1. Бир нерсе болсо эле "шариятта жок" дей бергениңер эч жакпайт да.Жылына эки майрам гана шариятта бар болсо анда мусулмандардын ички дүйнөсү өтө жакыр келет экен менимче.
2. Нооруз эмне майрам экенин мектепте окуп жүргөндө окутушчу эле го бизди? Эмне,10-15 жыл мурун шариятты толук билген адам жок беле? Нооруз бул жаз мезгилине арналган майрам.Бул майрамда асмандан жаан-чачын,жерден түшүм сурачу гана тилектер айтылат.Сүмөлөк- бул токчулуктун тамагы болуп эсептелинген. Ошон үчүн ага көп нерсе кошулуп жасалат.
Болгону азыр асмандан жамгыр,жерден түшүм тилебей эле ар ким өзүнө бакыт,ден-соолук, сүйүү-пүйүүлөрдү тилеп баштадык.Себеби азыркылар жерге,жамгырга анча деле муктаж эмес.Себеби техника өнүккөндүгүнө байланыштуу кара жанды багуунун көп түрүнө жол ачылды.
Эмнеге мен динге өтө катуу бериле албаганымдын себебин да түшүнө баштадым.Себеби динге өтө катуу берилгендик жан дүйнөнү жакырлатат экен.
3. Силердин оюңарча "Молдонун айтканын кыл,кылганын жасаба" деген сөз кайдан чыккан? Менимче ошол молдо шариятты жакшы билип туруп да андан сырт,жазылбаган, күнөө иштерге колу бара берет.Себеби ички дүйнөсү жакыр.Ошол ички дүйнөсүнүн жакырдыгы тажатып жиберет да анан өзү "кылба" деген ишке өзү кантип барганын билбей калат.

1. Жок болсо жок деп айтабыз да. Жок нерсени кантип бар демек элек. Ички дуйнонун кедей же бай болуусу майрамдан коз каранды эмес. Кундо майрам, кундо той менен алектенген адамдардын ички дуйносу байып кетпегендиги буга далил.
2. 10-15 жыл мурда Кыргызстанда шариатты толук билген адам бар беле же жок беле билбейм, бирок Нооруздун майрам эмес экендигин Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) оз оозу менен айткан. Андан бери бир жарым миндей жыл отту. Ошол убактагы арабтар да бул кунду майрамдашат эле. Бирок тыюу салынгандан кийин майрамдашпай калышкан. Демек, бул Ислам тарыхынын башында эле айтылган. Ал боюнча ким билди, ким билбей калды ал башка маселе. Биздин билбей калганыбыздан шариаттын окуму озгоруп кетпейт.
3. Бул суроого ар кайсы темада жооп бергенбиз. Кайра токтолгум келбеди. Анын ордуна суроо бергим келди. Ички дуйносу бай жана ички дуйносу кедей адам кандай болот? Б.а. адамдын ички дуйносу кайсы нерсе менен байыйт жана кайсы нерсе жоктугунан жакыр болот? Ички дуйнонун бай болуусу же кедей болуусуна майрамдар гана таасир тийгизеби же башка таасир этуучу нерселер да барбы? Айтор, ички дуйносу бай адам менен ички дуйносу кедей адамдын кандай айырмалары бар?

Супер-Инфо
super.kg
видео