Эмне үчүн жамгыр жааганда курбакалар ыйлашат?
Илгери-илгери өткөн замандарда Чхонгугири аттуу курбака, өзүнүн жесир энеси менен жашашчу. Чонгугири зыянкеч, тентек болуп, апасына көп жамандык алып келчү. Апасы эмне дебесин, эмне деп буйрубасын,
баарын тетири аткарып, бир да жолу апасынын сөзүнө кулак салчу эмес, жада калса ква-ква деп да туура айталчу эмес. Күндөрдүн биринде апасы өлүм төшөгүндө жатып, уулу бул жолу да тетири аткарат деп ойлоп, уулуна өзү өлгөн соң сөөгүн көл жеегине коюуну суранат да, ошол замат жан берет.Чхонгугири апасынан түбөлүк ажырап, апасын өмүр бою азапка салганын акыры түшүнөт да, апасынын акыркы суранычын аткармакчы болуп, анын сөөгүн көл жээгине коёт. Ошондо курбакалар,
жамгыр жааганда көлдөгү суу ченеминен көбөйүп, жээктеги көрүстөндү жууп кетип жатканына аябай кайгырышып ква-квакалап ыйлашчу болуптур.
Корей, Жапан, Кытай эл жомоктору акылга бай чыгыш эл жомоктору
#2 28 February 2015 - 22:00
Илгери-илгери,
ааламда жок ак көңүл,боорукер адам жашачу.Ал кичинекей дүкөнүндө ак ниеттик менен эч кимди алдабай майда-чүйдө сатып, оокат кылчу. Эгерде кимдир бирөөнү балээден куткаруу керек болсо,ал дайыма ошол жерде болчу. Бир жолу дүкөнгө даос (даосизм динин кармаган адам) кирип калат. Анын аялы да, балдары да жок,ал бул дүйнөдө жалгыз эле. Кожоюн менен сүйлөшүп калышат да, сөз артынан сөз улап олтурушуп, экөө алыс эмес, жакын тууган экендиги айкын болот. Абышка: - менин эч канча өмүрүм калбады, мүмкүн мага баш паана берээрсиң? -дейт. Дүкөнчү бөтөн бирөөгө да жок демек эмес,а мында өзүнүн тууганын кантип кийирбей коймок эле. Даоско эң чоң бөлмөнү берип, ал жөнүндө кам көрө баштады. Абышка өзү менен кайра-кайра жамап токулган чүпүрөктөгү жыгач жаздыгын ала келди. Көзүнүн карегиндей асырап, эч качан аны менен айрылчу эмес.Жадагалса үйдө да андан колун үзчү эмес,а эгер кайдадыр бармай болсо, сөзсүз өзү менен алып алчу. Бул кандай жаздык экенин эч ким билбейт болчу. Бир нече жыл өттү. Дүкөнчү жакырланып калды, кардарлар жок. Дүкөнгө кээде гана кирип чыгушчу. А чал өзүнчө оокат кылып, дүкөнчүдө иши жоктой. Бир жолу кожоюн дүкөндө олтуруп, көңүлсүз ойду ойлоп жаткан. Бир маалда абышка анын жанына келип, мындай дейт: -Карасам, өңдөн азыпсың. Же бир балээ болдубу? Мына менин жаздыгымды ал, бир түн уктасаң жеңилдеп каласың. Ушундай деп, чүпүрөктү чечип, жыгач жаздыкты алып чыгат. Сатуучу дөңгөчтү алып, абышкага ырахмат айтат да, "дөңгөчтөн жеңилдеп калууну кайсы жерде уктуңар эле?" деп ойлоп калат.
#5 01 March 2015 - 00:29
Абышка өзүнүн бөлмөсүнө кетет, а дүкөнчү кайра кайгыра баштайт. Олтуруп олтуруп,уйкусу келет, башына жыгач жаздыкты коёт да, жатып алат. Бир маалда музыканын ойногонун угат. Көзүн ачса, жаздыгынын түбүнөн аппак түтүн чыгып жаткан болот. Агым артынан агым болуп, бөлмөдө эч нерсе көрүнбөй калды. Ал аңгыча кайдан-жайдан кичинекей адамдар. Жүк артылган алтын бука. Кичинекей адамдар жүктү алып бурчка жайгаштырып жатышты. А мунун баары түйүнчөктөр эле. Быкбырдай кайнаган көп. Дүкөнчүгө түйүнчөктөрдүн ичинде акча бардай болуп көрүндү да, анан ал: "ушунчаалык кедейлешкенден а жадагалса түшүмдө да акча көрүп жатам!"
. Ошентип ойлоду да, капталынан оодарылып жатып алып, катуу уйкуга кирди. Эртең менен дүкөнчү түшүн унутуп, дүкөнгө барып караса жащик толо акча. Андан башка карыз алуу боюнча тилкаттары.
Карыз берүүчүлөр келишип,аларга карызын пайызы менен кайтарып бергендиги үчүн рахмат айтып жатышты. Дүкөнчү түш жөнүндө эстеди да, даос ага жөнөкөй эмес сыйкырдуу дөңгөч бергенин түшүндү. Дүкөнчү абышкага келип, эмне деген шумдуктуу окуя болгонун айтып берди, а аөышка эч нерсе болбогондой "бул сеннин ак көңүл, боорукердигиң үчүн" деп жооп берди. ( "Сыйкырдуу жаздык" корей эл жомогу, орусчалаган Валентина Ли. Орусчадан кыргызчалаган Аняй.)

Супер-Инфо
super.kg
видео









