Туугандар арасындагы нике
Туугандар арасындагы нике Туугандар арасындагы нике
#2 23 March 2015 - 19:39
Тажик бийликтери жакын туугандардын баш кошуусунан төрөлгөн балдарды каттоого киришти.
16-марттан тарта башталган иш-чарага Хатлон облусунда туугандар ортосундагы никеден төрөлгөн 1546 баланын майып болуп калышы себеп болду.
- Жалгыз бир тууган эжем экөөбүз туугандык катнашты бекемдейли деп, анын уулуна өз кызымды бергем. Мындай болоорун билген эмесмин, - деп көз жашын сүрткөн Зебо Каримова Хатлон облусундагы психиатриялык ооруканада 5 жаштагы небереси Анисжонду карап жатат.
- Кызым үчүнчү баласын ушундай оору менен төрөгөн соң күйөөсү таштап кетти. Мындан улам эжем экөөбүз да катташпай калдык, - деген Зебо небереси сакайып кетеринен үмүт үзбөйт. Небереси Анисжон төрөлгөндөн тарта баспайт.
Мындай окуялар Хатлон облусунда жүздөп катталат. Анисжондун дарыгери Хасан Назаровдун айтымында, алардын бөлүмүнө түшкөн он баланын алтоо туугандар ортосундагы никеден төрөлгөндөр. Алардын көбүнүн дене мүчөлөрү кем, же мээсинде кандайдыр бир мандеми бар.
- Айрымдар мындай майып балдарды айыктыруу мүмкүн эмес деген сөздөрдү таратышууда. Биз колдон келген аракетибизди көрүп жатабыз. Сакайып, жакшы болуп кеткендери да бар. Тилекке каршы, туугандар арасындагы никеде гендердин туура эмес келип калышы дал ушундай жагдайга алып келип жаткандай.
Облустук саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, аймактагы 9700 майыптын 15%дан ашууну тууган адамдар ортосундагы никеден төрөлгөндөр.
Жиликул райондук төрөт үйүнөн “Азаттык” радиосунун тажик кызматына кабарлашкандай, аймактагы туугандар ортосундагы никеде турган 16 аялдын алтоосунун курсактагы баласынын дене мүчөсүнүн бир жери жетишпегени аныкталган. Мындан улам алар боюнан алдырууга аргасыз болушкан.
2000-жылдардын соңунда Тажикстандын медицина кызматкерлери депутаттарга кайрылып, эки, үч ата гана өткөн туугандардын үй-бүлө куруусуна тыюу салууну сунушташкан. Анда мыйзамчылар мындай чараны маселени чечүү жолу эмес деп атап, сунушту четке каккан.
Андан он беш жыл өтпөй бул маселе курчугандан курчуп, быйыл президенттин деңгээлинде көтөрүлдү. Президент Эмомали Рахмонбыйыл 23-январда элге жасаган кайрылуусунда:
- Дагы бир жолу баса белгилейм, бул маселени коомчулук жана эл менен бирге чечүү керек. Бул көйгөй тууралуу ойлонгула. Болбосо тыюу салган мыйзам чыгарабыз. Мектеп программасына "Үй-бүлө сабактары" деген сыяктуу сабак киргизүүнү сунуштайм, - деп айтты.
Социолог, эксперт Фируз Саидов Германиянын DW радиосуна берген маегинде Тажикстандагы туугандар арасындагы никенин өсүшүнүн ар кайсы аймакта ар кандай себептери бар экенин айткан. Маселен, Зеравшан өрөөнүндө бул көрүнүштүн өрчүп кетишине элдин караңгылыгы түрткү болууда:
- Элдер көп жылдан бери жабык жашашат. Сырткы дүйнө менен диалог өтө аз. Мына ошондон улам бири-бирине үйлөнө беришет.
Дагы бир себеп-кылымдан бери келаткан кландар арасындагы салттар. Саидовдун айтымында, маселен коомдун жогорку баскычындагы диндар үй-бүлөлөр арасында өз ара кудалашуу кеңири тараган көрүнүш.

#3 24 March 2015 - 20:21
Мен тааныган эле уй булонун балдары уйлонуп алышты.Кыздын атасы убагында ботолколоп арак ичкенин коргом,кийинчэрээк намаз окуп,сакал коюп,келинчегин,
кызын оронуп жургуло деп алар оронуп алышкан.Ошол оронгон кызы атасынын бир тууган агасынын баласы менен жашыруун уйлонуп Туркияга качып кетишти.Айла жок тиги эки бир тууган эркек кишилер уулу менен кызына батасын берип чакыртып алышты.Азыр туугандардын жаш уй булосундо ымыркай торолду,акыл эси азырынча жайында деп уктум.Кийинки торолгон балдары кандай болот деген будомук ой бар.
#4 25 March 2015 - 11:38
Аял бир туугандардын балдары баш кошсо анчалык болбойт себеби аталары башка башка тууган эмес. Бирок эркек бир туугандардын балдары баш кошсо 80%гарантия баарыбир кемтик болуп бала торолот. Себеби кандаш болуп калат.
Динге да туура келбейт.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#5 26 March 2015 - 13:14
Атамдын бир тууган эжеси тууганына турмушка чыккан экен. 4 кыз 1 баласы бар. Эң кичүү кызы төрөлгөндө эле баспай төрөлгөн. Азыркы убакта да баспайт. 20 чыкты. Сөөгү өтө морт. Машинада кетип атып повороттон бурулганда эле жамбаш сөөгү сынып кетиптир.
Бирок башы укмуш иштейт.
Бирок башы укмуш иштейт.
Роналду - бул кайталангыс талант
#6 27 March 2015 - 02:52
Аял бир туугандардын балдары баш кошсо анчалык болбойт себеби аталары башка башка тууган эмес. Бирок эркек бир туугандардын балдары баш кошсо 80%гарантия баарыбир кемтик болуп бала торолот. Себеби кандаш болуп калат.
Динге да туура келбейт.
Туура айтасын бололор баш кошушса болот,баары бир туугандан алысыраак жургон жакшы.
#8 27 March 2015 - 16:40
Карын бололорго да коркунуч бар. Алысыраак туугандарга эле болбосо негизи туугандар бири биринен алыс эле болушса.
#9 27 March 2015 - 17:33
Мен тааныган эле уй булонун балдары уйлонуп алышты.Кыздын атасы убагында ботолколоп арак ичкенин коргом,кийинчэрээк намаз окуп,сакал коюп,келинчегин,
кызын оронуп жургуло деп алар оронуп алышкан.Ошол оронгон кызы атасынын бир тууган агасынын баласы менен жашыруун уйлонуп Туркияга качып кетишти.Айла жок тиги эки бир тууган эркек кишилер уулу менен кызына батасын берип чакыртып алышты.Азыр туугандардын жаш уй булосундо ымыркай торолду,акыл эси азырынча жайында деп уктум.Кийинки торолгон балдары кандай болот деген будомук ой бар.
#11 27 March 2015 - 17:54
Мен даагы Чубак ажынын бир аалам баракчасына берген суроо жоопторун окуп карап! Козго урумдуу жери : Шариатта туугандар баш кошуусу мумкун???!!
! Ушул жери суроо жаратат ! Шариат мыйзамында ! Бирок Биздин ата баба салтына ылайык ! Бул нерсеге каршымын деген жери бар эле!
#12 27 March 2015 - 17:54
#13 28 March 2015 - 07:13
Бул абдан жаман нерсе. Эч качан жакын туугандар менен уйлонуп, балалуу болбош керек.
Илимий жактан караганда, ушундай уй-булоолордо, коп учурда балдары оорулуу болуп торолот.
Анткени андай кан алмашуудан тороло турган бала, бир эле гендин 2 копиясын алышы мумкун. Эгерде ал 2 копиясы жаман болсо, анда ар кандай ооруларга алып келет.
Даун синдрому коп болот.
Диний жактан да туура эмес.
Инцест деген бул чон куноо.
Кыргыздар акылдуу эл болгон да, бекеринен 7 атасын билуу керектигин айтып келген жок да.
Бирок азыр коп кыргыздардан акыл кетип, ошондойго барганы жаман белги.
Aдамдардын саны кобойгондо, алыскы адамдарда бул проблема эмес.
Абдан жакын туугандары арасында эле бул проблема болушу мумкун.
KamPo_87
Азыркы адамдардын тупку теги бир - Африка. Мындан 200, 000 жылдай мурун, Африкада биринчи "Адам" чыккан.
Муну илим таптак эле далилдей алар азыр генетика менен текшерсе болот.
realmadrid
Бул Куранда ушинтип жазылган.
Бирок илимий коз караш менен караганда, бир гана адам эмес, топурак озу, жер, суу жана башка металдар баары эле биз билген химиялык элементтер.
Мисалы кычкылтек, комуртек, суутек (Н), жб.
Силер коргон жана корбогон нерселердин баары эле биз билген элементтерден турат. Менделеевтин таблицасын эстесенер
Ал эми ал элементтер кайдан пайда болгон деген суроо кызыктуурак.
Силер билесинерби? Бул болсо илимге "жакында" эле белгилуу болгон.
Качан адамдар жылдыздарды изилидей баштаганда. Корсо Космосто абдан чон жылдыздар болот экен.
Ошолор жарылганда (Supernova) ички ядросу жарылып, Космоско ар кандай элементтерди чачырап таратат:
мисалы темир ошондой убакта эле пайда болот.
Алтын эмнеге дуйнодо аз? Анткени ошондой жылдыз жарылганда эле алтын (аурум) пайда болот, бирок аз эле олчомдо.
Ошол учун алтын да аз. Ал эми темир кобуроок болуп чыгарылат.

Бир туугандар баш кошпосун дейли, а бирок адамдар кантип көбөйүшкөн?

Бул жонундо бир нерсе деш кыйын . Исламда Адам Адам ата менен Обо энеден таралган деп айтылат. Менин оюмча алардын балдары уйлонушсо керек.
Азыркы адамдардын тупку теги бир - Африка. Мындан 200, 000 жылдай мурун, Африкада биринчи "Адам" чыккан.
Муну илим таптак эле далилдей алар азыр генетика менен текшерсе болот.
realmadrid
Адам топурактан жаралган
Бул Куранда ушинтип жазылган.
Бирок илимий коз караш менен караганда, бир гана адам эмес, топурак озу, жер, суу жана башка металдар баары эле биз билген химиялык элементтер.
Мисалы кычкылтек, комуртек, суутек (Н), жб.
Силер коргон жана корбогон нерселердин баары эле биз билген элементтерден турат. Менделеевтин таблицасын эстесенер
Ал эми ал элементтер кайдан пайда болгон деген суроо кызыктуурак.
Силер билесинерби? Бул болсо илимге "жакында" эле белгилуу болгон.
Качан адамдар жылдыздарды изилидей баштаганда. Корсо Космосто абдан чон жылдыздар болот экен.
Ошолор жарылганда (Supernova) ички ядросу жарылып, Космоско ар кандай элементтерди чачырап таратат:
мисалы темир ошондой убакта эле пайда болот.
Алтын эмнеге дуйнодо аз? Анткени ошондой жылдыз жарылганда эле алтын (аурум) пайда болот, бирок аз эле олчомдо.
Ошол учун алтын да аз. Ал эми темир кобуроок болуп чыгарылат.
#14 28 March 2015 - 13:57
Чындыгында тажик калкынын копчулугу карангы келет,аларды копуп кудайга шугур дейсин. Ошол карангычылыктан келип жатат да бул маселе,уйлоноор алдында бизде созсуз айтылат алысыраак ороондон же бизге тууган эмес адамдардан уйлон кызын ал деп. Келечекте балдарындын ден соолугу чын болсун десен колдон келсе алысырак тууган эмес адамдарга уйлонуу керек.
#15 28 March 2015 - 20:07
Бир туугандар баш кошпосун дейли, а бирок адамдар кантип көбөйүшкөн?
Адам ата мн Обо эне баш кошкондон кийин ар жылы эгизден торогон .Мурунку торолгон эгиздери мн кийинки торолгон эгиздери уйлонгонго уруксат болуп Аллахтын каалосу мн мурунку торолгон эркеги мн кийинки торолгон кызы уйлонгон.Ошентип тукум уланган .Мындай нерселер С.А.ВМухаммед пайгамбарыбызга чейин болгон.Качан гана пайгамбарыбыз толук динин жайгандан кийин мындай туугандардын баш коошусуна тыйуу салган .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#16 29 March 2015 - 08:32
илимий изилдоонун бардыгы тээ илгери куран пайда болгондо эле куранга жазып койгон. Дуйнонун кээ бир окумуштуулары омуру откучо омурун бир бир нерсени изилдегенге арнап кийин ошол нерсени ачылыш кылып дуйного жарыялап анан куранды ачып караса ошол илими куранда жазылуу экенин коруп башын койгулап окунуп анан ислам динин кабыл алгандар болгон экен. Шариятта куранда бардыгы бар андан алыс кете албайбыз. Кыргызда айтат ко туугандар арасында уйлонуу жети ата откондон кийин баш кошусса болоорун жети ата откондон кийин жат болот экенбиз.
#17 16 January 2016 - 00:09
Жакпайт мага эки боло уйлонуп, тайке-жээн уйлонуп, колдон келсе алыс жактан алыш керек экен, ата-бабаларыбыз туура кылган башка элдин, башка уруунун кызын алып, уулуна берип .
#18 16 January 2016 - 00:24
Биз да кечээ жакында апам экообуз талкууладык эле ушул темада. Сиздерден сурап кетейин билгендер болсо жооп берээрсиздер.
Таятамдын бир тууган акесинин баласынын кызын келин кылып алсак болобу же ото жакын тууганбызбы?

Супер-Инфо
super.kg
видео