Суперстан: Атамбаевдин Молдовага жашыруун сапары. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо
Форумдан кенен издөө
• > Негизги темалар
• > Саясат жана коом
• ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
• Соңку билдирүүлөрдү кароо
• RSS поток
• RSS поток
• (2 бет)

• 1
• 2

• Сиз жаңы тема ача албайсыз
• Темага жооп жаза албайсыз

Атамбаевдин Молдовага жашыруун сапары.

#1 Пользователь офлайн   jumaijanym   17 Март 2015 - 22:54

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 186
• Катталган: 13 Июнь 14
• Соңку аракети: 03 Ноя 2016 14:03
• Жынысы:Эркек

Атамбаевдин Молдовага сапары суроо жаратты
Жарыяланган учуру: 17.03.2015
Айданбек Акмат уулу

Алмазбек Атамбаев, "Манас" аба майданында. 15-май, 2012-жыл

Жекшемби күнү президент Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербургга сапарынын алдында Кишиневде болгону тастыкталды. Бул жашыруун сапар түрдүү ойлорду жаратты.

Молдова олигархынын менчик учагы менен кыргыз президенти Молдова борборуна барышы түрдүү түкшүмөлдөрдү жаратууда. Оппозиция президенттин сапары тууралуу ачык маалымат берүүнү талап кылды.

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев 15-мартта Санкт-Петербургга жөнөп кеткени расмий түрдө кабарланган. Орусиянын экинчи борборуна сапар өтө чукул жана даярдыксыз жасалганы да маалым. Мына ошол сапарында Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербугга эле эмес, Молдовага да бейрасмий сапар менен барып келгени тастыкталып жатат.

Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин. Санкт-Петербург, 16-март, 2015

Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы Сапар Исаков бул маалыматтарга жооп берип жатып, “Азырынча Алмазбек Атамбаевдин Кишиневдогу бейрасмий жолугушуусуна комментарий берүү мезгили келе элек. Бирок президенттин бардык ишмердүүлүгү Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына байлангандай эле бул сапары да улуттук кызыкчылыкка багытталган. Бул акыры келип эл аралык аренада кыргыз мамлекетинин аброюн көтөрөрүнө ишенем” деп билдирген.

Молдованын маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, Алмазбек Атамбаев Кишиневго жекшемби күнү Молдова олигархы Владимир Плахотнюкка таандык "Нобил эйр" компаниясынын "Эмбраер легаси 650" учагы менен келип конгон. Молдовада Атамбаев ишкер, депутат Владимир Плахотнюк менен төрт саат бою сүйлөшкөн. Башка расмий адамдардын бири менен да жолугушкан эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков президент менчик учак менен учуп, жашыруун сүйлөшүүлөр жүргүздү деп сынга алды:

Равшан Жээнбеков

- Мурда бизде Бирштейн деген адам кайра-кайра жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жүрүп, ошонун азабынан азыркыга чейин кутула албай Кумтөр биздин мамлекеттин чекесине чыккан чыйкан болду. Азыр дагы кандайдыр бир деңгээлде ошондой окуя кайталанып жатат. Президент Атамбаев кайсы бир чет өлкөлүк компаниянын менчик учагы менен учту. Экинчиден, ошол чет элдик компаниянын учагы менен учуп барып, жашыруун түрдө чет элдик олигарх менен жашыруун сүйлөшүү жүргүздү. Бул эгемендүү мамлекеттин президентине кадыр-барк алып келе турган нерсе эмес.

Равшан Жээнбеков ал менчик учактын акысын ким төлөгөнү, Кишеновдо эмне жөнүндө сүйлөшүү болгону ачыкка чыгышы керек деген талапты кошумчалады.

Владимир Плахотнюк

Алмазбек Атамбаев Кишиневдо жашыруун сүйлөшкөн Молдова олигархы Владимир Плахотнюк тууралуу молдовалык эксперт Игорь Боцан “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Анын эмне менен алектенгенин айтуу кыйын. Бирок ал Молдова республикасында өтө таасирлүү адамдардын бири. Ал эмне жасабасын көшөгө артынан жасайт. Анткени ал жөнөкөй депутат. Ага жарандардын 90% ишенбейт. Ал Демократиялык партиянын төрагасынын орун басары. Ал бул партияны каржылай баштагандан кийин партия 15% добуш алды. Молдованын маалымат каражаттарынын жазуусу боюнча Плахотнюк коррупциялык рычагдар аркылуу Молдовада баарын көзөмөлдөп турат. Көшөгө артынан сот системасын да, банк системасын да, бийликтеги адамдарды да көзөмөлдөп турат деген имиштер Молдованы каптап жүрөт.

Игорь Боцан Алмазбек Атамбаевдин Плахотнюк менен жолугушуусундагы сүйлөшүүлөр тууралуу ачык маалымат жок болгондуктан, Молдовада да ар кандай божомолдор жүрүп жатканын кошумчалады. Алардын бирине ылайык, Плахотнюк Атамбаев аркылуу орус президенти Владимир Путинге кандайдыр бир кат жөнөттү. Экинчиси - банк тармагында кызматташуу боюнча сөз болду.

Кыргызстандын атайын кызматтарынын генералы Артур Медетбеков президент Алмазбек Атамбаевдин менчик учакта учушунун өзү калпыс көрүнүш деп атады:

Артур Медетбеков

- Коопсуздук жагынан алганда бул абдан чоң ката жана туура эмес. Президент эч качан ишкердин, ал гана эмес башка президенттердин учагына түшпөшү керек. Өзүнүн коопсуздугун сакташы зарыл. Экинчиден, ким менен сүйлөшүү өзүнүн иши, бирок улуттук кызыкчылык, экономикалык жагынан алганда бул чоң бүдөмүк ойлорду жаратып турат.

Артур Медетбеков мурунку президенттер тушунда Бирштейн, Левитин, Березовский сыяктуу адамдардын жең ичинен көмүскө сүйлөшүүлөрү Кыргызстанга абдан чоң зыян алып келгенин эске салды. Ал ошондой эле Молдова олигархы Плахотнюктун Кыргызстанда кен, паспорт сыяктуу документтерди чыгарууда кызыкчылыгы болушу мүмкүндүгүн белгиледи.

Молдова республикасында саясий күчтөрдүн арасында кайсы багытта өнүгүү боюнча айыгышкан күрөш жүрүп келатат. Алардын бир тарабы Европага, Румынияга ыктаса, экинчи тарабы Орусия башында турган Бажы биримдигине тартып турат. Жакында эле болгон парламенттик шайлоодон кийин европачыл партиялар коалициялык көпчүлүктү түзүп, өкмөттү кураган. Бирок орусиячыл партиялар да жөн жаткан жери жок. Ошондуктан Алмазбек Атамбаевдин Молдовага жашыруун сапарын Евразия аймагындагы интеграциялык жараяндардын тартып, жеке ишкерликке чейин байланыштырууга болот.
Тектеш макалалар Кыргызстан
13 Comments
Шеринеге пикир билдирүү
Аты-жөнү жазылбаган
Март 17, 2015 15:59

Молдованын президенти тосуп албаса же суйлошпосо анда эле абийирдин кеткени... бул биринчиден, экинчиден менин оюмча Путиндин тапшырмасы менен барып посредничество болуп атат...
Жаналы
Март 17, 2015 15:34

Мунун артында биздин кызыкчылык жок,орус падышасына кол бергени баратып,анын амирисиз жарым жолдо"шыпырылбаган" жерге конбойт эле, бул "эки баштуу" герб ээсинин тапшырыгы ,тагыраагы Молдованын орус тилдуу аймактарындагы кызыкчылыктарына барып такалат. Show less
Тимур каяктан: Бишкек
Март 17, 2015 14:18

Тангору, бир жылда мамлекетте аркандай тармактар бойунча, минден ашык суйлошуулор болот. Бирок бироосунонда жыйнтык, же жылыш жок. Суйлошту, же суйлошот дейт, кыпындай да пайдасы жок, и ишке ашпайт. Ахмактар тажататтурган болушту куру создору менен... Show less
анатолий ли каяктан: остров
Март 17, 2015 13:41

Бул озу мамлекетте президентпи ким озу,бир убакта Келдибеков дем алыш куну Дубайга учуп барып келсе Текебаев айтып чыккан эле,жогорку мамлекеттик жетекчилердин иштери ачык болсун деп,анкени шектенуу болгон Колбаевге барып жолугуп келди деген.Улуу-урматтуу Омурбек Чиркешович, эми эмне болот Аша бир ишкердин учагына тушуп барып жатса(мамлекеттики эмес).Келдибековдой ушуну которуп чыга аласызбы,жашыруун эмнени суйлошту,жок дегенде бир билдируу (отставка эмес как Келдибековдой) менен чыга аласызбы,же озунуз айткандай Ош шаары озунчо сицилияга айланды дегендей,бийликте да озунчо сицилия болубаткан жокпу.Анткени бир мисал Батукаев маселесинде Ата-Мекен элге куйумуш болуп корунсо да Аша менен Саляновага кир жугузган жоксунар,айланайын Текебаев парламентте эртен ушуну которуп озунду бир корсотчу. Show less
макс
Март 17, 2015 12:43

,боло берет турмушта особенно кыргызга деген принцип менен жашайт АША
Бек каяктан: Ош
Март 17, 2015 12:13

Эл жеринин камын коруп ,келечек учун маанилуу иштер м-н жургон адамдарыбызга кудайым куч-кубат берсин.
сагын
Март 17, 2015 12:08

Бул сапар Кыргызстандын эл аралык денгээлде кадыр баркынын жогорулашына туртку болот. Себеби, Орустар Мен Молдовиянын мамилеси азыркы учурда ото оор аыбалда. булардын ортосуна Кыргызстан ортомчу болуп, экоонун мамилесинин жакшырышына салым кошкону бул эн жакшы иш. бул бир гана кыргызстанга аброй алып келет. Ал эми 10 кун боюу эч ким менен жолукпай журуп, биздин президент менен Путиндин жолугуп жатканы да, биздин президенттин кадыр баркынан кабар берет. Show less
Аты-жөнү жазылбаган
Март 17, 2015 11:51

АША президент эмей эле оз кызыкчылыгын коздогон олигарх. Же созго же ишке жок....
Омар
Март 17, 2015 11:14

Равшан Жээнбеков сен эмнеге ушунчалык,кыргыз элине душмансың. АКШ сура деп атабы,АША Кишиневко эмнеге барганын? АША кыргыздын кызыкчылыгы м-н барганына биз ишенебиз. Ал эми сен АКШга кыргыз үчүн баганыңа ишенбейбиз. Ташкентке элиңе газ бербей,кемсинтип аткан,мамлекетке, кайсыл бетиң м-н барганыңа түшүнбөйбүз. АША жаман ой м-н,өзү үчүн Кишиневко барбаса керек. Ошону эмнеге барганы сага эмес батышка керек. Ошону үчүн секрет десе дагы болбой. Айткын ачык деп доогурунуп атасыңар. Күмтөр болбойт коркпо. АША эле туура эмес жолдо баратса. Мен мен деген эл патриттору парлламенте олтурат. Кымбаттуу Равшан мырза кичине болсо дагы элиңди ойлосоң боло. Сага 2000-2010 жыл жок. Эл түшүнгөн. АКШга кичине мен КР кызыкчылыгын сатпайм деп,койсоң боло кудай үчүн. Таластыктар кыргыз элим дегенде,жата калып өлүп берчи эле. Сен кайдан чыктың экен. Show less
Аты-жөнү жазылбаган
Март 17, 2015 10:59

Атамбаевде иши болсо олигарх озу келбейби Кыргызстанга, Аша ал жака акажан бизге эмне кызмат бар деп озу кулдук уруп барышы президенттин иши эмес Ашанын аброю калбай баратат
Молдовандын тууганы каяктан: Кишинев
Март 17, 2015 10:43

В начале 2013 года, Премьер-министр Молдовы Владимир Филат утверждал что Плахотнюк получил должность первого вице-председателя парламента, имея за спиной офшорные фирмы, украденные деньги и преступления, за которые он ответит. Show less
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   jumaijanym   17 Март 2015 - 22:59

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 186
• Катталган: 13 Июнь 14
• Соңку аракети: 03 Ноя 2016 14:03
• Жынысы:Эркек

Сапар Исаков: “Азырынча Атамбаевдин Кишиневдогу жолугушуулары боюнча комментарий берүүнүн мезгили келе элек, бирок улуттук кызыкчылыктарды көздөгөндүгүн ырастайм”
Кошкон: Таалайбек Асан Тарых: Шей, 17/03/2015 - 18:01

“Азырынча Алмазбек Шаршеновичтин Кишиневдогу расмий эмес жолугушуусуна комментарий берүүнүн мезгили келе элек, бирок Президенттин бардык ишмердиги сыяктуу эле, ал жолугушуу дагы Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын көздөгөндүгүн так ырастай алам. Мунун баары жыйынтыгында кыргыз мамлекетинин эл аралык аренадагы кадыр-баркын көтөрүүгө өбөлгө болооруна ишенем”,- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков Кыргызстандын Президенти Санкт-Петербурга иш сапарынын алдында расмий эмес сапар менен Кишеневго баргандыгы тууралуу ЖМК маалыматтарга мына ушундай комментарий берди.
Жаңы жорум кош
Жорумдар
Ушул суроого жооп таба албай
Кошкон: Конок Тарых: Шей, 17/03/2015 - 20:19
Ушул суроого жооп таба албай эмнеге Молдовага барганына ылайыктуу жооп таба албаган жигит тышкы саясат болумун тейлеп олтурат, бийлигиндин кебетеси ушул кыргыз, анан эмнеге нааразы болобуз. Акасы айтат Путин олбой эле мени катать этип журду деп, Сапар мырза акандын тарбиясын жакшылап ала бер
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   jumaijanym   17 Март 2015 - 23:04

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 186
• Катталган: 13 Июнь 14
• Соңку аракети: 03 Ноя 2016 14:03
• Жынысы:Эркек

Равшан Жээнбеков, ЖК депутаты : «Эгемен өлкө президенти менчик самолетто учууга акысы жок жана жеке чет элдик ишкерлер менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзө албайт»!
Кошкон: Гүлжан Шерипбаева Тарых: Шей, 17/03/2015 - 13:51

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбековдун Алмаз Атамбаевге кайрылуусунун тексти:

Урматтуу Алмаз Шаршенович!

Молдова жана Кыргызстандын массалык маалымат каражаттары 2015-жылдын 15-мартында Сиздин жашыруун түрдө чет элдик менчик «Nobil Air» авиакомпаниясынын «Embraer Legacy 650» самолету менен Кишиневго барып келгениңизди жазып чыкты. "Интернет басылмалардын маалымдашынча, Сиз Кишиневдо төрт саат болуп, молдовалык ишкер Владимир Плахотнюк менен жолугушкансыз. Сиздин Молдовада болгонуңузду Молдова президентинин басма сөз катчысы Влад Цуркану да тастыктаган жана ошол эле самолет менен Санкт-Петербургка учуп келгенсиз.

Урматтуу президент! Ушуга байланыштуу мен жеке өзүңүзгө түз кайрылууну тура таптым.

1. Молдовага жашыруун учуп барганыңызды же барбаганыңызды коомчулук алдында ачык жана так айтууңузду талап кылам.

2. Эгер чын болсо эгемен Кыргыз мамлекетинин президенти чет элдик менчик «Nobil Air» авиакомпаниясынын «Embraer Legacy 650» самолету менен учууга акысы барбы, же жокпу?

3. Самолеттун учуу акысын ким тарабынан төлөндү?

4. Эгемендүү мамлекеттин президенти катары чет элдик ишкер менен жолугущуу үчүн Молдовага учуп барууга эмне себеп болду? Жолугушууда кандай маселе талкууланды?

5. Мындай жашыруун жолугушуулар 1990-жылдары чет элдик ишкер Б.Бирштейн менен болгон жашыруун сүйлөшүүлөрдү эске салбайбы? Мындай коррупциялык саясат Кумтөрдөгүдөй аянычтуу абалга алып келбейби?

Урматтоо менен,

Равшан Жээнбеков, Жогорку Кеңеш депутаты, УОКтун мүчөсү

Жаңы жорум кош
Жорумдар
Равшан! Сен прокурорсунбу
Кошкон: Алик Тарых: Шей, 17/03/2015 - 14:18
Равшан! Сен прокурорсунбу? президенс сенин алдында отчет береби?ойлонуп суйлосон! президентинди да сени да денгээлинерди эл билет.элге журтка булук салбай xxxxxxxxxx xxxxx жургуло!
жоопто
Равшан прокурор эмес,андан да
Кошкон: макс Тарых: Шей, 17/03/2015 - 18:54
Равшан прокурор эмес,андан да жогору турат! Конституциялык толук укугу бар! Азамат Равшан, бизге да чындык керек!
жоопто
President parlamenttin
Кошкон: Marat Тарых: Шей, 17/03/2015 - 19:07
President parlamenttin aldynda joop berish kerek! Koldoim!

Билдирүүнү түзөткөн: jumaijanym: 17 Март 2015 - 23:46

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   jumaijanym   17 Март 2015 - 23:08

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 186
• Катталган: 13 Июнь 14
• Соңку аракети: 03 Ноя 2016 14:03
• Жынысы:Эркек

Бирде экиде тема ачып корбогонго бираз ынгайсызыраак болуп калды тушунуп койунуздар, болгонун болгондой кочуруп салдым. Ачпай эле койоун десем ушул теманы интернетте кызуу талкуу жаратып жатат
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   MIRlan   17 Март 2015 - 23:12

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Аким
• Билдирүүсү: 12 100
• Катталган: 16 Август 10
• Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
• Жынысы:Эркек
• Калаасы:Ош

Ушу АША президенттик мооноту бутоордо КРди жайлап кетпесе эле болду кысталак.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   bossmos7   17 Март 2015 - 23:19

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 991
• Катталган: 15 Январь 14
• Соңку аракети: 27 Июн 2015 21:12
• Жынысы:Белгисиз
• Калаасы:Moscow

Бул андай болбосок ! Равшан Озу жана бир агасы экоо даагы бир инилери менен коп АКШга каттабай жашасын! Откондо барып келишти жон жашайлы! Эл башчы барса ! Эл башчынын маалымат кызматынан билдируу болду! Кыргыз мамлекетинин пайдасына деп! Болду жетишерлик!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   jumaijanym   17 Март 2015 - 23:43

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 186
• Катталган: 13 Июнь 14
• Соңку аракети: 03 Ноя 2016 14:03
• Жынысы:Эркек

Ажобуз Путинге маалымат катчы болгондо
Кошкон: Мээрим Дүйшеева Тарых: Шей, 17/03/2015 - 17:27

Ажобуз Алмазбек Атамбаевди Питерде орустардын бир губернатору тосуп, даражасы кургуйга түшүп турганда анысын өзү да баса белгилегенсип В.Путинге маалымат катчылык кыла койду, жарыктык киши. “Владимир Владимирович басып эле эмес, машина да айдап жүрөт, мени машинеде “кататься” эттирди. Ошондуктан аны ооруп жатат, каза болду деген ушактарга ишенбегиле” деп маалымат таратты.

Алмаз Шаршеновичтин маалымат катчылык милдетти жакшы аткараарын мурунку президент К.Бакиев ооруп Германияда дарылангандан бери жакшы эле билет элек. Эсибизде болсо, К.Бакиев ооруп Германиянын клиникаларында дарыланып, элге чыкпай жатып алганда, Берлинге атайын ат арытып барып келип “Курманбек Салиевич соп-соо эле турбайбы, экөөбүз керек болсо жүз граммдан да соктурдук” деп расмий маалымат тараткан болчу.

Айтмакчы, дүйнөнү түгөл тыңшаткан бул жолугушууга биздин делегация эмнегедир кыргыз журналисттеринен бирөөнү да алып барган эмес.
Ал эми орустар айткандай “Петербург диалогунун” так Питерде өткөрүлүшүнө А.Атамбаевдин кызы себепчи болуптур. Ажобуздун кызы ошол жакта окугандыктан, “за одно кызымды көрүп келейин” деп сурангандыктан Путин мырза марттык кылып макул болуптур. Айтор кызыктай эле логика.

Булак: Алиби
Жаңы жорум кош
Жорумдар
Э-ээ кыргызым ажобуз ит эле
Кошкон: кыргыз Тарых: Шей, 17/03/2015 - 19:18
Э-ээ кыргызым ажобуз ит эле кылдыго бизди. Эшек жегичке эми конуп баратканда Молдовасы бир жактан а мунусу ар жактан басынтты го xbhrby!!! !
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   bossmos7   18 Март 2015 - 00:45

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 991
• Катталган: 15 Январь 14
• Соңку аракети: 27 Июн 2015 21:12
• Жынысы:Белгисиз
• Калаасы:Moscow

Просмотр сообщения jumaijanym (17 Март 2015 - 20:43) жазган:

Ажобуз Путинге маалымат катчы болгондо
Кошкон: Мээрим Дүйшеева Тарых: Шей, 17/03/2015 - 17:27

Ажобуз Алмазбек Атамбаевди Питерде орустардын бир губернатору тосуп, даражасы кургуйга түшүп турганда анысын өзү да баса белгилегенсип В.Путинге маалымат катчылык кыла койду, жарыктык киши. “Владимир Владимирович басып эле эмес, машина да айдап жүрөт, мени машинеде “кататься” эттирди. Ошондуктан аны ооруп жатат, каза болду деген ушактарга ишенбегиле” деп маалымат таратты.

Алмаз Шаршеновичтин маалымат катчылык милдетти жакшы аткараарын мурунку президент К.Бакиев ооруп Германияда дарылангандан бери жакшы эле билет элек. Эсибизде болсо, К.Бакиев ооруп Германиянын клиникаларында дарыланып, элге чыкпай жатып алганда, Берлинге атайын ат арытып барып келип “Курманбек Салиевич соп-соо эле турбайбы, экөөбүз керек болсо жүз граммдан да соктурдук” деп расмий маалымат тараткан болчу.

Айтмакчы, дүйнөнү түгөл тыңшаткан бул жолугушууга биздин делегация эмнегедир кыргыз журналисттеринен бирөөнү да алып барган эмес.
Ал эми орустар айткандай “Петербург диалогунун” так Питерде өткөрүлүшүнө А.Атамбаевдин кызы себепчи болуптур. Ажобуздун кызы ошол жакта окугандыктан, “за одно кызымды көрүп келейин” деп сурангандыктан Путин мырза марттык кылып макул болуптур. Айтор кызыктай эле логика.

Булак: Алиби
Жаңы жорум кош
Жорумдар< br />Э-ээ кыргызым ажобуз ит эле
Кошкон: кыргыз Тарых: Шей, 17/03/2015 - 19:18
Э-ээ кыргызым ажобуз ит эле кылдыго бизди. Эшек жегичке эми конуп баратканда Молдовасы бир жактан а мунусу ар жактан басынтты го xbhrby!!! !

Эч нерсе эмес! Кыргыздар тукумдан кыр издееп Озубуздун акыбалыбызды билип туруп ! Укмуш боло бербейли! Кандай кундор болсо да Кыргыз Элинин атынан барып жатат! Ал кишинин Озу иши менен учуп барбаса керек ! Бутун бир мамлекетин башчысы!
Суйлогон созу боюнча: Ошол жолгушуу учурунун тасмасы бар! Анда Путин биринчи соз алып анан созду Эл башчыга берди! Ал киши туура Озунун ойун билдирди! Болгон чындыкты болок коро албаган улуттар ушунтип бурмаалап койсо ! Биз Озубузду кемсинте берсек болбойт ! Кыргыздын адилетуулугу кайда? Эгер Песковго окшоп атайын Путинсиз айтса ! Ошондо айтуу керек эле.

Билдирүүнү түзөткөн: bossmos7: 18 Март 2015 - 00:47

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   aikow92   18 Март 2015 - 09:40

• Активист
• PipPipPip
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Тартип бузгандар
• Билдирүүсү: 1 454
• Катталган: 07 Февраль 13
• Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
• Жынысы:Белгисиз
• Калаасы:Белгисиз

Жашынып дегени башкача го. Расмий эмес сапары дегилечи. Кылдан кынтык таппай тургандай кумурскадан пил жасаганга маш озу. Чын эле оппозиция деле митинг откоруу учун акча алууга АКШга барып келди го. Тынч жашаганды коро албайт экендер кыскасы.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   AZIK01   19 Март 2015 - 00:33

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 3 391
• Катталган: 28 Апрель 13
• Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
• Жынысы:Эркек
• Калаасы:Остралия

Биздикилерге жакшы сөз болду. Талкуулаганга тема таппай турушту эле. ММКларда зеригип калышты эле ,эмнени чукулашты билбей.:)
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Daud   19 Март 2015 - 01:14

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 3 636
• Катталган: 10 Январь 09
• Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
• Жынысы:Эркек
• Калаасы:Бишкек

Мага өзү экөө тең эле жакпайт. Бирөөсү урдуруп сүйлөп коё берет. Анан анын сөзүнөн кийин же аны акташы билбейсиң же макташты билбейсиң.

А бири АКШны идеал тутат. Эки сөзүнүн бири эле демократия.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   alibekova94   19 Март 2015 - 02:14

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Жаран
• Билдирүүсү: 5 307
• Катталган: 18 Июль 13
• Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Плутон

Ушул президентибизге эч эле ичим чыкпайт да! Честно иштесе абдан ыраазы болмокбуз!

Жүрөгүмсүң
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   jumaijanym   19 Март 2015 - 10:40

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 186
• Катталган: 13 Июнь 14
• Соңку аракети: 03 Ноя 2016 14:03
• Жынысы:Эркек

Президент Алмазбек Атамбаевдин россиялык коллегасы В.Путин менен жолугушуусу бизге эмне берди?

Өмүрбек Абдырахманов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Кыргызстанды Россиянын бир губерниясына айлантты”

- Биздин президент баарын Россияга берип коюп, Бажы биримдигине кошулуп, Батыш менен алака түзбөй... Кыргызстан деген мамлекетти Россиянын бир губерниясына айлантты. Эл аралык протоколду сактабай, ошон үчүн аны губернатор тосуп атат... Минтип отурса, кийин Кремлге такси менен барып калат....

Руслан Бекназаров, БЭК партиясынын лидери: “Россиянын Кыргызстанды тоготпогону десек болот”

- Негизи президентти кимдер тосуп алганы иш сапардын маанилүүлүгүнө карайт. Биздин президентибизди губернатор эле тосуп алганы жакшы көрүнүш эмес. ТИМ иш сапарды уюштуруп жатканда ушундай көрүнүштөрдү алдын ала такташы керек эле. Бул жерде алгач ТИМдин жоопкерчилиги каралат. Эгемендүү өлкөнүн президенти болгон соң, губернатордун эле тосуп алганы бир аз ыңгайсыз болуп калды. Эгер губернатор менен сүйлөшчү маселе болсо, президент өзү барбай, башка бирөөнү деле жиберсе болмок. Путин менен жолукканы баргандан кийин алдын-ала келишилген иш сапардын тартиби боюнча Россия тарабынан өзгөрүүлөр кабыл алынган болсо, бул Россиянын Кыргызстанды тоготпостугу.

Мавлян Аскарбеков, “Эркин эл саясый партиясынын лидери: “АКШ, Франция, Германия мамлекеттериндей эле биз да суверендүү өлкөбүз”

- Обама, Саркози, Меркелди, же болбосо И. Каримовду, Назарбаевди мындай форматтагы жолугушууда Путин өзү тосуп алмак деген ойдомун. АКШ, Франция, Германия, Казакстан мамлекеттериндей эле биз да суверендүү өлкөбүз. Тилекке каршы, тышкы саясаттын туура эмес позицияга койгондуктан, мүмкүн жеке мамиледе позициянын жоктугунан, биздин мамлекет башчыбызга ушундай мамиле болуп жатат. Биздин ата-бабалар, намысынан тайган, уят кылган же болбосо жакпаган адамдарды устукан тартуу учурунда ордуна коюп коюшкан. Сындап жаткан жерим жок, бирок, “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт” дегендей жүргүзүлүп жаткан саясаттын туура эмес, чабал жактарын айтып жатам. Башка мамлекеттердин, президенттердин, биздин башчыга карата мындай мамилеси биринчи ирет эмес. Бул фактылар ички, тышкы саясатта позицияны өзгөртүп, бекемдөө керектигин тастыктайт.

Асылкан кызы Перизат

Булак: “Майдан.kg”
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   jumaijanym   19 Март 2015 - 10:44

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 186
• Катталган: 13 Июнь 14
• Соңку аракети: 03 Ноя 2016 14:03
• Жынысы:Эркек

Мага деле жогорудагылардын эч кимиси жакпайт,ажобуз баш болуп урдуруп куру соз менен ооз коптурушот. Иш жузундо эч конул толоорлук эч нерсе жок.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   jigit.paren   20 Март 2015 - 10:19

• Супер-активист
• Тайпасы: Жаран
• Билдирүүсү: 3 654
• Катталган: 27 Апрель 13
• Соңку аракети: 07 Фев 2025 10:21
• Жынысы:Эркек
• Калаасы:Каракол

чынында Россиянын жаны калониясына айланып бара жатабыз.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   kara_kulzha   22 Март 2015 - 14:39

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 993
• Катталган: 22 Январь 14
• Соңку аракети: 30 Апр 2024 22:34
• Жынысы:Эркек
• Калаасы:Ош

Жакында ТС дагылар үчүн бир валюта чыгат. бул менен сомдун күнү бүткөнү десекда болот.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   mekenchil_jigit   23 Март 2015 - 00:43

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 474
• Катталган: 25 Июль 13
• Соңку аракети: 04 Авг 2018 01:49
• Жынысы:Эркек
• Калаасы:Ош

Бул иш сапарды чыккынчылык десек болот. Себеби башка өлкөнүн бизнесменине тиешелүү учак менен учканы жана да бул ж.дө эч кандай маалымат болбогону. Ошончо барып Молдованын президентттине убактым жок деп жолугушпай кайтканы сыйлабагандык болду.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   MIRlan   23 Март 2015 - 11:30

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Аким
• Билдирүүсү: 12 100
• Катталган: 16 Август 10
• Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
• Жынысы:Эркек
• Калаасы:Ош

Азыр АША жашынбай эле аяшым экоо Австрияга келиптир айланыып анан Швейцарияга, Францияга, Бельгияга, Германияга барат, аляям, аляям. :)
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   jumaijanym   24 Март 2015 - 15:47

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 186
• Катталган: 13 Июнь 14
• Соңку аракети: 03 Ноя 2016 14:03
• Жынысы:Эркек

Адиль Турдукулов, жаш активист: "Керек болсо "эмне үчүн жашыруун барып келдиңиз?" –деп прокуратура өзү чакырып сурак кылса болмок"
Кошкон: Мээрим Дүйшеева Тарых: Шей, 24/03/2015 - 13:54

Президент Алмазбек Атамбаев Молдовага атайын учакта олигархтар менен жолугууга жашырынып барып келгенин ММКлар жазып чыгышты. Бул Кыргыз Республикасынын баш мыйзамдарындагы президенттин укуктарына туура келеби?

– Ачык айтканда бул шермендечилик. Анткени Кыргызстанды башкарып жаткан адам президент болуп эсептелинет. Парламенттик мамлекет деген бул суу кечпеген сөздөр. Ал баардык бутактарды колуна мыкчып турат. Ал башка өлкөгө жашыруун барбастан олигархтын учагын пайдаланып барып калганы мамлекеттин аброюна шек келтирет. Экинчи маселе, криминал, коррупция менен аралашкан адам менен жолугуп ал нерселер ачыкталгандан кийин дагы унчуккан жок. Ачыктамак турсун жашырганга аракет кылып, башка маалымат булактардан маалыматтын ачыкталып жатышы элдин маанайын, кызыкчылыгын таптакыр эске албагандыгын тастыктап турат. Сапар Исаков "ал улуттук кызыкчылык үчүн" деп айтып чыкты. Алар бизди алдап элдин ою менен эсептешпей жүргүзүлүп жаткан иш болуп жатат. Биз баарын ачыктап берүүсүн талап кылабыз. Биз чын эле парламенттик мамлекет болсок комиссия түзүлүшү керек эле. Керек болсо "эмне үчүн жашыруун барып келдиңиз?" –деп прокуратура өзү чакырып сурак кылса болмок. Биздин көз каранды депутаттардын баары аны коргоп кайда барса өзү билет деп жатышат. Бул дагы болбогон маалымат. Бул бизге жашыруун болгону көптөгөн бүдөмүк ойлорго түртөт.

Булак: Жаңы Ордо
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   jumaijanym   24 Март 2015 - 15:55

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 186
• Катталган: 13 Июнь 14
• Соңку аракети: 03 Ноя 2016 14:03
• Жынысы:Эркек

Эгемен өлкөнүн Президентинин ээн-жайкын басканына кандай карайсыз?
Кошкон: Мээрим Дүйшеева Тарых: Шей, 24/03/2015 - 13:13

Президент А.Атамбаев Санкт–Пе­тербург шаарына бараткан жолдо Молдова Республикасына кайрылып, олигарх, депутат В.Плахотнюкка жолугуп кеткени кыргыз коомчулугунда кызуу талкуу жаратып жатат. Атамбаев В.Плахотнюкка таандык «Нобил эйр» компаниясынын «Эмбраер легаси 650» учагы менен учуп барып, аны менен төрт саат бою сүйлөшкөн. Мындан башка Мол­дованын бир дагы расмий өкүлдөрү менен жолугушкан эмес. Коомчулукта бир тарап Атамбаевдин протоколдон чыгып, жөн салды олигархтар менен жолугушкан бул сапары иликтөөгө алынышы керек десе, бир тарабы президенттин жеке сапар менен жүрүүсү кадыресе көрүнүш, ага отчет беришинин кажети жок дешүүдө. Президенттин аппаратынын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы С.Исаков Атамбаевдин сапарын “улуттук кызыкчылыктын алкагында болду” деп сыпаттап жиберди. Жагдай тууралуу пикир сурап, мекендештерге собол салдык.

Өмүрбек Абдрахманов, ЖКнын депутаты:

“Президент Атамбаев өз билгенин кылып жатат”

– Мамлекеттин президенти башка мамлекеттин олигархына анын учагы менен барганы тарыхта болгон эмес. Бул Кыргызстан мамлекетин мазактоо болуп эсептелет. Демократиялык мамлекеттерде мындай кылыгы үчүн президент импичмент менен ишинен кетмек. А биздин авторитардык–советтик системанын президенттери өз билгенин кыла беришет...

Майрамбек Адылбеков, журналист:

“Олигарх менен жолугушууда кандай улуттук кызыкчылык бар?”

– Өз өлкөсүндө финансылык афераларга тийиштиги бар деп суракка алынып жаткан, натыйжада кече жакында биздин ажону ташыган учак менен Стамбулга качып кеткен Молдовалык олигархтын А.Атамбаев менен жолугушуусу коомчулукта кызуу талкууда. Эл өлкө башчысы аферага тийиштиги бар деген олигарх менен эмнеге жолукканын билгиси келет. Ошол эле учурда Сапар Исаков Президенттин бул адам менен жолугушуусу кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн деп жатат. Ал кандай улуттук кызыкчылык? Ушул белгисиз жолугушуунун себептерин Жогорку Кеңеш депутаттык комиссия түзүп, иликтеп чыгыш керек.

Тынчтык Алтымышев, журналист:

“Өлбөгөн эле төрт шыйрак калды”

– “Өлбөгөн гана төрт шыйрак” демек­чи, бул кабар ансыз да араң турганда түндүгүбүздү түшүргөндөй эле болду. Бир чети кримтөбөл Азиз Батукаевге бир суткада паспорт жасап, абактан аэропортко чейин узатканын эстеп, “бу бийлик баарын кыла берет” деп жөн болот экенсиң. Экинчи жагынан, Алмаз Шаршеновичке ырахмат, жеке иштерин жеке учак менен барып бүтүрүп, ушул жерден мамлекеттин акчасын кичине үнөмдөптүр. Эми анын отчет берген, бербегени маанилүү эмес, болоору болду...

Келдибек Жээнбеков, жеке ишкер:

“Башка баш катыра турган маселе көп”

– Менин билишимче өлкө башчы жал­пы кыргыз элинин эсебинен айлык алат. Ошондой эле кайтарып жүргөн жан сакчылары, транспорт жана башка чыгымдарын элдин эсебинен, бюджеттен алат. Өлкө башчысы протоколдун негизинде жүрүш керек деп уккам. Бир жылы Келдибеков күзөт кызматын таштап учуп кеткендиги үчүн аябай көп чуу болгон. Эгерде мыйзамда каралып, андай жо­лугушууларга мүмкүнчүлүк болсо анда аны чоң трагедия кылуунун кажети жок. Өлкөдө андан да коркунучтуу көйгөйлөр бышып жетилип турат. Токтогул суусунун критикалык абалга чейин азайышы, электр энергияга болгон баанын кым­баттыгы, Бажы биримдигине көпчүлүк карапайым калктын каршы болуусу сыяктуу жана башка көйгөйлөр. Биз мына ушулардын үстүндө баш катырышыбыз керек.

Тимур Абылаев, жарандык активист:

“Президент түгүл, бардык жетекчилер элге отчет бериши керек”

– Президент өлкө башчысы болгон­дуктан, анын ар бир баскан кадамы эл үчүн маалым болуп турушу керек. Президенттин кандай ички жана тышкы саясат жүргүзүп жаткандыгын, ким менен жолугуп жаткандыгын биз билишибиз керек. Негизи, президент менен жолуга турган адам өз расмий жолдору менен өзү жолугушууга келет, бирок биздин учурда кайдагы белгисиз бизнесмен– олигарх менен жолугуу үчүн президент жолугушууга өзү «чуркап» баргандыгы ага абийир алып келбейт. Мамлекеттин «биринчи» адамдары мындай шектүү кадамдарга барбашы керек. Бул учурда бир гана божомолдоо болушу мүмкүн. Тымызын иш–сапардын орун алышы бул ага катышкан адамдын «жеке» кызыкчылыгы болгондугун билдирет. Демек, президентибиз молдовалык бизнесмен– олигарх менен жеке маселесин чечкени барды. Инсан мамлекеттин эң жогорку даражалуу кызматын ээлегенден кийин, анын жеке иштеринин бардыгы токтотулушу керек эле. Президент болгондон соң, анын бир гана максаты болуш керек, ал аны шайлаган элин акыйкаттуу башкаруу жана мамлекеттин эгемендүүлүгүн жоготуудан сактоо. Ошондуктан, президент мыйзамда көрсөтүлгөн эреженин чегинен чыкпашы керек. Ал эми айрым депутаттардын “мындай иштери үчүн президент боюнча элге отчет бербей эле коюш керек” дегени туура эмес нерсе. Мындай сөздөрүн кандай көз–караштагы депутаттар тарабынан айтылып жаткандыгы анык. Аларды деле түшүнсө болот, анткени алар көз каранды депутаттар. Негизи, президент эле эмес, бардык жогорку мамлекеттик кызматкерлердин баскан–турган кадамдары элге маалым болуп турушу керек. Бул талап жөнөкөй мамлекеттик башкармачылыктын жетекчисинен баштап, министр, депутат жана президентке чейин тиешелүү!

Булак: Алиби
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

• ← Мурунку тема
• Саясат жана коом
• Кийинки тема →

• (2 бет)

• 1
• 2

• Сиз жаңы тема ача албайсыз
• Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

• Жогоруга
• Форумдун тизмегине
• Cookies тазалоо
• Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

• Азыр убакыт: 09 Авг 2025 13:29

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: