Жогоруда жар тандоодо адашып, кайра кайра турмушка чыга беришет деп куноолоп жатасызго. Балким, ошондой туруксуз никени бешенесине буйруган чыгаар. Жараткандын буйругусуз жерден чан которулбойт дейтго, балким алда Алланын каалоосудур,
Алла буйруган нике кайыптыр(?)!
Жаман эркек деле, жаман аял деле, жакшысы деле бир эле нерсени каалайтго, жылуу уй, жылуу коломто, кыскасы бактылуулукту.
Ооба, бардык нерсе Аллахтын каалоосу менен болот. Бирок, бул деген сөз адамда жоопкерчилик жок дегенди билдирбейт. Аллах Таала адамдарга тандоо эркиндигин берген. Ошондуктан ал ар бир кылган иши үчүн жоопкер.
Мисалы сиз баары Аллахтын каалоосу менен болот деп базардан 45 размердеги бут кийим алып кийип албайсыз да. Тандап өзүңүзгө ылайык келгенин аласыз. Өмүрлүк жар тандоо деле ошол сыяктуу эле нерсе. Бут кийим тандашты билбеген адам, тандаганды билген адамды базарга ээрчите барат. Бирок, жубай тандаганды билбегендер бул нерсени өздөрү эле чечип коюп жатышпайбы? Бут кийимди акча болсо тез-тез алмаштырса болот. Бирок өмүрлүк жолдошту кайра-кайра алмаштыра берген болбойт ко. Ошого бул нерсеге жакшылап көңүл бөлүү керек.
Айыптаганым ошондой. Арзыбаган буюмду алуу үчүн базарды кечке кыдырып, ар кимден сураштырып, бааларын тактап, көп эле күч-эенергиясын жумшайт да, анан турмуш куруу маселесине олуттуу карашпайт.

Супер-Инфо
super.kg
видео






















