
Мезгил отуп, жаз келип ал Тынчтыкты деле унутуп койгон. Бирок бугун аны дагы бир ирет жолуктурду. .. Болгондо да дос кызынын туулган кунунон. Баардыгы шандуу, ырдап , бийлеп отурушту... Айсулуу эжесинин уйуно барып келе жаткан, алдынан Чолпонкул чыкты.-Айсулуу сен кечигип кайда журосун? Кече кызыгына келип калды,биз сени келет деп кутуп отурабыз,-деди. Азыр баратам дегендей Айсулуу башын ийкеп койду. Жатаканадагы болмосуно кирип чыгайын десе да Чолпонкул конбой, туз эле Гулиналар отурган залга жетелеп барды.-Оо Айсулуу кел, эмне мынча кечиктин?- дешип конулдуу тосуп алышты. Ал ириде туулган кун ээси Ажараны куттуктап, колунда ала келген белегин бергенге улгурду. Копчулук он бештей студенттер, баарын карап жетише алган жок. Марс жанын корсото калды , Айсулуу макул боло отуруп калды. Кече бир топ кызып, шампан, кызыл шараптар ичилип, жаштар куунак. Каптал жагынан бироо карап тургандай сезиле бергенинен бир карап койду. Ошондо гана каптал жагында Азизага катар Тынчтыктын отурганын корду. Ичинен аны коруп сурдой тушту. Бирок жанындагы Марс ага мумкунчулук берген жок. Кече конулдуу уланып жатты. Бирок Айсулуу учун башкача отуп жаткандай, каптал жагынан Тынчтыктын козу озунон отуп жатканын сезип турду. Бир аз коз ирмемден пайдаланып , Айсулуу коридорго чыкты да ылдам басып, болмосуно жоноду. Артынан удаа Марс ээрчип алды. -Мен азыр келем, болмого барып келейин -деди . Марс макул батыраак кел , болбосо артындан барып калам ,-деди. - Макул,- деп койду да , бара жатып ойлоп койду " эмне болгон буга" деп. Болмосуно кирип керебетине жата кетти. Эртеден бери эс ала албай кыйналган жаны , кайра кечеге буту тартпай турду. Ойго алаксый тушуп, каалганын тыкылдаган унунон чочуп кетти.- Ким бул? -Мен Тынчтык,-деди . Бир аз коз ирмемге ойлоно калды.
Билдирүүнү түзөткөн: Akkyz8081: 25 Март 2015 - 20:51