Н00РУЗ. Диний майрам эмес,салттык майрам!
Нооруз боюнча кеп...
#141 21 March 2015 - 20:08
Дүйнө сулуу Ислам менен.
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
#143 22 March 2015 - 01:21
#144 22 March 2015 - 02:05
Нооруз кыргыздын майрамы деп ким айтты кайсы кыргыздын китебинде айтылган так даана болуп кана айтып беринизчи?
Ошто узбектер журотко "навруз байрамингиз билан табриклайман узбек холким"деп. ..
Же аларга тийешеси жокпу?
(Кыргыздын салты дегенинизден айтып жатам)

Ушул суроолорду былтыр мен да берген элем, алигиче так даана жооп жок!
Салттык майрам дейин десен, турк, татар, озбек, ж.б. майрамдайт экен.
Анан алар биздин салттуу майрамды майрамдашабы?
Ушул суроого жооп бергилечи салттуу майрам дегендер.
Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
#145 22 March 2015 - 02:18
Турк, татар, озбек , кыргыз-мусулман элдер. Демек, мусулман элинин майрамы экен да.
Илгертен ата бабаларыбыздан келаткан салттардын бири. Жыл жанырат, жер жарылып чоп чыккан , желин жарылып сут чыккан маал. Майрамдын негизги символу улутиук тамагыбыз-сумолок.

#146 22 March 2015 - 05:50
Менимче турк тилдуу элдердин майрамы десек болчуудай экен. Негизи сумолок адал тамакго дейм. Ананда жарым сутка кайнатылып жасалган тамак албетте каллориясыда жогору болуш керек. Анан аруу ниет, ак тилектер менен кун мурунтан даярдалып баштайт, эч кандай химиялык заттардында кошулмасы жок.
Болгону арасында ар улут ар кандай жоролголор менен кооздоп, майрамга айландырып алышкан сыяктуу. М; кыргыздардын майрамдоосу тенирчилик жыттанып турат. ))) Башка улутту билбейм бирок.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#147 22 March 2015 - 06:47
Чыкпай турган коз эле, чыгып кетти озу эле демекчи, Нооруз бизде светтик олко болгон учун майрамдалып келет, арасында жакшы жактарын алсак жакшы тилек менен Алла Таалага тилек кылышат, улуттук ойундар болот, жаман жагы майрам шылтоо менен коп нерселер жасалуу мумкун, бирок дегендей мусулмандын майрамы эмес, эми кыргыздар буну тенирчилик десенер нооруз куну кунго сыйынуу учун эмес, кадимки календарный майрам кылып келет, окмот календардан майрамдалбайт десе бара бара калып кетеер, аны учун мусулман олко болуу керек а бизде баардык улуттарга майрамдоого акысы бар.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#148 22 March 2015 - 10:29
Ой айлананайындар теманын биринчи бетин окуган адам барбы? Же адаттагыдай эле эле акыркы бетин карап эле жаза бермейби?
#149 22 March 2015 - 10:32
Турк, татар, озбек , кыргыз-мусулман элдер. Демек, мусулман элинин майрамы экен да.
Илгертен ата бабаларыбыздан келаткан салттардын бири. Жыл жанырат, жер жарылып чоп чыккан , желин жарылып сут чыккан маал. Майрамдын негизги символу улутиук тамагыбыз-сумолок.
Илгертен ата бабаларыбыздан келаткан салттардын бири. Жыл жанырат, жер жарылып чоп чыккан , желин жарылып сут чыккан маал. Майрамдын негизги символу улутиук тамагыбыз-сумолок.
Ким майрамдаса майрамдасын, бирок Исламда мындай майрам жок!
#150 22 March 2015 - 11:16
башкы теманы окуган кундо да, тема улай суроо жооп болуп кете берет эмеспи, айланып келип ноорузга такалат, нооруз майрамын элдик майрамдоо, майрамдабоо биз шайлаган президент менен ислам аалымдары шайлаган азирет муфтий жооп берет, а жеке турундо бидаат кылуу ар ким озу жоопкер болот.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#151 22 March 2015 - 12:43
Биринчиден (жок болбойт куноо болот) дегендер сиздер биз баарыбыз КЫРГЫЗбыз. Ошондуктан талашып тартышуунун кереги жок,канчалаган кылымдар кыргыздар белгилеп келген,норуз деген „жаны кун„ дегенди тушундурот экен. Бул кун эмне болсо да убакыттын белгиси,жаз келгендин белгиси же болбосо бутундой тируулуктун ойгонгон белгиси. Туура ислам диние кайчы пикир жаратуусу мумкун,бирок жыл сайын ушул кундо майрамдап жургон кыргыздарды бутундой мусулмандарды жеп ичкендерин оздорун кошуп арам деп жыйынтык чыгарасынарбы?
Арам иттин эшектин деле этин жеп жатышпайбы?
Ал нерселерге караганда кылымдап кылген биз майрамдап кубанчтуу кунубузду мынчалык кылуунун кереги жоктур. Сиздерге ошондой арам деген тушунук жаратып жатса,сиздерге чейин ата энениздер ,чон ата чон энениздер майрамдап келишсе керек ага эмне дей аласыздар сиздер ошол адамдардын урпактарысыздар?
#152 22 March 2015 - 13:17
Ноорузду майрам эмес деп чектоо бул жалпы кыргыз элинин урп-адатын,каада-
салтын,улуттук оюндарын ,улуттук коонорбос кыргыз ыр-бийлерин балталап салуу дегендике жатат!себеби эгерде исламда эки гана кун майрамдалса анда улуттук оюн зооктор,маданий ыр-бийлер кайсы куну колдонулат?
))))же Курман айт куну селкинчек тееп,чуко ойноп,созолонто обон созуп ат чабыш-эр эниш кылабызбы?))))кайсы куну улуттук кара жорго бийин бийлейбиз?жок ,андай кун жок,демек кыргыз улуттук баалуулуктардын олгону ошол,унутулуп баратканы ошол
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#153 22 March 2015 - 13:23
Нооруз боюнча кеп...
Автор: Чубак ажы Жалилов.
Айтайын дегеним, бул макала сымал сөзүм мусулмандарга багытталат. Акыйкатты туу тутунган, чыныгы такыба момундарга багышталат. Башка диндегилер, теңирчилер, коммунисттер же жөн эле дин менен иши жокторго тиешеси жок. Ошондой эле өзүн мусулманмын деп, бирок насилинде мусулман боло албаган чалакайымдар да окубай эле коюшса болот.
Бул айтайын деген сөзүм акыйкат, а бирок кеп-сөздөн коркуп, эл эмне дейт деген айыңдан чочуп, кашыктап араң жыйнаган аптарыйкатын чөмүчтөп чачып аламбы деп элтеңдеген молдокелерибиз негедир ушул маселени көтөрбөй келишет. А түгүл ушул жөнүндө шариатта кандай экенин айт десе жаа бою качкандарды да көрдүм. Бирок чындык баарынан улуу.
Канчалык алдамчы сезимге, жалган иллюзияга берилип албайлык, бул түш сыяктуу жалган жашоонун эсесин тартаар, эсебин берээр күн да келет. Ошол күнгө өзүмө азык катары, колумдан келген садакамды чачкан болуп сөзүмдү баштайын... .
Нооруз майрамы жөнүндө сөз болгондо көпчүлүгүбүз мусулмандардын майрамы катарында кабылдап, эч эрөөн-төрөөнү жок эле майрамдап келебиз. Ал эле эмес Муфтийлик аманатта болгон учурумда жакынкы коңшу өлкөлөрүнүн Баш Муфтийинен Нооруз менен куттуктоосу келген. Иран Ислам республикасы Ноорузду мамлекеттик деңгээлде өткөрүп, жер-жерлердеги элчиликтери айт менен куттуктагандай эле куттукташып, бере турган белектерин таппай, алдастап калышат.
Деги эле мусулманчылыкта Нооруз туурасында эмне кеп айтылат?
Азирети Имам Насааий "Сунан суграа" (1557) жана Абу Дауд "Сунан" китебинде (1134) сахих иснад менен бул риваятты келтиришет. Анда, Азирети Анастан мындай айтылат: Пайгамбарыбыз алайхис салам Мадийнага хижрат кылып келген убакта, Мадийналыктардын бир жылда эки күнү бар эле. Мына ошол эки күндү алар оюн-күлкү менен өткөзүшөөр эле. Пайгамбарыбыз алайхис салам алардан сурады: "Бул эмне болгон эки күн?". Алар: "Нааданчылык (Исламга чейинки) доордон бери ушул эки күнү оюн ойноп, көңүл ачабыз!" , дешти. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтты: "Аллах Таала бул эки майрамыңардын ордун, эки жакшы майрам менен алмаштырды. Алар Курман айт менен Орозо айт".
Хадиске шарх бергенде, Мулла Алий Каары Ханафий Мишкаттын шархы "Миркаатта" (3\293), Мухаммад Идрис Кандехлавий Ханафий "Таьлик ас сабихте" (2\213), Имам Тиибий Шаафеьий "Каашифте" (3\242), Имам Халил Ахмад Сахааранфуурий Ханафий "Базлул мажхудта" (5\247) жалпысынан, дээрлик баары мындай айтышат:
· Пайгамбарыбыз алайхис салам Мадийнага келгендеги эки майрамдын алгачкысы "найрууз" (нооруз), экинчиси "михиржаан" майрамдары эле.
· Нооруз түпкүлүгүндө перс элдеринин тилинен алынганда "нуу" жаңы, "руз" күн деген маанилерди ичине камтып, жыйынтыгында жаңы күн дегенди туюнтат. Күн менен түн теңелген күнгө айтылып, күн календары боюнча жылдын биринчи күнү деп таанылат. Хижрий жыл эсеби мухаррам айынын биринен, Григорий (мийладий) жыл эсеби январдын биринен башталгандай эле мааниге ээ.
· Михиржаан болсо күздөгү күн менен түн теңелген учурга туш келген күндү белгилөө болуп саналган. Ошондой эле аба-ырайынын да орточо болгон, жыл арасындагы суук менен ысыктын так ортосуна туш келгендиги менен да өзгөчөлөнөт.
· Байыркы фалсафачылар жогоруда айтылган себептерден улам өздөрүнө майрам катары кабылдаган болуу керек деген божомолдор айтылат. Ошол учурдагы адамдар фалсафачыларынын акыл-эстерин жогору санагандыктан, бул эки күндү майрам катары таанышкан. Пайгамбарлар келгенден кийин фалсафачылардын алып келгендерин жокко чыгарышкан.
· Айтылган эки майрам жакшы эмес майрамдар. Чыныгы жакшы майрамдар Курман айт менен Орозо айт майрамы. Кудай Таалам эки жаман майрамдын ордуна эки жакшы майрамды алмаштыргандыгын Пайгамбарыбыз алайхис салам кабар берди.
· Нооруз, Михиржан жана башка мусулман эместердин майрамдарын, майрамдоого, аздектөөгө шариатыбыз тыюу салат.
Хаафиз Ибн Хажар Шаафеьий мындай дейт: "Мына ушундай кемчиликке мисирликтер да туш болуп олтурушат. Себеби көпчүлүк мисирликтер жөөттөр мнен тарсалардын майрамдарына шериктеш болушат, Алар майрамдарын кандай таазим кылышкан болсо, булар да ошентишет, ошол күндөрү жасанып кийинишет, жакшы даамддар менен дасторкондорун кооздошот, айтор (ыймансыздар) эмне нерсени аткарса ошол нерселерди аткарышат. (Базлул мажхууд 5\203). Башкалардын майрамдарын майрамдоонун туура эместигин Имам Ибнул Хааж Мааликий өзүнүн берекелүү эмгеги "Мадхалда" (биринчи томдун аягы, экинчи томдун башында) кенен баяндаган.
Фыкых аалымдарынын сөзүнө кулак салсак:
· Фатаавал Баззаазияда (6\333-334) мындай айтылат:
1. Мажуустардын (отко сыйынгандардын) ноорузуна чыгуу, ошол күнү алар жасаган нерселерди кошо жасап аларга окшошуу, алардын кылык-жоруктарына ылайык болуу –(ыймандан чыгуу). Көбүнчө ошол динде болуп, андан кийин мусулманчылыкты кабыл алгандардан көп кездешет бул сыяктуу окуялар. Алар ошол күнү Нооруз майрамдагандар менен чогуу майрамдашып жүрө берип, (ыймандан чыгып кеткендерин) өздөрү да баамдабай калышат.
2. ...Ноорузда нооруз урматына бир жумуртканы белекке берсе (ыймандан чыгат). Ал эми нооруз майрамдаган мажуустар ошол күнгө даярдаган даамдарынан мансаптагыларга, тааныш-туунуштарына белекке бере турган болсо, алардын майрамын майрамдашкандай, аларга окшошкондой таризде кабыл алуу арам. А бирок аларга окшошпостон, жөн гана мурдатан алыш-бериш болгонун эстеп, ошол мааниде берген даамдарын алганга уруксат берилет. Ошого карабастан андан сактануу аманчылыкка, ыйман саламатчылыгына жакын.
Мааниси: Ким Нооруз урматына аларга белек берсе алардын майрамын колдогон, аларга көмөк көрсөткөндөй, адашуусуна жол ачып бергендей болот.
3. Мусулман пенде Нооруз күнү башка мусулманга белек берсе, ниетинде Ноорузду аздектөө эмес, жөн гана бир туугандык сезим менен, үрпкө айланган (мисалы ай сайын беришип жүргөн болсо) адаты менен берсе, аны менен (ыймандан чыгып кетпейт). А бирок ошол күнү белек беришпегени жакшыраак. (Ыймансыздарга) окшошуп калбоо максатында белек берүүнү андан мурда, же андан кийин ишке ашыргандыгы макул... (Маселе Татаархаанияда да айтылган (5\354).
4. Имам Абу Хафстан риваят: "Ким Кудай Таалага элүү жыл ибаадат кылып, андан соң Нооруз күнү келип кээ бир мушриктерге, Нооруздун урматына белек берсе, акыйкатта (ыймандан чыкты)... (Маселе Татаархаанияда да айтылган (5\354).
Фатаавал Базаазия жана анын автору жөнүндө маалымат:
Китептин толук аты "Ал Жаамиьул важииз", автордун толук аты "Имам Хафизуддин Мухаммад бин Мухаммад бин Шихааб ал Кардарий Ханафий, Ибн ал Баззааз деген ат менен белгилүү болгон. 827-хижрада акырет сапарына узаган. Аталган китепти Фатаава жана Ваакиьаат китептеринин каймактарын калпып алып, белгилүү китептерден терип жазган. Далили күчтүү маселеге таржих берип жан тартып, ынсаптуулук менен жазылган адеми көркөм китеп. Китепти 812-хижрий жылы жазып бүтүргөн. (Кудайым, менин китептеримди бүтүрүүмдү да насип эткейсиң). Аалымдар айтышат: Бул китеп, маселе таппай карайлаганда, жооп таппай алдастаганда төтөк болчу, кайрылып барчу китеп. Белгилүү Муфтий Абу Суьуудка, "Эмне үчүн зарыл маселелерди чогулпайсыз? Эмне үчүн китеп жазбайсыз?" , деп айтылганда, ал киши " Мен Баззаазиянын авторунан уяламын. Анын китеби турганда кантип китеп жазганга даап кирише алам. Анткени ал урматтуу жана шарапаттуу бир жыйнак китеп, зарыл болгондой маселелердин төрөлөрү камтылган. (Кашфуз зунуун). Китеп менин китепканамда бар, каалоочуларга көрсө болот.
Имам Абу Хафс жөнүндө маалыматтар:
Ахмад бин Хафс, Абу Хафс Кабиир деген ысым менен белгилүү. Белгилүү имам. Азирети Имам Абу Ханийфанын шакирити Имам Мухаммад бин Хасан Шейбаанийден илим алган. Имам Бухарий экөө замандаш болгон.
· Ал Фатаава ат Татаархаанияда (5\354) мындай деп айтылат:
1. "Ал Жаамиь ал Асгарда" айтылат: "Бир адам Нооруз күнү, мурда-кийин сатып албаган нерсесин , мушриктер Ноорузду урматтагандай эле урматтоо ниетинде сатып алса каапыр болот. А бирок жөн гана жегени, ичкени же жөн эле жандын ырахаты үчүн алган болсо эч нерсе эмес.
Ал Фатаава ат Татаархаания жана анын автору жөнүндө маалымат:
Татаархаания китеби "Мухиит Бурхаанийдин" , "Захийранын" , "Хааниянын" , Зохийриянын" маселелерин чогултуп, "Хидаянын" тартибинде жазылган үлкөн эмгек. Китептин негизги аты "Заадус сафар" кээ риваяттарда "Заадул мусаафир" деп наамдалып, кийинчерээк "Татаархаания" деген ат менен белгилүү болгон. Ошол убакта амир болуп Татаар хаан турган, бийликтин эки тизгин бир чылбырын колуна алып, андыктан анын урматына ошентип аталган. Автору Мавлаана Аалим бин Алааь Ал Индарпатий Ханафий. Хижранын 786-жылы акыретке сапар тарткан. (Кашфуз зунуун, Нузхатул хаваатир).Китеп менин китепканамда бар, каалоочулар көрсө болот.
· Хулаасатул фатаавада (4\387) мындай деп айтылат:
1. Нооруз күнү мажуусийлер чогулуп майрамдаганы жаткан жерге мусулман адам келип "Жакшы жорукту (сүннөттү) башташыптыр" деп айтса, каапыр болот. (Бул маселе Баззаазияда да айтылат 6\333).
Мааниси:Ар бир тандоо баш тартуу деген кеп бар эмеспи. Бул мусулман болгон адамдын тигилердин майрамын "жакшы жорук, жакшы сүннөт" деп айтып жаткандыгысы, Ислам майрамдарын "жаман жорук" деген маанини камтыйт. Андыктан ыймандан чыгат (Мулла Алий каары, Шарх алфаазил куфри 206).
Хулаасатул фатаава жана анын автору жөнүндө маалыматтар:
Автору Таахир бин Ахмад бин Абдурашиид Бухарий Ханафий, Имам, Имамдын уулу, көркөм кулк-мүнөздүү, жакшы адептүү үлкөн аалым. Бухарада хижранын 482-жылы туулуп, Сархаста хижранын 542-жылы Жумаадал уула айында Аллахтын мээримине көчкөн. "Хизаанатул ваакиьаат" жана "Нисааб" китептерин жазып, андан соң ушул эки китебин кыскартып "Хулаасатул фатаава" деген китебин жазган. (Табакаатул ханафийя). Китеп менин китепканамда бар, каалоочулар көрсө болот.
· Аллаама Бадр Ар Рашиид Ханафийдин "Алфаазул Куфр" аттуу китебине Аллаама Мулла Алий Каары Ханафийдин берген шархында (206-208) мындай айтылат:
1. Ким куфур ээлери чогулган жерге Нооруз күнү чогулган болсо, акыйкатта каапыр болду, анткени мына ошол каапырдыкты жарыя кылуу, аларга колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.
Мулла Алий Каары жана китеби жөнүндө маалыматтар:
Имам, Аллаама Абул Хасан Алий бин Султан Мухаммад Каары Харавий, андан соң Маккий Ханафий Нуруддиин. Имам Лакнавийдин айтуусунда хижранын 1014-жылы акырет сапарына Мекке шаарында узап, Маьлаа мазарына коюлган. Ал киши өткөндө Мисир аалымдары чогулуп, Азхар мечитинде жаназа намазын гоиб түрдө окушкан. Хадис жана фыкых илимдеринин тизгинин бирдей кармаган саналуу аалымдардын бири. Китеп Мулла Алий Каарынын акыйда жаатындагы кадыр-барктуу китептеринин бири. Китепти д\Тоййиб бин Умар Хусейин Шанкийтий тахкик кылып, жарыкка чыгарган. Китеп менин китепканамда бар, каалоочулар көрсө болот.
Жыйынтык сөз:
Платон менин досум, акыйкат андан жогору турат. Өзүм Ханафий мазхабын карманган болгондуктан, Ханафий аалымдарынын пикирлерин алардын китептеринен берүүнү туура деп таптым. Туура, кээ бирлер мени ушул себептен жаман көрүүсү мүмкүн, жок нерсени айта берет деп да ойлоосу мүмкүн. А балким башка агымдарга таандык деп да айтып жиберүүсү мүмкүн. Андайды көрүп да калбадыкпы? Сөз чынынан бузулбайт. Кудай Тааламдын алдындагы жоопкерчилигимди сезип, болгонун болгондой айттым. Ошого карбастан бир аз жумшагыраак болсун деген таризде уламалардын сөзүндөгү "каапыр болду" деген сөздөрдү "ыймандан четтеди" деген сөз менен түшүндүрүүнү туура деп таптым, жана ага далил катары бул сөздөрдү () кашанын ичине келтирдим.
Кээ бирлер айтуусу мүмкүн: Эмне зыяны бар Нооруздун? Арча түтөткөнү жаманбы? Же сүмөлөк кайнатканы жаманбы? Жөн эле жаз майрамы деп тосо берсек болбойбу?
Жооп: Арча түтөтүү шариатыбызда бар. Аны сүннөт деп билебиз. Арча түтөткөн жерден шайтан-шабыр качат, ар кандай оорулар тукум курут болот. Арча түтөтүүнү Ноорузга эле байлаган туура келбейт. Келин келгенде, журт которгондо, конок келгенде кыргыз дайыма эле арча түтөтүп келген. Ал эми сүмөлөк бышыруу түштүк кыргыздарынын, коңшулаш өзбек, тажиктердин, ал эми көжө кайнатуу түндүк кыргыздарынын, коңшулаш казактардын илгертен келе жаткан жазгы үзүмчүлүк тамагы. Андан кыйкым издөөнүн кереги жок. Мекке шаарында жашап жүргөнүбүздө коңшуларыбыз сүмөлөк кайнатчу эле, эч кандай ноорузу жок эле...
Андан сырткары кайсы бир күндү майрам тутунуу, шариатыбыздын бир өкүмүн аткаруу демек. Майрам деп белгилөө Кудай Таалама таандык жумуш. Аллах Таала Куранда "Жакшы иштерде бири-бириңерге көмөкчү болгула! Жаман, күнөө иштерде бири-бириңерге жардамчы болбогула! ", деп баса белгилейт. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Ким кайсы коомго окшошсо, ал ошол коомдон болот!"
Дагы бир жолу айтам, бул сөзүм мусулмандар үчүн айтылган кеп...
Урматым менен бир тууганыңар Чубак ажы

калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
#154 22 March 2015 - 15:20
Ушул суроолорду былтыр мен да берген элем, алигиче так даана жооп жок!
Салттык майрам дейин десен, турк, татар, озбек, ж.б. майрамдайт экен.
Анан алар биздин салттуу майрамды майрамдашабы?
Ушул суроого жооп бергилечи салттуу майрам дегендер.
Салттык майрам дейин десен, турк, татар, озбек, ж.б. майрамдайт экен.
Анан алар биздин салттуу майрамды майрамдашабы?
Ушул суроого жооп бергилечи салттуу майрам дегендер.
Бул суроого жоопту Кыяматта да таба алышпайт. Корунгон майрамды кыргыздын майрамы дей беришип ашмалтайыбыз чыгып кетти!
Эртен жаны жыл келсе муну да сыр бербей майрамдаша берет ортого ёлканы жасап. А бул да кыргыздын майрамыбы десен? Ага да жооп бере алышпайт себеби кимдерди ээрчип кимдерди туурап жашап калганыбызды грамм сезбей калдык тилеке каршы!
#155 22 March 2015 - 19:06
Биз бул жерде шариаттын окумун айтып жатабыз. Каада салтты эмес. Шариатты карманам дегендер кармансын. Карманбагандар биз миң айтсак да карманышпайт.
Шариатты карманбагандардан бир эле сураныч, Ноорузду майрамдагыңар келсе, ага шариаттан жол тапканга аракет кылбай эле майрамдай бергиле. Шариатта мындай майрам жок!
Кыргыздан миң жылдан бери майрамдашабы, миллион жылдан бери майрамдашабы анын айырмасы жок. Шариатта мындай майрам жок! Каада салтты жазгыңар келсе, "мен кыргызмын бөлүмүндө" жаза бергиле. Бул "дин жана философия" бөлүмү. Бул темада Нооруз Ислам дининин таразасы менен каралып жатат. Сөздү кайктан айлантсак да, шариат ага уруксат бербейт. Эмнеси түшүнүксүз болуп жатат?

#156 23 March 2015 - 05:11
Iran mamleketi mairamdasa oilowot da mynakei, musulmandar dele mairamdap atywat go dep. Birok Iran duinogo ozunu Islam mamleketi dep taanytkany mn akyikatta chynygy sunni musulmandar alardy Islamga kowpoit. Baary bilet, Iran islam mamleketi emes. Alar shiitter, aleviler. Chynygy sunni musulmandar az gana. Irandy bul jerde misal kylbai ele koigula, alar musulman emes din aalymdardyn fatvaasy boyuncha duinodo. Iran duinodogu sunni musulmandardyn kanchasyn olturup, joottorgo evreilerge jardam berip alar mn bir tuugan bolup jurot. Kara seldesi menen aialdarynyn kara uzun hijabyna aldanbagyla musulmandar. Kyiamatta Dajjaldyn artynan eerchigen jetimish min evreiler myna ushul Irandan chygat, Hurasan degen jerinen. Anan nooruz bul otko syiyngandardyn mairamy ekenin unutpaily...
Сулуудан коркпойм, уусунан корком чачуучу.
Жоктуктан корпойм, достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм, ыймандан корком качуучу.
Олумдон коркпойм, корумдон корком жатуучу.

#157 23 March 2015 - 08:17
Бир нерсе болсо эле "шариятта жок" дей бергениңер эч жакпайт да.Жылына эки майрам гана шариятта бар болсо анда мусулмандардын ички дүйнөсү өтө жакыр келет экен менимче.
Нооруз эмне майрам экенин мектепте окуп жүргөндө окутушчу эле го бизди? Эмне,10-15 жыл мурун шариятты толук билген адам жок беле? Нооруз бул жаз мезгилине арналган майрам.Бул майрамда асмандан жаан-чачын,жерден түшүм сурачу гана тилектер айтылат.Сүмөлөк- бул токчулуктун тамагы болуп эсептелинген. Ошон үчүн ага көп нерсе кошулуп жасалат.
Болгону азыр асмандан жамгыр,жерден түшүм тилебей эле ар ким өзүнө бакыт,ден-соолук, сүйүү-пүйүүлөрдү тилеп баштадык.Себеби азыркылар жерге,жамгырга анча деле муктаж эмес.Себеби техника өнүккөндүгүнө байланыштуу кара жанды багуунун көп түрүнө жол ачылды.
Эмнеге мен динге өтө катуу бериле албаганымдын себебин да түшүнө баштадым.Себеби динге өтө катуу берилгендик жан дүйнөнү жакырлатат экен.
Силердин оюңарча "Молдонун айтканын кыл,кылганын жасаба" деген сөз кайдан чыккан? Менимче ошол молдо шариятты жакшы билип туруп да андан сырт,жазылбаган, күнөө иштерге колу бара берет.Себеби ички дүйнөсү жакыр.Ошол ички дүйнөсүнүн жакырдыгы тажатып жиберет да анан өзү "кылба" деген ишке өзү кантип барганын билбей калат.

Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
#158 23 March 2015 - 08:57

АЛЛАХТЫН берген ар бир куну биз учун майрам эмес бекен?!
Мусулмандардын майрамы бул "Орозо айт жана Курман айт" ал эми ар бир аптанын жума кунуда бул ар бир уй-булоого чон майрам!
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#159 23 March 2015 - 09:33
Бир нерсе болсо эле "шариятта жок" дей бергениңер эч жакпайт да.Жылына эки майрам гана шариятта бар болсо анда мусулмандардын ички дүйнөсү өтө жакыр келет экен менимче.
Нооруз эмне майрам экенин мектепте окуп жүргөндө окутушчу эле го бизди? Эмне,10-15 жыл мурун шариятты толук билген адам жок беле? Нооруз бул жаз мезгилине арналган майрам.Бул майрамда асмандан жаан-чачын,жерден түшүм сурачу гана тилектер айтылат.Сүмөлөк- бул токчулуктун тамагы болуп эсептелинген. Ошон үчүн ага көп нерсе кошулуп жасалат.
Болгону азыр асмандан жамгыр,жерден түшүм тилебей эле ар ким өзүнө бакыт,ден-соолук, сүйүү-пүйүүлөрдү тилеп баштадык.Себеби азыркылар жерге,жамгырга анча деле муктаж эмес.Себеби техника өнүккөндүгүнө байланыштуу кара жанды багуунун көп түрүнө жол ачылды.
Эмнеге мен динге өтө катуу бериле албаганымдын себебин да түшүнө баштадым.Себеби динге өтө катуу берилгендик жан дүйнөнү жакырлатат экен.
Силердин оюңарча "Молдонун айтканын кыл,кылганын жасаба" деген сөз кайдан чыккан? Менимче ошол молдо шариятты жакшы билип туруп да андан сырт,жазылбаган, күнөө иштерге колу бара берет.Себеби ички дүйнөсү жакыр.Ошол ички дүйнөсүнүн жакырдыгы тажатып жиберет да анан өзү "кылба" деген ишке өзү кантип барганын билбей калат.
Нооруз эмне майрам экенин мектепте окуп жүргөндө окутушчу эле го бизди? Эмне,10-15 жыл мурун шариятты толук билген адам жок беле? Нооруз бул жаз мезгилине арналган майрам.Бул майрамда асмандан жаан-чачын,жерден түшүм сурачу гана тилектер айтылат.Сүмөлөк- бул токчулуктун тамагы болуп эсептелинген. Ошон үчүн ага көп нерсе кошулуп жасалат.
Болгону азыр асмандан жамгыр,жерден түшүм тилебей эле ар ким өзүнө бакыт,ден-соолук, сүйүү-пүйүүлөрдү тилеп баштадык.Себеби азыркылар жерге,жамгырга анча деле муктаж эмес.Себеби техника өнүккөндүгүнө байланыштуу кара жанды багуунун көп түрүнө жол ачылды.
Эмнеге мен динге өтө катуу бериле албаганымдын себебин да түшүнө баштадым.Себеби динге өтө катуу берилгендик жан дүйнөнү жакырлатат экен.
Силердин оюңарча "Молдонун айтканын кыл,кылганын жасаба" деген сөз кайдан чыккан? Менимче ошол молдо шариятты жакшы билип туруп да андан сырт,жазылбаган, күнөө иштерге колу бара берет.Себеби ички дүйнөсү жакыр.Ошол ички дүйнөсүнүн жакырдыгы тажатып жиберет да анан өзү "кылба" деген ишке өзү кантип барганын билбей калат.
Силерге жагына турган биз эмеспиз.
#160 23 March 2015 - 09:58

Арак,пиво,ичип жургон адамдар шарият мындай тигиндей десе жарашпай калат экен кызык жери)))

Супер-Инфо
super.kg
видео