Суперстан: Бишкекте ар бир 6-кыз 14 жашында кыздыгынан айрылабы? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бишкекте ар бир 6-кыз 14 жашында кыздыгынан айрылабы?

#1 Пользователь офлайн   alishaaa   11 Март 2015 - 02:46

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 16 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 19 Май 2019 18:12

канайымы Раиса Атамбаева Аялдардын улуттук форумунун “Аялдар менен кыздардын ден соолугу” темасына арналган бөлүгүнүн жүрүшүндө "Бишкекте ар бир 6-кыз 14 жашында жыныстык катнашка барат" билдирди.
Ошондой эле Раиса Атамбаева Кыргыз-Орус Славян университетинин акушердик жана гигиена кафедрасында иштегенин жана анда өлкө боюнча демилгелүү иликтөөлөрдү жүргүзөрүн билдирди.

“Акыркы мезгилде өспүрүмдөр арасындагы кош бойлуулук жана бойдон алдыруулар көп экени белгилүү болду. Бишкектеги 12 мектепте окуган 2 миңден ашык кыз катышкан жашыруун сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында жалпы коом үчүн терс көрүнүш аныкталды, ар бир 6-7-кыз 14 жашында жыныстык жашоо менен жашайт экен. Ал эми 10-11-класстын окуучулары бойдон алдыруунун зыяндуулугун жана кесепеттерин билишпейт" ,-дейт Атамбаева

Билдирүүнү түзөткөн: alishaaa: 11 Март 2015 - 02:48

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Kesh.26   11 Март 2015 - 02:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 717
  • Катталган: 25 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 03 Апр 2016 00:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек- Жалалабад

Мындай кетиште жакынкы арада детсадка барганда эле айрылып калышы мумкун)))

Кудай озун сактай кор, андай болбосун (оозума таш)...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   al79mi   11 Март 2015 - 08:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 131
  • Катталган: 28 Январь 14
  • Соңку аракети: 07 Янв 2022 15:06
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Алла таалам жаштарга ыйман берсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   admin_superstan   11 Март 2015 - 09:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Алиги" бөлүмүнөн "Саясат жана коом" бөлүмүнө жылдырылды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   ROZI   11 Март 2015 - 10:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Мындай нерсени душманга да каалабайсын!
АЛЛАХ ТААЛАМ баарыбызга бекем ыйман, хидаят, жакшы адеп, кулк-муноз берсин!
Кызга кырк жерден тыюу деген эрежени кармап, жакшы тарбия беруу керек.
Тарбия - ата-эне, биртуугандары жана мугалим тараптан.
Ар бир жигит энесин, эже-карындаштарын кандай сыйлап, аларга жалан гана жакшылык кааласа, башка кыздарга ошол нерселерди ыраа корсун!


Пы.Сы. Кыздарга карата ишенбестик жана кордоп кетуу жонундо ойлобогун, суйлобогун! Тамаша катарында да бироонун намысына тийип жаман создорду айтпагын, шылдындабагын!
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   aikow92   11 Март 2015 - 10:41

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Бишкекте 6/1. Кыргызстандын башка олбасть, район, айылдарында да ушундайлар пайда боло баштады. Интернеттин пайда болгону, андагы чектоонун жоктугу жана окуучуларга аябай жеткиликтуу болгонунан улам ошондой болуп жатат. Окуучуларга соц.сеттерге тыюу салып жалан окуу билим жагынан интернетке доступ бериш керек. Эгер токтотуу мумкун болбосо анда репродуктивдик ден соолук деген боюнча тушундуруу иштерин жургузуу керек болот. Эркек ишин кылат кетет. Эч нерседен кабары жок оспурум кыз ден соолугуна кооптуу.
Эгер жаш кезден жыныстык катнашка барса кандай натыйжа болорун медиктер тушундуруп бериши керек. Тушундуруу иштери жаш кезде бойго бутуу, алдыруудан сактайт. Эгер биологиялык анатомиялык жактан жетилбесе ден соолукка зыян деген ойду жаш кыздардын акыл эсине кире тургандай айтса менимче кыздар мындй кадамга барбайт.
Уйдо апа менен кыздын, ата менен уулдун ортосунда ачык суйлошуу болушу керек. Кызым жаш кезде жатып алсан ооруп каласын, кош бойлуу болуп калсан балалыктан ажырайысын бардык нерсени оз убактысы менен болгону жакшы деп.
Уулум кызуу канын менен барып жаш кыз менен жатып алба, эрте туйшук тартасын ата болуп же бир кыздын убалына каласын деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   ACAH_AKA   11 Март 2015 - 14:37

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 068
  • Катталган: 30 Март 14
  • Соңку аракети: 02 Фев 2018 20:49
  • Жынысы:Эркек

Олуптур да а.
Сойку канадагыларга конкурент кобойо баштаптыр
УЛУТЧУЛ ДЕЙТ БИЛБЕГЕН
УЛУТУН КИМДЕР СУЙБОГОН
КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДУЙНОГО
КЫРГЫЗ ДЕП ОТОМ ДУЙНОДОН
Б.САРНОГОЕВ







МЕН ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОҢ ОЙЛОЙ БЕР МАГА КЫЗЫГЫ ЖОК!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   13 Март 2015 - 11:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 11 Авг 2025 02:59

Баардыгы кыз жигит деген жаман тушунуктун айынан!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Nursss_Real_Madrid   13 Март 2015 - 11:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 434
  • Катталган: 04 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 21 Фев 2016 01:16
  • Жынысы:Эркек

мектепте атайын ошондой темада сабак отулсо жакшы болмок, баардыгы билимсиздик сабатсыздыктын айынан болуп жатат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   sister   13 Март 2015 - 11:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

абдан, абдан, абдан окунучтуу. Мындайды токтотпосок, абдан жаман кесепетин тартабыз. Ондоонун бир эле жолу бар - бул дин. Кудайдан уялган кыз уятын жоготпойт, Кудайдан уялган жигит, бироонун уятына кол салбайт. Демек, мектепке созсуз дин сабагын киргизуу керек. Кыз баланын кичинесинен ан сезимине "кызды кыз кылган - бул абийир" - деген ой синип калыш керек. Жана биздин жаштарды пайдалуу нерселер менен алектендируу абзел , анткени жаман корунуштор бекерчиликтен келип чыгат.
Ээх, адамзат, бир берилген жашоону дагы жон жашап отпойт экенбизго...


brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   atai9292   13 Март 2015 - 14:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: 22 Июл 2025 01:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

тооба кылдым эй чын эле ушундай болушу мумкунбу деген озумо озум суроо келдида кудай сактасын балдарды азгырган кыздаргада ошол кызды бузган балдаргада аллах таалам ыйман берсин мындай болбой эле койсунчу
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   hukker777   13 Март 2015 - 14:11

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 767
  • Катталган: 06 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 20:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жерде


Жок дегенде 17-18жашка чейин чыдагылачы кыздар. Ушундай эле болбой жатсанар андан кийин эрге тийип алгыла

Ак сөз, асыл ой, адал иш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Asan-aka   13 Март 2015 - 14:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 548
  • Катталган: 10 Май 14
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 12:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КАЙСЫЛ ЖЕРДЕ ЫЗЫ ЖАНА ЧУУ БОЛСО НАК ОШОЛ ЖЕРДЕ.

Бишкеке барат окшойбуз балдар......... ..
БАР БОЛОЛУ ТУГОНБОЙЛУ КУРДАШТАР
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР







А.ОСМОНОВ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   MoXiTo   13 Март 2015 - 15:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 384
  • Катталган: 14 Июль 14
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2016 21:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения make-88 (11 Март 2015 - 08:03) жазган:

Европанын кесепети.

Бакиевчи ? Мумкун Атамбаев куноолуудур? Мумкун окмот куноолуудур. .. Биздин бироого шылтаган арамза создорубуз качан токтойт экен :) кылгылыкты кылышып европа мн бакиевке куноолоп отура беребиз. Бул корунушко ата эне , мектеп куноолуу.Тарбыянын жоктугунун кесепети. Эгер жаштар чындап эле европаны туурап чыкканда мынтип шалтагыбыз чыгып аборт жасап, балдарды мусорго ыргытып отурбайт элек.
I'm not PERFECT at least I'm not - FAKE
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   hukker777   13 Март 2015 - 16:48

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 767
  • Катталган: 06 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 20:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жерде


Чын э. Европаны жамандагынар жамандаган экен да.

Ак сөз, асыл ой, адал иш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   AZIK01   13 Март 2015 - 19:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

:shok: Ар бир 6-кыз жыныстык катнашка, 14 жашынан барат бекен?

Же сурамжылоосу ката, же менин ишенгим келбей турат. Билбейм, Бишкек жактарда кыздыктын мааниси анча маанилүү эместей го?!

Ата-эне карап, тарбия бербесе ушу да! Акыретин ойлобой, бактылуулуктун жолун билбей , убактылуу жыргал деген ушул да. Ата-эне кечке иштеп, кеч чарчап келип жата калат. Балага көңүл буруп, тарбиялаганга убакыт жок.


Кой! Бул статистика көрсөткүчүн жалганга чыгара турайлы....

Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Kesh.26   14 Март 2015 - 00:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 717
  • Катталган: 25 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 03 Апр 2016 00:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек- Жалалабад

AZIK01... Сенин ишенгин келбей турат, бирок бул чындык. Шаар эмес айылдарда деле кобойуптур андай корунуш. Статистиканы жалганга чыгарыштын кереги деле жок болуш керек, ачуу болсо да чындыкты кабыл алганыбыз он го дейм. Малды деле Адам дей берсен, баарыбир Адам болбойт го, ошол сынары))).
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   rumaika5544   14 Март 2015 - 01:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Алысыраак жемемдин апасы Бир мектептип директору эле, кыздарды текшеришкен экен. .11-класстын ,24 кызынан 2 кыз таза экен дейт. Ылдыйкы класстарды айтпай эле койойун дейт. Ишинен кетиришти.
Чындык экени окундурот.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Comedian   14 Март 2015 - 01:55

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 505
  • Катталган: 24 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 16 Апр 2024 12:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Пермь

Коом бузулдуСүрөт
xD ))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Speznaz41   14 Март 2015 - 03:56

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 495
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 01:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олкодо

Мектеп окуучулары окуу программаларына дин сабагын киргизүүнү сунушташууда. Бул тууралуу борборубуздагы №72 мектепте “Дин жана тынчтык” аталышындагы дебатта  айрым окуучулар айтышты. Жыйында салттуу дин мамлекет тарабынан каржыланышы шартпы?- деген өңдүү маселелер кызуу талкууга алынды.   

 Жанар Жапаров  Кыргыз Улуттук Аскер лицейинин 3-курсунун студенти.  Ал Кыргызстан көп улуттуу мамлекет болгондуктан диний көйгөйлөр жаралып жатканынын билдирип,  аны чечуу үчүн мектеп  программасына дин сабагын киргизүү керек деп эсептейт. Ошондой эле маселеге кайдыгер карабай ,  динден  адашып башка уюмдарга кирип жаткан инсандарга багыт берүү үчүн  досу менен бирге аракеттерди көрүп жаткандыгына токтолду.

-Мен1-курсумда “3”кө окуур элем. Дебатка катышып атып, мугалимдердин алдында тартынбай оюмду ачык айтууга көндүм. Ал эми “Дин” жөнүндө айтсам, Кыргызстан көп улуттуу мамлекет болгондуктан диндин да көп түрүн тутушуп, андан диний көйгөйлөр да жаралды. Азыркы тапта мен досум менен мунун чечүүнүн идеяларын карап жатам.

 Ал эми  “Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фондунун жетекчиси Жумадыл Маматжанов бул көйгөйдү  мектеп программасына дин сабагын  киргизип гана  эмес, жер-жерлерде  тегерек столдорду, семинарларды, талкууларды,   конференцияларды өткөрүү менен да чечсе болоорун белгилейт.  

-Мамлекет башчы өткөндө консепция кабыл алды.Ошонун негизинде жер-жерлерде  тегерек столдорду, семинарларды, дебаттарды, конференцияларды өткөрүп туруу зарыл. Буга  ата-эне, окуучу,  мугалимдерден турган үч илтик  жана мамлекет кайдыгер карабоосу керек. Ал эми жаштардын руханий жан дүйнөсү азыр бош. Андыктан кандай багыт берилсе, ошого толот. Демек, аны биз пайдалуу жана зарыл нерселерге толтурушубуз керек.

Ошол эле учурда  “Дебат” клубунун жетекчиси, агартуучу  Гүлнара Жумалиева учурда диний баш аламандыктар күч алганын айтат.  Кезектеги болуп жаткан  пикир айтыштын негизги максаты дал ушул көйгөйдү чечип, жаштарга туура багыт берүү  экенин кошумчалайт.  

-Азыркы тапта диний көйгөйлөр көбөйдү. Жаштар сакал өстүрүп же жаш эмес же кары эмес. Диний экстримизм да жок эмес. Жамынып алып эле укмуштун баарын кылып атышпайбы. Мына ушул өндүү маселелерди жаштар өзүнүн көз караштары менен талдашат. Биз аларга оң багыт бергенге аракет кылуудабыз.

Адистердин айтымында өлкөдө  дин сабатуулугу жоюлбаган инсандар көп болгондуктан , кыргыз жарандары башка мамлекеттеги согушка кетип атышат.  Мисалга,  Сирия мамлекетине  жалпысынан 175 адам аттанган. Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитети берген мындай маалымат расмий такталган эсепке гана таянуу. Бирок алар андан алда канча көп болушу мүмкүн экени да айтылууда. Динде бирөөнүн жанын кыюу эмес, кол көтөрүү күнөө болоорун белгилешет. Демек, бул жаатта элге маалыматты туура жеткирүү зарылчылыгы бар экени мектеп окуучулары тарабынан  бекеринен айтылбагандай...

Билдирүүнү түзөткөн: Speznaz41: 14 Март 2015 - 03:57

Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Авг 2025 03:10

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: