Суперстан: Чубак ажыга берилген суроолорго жооп - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чубак ажыга берилген суроолорго жооп Суроо бербеңиздер. Чубак ажыга жетпейт. Башка сайттан алынган.

#61 Пользователь офлайн   Xanif.Kg   02 Март 2015 - 18:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 842
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 14 Июн 2019 06:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сыноо майданы...

Дин кызматкеринин кеңеши №11

Мен 2 жолу 3 күндүк дааватка чыктым. 5 маал намаз окуй албай жатам, эмне кылсам болот? Дуба кылып коюңузчу. 07081806.. 
- Кудай Таалам ынсаптуулук берсин. Намазды үзбөй окуй тургандардан кылсын. Дагы чык дааватка. Бир күндө баарынын болуп кетүүсү кыйын. Ниеттен, ыкласыңды туздө! 
 
Мен 21 жаштамын. Жин кирип кеткенби деп шектенип жатам. Анткени, мен жөндөн жөн эле, күлө берем. Жин кирсе кантип чыгарса болот? 07781977.. 
-       Жөндөн жөн эле ачуусу келе бергендер, же күлө бергендерге жин бир азыраак илешип калган болуусу мүмкүн. Аны жинайдаар молдокелерге кайрылып окутсаңыз болот. Анан калса дайыма даарат менен жүрүп, эртели-кеч окулчу дубаларды окуп жүрүңүз. “Мусулмандын чеби”, “Маснун дубалар” сыяктуу китепчелерде айтылган зикирлер жазылган. 
 
Жин чыгарган, күчтүү дамла керек. Дарегин айтып койсоңуз. 05543432.. 
- Борбордук мечиттен сурасаңыз, ошолор даректерин беришет. 
 
Өгөй атанын милдеттери тууралуу айтсаңыз? 07713767.. 
- Өгөй атанын милдеттери деген сөз жок. Бир гана учурда, өгөй балдарды өз колу менен тарбиялоого милдеттенме алган учурда, милдеттенмени аткарууга милдеттүү болот. Аял турмушка чыгаарда, мурунку жашоосунан балдары болсо, экинчи күйөөсү ал балдарды мен бага албаймын деп нике кыйганга чейин айтып билдирүүсү керек болот. 
 
Адам алейхисаламдын уул, кыз балдары кайсылар? 07077419.. 
- Жер жүзүндө жашап жаткан пенделердин баары ошол Адам атабыздын урпактарыбы болобуз. 
 
Адам алейхисалам менен Хава энебиз, бейиштен тыюу салынган мөмөнү “жеп, куулган” дешет. А бейиште тыюу салынган мөмө болобу? 07077419..
- Сыноо максатында тыюу салынган дарак болгон. Ал ошол Адам атабыз менен Хава энебизге тиешелүү тагдыр. 
 
Атам арак көп ичет. Апама кол көтөрөт. Ортодогу чырды “токтотом” деп, атама колум тийген эле. Кудайдан корком, эмне кылсам болот? 07023442..
- Тооба кыл. Кудайдан кечирим сура. Атаңдан кечирим сура. Апаңа кол көтөрсө ортосуна түшүп ажырат, атаңдын муштуму сага тийсин, апаңа эмес. Эзели атаңа кол көтөрбө. 
 
Пешинде даарат алып, даарат асрга чейин сынбаса, маасы кийсе болобу? 07071243.. 
- Даарат толук бар болуп турса, качан болсо да маасы кийсеңиз жарай берет. Себеби кийилген маасыга масх тартууга мүмкүн болуусу үчүн, ал маасы толук даарат менен кийилген болуусу шарт. 
 
Түрктөр көбүнчө мойло коюшат. Бизде да кездешет. Ушул тууралуу айта кетсеңиз? 07071243.. 
- Мойлону салаңдатып койгон жакшы эмес. Айрыкча эриндерди жаап калса айтылган жакшы дубалары кабыл болбой калынат делет. Мойлону кыскартып алып жүрүү максатка ылайыктуу. Шариатта сакалды өстүрүп мойлону кыскартабыз.  
 
Жоолук салынып, көйнөктү тизеге жетип, жетпеген кийген жакшыбы же узун кийинип, жоолук салынбаган жакшыбы? 07071243.. 
- Жоолук салынып, узун этек көйнөк кийген парз. Кааласаң да каалабасаң да парз. Кыяматта сураласың. 

Сиздин суроо-жооп берүүлөрүңүздүн дискин кайдан алсак болот? 07071243.. 
- Улан Давлеткуловго кайрылсаңыз болот. Телефону: 0556773389 
 
Тамак жегенге чейин оозду чайкоо сүнөтпү? Ширин тамак менен майлуу тамакты аралаштырып, жесе болобу? Досумдун аялы мени “сиз” десе, биз да “сиз” дешибиз керекпи? 07071243.. 
- Тамак жегенге чейин оозду чайкоонун сүннөттүгү туурасында маалыматым жок. Ошондой эле ширин тамак менен майлуу тамакты аралаштырып тамактануу туурасында да маалыматым жок. Ал эми досуңдун аялы менен мамилелеш болуу туура эмес. Аралашып олтурган да жакшы эмес. Аялдар өзүнчө, эркектер өзүнчө айрым олтуруулары керек. 
 
Салтыбызда сөйкө салуу бар. Бул нерсе шариатта кандай? 07077419.. 
- Шариатта бар. Салт менен шариатыбыздын төп келишкен жерлеринин бири мына ушул. 
 
Баштын канча бөлүгүнө масх тартуу керек? 07091210.. 
- Төрттөн бир бөлүгүнө масх тартуу парз, бардыгына масх тартуу сүннөт. 
 
Мен сиздин жана Абдышүкүр ажынын дисктерин сүйүп угам. Мага дуба кылып коюңузчу. 07703131..
- Кудай Таалам бактылуу кылсын! Шерменде кылбасын!  
 
Мен намаз окуганга ниет бар. Бирок, намаз окубай туруп, бирөөгө даават айтсам болобу? 07703131.. 
- Жок. Сага айтканга болбойт. 
 
Шымдын пайчасы томуктан ылдый болсо, тозокко кирет деген хадистин мазмуну бар экен. Ошол Хадис сахихпи же зайифпи. Рахмат. 07000033.. 
- Сахих хадис. Анын мааниси ким бой көтөрүү максатында кибирчилик кылып пайчасын узун кийсе деген маани. 
 
Намазды жаңыдан үйрөнүп, окуп жатам. Багымдат менен шамды окуйм. Кош бойлуу болуп, калгангабы күндүз уйкум келип, уктайм. Эч нерсе болбойбу? 05597408..
- Уктаганың жакшы эле. Намазды калтырбай оку. 
 
Намаз окуп жатып, адашып, башкасын айтып алам бирок, кайра оңдоп кетем. Күнөө болбойбу? 07782371.. 
- Жок. Күнөө эмес. Адашкандын айбы жок, кайтып үйрүн тапкан соң. 
 
Сөзсүз түрдө араптардай болуп кийиниш керекпи? Же тизеге чейин эч жери ачылбаган көйнөк кийип, астына штан кийип, жоолук салынып алса болобу? 07782371.. 
- Арабтардай болуп кийинүү сөзсүз эмес. Сиз айткандай кийинсе деле болот. 
 
Бейиш эненин “таманында” дешет. Эне өз уул, кыздарын уруштурду. Аял акыретте жооп береби? 07782371.. 
- Албетте туура эмес мамилеси үчүн жооп берет. Бирок, ага карабастан эне урматталууга тийиш. 
 
Багымдатта даарат алып, маасы кийип, шамда даарат алып, масх тартып шам намазды окуп, маасыны чечип койсом болобу? Даарат куптан намазга чейин сынбаса, окуй беремби? Намаз окуп жатканда коңгуроо келип калса, өчүрүп койсо болобу? 07071243.. 
- Шамда маасыны чечкен убакта, маасыңызга масх тартканыңыз үчүн, бутуңуздун даараты сынды деп эсептелинет. Башка нерседен дааратыңыз сынбаса, анда бутту эле жууп койсоңуз даараттуу болуп каласыз. Коңгуроо келип калса аз аракет менен өчүрсөңүз болот. Бирок көп кыймыл менен болсо, намаз бузулуп калуу коркунучу бар. 
 
Түшүмдө башка адам менен ырахат ала берем. Бирок, жолдошум менен андай болбойм. Бул күнөө эмеспи? 07031172.. 
- Адам түшүндө көргөн нерсесине жооп бербейт. Жолдошуңузга түшүңүздо көргөндөй мамиле кылсаңыз баары ордуна түшкөндөй болуп турат. 
 
Боюнда бар кезде чачын кыркса, жип менен бир нерсе токуса болобу? 07732785.. 
- Анысы деле, мунусу деле боло берет. 
 
Сиңдим калпты көп сүйлөйт. Эмне кылыш керек? 07031172..
- Мусулман адам жалган сүйлөбөйт. Аялдардын таалимдерине алып барсаңыз жакшы таасир берээр. 
 
Намаз окуганыма 2 жыл болуп калган. Тогузунчу классты бүтүп, медресеге “окуйм” десем, үйдөгүлөр “пайдасы жок” деп, окутпай коюшкан. Азыр иштеп жатам, жумушума байланыштуу намаз окуй албай жатам. Жоолук салынганыма да каршы. Үйдөгүлөрдү укпай салына берсем күнөө болбойбу? 07033668..
- Сооп болот. 
 
Намаз окуйм. Дааватка чыккым келет. Байкем жок, атам “чыкпайм” деп динге каршы. Дааватка ким менен чыксам болот? 07033668.. 
- Турмушка чыккандан кийин, жолдошуң менен чыга бересиң. 
 
Кызганып телефондон аялыма талак берип салдым. Бирок, экөөбүз ошол күнү кайрадан жарашып алдык. Биздин нике бузулдубу? Эмне кылыш керек? 07703577..
- Силердин никеңердин абалын билүү үчүн, оозмо-ооз сүйлөшкөндөн кийин билинет. 
 
Мен Карасуу шаарындагы Алауддин Мансур дамыланын колунда 7 жыл таалимин алдым. Мен учурда Бишкектемин. Мага көпчүлүк борборубуздагы бурадарлар устазым жөнүндө туура эмес пикирлерин айтышат. “Вахабийлердин атасы” деп. Менин устазым жөнүндө түшүндүрүп берип коюңузчу. 07714838.. 
- Устазыңыз жөнүндө ошентип айтышат. Бирок мен ал киши менен баарлашып турам, андан туура эмес багыттарды эч байкаган эмесмин. Жазган китептерин окуп көрүшсө баары ордуна келмек. Ошентип айткандардан далил суроо керек.... 
 
Ар бир дин өзүнчө бир илим эмеспи. Курандын кыргыз тилинде китебин каяктан алса болот? 07722898.. 
- Мечиттердин айланасындагы дүкөндөрдөн тапсаңыз болот. 
 
Менин агам ажырашкан, ортодо 2 баласы бар. Жеңем жашабай жатат, башканы таап алган. Жеңем агамды окутуп алган. Кантип дубасын ачсак болот? 07085724.. 
- Молдого дем салдыргыла.  
 
Дааватка чыкканда, дааватчылар өздөрү ортого акча чыгарып, даават айтышабы же аравиядан акча бөлүнөбү? 07097512.. 
- Аравия аларга акча бөлбөйт. Ар ким өзү чыгарат. Өзүңүз дааватка чыгып көрсөңүз билесиз. 
 
Молдолорду куран, жаназа окуп, акча алат, витирдин акчасын “жейт” деп жаман көргөндөр бар. Молдолор жаман болсо, анда жаназаны ошол сөөктүн ээлери “окушсун” деп чыгарса болобу? 07097512.. 
- Шариат деле сиз айтканды айтат. 
 
“Илму вахби” деген илим бар экен го? Менин үй-бүлөмө дуба кылып коюңуз. 07790889..
- Кудайым бактылуу кылсын. 
 
Мени мурун багымдат намазын гана окучумун. Эми операция болдум, отурганга болбойт экен. Туруп окусам болобу? 07070701..
- Болот. 
 
Менин аялымдын мени менен жашагысы жок. Ортобузда 1 кызыбыз бар. Экөөбүздүн тең экинчи турмушубуз. Аялым башка бирөө менен сүйлөшөт. “Ким” десем, “иним” деп коёт. Кеңеш бериңизчи? 07724652.. 
- Кудайым ынсаптуулук берсин.
Кыздар мечитке барып, намаз окуса болобу? 07091777..
- Үйдө окусун кыздар. 
 
Намазды кантип туура окуганды айтып бериңизчи. Мен окуганыма 3 ай болуп калды. Китепти окуп, багымдатты өзүм билгенимче окуп жатам. 07771208.. 
- Мен айтсам ошол сен окуганчалык китептегидей айтам.
 
Атам майрамдарда ичип жүрөт. “Ичпе” деп катуурак айтканга баланын укугу барбы? 07022457.. 
- Жок, катуу айтпа. 
 
Намазга ниет кылып, тура албай жатам. Эмне кылсам болот? 07059325..
- Сааттын коңгуроосун коюп ал. 
 
Мен мышыкты жакшы көрөм, ал дагы мага жакын. Үйгө баккым келет. Бирок, жолдошум каршы. Пайгамбарыбыздын сүйгөн “жандыгы” деп уккам, ушул туурабы? Баканга болобу? 07059325.. 
- Мышыкты бакса болот. 
 
Менин досум жакында асынып алды, өлгөн жок. Бирок, кыйналып жатат. Молдого алып барсак, “кара жандыкка өткөрүп коюш керек” дейт. Эмне кылсак болот? 05508488..
- Молдоңор чала сабат көрүнөт. Антип өткөрүп жиберүү шариатта жок. Дем салдыргыла. Дааватка чыксын. 
 
Эки аял “алайын” десем, каршылык катуу болуп жатат. 4 күбө менен махр берип, нике окутуп алып, жашыруун күндүз эле келип, жашасам болобу? 8 айдан кийин чет жака иштегени кетем. Ошондо ала кетип, “жарыя кылсам” дейм. 05573773.. 
- Жакшысы ошол кетип жатканыңда эле жарыя кылып үйлөн. Үйлөнүүнү жарыя кылуу сүннөт. 
 
Мисалы бир адамдын туугандары сен өмүрү жарыбайсың жана ушул сыяктуу сөздөрдү айтса, ал адам ошондой болуп калабы? Жакшылап түшүндүрүп бериңизчи. 07053788.. 
- Жок. Андай эмес. Ааламдагы адамдардын бардыгы чогулуп сага жамандык каалашса да, Кудайым сага жакшылык каалап турса, эч ким зыян жеткире албайт. 
 
Мен турмушка чыга элек кызмын. Менин жигитим бар, ага турмушка “чыгайын” деп жатам. Анын аялы авариядан каза болгон, 4 айлык боюнда бар болчу. Мен эми тийсем, аркы дүйнөдө кайсыл аялы менен болот? 05510336.. 
- Сен аркы дүйнө эмес, азырынча ушул дүйнөңдү эптеп тура тур. Бейишке барган болсоң сага жага турган жагдай сөзсүз болот. 
 
Апамдын күнөөсү менде көп. Мен аны бейиштин ачкычы экенин билип, жүрүп, жаман көрчүмүн. Азыр аны чын жүрөктөн кечирдим. Ал мени чын жүрөктөн кечирбесе кандай болот? Жакындай намаз окуйм. Алмазбек. 
- Сен кечирим сура. Кызматын кыл. Жакшылык жаса. 
 
Базарда соода кылам, жол ачтырса болобу? Кимден, кайсыл жерден? 07718875..
- Кудайдан намаз окуп сура... Өздөрүнүн жолун ача албаган пенделер кантип сенин жолуңду ачып бермек эле? 
 
Лотереядан машина же башка нерсе утса арам эмеспи? 07728042.. 
- Лотерея ойногон арам. 
 
Жолдошум мага “3 талак” деп айткан. Борбордук мечитке барсак, “жарашуу болбойт” дешти. Жарашуу үчүн аялың күйөөгө “тийип чыксын” деп айтышты. Эмне кылсак болот? 07771882.. 
- Силер илимдүүрөөк бирөөдөн тактап сурагыла. Мечитте жүргөндүн баары эле илимдүү эмес. 
 
Аялы күйөөсүнөн талак сураса болобу? 07052067.. 
- Эмне үчүн экендигине жараша болот. 
 
Чубак ажы, мен сизди кыздарга “медресе ачты” деп уктум. Ошол жака окугум келет. Дарегин айтып коёсузбу? 07056055.. 
- Жок. Ачкан жокмун. 
 
Менин жолдошум арак ичет. Өзүбүз соода менен иш кылабыз. Бир күн иштеп, акчасы түгөнгүчө таксист достору менен ичип алат. Мен жаңы эле төрөгөм. Тажап кеттим. Дубасы болсо айтып бериңизчи. Барчынай. 07795214..
- Дубасы  ушул, чын дитиңизден жалынып Кудайдан кыргызча эле сурасаңыз жарай берет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   ramashka   12 Март 2015 - 16:36

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 21 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Апр 2021 05:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:cairo

Саламу алейкум устаз!менде мындай суроо, кайната жана кайнене эки келиге тен бирдей караш керекпи?мен улуу келини болом 7жыл болду баш кошконубузга. мага эч калым махрам берген эмес.той да болгон емес.болочок кичуу келиге алмаздан шакек салышты колун сурап,уйлонгодо комплект алтын алып беришет.куйоом менен сырдашып мага айткылары келген жок.же мени басынтканыбы? ыймандагы эле адамдар намаздары ,орозолору бар.буга ислам кандай карайт?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Xanif_KG   12 Март 2015 - 17:24

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 281
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 16 Дек 2018 01:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сыноо майданы...

Просмотр сообщения ramashka (12 Март 2015 - 16:36) жазган:

Саламу алейкум устаз!менде мындай суроо, кайната жана кайнене эки келиге тен бирдей караш керекпи?мен улуу келини болом 7жыл болду баш кошконубузга. мага эч калым махрам берген эмес.той да болгон емес.болочок кичуу келиге алмаздан шакек салышты колун сурап,уйлонгодо комплект алтын алып беришет.куйоом менен сырдашып мага айткылары келген жок.же мени басынтканыбы? ыймандагы эле адамдар намаздары ,орозолору бар.буга ислам кандай карайт?

Ва алайкумуссалаам. Ооба, туура эмес кылып жатышат экен. Эки келинге бирдей мамиле кылуусу керек. Болбосо чон куноокор болот. Дуа кылып, Намаз окуп ыйман тилениз, жана сабыр кылыныз, бул дуйнодо болбосода кыяматта созсуз акынызды алып аласыз...)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Xanif_KG   12 Март 2015 - 17:29

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 281
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 16 Дек 2018 01:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сыноо майданы...

Бисмиллаах.. .



Тесмени эмне үчүн тартат? Маанисин жана тартуунун жолун түшүндүрүп коюңузчу. Рахмат. 05580205..
- Теспени араб тилинде "субха" деп айтышат. Намаздан кийин отуз үч мертебеден айтылчу зикирлерди адашпастан айтуу үчүн колдонулган каражаттар. Теспелерди касиеттүү катары караган жакшы эмес. Мончок сыяктуу эле буюм. Андан сырткары истигфар айтканда Пайгамбарыбыз алайхис салам бир айтканда жетимиштен жүзгө чейин айтчу экен, мен да ошентейин дегендерге жеңил болсун деп ойлонуп чыгарылган адеми буюм. Кээ бир адамдардын теспелерди мойнуна илип алуусу туура эмес. Айрыкча эркектер мончок таккандай болуп көрүнөт, мончок тагынуу эркектерге арам иш. Кээ бир адамдар теспелерин дайыма колдоруна кармашып, өздөрүнүн такыбалыгын көрсөткүсү келгендер да бар. Ал да жакшы эмес. Кожо көрсүн иштер ширкке алып барат. Керек убагында тартып, башка убакта чөнтөгүндө жүрсө жарашат. 
Кызым кичинесинде катуу чочуп, нерв оорусу менен ооруп калды. Медицинанын күчү жетпеди. Көп эле молдолорго дем салдырдым, жылыш жок. Сизден жардам сурайбыз? 07099352.. 
- Сиз Жаңы жер айылындагы Саьдулла молдокеге кайрылып көрүңүз. Биздин илим менен айыга турган болсо, ошол киши себеп болоор. Мен сизге телефонун жазып берейин. Телефон менен байланышып, такташып алгандан кийин барганыңыз макул. Т: 0703334453,  0771429415. Кудайым шыпаа берсин.
Атам намаз окуйт, бирок кредит ала берет. Кээде процент да алып коёт. Акырети кандай болот? 07004254.. 
- Акырети оор болот. Окуган намазынын кабыл болуусу да кыйыныраак болот. Анткени жакшы окулган намаз ээсин жамандыктардан кайтаруусу кажет. А бул кишинин намазы ээсин жамандыктан кайтара албай жатыптыр. Демек окуп жаткан намазынын кайсы жеринен кемчилик кетип жатканын молдокелерден тактатып алганы макул.
Менин апам өзү динде бирок, көзү ачыкка барат. Ал көз ачык да намаз окуйт, анан “динде экен” дейт. Окуяларды манас түрүндө айтат экен. Албетте ал туура эмес. Бирок, апам дагы деле ишене берет. Кандай кылса болот? 07027023.. 
- Көзү ачыктар адамдар ишенсин деп намаз окушат, сакал да коюп алышат. Кээде селде чалып алгандары да кездешет. Кандай болгон күндө дагы, келечектен кабар берип жаткан эле болсо, ал адам мусулман деп айтылынбайт. Жиндерди иштетип жаткан болушат. Апаңыз тооба кылсын.
Ислам динин чыныгы дин экенин, башка диндегилерге кантип далилдешибиз керек? 07714826..
- Далилдөөнүн кандай кереги бар? Сен өзүң Ислам жолунда түз жүргөн болсоң, ошонун өзү чоң далил болуп берет. Илим алсаң далилдеп бере турган мерчемге жетип да каласың. Азыр сенин далилиң далилдеп бере турган аалымдардын сабактарына катыштырганың болот.
Менин боюмдан түшүп, тазалаттым. “6 ай сактан” дейт. “Спираль жана таблетка колдон” дейт. Кайсынысын колдонсок болот? 07054626..
- Кайсынысы сенин ден соолугуңа азыраак зыянын тийгизгенин тандап алып пайдалан. 
Күйөөсү аялынан башкаларга барса зына болуп саналабы? Ал жолдон кантип кайтарса болот? Ата-энем жокто атын айтып, сөгүнүп сүйлөйт. Эмне кылсам болот? 07096263.. 
- Ошентип олтуруп бир күнү оозу кыйшайып калат. Оңдой албай убара болот. Тим кой, оозу кыйшайып шилекейи агып калганда өзү токтотот. Башка аялга барса да тим кой, көп баскан аяк бок басат деген кеп бар. Бок басып алгандан кийин өзү үйдөн да чыга албай калат. Аллахым ага туура жолду насип кылбаган болсо биз кантип аны оңдомок элек. Аллахым ага жакшылыкты каалабаган болсо, биз ага кантип жакшылыкты жеткизмек элек. Кудайым ага ынсап берсин. Ал байкуш адептүүлүк менен такыбалыкта кандай ырахат бар экенин билбейт көрүнөт...
Ванга сыяктуу, көзү ачыктар көп окуяларды алдын ала билип айтат экен. Бул кандайча болот? Өмүрбек. 
- Жин иштетишет. Башка өнөрү жок. Алардын айтканы туура чыгып жаткан болсо деле ишенүүгө болбойт. Жиндер адамдарды адаштыргысы келет, адамдардын арасынан кээ бир нерви жука, же ошого окшогондорун тандап алып аларга өзү билген маалыматтарды айтып берет. Көбүнчө өткөн тарыхты так айтат. Анткени жиндер узак жылдар жашашат. Кээ бирлер сахабалардын замандашы болгон болуусу да мүмкүн. Ошондуктан чоң атаңдын тарыхын туура айтып берип жатса ошонун баарына ишене бербе! Ал эми келечекти будамайлап, болжолдоп айтат, кээси туура келсе, кээси туура келбей да калат. Аларга ишенүү ыймандан чыгарат.
Көп адамдар ордого барып, Түркистанга зыяратка барып, ыйманга келип жатышат. Анан эле сиз болсо ширк дейсиз. Балким өз көзүңүз менен көрсөңүз оюңуз өзгөрүлөт. Түркистан эмне болгон жер экенин билесизби? 07089110.. 
- Билем. Билген үчүн айтып жатам. Касиеттүү жер Мекке, Медине, Акса мечити. Касиеттүүлүгү ошол жерде окулган намаздардын берекелүүлүгүндө, сообунун көптүгүндө. Кайсы бир жерди касиеттүү деп билүү үчүн, ошол нерсе Куранда же, Хадисте айтылган болуусу керек. Андай нерсе жок. Менин айткан кебим мусулмандар үчүн. Башка диндегилер, же мусулман эместер укпай деле койсо болот.
Биз турмуш курганыбызга 20 жыл болду. Башында 5 жыл жакшы жашадык. 15 жылдан бери ичет, БОМЖ болуп калды. Дарылатсак болбоду. Жатаканабыз бөлөк. 2 жолу мас абалында талак айткан. Менин жашоом адалбы же арамбы түшүнбөй калдым, жашагым келбей калды. Бирок, балдарым үчүн жашайм. 07737603.. 
- Жатаканаңар бөлөк болсо ансыз деле бөлөк экенсиңер го. Талак  канча түшкөнүн же түшпөгөнүн билүү үчүн көзмө-көз сүйлөшүү керек болот.
Менин кызым сол колу менен жазат, оң колу менен жазганга көнө албай койду. Күнүмдүк иштерди оң колу менен иш кылат. Жазганда сол колу менен жазат. 05576565..
- Үйрөткөнгө аракет кылгыла. Тамакты оң кол менен жегенге аракет кылсын. Береке болот. 
Биринчи турмуштан 1 балам бар, экинчи турмуштан балам жок. Баламды байкеме таштагам, баламды алып келгенге күйөөм макул эмес. Балам жок эле, күйөөм менен жашай берсем болобу же баламды караганым жакшыбы? 07714826..
- Балаңды келтирбей койгонго кийинки күйөөңдүн укугу бар. Балаңды күйөөң алып кетип баксын. Сен жаңы күйөөң менен бактылуу бол. 
Хиджапта кара түстөн башка, дагы кандай түстөгү кийимди кийсе болот. Ушул жөнүндө кененирээк айтып бериңизчи. 07000011.. 
- Каалаган эле түстөгү кийимдерди кийген боло берет. Болгону башкалардын көңүлүн өзүнө тарта турган болбоосу керек. Кээде кара түстүн өзү башкаларды өзүнө көбүрөөк тарта турган болуп да калат. Элден бөлүнгөн ак карга болуп калбаш керек.
Хизбут-Тахрир дегендер кимдер? Экстремисттик уюм деп айтышат. Кээ бирөөлөр алар деле мусулмандар, дааватчылар деп айтышат. Кененирээк, так маалымат  берип койсоңуз. 07790907.. 
- Мен аларды Ата-Мекен, Ата-Журт сыяктуу эле саясий партия деп ойлоймун. Бир өзгөчөлүгү диний багытты карманган жолу бар. Ар бир партия бийликке жетүүгө умтулат. Бул партиянын табити. Партияны бийликке жетсем деп уюштурат, түпкүлүгүнө караганда. Аларды мусулман эмес деп айтуунун өзү туура эмес болуп калат.
Сиз абдан жакшы адамсыз! Тамчы газетасын 2010 жылдан бери окуйм. Сизге Алла ыраазы болсун. 
- Кем болбоңуз. Бактылуу болуңуз. Кудайым тилектериңизге жеткирген болсун.
Күйөөм жөн эле 3 жолу “мен сени менен жашабайм, ажырашам, кете бер” дегенде нике бузулабы? “Талак” деген сөз такыр айтылган эмес. Азиза. 
- Аны күйөөңүз менен сүйлөшкөндөн кийин гана так айталабыз. Сизге таптакыр талак түшкөн эмес, же бир талак боин түшкөн . Экөөнүн бири болот.
Кайын эжем мага боюман түшүрчү таблетка берип койгон.” Экөөбүздү ажыраштырабыз” деп. Башка кыздарды таап беришти. Күйөөмдүн жүрөгү муздап калган. Туугандары эми мага башын айлантып алды деп асылышат. 07774133.. 
- Эмне кыл дейсиң эми?.. Намаз оку...
Ассалому алейкум, устатым! Сизге Аллахым береке берсин. Сизге жолугайын, “0702257766”.  07022577. . Жолугуңуз. Мен сизге Университеттен сырткаркы сабактарымдын даректерин айтайын.
Ар шейшембиде, 14,30-16,00 Борбордук мечитте, Гоголь 53 Усуул аш Шааший (эркектерге)
Ар шаршембиде Шам-Куптан КАСИ мечити, Ататүрк паркы Мухтасарул викаая фыкых (жалпы)
Ар бейшембиде 14,30-16,00 Борбордук мечит, Гоголь 53 Усуул ал Ифтаа (эркектерге)
Ар бир айда бир жолу Жума күнү Көк-Жаңгак," Сарбаш уулу Маман" мечитинде Жума баяны
Ар бир айда бир жолу Жума күнү Жалал–Абад, 7-канал Түз эфир, суроолрго жооп берүү.
Ар бир ишембиде Көк-Жар, 18 үй. Фыкых, Мухтасар, (аялдарга)
Ар бир ишембиде Шам-Куптан КАСИ мечити Мишкаатул масаабиих, Хадис (жалпы)
Ар жекшембиде 10,00-12,00 Айни 31, (Замандаш партиясынын атайынг курстары) Баяндар
(аялдар)
Ар жекшембиде 12,30-13-30 Айни 31 Акыйда Тахаавия шархы (Майдааний) (аялдарга)
Ар жекшемби 18,00-18,50 Гаухар студиясы, Манас жаңырыгы, Радио (90.9 жыштыгы) Түз эфир, Суроого жооп берүү
Ар жекшемби 19,00-20,00 Марва ТВ, Манас жаңырыгы, Телеберүү Түз эфир, Суроолорго жооп берүү "Шариат" программасы 
 
Ар бир экинчи жекшемби 22,00-23,00 Биринчи радио, Шариат жолунда, түз эфир, Сагынбек ажы Абдыкалыков менен 
 
Ар бир айда үч жума катарынан Абу Бакр мечити, Алма-Ата менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде Жума хутбасы 
 
Ит улуса эмне болот? Зыяны жокпу? 07772042.. 
- Зыяны жок. 
Айылда жума намаз окулбайбы? Канча кишиден ашканда бир жаамат болуп эсептелет? 07790907.. 
- Азыркы айылдардын баарында эле окулуусу кажет. Илгерки койчулардын, малчылардын үйлөрү болчу эле, азыр деле жайлоолордо бар үч-төрт үйдөн түзүлгөн айылчалар. Мына ошолордо Жума окулбайт. Имамдан башка үч адам жамаат болсо Жумага жарай берет. Канзуд дакааик китеби, 189-бетте ушундай делет.
Балабыздын атын “Билал” деп, азанчынын атынан койдук. Сураныч Билал жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз. Рахмат. 7702706666..
- Пайгамбарыбыз алайхис салам чарчаганда Билалга айтаар эле: "Оо Билал, бизди эс алдыр!" . Билал азан айтаар эле. Пайгамбарыбыз алайхис салам намазга тураар эле. Пайгамбарыбыз алайхис саламдын эс алуусу намаз менен болоор эле... 
Мен намаз окуп хиджап кийип жүрөм. Жакында Якутияга кетем. Ал жактан хиджапты чечиш керек экен. Кандай кылышты билбей жатам? 07071215..
- Чечпе. Якутияң суук болсо керек. Башыңа тумак кийип, мойнуңду ороп алсаң да аввреттериң жабылат. Жабылса эсеп болот. 
Духрад дубасы жөнүндө тереңирээк түшүндүрүп бересизби? Рахмат. 07782191..
- Ушундай дуба жөнүндө эстей албай турам. Балким транскрипти ката берип жаткандырсыз. .. 
Мен 25 жаштамын. Билимим аз, намазды, дубаларды жаңы эле үйрөндүм. Биздин өкмөтүбүз, мектептерге дин тууралу сабак киргизсе, балдарыбыз ыймандуурак болмок. 07004338..
- Аны бир айтасызбы, эки айтасызбы? Сокурдун тилегени эки көз. Мен да ошону каалаймын. 
Мен 58 жаштамын, эжем бар. Ата-энемдин колунда жашаган иним кредит алып, төлөй албай койгон. Ошондо эжем “апамды тынч жашасын” деп, өз үйүн сатып, инимдин кредитин жапкан.  Эжем алар менен жашап калган. Апам көз жумду. Эми иним эжеме “тамыңды алып берем, бирок көп күтөсүң” деп кодулайт. 07006503..
- Кодулаганы туура эмес. Ынтымак болуп жашай беришсин. Кудайдан кайтат баары.
Менин атам арак ичет. Исламда аракты таштата турган дуба барбы? Сиз менен кантип жолуксам болот? 07021444.. 
- Кудайдан болот баары. Дуба кылып сурасаң берет Кудайым.
Менин боюмда барында ажырашып кеткем. Кошунам мени “таштанды” деп урушкан, ак никелүү эримен төрөгөнмүн. Азыркыга чейин көңүлүмдө ошол сөзү бар. Ага каргыш айтсам каргышым тиет бекен? 07001516..
- Өзүңдү убара кылып эмне күч келди деймин да. Ак болсоң, так болсоң дагы эмне керек сага. Десе дей бербейби? Тилде сөөк жок. Сен аны менен алпурушпай намаз оку... 
Мен 18 жашка чыгам. Эки ай болду турмушка чыкканыма. Жолдошум военный болуп иштейт. Кесиптеши да военный аял. Ошол аялдын квартирасында жашайбыз. Үйүнө көп эркектер келе беришет. Мени кичинекей кыздай көрүп, күйөөмө ачык эле тийише берет. Тамеки сурайт,” жалгыз зеригип жатам, вино ичеличи” дейт экен. Жагынып ооруп калса, дары алып келип ичирет. Кызы бар, аны никесиз төрөптүр. Кантем? 07705081..
- Башка квартирага чыксаңар болчу экен... 
Аял, ооруган эркекке массаж жасаса күнөө болбойбу? Ооруп калсаң, врач массажга жиберет. 07715588.. 
- Негизинен аял аялга, эркек эркек адамга массаж жасоосу керек болот...
Уулубуздун атын Бекхан койдук. Туура элеби? 07050841..
- Туура. Кудайым өмүрү, адал ырыскысы, ыйманы менен берген болсун...
Мен өзү 5 убак намаз окуйм. Кийинки күндөрү уктай албай жүргөм. Биздин мечитке дааватчылар келген. Аларга  дем салдырайын десем, “алар сага жин кирген” деп мени окушту эле, андан кийин жакшы болуп калдым. Бирок, ал киши менден 5000 сом сурап жатат. Ушул туурабы? 07739566.. 
- Колуңдан келгенин берсең болот. Жок болсо этиңден кесип бересиңби? Мени ушинтип айтты де ага...
Күйөөм кээде жума намазга барат. Барганда эмне кыласың десем, “имам жыгылса жыгылып, турса турам” дейт. Ушул туурабы? Жума намаз жөнүндө маалымат айтсаңыз. Алла ыраазы болсун. 07050841..
- Ошонусу туура. Маалыматты китептерден окуп алсаңар болот. Түшүнбөгөн жерин сурасаңар бир жөн. Жөн эле жыгыла бербей жаттаганга аракет кылсын. 
Чала молдо дин бузар. Мени тозоктон бир Алла сактайт. Кудайдан улук сүйлөгөн сизге окшогон мушриктерге буйрусун, тозок оту. 05530240.. 
- Сенин диниң сага, менин диним мага. Кудайымдын шариатын түз кармангандарга гана болот бейиш деген. Аллахым сактанганды сактайт. Кечке ширкке кирип, ордо ачып жүрсөң тоголонгон бойдон тозоктун төрүнө барасың. Абу Жахл менен кошуна болосуң. Менин молдочулугум сага окшогонду түздөгөнгө жетет. Кыжаалат болбой эле кой. Кудайдан эч ким улук сүйлөгөн жери жок. Сүйлөй да албайт. Сен жакшысы мен жогоруда айткан молдокеге барып жакшылап дем салдырып ал. Жин-пиниң болсо чыгып кетип эс алып каласың.
Мен дордой базарында соода жасап, банкрот болуп калдым. Буюмдарды мен карызга алып сатчумун. Ошол адамга карыз болуп калдым. Канткенде карызымдан кутулам? Иштерим жүрүшпөй жатат. Шарият жолунда кандай каралат? Мен берейин эле деп жатам, бирок эч нерсе жок. Ал аял мени “аттырам, башыңды жулдурам, балаңды өлтүрөм” деп жатат. 07035448.. 
- Аттырса төлөнүп  калабы? Башыңды жулдурса анын тыйыны ордуна келип калабы. Иштеп таап кутулганга аракет кыл. Кыймылда. Аллага таян, баары жакшы болот.
Мен соода кылып иштейм. Элге караганда 5 сомго көп кошом. Ушул жөнүндө айтып бериңизчи? 
- Кандай таризде кошсоң да айыбын жашырба, алдаба...
Сизге Аллахым ыраазы болсун. Ноябрь айында менин алган билимим боюнча тестирлөө болот. Мага ак батаңызды берип коюңузчу. Рахмат. 07737577..
- Кудайым ишиңе ийгилик берсин, жолуңду ачсын. Жакшыларга шерик кылсын, жамандардан сактасын. Адал ырыскы, терең ыйман берсин. Омийин. 
Ассалому алейкум, Чубак ажы. Аллах ыраазы болсун! Аман болуңуз! Мен ушул гезит аркылуу көп нерселерди билип алдым. 07781070.. 
- Кем болбо жараным. Перзенттериңдин жакшылыгын көр. Эзели тукумуң жамандык көрбөсүн. Жаннаты бол Омийин.
Мен женский жактан ооруп, күчтүү дарыларды ичкем. Боюмда 3 жумалык бала бар экен. Врачтар “балага зыяны тийиши мүмкүн” деп жатышат. Боюман алдырсам эмне болот? 07786529.. 
- Жекече суроо экен...
Мен хиджап кийгенге чейин бир жигит менен жүрчүмүн. Азыр тааныштай болуп сүйлөшөбүз. Ал мага “үйлөнөм” деп жатат. Ата-энем каршы. Мен шариятта экинчи турмушун өзү чече алат деп уккам. Мен ага тийбесем, өзүмдү өлтүрөм деп жатат. Бирок ал намазын таштап койгон. Эми “баштайм “деп жатат. 07775138..
- Мейли өлтүрө берсин. Эгер өзүн өлтүргөн болсо анык келесоодон кутулган болосуң. Келесоо күйөөнүн кимге кереги бар.  Ата-энеңдин сөзүн ук...
Бир жарым жаштагы балам бар. Балам экөөбүз, сиздин сабагыңызга барып баян уксак болобу? 07054626.. 
- Болот. аялдарга өтүлчү сабактардын даректерин жогоруда айттым.
Дааратканага баш кийим менен кириш керекпи? Дааратканабыз менен ваннабыз бир болсо эмне болот? 07735859.. 
- Баш кийим менен кирген адептен болот. Ваннага жуунсаң жылаңбаш жуунасың. Калпакчан кантип жуунмак элең, ыңгайсыз болот ко... 
Мен Оштон, Бишкекке илим алуу үчүн, жөнөп жатам. Сиз менен жолуксам дегем? 05579021..
- Жолук... 

Сизди ажыга кетти деди эле, же калппы? Атыма тумар таксам болобу? 07738078..
- Ажыга кеткен жокмун. Ажыга баруу үчүн өзүңдүн тыйының менен барууң керек. Андай тыйыным жок. Башка бирөөлөр тыйынын төлөп беребиз, барып келиңиз деп айтышканынан макул болбодум. Атка тумарды кантип тагат элең? Же сенин атың дайыма даарат  менен жүрөбү? ... Дем салса бир жөн...
Менин атам кумар оюндарынан арылалбай келет, жаш дейт десек жашы алтымышта. Эмне кылсак болот? 770769446.. 
- Сабыр кылабыз, дуба кылабыз.
Күйөөм экөөбүз жашаганыбызга 11 жыл болду. 8 жыл жашаганыбызда, аны бузуп аял алып беришкен. Учурда элдешип жашап жатабыз. Бизде төшөк маселеси анча болбой жатат. Көзү ачыкка барсам дуба окуп койгон дешет. Элдешип жашап жатканыбызга 3 жыл болду. 07076595.. 
- Жин окуган молдолорго көрсөтүш керек. Жогорудагы молдокеге кайрылсаңыз жакшы болот.
Үйлөнүш үчүн кандай шарттар зарыл? 07072113..
- Биринчи сенин каалооң болуш керек. Экинчиси өзүңдү жана дагы бирөөнү бага ала тургандай болушуң керек. Үчүнчүсү ден-соолугуң үйлөнгөнгө жарай турган болууң керек. Калганы анча деле мааниге ээ эмес. Экөөлөп чогулуп бүтүрүп аласыңар.  
Биз окуубузга байланыштуу, кээде 2-3 жолу жума намазын калтырып коёбуз, зыяны жокпу? 3 жолу жума намазын калтырса ал динден чыгат деп уккам. Ошол чынбы? 07072113..
- Кудайым жеңил кылсын, Кудайым күч кубат берсин. 
Коңшусу менен ойноштук кылса жазасы кандай болот? 05563177..
- Тозоктун төрүндө болот. Ириң менен курсагын тойгузат. 
Мен өзүм шайыр, ачык адаммын. Сырымды бат эле ачып коём. Мени эч ким көрө албайт, бир туугандарымдын да ичи тар. Өзүмө бат эле душман таап алам. Кеңешиңизге муктажмын? 07705081.. 
- Өзүңдү өзүң билет экенсиң. Ошого жараш оңол. Дааватка чык, баары жайына келет.
Мени бир тааныш жигит ала качып кеткен. Экөөбүз 2 ай жашадык. Ал мага кыркым чыга элек жатып 4 жолу кол көтөрдү. Менин жиним келгенде ага катуу кыйкырып салам. 3 айдан бери чогу жашаган жокпуз. Өзү 5 маал намаз окуйт. Ата-энеси жакшы адамдар. Акыркы убакта стресске түшүп, ооруп калдым. Өзүмдүн 4 жыл мурунку сүйлөшкөн жигитим чалып, ал менен кайра жараштык. Ал өтө кыйналганын айтып, башка таштап кетпешимди суранып, ыйлады. Мени ала качканда ал экөөбүз таарынышып кеткенбиз. Мен ал менен жашап кетишиме көзүм жетет. Азыр болсо күйөөм келип кечирим сурап, Алланы ортого коюп, экинчи кол көтөрбөйм деп жатат. Эмне кылышым керек? 07039205..
- Күйөөң менен жаша. Кыялыңды оңдо. Тилиңди тарт. Сен дааватчылардын аялдарынын таалимдерине барып, кантип күйөөнү сыйлаганды үйрөн. 
Менин күйөөм аракты көп ичет. Дааватка 3 күндөн 3 жолу чыгып, 2 ай намаз окуп, кайра ичип алды. Ичкенде ызы-чуу кыла берет. Күйөөмө жакшы дуба кылып коюңузчу. 07731610..
- Аллахым акыбетин жакшы кылсын. Жакшылардын катарына кошкон болсун. Омийин. 
Динибизде музыка укканга, ырдаганга, бийлегенге болобу? 07739894.. 
- Жок, берекем. Болбойт.
Сиздин дааватка болгон көз карашыңыз кандай? Ошто “Аскарали” деген дамбылда, “дааватчылар адашкандар” деп, көбүнө бул жолдон кайтышына себепчи болду. Сиздин пикириңиз? 07798106.. 
- Менин көз карашым түз. Аларды адашкандар деп айтууга жол жок. Кээ бир маселелерди тактап биле албай калган молдокелерден бир нерселерди угуп алса керек.
Мен базарда соода кылам. Эрте менен келсем, дүкөндүн үч бурчуна сары топурак чачылганын көрүп, таң калдым. Атайын чачылганын билинип эле турат. Топуракты шыпырып салдым. Менин жанымда иштеген эже, улам, улам ошол жерди билгизбей карай берди. “Сиз жасадыңызбы”? деп сурагандан уялдым, апамдай болгон эже. Кандай ою менен жасаганын ким билет, өзүм дин менен жашайм. Гезит аркылуу эжеге “мындай жасаганга болбойт” деп түшүндүрүп коюңузчу. Ал эже дагы “Тамчы” гезитин окуйт. Алла ыраазы болсун. 07736471..
- Бул кылганы туура эмес. Башкаларга ысытма, суутма, топурак окутуп, жолун байлаткандар барып-барып өздөрү зыянга учурашат. Ыймансыз кетип калуулары да мүмкүн. Сен келмеңди кайталап, шыпырып мусорго сала бер. 
Мен 2 жылдын ичинде атамдан, бир тууган жалгыз агамдан айрылдым. Аларды сагынып куса болом, көп ыйлайм. Куран окуп тообо кылам. Апама дуба кылууңузду суранам. 07793844..  
- Кудайым бактылуу кылган болсун!...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Xanif_KG   14 Март 2015 - 00:42

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 281
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 16 Дек 2018 01:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сыноо майданы...

Бисмиллаах.. .

1. Мен жолдошумдун экинчи аялымын. Наркы дүйнөгө барганда жолдошум менен жашаймынбы? 077318..
- Ооба, эгер экөөңөр тең бейишке бара турган болсоңор. Кудайым баарыбызга бейиштен орун насип этсин.
2. Атым Ася. Куранда бар дешет. Бирок кыз кишиге 3 тамгалуу ат койсо болбойт деп уктум. Бир ажы аял айткан “актыкка баш ий” деп. Ошол туурабы? 077359...
- Куранда "Аасия" деп келет. Үч тамгалуу ат болбойт дегенди сизден угуп жатам. Ажы аялдын актыкка баш ий дегенин "акыйкаттын ак жолуна түшүп намаз оку" деп түшүнсөк жакшы болот. Бирок көбүнчө кыргыздарда "актыкка баш ий" деп айтканда "көзү ачык бол, көзүңдү ачтыр, ордо кур дегендей" маанилерди түшүндүрүп жүрүшөт. Намаз окуңуз.
3. Мен жолдошум менен турмуш курганыма 4 жылдан ашты. Мени ала качып алган. Ошол учурда этек кирим келген эле. Жеңелерим калып, никебиз кыйылгандан кийин бизди жаткырышкан. Биз туура эмес жаттык го. Эми түшүнүп кыжаалат болуп жатам. +7778904...
- Тооба кылыңыз, өткөн ишке салават.
4. Мен жоолук салынам. Биз арак сатабыз. Арак сатса арамбы? Бир бала менен сүйлөшүп жатам. Ал медресени бүткөн. Тоюбузду мусулманча кылабыз деп жатат. Тойдо келин көйнөк кийсе болобу жоолукту чечпей эле? Жигитим “хиджап менен эле чыгасың” деп жатат. Айчүрөк
- Арак саткан арам, чоң күнөөлөрдөн. Ким "арак саткан арам эмес, боло берет" десе ыймандан чыгып каапыр болот. Тойдо келин хижап сыяктуу дененин бардык жерин жапкан көйнөк кийип, башына жоолук салынып чыкса болот. 
5. Ашканабызда иштеген аял баптист экен. Кетиреминби? Балдары жаш, жесир. Же даават кылып, намазга үндөсөм болобу? Балким адашып жүргөндүр. 055196...
- Балким эмей эле, чындап адашып жүрүптүр. Ага даават кыл. Тозоктун төрүнө түшүп кетпесин. “Кызыл-кызыл кекиртек кыйла жерге секиртет” болуп, тириликтин айынан ошол жакка киргендир. Сен ага алар бергенди берип, акыйкатка чакыр, соопко каласың. 
6. Пайгамбарыбыздын туулган күнүндө жакшы ниет кылып, орозо тутсам кандай болот? Авазкан 
- Ансыз деле ар дүйшөмбү орозо тутуу сүннөт. Пайгамбарыбыз алайхис салам  дүйшөмбү күнү туулган.
7. Диний китептерде “Теңир” деп жазылат. Аны кандай түшүнөбүз? Теңирчилик деген эмне? +7705364...
- Теңир дегениң Кудай дегендин синоними. Экөө бир эле мааниде. Ал эми теңирчилер дегенибиз, кыргызга жаңы дин ойлоп тапканга аракеттенип жүргөн ыймансыздардын жамааты. Кээ бири Манас атабызды Кудай кылгысы келсе, башкалары пайгамбар кылабыз деп эле убара. Кээ бирлери шаманчылыктын кээ бир элементтерин киргизгенге жан далбас кылып жүрөт. Аларды адашкандар деп айтсак туура болот.
8. 3 күн, 40 күн, 4 ай үй-бүлөсүн таштап дааватка чыгуу керекпи? Ушундай тартипте чыккыла деген Куранда, хадисте барбы? 055240...
- Мына ушундай тартипте дааватка чыгуу тартип. Үй-бүлөнү камсыз кылгандан кийин гана чыгуусу керек болот. Дааваттын өзү ар бир адамга парз.
9. Мечиттин дааратканасында убак-убагы менен суусу өзү чыгып турат. Ошол жерге олтурганда жылт-жулт этип билинээр-билинбес суу чачырайт. Кийим булганып калбайбы? 077325...
- Ийненин учундай болуп майда чачыраса эч нерсе эмес, кечиримдүү болот.
10. Ажырашып кеткенбиз, бирок күйөөм мага талак деген сөздү айткан эмес. Ал менден кийин эки аял алды. Мен башкага турмушка чыксам кандай болот? Же талак сурашым керекпи? Мен анын никесинде эмесминби? 077996...
- Силердин ажырашканыңар кандай таризде болгонун талдап угуу керек болот. Бул сөзүңүз жетишсиз. Эң жакшысы башкага турмушка чыга турган болсоңуз, күйөөңүзгө телефон чалып талак алып алганыңыз макул. Андан соң үч айыз идда өткөрөсүз. Кийин казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса.
11. Никеси жок төрөлгөн бала арам эмеспи?
- Зынаадан төрөлгөн бала болот.  Балада эмне күнөө. Ошол баланын төрөлүүсүнө себеп болгон эки айбанды таш бараңга алып өлтүрүү керек эле шариатта. Алар тооба кылуусу керек болот. 
12. Мен турмушка чыккандан кийин намаз окуп, орондум. Ага чейин мага буларды айткан эч ким болгон эмес, өзүм билбегем. Күнөө кимге жазылат? Өзүмөбү? Арабча жакшы окуп баратып эле окугум келбей таштап, анан улантам. Устазымдан да уялып бүттүм. Кантип үзгүлтүксүз окуйм, билбейм. Балким ыйманым жетишсиз. 055011...
- Атаңа, бир тууган агаңа жазылат күнөө. Калган катканы өзүңө жазылат... Аракетке берекет, аракет кылсаң эле окуп баштайсың...
13. Апам кредитке акча алган. Мен арам экенин айтсам, апам “документальный болсо эч нерсе болбойт” дейт. Кандай болот? 077710...
- Апаң кичине айнып калыптыр. Дем салдырып алсын молдокелерге.
14. Ниет кылып багымдат намазын окуп, калганын үйрөнгөндөн кийин окуса болобу? 07784...
- Окуй бер.
15. Кунут дубасы көп китептерде башкача. Намаз убактылары календарында жана башка китептерде сөзү көбүрөөк. А мен мурунку китеп боюнча жаттагам. Туура эле болобу? 077710...
- Календардагыга түздөсөңүз жакшы болот.
16. Кыргызстанда 3-4 эле аалым бар деп угам. Бар болгула. Сизди сындагандар мышык майга жетпей сасык дептир деген сыяктуу. Сизге кандай болсоңуз да жарашат. Кайраттуу болуңуз. Перзенттериңиз менен эки дүйнө бактылуу болууну Аллах насип кылсын. Балдарыңыздын ыйманына, өмүрүнө береке берсин. Сизден жооп күтөм. Аялына 3 жолу талак айтып, арасында өткөн датасын так эстей албаса кандай болот? Биринчи, боюнда барында, экинчи, бала 2 айдан өткөндө, үчүнчү, 4 айдан өткөн убакыт араларында айырма болобу? Балким мүмкүнчүлүк бардыр. 055102...
- Аллахым ыраазы болсун. Жакшы күмөнүңүзгө ыраазымын. Мен өзүмдү аалыммын деп эсептей албаймын. Аалымдарыбыз бар болушсун. Кудайым тилектериңизге жеткирсин.
Талак боюнча: Боюнда бар учурда талак айтылса түшөт. Төрөгөнгө чейин кайра нике кыйылбаса, же ражьий талак болгон шартта мураажаьа болбосо, анда төрөөрү менен идаасы чыгып бүтөт дагы таптакыр башка аялга айланат. Бул учурда башка талактары түшпөйт. А бирок төрөгөнгө чейин нике кыйылып, же мураажаьаат болгон болсо, же төрөгөндөн кийин нике кыйылса, анда экинчи талак дагы жабышат. Ал эми үчүнчү талак эгер ражьий болгон болсо кандай болгон күндө дагы жабышат. Эгерде баин болгон болсо, экинчи талак дагы баин болгон болсо анда баинге баин жабышпайт. Демек анда үчүнчү айтылган талак бошко кетет. Демек кээ бир учурларда мүмкүнчүлүктөр чыгып калат. Сиз менен кененирээк сүйлөшүүгө туура келет.
17. Намаз окубаган адам ажылык парзын аткарса болобу? Бирок ар жылы орозо тутат. +7771450...
- Ажылыкка караганда намаздын парзы жогору турат. Андыктан намаздын кадырына жетпеген ажылыкты да булгап өлтүрөт. Намаз окуп андан кийин гана ажылыкка барсын. 
18. 4 айлык боюмда бар. Бирок врачтар алдырып сал деп жатышат. 4 УЗИден тең окшош диагноз чыкты. Бала болбойт же майып, порог, боору чоңоюп, 9 айга чейин түшпөй төрөлсө ушундай жарым жан болуп калат деп жатышат. Айыктырууга жол жок экен. Айтыңызчы, эмне кылам? 07712...
- Кээ бирлер төрт айга чейинкилерди алдырса боло берет деп айтышат. Мен айтаар элем: Эненин ден-соолугуна зыяны тийбей турган болсо төрөлө берсин. Калганын маңдайына жазганын көрөт.
19. Куранды өткөндөргө эле эмес, тирүүлөргө окуп дуба кылса болобу? Сапар намазын сапарга чыгаар маалда окуй берсе болобу же убагы барбы? 070830..
- Куранды тирүүлөр өздөрү үчүн гана окуйт, андан пайда болгон соптоорду өлгөндөргө, тирүүлөргө жана төрөлө электерге багыштаса боло берет.
Ал эми сапар намазы болсо, сапарга чыкканда, өзү жашаган шаардан чыккандан кийин гана башталат.
20. Буттарымдын ооруганына байланыштуу оң жагыма олтура албайм. Сол жакка бутумду койсом болобу? 077185...
- Сиздин абалыңызда болот.
21. Жолдошум жума намазын калтырбай окуйт. Бирок жалпы мончого көп барат. Таң атканча ичип жүрө берет. Ал жакта денесин саткан кыздар бар экен. Шариатыбызда кандай каралат? 055572...
- Жалпы мончодо жылаңач түшкөндү шариатыбыз тыюу салат. Денесин саткан кыздардын кызматын пайдалануу арам. 
22. Спиралы бар аял каза болсо акырети кандай болот? Оорулуу аял эркек врачка көрүнсө болобу? (күчтүү врач болсо) Раяна
- Спиралы менен көмүлө берет. Эч кандай мааниге ээ эмес.
Оорулуу аял эркек врачка көрүнсө болот, эгер ошол врач эң күчтүү врач болсо, башка күчтүү врач аял жок болсо, аялдын жанында махрамдарынан бирөө турган болсо. Жалгыз көрүнгөнү жакшы эмес.
23. Экинчи аял алгандар биринчи аялын алдап, уруп, базарга отургузуп, акчасын алдап алып экинчи аялына жумшаганга шариат жол бергенби? Намазга, мечитке, дааватка деп алдап экинчисине кетсе болобу? Көп таксырлардын акыбалы ушундай. +774783...
- Алдаган арам. Аялын урганга болбойт. Аялдарын күйөөлөрү багуусу керек, аялдар күйөөлөрүн бакпайт. 
24. Акыретте адам жаман оюна жооп бербейт, бирок жакшы тилегине жооп берет деген жообуңузду терең түшүндүрүп бериңизчи. Анткени мен көп тилек тилей берем. 077779...
- Адам жаман ниет кылса, кайра ошол жаман ниетинен кайтып кетсе ал адамга бир сооп жазылат. Жаман ниети үчүн күнөө жазылбайт. Эгер адам жакшы ниет кылса, жакшы ниетине бир сооп жазылат. Эгер жакшы ниетин  ишке ашырса, анда ага он сооптон жетимиш соопко чейин жазылат. Жакшы тилек жарым ырыс, жаштын тилегенин берет. Амалдар ниеттерге жараша.
25. Биздин никени күбө жок эле окуган, Куранды коюп, ушул күбө болот деп. Туурабы же зына болдубу?077330. ..
- Зына болду. Нике кыйганда эки эркек күбө, же бир эркек, эки аял күбө болмоюнча кыйылган никени жараксыз деп билебиз. Куран Карим китеби күбөнүн ордуна өтпөйт. Молдо өзү бир күбөнүн ордуна өтөт. Күбөсү жок нике кыйылгандардын жашоосу арам. Нике кыйган молдоке сөрөй дагы сойкулукту мыйзамдаштырып берип жаткандай болуп калыптыр. Ушинтип нике кыйган молдокелерди билсеңер кабар берсеңер. Аларга атайын чара көрүлөт эле.
26. Маркумду узатып жатканда маркум ээлери кандай таризде узатуу керек? Мисалы: бизде адам келгенде өкүрүп ыйлайт, мал союлат, аялдар көк кийишет, кыркылык, жылдык өткөрүлөт. Маркумду узаткан күнү муким адамдар аш, эт жешет. Булар шариатка туура келеби? Сүйөрбек
- Сиз айткандын баары шариатка туура келбейт. Караманча каршы келет. Маркум өлгөндө эртерээк жерге бергенге ашыгуу керек. Маркумдун аялы төрт ай  он күн аза күтөт. Жасалгаларын тагынбайт. Көчөгө өтө зарыл иши болбосо чыкпайт. Калган аялдар (мисалы: апасы, эже-карындаштары) үч эле күн аза күтүшөт. Көк кийүү, ак ачтыруу дегендер болбогон кеп.  
27. Жин менен ооругандарды чилдеге отургузуп көзүн ачат экен. Чилдеге отурган ширк эмеспи? 077316...
- Чилде дегени кырк күн эч ким менен аралаштырбай олтургузуу демектир. Аял киши болсо жараша берет. Бирок эркек адам жамаат намаздарга, жума намаздарга баруусу милдеттүү болот.  Чилдеден ширкти издөө туура эмес. Ал эми көзүн ачтыруу дегени таптакыр туура эмес. Мына ошону ыймандан чыгаруу десек туура болот.
28. Мага бир таксыр айтты эле, “тамакты, чайды үйлөп ичсе болбойт” деп. Сиз ушуга кандай карайсыз? 077025...
- Болбойт, оозуңдагынын, ага кошулуп мурдуңдагы дүнүйөнүн баары иче турган тамагыңа түшүп калсын.  Ошондуктан да болбойт. Пайгамбарыбыз алайхис салам тыйган бул нерседен.
29. Менин үй-бүлөм бар. Жолдошу каза болгон келин менен нике кыйдырсам болобу? “Эч нерсенин кереги жок, келип турсаң болду” дейт.
- Нике кыйдырып алсаң болот, келиндин туугандарынан колун сурап. Койгон шарттары жакшы экен. 
30. Аравияда окуп келген бир дамыла “орозодо чайканып алса болот (гусул), исламды биз өзүбүз кыйындатып алабыз” деген.
- Туура айтыптыр ошол дамыллаңар.  
31. Мен 9-класстамын. Намаз окугум келет. Бирок намаз окуюн деген күнү канчалык эрте жатсам да уктап калам жана артымдан бирөө кубалап жүргөндөй болуп көзүмө ар нерселер көрүнө берет. Эмне кылсам болот? Уулкан
- Апаң менен чогуу барып дем салдыр. Өзүң жалгыз барба. 
32. Мен Портер машинасын айдайм. Маичилер баа коюп алышкан, тоскон сайын 20 сомдон алат. Эмне кылсак болот? 077325...
- Алар балдарын арам оокат менен багып жаткан болот. Бербей койгонго аракет кыл, болбосо эмне кылат элең, башы көзүмдөн садага деп карматып кете бересиң.
33. Кийимди ит жаласа, заара чачыраса даарат бузулабы? Дааратканада отурганда билинээр-билинбес болуп чачырайт го. Эмне болот? 077325...
- Ит жалаганда нымдуулук сакталып калган болсо кийимди жууш керек болот. Бирок адамдын даараты бузулбайт. Заара майда чачыраса кечиримдүү, андан да даарат бузулбайт. Эгер өзүнүн заарасы чыгып жаткан болсо, албетте заара чыккандыгы үчүн даараты сынат, чачыраганы үчүн эмес.
34. Мен “Адеп башатына” Куран курсуна барам. Эжейибиз жакшы устаз. “Ага барба, алар нуржулар” дешти. Алар кимдер? Барса болобу? 055773...
- Бара бер. Алар деле, булар деле мусулмандар. Бир жамаатка таптакыр кирип кетпе. Бизге ошол Пайгамбарыбыз алайхис салам алып келген жамааттан өтөөрү жок.
35. Даават жолу жөнүндө айтыңызчы. Эмне үчүн дааватчылыкты туура эмес деп жатышат? Бул парз да. Балким пакистандыктардын кийимин кийбей койсо баары туура болуп калаар бекен? 077121...
- Даават парз. Биздеги даават жолу эң жакшы. Адамдарды бекерпоздуктан куткарууда. Даават мамлекеттин стабилдүүлүгүнө зор салымын кошууда. Муну көрбөгөндүн көзү көр болот, өзү кор болот.
36. Мен бир адам менен Усама Бен Ладен тууралуу тартышып жатамын. Ал анын кылганын туура деп ойлойт, мен тескерисинче. Ал өзү ким? Тутунганы эмне? 077352...
- Ал Усаама бин Лааден. Мусулман бир киши. Түбү Йеменден чыккан Сауд Арабиялык болгон. Кийинчерээк атуулдугу тартылып алынган. Башка эч нерсе билбейм. 
37. Жолдошумдун энеси ушундай жаман сөздөрдү көп айтат, мисалы, “өлүп кеткиле, кырылып өлгүлө, ушулар кара жерге кирсин" деп. Бул каргышы балдарына тиеби? 077734...
- Жок тийбейт, эненин бул каргышын жакшы дуба ниетинде кабыл кылгыла. Эгер энеге зулумдук жеткирсе, ал убакта дубасы дароо кабыл болот. 
38. Убактылуу никеге туруп, кайра 3 талак берип койсо да болобу? Бирок ата-энеден жашыруун. Бул намаз окуган кыздын эркекке айткан сунушу. 055090...
- Намаздан айлангыр экен го. Курттап жаткан экен. Андай кыздан айланып өт. Казанга жакын болсоң көөсү жугат. Убактылуу нике деген жок шариатта.
39. Мен 60 жаштамын. Турмуш кудайга шүгүр, жетишээрлик. Иним эски шым, бут кийим берсе, кийсем болобу? 077756...
- Кийе бериңиз, көңүлүңүз тартпаса медресеге алып келип бериңиз. Талаба балдар кийип коёт.
40. Биз эжемдин дүкөнүндө иштейбиз. Кээде тараза 50 сом 60 тыйынды көрсөткөндө 51 сом деп эсептейбиз. Андай кылбасак эжем бизди урушат. Нурбийке 
- Ошол калган кырк тыйын силерге арам. Адал оокатыңарды арамга аралаштырып албагыла.
41. Төшөккө жатканда башты кандай баштанып жатыш керек? Жолдошум оң жак менен кыбыланы карап жатыш керек дейт. Андай кылсак башыбыз босогодо болуп калат. 055516...
- Негизги эреже, оң жамбаш менен кыбылага баш тарапты узатып жатуу болот. Бирок кыбыла босого тарапта болгон учурда, анда тетири жатсаңар да болот. Босогодон кирген шамал мээңерди кагып койбосун.
42. Мен жоолук салындым. Бирок халал эмес дүкөндө иштейм. Иштебейин десем башка жумуш колумдан келбейт жана чоң суммадагы карызым бар. Карызды төлөгөнчө иштеп турсам болобу? Кээ бир адамдар “жоолук салынып алып арак сатасыңбы?” деп сурашат. Эмне деп жооп берсем болот? Аида 
- Башка жумуш издеп, ошол жакка кет. Адамдардын айтканы туура.
43. Эжем күйөөсү менен Москвада иштейт. Жездем мас абалында телефон аркылуу үч талак айтыптыр. Москванын мечитиндеги молдо эч нерсе болбойт деп кайра нике окуп коюптур. Арада 5 жашар баласы кайтыш болду. Азыр кыздуу болушту. Эжем баласын эстеп көз жашын тыйбайт. “Эми деле ажырашып кетсемби, балага көрүндү” дейт. 077832...
- Аны тактоо керек. Молдо айтса бир нерсени билгенинен айткандыр. Адамдар өлүп эле жатышпайбы, кары-жаш дебей эле. Ар бир өлүмдү бир нерсеге байлай берсек жан калабы?
44. Аркасы бар, басырык басат деген эмне? 077281...
- Аркасы бар деген кичине жин тийип калыптыр деген сөз болот . Басырык басканы таза жатпаса басырык баса берет.
45. Жин киргендин белгилери кандай, көзүндө өзгөрүү болушу мүмкүнбү? Аида
- Ооба, көзүнүн карасы коюуланып калат. 
46. Базарда иштейбиз. Лөлү тилемчилер кайра-кайра садака сурап келе беришет. Кээде урушуп кууп жиберем. Алты саны аман го. Буларга акча берсе болобу? 077325...
- Жакшысы, билгенге бергениң жакшы.
47. Аял менен эркек интимдик катнашта бирин-бири киндиктен ылдый өпсө болобу? Айка
- Шариат тыюу салбайт, а бирок кээде кээ бир учурларды адепсиздик катары баалайт. 
48. Айлам кеткенде ден соолугум үчүн, үй-бүлөм үчүн жакшы ниет менен көзү ачыкка кайрылдым. Акыбети кандай болот? 077301...
- Ыйманыңды жаңылап ал.
49. Мен турмушка чыгуу ниетинде дин жолунда жүргөн, бирок аялы бар байке менен тааныштым. Ал “2 жыл эч кимге билдирбей жашайбыз” дейт. Бул туурабы? 077261...
- Туура эмес. Ата-энеңдин колунан алып кетсин.
50. Намаз окуганы жатам. Жыныстык катнаштан кийин гусул кылганда сөзсүз башын жууш керекпи? Айылда жашайбыз. Көпчүлүкпүз. Шартым жок. 077301...
- Чачыңыз өрүлүү болгон болсо, анда чачтын түбүнө, б.а. баштын терисине суу жеткирип жуусу жетиштүү болот.
51. Мен көп балдар менен сүйлөштүм. Эми эсиме келип намаз окуюн деп жатам. Бир убак эле окуп, оронсом болобу? Элиза
- Окуй бер.  Орон. 
52. Менин жумушум аябай кир. Бешим, аср, шам намаздарына кийим которуп даарат алууга аябай тоскоол болуп жатат. Кийимди бир сыйра кагып-силкип алып, анан таяммум кылып окуй берсем болобу? 077884...
- Таяммумдун шарттары бар. Ошого туура келсе гана таяммум алынат. Кийимиңиз нажас болбосо эле жарай берет. Андыктан шарттарыңызды  толугураак айтсаңыз жакшы болмок.
53. Мен турмушка чыгып ажырашкан келин менен нике кыйдырып үйлөндүм. “Күйөөңдөн талак алып ажыраштың беле?” десем, “биз ЗАГСка эле турганбыз” дейт. ЗАГС документи никеге өтөбү? Күйөөсү “мен болду сени менен ажырашам” десе талак түшөбү? 070936..
- Жакшылап такташ керек силердин маселени.
54. Биринчи аялыма талак бербей эле, жообун берип ажырашкам. Кийин ал турмушка чыгып, бала-чакалуу болду. Анан кайтыш болуп кеткен. Акырети менин никемде калбайбы? Азыркы аялым менен жашаганыма 20 жыл болду. Балдарыбыз бар. Жолдошу талак да, жообун да берген эмес экен. Эми болсо да жообун алыш керекпи? 07728...
- Силерди да такташ керек экен.
55. Даарат алгандан кийин суюктук тамчылап тряпкаң булганса даарат бузулабы? Кийинки намазга жаңылаш керекпи? 070382...
- Ооба.
56. Жолдошум кетип калган. Бир балабыз бар. Кайын журтума жакын турабыз. Үйүнө барсам кайненем “келбегин” деген. Атам кайнатама “ортодо бала убал болду, айтпайсыңарбы, бул кандай жашоо” десе, “билбейм, балам келсе өзү чечет” дейт. Күйөөм кайда жүргөнүн билбейм. Ата-энеси Россияда, Бишкекте деп алдап жүрөт. Атам келсе кайненем жашынып чыкпай койду. Балам атасын сурап ыйлайт. Жүрөгүм сыгылып, башым ооруй турган болду. Намаздан кийин баламдын жетим калбашын суранам. Эмне кылам, билбейм. 077998...
- Эмне кыл дейсиң мени? Балаңды алып барып кайненең менен кайнатаңдын ортосуна таштап баса бер. Бала ошолордуку, багып алсын. Карабаса ошолор жооп берет.
57. Ата-эне каршы чыкса нике кыйдырса болобу? Мен 24 жаштамын, болочок келинчегим 19да. Анын гана ата-энеси каршы. 077903...
- Болбойт. Атасынын макулдугунун болуусу зарыл.
58. Хаажат намазды түшүндүрүп бериңизчи. Эки рекет нафил намаз беш убак намаздын алдында окулабы? +7778455..
- Нафил намаз макрух болбогон убакыттын баарында окула берет.
59. Тилават сажда деген эмне? Сажда аяттары кайсылар? 077281...
- Куранда окулганда сажда кылуусу милдеттүү болгон он төрт жер бар. Сен аларды сурап эмне кыласың. Куранды толук жаттаган болсоң, аларды ансыз деле билесиң. Жаттабаган болсоң анысын деле окубайсың. Өзүңө керектүү нерселерди сурасаң жакшы болот.
60. Айылыбызда көчөлөргө ысым коюлуп жатат. Өтүп кеткен чоң атабыздын атын койсок болобу? Шариат кандай карайт? +774781...
- Койсоңор боло берет. Бирок элге кызматы өткөн болсун да чоң атаңардын. Жөн эле жүргөн, тебетей эле кийген бирөөнүн атын коё берсе жакшы эмес. Кээ бир жерлерде жолду тегиздетип, эки машина кум-шагыл төгүп берсе эле атын коюп койгон учурлар бар. Лөлүнүн атын сугарып пулун ал дегендей эле маселе болуп турат.
61. Агам жашаган үйүнө кызынын оюнчук мамалак, коён, курчактарын тизип илип коюптур. Эч нерсе болбойбу? +774781...
- Эч нерсе болбойт.
62. “Кока-Кола” ичсе болот дептирсиз. Мухаммад жок, Мекке жок деген жазууну алар эмнеге жазышты? 070005...
- Аны алардан сураш керек. Ансыз деле ыйман келтирбегендиги ошого далалат кылат эмеспи. Кааласаңыз  ичпей эле коюңуз. Андан сырткары алар аны ачык жазышкан эмес. Ошол жазууну тетири каратып окуган убакта гана окулат. Биз тетири каратып окууга милдеттендирилген эмеспиз.
63. Намазды боюмда 7 ай болгучакты бир окуп, бир окубай калдым. Ичим менен кыйналып кеттим. Гусул алганга да шарт жок болуп атты. Эми эмне болот? 070055...
- Туруп окугандан кыйналсаң олтуруп оку. Шартыңа туура келбесе, таяммуммдун шарттарына туура келсе, таяммум менен намаз оку. Бирок, асти, намазыңды калтыра көрбө.
64. Курулуп жаткан мечитке имамдар акча сурайт. Биз кутучага акча салганыбыз туурабы? 077302...
- Сала бер, соопторун ала бер. Имам уурдап коёт деп күмөндөнсөң, анда мечиттин курулушуна керек нерсени өзүң колуң менен алып барып бер.
65. Намаз окуп жатып, төрөгөндөн кийин арак ичип койсо болобу, уюп калган кандар кетиши үчүн? Надира 
- Укмуштуунун төөсү жорго. Арак ичпеген элдердин баарынын эле каны уюп тромбго айланып өлүп калбайт беле? Арак ичкенге болбойт.
66. Чачты боёсо гусул, даарат өтпөй калабы? 070055...
- Ооба, өтпөйт.
67. Эрте менен нажасатты тазалап жууп, калгандарына кол даарат боло береби? Себеби геморрой бар. Даарат алсам же заң келгенде кан болуп калат. Эмне кылыш керек? 055416...
- Ооба. Сиз себептүүсүз.
68. Столдун үстүндө арак бар. Бирок өзүң ичпейсиң. Ичкен тамак-ашың арам болуп калабы? Арам кылбаш үчүн кандай кылам? Надира
- Тамак-аш арам болбойт. Бирок ошол жерде чогуу олтурганың арам болот.
69. Төрөгөндөн кийин 40 күн тыңыш керек деген динде барбы? 070055...
- Ооба, нифас деген нерсе бар.
70. Алла Таалама сиз деп кайрылып дуба кылам. Жаратканга сен дегенибиз кандай болуп калат? Эмне деп кайрылайын? 070573...
- Кантсең дагы туура боло берет.
71. 666 шайтандын номери деген Куранда бар экен. Машинамдын номери 7666. Алмаштыр деп жатышат. Ушул туурабы? 070363...
- Алмаштыруунун зарылдыгы жок.
72. Хиджап кийген кыз эркек врачка көрүнсө болобу? Кантип? 070055...
- Жогоруда келди.
73. Жубайлар 6 айдан узак убакыт ар башка жерде жүрүшсө, кайра бирге болушса нике окутуп жашоо керекпи? Бирок ажырашкан эмес. 077338...
- Жок, нике бузулбайт.
74. Мухаррам айы кандай ай? Орозо кармаганга жакшы ай дейт. Анан саратанда туткан орозонун сообу өтө чоң, көп жылга татыйт дейби? Орозонун карызын келе турган орозонун алдынан тутса болобу? +7778527...
- Тутса болот, бирок эртерээк тутканыңыз жакшы. Ал келээрки орозого ким жетет ким жетпейт жалгыз кудайга маалым.
75. Алекис салеки деген “мен сенин өлүшүңдү каалайм” дегенби? 077132...
- "Алайкумус саам" деген ошондой маанини туюндурат. "Саам" өлүм деген мааниге ээ.
76. Тооктун этин жесе болобу? Сиздер жейсиздерби? Бисмиллахи деп сойбосо арам болобу? Чочконун этинен айырмасы болбойбу? 077325...
- Адал союлган тооктун этин жеп эле жүрөбүз. Тоок багабыз. Бисмилах деп айтылбаса арам болот.
77. Мен Иляз устаздын жамаатынанмын. Ал кишидей таухидди бекем карманган салих адамдардын аз экендиги өкүндүрөт. Ал сизди “менин шакиртим” деди эле. Биздин устаз “баланы кемпирлерге эмдетүү, киренелөө ширк” деген. Сиз боло берет дептирсиз. Кайсынысы туура? 055392...
- Кемпирлерге эмдетүү ширк эмес. Киренелөө дагы ширк эмес. Адамды адамдын энергиясы менен дарылоо деген эле сөз.
Иляз таксыр бизге Инжилдин ката жерлеринен сабак берген. Акыйда илиминен берген эмес. Ал илимди кийинчерээк араб туугандардан үйрөндү окшойт.
78. Мурунку санда “аялым менен эркелешкенде суюктук чыгат, ошондо гусулум бузулбайбы? ” деп сураганда “жок” деп жооп бергенсиз. Кечээки санда болсо “дүүлүккөндө суюктук чыкса гусул бузулабы?” десе, “ооба” деп жооп берипсиз. Менде деле ошондой учурлар болот. Бирок гусул алып коём. Ошого так жооп берип койсоңуз, сураныч. 077909...
- Дүүлүккөндө атырылып чыккан ак коюу суюктукту маний деп айтабыз, ага гусул ваажып болот. Ал эми дүүлүгүп бирок атырылбастан чыккан жылбышкан тунук суюктукту мазий деп айтабыз. Ага даарат эле бузулат.
79. Сол кол менен чай ичсе арам болобу? Мисалы, оң кол менен самсы жеп, сол кол менен чай ичсе. 077909...
- Сол кол менен шайтан ичип-жейт. Эгер оң колу жок болсо, же душман кубалап келатса, эки колдоп жеп бүтүш керек болуп калса бир жөн.
80. Мен базарда соода кылам. Жолдошум ажы. Базарда “жардам бергиле, баламдын операциясына көп суммадагы акча керек” деп келген замандашыбызга 500 сом берип койгом. Жолдошума айткан жокмун. Мунун жообу кандай болот? 077235...
- Ортоңордогу акча болсо айтышыңыз керек. Өзүңүзгө тийешелүүнү каалагандай жумшайсыз.
81. Бишкекте жесир аял бар эки баласы менен. Экинчи кылып үйлөнсөм болобу? Бирок бир жумада бир күн гана жолугам. Себеби мен үй-бүлөм менен Таразда иштейм. Экөөнө тең карабасам күнөө болобу? +7701545...
- Экинчи аял ошол шартка макул болсо боло берет.
82. Шариат илими менен катар илимдин ички маанисинен тереңирээк түшүнүк алууну жүрөгүм каалап эле калды. Бул үчүн устаз табыш керек болот го. А мен аял кишимин. Менин мындан артык кызык эч нерсем болбой калды. Сиздей аалымдан кеңеш сурайм, балким сиз себепчи болуп издеген устатка жолугаармын. 077870...
- Сиз тасаввуф илимин айтып жатасыз. Саид Нурсийнин китептеринде ушулар көп айтылат.
83. Бешим, аср намаздарын жумушта тар жерде окуйм. Кыбыла тарапта “Кока-Кола” муздаткычы бар. Окуй берсем болобу? Зина
- Зыяны тийбейт. Окуй берсеңиз болот. 
84. 2 уулум бар. Атабыз таштап кеткен. Мектепте эжекеси “7 атаңарды билип келгиле” дептир. Анын 7 атасын билбейм. Өзүмдүн 7 атамды үйрөтүп койдум. Боло береби? 077116...
- Мектептеги сынактан өткөнгө го жарай берет. Бирок сиздин жети атаңыз анын жети атасы болуп бербейт. Андыктан эски кайын журтуңузга барып балаңыздын урук-тегин билип бериңиз.
85. Шариатта аял канча күнгө атасынын үйүнө барып келсе болот? Эмнегедир сабырым жетпей жатат. Орозо кармаса жардам береби? 077017...
- Атасынын үйүнө барса, жатпастан кайра кайтуусу жакшы болот. Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт болбо.
86. Бирөөнүн айткан тилегинен кийин “амин” деп айткан туурабы? Ал эмнени түшүндүрөт? 077826...
- Туура, омийин дегенибиз "кабыл кыл!" дегенди түшүндүрөт.
87. Менин үзүрүм бар, заарам кармалбайт. Даарат алып бүтсөм да чыгып калат. Намаз окуй беремби? 077325...
- Үзүрлүү болсоңуз ар бир намазга жаңы даарат алып окуйсуз.
88. Нажжас (заара) чачыраган жер тыйындан кичине болсо намаз өтө береби? 077325...
- Ооба, өтө берет.
89. Дүкөндө уят диск сатса эмне болот? Күнөөсү канчалык?
- Арам болот. Адамдарды колунан жетелеп барып сойкулук кыл деп багыт бергендей күнөөгө батат. 
90. Эгер бир киши дааватка чыгып, 2 жыл жакшы жүрүп, кайрадан намазын таштап, арак ичип алса күнөөсү канчалык? 077709...
- Тооба кылсын...
91. Жолдошум 4 аял алам деп жатат. Мен каршы чыксам “сен каапырсың, Курандын аяттарына каршы чыгып атасың” дейт. Турмуш курганыбызга өзү 5 ай болду. Бул маселеге кайненем да каршы. Күндө жолдошум экөө урушуп, кайненемдин кан басымы көтөрүлөт. Жолдошумдун жумушу жок. Кайненемдер багат. Мен иштейин десем уруксат бербейт. Кандай жардам бере аласыз? Жолдошумду тааныйсыз. 077042...
- Бир аялды өзү бага албаса, эки аял алганга суутуп коюптурбу??? Аял көп аял алууга каршы чыкса, андан каапыр болуп кетпейт. Анткени көп аял алуу сүннөт же мустахаб эмес. Көп аял алуу мубах иштердин катарына кирет. Мубах иштерге каршы чыгуу ыймандан чыгарбайт.
92. Мен 5 маал намаз окучумун. Азыр эки маал окуп жатам. Себеби эртең менен окууга кетип, түштө базарга келип, апама жардам берип убактым тартыш болуп жатат. 2 маал намаз окуп турсам болобу? Кудайым буюрса, турмушка чыкканда хиджап кийем. Каза намаздарым эмне болот? 077140...
- Намазыңды калтырба. Жоолугуңду салын. Турмушка чыкканда салынам дейсиң. Көп адамдар таптакыр турмушка чыкпай калган. Пенсияга чыкканда намаз окуйм деген апендилердей болбо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Xanif_KG   14 Март 2015 - 19:05

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 281
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 16 Дек 2018 01:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сыноо майданы...

Бисмиллаах.. .
Хз Чубак ажыдан дагы бир шингил...

1. Алла Таала бар, мен буга чексиз ишенем. Алла Таалага миң мертебе ыраазымын деп айтса болбойт экен. Ушул туурабы? 077379...
- Миң деп айткан убакта көп санды, чексиздикти каалаган болсо боло берет. Анткени Аллах Таалага чексиз ыраазы болуубуз керек. Ал эми миң деп айткан убакта белгилүү бир санды  гана эске туткан болсо, пенде тараптан Аллах Тааланын акысына адепсиздик мамиле кылган болот. 
2. Жигитим өзүмдөн 15 жаш улуу. Ага  турмушка чыгышымды суранды. Бирок ата-энем каршы. Ата-энемди нааразы кылгым келбейт. Кеңеш берип коюңузчу.
- Ата-энеңиз эмне үчүн каршы чыгып жаткандыгын өзүңүзчө  анализдеп көрүңүз. Алар сизге жамандык каалашпайт. Сиздин баамыңыз жетпеген нерсеге алардын баамы жетип жаткандыр, алардын турмуштук тажрыйбасы мол эмеспи. Он беш жаш айырмалык эгерде жубайлардын кадыр-көңүлү жарашса эч нерсе деле эмес. Бардык маселени ата-энеңиз менен чогуу чечкенге аракет кылсаңыз жаңылбайсыз. Кудайым бактылуулардан кылган болсун. Омийин. 
3. Менин аялым бар. Бирок кыздардын фигурасын карай бере турган болуп калдым. Ушул адаттан кантип арылсам болот? +7778316...
- Басканда жер карап бас, көзүңдү сакта. Качан көзүң аларга түшкөндө аялыңа барып муктаждыгыңды кандыр. Ошондой эле алар деле бирөөнүн карачечекей кыздары, менин деле кыздарым болот, карындаштарым бар дегендей пикирди оюңа салсаң бир аз акыбал жеңилдей түшөт. Намаз окуп, Кудай Тааламдан жалбарып суран, такыбалыкты жүрөгүңө салган болсун. Анан колуңду отко бир аз күйгүзүп көр, тозоктун отун элестет.
4. Беш жыл мурун сиңдим түшүнүксүз оору менен ооруду. Ооруканага алып барсак “психооруканага алып баргыла” дешти. Алып барсак “алып кеткиле бул жерден, мени кет деп жатат” деп ыйлады. Кыскасы, аны бирөө башкарып жүрдү. 3 күн эсин жоготту. Көргөндөрүн бизге айтты. Айткандары Аллах, намаз жөнүндө болду. Азыр намазын зорго окуйт. Жүргөн-турганы бузулду. Медресеге алып барсак бир ай окуп чыгып кетти. Мурда көргөндөрүн унутуп койгондой. Эмне кылышыбызды билбейбиз. Ошол кезде жин киргенби? Жин кирсе эмне үчүн Аллах, намаз жөнүндө сүйлөйт? 077052...
- Эгерде кирген жин мусулман жин болгон болсо намаз окуганга буйруйт. Бойго жеткен болсо турмушка узаткыла. Жакшы күйөө болсо башкарып кетет. Аллахым шыпаа насип этсин. Омийин.
5. Мен сиңдимдин кызын багып алдым. Атасы атын да бербей койду. Бакканыма сооп аламбы? Ал кыз “атамды көргөз” дейт. Эмне кылышым керек? 077990...
- Атасы атын бербей койгон болсо, анда кызды өзүнүн кызы эмес деп да билген болобу? Эгерде кыз нике менен төрөлгөн болсо, атын берсе да, бербесе да анын кызы болуп эсептеле берет. Анын атын бербей коюуга укугу жок. Нике менен төрөлгөн учурда автоматтык түрдө атасынын атын алат эмеспи перзент деген. Атасын көрсөтүңүз. Башка бир туугандары болгон болсо катташып алсын. Кийин-соң сиз  токо-наалатына калбаңыз.
Сиз ал кызды бакканыңызга сооп аласыз. Сиздин күйөөңүз да сооп алат.
6. Жубайлар чогуу мончого түшсө болобу? 070035...
- Болот. Бирок оор авреттерин бири-бирине көрсөтпөстөн жуунушкандыгы адептүүлүк болот. Бири-биринин далыларын жышып берсе махабаттары ашып кетет.
7. 1 талак алган келин башкага турмушка чыга алабы же сөзсүз 3 талак алышы керекпи? 070263...
- Бир талак алган келин иддасы чыгып бүткөндөн  кийин каалаганына турмушка чыкса боло берет. Бир талак менен үч талактын айырмасы бир эле нерседе: эгер үч талак бериле турган болсо анда талак берген күйөөсү менен кайрадан чогуу жашай албай калат. Башкак күйөөгө тийип чыккандан кийин гана кайрадан никеленсе болот мурдагы үч талак берген жолдошу менен. Ал эми бир талак бергенден кийин кайрадан чогуу жашаганга мүмкүнчүлүк бар. Эгерде киная-кыйытма талак менен талак берген болсо, анда талак боин болуп түшөт, сөзсүз жаңы нике кыюуга туура келет. Ал эми сарих-ачык талак айткан болсо, аялдын иддасы чыга элек болсо, анда жаңы нике кыйдыруунун кереги жок, жөн гана мураажаьа кылуу жетиштүү болот. Мураажаьа дегенибиз: мен сени менен жашап баштадым деп айтса, же кучактап өпсө, жыныстык байланышта болсо  нике кайра ордуна келип калат деген маани.
8. Ажырашуу ниетинде ажырашам деп айтуу жетиштүүбү же сөзсүз талак деп айтуу керекпи? 070263...
- Ажырашуу ниетинде ажыраштым деп өткөн чакта айткан болсо бир талак боин түшөт. Ал эми ажырашам деп келээр чакта айткан болсо, ажырашууга убада берген болуп эсептелет. Бирок аны менен талак түшпөйт. Убадасын кааласа аткарат, каалабаса аткарбай эле коё берет. Сөзсүз талак деп айтуу милдеттүү эмес. Кудайым талак деп айткандан сактаган болсун.
9. Биз балалуу боло албай жатабыз. Себебин көп эле кылдык, бирок тыянак чыккан жок. Азыр да дарыланып жатабыз. Келинчегиме спирт кошулган чөп дары бериптир. Ичсе күнөө эмеспи? 077142...
- Балалуу болуу, эгер Кудай Таалам бербей жаткан болсо, ага силер күнөөкөр болбойсуңар. Балалуу болуу сүннөт. Сүннөттү аткарам деп спиртти ичпей эле койсун. Доктурларга авреттерин ачпай эле койсун.
10. Мен жолдошум менен ажырашып кеткенмин. Кийин башка бирөө менен нике окутуп алганбыз. Ал талак бербей жообуңду бердим деп койгон. Андан кийин мен турмушка чыгып балалуу болдук. Ушуну ойлоп аябай корком. 077115...
- Ошол жообуңду бердим деп айткан убакта ниетинде ажырашуу болгон болсо, ошону менен бир талак боин түшкөн болот. Ошол сөздү айткандан кийин үч айыз көрүп бүткөн соң турмушка чыккан болсоңуз, кийинки никеңиз жарактуу болгон болот. Кыжаалат болбоңуз. Кудайым бакыт жазган болсун баарыбызга, омийин.
11. Жолдошум көп ичет. Сокулукта бир эже бар экен. “Күйөөңдүн арак ичкенин токтотуп берем” дейт. Деги эле үй-бүлө тынчтыгы үчүн бакшыларга барса болобу? 077266...
- Анын бакшы экенин кайдан билесиз. Балким дем салаттыр, балким дары берип аракты көргөндө көңүлү кала тургандай абалга келүүсүнө себеп болоттур. Дароо эле жаман күмөндө боло берүү туура эмес го?! Көзү ачыктарга, келечекти айтып берчүлөргө баруу туура болбойт. Адамды ыймандан чыгарат алар.
12. Бүткүл пенделердин суроолоруна чарчабай сабырдуулук менен жооп бергениңизге Кудайым сиздин жолуңузду ак кылсын. Сиздей илимдүү аалым бар экенине сүйүнөм. Сиздин айткан шариаттарыңыздын бирин да калтырбай ыйлап угам. Гезиттеги жоопторуңузду чыдамсыздык менен күтүп окуйм. Аллах сизди колдосун. Сырга
- Урматтуу Сырга! Кудайым Сизди жана жакшы көргөн адамдарыңыздын баарын бейиши менен сыйлаган болсун. Такыбаларга имам кылсын. Арамдан алыс сактасын. Адал ырыскыдан, бактылуу жашоодон ажыратпасын. Кудайым ар дайым дубаларыңызды кабыл кылсын. Мен жөнүндөгү жакшы күмөнүңүзгө Аллахым ыраазы болсун. Бар болуңуз!
13. Тамакка май куйганда Алланын жолуна, темирлердин пирине, бабадиндин акысына деп куям. Туурабы? 077969...
- Аллахтын жолуна дегениң туура. Анан калгандарын өзүң деле жакшы түшүнбөсөң керек. Мисалы мен түзүк деле түшүнбөйм. Андыктан аларды айтпай эле кой.
14. Бир адамдын бакшылар аркылуу жаман дуба түшүргөнүн сезсең, Фатиха, Аят Ал-курси, Ихлас, Фалак, Нас сүрөлөрүн окуп өзүң дем салууң жетиштүүбү? 055688...
- Жетиштүү. Андан ашыгынын өзү жок.
15. Менин балдарым ит бакканды жакшы көрүшөт. Биз багалы десек атабыз “үйгө периште кирбейт” деп бактырбай жатат. Ошол чынбы? Жанара
- Ооба, эч бир себепсиз үйгө же короого ит бакса периштелер кирбейт. Короону кайтаруусу үчүн, малды кароосу үчүн, ууга чыгуу үчүн, эгин-тегинге кароолчу болуу үчүн бакса уруксат берилет. Ал учурда себептүү болгондуктан периштелер кире беришет. Ошондо да күндүзү короонун четине байлап, кечинде эл жатканда агытат. Үйдүн ичине киргизүүгө болбойт.
16. Орус таанышыбыз жердин астынан суу чыгарат. Депутаттардын, аты белгилүү бизнесмендердин суусун чыгарыптыр. Алар акчасын төлөбөй коюшуптур. Ал айтат “мусулмандар мага жалпысынан жетимиш миң доллар карыз, кыяматта ыйманын сурап алам” деп. Ошондо мусулмандар каапырларга карыз болуп өлүп калбаш керек да ээ? О дүйнөдө ыйманыбызды алып алышабы? 077216...
- Бирөөнүн ыйманын башка бирөө алып алат деген болбогон сөз. Ал орус ошол тыйынын бербей койгон депутаттардын, аты белгилүү бизнесмендердин соопторун доолайт. Ал эми жалпы мусулмандардын буга тиешеси жок. Болгону мыйзамдуулуктун аткарылуусун камсыздап бербегени үчүн ошол доордогу падышалар да жооп беришет. Ошол падышалардын да мойнуна асылат ал орус. Дегеле эч кимге карыз болуунун кереги жок. Колунан келсе малдын да көңүлүн оорутпасын, бейчеки уруп-сокпосун.
17. Тасбих айтуу деген эмне?
- "Субхаанааллаах" деп айтуу.
18. Наристеге ысым коёрдо кулагына азан айтыш керекпи? Менин кызым 1 жашта. 077955...
- Азанды жаңы туулганда айтат. Бирге чыкканда айтуу милдеттүү болбой калат. Телевизордон, же мечиттин жанынан өтүп баратканда уккан болсо ошол деле жетиштүү болуп калат.
19. Дуба деген арабча сөз да. Которгондо эмнени түшүндүрөт? Мен каргыш деп түшүнөм. 077955...
- Дуба дегенибиз араб тилинде "дуьаа" деп айтылып, чакыруу жана кыйкыруу маанилерин камтыйт. Жакшы дубаларды каргыш деп айтууга болбойт. Жаман дуба кылса каргыш деп айтса жарашат.
20. Багымдаттын казасын бешимден кийин окусак сүннөтү окулабы? 077325...
- Жок. Багымдаттын сүннөтүнүн казасы, парзы менен бирге каза болгон убакта, ошол күнү бешимге чейин каза боло турган болсо гана окулат. Андан кийин парздын өзү гана каза кылынат.
21. Жолдошум достору менен акча коюп карта ойнойт. Бирок 5 убак намаз окуйт. Ушул тууралуу айтып бериңизчи.
- Бул кылган иштери кумар деп бааланат. Кылгандары эки тараптуу арам. Биринчи тарабы карта ойногону үчүн, экинчи тарабы акча сайып кумарга айлантканы үчүн. Намаздары кайсы бир деңгээлде татыктуу окулбай  жатыптыр деп айтсак туура болот. Анткени чын ыкластан окулган намаз адамды жаман иштерден кайтаруусу кажет. Кайтарбаса, намаз жансыз болуп жаткан экен деп аңдайбыз. 
22. Күйөөм СМС аркылуу 3 талак берген. Мен башка бирөө менен никелешип, эртеси күнү жообумду бер десем, бергиси келбей араң бир талак берген. Азыр өзүмдүн күйөөм менен жашайм. Ал билбейт. Андан жашырганым үчүн көп ойлоном. Айтышым керекпи? Күнөөлүүмүнбү? 070553...
- Ортодогу идда мөөнөттөрү аткарылган болсо, күйөөңүз менен жаңыдан нике кыйдырган болсоңуз, туура болгон болот. Бир талак менен да экинчи менен ажырашкан болосуз. Күйөөңүзгө айтуунун кажети жок. Анткени  ошол учурда сиз менен күйөөңүздүн ортосундагы мамилеңер айтылган үч талак менен үзүлүп ага отчёт бере турган абалда эмес элеңиз. Анын карамагында эмес элеңиз.
23. Жакын адамымдын арбагына багыштап алма көчөт отургузсам деп ойлойм. Кандай жолдор менен, канткенде ишке ашырам? Менин оюм туурабы? 077752..
- Оюңуз туура. Бисмилла деп эле кыйыштырылган жерин күн чыгышты каратып, жерден бир эли жогору чыгарып жакшылап олтургузуп, сууну куя бересиз. Сооптор ал маркумга да, марттык кылган үчүн сизге да тынбай келе берет. Адам жесе, айбан жесе, ал эле эмес жаш балдар уурдап жесе деле сооп жазыла берет.
24. 3 маал намаз окуйм. Жашоом Кудайга шүгүр. Бирок күйөөм сөгүнүп сүйлөйт, тарбиясы жок. Апасы ыйман жолуна түшкөнүнө каршы, көзү ачык. Чынында күйөөмдү эмес, пайгамбарды сүйөм. Күйөөмдүн жүрүш-турушу балдарымдын тарбиясына зыян келтирбейби?  
- Кудайым окуган үч маал намазыңызды кабыл кылып, беш маал намазга жеткизген болсун. Ыйман жолуна түшүүдө ата-эненин макулдугу каралбайт. Ыйман жолуна түшсөң асынып өлүп алам десе да түшө берүү керек. 
Пайгамбарды пайгамбар катары сүйүү керек, ал эми күйөөңүздү күйөө катары сүйүүгө аракеттениңиз. Куру дегенде ырайым мээрим аркылуу көңүлүңүздү жибитиңиз. Кээде балдар, туура эмес жүрүш-туруштан туура тарбия алып калуусу да мүмкүн. Адепти адепсизден үйрөн деген ошого барып такалат. Эч убакта балдарыңызга күйөөңүздү жамандабаңыз. Өзүңүздү жаман көрсөтүп аласыз. 
25. Күйөөсү жыныстык катнашты каалап турса, аялы себепсиз эле макул болбосо кандай болот? 077047...
- Түнү менен периштелер каргап чыгат. Күнөөкөр болот. Айызы келип жатса, же катуу ооруп жатса бир жөн. Жөн эле жуунгандан, гусул алгандан зеригип макул болбой койсо периштелердин каргышын түнү бою угат.
26. Бизге казак элинен келип Түркистанга кичи ажылыкка деп, анан 33 мазарга сыйынса жашооңор бейиш болот деп элди 7 облустан жыйнап алып кетип жатат. Көп элдер адашып барып атышат. Бийликтегилер ушуну тыйса жакшы болоор эле. Таластан
- Алардын айтканы туура эмес. Бийликтегилер ошолорду тыйса жакшы болот эле. Даават айткандарды тыюуга аракеттенбей. .. Же болбосо эртели кеч тынбай ыйман сөзүн айткан молдолорду соттобой. Буга жооп берээр күн да бар. 
27. 1) Жаңы эле балагатка жеткенде жаштык кылып орозодо оозумду ачып алат элем. Ошондо атайын ачканым үчүн ар бир күнүнө отуз күндөн 1800 күн тутамынбы? 2) Орозо тутканда календарга карабай эле таң атканга чейин оозду жапса болобу? 3) Тамчы гезитиндеги Калдарбек байкенин уул же кыз төрөлүшүн санап бергенин колдонсо ширк болбойбу? 070769...
- Атайылап ачкан ар бир күн үчүн каффаарат катары удаама-удаа алтымыш күн, андан сырткары ар бир күн үчүн бир күндөн каза да тутулуусу керек болот.
Орозо тутканда календарда айтылган убакыттан мурда оозду жаап үлгүрсө эле эсеп. Демек эртерээк оозду жапса боло берет деген маани.
Калдарбек байкенин жумушунда эч кандай ширк жок. Болгону тамакка тузду көп салсаң оокатың ачуу болуп калат, ылайыктуу салсаң даамдуу болот, аз салсаң супсак болот дегендей эле сөз.
28. Искусство факультетинде окуйм. Дипломдук ишке жылкылардын сүрөтүн тартсын деп буйрук чыгартыптыр. Өзгөртөйлү деп сурансам болушпады. “Мен тартпайм” десем, агай “сенин атыңдан мен тартам, куругу сенден дегендей” деп айтты. Эми кандай кылам? Эптеп ушул окууну бүтүрүш керек. Болбосо ушунча жылдык өмүрүмдөн жыйынтык жок. Ата-энем капа болгудай. 070719...
- Сен ага куругун бербе, сүрөттү өзүң тарт. Тартканда баштарын тартпай арт жагын тарт. Байгедеги күлүктөр деп чаң каптап калган күлүктөрдү тарт башы чаңдан көрүнбөй калсын. Же башына темирден зоот кийгизилген жылкынын сүрөтүн тарт, башы, көзү, мурундары көрүнбөй темир эле көрүнгөндөй кылып.
29. Күйөөм мастыгында 3 талак берип, ажырашканбыз. 5 балам менен калганмын. Иштеп тапканым жакшы. Зекет кандай болот? Молдодон сурасам, “балдарды өзүң чоңойтуп жатасың, зекет бербейсиң” деди. 077241...
- Молдонун  айтканы туура эмес. Анткени, балдарын өзү багып, бирок ошол эле учурда бай болгон болсо, зекетти берүүгө милдеттүү болот. Бирок зекет бере турган өлчөмдөгү байлыкка ээ болбосо, анда күйөөсү менен чогуу жашаса деле бербейт. Зекеттин өлчөмү 115 миң сом. Ушул суммадагы  акча кайсы бир адамда негизги муктаждыгынан сырткары болуп бир жыл сакталса, же колунда товар катары турса, анда зекет берүү милдеттүү болот. Ар бир айда таап кайта иштетилип кеткендерди санап олтурбайт. Мына ошол зекет бере турган мөөнөтү келгенде менчигиндеги бар мүлкүнөн бере берет.
30. Мен намаз окуп, жоолук салынам. Быйыл биздин 20 жылдык болот. Классташтар ресторанда отурабыз дешти. Арак ичилет деп баргым келбей жатат. Бирок арак койбойбуз дешти. Сиз эмне дейт элеңиз? Сиз ресторанга киресизби? 077807...
- Мен ресторандарга кирип эле жүрөм, бирок ичкилиги жок болуп, адал оокаттар менен коноктошо турган болсо. Жыйырма жылдыкка барып агай-эжейлериңизге белек берип, ыраазылык айтып келсеңиз болот. Сөзсүз арак ичкен жерде чогуу олтуруу шарт эмес. Салтанаттуу жыйынга катышып, калгандарына катышпай койгонуңуз оң болот.
31. Атам бир күнү тааныштары менен отуруп көбүрөөк ичип алыптыр. Анан жиним келип жаманыраак сөз сүйлөп алдым эле. Ошондон тарта өзүмдү кечире албай келем. Ошол сөздү эстесем кадимкидей ыйлайм. Бирок кантип кечирим сурайм, бир кеңеш бериңизчи. 077816...
- Жөн эле "кечирип коюңуз, жаштык кылып катуу сөз айтып алдым эле. Экинчи кайталанбайт! " деп айтсаңыз жетиштүү болот. Чынында эле экинчи кайра кайталанбасын  бул жорук.
32. Жолдошум болбогон себептерден ачууланып көңүл оорута турган сөздөрдү сүйлөй турган болду. “Жашагың келсе жаша, жашагың келбесе кете бер” дейт. Ошол сөзү талакка барабарбы? 055244...
- Ал сөзү талакка барабар эмес. Ал сөзү ыктыяр берүүгө барабар. Ал ыктыярды ошол мажлисте пайдалануу, же пайдаланбай коюу сиздин ыктыярыңыз. Кыскача айтканда "Ыктыяарыңыз ыктыярыңыз" .
33. Нарда оюну адалбы? Болбосо эмне үчүн? 055044...
- Арам. Ойногонго болбойт. Себеби Пайгамбарыбыз алайхис салам тыйган бул оюндан.
34. Тахажуд намазын түнкү төрт жарымда багымдат намазына чейин окуса болобу? 2 рекет парз, 2 рекет сүннөт болобу? Толук түшүндүрүп бериңизчи. 077277...
- Бүгүнкү күндө багымдаттын убагы түнкү 3 саат 56-мүнөттө кирип жатат. Демек ушул убакка чейин тахажжуд намазын окусаңыз болот. Сиз айткан төрт жарым "уже" багымдаттын убагы болуп калган болот. Тахажжуд намазынын баары нафил намаз болуп эсептелет. Эки рекеттен кылып каалашыңызча окуй берсеңиз болот. Негиз тахажуд намазы куптан окулуп бүткөндөн кийин багымдаттын убагы киргенге чейин окулат. Багымдаттын убагы киргенден кийин тахажжуд окуу макрух деп билинет шариатыбызда.
Ал эм  кыштын күндөрү төрт жарымда тахажжуддун куп убактысы болот. Анткени ал убакта багымдаттын убактысы  кечирээк болот. Мисалы 1-январда багымдат 6 саат 51-мүнөттө кирет. Демек ошо убакка чейин тахажжудду окуй бересиз. 
35. Куран китептен башка динге арналган китептерди дааратсыз окуса болобу? Намаздан кийин айтылчу дубаларды жана салаваттарды 99 жолу зикир кылып бата кылгандан кийин айтса болобу? 077214...
- Ооба, бирок даарат менен окугандыгы жакшыраак.
36. Мен 14 жаштамын. Байкем менен 2 жолу дааватка чыккам. Ал жерде байкеме айтыптыр “эми карындашың дааватка чыкпасын, ошол жердеги аялдар ага куда түшүп коёт” деп. Ошондон кийин дааватка чыкпай калдым. Мен дааватка баргым келет. Эмне кылсам болот?
- Чыга берсең болот. Болгону дааватка барганда куда түшүү, сөйкө салуу ырасмилери болбосун деп айтылган. Диндин сөздөрү гана сүйлөнсүн делинген. Ошону кээ бирлер натура түшүнүп алышса керек. Турмушка чыкканга чейин агаң менен, турмушка чыккандан кийин жолдошуң менен чыга бересиң. Кудайым кабыл кылсын. Жакшы күйөө насип этсин. Бактылуу бол. Омийин.
37. 12 жыл мурда 4000 доллар алгам, пайдасынын үчтөн бирин берем деп шариат жолу менен. Россиядан жүк ташып иштейм. Ал киши тамож-га ж.б жардам бермек. Жүк келгенде сатчу баада эсептеп сата электе эле түшө турган пайданын үчтөн бирин берип жүргөм. Россиядан ташыш кыйындап иштей албай калдым, акча тамож-га да кетти, желип да кетти, болбой калганда 2 жолу Россияга барып курулушта иштеп 2300 доллар төлөдүм. Калганын кыстап жатат. Баарын беремби? Шариатта кандай? 077726.....
- Силердики шариатка ылайыктуу келишим болгону менен, шариатка ылайыктуу аткарылбаптыр. Сиз айтып жатасыз: "Жүк келгенде сатчу баада эсептеп, сата электе эле түшө турган пайданын үчтөн бирин берип жүргөм..", деп. Бул туура эмес. Сиз түшө элек пайдадан берип жатасыз. Себеби түшкөнгө чейин уурдалып, же өрттөнүп кетүү коркунучтары бар да. Бир гана Кудай Таалама маалым болот сиздин канча пайда табаарыңыз. Экинчи бир маселе музаараба маселесинде пайданы бөлүшкөндөй эле, зыяны да бөлүнөт. Ал акчасына күйсө, сиз эмгегиңизге күйөсүз.
Эгерде сиз зыянга учураганда шалаакылыктан эмес, табигый кырсыктан, же сиздин эркиңизден сырткары, же сиз жакшылап тийиштүү деңгээлде бекитсеңиз деле уурдалып кетсе, анда сиз жооп бербейсиз. Тиги шеригиңиз тыйынына күйүп кала берет.
А эгерде сиз шалаакылык кылсаңыз, же жөн эле жеп койсоңуз төлөп бересиз.
38. Намазда саждадан турганда сол бутка отурабызбы же манжалар менен тура беремби? Отурсам 2-рекетте согончоктор бири-бирине толук тийбей калат экен го. 077325...
- Саждадан турганда, тагыраагы эки сажданын ортосунда, сол бутка отуруп, оң бутуңуздун манжаларынын учун кыбылага каратып, тик коёсуз. Кайра саждага барганда эки бутту бириктирип манжаларыңыздын учтарын кыбылага каратып, сажда кыласыз. Согончокторду жылдырып эле бириктиресиз, жылдырбаш керек, каккан казыктай болуш керек деп кээ бирлер туура эмес да түшүнүп алышат.
39. Үйдү, машинаны сатууга койгондо жакшы сатылат деп молдого окутушат. Ушуга жооп берип коюңузчу. 077906...
- Кайсы молдо кантип окуйт экен. Мен мисалы ушуну билбеймин. Жөн гана дуба кылып, батаңызды бериңиз десе бир жөн. Кээде бөйрөктөн шыйрак чыгара бермей адатыбыз бар.
40. Жоопторуңузду окуп өзүмө сабак алам жана башкаларга да сунуштайм. Боюнда болгондо кайсы убакытка чейин кошулса болот мусулмандар? Урматтуу ажы, кечирип коюңуз. 055416...
- Кечирим сурай тургандай өрөскөл иш кылган жоксуз. Боюнда болгон учурда нак бала төрөлгөнгө чейин кошулса боло берет. Болгону аялдын курсагын этияттап, ыңгайлуу ыкманы жубайлар биргелешип табуулары керек болот. Боюнда болгон учурда жашоо токтоп турбайт да.
41. Аял киши жат эркек менен бийлесе жана көкүрөгү ачык кийим кийсе кандай болот? Шариатка туура келбейт десем аялым макул болбойт. 077374...
- Намахрам эркектердин көз алдында көкүрөгү ачык кийинген көчүгү ачык кийингендей эле. Бипбирдей. Экөө тең аврет. Аялдын макулдугу менен боло турган нерселер эмес, Аллахтын буйругу. Аллах кааласа азаптап коёт ушул жалган дүйнөдө деле. Көкүрөгүндөгү айыпты көрсөткөндөн уялып жаба турган болуп калышы да мүмкүн,  Кудайым өзү сактасын.
Жат эркектер менен бийлемек турсун, колун берип учурашкан болбойт. Жат эркек менен бийлеген аялдын күйөөсү жийиркенбей кантип жатат ал аял менен, биле албадым. Кудай сактасын.
42. Унаа алганда Дөөтпиримге барып кан чыгарыш керек дешет. Ошентсе туура болобу? 077997...
- Жок. Ката болот. Жөн эле Кудай Таалама шүгүрчүлүк айтып, курмандык чалып, элдин батасын алса туура болот.
43. Мен соодагермин. Карыздарым шаштымды алды. 10% кредит алсам болобу? Эч бир таанышымдан акча чыкпай жатат. +7775993...
- Туура эмес. Кредиттин бир проценттүүсү да болбойт. Нан таппай калган убакта нан сатып алууга акча таппай калсаңыз, бир суткалык нанга жете турган акчаны кредитке алсаңыз бир жөн.
44. Мен 5 маал намаз окуганыма 2 ай болду. Сажда кылып жатканда же жөн эле отурганда мурдума бир жыпар жыт пайда болду, миск сыяктуу. Намаз окуй электе мындай болгон эмес. Демек мунун артында бир сыр бар го дейм? Жашым 21де. Иниңиз Максат
- Кудай бериптир. Ушунуңдан жазба. Дубаңда эли-журтуңду, анын ичинде Чубак агаңды да унутпа. Мындай ар кимде эле боло бербейт. Кармап кал.
45. Алам деп жүргөн кыздын зордуктоо аркылуу кыздыгы жок болуп калса аял кылып алса болобу? Күч колдонуп зордуктаган зөөкүр (эркек) аркы дүйнөдө жана бул дүйнөдө кандай жаза алат? 070858...
- Болот.  Бирок анын зордукталганын кайдан билесиз? Сотко берген бекен, же эмне. Балким өзү ыраазы болуп эле жатып жүргөндүр. Акыркы убакта ушундай суроолор көп болуп кетти. Көп баскан аяк чок басат болуп көчөдө самсаалап эле жүрө берсе зордуктаса зордуктап эле кетет да, мени ким зордуктайт деп кыска көйнөк менен, түндөсү көчөдө жалгыз жүрсө.
Күч колдонгон зөөкүр эркекке бойдок болгон болсо, жүз балакты берип туруп, Сибирге айдап жиберебиз бир жылдык сүргүнгө. Эгер үйлөнгөн болсо, таш бараңга алып уруп өлтүрөбүз. Ошентип ал кайбардан кутулуп алабыз.
Ал эми акыретте тозок оту лаулдап күтүп алат. Андан качып кутула албайт.
46. Апаңыз кредит алса айнып калыптыр деген сыяктуу орой сөздөрдү сүйлөйсүз. Ал бирөөнүн сыйлаган апасы да. Ошону жакшылап түшүндүрүп койсо болот го. Бул жаман сөздөрдү шариатка чакырууда колдонсо ислам дини орой болот да. 077876...
- Сен биринчи суроону окуп көрдүңбү? Ал айтып жатат: "Апам кредитке акча алган. Мен арам экенин айтсам, апам "документальный болсо эч нерсе болбойт", дейт". Сенин оюң боюнча документальный иш кылса арам нерселер адалга айланып кетеби? Муну айныган адам деп эле айтат. Соо адам минтпейт. Анда, сенин оюңча сойкуканаларды мыйзамдаштырып, документальный кылса адал болуп калган болобу? Же арак заводдогу документальный арактын баарын ичсе боло береби? Же документальный кылып коррупция кылса боло береби? Сен дагы айнып калыптырсың. Сен дагы Жыргал каарыга барып "чил ясиин" окутуп ал. Мусулман десе эле оозундагыны алдырган былжырбайды түшүнөсүңбү сен? Динибизди бурмалап жатса, ачууланбаганда бир табак халва берип жиберейимби? Ой тооба. Динибизде сойкуларды таш бараңга алып өлтүрөт, уурунун колун кесет, педофилдерди бычмак турсун, асып коёт дарга. Ушуну дагы орой деп айтасыңбы?
Дагы бир нерсе, Бирөөнүн сыйлаган апасы дейсиң. Сыйлай берсин апасын Кан Шырдактай кылып кырк кара койдун чучугуна аш демдеп берип. Кечээ чыгып кеткен Батукаев мырза деле бирөөнүн ардактуу жары, бирөөнүн уулу, дагы башка бирөөнүн атасы. Ал чыгып кетти эле Кыргызстан боюнча удургуп жатабыз го дүүлүгүп кылычыбызды ташка чаап. Ал костюмун бир силкип кийип кеткен, лезгинкага бийлегенге даяр тургула деп. Ошондон бери репитициядан кол бошобойт имиш кээ бирлердин.  
47. Балагатка жетпеген кичинекей балдарды никеде күбө катары катыштырса болобу? 077870...
- Өтпөйт. Ал күбө болгон нике да да жараксыз болот, эгер андан башка чоң адам күбөгө өтпөсө.
48. Биз турмуш курганыбызга 24 жыл болду. Ушул убакка чейин тынчтык жок же апамдыкына кеңири бара албайм. Барган сайын пейлине чыдабай калдым. Шылтоосу жок уруш чыгарат. Сабырым түгөндү окшойт. Сизден жардам күтөм. Сизди Аллахым колдосун. 055192...
- Эми эмне дейин, бир тууганым. Ушунча чыдапсыз, дагы чыдап коюңуз. Коёндун териси да бир жыл чарыкка чыдаптыр дейт. Балдарыңыз чоңоюп калыптыр, эми мындай болбойт. Мындан аркысы жакшы жагына гана кетет. Эмгегиңиздин үзүрүн көрө турган кезиңиз келиптир. Балдарыңыздын  да абалын ойлонуңуз. Намаз окуңуз. Намаз окусаңыз жеңилдеп каласыз. Мен Муфтий болуп иштеп жүргөндө депутаттардын жыйналышына барганда, же чоңдор менен чогуу отуруп калганда, ушулар эл башкарабы деп абдан катуу көңүлүм чөгүп, намаз окуп өзүмө келээр элем. 
49. Бөлөлөр үйлөнсө болобу?
- Болот.
50. Мен базарда соода кылам. Товарды ошол жерден алып үстүнө кошуп сатам. Пайдам адалбы? 077310...
- Баары эле ошентет. Сен "только" алдаба. Товарыңдын айыбын жашырба. Калганы баары жайында.
51. Мен соодада адашып бирөөгө 200 сом ашыкча берип койгон элем. Бир туугандарымдын, кызымдын башы-көзүнөн садага деп койгон элем. 5-6 күн өткөндөн кийин алып келип берди. Ал акчаны иштетсем болобу? 077996...
- Ооба. Ал сенин акчаң. Тиги адам Кудайга бир жери жаккан адам экен, сенин садакаңы жедирген жери жок. Садакаң өтпөй калыптыр да.
52. Мен жакында бир такыба кызга үйлөнөм. Азыр телефон аркылуу сүйлөшүп турсак болобу? Сүйлөшкөнгө мүмкүн болбосо мен андан күнүгө кыжаалат боломун. Кандай кылсам болот? Мен азыр Россиядамын, ал кыз Кыргызстанда. +795377...
- Сен аны менен таанышканга чейин ал кантип жашап жүрдү экен сен жокто??? Кыжаалат болгондо телефондон эмнени бүтүрөт элең. Россиядан келе каласыңбы Кыргызстанга бир нерсе болуп кетсе? Эгер келе ала турган болсоң, анда келип биротоло үйлөнүп алып кет. Алып кете албасаң жөн эле кыжаалат болгондон өлүп калбайсың. Кыжаалат боло бер. Сүйлөшпө. Ал сени менен сүйлөшсө такыба болбой калбайбы? Үйлөнгөндөн кийин оозуң тынбай сүйлөшө бересиң.
53. Келинчегим менен уруша кеткенде ачуум келип кет деп 3 жолудан көп айткан элем. Анан ачууң менен кет десең да талак түшөт деп уктум. Ошондон бери кыжаалатмын, же келинчегиме айта албайм. Никебизди жаңыртып койсок болобу? 070739...
- Талак ниетинде гана кет деп айткан болсоңуз, бир талак боин түшөт. Жөн эле ачууңуз келип урушсаңыз, десеңиз андан эч нерсе болбойт. Эгерде чындап эле ниетиңизде талак берүү болгон болсо биринчисине бир  талак түшүп, калгандары ага жабышпайт. Жыйынтыгында бир эле талак түшкөн болот. Нике кыйдырсаңыз болот. Ниетте жок болсо кыйдыруунун кереги жок.
54. Узун кийип, жоолукту аркага байлап жүрсө болобу же ээктен алып байлаш керекпи?
- Аялдын моюндары, кулактары да авретке кошулат.
55. Сизди мусулман молдо дейт, а сиз врачтардын кеңешин айтып отурасыз. Мен уялам сиздин жоопко ход мен мусулманча кийинбесем да айтса сөз көп уялам. +77756726...
- Кой, сен уялбай эле кой! Уятың болсо мусулманча кийинет элең. Уятың жок болгон үчүн ошентип жүрөсүң. Мен "ход" молдо болсом да врачтардын, физиктердин, химиктердин да жообун бере берем. Кээде психологдордун да кеңешин берип коём. Жогорку математика менен биологиядан да кабарым бар. Ушу күндөрү "как раз" "Хирургиялык оорулар, аларды дарылоо" деген китепти окуп жаттым эле. Сен  көп сүйлөбөй медресеге кирип билим ал, Абдышукур ажыга келсең атайын жайкы курстарына жазып коёт. Чыныгы мусулман молдо баарын билиш керек экендигин билип чыгасың. Мен сага экономика боюнча Харрод-Домардын формуласын, же "Тэтчеризм" жөнүндө кеп салып берейин деп ойлодум эле. Бирок ал оюмдан кайттым. Түшүнө албай каласың го. Сен жакшы медресеге эле бар.
56. Ден соолугума байланыштуу 2 ай күйөөм менен кошулганга болбойт. Массаж кылып каалоосун кандырсам болобу? Мен гусул алышым керекпи? Кайненемдин иниси, кайнежемдин баласы мага махрам болобу? Кимдер махрам болбойт? 077981...
- Массаж кылып күйөөңдүн каалоосун кандырсаң болот. Эгер сен дагы дүүлүгүп кетсең, жыйынтыгында уруктугуң чыгып кетсе сен дагы гусул алууң керек болот. Эркектердин уруктугу коюу ак болсо, аялдардын уруктугу суюк сары болот. Эгер уруктук чыкпаса сага гусул ваажып болбойт. 
Кайненеңдин иниси, кайнежеңдин баласы сага махрам болбойт. Алардын көз алдында жоолукчан жүрүү милдеттүү болот, эгер тигилер балагатка жетишкен болсо.
57. Нике кыйып жатканда кыз каршы болуп макулдугун бербесе, анын ордуна жеңеси тутту десе нике өтөбү? +77757507...
- Өтпөйт. Молдо менен жеңеси зынааны мыйзамдаштырып берген болушат. Арам. Кыздын макулдугусуз нике кыйылбайт.
58. 1) Көзү ачыктарды көзү ачыктыктан айыктырса болобу? 2) Мектептердеги кээ бир сабактардан жок нерсени оюбуздан чыгарып сүйлөм түзгөнгө туура келет. Бул калп болуп калабы? 070996...
- Көзү ачыктарды айыктырса болот, ыйманга келсе эле айыкканы ошол. 
Мектептеги сочинениени жаза бересиң. Андай болбогон күндө акын жазуучулардын баары эле жалганчы-аферист болуп калбайт беле? Сен жазганда, мына ушундай болгондо кандай болоор эле деген пикирде жаз. Шариатыбызда кыялданууга тыюу салынбайт.
59. 6 жаштагы кызым уктап жатып сүйлөнөт. Жаман түш көрөбү билбейм. Айлам кеткенде Куран китепти жаздыгынын астына коём. Же молдого алып барыш керекпи? 055031...
- Дем салдырсаңыз жакшы болот го. Андан сырткары доктурлардын да кеңешин уксаңыз жакшы болот.
60. Календар боюнча эрте мененки саат 4:05те багымдаттын убагы кирет экен. Бизде 4:38де азан чакырат. Мен 4:15те намаз окугандан кийин азан айтып калат. Кандай болот? Календарды ким түзөт? 077185...
- Силердин азанчыңар уктап калат экен, кара басып. Сиздин намазыңыз туура эле окулуп жатат. Азанчы азанды өз убагында айтпаган үчүн кыяматта жооп берет. Айрыкча анын азанын угам деп олтуруп саарлыкты кеч жеп, оозун убактысынан кечиктирип жапкандардын баарысынын күнөөсү азанчы байкушка болот.
Календарлар менин буйругум менен түзүлө баштаган. Меккедеги, Пакистандагы, Египеттеги календарлардын негизинде, биздеги атайын тараптардын кеңеш берүүсүнүн натыйжасында, кошуна мамлекеттердеги тажрыйбаларды эске алып түзүлгөн.
61. Үйлөнүүгө ата-эненин макулдугу болуусу зарыл дептирсиз. Биз дагы эки тараптын каршылыгына карабай үйлөнүп алганбыз. 20 жыл өттү. Балдарыбыз бар. Жашообуз жакшы. Же акыретте күнөөгө батабызбы? Ата-энелерибиз азыр турмушубузга ыраазы эле. 077941...
- Азыр ыраазы болгону менен ошондо нааразы болушкан эле да. Ал заман өттү-кетти, келечекке карай жашаганга умтулалы.
62. 1) Намазда рүкүдө турганда тизени бүркүт чеңгелиндей мыжып кармаш керек деп уккам. Ошол дуруспу? 2) Аял кишилердин кулак көзөп сөйкө тагынганы шариатта барбы? 3) Нарда арам, бильярдды намаз убактысынан кийин бир аз ойносо болот, а футбол жөнүндө айтсаңыз. +7702754...
- Эркектер тизесин мыкчып турушат. Анткени эркектер бутун бүкпөстөн түз кармап, белин да түз кармоосу милдеттүү болот. Ал эми аял кишилер тизесин бир аз бүгүп, белин да түз кармабагандыктан, колдорун тизелерине жөн гана таяп турушат.
Шариатта кулакты көзөгөнгө уруксат берилет. Бирок башка жерлерин көзөп, сөйкө салуу, же башка бир нерсе салууга болбойт.
Футбол да бильярд сыяктуу эле, болгону авреттерин жаап ойноосу керек болот. Көбүнчө эркектердин жоон саны ачылып калганы туура эмес. Кечээ КТРден бир депутат мырзабыздын воллейбол ойноп жатканын көрсөтүштү, тизесин таңып алыптыр, бирок жоон саны ачык болуп турду. Бул мусулман эркекке туура келбеген көрүнүш.
63. Мен 8-класстамын. Намаз окуюн деген ниетим бар. Сүрөлөрдү жаттап жатам. Бирок оронгум келбейт. Хиджап боюнча талкуу болгондо намаз окуган эжейибиз хиджап сүннөт экенин айтты. Хиджап парзбы же сүннөтпү? 077149...
- Хижап парз. Куранда бир эмес эки жерде зикир кылынган. Сен намаз окуп баштай бер садагасы, анан калганы бир кеп болоор.
64. Орус кошунам Пасха майрамында жумуртка берсе жесем болобу? Айсулуу
- Эгер ошол орус кошунаң менен илгертеден бери мамилең болуп келген болсо алсаң болот, Пасханын урматына деп ниет кылбайсың, ошол мурдакы мамиле катары гана мамиле кыласың.
65. Халал деп жазылган колбасаны жесе болобу? Сиз кайсы фирманыкын жейсиз? 077159...
- Мен көп деле жегим келбейт. Жесем чп. Сыдыков дегендикин анда мында жеп жүрөм. Көпчүлүк арам колбасага деле "халал" деп чаптап коюп жатышат.
66. Жолдошум күндө эле жыныстык катнашты каалай берет. Мен болсо тажап кетип, жок дегенде 2-3 күндө бир болсо дейм. Ушул тууралуу көп уруша кетебиз. Кимибиздики туура? 077217...
- Аныкы туура. Сиз дагы анын ыгына көнгөнүңүз оң. Жөн эле уруша бербей, ошол нерседен пайдаланууну өздөштүрсөңүз, ден-соолугуңузга, психологияңызга жардам берет. Күч-кубат, энергия аласыз. Доппинг дегенди билесизби. Мына ушул ошого тете. Чарчооңуз кетет.
67. Бир таанышым балдарынын оюнчуктарынын көздөрүн чукуп алып таштаптыр. Үйдө көздүү оюнчук турса болбойт дейт. Туурабы? 077353...
- Ката. Оюнчукта эмне шам. Таш эстеликтер, бюсттар болбойт.
68. Мен дарылануу максатында кредит алганы жатам. Күнөө эмеспи? 055125...
- Эгер башка жолу жок болсо, бир жөн. Адалдан жол тапсаңыз жакшы болоор эле.
69. Бул дүйнөнүн сыноосун көтөрө албай жанын кыйгандарга ислам кандай карайт? 077220...
- Күнөөкөр катары карайт.
70. Жолдошум экөөбүз уруша кетип, “талагыңды бердим” деп айтып жиберген. 20 күндөн кийин никебизди күбөсүз окутканбыз. Азыр никебиз барбы? 070311...
- Жыйырма күндө иддаңыз чыгып бүтө элек болгондуктан, айтылган талак сарих болгондуктан, кайра жөн эле жарашып жашай берсеңер деле никеңер калыбына келмек. Силердин никеңер тиги күбөсүз окулган нике менен эмес, чогуу жашап баштаганыңардан кайра калыбына келген. Күбөсүз нике никеге өтпөйт.
71. Күнөөсү көп адамдар да акыры бейишке киреби? Тозокто канча убакыт болот эң көбү? Тариэл 
- Аны биле албайм. Кудайымдан башка эч ким билбейт. Бизге анын билими берилген эмес.
72. Акты сатса болбойт дейт, мисалы, сүт, айран, курут сыяктуу. Сатса болобу? 077909...
- Сатса боло берет. Сатса болбойт деген садагаң кетейин кыргызымдын кең пейилдүүлүгү, ан ниеттүүлүгү, көңүлүнүн токтугу. Парасатынын жогорулугу, дүнүйөнү теңсинбегендиги, акка моюн сунгандыгы, улуулугу, жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги, акылдуулугу.
73. Экинчи аял алуу үчүн биринчи аялынын уруксатын алуу керекпи? Кайсы аял макул демек эле? Жашыруун алса болобу? Билип калса турмушу бузулуп кетүү коркунучу бар да. 077909...
- Колунан келгени алсын. Келбегени жөн эле жүрсүн. Экинчи аял алуу үчүн биринчинин уруксатынын дегеле кереги жок. Эки аялды кармаганга күчү жеткени гана президент болушу керек деп ойлойм.
74. Намазда зам сүрө 3 аяттан кем болбошу керекпи? Товар, тамак-аш саткан адам башка динде болсо, андан эч нерсе сатып албаш керекпи? 070996...
- Ооба, эгер кыска аяттар болсо. Узун аят болсо бир аят да жарай берет.
Башка диндегиден эттен башканын баарын сатып алсаңыз боло берет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Xanif.Kg   20 Март 2015 - 02:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 842
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 14 Июн 2019 06:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сыноо майданы...

Бисмиллаах.. .

1. 1) Биз акыретке кайтканда сурак мүрзөгө коюлгандан кийин башталабы же кыяматка чейин күтүп жата береби? Бейишке, тозокко кандай убакытта бөлүнөт? 2) Кошуна эже мээнет кылып сабак үйрөнүп келип кыздар дарс өтүп жүрсө күйөөсү “сен туура эмес окуп жатасың” деп каршы чыгып жатат дейт. Ал эже 1998-жылдан бери оронуп, намаз окуйт. Ушундай кишилерге эмне демексиз? Ноокаттан
- Сурактын башы кабырдан эле башталат. Пайгамбарыбыз алайхис салам маркум жаңы көмүлгөндө ошол жердегилерге айткан: "Бир тууганыңарга аманчылык, бекемдик тилегиле, ал азыр сурак берип жатат!" . Мына ошол жерден эле тозоку же бейиши экени анык болуп, бейиши болчуларга бейиштин жыргалчылыктарынан кээ бир нерселер кабырында эле насип этилсе, тозоку болчуларга тозоктун кээ бир азаптары кабырында эле насип этет. Акыр замандан кийин гана бейишилер бейишке, тозокулар тозокко жөнөшөт.
Ал эми кошуна эжеңиз жөнүндө бир нерсе деп айтуум кыйыныраак. Анткени эжеңиздин эмне дарс бергенин биле албаймын. Кээде башка агымдарды окуп алып, башкаларга үйрөтүп жүргөндөр да чыгып калат. Кээде туура эле багытта болгон болот. Андыктан билбей туруп эч нерсе айта албаймын. Эгер туура багытта болгон болсо, албетте, күйөөсүнүн кылыгы туура эмес.  
2. Эгерде аял оронуп, намазын окуп, базарда соода кылса болобу? Мен ветаптекада иштейм. 077709...
- Болот. Караңгыга калбаңыз. Терезелер ачык болсун. Үнүңүздү кардарларга кубулжутпай, адептүү кийинип иштесеңиз болот.
3. Менин жолдошум кредит союзунда иштейт. Жакында ал жумушун таштап фотосалон ачам дейт. Шариятка туура келеби? Себеби жок сүрөткө түшсө болбойт го. Биздин үйдө туугандарынын сүрөттөрү илинип турат. Кичинелерин алып койсом урушат. Чоң сүрөттөргө алым жетпейт. Беттерин жаап койсом болобу? 077045...
- Сүрөткө зарыл учурда эле түшүү туура болбосо, жөндөн жөн эле түшө берүү жакшы эмес. Ал эми калем, боёк менен портреттерди тарттыруу уламалардын баары бир ооздон арам дешет. Жандуулардын сүрөтү турган үйгө периште кирбейт. Периште кирбеген жерде ынтымак-ырашкердик болбойт. Түшүндүрүп айтсаңыз баары ордуна келээр.
4. Өкмөт же жеке дыйкан жыйын-терин кылгандан кийин калган калдыктарын (газенек) жыйнап алуу жарайбы? 077763...
- Эгерде алар тыюу салбаса газенек (машак) кылуу жарайт.
5. Азыр эркектер байлыгы бар аялдарды экинчи аял катары алып жатышат, биринчи бала-чакасын кыйратып салгансып. Уурудай болуп жашынып жашагандар бар. Ат дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт болгондорго кененирээк түшүнүк берип койсоңуз. 077845...
- Сиз тойдо музыкага заказ бергендей, могу маселени айтсаңыз деп заказ берип жатасыз. Ал эми гезиттеги проект суроолорго жооп берүү, тагыраагы ар ким өзүнүн суроосун берип, тиешелүү жообун алат. Ошентсе да сиздин суранычыңызга жооп:
Байлыгы бар аял, эркекке экинчи аял болууну сунуштаса жана "Эч кандай материалдык муктаждыгым жок, келип үйдө карааныңды көрсөтүп турсаң эле болду!" десе, эркек кааласа макул болуусу мүмкүн. Бирок, биринчи аялын балдары менен каржылоосу, тийиштүү убагын бөлүп туруусу милдеттүү.
Мындай эркектерди күч күйөө деп айтабыз. Тагыраак айтканда ошол бай аялга күйөөгө тийип алыптыр десек да болот. Ачуу бирок акыйкат. Үйдө эркек тыйын таап келсе, аны аял ылайыктуу орду менен иштетсе гана кадимки нормалдуу үй-бүлө болот. Аялдын эркекке таянычы болот. Үйдө эркектин кожоюндугу жарыкка чыгат. Балдар туура тарбия алат. Ал эми жаңкыдай болгон шартта, жоктон көрө жогору, Алыбай алына жараша деп айтып көңүл жооткотобуз.
6. Намазда субахаана роббиял азийим, субахаана роббиял аьла деген тасбихтердин кыргызча маанилерин айтып коёсузбу? 077027...
- Гезиттин мурунку сандарын карасаңыз, табасыз. Шаршенчесинен кайра-кайра кайталай бербейли.
7. Иним дааватчы. Сакалы бар. Бирок Абдышүкүр Нарматовдо жок деп урушам. Сакал жөнүндө айтып берсеңиз. 077887...
- Мен сизге таң калып турам. Менин сүрөтүмдө сакалым бар экенин көрүп турасыз. Иниңизге Абдышүкүр Нарматовду далил катары келтирсеңиз, анда ошол кишиден жооп алып берсеңиз жөндүү болчу экен.
Мен айтаар элем: Сакал коюу Пайгамбарыбыз алайхис саламдын сүннөтү. Мен да, баарыбыз урматтаган Абдышүкүр ажы да, иниңиз да, сиз да Пайгамбарыбыз алайхис саламдын жолун жолдогонго милдеттүүбүз. Колубуздан келишинче аткарабыз. Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба деген жакшы сөз бар. Молдо да кээде ар кандай себеп менен кээ бир сүннөттөрдү аткара албай калуусу мүмкүн, шарт-жагдайга жараша дегендей. Андыктан молдолорго карай эмес, Пайгамбарыбыз алайхис саламга карай түздөнөбүз.
8. Менин боюма бүтүп калбашы үчүн жолдошум менен көп учурда презерватив колдонобуз. Шариат кандай жооп берет? 077286...
- Эгерде перзенттердин ортосундагы аралыкты сактоо максатында, же башка зарыл маселелер үчүн бойго бүтүрүүдөн убактылуу сактанууга туура келсе, аялдын уруксаты менен сиз айткан ыкманы колдонсо болот. Эркек аялдын уруксатысыз уруктугун сыртка же резинке баштыкчага төгө албайт, анткени ал аялдын укугу болуп эсептелет. Аялдын төшөк мамилесинен ала турган жыргалын толуктайт.
“Ал эми кайсарланып экиден башканы туубаймын, аны кантип багам, фигурам бузулуп калат, карьерам эмне болот” деп сактанса күнөө болот. Ырыскыны Аллах Таала берет. Ошо батпай аткан кытайлар чектөө сала берсин. Биздин жерлер бош калып, Баткенди тажикстандыктар каптап кетишкенин баарыбыз көрүп турат. Жок дегенде көбүрөөк тууп мамлекетибизге салым кошолучу, бай болгурлар!
9. 1) Духа намазынын убагында багымдат каза болобу? Кантип ниет кылынат? 2) Каза намаздарды окуш керектиги жөнүндө, каза орозолорду тутуш керектиги жөнүндө далил аят, хадистер барбы? Сизден Аллах ыраазы болсун. Мусулман бир тууганыңыз.
- Духа намазы бул шашкеде окулчу намаз. Багымдаттын убагы чыгып кеткен болот. Андыктан бул учурда багымдаттын адасы эмес казасын гана окуй аласыз. Ниет кылганда багымдаттын казасын деп эле ниет кылат. Окулуу тартиби ада намазды окугандай эле болот.
Каза намаздарды окуу туурасында далилдер бар. Асмандан алып сүйлөмөк беле!? Мисалы: Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "...Ким намазын унутуп калса, же уктап калса, эстеген убакта (казасын) окусун!" (Муслим 1473, Ибн Хузейма 235, Ибн Хиббаан 4317, Абу Дауд 1121, Термизий 1334, Насааий 1493, Ибн Маажа1228). Орозонун да өзүнө жараша далили бар. Далилдерин изилдегиңиз келсе медресеге кирип окуңуз.
10. Аллахым соодамды жакшы кылсын деп базарда иштегенде аарынын уясы менен товарларын ысырыктаса болобу? 077997...
- Болбойт. Аарынын уюгу менен эмес, аарынын өзү менен да ысырыктаса болбойт. Ширкке чейин барып такалат. Арча түтөтсө да бир жөн, жаман жыттардан шайтан-шабыр качат деп.
11. Гусулсуз тамакты жесе да, жасаса да, басса-турса да арам болобу?
- Эки колун жууганбы, же ошол бойдон эле тамак жеп жүрөбү? Эки колун жууган болсо жей берсе болот. Намазды өткөрүп жибербөө керек. 
12. Мен даарат алып бүткөндөн кийин намазда турганда же эми окуюн деп атканда заарам бир тамчы чыгып калат. Эмне кылам?
- Истинжа кылгандан мурда "истибра" амалын аткаруу мустахаб. "Мажмаьул максудда" ваажып, "Нуурул ийзаахта" лаазым деп айтылат. Заара келчү каналчаларды тазалоо дегендик. Ар ким өзүнө жараша ыкманы тандап алат. Бирөө катуураак жөтөлсө, экинчиси ары-бери басат, үчүнчүсү уй саагандай мүчөсүн сыгат, бирок өтө берилип кетпөө лаазым. Истибраа кылбаса шайтандын васвасасы шубха-күмөндү жибере берет. Аялдар бир азыраак кесек же кагаз кармап турган болсо жетиштүү болот. Эгер мына ушул таризде истибра кылган болсоңуз, заараңыз тамчылабайт. Заара бир тамчы тамчыласа да даарат бузулат.
13. Багымдаттан кийин 2 рекет нафил намазын окуп уктай берсе болобу? 055019...
- Деги эле багымдаттан кийин уктаган шариатыбызда кубаттала бербейт. Ичип тойбогон ###### тоёбу дегендей эле кеп. Түнү менен уктап уйкусу канбаган, эрте менен уктап муратка жетеби? Эрте турган аялдын бир жумушу артык, эрте турган эркектин бир ырысы артык деген кеп бар. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Үммөтүмдүн эрте тургандарына береке берилет!" . Багымдаттан кийин күн чыгып, күн жаа бою көтөрүлгөнгө чейин напил намаз окулбайт. Мен сизге "Мухтасар" китебиндеги ушул туурасындагы маселени айта кетейин. Ал китепте мындай айтылат: "Күн чыгып бара жатканда, күн чак түштө, күн батып бара жатканда намаз, тилават сеждеси, жаназа намаз окуу дурус эмес. Бирок ошол күнкү дигер намазын гана окууга болот".
Укба бин Аамир Жуханийден, Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Үч мезгилде Пайгамбарыбыз алайхис салам намаз окуганды, маркумдарыбызды көмгөндү тыюу салды. Күн чыгып бара жаткандан баштап көтөрүлгөнгө чейин, чак түш болгондон баштап оогонго чейин, батып бара жаткандан баштап батканга чейин" (Алтоонун Бухарийден башкалары). Ал эми Укба бин Аамирдин башка риваятында "Пайгамбарыбыз алайхис салам күн чыгып бара жатканда маркумдарга намаз окууга тыюу салды" деп айтылат (Ибн Дакиикул ийд, Имам) 
Мына ушул үч убакытта парз жана ваажып намаздарды окуганга таптакыр болбойт. Имам Исбийжаабий "Тахаавийге" берген шархында, бул үч учурда нафил намаздарды окуу макрух болуу менен биргеликте дурус деп айтат.
Мухтасардын текстинен көрүнүп тургандай, нафил намазын окуу да дурус эмес деген да ыктымал бар.
Дурус эмес дегендин максаты, ушул убактарда намазды окуп баштоо, аткарып баштаган иши дурус эмес деген маани. А бирок дурус эмес экендигине маани бербестен намазга киришип алган болсо, аны бүтүрүү ваажып болот. Себеби Шамсул аимма "эч бир талашсыз казасын окуп берүү милдеттүү" деп айтат. Ошондой эле Темирташий (Тумуртааший) да Азирети Абу Ханийфа менен Азирети Абу Юсуфтан каза окуунун милдеттүүлүгүн риваяттайт. Мунун мааниси: Туура эмес убакытта баштап алган экенмин деп таштап койсо, анын казасын окуп берүүгө туура келет. Демек, ошол учурда баштаган болсо да, ага карабастан бүтүрө окуусу милдеттүү болгон экен деген тыянак  чыгат.
Ушул убакыттарда тилават сеждесин кылуу да дурус эмес. Бул, мына ошол аяттар "үч убакыттан" мурда окулуп, сеждесин ушул үч убакыттын биринде кыла турган болсо дурус эмес деп айтылат. 
Ал эми мына ошол үч убакыттын биринде сежде аяттарынын бирин окуган болсо, анда ушул үч убакыттын биринде эле эч кандай макрух болбостон тилават сеждесин кыла алат. Ошого карабастан, ушул үч убакыт өтүп кеткенден кийин, мустахаб убакытта тилават сеждесин аткарганга калтырса эң жакшы иш кылган болот. Анткени тилават сеждесин кечиктирип аткаруу менен каза болбойт эмеспи?..
Ушул үч убакыттын биринде жаназа намазын да окуу дурус эмес. Бул, жаназа окулчу маркум үч убакыттын биринен мурда алып келинип, бирок үч убакыттын биринде окула турган болсо дурус эмес. Ал эми ушул үч убакыттын биринде жаназа окулчу маркум алып келинсе, анда  жаназаны кечиктирбей окуй берүүсү дурус болот. Балким ошол убакта окугандыгы эң жакшы болот. Анткени жаназаны кечиктирип окуу макрух.
Күн батып бара жаткан учурда ошол күнкү дигер намазды окууга мүмкүн. Намазды ада кылып окуу макрух эмес, намазды кечиктирип окуганы макрух. Ал эми күн чыгып бара жатканда багымдатты окууга болбойт. Күн чыга электе таңкы багымдатты окуп баштаган болсо, окуп жатканда күн чыкса, окуп жаткан намазы бузулуп, казасын окуп берүү милдеттүү болот. Ал эми күн батып баштай электе дигер намазын окуп баштаган болсо, окуп жатканда күн батып баштап, батып кеткен болсо дигер намазы бузулбайт, окуп бүтө берет.
Экөөнүн ортосундагы айырмачылык төмөндөгүдөй: "№1-Намаздын толук убактысы" , "№2-намаздын кемчиликтүү убактысы" , "№3-намаздын толук кемчил-бузук убактысы" болуп үчкө бөлүнөт. Дигер намаздын акыркы убактысы "№2-намаз окууга кемчиликтүү убакыт" деп табылат. Мына ошол убакытта намаз окуп баштаган үчүн, "кемчиликтүү түрдө намаз окуу милдеттүү болду" деп түшүнөбүз. "№2-Кемчиликтүү убакыттан" кийин дароо эле "№3-толук кемчил-бузук убакыт" келет. Кайсы бир деңгээлде экөөнүн ортосунда "кемчилдик" окшоштугу бар болгондуктан, намаз экинчи абалдан үчүнчү абалга өтө берет. Ал эми таңкы багымдатта бул сыяктуу абал жок. Анын "№1-толук убактысы" жана "№3-толук кемчил-бузук убактысы" гана бар. Биринчи абал менен үчүнчү абалдын ортосунда окшоштук жок болгондуктан, намаз биринчи абалдан дароо үчүнчү абалга өтүп кете албайт.
Кээ бирлер экөөнүн тең өкүмү бирдей деп, далилге муну тартат: Азирети Абу Хурайрадан, Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Ким күн чыккандан мурда бир рекетке жетишип калган болсо, чындыгында таңкы намазга жетишиптир. Ким күн баткандан мурда бир рекетке жетишип калган болсо, дигер намазга жетишиптир" (Жамаат). Бирок бул хадистин мааниси менен биз жогоруда окуган үч убактагы намаз болбойт деген хадистин мааниси  карама- каршылык жаратып калгандыктан, бул маселеде кыяска кайрылабыз. А кыястын баянын жогоруда айттык.
Ханафийлерден Имам Тахаавий ошол күнкү дигер да багымдат да жарабай калат, анткени хадистин кээ бирине амал кылып, калган бөлүгүнө амал кылынбай жатпайбы деген жүйөнү келтирет. Албетте бул сөзгө мазхабда маани берилбейт.
Ханафий мазхабда айтылган маселенин маанисин Има Хааким риваят кылган хадистин сырткы (заахирий) мааниси колдойт. Анда Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Ким багымдат намазын окуп жаткан болсо, күн чыгып кетсе, анда багымдат намазын окусун!" . Мына ушул "окусун" дегенди "казасын окусун!" деп түшүнүүбүз милдеттүү анткени, казасын эмес, намаздын өзүн улантып эле окуй берсин дей турган болгондо, "окусун" дебестен "толуктасын" же "бүтүрсүн" , же "улантсын" деп келет эле.
14. Дүүлүгүп суюктук агып кетсе гусул алуу керекпи? 070316..
- Ооба.
15. Баланы сүннөткө отургузуу тууралуу кеңеш берип койсоңуз. 077744...
- Сүннөткө төрт-беш жаштарында олтургузганы жакшы. Бала сүйлөөгө жарап, ооруганын айта ала тургандай болот. Ага чейин эле жыныстык мүчөсү ооруп кала турган болсо, андан эртерээк олтургузса да болот.  Жылдын кайсы мезгили болсо да жарай берет.
16. Гусул алгандан кийин даарат албай эле намаз окуй берсе болобу же сөзсүз даарат алуу керекпи? Элмира
- Даарат алуу милдеттүү эмес. Гусул боюнча намаз окуй берсе болот. Анткени гусул алуу жараянында даараттын бардык парздары атткарылган болот. башын жууганда колу менен сылаганда масх тартылат. Калган мүчөлөрү жуулат. Эгер башына масх тартылбай калган болсо (көлгө чумкуп чыккандын мисалында) гусул менен эле намаз окуу жарабай калат.
17. Бутум ооруйт. Кышында маасы кийип даараттан кыйналбайм. Жазда бир күндө төрт жолу даарат алып, бутум ооруй баштады. Даараттын оңой жолу барбы? 077881...
- Оору себептүү да таяммум алынат. Суу менен даарат же гусул алганда: 
А) оорусунун көбөйүп кетүүсүнөн,  
Б) көбөйбөсө да айыгуусунун алыстап кетүүсүнөн,
В) суу менен даарат алууга аркеттенгенде кыймылдап, кыймыл себебинен да оорусу күчөп, же айыгуусу кечеңдеп кетүүсүнөн басымдуу күмөн менен же чебер дарыгердин айтуусу менен корксо, таяммум алат. Андан сырткары,
   Г) ооруп жаткан адам өзү даарат ала албаган учурда, ага даарат алдыруучу жардамчы жок болгондо да таяммум алат. Даарат алдыруучу деп балдарын, бир туугандарын эсептейбиз. Же ижаарага даарат алдыруучу алган убакта. Булар бар болгон учурда алган таяммуму жарабайт.
18. Базарда соода кылып отурганда Фатиха, Аят Ал-курси, Мулк сүрөлөрүн окуй берем. Күнөө эмеспи? Анткени “Куранды базарда окубаган дурус” деп окудум бир китептен. Саждада “Субхаана роббил аүлла” дегенден кийин тилек кылып, дуба айтса болобу? 077281...
- Окуй бериңиз. Дурус болот. Нафил намаздарда саждада каалагандай дуба кылсаңыз дурус. Ал эми парз намаздарда намаздын өзүнүн дубасы менен чектелгениңиз макул.
19. Тасбих айтуу садака бергендин сообуна барабарбы? 077281...
- Ооба, бирок садака да берип, тасбих да айткандын сообу баарынан жогору.
20. Мен өзүмдөн 3 жаш улуу кызды жактырып калдым. Ал мени ини катары көрөт. Ошо кызга кантип жагып аламын? Бир досум бир дубаны айткан эле, ал да сени жактырып калат деп. Ошол дубаны кайрадан айтып коюңузчу. 077018...
- Ал дубаны ошол досуңдан сура. Мен билбейт экенмин.
21. Мен 5 маал намаз окуп, оронуп жүрөм. Күйөөм окубайт. Канча бир жыл мурда атам күйөөмдү урушуп, бир-эки ооз сөз айткан экен. Бирок атам жакшы адам, “күйөөң менен айтышпа, нааразы кылба” дейт. Кичине тартыша кетсек эле атаң минтип айткан деп сөгүнөт. Атамдар чайга чакырса өзүм барам. Апам жол карап күтөт, мен ар кайсы шылтоону айтып кутулам. “Мен сени алгам, туугандарыңды урганым жок” дейт. Ата-энемди сыйлабаса, сөксө, мени муштап урса чыдап жашашым керекпи же ажырашып кетүүм керекпи? Мен кайнене-кайнатамды сыйлайм, ата-энеме кылбаган кызматты кылам. Менин тууганым келсе учурашып коюп барып жатып алат. Аябай уялам.
- Сабыр кыл, бир тууганым! Ушунуңдан жазба. Коёндун териси бир жыл чарыкка чыдаптыр дешет. Дуба кыл! Баары ордуна келет. Күйөөңдүн мындай мамилеси туура эмес. Кайын журт менен да жакшы мамиледе болуу керек. Сени алгам, туугандарыңды билбейм дегени даана акмакчылык. Анын дагы кызы бардыр. Дал өзүндөй күйөө балалуу болгондо билет.
22. Этек кир келген кезде теспе тартса болобу? Келме келтирсе, бисмилланы айтсачы? Кыскасы, Аллахты оозго алса болобу? 077858...
- Сиз айткандарды айтса болот. Куран аяттарын окуганга болбойт.
23. Менин күйөөм жана бир туугандары мээнеткеч, уюшумдуу. Биз чоңубуз. Эми бөлүнөлү десе жер жок. Багыбызга үй салып болсо да чыгып, кийинки иниси үйлөнгөнчө үйдү бошотолу десек, атасы “мен курган бакка кийин сенин неберелериң отурушу керекпи” деп эр жеткен баласын үйлөгөнгө да каршы. “Намаз окуңуз” дешсе, “жаттасам башым ооруп кетет” дейт. Күйөөм экөөбүз дааватка чыгып, намаз окуйбуз. Кеңешиңизди күтөбүз. Ноокаттан
- Сабыр кылгыла. Баары ордуна келет. Убакыт да көп нерсеге дары болот. Атаңарга Кудайым ынсап берсин. Акмак да болсо ата. Аны капа кылбагыла.
24. Бир туугандарым деп иштеп жүрүп жашым өтүп кеткенде өзүм үчүн төрөп алгам нике менен. Ал үчүн укпаган сөздү уккам. Жакында ала качып кеткен. Жашай албай ооруп калдым. Шаарда дарыланып жаткам. Кайра баргым келбейт. Анын көп кемчилиги бар. Жашап кетейин дегем, бирок анте албадым. Намаз окуган сайын буулугуп ыйлайм. Экинчи жолу элдер жаман сөздөрдү айтышат. Апамды да аяйм мен үчүн сөз угат деп. Азыр ооруп менин жанымда. Айылга барганда эмне болот? Барган жерим жеңемдин бөлөсү болчу. Кеңеш күтөм. 077276...
- Адамдар эмне дейт экен деп адам өзүн кыйнай бергени болбойт. Сынчынын сыңар өтүгү майрык. Оозу менен сүйлөгөн адамдар ачка калсаң казаныңа бир кашык тамак салып бербейт. Эң негизгиси шариатка туура келсе болду кылган ишиңиз. Кабыргаңыз менен кеңешиңиз.
25. Хиджап кийишиме баары каршы. Кандай кылам? 077314...
- Аллахтын буйругу талкууланбайт. Ал парз.
26. Аллах, Мухаммед деген жазуусу бар чынжырча тагынса жана аны менен дааратканага кирсе болобу? 077854...
- Болбойт. Күнөөкөр болосуң.
27. Биз 3 жыл мурун баш кошконбуз. Никеден кийин жаткырганда ошол күнү кыздыгым чыкпай калды. Анан жолдошум уят болбоюн деп колун кесип чыгарды. Бирок эртеси күнү кошулганда төшөк аябай кан болуп калган экен. Бул эмнеси? Мага эч ким тийген эмес, эч ким менен жүргөн эмесмин. Эмнеге анда чыкпай калды? Кудай өзү кечирсин. Азыр бактылуубуз. Күйөөм унчукпайт. 077068...
- Эмнеге унчукмак эле. Алгачкы түнү катуу чочугандыктан да ошондой болуусу  мүмкүн. Кудайым бактыңарды насип этсин.
28. Мен жашым улуу эле кишимин. Өткөн жылы бутум сынып айыкпай жүрөт. 5 айдай болду, 29 жыл чогуу жашаган аялым карабай койду. Жалгыз сырткы үйдө калам. Операция болсом сурап койбоду. Башка үйдө жатат. Акыры чыдабай шаарга келип башкага үйлөнүп алдым. Өзү ала бер деген. Эми айылга жумушума барышым керек. Туугандары “жообуңду ал” дейт экен. Ага үйлүү-жайлуу балдарым көнбөйт. +з үйүмө кирүүгө укугум жокпу? “Карызыңды төлө, үйгө кирбе” дейт.  Эрди кордосо боло береби? 
- Үйүңүзгө кире бересиз. Бул деле аялыңыз болот.
29. Күйөөм дааватка барганда ал жерде айтышкан экен “эркек менен аялдын кийимдерин бирге жууса аялдын сыпаты эркекке жугат” деп. Ушуга далил барбы? Жолдошум мага айтты эле “бир сойку аял көчөдө баратса ит суусап жаткан экен. Маасысына суу алып итке берип койгон экен, бейишке кириптир” деп. Ушул туурабы? 
- Биринчи маселеңизди мен билбейт экенмин. Экинчи маселеңиз туурасында айтылган Пайгамбарыбыз алайхис саламдын хадиси бар. Анан кээ бирлер сойкулук кылып үйгө төрт канчыкты баксаң эле бардыгы ордуна келип калат экен деген түшүнүктөн алыс болуу керек. Ал жаныбарларга да жакшы мамиле кылуунун милдеттүүлүгүн баяндаган адеми хадис.
30. Даараттан 10-20 мүнөт өткөндөн кийин жыныс мүчөм нымдалып калат, бирок ич кийимим булганбайт. Даарат бузулбайбы? Же тампон салып койсом болобу? 077981...
- Даарат бузулбайт, сыртка чыкмайынча. Тампон салып койсоңуз болот. Бирок ошол тампон жыныс мүчөнүн ичине толук кирип кеткидей болсо. Анткени тампон нымдуулукту өзүнө соруп алып, сыртта турган жарымына нымдуулукту өткөргөн убакытта даарат сынып калуусу ыктымал.
31. Мавлид күнү 24-январда болду го. 15-апрелде пайгамбарыбыздын туулган күнү деп жаңылыктардан айтышты. Пайгамбарыбыз кайсы күнү төрөлгөн? 055409...
- Экөө тең туура. Биринчиси Пайгамбарыбыз алайхис салам туулган күн болсо, экинчиси Пайгамбарыбыз алайхис салам туулган мезгил.
32. Аялым менен кошулганда кадимкидей эле даарат алабыз. Же сөзсүз бүт денеге суу тийгизүү керекпи? 070241...
- Ооба, гусул алуу парз. Кантип намаз окумак элеңер? Намаз окуйсуңарбы?  
33. Ыйман жөнүндөгү ырларды укса болобу? Сендвич адалбы? Азыр кайсыларды адал деп айта аласыз? 077385...
- Музыкасы жок ырларды уксаңыз болот. Сендвич дегенге кошулган эт адал болсо адал.
34. Былтыр үкөм жол кырсыгынан каза болду. Жашы 18де болчу. Бишкектен эрте менен машинага мен салган болчумун. Өзүмдү күнөөлүү сезе берем. Куран окуймун. Дагы эмне кылайын? Жол кырсыгынан өлгөндөр бейишке киреби? Гүласал
- Жол кырсыгынан өлгөндүн баары эле бейишке кире бере турган болсо, баары жол кырсыгынан өлгөнгө аракет кылышмак. Өзүңүздү күнөөлүү сезбеңиз. Куран окуңуз. 
35. Хиджап кийгениме 2 апта болду. Үйдө жездемдин көзүнчө жоолук салынбай эле жүрөм. Болобу? Дилбара
- Болбойт. 
36. Арак фирмаларын, кредит банктарын жаптырууга күчүңүз жетет беле? Күйөөмө, кайненеме “кредит албайлы, арак сатпайлы” десем угушпайт. Намаздарым бул арамдарды жеңеби? 077981...
- Жеңет, насип кылса.  Насип болсо аларды жаптырууга да убактыбыз келет.
37. Сиздин сабырдуулугуңузду Алла Таалам баарына берсин, менин кайненеме берсин деп тилек кылаар элем. Үйдө эмне кем болсо толуктап турабыз, бирок баары бир нааразы, тополоң кылганы кылган. Баласы туура эмес сүйлөсө да менден көрө беришет.
- Кайненелик доорун ошентип сүрүп жатса  керек го. Кыяматта ал киши деле туура эмес иштерине жооп берет. Сен үн чыгарба. Балким ичинен сага миң ирет дуба кылып жаткандыр. 
38. Сиздин сөздөрүңүз жүрөгүбүздү жылытып коёт. Сизге Аллах ыраазы болсун. Нарда ойносо болобу, акча койбой эле? Үйдө анча-мынча балам менен ойноп коём. 077373...
- Жок, ойногонго болбойт. Пайгамбарыбыз алайхис салам тыйган. Акча койбосо да ойногонго болбойт. Аллахым жакшы сөздөрүңүзгө жакшы соопторду жазган болсун. Балдарыңыздын жакшылыгын көрүңүз. Бейиши болуңуз. 
39. Бешим намазын көбүрөөк каза кылып, парз окуп калам. Курулуш материалдарын сатам. Балам жашыраак. Намаз учурунда келип күтүп калышат. Калгандары өз ордуна туура келет десем болот. Кеңеш берип коюңузчу. 055416...
- Жок дегенде парздарын окуп алганга аракеттениңиз. Ниет кылсаңыз, Кудай Таалам жеңил кылат.
40. Мен кичине сүрөлөрдү кириллица тамгасы менен жаттап намаз окуйм. Чоң сүрөлөрдү жаттайын дегем. Тажвидсиз окусам натыйжасы кандай болот? Араб тамгасын үйрөнүшүм керекпи? Гүлнара
- Араб алфавити 28 тамгадан турат. Бир күндө бир тамгадан үйрөнсөңүз да, бир айда баарын билип каласыз. Өтө  керегин билет экенсиз. Калганын тажвиди менен үйрөнүңүз. 
41. Үй той, сүннөт тойду шартка байланыштуу кафеде өткөрсө болобу? Кандай жолдор менен? 
- Арам аралаштырбай өткөрсө эле мусулманча болуп калат.
42. Муса пайгамбар үйлөнөөрдө бир дуба кылган дейт. Ошону жазып коёсузбу?
- Азыр эстей албай турам. Эстегенде айтайын. 
43. Астрологияга ишенсе ширк эмеспи? 
- Ширк.
44. Краб адалбы?
- Адал. Ханафийлерде мурун макрух деп айтылчу, азыр адал деп жеп жүрүшөт бардыгы эле. 
45. Карыз алып, шарты болбой убагында төлөй албай калса, карыз берген киши ызы-чуу салып, тап деп туруп алса оор абалда калат. Ушундай учурда мусулмандар кандай жолду карманышы керек? 055056...
- Сабыр кылып күтө турат.
46. Музыка укса, бийлесе болобу?
- Жакшы эмес.  Аялы күйөөсүнө дуффтун (барабан сыяктуу) коштоосунда бийлеп берсе боло берет.
47. Карыз менен садака жөнүндөгү хадисти окугандан бери карызга көп акча бере баштадым. Сураса жок дей албайм. Кээ бирлери көпкө чуркатып анан берет. Жок десем күнөө болуп калабы деп корком. Деги акча болуп туруп, бирөө сурап келсе, ишенбеген адамың болсо, “акчам жок эле” десе күнөө болуп калбайбы? 077727...
- Сага бере турган акчам жок эле деген ниетте болсо күнөөкөр болбойсуз.
48. Базарда иштейм. Болжол менен оборотумдун жарымычалык карызым бар. Зекети кандай болот? Эжем акчасын мага чогултат, иштеткенге уруксат берет. Аны иштетип турам. Тапкан пайдама зекет беремби? Деги зекет жөнүндө атайын китеп барбы? 077727...
- Китептер бар. Базарды карасаңыз чыгат.
49. Сиз менен Абдышүкүр Нарматовду чыныгы молдо деп эсептейм. Гезитти окуп отуруп таң калам, ар кандай суроолорду беришет, уяттуу суроолор да бар. Сиз аларга аябай “грамотно” жооп бересиз. Эртерээк кур жалаадан Аллах сизди куткарсын. Сизди сотко бергендерге Аллахым ыйман берсин. Сиз илимдүүсүз. Илимдүү жок болгончо бир коом жок болгону жакшы. Кудайым сизди колдосун. Оомийн. Гүлназ
- Аман болуңуз. Кем болбоңуз. Бар болуңуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   dinka82   20 Март 2015 - 19:19

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 15
  • Катталган: 07 Январь 12
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 21:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Куйоом СМС жазып талак берди.Эми жашасак болобу.алдын ала чоон рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   dinka82   20 Март 2015 - 19:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 15
  • Катталган: 07 Январь 12
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 21:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Куйоом СМС жазып талак берди.озум мажбурлап сурадым эле Эми жашасак болобу.алдын ала чоон рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   dinka82   20 Март 2015 - 19:24

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 15
  • Катталган: 07 Январь 12
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 21:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Куйоом СМС жазып талак берди.озум мажбурлап сурадым эле Эми жашасак болобу.алдын ала чоон рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Xanif.Kg   20 Март 2015 - 20:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 842
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 14 Июн 2019 06:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сыноо майданы...

Просмотр сообщения dinka82 (20 Март 2015 - 19:24) жазган:

Куйоом СМС жазып талак берди.озум мажбурлап сурадым эле Эми жашасак болобу.алдын ала чоон рахмат.


Хз Чубак ажы, бул жактан жооп бербейт. Биз анын мурда башка ММК ларда жооп бергендерини суйроп келип жатырык.

Анан эме Динка айым, сиздин маселенизди жекече суйлошуп такташ керек экен, бул оор маселе, бул жерден жооп беруу мумкун эмес. Жашаган жериниздеги илимдүү адамдарга, же имамдарга кайрылыныз. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   banda-312   22 Март 2015 - 13:19

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 221
  • Катталган: 02 Март 15
  • Соңку аракети: 26 Июл 2015 19:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан Бишкек

Шейх Чубак ажы.
Суроо- жооп
-Мен жашоомдо жаңылдым десем болот. Оштук бала экөөбүз бири-бирибизди жактырып калганбыз. Мен эмне болуп макулдугумду бергенимди билбейм. Никебизди кыйдырганбыз. Бирок ата-энем билип калып, каршы болуп экөөбүздү жашатпай койгон. Андан деле талак сөзүн уккан жокмун. Экөөбүз азыр кайра чогуу болсок болобу? Рахат
-Жашаса болот, эгер талак айтылбаган болсо нике сакталуу. Бирок учурдан пайдаланып айта кетчү нерсе, кыздар турмушка чыгаарда нике туруктуу, үй-бүлө бактылуу болушу үчүн ата-энесинин уруксатын, батасын алганы жакшы. Ата-энеси каршы болуп туруп алса, акыркы жыйынтык кыздын өзүнө берилет, эгер бойго жеткен, акыл-эси жайында кыз болсо.

-Зарыл учурда аз өлчөмдө арак ичсе болобу?
-Арак шариятта арам эсептелинип, тыюу салынат. Бирок кээде мусулман, Кудайдан корккон врачтардан кеминде үчөө “аракты ичишиң керек, башка дары жок” деп айткан болсо, ошолордун көрсөтмөсү менен ичсе бир жөн. Анан элдик табыптар, достор, кемпирлер, абышкалар “ичсең жакшы болосуң” десе эле иче берсе болбойт.

-Күйөөм экөөбүз 2 жылдан бери чогуу жашабайбыз. Ал телефондо эле талак берип, үйлөнүп алган. Бир кызым бар. Мыйзамдуу түрдө ажырашкан эмеспиз. Кандай түшүнсө болот? 0778 87...
-Бул суроо жалпы эле айтылып калыптыр. Телефондо өзү айтканбы же СМС жөнөткөнбү, кантип айтты, өткөн чактабы, келер чактабы, талак түштүбү же жокпу, мындай нюанстарды тактап туруп талак түшкөнүн айтуу керек. Аны үчүн өзү келиши керек. Эгер бирөөнүн сөзү менен чечилбесе, экөө келиши керек. Мыйзамдуу түрдө ажырашпай туруп деле талак айтылган болсо талак түшө берет. Эгер талак бербестен мыйзамдуу түрдө ажырашса, тагыраак айтканда ажырашууга макул болушуп, кол коюшса - бул бир талак эсептелинет. Бул ажырашып жаткан кербези.

-Имам Аззам байпакка масх тартууга, зикрде теспе колдонууга уруксат бергенби?
-Уруксат берген. Бирок байпак дегенде үч шарт бар. 1. Масх тартканда колдогу нымдуулук бутка өтпөй тургандай болушу керек. 2. Байпактын резинкасы жок болсо да буттан шыпырылып түшпөй турган болушу керек. 3. Сапарга чыкканда байпак жыртылбай тургандай болушу керек. Бул шарттардын талабына байпак эмес, маасы ылайыктуу. Ал эми байпакка масх тартса болот деген хадистердин баары сахих эмес, б.а алсыз хадис. Теспе колдонууга болот, зикрди так эсептеш максатында.

-Кызга куда түшкөн соң канча убакыттан кийин үйлөнсө болот же чектелбейби? Бизди кудалаганына 2 ай болуп калды. Адинай
-Чектелбейт. Кудалаган күнү алып кетсе деле болот. Мүмкүн болушунча тезирээк алып кеткен жакшы, кудалашкандан кийин көп убакыт өтүп, ар түрдүү проблемалар чыгып кетпеши үчүн. Жакшылыктын эрте болгону жакшы да.

-Даватка 4 ирет чыккам. Айрымдар өтө көп нерсени айтып, сүннөттөн чыкпа, 4 масхабда жок, бидьат дейт. Туурабы? Ошондон бери чыкпай калдым. 0700 81...
-Даватка чыгуу 4 масхабда жок дегени туура. Анткени китепте жазылган эмес. Бирок бул Исламдын практикалык жашоосун көрсөтүү үчүн уюштурулган иш-чара да. Бул жакшы көрүнүш. Каршы болбошубуз керек. Биздин масхабда Ислам университетин ачып, окуткула деген жазуу жок. Бирок натыйжалуу билим берүү максатында атайын окуу жайын ачып, белгиленген тартипте иштеп жатпайбызбы. Ошол сыяктуу эле да.

-Нооруз мусулмандардын майрамыбы? Эмне себептен?
-Нооруз мусулмандардын майрамы эмес. Исламга чейинки байыркы ирандык күнгө сыйынгандардын майрамы. Исламга эч кандай тиешеси жок. Балким майрамдаганга тыюу салат.

-Көз мончок тагуунун, тумар тагуунун мааниси кандай?
-Көз мончок, тумар мени сактайт деген ишеничте таккан болсо, өтө жаңылыштык кылып, Кудайга шерик кошкон болот. Кудайда бар күч тумарда да бар дегендей кабыл алынат. Ушул ниетте такканга болбойт. Бирок Куран аяттарын жазып, Аллахтын сөзүн, пайгамбарыбыздын осуяттарын сактап жүрөм, Аллах мени сактайт деген ишеничте болсо уруксат берилет. Бирок такпай эле койгон жакшыраак. Себеби сиздин ниетиңиз түз болсо да көрүп турган адамдар оюңузду түшүнбөй, демек тумар аны сактайт турбайбы деген ойго келиши мүмкүн.
Жаш балдарга көз мончок тагып коюшат эмеспи. Негизи адамга көз тиет. Кээде көз тийүү адамды өлтүргөнгө чейин барат. Адамды караганда алгач жалтырап, өзгөчө болуп турган нерсеге көзү түшөт да ошого тийип баштайт. Ошон үчүн баш кийимдин төбөсүнө тигип коюшат. Бул көз мончок сактайт деген сөз эмес. Болгону адам караганда көзү жалтырап турган нерсеге урунуп, адамга эмес ошого көзү тиет деген түшүнүктүн негизинен келип чыккан. Ошол ниетте таккан болсо бир жөн. Андан башка ниетте болбойт.

-Мечиттерде имамчылык кандай жол менен болот? Уруксат алышабы?
-Албетте, жамааттын, муфтияттын, казыяттын бир пикирге келиши менен болот. Жергиликтүү элдин салт-санаасын билген, элге аралашкан, элге кадыр-баркы сиңген, ошол эле убакта илимдүү адам имам болот. Бирок албетте, өзүнөн жогорку райондук, облустук казылардан, имамдардан суроосу милдеттүү. Кээде эч ким жок болуп калса сырттан башка молдолор барышы мүмкүн.

-Насыбай чегүүнүн шарияттагы өкүмү кандай?
-Насыбай шариятта макүрү, өтө жаман амалдардын катарында. Өзүн мусулман деп эсептеп, даарат алып, Куран окуп жүргөн адамдын насыбай чегиши өтө жаман көрүнүш.


-Кыз кезимде ыраматылык атамдын каргышына калдым. Мага көп капа болчу. Азыр 50гө таяп калдым. Кантип жоем?
-“Кантип жоем?” дегениңиз жакшы. Биринчиден, эки рекет намаз окуп тообо кылыңыз. Тообо - өткөн ишке өкүнүп, эми ушундай кылбайм деп ниет кылуу. Колдон келсе жакшы иштерди кылыңыз: көчөт эгип, жардамга муктаждарга тамак-аш берип, Куран окуп, ошонун соопторун атаңыздын арбагына багыштаган болсоңуз иншааллах Аллах кечирет. Намаз окуп, дуба кылсаңыз баары жакшы болот.

-Исламда аял мамлекетти башкара алабы?
-Буга Ислам шарияты жол бербейт. Бул аялды төмөн тартуу эмес, урматтоо максатында. Аялзаты келечек муундарды тарбиялайт, алардын жүрөгү дайыма таза болуп турушу керек. Эгерде аял эл башкарса кээде бирөөнү өлтүрүүгө буйрук берет, бирөө менен урушат, анан эркекке айланып кетет да өзүнүн коомдогу аялдык ордун жоготот. Пайгамбарыбыздын кайсы бир осуяты бар: “Кайсы коом өзүн аялга башкартса, эч убакта жарыбайт” деген.
Бул биздин бийликке карата айтылып жаткан суроо болушу мүмкүн. Азыр Роза Отунбаева эжекебиз башкарган жери жок. Убактылуу өкмөттөгү 14 адамдын бири болуп милдетин аткарып жатат. Менин оюмча, Роза эжеке өтө акылдуу адам, шайлоого барбайт, татыктуу мырзаларга уруксат берип, өзүнүн Каныкейлик образын көрсөтүп, кеп-кеңешин берип турат.

-Ажырашып кеткен, бирок талак бере элек, аялдын боюнда болсо талак берүүгө мүмкүн эмеспи? Руслан
-Бизде кээде талак бербесе деле ажырашат, “кет, жогол” деп айтылган болушу мүмкүн да. Муну алар менен жекече сүйлөшүү керек болот. Эгер күйөөсү “жашоону токтоттук, сен да ыраазы бол, мен да ыраазы, кет” деп ажырашуу ниетинде айткан болсо талак дебесе да талак түшүп калат. Ал эми боюнда болсо талак түшпөйт деген сөз туура эмес. Боюнда бар кезде талак түшкөн болсо төрөгөнгө чейин башкага турмушка чыкканга уруксат берилбейт. Төрөгөнгө чейин күйөөсү аны тамак-аш, кийим-кече, жатакана менен камсыз кылып туруусу керек. Төрөгөндөн кийин бала эрезеге жеткенге чейин атасы камсыз кылып турууга милдеттүү.

-Менин 5ке чыккан балам бар. Күйөөм экөөбүз ажырашканыбызга 1 жыл болду. Мен башка бала менен сүйлөшүп жүрүп, азыр 5 айлык боюмда бар. Экөөбүз 1 айында нике кыйдырып баш коштук. Бирок азыр жашабайбыз. Бала арам эмеспи? Алдырып салайын десем үйдөгүлөр күнөө болот дешти. Кененирээк маалымат берип койсоңуз. 0551 76...
-Баланы алдырып салуу албетте күнөө, бул адам өлтүргөнгө тете. Никесиз кошулуу да күнөө. Экинчи адам менен никеге туруу үчүн биринчисинен никеси бузулганын аныктоо керек эле. Эгер нике бузулган болсо кийин турмушка чыкканда шарттар туура келдиби, жокпу деген маселе бар, текшерүү керек. Никесиз катнашка барган болсо наристеде күнөө жок, ата-энеси күнөөлүү. Баланы төрөп, жакшы тарбия берип, эрезеге жеткирүү керек.

-Мен өтө мас болуп, досторум үйгө жеткиришет. Себепсиз эле аялыма үч талак берип коюптурмун. Уятыма чыдабай, өлүп кала албай шаарга баса бергем. Аялым артымдан 2 балам менен келген. Чогуу жашап жатабыз. Өтө мас болсо талак түшпөйт деген чынбы? 0778 60...
-Өтө мас учурда талак түшүшү боюнча уламалар эки кайчы пикирде. Бул маселени тактагыңыз келсе, муфтияттагы менин жумуш бөлмөмө келсеңиз татыктуу жооп берем деген үмүттөмүн. Же болбосо (0312) 28 65 30 номуруна чалыңыз. Көпчүлүк аалымдардын пикиринде “арам нерсени ичип мас болгондугу үчүн жаза катарында талак түшөт” деп айтылат.

-Бир жигит экөөбүз бири-бирибизди абдан жакшы көрөбүз. 5 жылдан бери сүйлөшөбүз. Бирок ал башка динге өтүп кеткен. Менин ата-энем мусулманчылыкты катуу кармайт. Баш кошконго уруксат бербей жатышат. Ал бала да өз дининен чыкпай жатат. Эмне кылсам болот? 0770 17...
-Ага турмушка чыкканга болбойт. Себеби биз мусулмандар өзүбүздүн кыздарыбызды аманатты билген, Кудайдан корккон адамдарга гана бере алабыз. Башка диндегилер балким зулумчулук жасап, башка динге өткөрүп жибергенге аракет кылышы мүмкүн. Анткени кааласак да, каалабасак да үйдө эркек кожоюндук кылат. Бир гана жолу, ал бала мусулман болсо турмушка чыга аласыз. Болбосо бактыңызды башкадан издеңиз. Кудайдан коркуп, шариятта бул болбойт экен деп ниет кылсаңыз, Кудай андан да жакшысын берет. Кыздарга айтаар кеңешим: намаз окуп, дуба кылуу керек. “Оо Жараткан, мага кандай күйөө ылайык болсо, ошондой күйөөнү жөнөткүн” деп дуба кылса өзүнө бардык жагынан төп келген адамды жөнөтөт деген ишеним өтө чоң.

-Намаз окуюн деген ниетим бар, бирок косметика колдонбо деп айтышат. Атыр, лак ж.б колдонбосом жүрө албайм. Эмне кылсам болот? 0770 48...
-Косметика колдонуп намаз окуса болбойт деген сөз туура эмес. Болгону тырмагына лак койгон болсо даарат алганда тырмакка суу тийбей даарат өтпөй калат. Ал эми даарат албай турган учурда айыз келгенде, төрөгөн учурда каалашыңызча лак колдоно берсеңиз болот. Бирок гусул алаарда лакты өчүрүү керек. Чачты химиялык боектор менен боегондо чачты каптап калат да жууганда суу кирбей калышы мүмкүн. Ал эми атырды себине бериңиз. Бирок көчөгө атыр себинип чыккан жакшы эмес, адамдарды азгырат. Жолдошуңуздун жанында же өзүңүзчө жүргөндө каалашыңызча колдоно бериңиз.

-Ассалому алейкум Чубак ажы, иштериңизге ийгилик, береке жана сизден Аллах ыраазы болсун. Мен дин кызматкери – аалым болгум келет. Мектепти толук бүткөн эмесмин. Аттестатты пара берип сатып алгам. Бирок ошону менен Ислам университетине тапшырып окуй аламбы? Бакай
-Аллах сизден да ыраазы болгон болсун. Дин кызматкери болуп адамдарга акыйкатты жайылтайын деген ниетиңиз жакшы экен. Албетте мындай тилекке сооп берилет. Ал эми аттестатты жасалма же чыныгы экен деп бөлө турган аппаратыбыз жок. Стандартка ылайык документтин баары кабыл алынат. Эгер маңдайыңызга жазылган болсо, албетте университетке тапшырып окуй аласыз. Илим алуу университет менен эле чектелип калбайт. Устаздардын жеке сабактарына катышып турсаңыз да болот. Аллах ниетиңизге жеткирген болсун.

-Жолдошум экөөбүз 7 жылдан бери жашайбыз. Балабыз жок. Дагы бир аял алып балалуу болсо болобу? Эгер болсо мени менен чогуу жашаганга кантип сүйлөшсө болот? 0773 49...
-2-3 аял алсаңыз деле балалуу болушуңузду Кудай билет. “Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” дейт. 4 аял алганга чейин уруксат бар. Балалуу болуу сүннөт. Бирок Кудай бала бербей жатса мен балалуу болушум керек деп эле жулуна берген туура эмес. Аллахтын берген сыноосу.
Шарият эки аялды бир үйдө жашатканга тыюу салат. Жок дегенде бир короодо эки үй болуп, дааратканасы, мончосу, ашканасы эки башка болсо уруксат берилет. Негизи эки башка жерде жашашы керек. Себеби кызгануу дегендей сезимдер болот. Ошону эске алуу керек.

-Акыр заман 2012-жылы болобу же болбойбу дешет. Бакай
-Кайсы жылы болоорун эч ким билбейт. Бирок кыяматтын белгилери келип калды. Пайгамбарыбызга Жебрейил периште кыяматтын белгилерин айтып берген. Мисалы, балдар ата-энесине баш ийбей, бейбаш болуп калышат. Белгилери байкалып жатат. Бирок качан экенин айтууга укугубуз жок, Аллах гана билет.

-Жолдошум экөөбүз бир балалуу болгондон кийин бир жылча ажырашып жүрдүк. Кайра жарашкан соң нике кайра окулушу керек беле? 0778 75...
-“Кет, жашабайм” деген сөздөр айтылбай, талак берилбей эле таарынышып кеткен болсо нике кыйыштын кереги жок. Ал эми 6 ай жашабай койсо талак түшүп калат деген сөз туура эмес. Эгер “кет, болду, бирге жашоону токтоттук” деген сөздөр айтылып ажырашкан болсоңор кайра нике кыюу милдеттүү болот. Муну тактоо үчүн дин адамдарына жолуксаңар кененирээк жооп аласыңар деген үмүттөмүн.

-Чубак Жалиловдун өзү жөнүндө маалымат бергилечи. 0 771 19...
-Менин аты-жөнүмдү билет экенсиз. Мен кыргызмын. Жолборс жылында төрөлгөм. Азирети Умар Ислам институтун (азыр университет) бүтүрүп, ал жерде мугалим болуп иштегем. Кийин Улуттук университетте Чыгыш таануу бөлүмүндө араб тили адистигинде ага окутуучу катары эмгектенгем. Меккедеги Уммуль Кураа университетинин алдындагы Араб тили институтун бүтүргөм. Ошол эле университеттин Шарият факультетин да бүтүргөм. Азыркы учурда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн башчысымын. Уламалар кеңешинин мүчөсүмүн. Азирети Умар атындагы университетте сабак берем жана “Марва ТВ” каналында Шарият деген теледолбоордун алып баруучусумун. Ошондой эле “Аалам” гезитинин бир бетине дайыма макалаларым чыгып турат. Андан сырткары “Тамчы” гезитинин окурмандарынын суроолоруна жооп берип турам. Учурдан пайдаланып шарият маселелерин окурмандарга жеткирип турган “Тамчы” гезитинин жамаатына Аллах Тааладан узун өмүр, иштерине ийгилик тилеп кетмекчимин.

Даярдаган Назира МАНАС кызы
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   rumaika5544   28 Апрель 2015 - 10:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Тамак издеп жүргөн арбактар...
СУРОО. Бала кезимде таякем каза
болуп, элди куран окутканы чакырганбыз. Мен
балалыгым менен этти, сабизди куйгузуп
алгам, натыйжада кайра тамакты
баштаганбыз. Ушул кунго чейин журогумду оорутканы, келген эжелер таякенердин
арбагы ошол куйгон эттин жытын жыттап
кеткен турбайбы дешип, апамды
ыйлатышканы эсимден кетпейт. Эми акыл-эске
толуп, ойлонуп, булактардан издеп
жыйынтык чыгарсам ал туура эмес маалымат болуп жатат . ЖООП. Субханаллах, албетте бул нерсе туура
эмес. Өлгөн адамдын арбагы жер кыдырып
"кайсыл жерде мен үчүн тамак даярдап
коюптур" деп үйлөргө баш багып жүрөт деген
нерсе суу кечпеген жөө жомок. Ага көңүл
бурбай деле койсо болот. Жаткан жеринде Алланын ырайымына муктаж болуп, бир сооп
болсо да пайда келтирээрине эми терең
ишенип, бирок айла жок эч нерсе кыла албай
турган кездери. Алардын ахвалдарын оңосун
деп Жаратканга жалбарып дуа кылып туруу
гана керек. Арбак деген арабча "арваах, руух" деген
сөздөн алынган, котормосу "жан". Тирүү адамдын ичинде Алла салган жан бар.
Өлгөн сон ал жан кайра Аллага кайтат. Жан
бар үчүн биз тирүүбүз. Бирок ал кандай жан,
эмне болгон зат - бизге илим берилген эмес:
"Сенден Рух (жан) жөнүндө сурашат. Айткын:
«Рух Раббимдин (Өзүнө гана таандык) иштеринен» жана силерге (о, адамдар бул
тууралуу) аз гана илим берилген" (Куран,
Исраа 17:85) Өтүп кеткен адамдарга тамак дагы,
боорсоктор дагы, токочтор дагы жардам бере
албайт. Алар байкуштар Алланын ырайымын
гана үмүт кылышып, күнөөлөрүнө өкүнүп,
соопторуна сүйүнүп Улуу Сот күнүн күтүп
жатышкан кербездери. Аларга жардам бергибиз келсе дуа гана кылабыз "О, Алла,
булардын күнөөлөрүн кечир, акыреттеги
ахвалдарын жеңилдет, көр азабынан сакта"
деп. Өлгөндөргө жардам бергибиз келсе алар үчүн
Алладан дуа гана кылуу зарыл. Кээ бир адамдар "арбактар үчүн дуа кылуу"
дегенди тескери түшүнүп "арбактарГа дуа
кылуу" деп Алланын астында күнөө, ширк
кылышат. Арбактар аларга дуа кылууга,
сыйынууга татыктуу эмес. Сыйынууга бир
гана Аллах татыктуу. Алар Аллах менен адамдардын ортосунда ортомчу да, шапаатчы
да боло алышпайт. Куранда келет: "Эгер аларга дуба кылсаңар,
дубаңарды укпайт. Эгер (кыялыңарда) укса да,
силерге жооп бере алмак эмес. (Ошондуктан),
Кыямат Күнү аларды (Аллаhка) шерик
кылганыңарга нараазы болушат" (Куран,
Фаатыр 35:14) Өлгөн кишилер үчүн биз күнөөлөрү
кечирилсин деп Аллахка гана дуа кылабыз,
Аллахтын мээримин тилеп, акыреттерин
оңосун деп гана тилейбиз!
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   guzi90   29 Апрель 2015 - 11:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 294
  • Катталган: 19 Январь 11
  • Соңку аракети: 05 Мар 2021 23:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия менен Кыргызстандын ортосу

эгер куйосу экоо ажырашып бирок талагын бербей бошотпой койгон болсо,а куйосу уйлонуп балалуу болсо, араларынан 3ж.отсо эми биринчи аялы талагынды бер мен да турмушка чыгайын десе куйосу бербей жатат. Себеби биринчи аялын суйот экен эми канткенде туура болот же уже талак тушкон болобу же куйосу калабаса бербей кое береби? Анда биринчи аялы омур бою жалгыз отобу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Август 2015 - 01:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

-Гусул алганда кандай ниет кылынат? Акыл
-Гусул алууга ниет кылуу милдеттүү эмес, жөн гана сүннөт эсептелет. “Гусул алганга ниет кылдым” деген сөздү чын дилинен айтуу керек. Бүткөндөн кийин ушинтип тазаланып, шарияттын бир өкүмүн аткардым деген ниетте Кудайга шүгүр кылуу жетиштүү болот.
-Атым Аида. Арабча мааниси барбы?
-Арабча Аъида деген сөз кайтып келүүчү деген маанини берет. Жакшылыктын жолуна кайтып келели деген жакшы ниет менен коюлган ат.
-Сооп деп көп айтышат. Анын мааниси кандай? Айзада
-Сооп арабча савааб деген сөздөн келген. Бул жакшы ишке бериле турган Алланын белеги. Канчалык жакшы иштерди аткарып, сообун көбөйткөн адамдын бейиштеги даражасы ошончолук жогорулайт.
-Мен намаз окуйм. Атам окубайт. Ага кантип жардам берсем болот? Айжан
-Дуба кылыңыз. Мүмкүн болушунча намаз тууралуу китептерди алып бериңиз. Намаз тууралуу жакшы маалыматтар менен камсыз кыла берсеңиз иншаллах жакшы болот.
-Бишкекте аялдар үчүн динден сабак берүүчү жайлар барбы?
-Муфтияттын артындагы имаратта аялдар үчүн Куран курсу бар. Ислам университетинде да атайын курстар бар. Каалоочулардын баары келип катышса болот.
-Нурдин деген бала менен ал түрмөдө отурганда таанышкам. Чыкканда үйлөнөм деп алып, алдап качып кетти. Бир жылда ал үчүн канча акча кетти, канча сыноолордон өттүм, бирин да сезген жок. Акчамды кантип өндүрүп алам? Андайларга сот жок дешет. Ушинтип алданып сыздап кала беребизби? 055404...
-Катуу тийсе кечиресиз, бирок ушинтип сыздап калбаш үчүн көрүнгөн адам менен таанышып жүрө бербеш керек. Дегеле кыз-жигит болуп сүйлөшүү шариятка туура келбейт. Айрыкча кыздар бирөө менен таанышса, турмушка чыкчу болсо сөзсүз атасы, эркек бир туугандары билиши керек, ушинтип алданып калса кор кылбай жардам бериши үчүн. Алардын күбөлүгү, катышуусу менен турмушка чыгуусу керек. Намаз окуңуз, тообо кылыңыз. Сүйүп калдым, күйүп калдым деп боюнда болгондон кийин тигиниси качып кетсе “эмне кылыш керек?” деп ыйлашат. Ошон үчүн шариятты мурдараак ойлонуш керек. Эмне, шарият башында эмес, аягында эле керек бекен? Кимде ким шарияттын туура жолун аткарбаса ушинтип бактысыздыкка жолуга берет. Албетте, ал жигит да Кудайдан тиешелүү жазасын алат.
-Кызыр (а.с) пайгамбарбы же периштеби? Ал качан жаралган? Азыр барбы? Болсо кантип таанып биле алабыз?
-Кызыр алейхисалам туурасында түрдүү пикирлер бар. Кудайга жакын олуя адамбы же пайгамбарбы? Көпчүлүк аалымдар аны пайгамбар деп айтышат. Кээ бир аалымдар олуя, такыба пенделердин бири дешет. Анын ким экендиги, азыр бар же жок экендиги туурасында ачык далилдер жок.
-Жолдошум аракты көп ичет. Авария да болдук. Даватка бар десем ана-мына деп кутулат. Эмне кылып калтырса болот? Жардам бере аласызбы?
-Дуба кылабыз. Даватка чыгарганга аракет кылыңыз. Албетте, өзүңүз кошулуп чыгыңыз. Негизгиси Кудайдан суранып дуба кылуу керек.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 25 Август 2015 - 01:25

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   medina.   27 Август 2015 - 00:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

- Курбан айтта койдун этинин бир бөлүгүн кошуналарга берсек болобу? Алардын көбү орус улутунда. – Курбандыктын этин баары жесе болот. Үчкө бөлүп, бир бөлүгүн туугандарына, экинчи бөлүгүн өзүнө, үчүнчү бөлүгүн кошуналарына берсе болот.

- Шариятта процентке акча алуу болбойт дешет. Мен үйүмдү ипотекага алгам. Ал кандай?

– Ипотеканын да шарттарын карап көрүш керек. Берген акчаны үстөгү (проценти) менен алса арам болуп калат. Кайсы бир буюмду сатып, карызга бир канча жылга бөлүп берген болсо дурус болот.

- Мусулман айынын календарын түшүндүрүп бериңизчи.

– Айдын чыгуусу жана батуусу боюнча эсептелет. Ай календары боюнча биринчи түн келет. Ай 29 күн же 30 күн болот. 28 же 31 болбойт.

- Исламда кыз-жигит болуп жүрүү жок экен. А менин жигитим бар. Аны менен кучакташып, өбүшкөм. Күнөөмдү кантип жууйм?

– Мындан кийин кыз-жигит болуп жүрбөңүз. Нике кыйдырып алгыла. Намаз окуңуз, Кудайдан кечирим сураңыз. Кайра андай жолго барбаңыз. Иншаллах, Кудай кечирет.

- Кызымдын аты Тахмина. Өзгөрт, мааниси жок деп айтып жатышат. Тынчсызданып жатам.

– Аттын мааниси жаман болбосо, өзгөртүүнүн кажети жок.

- Жолдошум акыркы убакта аябай өзгөрүп кетти. Түндөп-күндөп эле достору менен ичип жоголуп кетет. Келгенде сурасам уруш чыгат. Эртеси да бири-бирин чакырышып, улантышат. Досторунун аялдары мага “сенин күйөөң балдарды саунага алып барып жүрөт экен” дешти. Ажырашып балдарымды жетим кылгым келбейт. Бирок, ар кандай сөздөрдү угуп жүрөгүм ооруйт. Үй-бүлөмдү сактай аламбы же ажырашканыбыз оңбу? Ажырашсам балдарымдын убалы кимге? Канткенде күйөөмдүн жүрөгүнө ыйман кирет? Намаз окубайсызбы десем, убагы келгенде окуйм деп коёт.

– Дароо эле ажырашып кеткенге шашпаңыз. Туугандарына, дин кызматкерлерине кайрылып, кеңешип, ыйманга чакырганга аракет кылып көрүңүздөр. Алла ыйман берсин!

- Кыз киши башка эркек менен ассалому алейкум деп учурашса болобу?

– Болот.

- 9 жашымдан бери намаз окуйм, азыр 16дамын. Мага ылайык каякта, кандай медреселер бар?

– Ислам университетинде аялдар үчүн окуулар өтүлөт. Манас аба майданы жакта 20-хутор медресеси бар, Ошто да бар. Окууну бүтсөңүз, кабыл алуу мезгилинде тапшырып көрүңүз.

-Үйдө жалгыз мен намаз окуйм. Жолдошум, апам, атам такыр намазга жыгылышпайт. Жүрөк менен Кудай деш керек деп айтышат. Менин да ыйманым качып, көп каза кылчу болдум. Турмушка чыкканыма 6 жыл болот. Башымдан жоолук түшпөйт, чачым аябай түшүп жатат. Атамдын көзүнчө үйдөн жоолукту чечсем болобу? Өзүм чач тарач болуп иштейм, бул сооппу же күнөөбү? Жолдошумдун чачын мен алам, болобу? Дааватка чыккым келет. Жолдошумду кыйнап алып чыксам кайын журтум жаман көрөт деп корком. Мажбурласам болобу?

-Намазды каза кылбаңыз, Алла хидаят берсин деп тилек кылыңыз. Атаңыздын көзүнчө жоолукту артка алып салынып алсаңыз болот. Чач тарач болсо болот. Күйөөңүздүн чачын алсаңыз болот. Албетте, дааватка чыксаңыз жакшы. Бирок, аны мажбурлоо жолу менен эмес, кызыктыруу жолу менен көндүрүңүз.


Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   FCMUKG   16 Декабрь 2015 - 02:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 197
  • Катталган: 11 Июль 15
  • Соңку аракети: 03 Дек 2023 04:55
  • Жынысы:Эркек

Чубак ажыга суроо:
Эки жума мурун,байкем машина алды эле,сидениянын астында,бир кичине кагазга оролгон кара таш бар экен,эмне болгон таш,эмне кылсак болот?Балким дуаланган таш?

Жооб: Бисмилляхи Рохманир Рохим деп чозмого салып атывиргиле ташты.!! !)))) :D
Alhamdulillah
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Meruet84   08 Январь 2016 - 22:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

~ЧУБАК АЖЫДАН СУРОО-ЖООП~

— Жоолук салынам. Ислам жолундамын. Азыр жер баткак болуп, узун көйнөктүн этеги кир болуп атат. Кенен шым кийип, тизеге чейин куртка кийсем болобу? Адина

— Шым кийгенге уруксат бере албайм. Азыркы шымдар эркектердикине окшош болуп калып атпайбы. Ылай болбой турган деңгээлде көйнөк кийе бериңиз.


— Жолдошумду жакшы көрчүмүн. Үйлөнүп, 3 жыл ичип жүрүп көңүлүмдү аябай калтырды. 2 балам үчүн жашап келем. Алладан сезим сурайм. Кыйналдым. Тажадым. Атам өтүп кетти. Ичимдеги боштукту эч ким, эч нерсе толтура албайт. Атама болгон сагынычым, жолдошум менен мамилем азапка салды. Дика

— Алла Таала сизге жаркын келечек берсин дейбиз. Дуба кылалык. Бирок эч качан жакшылыктан үмүт үзүлбөш керек. Үмүтсүздүк – шайтандан. Күйөөңүз менен жакшы жашап кетүүнүн аракетин кыла бериңиз. Жакын адамдарыңыз, дин кызматкерлери же башка тиешелүү адамдар аркылуу акыл-насаат айттырыңыз. Аялдан амал качып кутулбайт дегендей жакшы сөздөрүңүз менен өзүңүзгө имергенге, туура жолго салганга аракет кылыңыз

-Мен жубайымды жакшы көрбөйм. 2 балабыз бар. 2 жолу ажыраштык. Балдар үчүн жашап жатабыз. Аялым 5 убак намаз окуп, оронуп жүрөт. Көп капа кылып алам. Эмне кылсам болот? 055114…


-Жубайлар бири-биринин көңүлүн алып, жакшы мамиледе болушу керек. Үй-бүлөнү сактаганга аракет кылыңыз. Эң акыркы көрүлүүчү чара – ажырашуу.


— 29дамын. Бирдеги кызым бар. Бойдокмун. Намаз окуп, хиджап кийем. Турмушка чыккым келет. Кыз киши биринчи таанышса уят го. Ыймандуулар менен кантип мамиле курсам болот? Жалгыз өтүп кетемби? Т.З.


— Үй-бүлө куруу жуучулук менен ишке ашат. Сизге жаккан адам болсо, ага өкүлдөрүңүздү жөнөтүңүз. Ата-энеңиз, жакын адамдарыңыз ыймандууларды караштырып таап беришсин.

-5 маал намаз окуп баштадым. Жыныстык байланыштан кийин чачымдын баарын жууш керекпи же нымдап койсом болобу? Чачым белиме жетет. 077722...

-Жыныстык байланышка чейин чачыңыз өрүлүү болуп, бүткөндөн кийин да өрүлүү турган болсо денеңиздин баарын жууп, башыңыздын терисине гана суу жеткирсеңиз болот. Чачыңызды суу менен сылап коёсуз. Чачы жазылуу убакта же жыныстык байланыштан кийин жазып жиберген убакта чачты да жууп коюу милдеттүү болот.


-Мени бир киши зордуктап койгон эле, андан кийин бир баладан боюмда болуп калды. Ал алдырасың деди эле күнөө деп болбой койдум. Анан таштап кетти. Элге уят болбоюн деп бирөөгө тийип алдым. Ал үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы болчу. Балдарынын убалына калбайын деп жашабай койдум. Баламдын атасы башкага үйлөнүп уулдуу болду. Аны аябай сүйөм. Ошон үчүн ага каршы эч нерсе кыла албайм. Эч жардам бербейт. Жок дегенде балаңды көрүп тур десем да болбойт. Колунда бар адамдар. Неге мындай адамдар жыргап жашашат? Апам аларга жазасын берсин дейт. Аларга жаза барбы? Нури

-Апаңыз туура кеңеш айтыптыр. Кудай жазасын берет. Биз Ислам өлкөсү болсок соттойт элек же башка чара көрүлөөр эле. Тилекке каршы, арызыңыз жок болсо майнап чыкпайт.

-Намаз окуганга аракет кылам, бирок билбейм. Чубак ава, мага китеп салып жиберсеңиз. Анан өткөндөргө кайсы куран окулат? Аркасынан кыргызча айтыла турган сөздөрдү билбейм. 077190...

-Борбордук мечиттин тегерегинде, базарларда намаз китептери сатылат. Курани Керимден кандай сүрөнү жаттаган болсоңуз, баарын өткөндөргө окусаңыз жарай берет. Кыргызча жүрөгүңүздөн чыккан сөздүн баарын айта бересиз, чек жок.

-Нике окутуу үчүн ата-энелердин уруксаты керекпи? Никеден кийин бирге болсо күнөө болбойбу? Талант

-Күнөө болбойт, ошон үчүн нике кыйылат да. Кыз киши сөзсүз атасынын же апасынын уруксатын алуусу керек.

-Түшүмө жүзү жарык, ак жоолугунун маңдайында арабча жазуусу бар кемпир кирди. Ал мага бата берип жатат. Кандай жооруса болот? Анара

-Жакшылыкка жооруңуз. Насип кылса бактылуу адамдардан болосуз. Намаз окуп, Кудайдын жолунан чыкпаңыз.

-Өткөн адамдарга үйдө куран окуп койсо болобу жана аны кыз бала окуса болобу? Анара

-Ооба, жарай берет.


-Соодабыз болбой жатканда феншуй төлгөсү боюнча жасалма бака алып келип шарттары менен койгонбуз. Ошондон кийин соодабыз оңолгондой болду. Бул туура эмес болсо соодага кайсы дубаны окуш керек? 070183...

-“Вакиьа”, “Кадыр” сүрөлөрүн окуп турсаңыз жакшы болот. Кудайдан жалбарып дуба кылсаңыз жакшы болот. Феншуй төлгөсү болбогон сөз.

-Идданын мөөнөтү канча? Анын толук бүтүшүн күтөмбү? Алчу адам шаштырып жатат. Жолдору жокпу? 077281...

-Идда толук чыкмайынча турмушка чыга албайсыз. Анын мөөнөтү үч жолу айыз көрүү, эгер айыз көрбөсө 90 күн. Боюнда бар болсо төрөгөндөн кийин каалаган адамына турмушка чыга берсең болот.

-Байкем аябай арак ичет. Намаз окуп, даватка чыгып жүрүп 4 жолу ичти. Азыр аябай күчөп кетти. Карыган апабызга кол көтөрөт. Көзүмө көрүнөт деп бирөөлөр менен сүйлөшүп, ары-бери чуркай берет. Үч жолу үйлөнүп ажырашты. 070044...

-Молдолорго дем салдырып көрүңүз, жакшы болуп калаар.

: -Жигитим мени мечитке алып барып нике кыйдырганбыз. 3 жылдан ашык сүйлөштүк. Мага үйлөнөм дечү. Анан башкага үйлөнүп алды. Алдаганы үчүн жазасын алабы? Алдасам кудай урсун дечү эле. Асел

-Сөзсүз жазасын алат.

-Оозду жапкандан кийин гусул алса болобу? Кубан

-Болот. Ооздон, мурундан суу киргизбей,этияттык менен...
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Meruet84   09 Январь 2016 - 10:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

1.Жолдошум мен келгенде эле оорукчан болчу экен. Кийин кайненем, баламдын оорусуна сен себеп болдуң деп айта баштады. Талак сурасам болобу, мен күнөөкөр болдумбу? (Бул суроо кыскартылды. Бирок устаз толугу менен окуду)

Жооп: Урматтуу бир тууганым! Бул жерде сенин күнөөң жок. Эч кандай кыжалат болбо! Сен да адам сыяктуу жашоого, бактылуу болууга укуктуусуң. Эмне үчүн башка бирөө оорулуу болсо сен да оорулуу болушуң керек? Ушунча кылганыңа ыраазы болсо болмок. Сенин күйөөңдөй мамиле кылбаса, талак сураганга укугуң бар. Ал психикасына доо кеткен инсан катары, сага да зыян жеткирип коюусу ыктымал эмеспи? Ата-энеңе баарын айтып бер! Алар сага жакшылык гана каалашат. Кудай Таалам бактылуулук насип этсин.

Аял киши гусул алганда чачын толук жууйбу же масх тартып койсо болобу?
Жооп: Эгерде, шариаттык иш болгондо, аялдын чачы өрүлүү болсо, ошол бойдон гусул алганга чейин чачынын өрүмү жазылбаса, анда гусул алган учурда аял киши башынын терисине толук суу жеткирип, калган чачына суу жеткирбей койсо жарай берет. Жөн гана сыртынан масх тартып, сылап коёт.

Жолдошум каза болгон, ортодо балабыз жок. Каза болгондо талагы түшөт деп уктум. Акыретте акыркы никедеги жолдошу менен болот дейт, ушул туурабы? Жолдошум “аял кишинин башы бош болбош керек” деп айтчу. Башка менен турмуш кургум келбейт. Башым бош, турмушка чыкпай өтсөм күнөө эмеспи?
Жооп: Күйөөсү өлгөн аял төрт ай, он күндөн кийин башы толук ачылып, бошойт. Башкага турмушка чыга алат. А эгер, боюнда болсо, төрөөрү менен башы ачылат. Бирден ашык турмушка чыккан аялзаты, акыретте кулк-мүнөзү эң жакшысы менен бирге болот.

Жалгыздык жалгыз Жаратканга гана жарашкандыктан, пенделери колдон келишинче никелүү болгону жакшыраак. Бирок, милдеттүү эмес. Көңүлүңүз тартпаса, же мойнуңуз жар бербесе, жалгыз жашаганыңыз деле макул. Ылайыгы чыгып калса, ойлонуп көрсөңүз, андан бетер жакшы болот.

Устаз, Москвага качан келесиз? Бизге да зыярат кылып кетиңиз. Москва, аты белгисиз!
Жооп: Москвага 23-январда келем, насип болсо. Мен келген жерге келип, өзүңөрдү зыярат кылдыртып кеткиле, макулбу?!

Көз тийүү (Кирене кирүү) боюнча айтып бересизби. Анын белгилери кандай? Адамды киренелөө туурабы?
Жооп: Көз тийүү акыйкат. Пайгамбарыбыз алайхис салам бул жөнүндө өз хадисинде айткан. Кирене кирүү да көз тийүүнүн бир формасы. Колунда эми бар адамдар киренелеп койсо жакшы болот. Динге каршы келбейт. Киренелөө - кирене кирген адамдын жакшы болуп кетүүсүн Кудайдан тилеп, дуба кылып, колу менен адамды сылагылап, жоюп-укалоо. Пайгамбарыбыз алайхис салам да Айша энекебиз ооруп калган учурда, колун башына коюп, дуба айтып дем салып берген. Мааниси, кирене жойгондордун тилектерине үндөшөт.

Мен көп жылдан бери ыйман жолундамын, Жолдошума да ыйманына карап, турмушка чыккам. Жолдошум намаз окуйт, орозо кармайт, мен тааныгандан бери жамаатта. Азыр 4 балабыз бар. Жолдошум классташтары менен Whatsappтан группа ачып алып, күндө жазышып турат. Классташтарынын көбү кыздар. Жазында 20 жылдыкка чогулганы жатышат. Ушу маселе боюнча кеңири жооп берип коёсузбу? Ушул кылганы туурабы?
Жооп: Сиздин кызганганыңыз туура! Аял кишилер менен жөн эле сүйлөшө берүү туура эмес. Сиз да эркек классташтарыңыз, группалаштарыңыз менен ошентип сүйлөшсөңүз, эмне дейт болду экен? Ошондой эле, анын классташтарынын да күйөөлөрү бар. Мусулман эркек аялзат менен достошпойт. Алар менен шариаттын чегинде гана мамиледе болот. Аларга урмат-сый көрсөтөт.

Бала төрөлгөнүнө 40 күн болгондо, кыркын чыгарган салтыбыз бар го, 40 токоч, 40 кашык сууга жуунтуу сыяктуу. Ошолор шариатыбызга туура келеби?
Жооп: Баланын кыркын чыгаруу деген сөз жок шариатта. Ошол баланы төрөгөн аялдын кыркын чыгаруу деген бар. Ныфас мөөнөтү бүткөндөн кийин, гусул алып жуунат. Ныфас мөөнөтүнүн эң көбү - кырк күн.

Арак кошулган коланы байкабай ичип алса эмне болот, күнөө болбойбу? Ысык -Көл, Нурсултан.
Жоок: Адашкандын айбы жок, кайтып үйрүн тапкан соң...

Кошунам экөөбүз бири-бирибизди түшүнө албай урушуп кеттик. Жаман сөздөрү менен көңүлүмдү катуу оорутту. Күйөөмө айтсам, өзүң күнөөлүүсүң деп урушат. Кыйын учурда мени колдобойт. Биздин 3 балабыз бар. Кээде буулугуп ыйлайм. Кеңешиңизди бериңиз, устаз?
Жооп: Жакшы күйөөң бар экен. Антпесе, сен элдин баары менен урушуп кетип жүрбө?! Сени менен чогуу жашап, бир жаздыкка баш койгону сени колдогону болот. Эри бар аял эмнеге буулугуп ыйлаш керек? Сен каткырып күл. Жыргап жаша. Намазды калтырбай оку. Эриңди сүй. Сүйбөсөң да сүй. Сүйүү менен жашоо - бактылуу жашоо.

Мен Москвада ОМОНдо иштейм. Бизге ар кандай буйруктар келет. Аларды аткарсак, күнөөсү кимге болот. Кээде барып урушту токтотсок, кээде атып салабыз дегендей. Москва, Муси.
Жооп: Урушту токтоткон туура. Атып салууга келгенде карап көр. Алар мусулман эмес мамлекет болгондон кийин, кээде жөндөн-жөн эле мусулмандарды ата берүүсү да мүмкүн. Ал учурда огуңду бошко ат.

Мен намаздын рекеттерин жакшы билбейм. Алмаштырып, адашып окуп алам. Күнөө болбойбу? Мен көп күнөө кылгам, ал күнөөлөрүмдөн кандай кутулсам болот? Москва, Муси.
Жооп: Алмаштырып, адашып окуп алганың күнөө эмес, атайылап жасап жатпагандан кийин. Акырындык менен оңдой бер! Күнөөлөргө тооба кыл. Адамдардын көңүлүн оорутсаң, же акысына кирип кеткен болсоң, алардын алдынан өт, кечирим сура!

Никаб кийүү аял кишиге парзбы? Кийбесе күнөө болобу? Кененирээк түшүндүрүп бересизби? Москва, Алтынбек.
Жооп: Никаб кийүү сүннөт болуп эсептелет. Кийбесе күнөөкөр болбойт. Никаб кийүү адатка айланган жерлерде кийинүү сүннөт болот. Никаб - аялдын көзүнөн башка жерин жаба турган жүзгө тартылчу көшөгө.

13.Эркек киши имам матруди акыйдасын карманса,аялы салафи акыйдасында болсо, эркек киши Алла астында жооп береби? Москва, Исраил.

Жооп: Аялына туура акыйданы үйрөтүү эркекке милдеттүү. Ошол туурасындагы жакшы китептерди аялына алып берүү керек. Туура эмес акыйдадагы жамааттардын сабактарына баруусуна тыюу салуу зарыл.

Келинчегим экөөбуз жашаганыбызга 3ай болгон. Мен жумушта кезде, апасы менен урушуп, өлөм деп коркутуптур. Урушуп койсом, үйдөн качып башка бала менен кетип калыптыр. Эртеси таптык. Кайра жашайлы деп, кечирим сурап жатат. Эмне кылышымды билбей жатам, устаз. Токмок, Жоомарт.
Жооп: Кабыргаң менен кеңеш. Кокус аны менен жашай турган болсоң, ал тиги менен чогуу болгон болсо, бир айыз мөөнөт өткөнгө чейин, аны менен төшөктө чогуу болгонго болбойт. Бир айыз болгондон кийин, боюнда жоктугу аныкталса, кайра чогуу жашаганга болот. Эгерде тигинден боюна болуп калса, аны төрөгөндөн кийин гана чогуу жашоого болот.

Мен азыркы учурда бир баланы өзүм тарбиялап жатам. Жалгыз бой жүргөнүм үчүн 2-аялдыкка колумду сурагандар болуп жатат. Никеге турганда ата энеге айтпай эле, аялына билдирбей алам дейт. Мен күнөөкөр болбоймунбу? Үй-бүлөсүн бузуп тиейин деген максатым жок.
Жооп: Аялына билдиргиси келбей жатса, демек, аялынан корккон эркек экен. Ошол эркек, кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет деп, эртең билинип калса, сизди коргоого даярбы деген суроо туулат. Ата-энеге айтып никеге турсаңыз кадырлуу болосуз. Болбосо, ойноштой болуп жашыруун жашагандан жадап бүтөсүз. Көлөкөңүздөн коркуп, коёндой болуп жашайсыз!

Биз үй-бүлөбүз менен Москвада турабыз. Кайнежем 4 баланын апасы. Жолдошу жол кырсыгынан каза тапкан. Өзү дин жолуна түшүп, жоолук салынып жашайт. Бир күнү дин жолунда жүргөн өзү курактуу мырза менен таанышып, экинчи жолугушууда никеге турат. Ата-энесине да айтпайт. Ал аялы менен ажырашкам деген экен, бирок, ажырашпаптыр. Бир жума жашагандан кийин “даватка кеттим” деп кеткен бойдон дайыны жок. Эжебиз кош бойлуу болуп калыптыр. Алдырайын деп акыреттеги сурактан коркот. Ичи чыга баштаганда бизге келди. 4 баласын бир туугандарынын, инисинин жардамы менен араң багат. Туула турган бөбөктү эмне кылыш керек? Айылга барайын десе шерменде болот. Эч ким көргөн да, билген да эмес. Азыр ал үчүн бала багуу аябай оор. Ошого карабай, ушул жерде багып, карайм дейт. Баланы төрөп, атасын таап берип койсо болобу, же эмне кылыш керек? Азыр 7 айдан өтүп калды. Москва, аты белгисиз.
Жооп: Ооба, атасын таап, баласын чапанынын өңүрүнө салып берсин! Же айылдагы эркектин ата-энесине алып барсын. Ошолор багууга милдеттүү. Кокустан ачкадан өлсө, баланын атасы күнөөкөр болот.

Бала багып алганда аны эмизбесе, бала ошол үйгө наамахрам болуп калабы? Кененирээк маалымат берип коюңузчу?
Жооп: Ооба, ал бала ошол үйгө наамахрам болуп калат. Бирок, баккандыгы үчүн эбегейсиз соопторго ээ боло беришет. Бала чоңойгондо баккан энеси да анын алдында жоолукчан жүрүүгө милдеттүү болот.

18.Тоок эти боюнча суроо. Москвада бир цехте Биссмиллахир арохманир рохим, Аллаху акбар деп бир баскычты басуу менен бир канча тооктун жаны чыгарылат. Ошолорду адал деп сатып жатышат. Кэ бир адамдар ар бир тоокко Бисмилани айтып сойсоң гана адал болот дейт. Москва, Руслан.

Жооп: Бул маселеде жообум азырынча жок. Болгондо айтайын.



Үй-бүлөбүз мене Орусияда турабыз. Эки балабыз бар. Ай сайын квартирага акча төлөйбүз. Кредит арам экенин билебиз. Өзүбүз намаз окуйбуз. Мен хижжап кием. Тапкан ырыскыларыбыз адал болсун деп аракет кылып жашап келебиз. Бир канча жылдан кийин үй өзүбүзгө калат экен деп ипотекага үй алдык. Тапкандарыбыз арам болуп калбайбы?Москва, Жазгул.


Жооп: Силердин шартта, силердин кылганыңар туура. Тапканыңар арам болбойт. Залкар аалым Мустафа Заркаанын бул туурасында фатвасы бар.

Чогуу иштегендер менен пикир алышып, жакындан таанышып, жакшы сөздөрдөн сүйлөп, адал тамактар менен, ичимдиксиз жаңы жыл тосуп олтурсак болобу? Бишкек, Эдил.
Жооп: Болбойт. Жаңы жыл тосуу мусулмандарга туура келбейт.

Үйдөгүлөр мен каалаган кызды алып бербей койду. Мен болсо кызды ала качып үйлөнүп алгам. Аны менен жашаганыма 9 ай болду. 2 ай жашагандан кийин аябай көңүлүм калып калды. Таза эмес кыз экен. Мен ага “сени менен жашабайм” деп айтып салгам. Бул талак болуп эсептелеби? Бишкек, Миргазы.
Жооп: Ал сөзүңө талак түшпөйт. Эч качанды эч качан айтпа. Алган ээри жарашса, кара катын ак болот. Баккан ээси жарашса, күйпүл күчүк сак болот.

Орусияда иштеген мусулмандар банктан процентке акча алып иштетсе болобу?
Жооп: Болот. Төлөөгө кудурети жетерин билип алса болот. Анткени ханафий мазхабы боюнча дааруль харбтагы (мусулман эмес өлкө) мусулман менен харбийдин
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   ilyazova.91   14 Январь 2016 - 00:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 31 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2018 22:07

Жолдошум мастыгы менен 3жолу талак берипалды эле азыр жашапатабыз. никебиз бузулдубу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 16:41

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: