Суперстан: „Хадис” . - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 42
  • 43
  • 44
  • 45
  • 46
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

„Хадис” . Мухаммад Пайгамбардын(САВ)осуяттары.

#861 Пользователь офлайн   ROZI   04 Март 2015 - 17:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнө жашоосу оюн-тамашадан башка эч нерсе эмес. Такыба кишилер үчүн Акырет жашоосу жакшы. Акылыңарды иштетпейсиңерби? !
(Ан'ам 32)

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 04 Март 2015 - 17:02

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#862 Пользователь офлайн   ROZI   04 Март 2015 - 17:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

" Ла илааха илла Алла" келменин туура котормосу :
" Алладан башка сыйынууга татыктуу кудай жок"
Жалгыз Алла гана сыйынууга татыктуу.

"Ла илааха илла Алла" келменин шарттарын, маанисин уйронунуз.
Бул келмени коп кайталаныз.
Мынданда откон чон зикр жок.


Жегиле, ичкиле. Бирок, ысырап кылбагыла! Чынында, Ал Аллаh ысырапчыларды сүйбөйт.
Ал' араф 31- аят

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 04 Март 2015 - 17:07

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#863 Пользователь офлайн   ROZI   04 Март 2015 - 17:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Аллаhтан башкага дуба кылгандарды акаарат кылбагыла. Антсеңер, алар дагы душмандык кылып, илимсиздик менен Алланын согушот. (Ан'ам 108)




"Эгер элде таразадан алдоо бар болсо - аларга кургакчылык, ачарчылык жана падышасынын зулумдуктары балээ болуп түшөт" (Ибн Мажа: 4019)


ХАДИС: КААПЫР АМАНАТ КЫЛСА ...
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):


«Мунафыктыктын белгиси үчөө: эгер сүйлөсө жалган сүйлөйт, эгер убада берсе аткарбайт, эгер аманат кылынса кыянат кылат» - деп айткан. (Муслим).

Абдуллах бин Амр (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Кимде бул төрт сыпат болсо, ал анык мунафык болот. Ал эми кимде булардын белгиси болсо, анда мунафыктыктын белгиси болот: сүйлөсө жалган сүйлөйт, аманат кылынса кыянат кылат, убада берсе аткарбайт, талашып-тартышса чектен ашып кетет» - деп айткан. (Бухарий).

Абдуллах (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Ар бир келишимди бузуучунун белгиси болот. Кыямат күнү ошол белгиси менен көрсөтүлөт» - деген. (Муслим).

Ааиша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Ким Аллахка ибаадат кылууну убада берсе аны аткарсын. Ким күнөө кылууну убада кылса аны аткарбасын» - деген. (Бухарий).

Анас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Кимде аманатка бек туруу жок болсо, анын ыйманы жок. Кимде келишимге бек туруу жок болсо, анын дини жок» - деп айткан. (Ахмад).

Жаабир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте минтип айтат, Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мага: «Эгерде Бахрейнден мал-мүлк келсе, сага бир канча акча беремин» - деп айтты. Бирок Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) тирүү кезинде Бахрейнден эч нерсе келген жок. Качан гана Бахрейнден мал-мүлк келген кезде, Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун) минтип жарыя кылды: «Кимге Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир нерсе берүүнү убада кылса, же карызы болсо бизге келсин». Ошондо мен ага барып: «Чындыгында, Аллахтын элчиси мага бир канча акча берем деген болчу» - дедим. Ал мага бир ууч тенге берди. Мен аны санасам беш жүз тенге экен. Ошондо Абу Бакр мага карап: «Ошончодон дагы экини алгын» - деди. (Бухарий, Муслим).

Али бин Абу Талиб (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Ата-энең каапыр болсо да сыйла, келишимди каапыр менен түзсөң да аткар, каапыр аманат кылса да, кыянат кылба» - деп айткан. (Абу Дауд).

Майнун бин Махраан айтат: «Үч нерсе бар, аларды каапырга да мусулманга да бирдей аткар: келишимди, туугандык мамиленижана аманатты».







Курбандык чалуу тууралуу аяттар, хадистер жана накыл сөздөр:

Аллах Таала айтат: «(Оо, Мухаммад) чындыгында, Биз сага «Кавсарды» бердик. Сен эми, Роббуңа намаз оку жана курбандык чал. Албетте, сени айыптаган адамдын өзүнүн арты кесилген». (Кавсар, 1-2-аят).

Аллах Таала айткан: «Аллах Таалага курмандыктын кандары да, эттери да жетпейт. Бирок силердин такыбаңар менен ыкласыңар (таза ниетиңер) жетет».(Хаж, 37-аят).

Аллах Таала айткан: «Эми андан жегиле жана кембагал, бей-бечараларды ырыскыландыргыла. Аны силерге ушинтип моюн сундуруп койдук, кана эми шүгүр кылсаңар…». (Хаж, 36-37-аяттар).

Ааиша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Адам баласынын Айт күнүндөгү эң жакшы амалы – кан чыгаруу»- деп айткан. (Ибн Маажих).

Зайд бин Аркам (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, сахабалар:

- Курмандык эмне? – деп сурашты, Пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун).

- Атаңар Ибрахимдин сүннөтү, - деди Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун).

- Бизге кандай пайдасы бар? – деп сурашты эле, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

- Ар бир түгү үчүн жакшылык болот, - деп жооп берди. (Тирмизий).

Жаабир (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) эки кочкорду курбандык чалып: «Оо, Аллахым, булар сенден жана сен үчүн Мухаммаддан жана анын үммөтүнөн» - деп айтты. (Муслим).

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Мууздалган мал Кыямат күнү мүйүздөрү, туяктары, жүндөрү менен далил болот. Курмандыктын каны жерге тама электе, Аллах Тааланын алдында даражасы көтөрүлөт. Андыктан, жайдары көңүл менен курмандык чалгыла»- деген. (Табараний).


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#864 Пользователь офлайн   ROZI   04 Март 2015 - 17:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Үзүлбөс сооп

Урматтуу бир тууган!

Бул хадисти кунт коюп окуп, дайым жүрөгүнүзгө сактаңыз. Анткени жашоодон өткөндөн кийинки соопторуңуздун кантип көбөйтүштүн жолу ушул гана.
Пайгамбар صلى الله عليه وسلم :

Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям
«Адам өлгөндөн кийин бардык амал дептерлери жабылат. Бирок үч нерсе аркылуу сооптор жете берет:

1- Эл пайдалана турган садакалар,(мечит, мектеп,көпүрө ж.б.у.с)

2- Пайдаланган илим (илимдүү адам китеп жазып кетсе,же илимий эмгектерди калтырса)

3- Көзү өткөндөн кийин дуа кыла турган ыймандуу бала.

Мына бул 3 түрдүү жакшы иштен кур калбайлы! Бул иштер менен Кыяматка чейин кабырыбызда соопторубузду көбөйтүп турууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

1- (Бухарий, Ал-Адабул-муфрад, 19)


Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 04 Март 2015 - 17:18

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#865 Пользователь офлайн   ROZI   04 Март 2015 - 17:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Аллахтан башка эч кимге ‪#‎дуа‬ кылып кайрылуу болбойт, ал периште, пайгамбар, өлгөн салих инсан, мазар болсо да. Башкага дуа кылуу‪#‎ширк‬ болот!
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#866 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   05 Март 2015 - 23:42

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

ЖАКШЫ ӨЛҮМДҮН БЕЛГИЛЕРИ
Даанышман Аллах Таала адамдардын жашоосунун жакшы аякташы үчүн Өзүнүн илиминен адамдарга белги көргөзгөн. Эгерде адамдын өлүм алдында ошол белгилердин бирөөсү болсо, анда ал адамдын жашоосунун жакшы аяктагандыгын билдирет. Алар кайсылар?
1. Көз жумуп баратканда, күбөлүк сөзүн айтуу. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи ва саллам) бир нече хадистер келген: “Жашоосунун акырында кимдин акыркы сөзү: «Лаа илаха илла-Ллах» болсо, ал адам созсуз Бейишке кирет”. Бул хадистин Муаздан келген булагында мындай деп айтылат: “Кимде – ким олум төшөгүндө жатканда, Аллахтан башка Кудай жок жана мен Алланын Элчиси экендигим тууралуу жүрөгүндө ынанып күбөлүк келтирсе, ал адам Аллахтан созсуз түрдө кечирим алат” (Ибн Мажа, Ахмад ж.б.,)
2. Өлүм алдында, маңдайында тердин тамчыларынын пайда болуусу. Бурейда ибн аль-Хусайб Хорасанда жүргөндө, катуу ооруп жаткан таякесин зыярат кылганы барат. Үйүнө келгенде, таякеси жан берип жаткандыгын жана анын чекесинен тер тамчылары чыгып жатканын көрүп, Бурейда “Аллаху Акбар!” (Аллах Улук!) деп айтат, андан сон ал: “Алланын Элчиси (саллаЛлаху алейхи ва саллам): “Момун кишинин өлүм алдында, чекесинде тер болот” - деп айтканын уккам”– дейт.
3. Бейшембиден жумага караган түнү каза тапкан адам. “Жума күнү, же бейшембиден жумага караган түнү каза болгон мусулманды Аллах кабыр азабынан куткарат” (Ахмад).
4. Дин үчүн азаптуу салгылашууда каза болгон адам. «Аллаhтын жолунда (динди жайылтам деп журуп) өлтүрүлгөн адамдарды өлүктөр деп ойлобогула! Алар Раббисинин алдында (ар кандай нээматтар менен сыйланып) ырыскы тартууланган абалда тирүү. Аллаh Өзүнүн пазилетинен (аларга) берген нерселер (сыйлыктар) менен шат-курсант. Алар артында калган, өздөрүнө жетип келбеген бурадарларына (бул жакта) аларга коркунуч жок экени жана кайгырышпасы жөнүндө сүйүнүчтүү кабар беришет. Алар (шейиттердин рухтары) Аллаhтын нээматы, пазилети жөнүндө (бири-бирине) сүйүнчүлөшөт. Чынында, Аллаh ыймандуулардын сообун текке кетирбейт». (3:169-171).
5. Алланын жолуна жүрүшкө чыккан адам. Бир куну Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи ва саллам): “Силерден кимиүер шахид деп ойлойсунар? Сахабалар: “Оо, Алланын элчиси! Кимди Алланын жолунда өлтүрүшсө, ошол шахид” – дешкенде, Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи ва ) анда менин үммөтүмдө шахиддер аз болушат!»- дейт. Сахабалар: “Анда шахид деген кимдер?” – деп сурашты, Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи ва саллам): “Аллах жолунда өлтүрүлгөн адам шахид жана Аллах жолунда олгон адам шахид, чума оорусунан өлгөн адам шахид, ич оорусунан өлгөн адам шахид жана чогуп кетип каза болгон адам шахид” ,– деп жооп берди.(Муслим жана Ахмад)
6. Чума оорусунан каза болгон адам. Айша (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деген: “Мен чума тууралуу Алланын Элчисинен (саллаЛлаху алейхи ва саллам) сураганда, ал мындай деп жооп берди: “Ал Аллах каалаган адамга жиберилген жаза болчу, ал эми момундар үчүн Алла аны ырайым катары кылды. Ошондуктан, кимде – ким (Алланын кулу) чума чыккан жерде Алланын жазганын сабыр кылып күтсө, анда ага шахиддин сообунчалык сооп берилет”.(Бухари, Байхаки жана Ахмад).
7. Ич оорусунан каза болгон адам. Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи ва саллам) мындай деген: “... жана ич оорусунан каза болгон адам - шахид” (Муслим жана башкалар)
8. Сегизинчи жана тогузунчу белгилер. Көчкүдөн улам чогуп кетип каза болгон адам Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи ва саллам) мындай деген: “Алты адам шахид болуп саналат – чумадан каза болгон, ич оорусунан каза болгон, чогуп кетип каза болгон, көчкүнүн алдында калган адам, Аллах жолунда азап чегип көз жумган адам”. (Бухари, Муслим, ат-Тирмизи жана Ахмад).
9-10. Онунчу белги. Боюнда бар аял жана төрөттөн кийин кансыраган аял. Убада ибн Самит айтып берген: “Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи ва саллам) Абдуллах ибн Раваханы зыярат кылганы келген. Хадистин берүүчүсү: “Төшөктө жатып, ага карап оодарылган” деген. Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи ва саллам) мындай деген: “Менин үммөтүмдө кимдер шахид экендигин билесиңби?” Адамдар: “Алланын жолунда өлтүрүлгөн адам шахид” – деп жооп беришти. Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи ва саллам): “Мындай учурда, менин үммөтүмдө шахиддер аз болот! (Аллах жолунда) өлтүрүлгөн адам, чумадан каза болгон адам жана курсагында баласы жатканда өлтүрүлгөн аял шахид болот”.
11-12. Өрттөн жана өпкөнүн сезгенип оорусунан (плеврит) каза болгон адам. Бул темага байланыштуу бир нече хадистер келген, анын ичиндеги эң белгилүүсү Жабир бин Атикадан келгени, Пайгамбарыбыздын (саллаЛлаху алейхи ва саллам) мындай дегени бар: “Жети адам шахид болуп саналат, Алланын жолунан каза болгондон тышкары дагы, чумадан каза болгон адам, чогуп кетип каза болгон адам, өпкөнүн сезгенип оорусунан (плеврит) каза болгон адам жана ич оорусунан каза болгон адам, өрт учурунда күйүп кеткен адам, көчкүнүн алдында калып, каза болгон адам, кош бойлуу кезинде каза болгон аял шахиддер”.
13. Кургак учуктан каза болгон адам. Пайгамбарыбыздын (саллаЛлаху алейхи ва саллам) мындай дегени бар: “Аллахтын жолунда каза болгон адам жана төрөттөн кийин кансырагандан улам каза болгон аял, өрт учурунда күйүп кеткен адам шахид жана чогуп кеткен адам шахид, ошондой эле кургак учуктан жана ич оорусунан каз болгон адам шахиддер”.
14. Мүлкүн күч менен тартып алууда, аны сактап калуу максатында каза болгон адам Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи ва саллам) мындай деген: “Өз мүлкүн сактоо учурунда көз жумган адам шахид болуп саналат».
15-16. Адам жашоосун жана дин намысын коргоп жатканда көз жумган адам. Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи всаллам) мындай деген: “Кимде – ким өзүнүн мүлкүн, үй – бүлөсүн, өзүнүн динин коргоп жатканда каза болсо, ал шахид жана өз өмүрүн коргоп жатып каза болсо, ал шахид болуп саналат” “Ким кысымчылык көргөзүлүп жаткандан улам каза болсо, ал шахид болуп эсептелет”.
17. Аллах жолунда мусулман өлкөсүнүн чек арасын кайтарып жатканда каза болгон адам. Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи ва саллам) мындай деген: “Күнү – түнү чек араны кайтаруу – бир ай бою кармаган орозодон жана намаздан да артыгыраак. Эгерде адам (бул учурда) күнүмдүк кылганын аткарып жатса жана ал улана берсе, ал Бейиштен өзүнө тиешелүүнү алат жана сурак кыла турган эки периштеден куткарылат”.
18. Жакшылык ишти кылып жаткан учурда каза болгон адам. Бул жыйынтыкты Пайгамбарыбыздын (саллаЛлаху алейхи ва саллам) сөзүнөн улам келтирсек болот: “Кимде – ким Алланын жүзүнө умтулуп, «Лаа илаха илла-Ллах» десе, ал үчүн бул нерсе бекитилип, Бейишке кирет жана ким Аллах ыраазычылыгы үчүн орозо кармаса, ал үчүн бул нерсе бекитилип, Бейишке кирет. Ким Аллах ыраазычылыгы үчүн садака берсе, ал үчүн бул нерсе бекитилип, Бейишке кирет”. (Ахмад)
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#867 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   05 Март 2015 - 23:43

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Ушундай ишенимден алыс болунуз.

Кимде-ким ушул күнгө чейин ушундай ишенимде болуп келсе, Аллага тообо кылсын. Булар мусулман адамдын ыйманына шек туудурат. Майда ширктерге кирет.

- Шыпыргыны тик койбо, душманың көтөрүлөт...

- Маркумду көмүүдө күрөктү колго бербей, жерге ташта...

- Алаканы кычышса, акча кармайт экем...

- Бутунун таманы кычышса, алыс жакка барат окшойм...

- Жолунан мышык өтсө, жолум болбойт...

- Кечинде карызга акча бербейт...

- Карангыда ак берилбейт...
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#868 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   05 Март 2015 - 23:51

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

ДУЙНОДО ТУРУКТУУ КАЛУУЧУ УЧ АМАЛ

Чындыгында адам баласы бул дуйного убактылуу сыноо учун келгенден кийин , дайыма кандайдыр бир нерсе менен озун алаксытып , дайыма жаратканга жакындашууга , жаратканга жагынууга аракет кылышы керек , бирок адам баласы кандай нерселер менен улуу жараткандын ыраазычылыгын таба алат, себеби албетте бул жарык жашоодо жашоодон максат улуу жараткандын ыраазычылыгын табуу эмеспи? Албетте бул учун улуу Алла Таала берген онорду улуу жараткандын ыраазычылыгы учун сарптоо , жана бул улуу жолдо ар кандай тосуктарга , боготторго, жемелоолорго конул бурбоо, амалды Алланын ыраазычылыгы учун кылып , натыйжасына карабоо, созсуз турдо кандай гана амал кылбайлы , эч качан натыйжасына карабашыбыз керек , баарын улуу Алланын эле ыраазычылыгы учун гана кылып койсок ошол нерсенин озу натыйжа, ошол нерсенин озу ийгилик, ошол нерсенин озу улуу амал болуп эсептелет. Эн негизгиси эч качан бир Алланын ыраазычылыгы коздолгон амал болсо аны кичине коруп таштап коюу да жарабайт , улуу пайгамбарыбыз ( Жакшы амалдарды кичине коруп кемсинтпегиле) дейт. Улуу Алла Таала (Ким кичине зарра мисалынча жакшы амал кылса , аны корот) дейт . Ал эми зарра болсо - асманда учкан чандын бир кичине козго аран корунгон болукчосу болуп эсептелет. Улуу пайгамбарыбыз ( Аллага эн суйуктуу амал , узгултуксуз болгон амал) деди. Мына ошондуктан улуу Алланын ыраазычылыгы коздолгон амалда эч качан алсыздык кылуу, арамзалык кылуу, жанды томон сезуу жок , дайыма алга жылуу , аракет кылуу, куч –кубат жумшоо, убакыт болуу бар, бул нерселерсиз эч качан адам баласы Алла алдында мактанаарлык бир даражага жете албайт, Алла учун кылынган амал гана Алла алдында салмактуу , оор , даназалуу келет. Бир нерсени жакшылап белгилеп кетишибиз керек , чындыгында адам баласынын кылган амалы экиге болунот : туруктуу жана туруксуз. Ал эми туруксузу адам баласы олушу менен кошо олуп, жок болуп кетет, ал эми туруктуусу ээси олсо да ал амал олбой , ээсинин андан аркы дуйнодогу экинчи омурун улантырат. Мына ошондуктан туруктуу амалдарды кылууга кобунчо, озгочо конул боло билишибиз кажет, кайсы гана адам олгондон кийин экинчи омуру башталышын каалабасын, мына ушул жерден улуу Алланын пайгамбары озунун улуу создорунун биринде :
عن أبي هريرة ، أن رسول الله صلى الله عليه وسلم ، قال : " إذا مات الإنسان انقطع عنه عمله إلا من ثلاثة : إلا من صدقة جارية ، أو علم ينتفع به ، أو ولد صالح يدعو له " * مسلم
" Эгерде бир инсан олсо анын дуйнодогу уч нерседен башка кылган амалы узулот, алар садак жарыя, пайдалынуучу илим, дуа кылып турган солих перзент" дейт. Ал эми садака жария бул – Алланын ыраазычылыгы учун момун мусулмандардын , диндин пайдасы учун ташталган туруктуу буюм , мисалы : мечит, килем, копуро сыяктуулар ,эгерде ким мына ушул сыяктуу нерселерди таштаса , ал олсо да таштаган садака жариясы бузулуп жок болуп кеткенче сообун ала берет , эч качан анын амал дептери да жабылбайт , эгерде анын кылган садака жарыясы бар болсо, ал эми адамдар пайдалануучу илим дагы олуп кеткен ээсине тынымсыз соопторду жеткирип турат , улуу солих перзент болсо кандай жакшы! , оз кан жанындан жаралган жан , эгерде перзент солих Алла суйгон жана Алланы суйгон пенделерден болуп , олгонундон кийин сага Алладан кечиримдерди сурап , аркандан дуа кылып, Куран окуп турса, кандай жакшы!. Мына ушул уч нерсе биз конул буруп карай турган нерсе , эгерде ушул улуу уч сыпат бир кишиде чогулган болсо , кандай гана ал киши бактылуу болот! Кандай гана ал киши жеништуу, ийгиликтуу! болот.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#869 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   06 Март 2015 - 02:23

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Суроо: "Кыз бала кашын тербей туруп, турмушка чыккан кезде жолдошуна чай берсе арам деп коёт ушул чынбы? Дегеле шариатта аял киши кашты териш керекби же жокбу?
" - Ассаляму алейкум ва рахматуЛлахи ва баракятух! Хадисте пайгамбарыбыз саллоллохи алейхи ва саллам: "Кайсы бир аял заты сулуу болот элем деп кашын терсе, денесине татуаж кылса ага Аллахтын каргышы болсун...

"(Сахих аль-Бухари, хадис 5943). Каш теруу арам. Себеби Аллах берген кашка ыраазы болбой, мода деп терип озгортуу Аллах берген сулуулукту озгортуу болуп эсептелет. Бул Аллах берген дене, он туско деги эле тагдырга каршы чыгууга барабар нерсе. Курандын 4-суро 119-аятынын маанисинде шайтан Аллахтын буйругуна моюн сунбагандар, менин буйругума моюн сунушуп Аллах берген нерселерди озгортушот. Алардын журокторуно куру кыялдарды салып жолдон чыгарып, адаштырам деген. Ал берген созуно амал кылып куну туну тынымсыз азгыруу устундо иштеп жатат. Каш терип, татуаж кылып койсонуз тобо кылып экинчи ага кайтпаныз
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#870 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   06 Март 2015 - 02:38

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Хадис чындыгы

Пайгамбарыбыз Мухаммад (сав) хадистеринде өткөндү да, келе турган окуяларды ачык, даана айтып койгон. Анын айткандарына кээ бирлер таң калышат. Ооба, аны АЛЛАХ ушундай үйрөттү, ал эми пайгамбар (сав) аны бизге жеткирди. Геология боюнча америкалык окумуштуу профессор Пальмар мындай дейт: «Менин изилдөөлөрүм АЛЛАХтын жиберген пайгамбарына болгон ишенимимди бекемдеди».

АЛЛА Хтын элчиси (сав) баардыгын өзүнөн өзү эле билип калган эмес, боло турган олуттуу окуяларды ЖАРАТУУчу улам толуктап үйрөтүп турган. Ошондуктан анын айткандары турмуш чындыгында далилденди. Буга тарых күбө. Мисалы, Фердинандонун Андалузияга болгон жортуулундагы адамдардын зөөкүрлүк менен өлтүрүлүшү, китептерди өрттөгөн жапайычылыгы . Монголдордун жортуулдарын, Константинополду алуу сыяктуу тарыхый окуялардын урунттууларын алдын ала айткан. («Муснад», 4/335).
Пайгамбарыбыз (сав) биздин күндөгү боло турган окуяларды сүрөттөп мындай деген эле: «Соода– сатык ушундай абалга жетет, соода иштеринде аялдар күйөөсүнө жардамдашып калат. Тууганчылык мамиле үзүлөт. Жалгандан күбөлүк берүү менен чындыкка күбөлүк берүүнү жашырып коюшат. Калем кеңири тарайт». ( «Муснад», 1\407, 408). Биз бул хадистердин турмушта ырасталганына толук күбө болуп жатабыз. Соода–сатык кеңири тарап, жарнамага эле канча деген миллиарддаган каражаттар жумшалып жатат. Соода иштеринин басымдуу бөлүгүн аялдар жоопкерчилигине алышкан. Жарнаманы да аялдар аркылуу кылып калдык. Тууганчылыктагы мамиле солгундап барат. Ата–энелер картайганда, камкордукка, көңүл бурууга муктаж болгондо карылар үйлөрүнө жеткиргенге шашып калдык. Калемдин кеңейгенин учурдагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын көбөйүшү, жазмакерликтин кеңири жайлышы деп кабылдоого болот. Эсепсиз гезит–журналдардын, китептердин чыгарылып жаткандыгы дагы бир жолу далилдейт. Жалгандан күбөлүк берүү чөйрөнү курчап, коом жалганды өндүргөн фабрикага айланып калгандай. Алдамчылык, саткынчылык кулач жайып барат. Бул көрүнүштөр канча кылым мурда эле айтылса да, бүгүн, ушул окуяны көрүп туруп айткандай кыяз калтырат.

Биздин күндөн кабар берген дагы бир хадиске назар салсак, «Баш аламандык болот. Адамдар бузукулук кылгандай, окуган намаздары үчүн уялып калышат». Мунун баары биздин муундун жашоосунда болуп жаткан көрүнүштөр. Адамдарды ибадат кылгандары үчүн башка бир туура эмес, ыплас иш кылган сыяктуу басмырлашат. Диндарлар каардуу, кесепеттүү күчтөрдүн үстөмдүгүндө калган сыяктуу.

Башка дагы бир хадисте мындай деген маани айтылат: «Сүткорлук кылбаган бир дагы адам калбай калган учур келет. Ким бул иштен качса да, ага чалынып калат». («Муснад», 2\494). Чынында, учурда сүткорлук менен шугулданбаган эч бир коммерциялык уюм жокко эсе. Түздөн түз, же кыйыр түрдө болсо да пайызга байланышы бар. Бүткүл дүйнөдөгү соода–сатык ушул механизм менен иштеп жатат. Бул көрүнүш кадимкидей эле кабыл алынып калды. Эми дагы бир биздин заманды чагылдырган хадиске назар салсак, Пайгамбар (сав) белгилегендей ар кандай деңгээлдеги мектептерде бардык катмардагы жана урук–уруудагы адамдар кудум жарышка түшкөндөй жарыша окуп калышы. Турмушубузда көптөгөн окуу жайлар ачылып, илимдердин дүйнөгө кеңири тарашы, байланыш жана маалыматтын өсүшү, илимдин тез ылдамдыкта өнүгүшү менен убакытты кыскартуучу каражаттардын пайда болушу тууралуу чындык- учурларды канча кылым илгери эле эскертип кеткен.

Пайгамбар (сав) дагы бир хадисте мындай дейт: «Мейкиндик менен убакыт жакындашмайын Кыямат келбейт». («Маджмау-завид»). Аалымдар бул хадистеги «мейкиндик менен убакыт жакындашмайын» деген сөздүн маанисин– ачуу керек дешет. Астрономдор жана астрофизиктер убакыт өткөн сайын жердин жогорку катмары эллипс формасына окшошуп бара жатат деген тыянактарды айтышат. Бул өзгөрүү убакыттын өзгөрүүсүнө таасирин берет. Акыйкатын АЛЛАХ билет. Заманбап илимий ыкмалар бүгүн 1400 жыл илгери Пайгамбарыбыздын (сав) айткандарын тастыктап, моюндап турат.

профессор Альфред Кронер, Германия, Майнца университети

Билдирүүнү түзөткөн: Senuchunzhashaim: 06 Март 2015 - 02:39

Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#871 Пользователь офлайн   TAYNAYA   07 Март 2015 - 19:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

КАБЫР АЗАБЫ ЖАНА ЖЫРГАЛЫ

Ар бир мусулман адам өлүмдүн болоруна ишенүүсү зарыл. Аллах Таала Куранда Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кайрылып: «Айткын: Силерге өкүм кылынган өлүм периштеси силердин (жаныңарды) алат, андан кийин Роббиңерге кайтарыласыңар» - деп айткан. (Сажда, 32-аят).

Адамдарга өлүм ар кандай абалда келет. Бирөө ооруп, экинчиси сууга чөгүп, дагы бирөө күйүп өлөт. Ошондой эле өлүм адамдардын жашына карабастан келет. Бирөө энеден төрөлгөн күнү өлөт, экинчиси өспүрүрүм курагында, дагы бирөө картайганда өлөт. Ушул өлүмдөрдүн баары Аллахтын тагдыры менен ошол адамдын өмүр-суусу түгөнгөн күнү б.а. ажалы жеткен күнү болот. Демек, кандайдыр бир кырсыкка дуушар болуп жан таслим болгон адамды ажалы жете элек (бей ажал) өлдү деп айтуу туура эмес. Аллах Таала: «Эгер алардын ажалы келсе мөөнөттү кечиктире да тездете да алышпайт» - деп айткан. (Аьраф, 34-аят).

Адам баласынын ажалы келген кезде өлүм периштеси анын жанын алат. Жандын чыгуусу пенденин жасап жүргөн амалына жараша болот. Жакшы амалдарды жасап жүргөн ыймандуу адамдардын жанынын чыгуусу жеңил болот. Ал эми ыймансыз адамдардын жанынын чыгуусу кыйын болот. Бул туурасында Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде кенен айтып өткөн. Хадисте ыймандуу адамдын жаны катуу идиштен суу тамчысы агып түшкөн сыяктуу жеңил чыгарын, ал эми ыймансыз адамдын жанынын чыгуусу нымдуу жүндүн арасынан тикенекти сууруп алган сыяктуу кыйынчылык менен чыгары айтылган.

Маркумду кабырга койгондон кийин, ага биринчи сурак башталат. Маркумга келген эки периште, андан Жаратуучусу, пайгамбары жана дини тууралуу сурайт. Ошондо Аллах Тааланын жардамы менен Ыймандуу адамдар: «Менин Роббим – Аллах, диним – Ислам, пайгамбарым – Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) – деп жооп беришет. Ал эми ыймансыздар бир да сөз айта албастан туттугуп калышат. Мунаафык (эки жүздүүлөр): «Адамдар айтып жүргөн сөздөрдү угуп аларды кайталап жүргөнмүн" – деп эч нерсе айта албай калышат.

Усман бин Аффан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, минтип айткан: Маркумду жерге бергенден кийин Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кабырдын жанына туруп, мындай дечү: «Тууганыңардын кечирилүүсүн тилеп Аллахка дуба кылгыла жана анын сөзүндө бекем болуусун Аллахтан сурагыла. Анткени, ага азыр (периштелер) суроо берип жатышат». (Абу Дауд).

Амр бин Аьас (Аллах андан ыраазы болсун) өлүм төшөгүндө жаткан мезгилде жанындагыларга кайрылып: «Силер мени жерге берген мезгилде, үстүмө топуракты аз-аздан таштагыла. Мен периштелерге сурак берип жатканымда силерден демөөр алып кубаттанышым үчүн, төөнү союп, этин таратканчалык убакыт мүрзөмдүн жанынан кетпей тургула» - деп айткан. (Муслим).

Кабырдагы алгачкы сурактан кийин пендеге анын амалына жана суроолорго берген жообуна жараша же азап же жыргал болот. Кабыр азабы туурасында Аллах Таала Куранда: «Заалымдар өлүм алдында кыйналып жаткан мезгилде (өлүм) периштелери колдорун созуп: Аллахка каршы жалганды айтканыңар үчүн жаныңарды чыгаргыла, Анын аяттарына текебердик кылганыңар үчүн бүгүн кордук-азап менен жазаланасыңар – дегенин ошол убакта көрсөңөр болоор эле» - деп айткан. (Аньаам, 93-аят). Ал эми Фираундун үй-бүлөөсү жана аны ээрчиген адамдар тууралуу Куранда минтип айтылат: «Алар эртели-кеч отко күйгүзүлөт жана Кыямат күнү: «Фираунга ишенгендерди катуу азапка киргизгиле» - деп айтылат». (Гаафир, 46-аят).

Зайд бин Саабит (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Эгерде силер өлгөндөрдү көмбөсөңөр, анда кабырларда маркумдар кыйналып жатышканын мен угуп жүргөндөй силерге да угузушун Аллахтан сурамакмын» - деп айткан. (Муслим).

Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) эки кабырдын жанынан өтүп баратып:

«Бул экөө (өздөрүнө чоң эместей көрүнгөн) бирок чоң күнөөлөр себептүү азапталып жатышат. Бири сийдигинен тазаланган эмес, экинчиси ушак таратып жүргөн» - деп айткан. (Бухарий, Муслим).

Ал эми кабыр жыргалы тууралуу Куранда Аллах Таала: «Чындыгында: «Роббубуз Аллах» - деп айтышып, андан кийин бекем турушкандарга периштелер түшүшөт да: «Коркпогула, кайгырбагыла, силерге убада кылынган Бейишке кубангыла» - деп айтышат» - деген. (Фуссилат, 30-аят).

Ошондой эле экинчи бир аятта: «Ошентип (жан) кекиртекке жеткен мезгилде, ошол убакта силер карайсыңар жана биз ага (жанга) силерден да жакынбыз, бирок силер көрбөйсүңөр. Эгер жазаланбай турган болсоңор, айтканыңар чын болсо аны (жанды) кайтарып бергилечи. Эгер ал (жаны чыккан адам) Ага (Аллахка) жакын болсо, анда аларга бейпилдик, жыпар жыт жана Бейиш жыргалдары (бар)» деп айтылган. (Ваакиьа, 83-89-аяттар).

Ал-Бароо бин Аазиб (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, мүрзөдө периштелерге жакшы жооп берген ыймандуу адам жөнүндө Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Ошондо асмандан: «Менин кулум чындыкты айтты, ага Бейиштен төшөнчү төшөгүлө, Бейиштин кийимдерин кийгизгиле жана ал үчүн Бейиштин эшигин ачып койгула» - деп айтылат. Анын мүрзөсү көз жеткенчелик кенен болот жана Бейиштин жыргалы менен бейпилдигин татып, билет» - деп айткан. (Ахмад, Абу Дауд).

Кабыр азабын жана жыргалын биз көз алдыбызга келтире албайбыз. Анткени, кабыр жашоосу башка аалам. Биз, болгону Куран жана хадистерде айтылгандай абалда гана ишенебиз. Кабыр азабы жана анын жыргалы кабырга көмүлгөндөргө гана болуп, ал эми көмүлбөй калгандарга болбойт деген түшүнүк туура эмес. Адам жардырууга учурап денеси майдаланып кетсин, же отко күйүп таптакыр жок болуп кетсин, же суу түбүнө чөгүп кетсин баары бир ал кабыр азабын же кабыр жыргалын көрөт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде, өлгөндөн кийин өрттөп, денесинин күлүн деңизге чачып жиберген адамдын денесин Аллах Таала деңизге буйрук берип кайра чогултканы тууралуу айткан.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: image.jpg

Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#872 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   08 Март 2015 - 01:15

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Такыба.. Бисмиллах: такуа- Аллахтан коркуу дегени. Бир аалымдан Такуа дегени эмне деп сураганда, Аалым /СЕН БИР ТИКЕНДУУ ЖОЛДО БАСКАНСЫНБЫ? / деген суроо менен суроочуга кайрылат. Суроочу :Ооба, басканмын, бутумду тикен жок жерге коюп,дагы кадам таштарда абайлап бутумду таштар жеримди карап анан кадам шилтейм/ деп жооп берди. Бул жоопту уккан Аалым /ТАКУАЛЫК ДА УШУНДАЙ АЛЛАХТАН КОРКУП ОЗУНДУ КУНООЛОРДОН САКТАП ЖУРГОНУН ТАКЫБАЛЫГЫН/ деп жооп берген экен.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#873 Пользователь офлайн   Ali.12   16 Март 2015 - 19:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

Абу Хурайра р.а.
айтып жатат (риваят)
-
: Мен Пайгамбар саллоллаху алейхи
ва саламга суроо бердим "Аллах
астында эң чоң күнөө эмне?" - деп,
Пайгамбар саллоллаху алейхи ва
салам-: "Жалгыз Аллах жаратканына
карабай, ага ширк кылганың" - деди.
Мен, "Чынында ал чоң күнөө экен" -
дедим да, сурадым, "Андан
кийинкиси кандай?".
Пайгамбар саллоллаху алейхи ва
салам -: "Тамагымды бөлүшүшүм
керек болуп калат деп, балаңды
өлтүргөнүң" - деди. Мен, "Андан
кийинкиси кандай?" - деп
сураганда,
Пайгамбар саллоллаху алейхи ва
салам : "Өз кошунаңдын аялы менен
зынаа кылганың" - деп жооп берди
(Сахих Аль-Бухари, 6-том, №4
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#874 Пользователь офлайн   Ali.12   16 Март 2015 - 20:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

Абу Дарда
(разияллооху анху) дан риваят:
Пайгамбар (саллаллооху алайзи ва
саллам)
"СУБХАНАЛЛОХИ ВАЛХАМДУ
ЛИЛЛАХИ ВАЛА ИЛААХА ИЛЛОЛЛОХ
ВАЛООХУ АКБАР ВАЛА ХАВЛА ВАЛА
КУВВАТА ИЛЛА БИЛЛАХИ"
деп - айт деди.
Себеби булар солих, түбөлүккө
калуучу жакшылыктар жана алар
күнөөлөрдү дарак жалбырагын
күүгөндөй күбөт жана бул келме
Бейиштин казынасынан" . (Табарани)
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#875 Пользователь офлайн   ROZI   17 Март 2015 - 12:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

АЛЛАХКА ЭН ЖАКЫН ЖАНА БАРКТУУ АДАМ.

АССАЛАМУ АЛАЙКУМ УА РАХМАТУЛЛОХИ УА БАРАКАТУХУ- СИЗГЕ АЛЛАХТЫН ТЫНЧТЫГЫ, МЭЭРИМИ ЖАНА БЕРЕКЕСИ БОЛСУН!

АЛЛАХТЫН ЭЛЧИСИ Мухаммад (саллаллоху алайхи уа саллам) айтты:

"Биринчи болуп САЛАМ берген тарап-АЛЛАХТЫН даргойундо эн барктуу жана Ага жакын адам"

(Тирмизий)


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#876 Пользователь офлайн   Ali.12   18 Март 2015 - 13:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

Күндөрдүн биринде
бир сахаба
пайгамбарыбызга (саллаллаху
алейхи ва саллам): “Ээ, Аллахтын
элчиси!
Сени аябай жакшы көргөндүктөн,
дайым сени
менен чогуу болгум келет. Үйүмө
барганда сени
сагынгандыгыман кайра эле сага
келип жатам.
Эртең эле сен дагы мен дагы
өлөбүз, мен
бейишке кирсем деле экөөбүздүн
ортобуз алыс
болот. Анткени, сен башка
пайгамбарлар менен
жогорку жакта болосуң, ушуну
ойлоп, санаа
тартып, убайым тартуудамын”
дейт. Аллахтын
элчиси (саллаллаху алейхи ва
саллам) ал адамга эч нерсе дебейт.
Бирок
кийин төмөндөгү аят келип түшкөн:
“Ким
Аллахка жана Анын элчисине баш
ийсе, анда
алар Аллах өз мээримдүүлүгүн
көргөзгөн
пайгамбарлар, чынчылдар, шейит
болгондор
жана салих адамдар менен бирге
болушат.
Алар эн сонун шериктер”.
(Ниса сүрөсү, 69-аят).
Бул аят түшкөндөн кийин Аллахтын
элчиси
(саллаллаху алейхи ва саллам) ал
сахабага “Пенде жакшы көргөн
адамы
менен чогуу болот” деген сүйүнчү
кабарды
айткан. Абу Хурайра да:
“Сахабаларды бул
хадистей эч нерсе бактылуу кыла
алган эмес”
деп айткан.
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#877 Пользователь офлайн   Ali.12   19 Март 2015 - 23:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

Амр бин Ааьс (Аллах андан
ыраазы болсун) риваят кылган
хадисте, бир адам
Пайгамбарыбызга келип:
- Исламда кайсы амал эң жакшы? –
деп сурады эле, Пайгамбарыбыз
(Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун):
- Ачкаларга тамак бер, тааныган-
тааныбагандарга салам айт – деди.
(Бухарий).
Али (Аллах андан ыраазы болсун)
риваят кылган хадисте,
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун):
- Бейиште алды тарабынан арты,
арт тарабынан алды көрүнүп турган
бөлмөлөр бар” – деди эле, бир
адам:
- Ал бөлмөлөр кимдер үчүн? – деп
сурады. Пайгамбарыбыз (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун):
- Жакшы сөздүү, саламды кенен
айткан, ачкаларды тойгузган,
адамдар уктап жаткан мезгилде
намаз окуган адамдар үчүн – деп
жооп берди.(Ибн Мажих).
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#878 Пользователь офлайн   Ali.12   19 Март 2015 - 23:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

Айша (разияллооху
анха) айтат:
"Мен Пайгамбар (саллаллооху
алайхи ва саллам) дан намазда эки
жакты кароо адаты жөнүндө
сурадым.
Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва
саллам):
"Ал деген кишинин намазынан
тымызын бир нерсени шайтан
уурдап качышы" - деди. (Тирмизи)
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#879 Пользователь офлайн   Ali.12   19 Март 2015 - 23:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

<Акыйкат>
Азирети Алиден
суралган (Аллах ыраазы болсун):
Асмандан да оорураак нерсе
барбы? Жерден да кеңирээк нерсе
барбы? Деңизден да байыраак
нерсе барбы? Таштан катуураак
нерсе барбы? Оттон ысыгыраак
нерсе барбы? Сууктан да суугураак
нерсе барбы? Уудан жа ачуурак
нерсе барбы? Азырети Али жооп
берди: Адамдарга доомат кылуу
асмандан да оорураак, акыйкат -
жерден да кеңирээк. Канаат
кылуучунун көңүлү деңизден да
байыраак. Мунаафык (тили
мусулман, дили кафир) адамдын
дили таштан да катуураак. Залим
падыша оттон да ысыгыраак. Саран
кишиге муктаж болуу сууктан да
суугурак. Сабырдуулук - уудан да
ачуурак. Жана башка жерде
айтылды: Чагымчылык уудан да
ачуураак.
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#880 Пользователь офлайн   ROZI   20 Март 2015 - 13:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Авс бин Авс Сакафи (разияллооху анху) дан риваят:
"Мен Пайгамбар Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) дын мындай деп айтканын уккам:
"Ким жума күнү жакшылап жуунуп алып, андан кийин жумага, унаага минбестен, эртерээк басып барып, имамга жакын олтуруп ашыкча сөз сүйлөбөй, көңүл буруп хутба укса, ар кадамына бир жылдык орозо жана бир жыл түнү бою ибадат кылгандын сообу берилет". (Абу Дауд).

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 20 Март 2015 - 14:00

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 42
  • 43
  • 44
  • 45
  • 46
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 36 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 36, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 10 Сен 2025 18:28

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: