөм жеңеме жардам берип, кечке маал энем "чоң атаң менен барып бышкан бадырың, помидорлорду терип кел" деп жумшап калды. Чоң атам машинасын айдап алган, жеңемин 3 жашаар кызы да машинаны көрүп ээрчип алды. Талаага жетип чоң атам "сен терип тур, мен шалынын суусун карап келем" деп сиңдим экөөбүздү калтырып кетти. Сиңдими отургузуп коюп терип жүргөм, тээле көп экен бышканы мунун баарын үйгө алып барып не кылат экенбиз деп ойлонуп атып эле колум ысык нерсеге тийип кетти, жакшылап карасам эки жылан оролошуп жатат. Бакырган бойдон челекти ыргытып качып жөнөдүм, жүрөгүм оозума тыгылып, өпкөм көөп калган. Анысыы аз келгенсип ыйлап алганымчы. Чоң атам бир нерсе чагып алган экен деп чуркап келиптир. Жыланды кармап алдым десем. "Ээ бас кеттик, энең өзү терсин бизге не" деп кайра машинасына салып үйгө кетип калдык. Энем угуп алып күлөт да "Чоң атаң жыландан коркот эле бир жолу Кудай бериптир экөөңө, жок дегенде тергендериңи көтөрө келбейсиңби,
челекти бирөө уурдап кетет эми" деп. Жеңемин кызы болсо "Эжем бакырды, мен корктум" деп апасына айтып отурат.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#196 11 March 2015 - 19:15
Хыхыхыхыхыхыхы!
Бегим кыз биягын олтурдун го!


АК ИШТЕГЕН АДАМ АКЫРЫ ЖАМАНДЫК КОРБОЙТ (И.Р.РАЗЗАКОВ)
#197 11 March 2015 - 19:18
Тамеки токуп, жугору оруп, кайрып, пахта терип, шалы отоп жургон кундор болгон бизде деле.
#198 11 March 2015 - 19:20
Мен азыр деле айылга барганда кетмен кармап мал карап калам бирок ошол убакта чынын айтсам эс алып калам
Сени корсом
#199 11 March 2015 - 19:25
Кичинемде окуудан бошоп, айылга бардым,ошондо куз мезили болсо керек эле, байкемдер жугору оруп атышканынан,
каралаша коем деп орок менен жугоруну орбой эле бутумду оруп ала жаздагам.
#200 11 March 2015 - 19:30
Мен жүгөрү оро албайм да. Кайрып, нетип көе берем биро, оройун десем эле колум эп келбей кыйнала берем. Мурдагы жылы күздө үйдө зээригем деп күйөөм менен талаага чыктым, боюмда бар 7-8 айлык. Күйөөм жүгөрү оруп атат шыпылдап эле, артынан отуруп кайрый берейин десем ичим кысылып кетип туруп алам. Күйөөм "сен иш кылбай эле турчу, бар үйгө кет" дейт. Мен кетким келбей анын бутуна аралашып жүрөм. Кайним менен кайнатам келип калып, мени кайнатам алдына салып кууп кетти, күйөөмдү урушуп алган "ушул кантип иш кылсын" деп. Ошондон бери чыга элекмин талаага. Быйыл буюрса, чыгып калсам керек балдардан бошосом.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...

Супер-Инфо
super.kg
видео


















