Кышкы каникулда бойрогумо суук отконуно байланыштуу больницага жатып даарыланышыма туура келди. Больницага жатканыма 2 кун болгондо тушко маал менин жаныма бир жаш келин кирип келди . Сырттан киргенде эле баарын озуно бурчу сулуулугу корунот экен, тим эле кудайым баардык сулуулукту ошол келинге берген сыяктуу. Кирип менин жанымдагы керебетке жайгашты жарым сааттай убакыт откон сон сырттан жаш бала кармаган кара каштуу ак калпакты жараштыра кийген мырза кирди да жанагы келинге " Алтыным мына кагаздарын озунду жакшы кара биз эртен келебиз , Алинурдан кыжаалат болбо жанымдан чыгарбайм "- деп жанагы келиндин бешенесинен ооп чыгып кетти. Ошол жылуу созунон жубайын каттуу суйорун билдим. Бирок жанагы келиндин жолдошуна карата эч кандай сезими байкалган жок.
Экообуз бир болмодо олтурабыз же суйлошпойбузда,
жанагы келиндин келгенине 3 сааттай болсода терезеден козун албайт . Аябай ойлуу эле козун тике караган адам ал келинден коп нерсени байкачу , ичинде буулугуп жаткан арманы, азабы менен кошо кайгысы бар экенин. Коп суйлогон жана унсуз олтура албаган жаным акыры чыдамым кетип кечки саат 7де жанагы келинге соз баштадым. " Эже кечиресиз атыныз ким? Таанышып суйлошкончо олтуралы . Мен зээригип кеттим унсуз олтура берип десем, келгенден бери суйлобогон жанагы келин "атым Алтынай"-
деди. Аны угуп " аа жакшы атыныз бар экен дедим. Ошентип тааныштык мен канчалаган суроо берсемда Алтынай эже кыска кыска жооп берип жатты. Анан бир кезде соз арасында " Алтынай эже кечиресиз???
Сизди ойлондурган кандай нерсе болду??? Эмнегедир козунуздон коп нерсени байкадым эгер журогунуздо тынчтык бербей жаткан жан дуйнонузду жай алдырбаган арманыныз болсо мага айтып алсаныз мумкун женилдеп алат белениз " дедим.... Терезени карап олтурган Алтынай эже унсуз олтура берди , анан мен " мейли Алтынай эже сизди кыйнабайм, болгону женилдеп аласпы деген ой бар болчу" деп созумду бутурдумда керебетке жатып алдым. Арадан беш мунот отуп отпой Алтынай эже созун баштады:
Кичинемден тырышчак, созулган , ачык созду бетке айтып чонойдум.
Уй-булодо 7 бир тууган болсок мен 4су болуп торолдум. Мектепти аяктап менда эл катары борборго окууга жонодум, Манас университеттине отуп окуп калдым. Куз келип студенттик кундор да башталды. Жаны танышуу жаны достор жаны тайпалаштар дегендей койчу деги, жашоонун эн кызык кундору кой десе койбогон ойун кулкуго тойбогон кез студенттик кундор эмеспи. Кыздар менен бир квартирада 4 кыз жашачубуз . Ошентип кызыки кундор отуп жатты. Ошондой кундордун биринде квартирада биз менен бирге жашаган Жамиля деген курбумдун туулган куну болуп калды. Эрте менен сабакка баарыбыз жоноп кеттик, сабак буткон сон мен Жамилядан башка кыздарга чалып мен базарлык кылып барайын силер Жамиля барганча уйду иреттеп сюрприз кылып тургула деп , базардан алчуумду алып, эми торт алайын деп жатсам жаныма бир жигит келип " чон кыз жардам керекпи? Сизге булар оордук кылбай элеби"-деп колумдагыларды алып калды озум эле десем болбой которуп алды, озумда чарчап аран турган экем женилдей эле туштум. Тортту да алып базардан чыктым жанагы бала быдылдап эле суйлоп келатат. Базарга квартирабыз жакын болгондуктан базардан чыгып эле жанагы балага карап рахмат мындан ары озум десем болбой жеткирем деп туруп алды анан мен макул ансызда квартирага чейин озум базарлыгым менен кечиндеси жетем деп ойлогом. Ошентип уйго келгенче таанышыпда алдык аты Мирбек экен , мед . Академияда окуйт экен. Туулган кундун кечкисине баарыбыз жигиттерибизди чакырабыз деп суйлошконбуз.
Бирок менде жана Уулкан атту курбум экообуздо жигит атту жок болчу. Мирбек подъезддин алдына чейин жеткирди да дагы кичине туралычы деди мен болсо курбумдун туулган куну экенин жана туулган кун ээси келгенче дастаркон жайышыбыз керектигин айтсам." Мени чакырасынбы туулган кунго"- деди. Ошол жерде ойумда " макул сени кыздарга бугунчо жигитим деп айтам, эртен жон гана досум деп койом " деп ойлоп, макул чакырам дедим. Номеримди алып ал уйуно кетти.
Жан дуйном азапта! Жан дуйном азапта!
#2 14 March 2015 - 02:35
Суйуу,армандуу окшойт,емнеси болсо да бактылуу еле болсунчуу,
Менин да арманым бар, силердей туура тушунуктуу жазалганым да жазып кетмекмин.
Менин да арманым бар, силердей туура тушунуктуу жазалганым да жазып кетмекмин.
#3 14 March 2015 - 02:42
Нурлан - Жазбай эле койунуз жазган м.н пайда жок,откон отту кеткен кетти.Кубанычтуу кундорунуздон жазын андан коро.
Т.Б бул кимдин арманы эми? Же китептен кочуруп жазып атаспы?
Т.Б бул кимдин арманы эми? Же китептен кочуруп жазып атаспы?
Жашоодо эч нерсе туболук эмес,
Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!
Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!
#4 14 March 2015 - 03:27
Мирбек " мени да туулган кунго чакырасынбы "- деди, ойумда " бугунчо сени кыздарга жигитим деп тааныштырам , эртен болсо жон гана досум деп койом " деп ойлоп алдым. Мирбек менин номеримди алды да кетти , а мен болсо уйго кирип кыздар менен аралашып кеттим, кантип кеч киргенин сезбей калдык мына Жамиля келатат дегенде гана светти очуруп шам жагып озубуз койнокторубузду кийип дайар болуп туруп калдык. Эшиктен жоогазын кулун колуна алып жигитин ээрчитип ширинибиз Жамиляда кирип келди. Баарыбыз куттуктап дастарконго олтурабыз дегенибизде менин телефонума званок келип калды карасам бейтааныш номер анын Мирбек экендигин сезип турдум. Алооо? Угуп жатам? Деп чалып жаткан адамга жооп бердим. " бийкеч мен подъезддиниздин алдында турам кайсыл дарек бойунча чыгайын? "- деген, Мирбектин жагымдуу унун уктум да 7-квартира деп жооп кайтардым, " анда кутуп алыныз сулуу"- деди анда мен макул дедимда, телефонду койуп кузгуго каранып алып курбуларыма азыр мына аяшынар келет деп, эшикке чыгып кеттим. Сыртка чыгып кутуп турсам кастюм шым кийип галстук тагып эки жигит чыгып келатышат. Аларды коруп эле уялганымданбы телефондо суйлошкон адам болуп туруп калдым . Качан алар менин жаныма келгенде гана телефонго анан суйлошолу деген болуп телефонду очурдум. Мирбек жалгыз келбей досунда ээрчите келген экен колдорунда суусундук жана торт бар экен. Аларды уйго киргизип досторум менен тааныштырдым Мирбекти тааныштырып жатып жигитим деп койдум антсем Мирбек " кандайча ? " дегенсип мени суроолу карап олтурду тамак жеп буткон сон бийлегенге мезгил келди. Мен Мирбек менен, Жамиля озунун жигити Алихан менен, Уулкан досум Мирбектин досу Акыл менен , Майрам озунун жигити менен бийлеп калдык. Бийлеп жатканда эмнегедир зээригиштиби жигиттер камандасы женил бий койушту . Сразу эле белден кармап мени озуно тарткан Мирбектин адеклеону мени озуно арбап турду. Ошол бойдон узулбой жалан гана женил бийге бийлеп жаттык. Мирбек менен келген Акыл менден козун албайт эмнегедир. Бир кезде Мирбек мага кулагыма шыбырап " мен ушул бойдон калгым келет"-деди.
Мен анча тушуно бербей , " кандайча? " десем. "Жигитин бойдон калгым келет "- десе болобу . Ошол жерден айтып салайын дедим анан кой азырынча жон эле койойун деп бийлей бердим. Мага Акылдын коз карашы жакпай жатты. Бир саатча женил бийледик анан тамактаналы деп дастарконго олтурсак Жамилянын жигити Алихан жигиттерди ээрчитип биз азыр тез эле деп сыртка чыгып кетишти. 5-10 мунотко жетпей кайра келип калышты тамакты жеп тортту да жеп кайра эле бийлегенге турдук. Эмнегедир баягыданда озуно каттуу тартып башын мага жолоп бийлеп калды Мирбек. Сага эмне болду Мирбек? Дегенимде " аа эч нерсе журу сыртка чыгып келеличи "- дегенде оозунан кандайдыр жагымсыз жыт мени башымды айлантты. Эмне гыласын сыртта? десем, " басып келеличи "- деди . Менда макул болдум экообуз жылуу кийинип алып досторго жарым сатта келебиз деп сыртка чыктык . Койнок кийип алган жаным сыртка чыгып эле кыштын ызгаарына ушуп калдым бирок канчалык Мирбекке билдирбейин дегеним менен ал сезип озунуз курткасын менин женил курткамын сыртынан жапты . Бир канча жолду бастык арасында Мирбек менин колумдан кармап жетелегенге да улгурду. Бир кезде баратсак эле мени озуно тартып кел ак кардын устуно жатабыз сен башынды бул жака а мен бул тарапка деди мен макул болбосомда ал озу жатып алды . Турчу эми суук отот джемпир менен да адам карга жатабы десем, " сенда жат анан турам"- дейт , анан менда эмне болот эле карго деп ага жанаша жаттым. Копко жаттыкбы билбейм жылдыздарды карап жатсам ал мени кучактап " Алтынай мен сени суйуп калдым, эгер суйгонун жок болсо,? Мага жар болчу?"- деп калды . Эч нерсе ойумда жок эле , уктап калган тур корсоттум ага ал болсо " Алтынаай?? Ой сулуу?? Йе бул кыз уктап калыптырго мен болсо арманымды айтып олтурам "- деп озунчо кулуп алды да туруп эле мени которуп алып уйго карап басып жоноду, байкушум канча бассада чарчабай акыры жай басып калганда , уйкудан ойгонгон адам болуп чочуп " тушур мени жерге" десем , акырын тушурдуда колумдан кармап басты. Уйгода жеттик эми гана бийлеп бутушкон экен. Экообуз да аларга кошулуп ырдаап ойноп олтурдук. Качан гана сааттын жебеси 2ни корсоткондо жигиттерибиз кетишти кыздар болсо жыйнап нетпей эле кулаган дерибизде уктадык. Ошентип омуру жигит менен суйлошпогон жаным Мирбек менен журуп калдым.
#5 14 March 2015 - 06:48
Мен болгону Алтынай эженин айтуусу бойунча жазып жатам. Эч кандай алдабай эле .
#8 14 March 2015 - 10:29
Жаза берчи
Ж-
И-
В-
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца жизни...
#9 14 March 2015 - 11:16
калппы чынбы жазып бутконго дейре оюну болбой туралы анан сындайбыз азыр кызыктуу болуп эле келе жатат акырына чейин окуп бутуп алалы автор калганын кутуп жатабыз эртереек бутурсонуз
#10 14 March 2015 - 14:17
Алтынай Мирбек)))Жаза бериниз уландысын кутобуз....
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#14 14 March 2015 - 15:58
автор конок тайпасында экен демек кунуно учтон гана билдируу калтырат канча шаштырсакта айла жок кутушко туура келет экен
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#15 14 March 2015 - 21:56
Only, Сайтта адепсиз, уят, жаргон сөздөрдү колдонууга,
бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга,
далили жок жалаа жабууга, кимдир-бирөөнү мазактоого,
кемсинтүүгө,
анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыю салынат, деген эреже бар экенин унутпаңыз.
Ашыкча билдирүүлөр өчүрүлдү.
Тема аягына чыкканда талкуулоону сунуштайм.
Теманы булгоонун кажети жок.
Баарыңарга эскертүү!
Ашыкча билдирүүлөр өчүрүлдү.
Тема аягына чыкканда талкуулоону сунуштайм.
Теманы булгоонун кажети жок.
Баарыңарга эскертүү!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#19 15 March 2015 - 08:18
Тема жакпаса эч нерсе деп нетпей эле чыгып кеткилечи. Не кереги бар кызыгуу м.н окуп жаткандардын да автордун да маанайын түшүрүп???!
#20 15 March 2015 - 10:24
автордон кутуп жатам уландысын чыдамсыздык менен
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун

Супер-Инфо
super.kg
видео

















