ЖАКШЫ КАБАР
(мурунку заман)
-Таксыр, мен сага суйунучтуу жакшы кабар алып келдим,- эшиктен кирген афтобачи эки колун бооруна ала дароо эле Убайдулла бийге жанылыгын узата кетти. Жаны эле пало жеп колун аарчып аткан бий серпип алды.
-Айта Бер, кулак сенде, эмне жанылыгын бар?
-Кудай буйруса жоголгон казынанын изи табулчудай болуп турат.
Убайдулла эч соз айтпастан кумуштон кооздолуп жасалган кумган кармап турган жигитке колуна суу куйдуруп, оозу-баштарын шашпай чайып, таза сулгуго колун аарчыды да афтобачи Абдурахманга кайрылды.
-Кана айтчы эмне далил таап келдин?
-Далилим ушул таксыр, Андижандан Набиджан деген уйгур кишини алып келдик. Анын Мэхрибан деген кызы Урумчудон качып келиптир, алиги Хабибулло деген атактуу соодагер, копостун уйунон.
-Ко-ош анан айта Бер…?
-Набиджандын кызы бул жактан туткун болуп барган бир жигит болуп чогуу качып чыгышыптыр.
Жолдо баратканда ал тиги кызга «мага турмушка чыгасынбы, эгер мага катын болуп берсен Кудая шугур байлык небере-чоборолорубузго чейин жетет» деп бир нерсенин башын кылтыйтып айтыптыр.
-Анан?
-Анан жолдо келатканда кандайдыр бир катылуу байлык жонундо соз козгоптур. Коп отпой артынан куугунчулар келатканын корушуп, жигит жубанды качырып жиберип озу тигилерди тосуп калыптыр. Жубан менен коштошуп жатканда жигит «кете Бер алаксыбай, сен деген оз эне-атанды табышын керек. Ал эми менден болсо кам санабай эле кой, алар мени олтурушо алышпайт, анткени алтындардын каяка катылуу экенин мен Гана билем. Ал эми сени кармап алышса олтуруп коюшу мумкун»,- деп айымга тиешелуу бир топ создорду айтыптыр. Таксырым бул жерде туйулгон жашыруун бир жиптин учугу жатат го дейм. Ал жигит алтын туралуу бекерден бекер соз кылган жок, демек бул жерде бир сыр бар.
Ахмед Абу Убайдулла акырын ордунан копшолду.
-Канакей алиги уйгур кишинер, алып келгиле бери!
Эки-уч жигит коп отпой эле сыртка чыгып чокчо сакалчан, чааралекей чапан кийген жашы алтымышка таяп калган арык чырай кишини жетелеп алып келишти. Ал тизелей калып башын жерге тийгизе тигиге таазим кылды. Убайдулла анны сынай бир азга карап турду.
-Сен Ким болосун?
-Мен Андижанда жашаган жонокой эле карапачы Набиджан деген кишимин, урматтуу таксыр.
-Алтын туралуу, казына туралуу создорду кайдан, кимден угуп журосун?
-Менин он алтыдан он жетиге караган Мэхрибан деген кызым бар болчу таксыр. Мындан эки-уч жыл мурун сыртка чыга калып, ошол боюнча кайра уйго келген эмес. Биз да сыртка чыгып таппай калганбыз, корсо анны уурдап кетишиптир белгисиз бироолор. Анан колдон колго сатылып журуп олтуруп, акыры Урумчулук алиги атактуу Хабибулло копос сатып алып озуно токолдукка менин кызымды алып алыптыр. Арадан бир жарым жыл откон сон, Ташкентке сода менен кеткен Хабибулло, кандайдыр бир жашы али отузга чыга элек, коп тилде таза суйлогон чала олук болгон бир жигитти озу менен кошо ала келишиптир.
Анан алиги копос озунун Урумчудогу кучтуу дарыгерлерин чакырып, олосолу жигитти айыктырып алыптыр. Ал жигит дайыма копостун уйундо кызматын кылып журчу экен. Копос анны озуно чакырып алып, жекеме-жеке копко суйлошчу экен дейт. Ошол жигит бир куну менин кызымды азгырып экоо качып чыгышыптыр.
Жолдон куугунчулар жете келишкенде кызымды жонотуп жиберип, коштошуп жатып «коркпо алар мени эч нерсе кыла алышпайт, анткени алтындардын каяка катылуу экенин мен Гана билем» деп айтыптыр.
-Ал эмне болгон, жердиги каяктык жигит экен?
-Кайсы жердик экенин билбейт экен таксыр, сыягы жер кезип жургон дервиш болсо керек.
-Дервиш дейсинби, анын аты Ким экен?
-Эстей албай жатпаймынбы,
азыр, азыр… аты Улукбек…
-Дагы эмнени билесин?
-Болгону ушул эле таксыр, кызым уйго кайтып келгенде мага ушуларды айтып Берген болчу, башынан откоргондорун.
-Чынынды айтып жатасынбы же…?
-Болгон, уккан чындыгымды айтып жатам таксыр, кассам ичкенге даярмын.
-Эсинде болсун, жалган айтып бизди дурботчу болсон биринчи кезекте алдагы мойнунда илинип турган башын ыргыйт шылынып. Муну алып барып камап койгула дагы биякка кызын алып келгиле.
Ары жакта турган жигиттер уйгур чалды эки колунан кармай ары алып кетишти дагы коп отпой капкара чачы орулуп соорусуна жеткен коздору моймолжуган сулуу кызды жетелеп келишти. Мындайды кутпогон бий кыздын сулуулугуна тангалып, суктана карап калды. Анысын билгизбоо аракетине унун озгортуп жумшагыраак суйлоду.
-Атын Ким?
-Мэхрибан
-Кана айтчы кызым, атандын айткандарынын бары чындыкпы?
-Мен атам бул жерде эмне айтканын билбейм
-Билбесен мен анын айткандарын кайталап берем. Урумчулук Улукбек деген жигитти тааныйсынбы?
Муну укканда Мэхрибан селт эте тушту, бирок унчуккан жок.
-Мен сенден сурап жатам Хабибуллонун малай жигити Улукбек дегенди тааныйсынбы?
-Эч кандай Улукбек деген жигитти тааныбайм.
-Ошондой де, анда атан бизге калп айткан экен да. Кайра алып келгиле тигини!- бийдин оозунан жели чыга электе эки-уч жигит жетип барып, Набиджанды кайра жетелеп келишти. Бий ага заардуу козу менен карады.
-Демек, сен калп айтып бизди мазактап жаткан экенсин да. Мен сага эскерттим беле, калп айтып бизди дурболон кыла турган болсон башын кетет деп, канна жигиттер баштагыла!
Эки-уч жигит Набиджанды эки кол, эки бутунан байлап беш-бештен он атка эки жакка кердире баштады. Чытырап колу-буттар эки жакка керилгенде Набиджан чыдай албай Жан соогалап кирди. Атугул канны бетине тээп куроо тамырлары кооп чыкты. Мэхрибан чыдай албай бетин тетири коздой буруп жиберди эле бироосу барып башын толгоп кайра анны каратып койду. Атасы чыдай албай окуруп-бакырып атканын коргондо козун жумуп жиберди. Алиги эркелей суйлоп, жумшак мамиле жасап аткан бий заматта заары бетине чыгып, каардуу болуп чыга келди.
-Кана эми айтасынбы чынынды же атанды дагы кыйнайлыбы?
-Мен эч нерсе билбейм…
-Демек атан бизди алдап жалган айтып аткан экен да. Канна жигиттер уланта бергиле андан аркысын да. Локуйгон карылуу эки-уч жигит алиги абышканы бери жетелеп келип узун тактайга жаткырышты.
Анан белинен ойдо жыланач чечиндиришти да колу-буттарын катуу байлап туруп, ормок камчы менен алмактан-салмак сабай башташты. Камчынын уусу тийгенде илмейген арык чал тимеле болгон кучу менен окуруп-бакырып,
чучуктай чынырып жатты. Анны мелтиреп унчукпай карап турган Мэхрибан козу антарыла жерге Шалак этип кулап тушту. Алиги далдайган жигиттердин бироосу бир челек суу алып келип анын башына жаба куйду. Эсине келген Мэхрибан бет мандайында унсуз комкорусунон жаткан атасын корду. Ары жактан бир челек суу алып келишип ага да жаба куюшту. Эсине келген Набиджан акырын башын буруп кызына аянычтуу карады.
-Кызым, болгонун болгондой айтып койбойсунбу,
мени кыйнабай…
Мэхрибан эч нерсе укмаксан, билмексен болуп мелтиреп карап турду. «Озун кылган иш, оз башына муш»- деген ушул. Менин айтканымды корунгонго божурабай, унчукпай койсон мындайды корбойт элен. Адам баласы биз кээде ушинтип болбогон жерден эле балээнин баарын башыбызга уйуп алабыз. Мына эми атам кошунасына женил ооздонуп айтпай койгондо экообуз тен мынчалык азаптарды тартмак эмеспиз… Анын оюн ары жакта озун заардуу карап турган бийдин созу бузду.
-Кана, эми чынынды айтасынбы айтпайсынбы?
Бул акыркы жолу эскертуум. Алтындардын каяка катылганын билген жигит жонундо эмнени билесин. Улукбек деген Ким, ал каякта?
Кыз мелтиреп тура берди. Убайдулла бий ачуулангандан ачууланып отуруп акыры чегинен чыгып кетти.
-Кана жигиттер буларды коп созбой экоону тен кошоктоп жоготолу тиги дуйного. Тактай, таш менен олтургуло экоону тен бир-бирден.
Алиги далдайган эки жигит чалды суйроп келип тактайдын устуно башын коюшту да, башынын устуно атайын даярдалган жалпак жыгачты коюп, жыгачты экоосу эки жактан кармап турду. Учоосу чондугу кулачтай болгон ташты тапатак которуп жалпак жыгачты коздой алып жоноду. Кыз чыдай албай кыйкырып жиберди.
-Токтогула…!
Болуптур мен баарын айтам. Тек Гана атам экообуздун жаныбызды Аман койгула.
Абдурахман афтобачи менен Убайдулла бийдин жуздоруно кан жугургондой бири-бирине жылмая карап коюшту.
АЗГЫРЫК
(бугунку заман)
Каныбектин турмодо олтурганына дээрлик уч айдын жузу болуп кеткен эле. Тушку бир маал сейилдоо учурунда дайыма алиги афган жигит Кахарга барып, жоголгон кенч туралуу бир маал соз кылып отушчу. Экоосу жакшылап таанышып алышкан сон Каныбек Кахарды акырындап азгыра баштады.
-Моюнга илинген он жылдын уч жыл моонотун аран отоп бутуптурсун,
алды да дагы жети жыл бар экен. Калган моонотунду буткорбой эле бошоп чыгып, оз мекенине кеткин келеби?
-Биринчиден это невозможна,
экинчиден Афганистанга да барганга мумкун эмес, ал Жак али тынчый элек, анын устуно душмандарым да коп, мени олтуруп коюушу мумкун.
-Алтын оюунуна, чыныгы казынаны издоого катышкын келеби?
-Айтмакчы, сен турмодон «побег» дегени турасынбы?
-Эч кандай побег уюштурбайм,
тек Гана Сенин макулдугун керек, же макул же жок дегин. Озундун келечегин озундун колунда, жакшылап ойлон.
-Мен сага чынында эч нерсе тушунбой жатам, причем здесь казына, алтын. Чын эле казына бар экенине мен эч убакта ишенбейм. Экинчиден эмне себептен мени ошол чойролорго тарткын келип атат?
-Жакшылап эстеп корчу, тээ илгери мындан он беш, жыйырма жыл мурун Хаджи анан Махам деген эн жакын досторун бар беле?
-Болуптур бар эле деп коеюн, бирок алардын бул жерде эмне тиешелери бар, алардын экообузго да казыналарга да…
-Чынынды айтчы, азыр ошол достор каякта экенин билесинби?
-Почти сто лет их невидел, алар Афганистандын бир жеринде журушкон чыгаар. Баса аларды сен кайдан тааныйсын?
-Кептин бары ошолордо болуп жатат. Сага турмонун «баландасы» керекпи же ресторандын тамагы, жаш сулуу кыздар, эркин жашоо керекпи, анны озун танда.
-Мен сага анча тушуно албай турам, менден сен эмнени каалайсын, эмне талап кылып жатасын?
-Эгер сен менин айтканыма макул болсон сенден бир Гана нерсени отуном, бизге иштеп Бер.
-Биз дегенин Ким?
-Сага кандай деп тушундурсом… Казынаны издеген топко… Эгер жакшылап казына каякта экенине комоктошсон экообуз тен эркиндикке чыгабыз.
Каныбек анны менен дээрлик бир айдан ашык азгырып, кондуруп суйлошууго аракет кылып журду. Кахар таптакыр конбой койгон сон Каныбек эмне кылаар айласын таппай, башын кармай отуруп калды. Арадан дагы бир жума откон сон Кахар Каныбекти озуно чакырып алды.
-Болуптур мунунарга мен макул деп коеюн, а.э силердин койгон шартынар кандай болот?
Кара пояс Жоголгон казына баяны
#282 25 March 2015 - 22:07
Алтын балык кармаганымда ушул чыгарма аягына чейин жазылып калсын демекмин ойлонбой туруп.
#283 25 March 2015 - 23:18
Алтын балык кармаганымда ушул чыгарма аягына чейин жазылып калсын демекмин ойлонбой туруп.
Мен да ошол алтын балыкты издеп жүрөм
#285 26 March 2015 - 01:25
Мен да ошол алтын балыкты издеп жүрөм
Китебинизди мага берсемизго, мен боло калат элем "алтын кыз"
Китебин таппай жатам.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#286 26 March 2015 - 02:05
ТААНЫШ КОРООДО
(мурунку заман)
Быйыл суук Үрүмчүгө эрте келди,бир аптадан бери көнөктөп тынбай төккөн жаан жергиликтүү элди аябай жүдөтүп жиберди.Жайы бою дегеле мындай жаан болуп көргөн эмес,тескерисинче жайды жайлата күн ысык тийип,бир тамчы да жаан жаабай туруп алган.Жашылча жемиш,арпа-буудайлар быша баштаган мезгилдежергиликтүү элге жаандын зыяндан башка пайдасы жок болчу.Талаага байлардын малайлары эле малдарын жайып чыкпаса демейдегиден көчөдөгү кыймылдар да аз.
Башына кийизден жасалган жука калпак кийген,чааралакей чапанга думаланган адам эски көлөч-маасы менен көчөдөгү суунучалпылдата кече улам-улам айланасын көзүнүн кыры менен карап коюп келатты.Бул Улукбек болчу.Көпөс Хабибуллонун башын белгисиз бирөөлөр кесип алып дайынсыз жоголуп кетишкенден кийин анын иниси Рамазан Улукбекти сарайда ооруп жаткан жеринен көчөгө кууп чыккан.
-Сендей чалажаны бар оорулуунунбизге бир тыйынчалык кереги жок.Сени баккандай мал кылып согумга союп жейт белек,төрт тарабың кыбыла кайда барсаң айда бар.Сенсиз деле өзүмдүн малайларым жетиштүү.
Үй-жайсыз ал көчөдө эмне кылаарын билбей,бир жагынан сынган кабыргалары жакшы болбой оорутуп Улукбек өзүн көчөдө калган эч кимге кереги жок оорулуу иттей сезип турду.Соо болсо көнгөн адаты менен жер кезип дервиш болуп жер кезип кете бермек,бул ахыбалы менен эч жакка бара албайт болчу.Ага Кудайдын боору ооруду окшойт,өзү менен чогуу иштешгип жургөн Хабибуллонун койчусу Зуннахун деген уйгур жигит аны үйүнө ээрчитип барды.Анын үч уул,эки кызы ансыз деле өздөрү жетиштүү экен.Сынган кабыргалары калыбына келгенче айла жок анын үйүендө убактылуу жашап жүрдү.Бактыга жараша Зуннахундун аялы боорукер,жөнөкөй, ак көңүл аялдардын бири болчу.Зуннахундун Чан-Ли деген кытай досу анча-мынча табыпчылык, дарыгерликтин жолун билгендиктен ага кандайдыр бир күрөң,ачуу суюктук ичирип жүрдү.Ошонун таасириби Улукбек бир айга жетпей калыбына келип,басууга жарап калды.Ал канчалык оңолуп тыңыган сайын,эки көзү төрт болуп бул каргашалуу жерден эртерээк эле кеткиси,Кызыл- Үңкүр сепилинин жанындагы мүрзөлөрдөгү катылуу казыналарга тезирээк эле жеткиси келип жатты.Бирок алыскы кыогыз жергесине жөө кетүүгө мүмкүн эмес болчу.Көптөн бери анын эч ким билбеген максаты Хабибуллонун сарайындагу Элүүбай каракчынын күлүк атын минип качуу эле.Ыңгайлуу кырдаалды күтүп,ошону көздөп жүргөн.
Бул жолкусунда да көнөктөп төккөн жаанга карабай Хабибуллонун короосун акмалап чалгынга келаткан.Дээрлик жарым жылдан ашык анын үстүндө,короосунун ичинде жашап калгандыктан ал жер баардыгына тааныш болчу.Хабибулло өлгөндөн кийин короонун ичинде бир топ өзгөрүү болгонун байкады.Анын иниси Рамазан тоок,индюк деген нерселердин эч нерсесин койбой алып,уяларын түп орду менен жок кылыптыр.Короо ичиндеги көп нерселерин алып таштаптыр.Чоочун, өмүрү көрбөгөн адамдар да пайда болуптур. Улукбек бир аптадан бери бир маал келип ушуларды акмалап жүрдү.Жумадан жумага төккөн жаан эми гана басаңдай баштады.Улукбекке ушул гана керек болчу,көптөн бери чыдамсыздык менен к уткөн ыңгайлуу учур ушул болчу.
Хабибуллонун ат сарайы менен мал сарайын коён жатагына чейин билгендиктен сарайга кандай кириштин жолун эң жакшы билчү.Сарайдын артындагы иттер да тааныш аны каппайт болчу.Бир апта тынбай төккөн жаан,эми акырндап себелеп жаап калды.
Түн бир оокум болуп калганда Улукбек акырын эч кимди ойготпой үйдөн чыкты.Атүгүл үй ээси Зуннахунга эч нерсе айткан жок. Анын ой-максатын билип калса балким көптөн берки пландарынын баары ишке ашпай калышы мүмкүн болчу.Карга карганын көзүн чукубайт дегендей тигилердин баары бир улуттагы уйгур болгондуктан бири-бирине эскертип коюшу толук мүмкүн эле.Ал өзүнүн эски тааныш короосуна жакындап келди,элдин баары тынч уйкуда болчу.Бак аркылуу бийик дубалдын ичине секирип тушүп,ууру мышыкча түз эле ат сарайды көздөй жылып жөнөдү.Баары тааныш,сарайдын жанындагы иттер эски таанышын көргөндө куйругун шыйпаңдата жетип келишти да ага эркелегендей секирип,асыла кетишти.Күндүз иттерди байлап койчу темир казыктын бирөөнү болгон күчү менен ары-бери жулкулдатып атып сууруп алды.Анан ат сарайдын оозундагы темир кулпунун илмегин омкорууга аракет кылып көрдү.Ошол маалда үйдүн эшиги ачылып өзүн карай жай басып келаткан караанды көрүп,жашырынганы жер издеп шааштысы кете туштү.Жакын жерде иттин уялары бар болчу.Жүгүрүп барып төрт бүктөлүп бирөөсүнүн ичине кирип кетти.Ичи тар болгондуктан кысылып араң-араң дегенде батты.Алиги караан ат сарайдын кулпуларын бир сыйра текшерип бүткөн соң шашпастан бурчка тура калып даарат ушатып алды.Анан какырынып-түкүрүнө жай басып үйүно кирип кетти.Бул Хабибуллонун дайыма оң колу болуп журчү Хусейин эле.Кичинекей уяда араң дем алып кыйналып,төрт бүктөлүп жаткан Улукбек бир аздан соң баары тынчыгандан кийин кайра тырмалаңдап атып араң дегенде чыкты.
Алиги темир казык менен кайрадан кулпунун илмегин болгон күчү менен тарткылап өзун карай имере баштады.Аябай убараланып атып акыры каалганын добшосун сууруп алды.Колундагы казыкты ыргытып жиберди да сарайдын ичине чуркап кирип,караңгыда дайыма бурчта турчу ээрлерди сыйпалап тапты.Алар ордунда экен,кайсыл ээр кайсыл жерде турганын жакшы билчү.Берки четте турганы өзүнө тааныш Элүүбай каракчынын ээри болчу.Аны көтөрүп барып эски тааныш ак атка ары-бери токуп жиберди.Эч нерсенин унуткан жокмунбу деп бир азга аярлай эки жагын каранып алды.Камчыны унутуптур,аны да илинүү турган жеринен сыйпалап таап келди.Эми шашылуу керек.Короо ичине бир сыйра көз жүгүртүп өттү,баары тынч экен.Атты короого жетелеп чыгып дарбазанын ичиндеги илгичин ачып,көчөгө чыкты.Дароо атка шап этип мине артын бир карап алды.Экинчи бул жерди желкемдин чуңкуру көрсүн дегендей аңырайып ачылып турган дарбазаны турү суук ,коркунучтуу көрунүп турган короо ичин дагы бир сыйра көз жугуртуп алып атына камчы салды.Атын тындырбай чаап отуруп,тээ бир далай жерди басып өткөндөн кийин өзү менен кошо ээрчип келаткан итти көрдү."Мейли журө берсин зыяны жок"деп ойлоп койду ичинен.Бул мезгилде Убайдулла бийдин атайын жиберген жөкөрлөрү Улукбекти издешип Үрүмчүгө келаткан эле.

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#287 26 March 2015 - 08:27
Китебинизди мага берсемизго,
мен боло калат элем "алтын кыз"
Китебин таппай жатам.
Китебин таппай жатам.
Садага болоюн мен да китепканадан алып жазып жатам
#288 26 March 2015 - 10:36
#289 26 March 2015 - 15:27
Эсен аман бутуп алыныздар . кутуп окумай .
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#290 26 March 2015 - 17:42
Канча турат экен ушул китеп?
Мен да сатыла турганын таппай жүрөм. Эски китеп экен жаңыланып чыкпай да калган окшойт.
#291 28 March 2015 - 02:45
ЧУМКОМО МАШИНЕДЕГИ ЫЗЫ-ЧУУ
(бугунку заман)
Эгер сен ушул операцияны толугу менен аягына чейин ишке ашырганга комок берсен моонотун бутуп, сени уй, жакшы айлыгы бар иш менен камсыз кылабыз,- Каныбек Кахарга тушундуруп жатты,- бул албетте оор операция, рисковать этип иштеш керек.
-Эгер силер созунордо турбай алдап кетсенерчи, киминерге ишенсем болот?
-Можешь положиться на меня, мен да сендей болуп коптон бери турмодо журом го. Озун билесин уже экинчи ходка менен келип атам. Ойлон жакшылап, бул жерде турмонун баландасын ичип, айдама болуп жургончо сага эркин жашоо керек. Анын устуно озун билесин, туберкулез оорусу менен ооругандар да коп бул жерде. Сенин афганец экенинди билишип, тигилер сага такай орой мамиле жасашат. Турмо мыйзамын озун эн жакшы билесин, бул жактан дагы кошумча моонот алып калышын мумкун. Дагы бир жолу айтам ойлон жакшылап…
Арадан бирж ума откондо Каныбек Кахарды кайрадан озуно чакырып алды.
-Эмне болду ойлондунбу?
-Эгер мен макул болсом турмодон бошотуп алып кетишеби?
-Биринчи Сенин макулдугун керек, анан калганын ойлонуштурабыз.
-Кана айтчы, сен озун кимсин, мындай карасам мурун турмого олтуруп келген зексин, тигиндей карасам Абдурахмандарга кошулуп кайдагы бир дайынсыз жоголгон казынанын артынан охота кылып жургон адамсын. Туз мааниде карасам милиция кызматында иштегендей турун бар?
-Аны эркиндикке чыкканда суйлошобуз, мага Сенин же жок же макул деген жообун керек.
-Макул болбосомчу, эмне кыласынар турмо начальниги менен кошулуп алып менин козумду курутасынарбы?
-Эч убакта андай жаман ойлобо, келечекке туз, жакшылык ниет менен кара, канна соз сенде…
-Болуптур мен баарын эбакта ойлонуп койгом, сунушуна макулмун. «Кого рискует тот не побеждает» рискнем.
-Эн жакшы, анда эки-уч кундон кийин дагы суйлошобуз.
Бул кабар эртеси куну эле С.Карабаевге жеткен болчу. Ага Айгулду жонотушту. Свиданкадан эко суйлошуп турганда ал Каныбекке томонкулорду айтып берди.
-Кыскасы силерге кайрадан «побег» уюштурулат.
-Дагыбы, жон эле мындай бошотуп кеткенге болбойт бекен?
-Далнейший алдыда боло турган операцич учун ушундай жасалышы керек экен…
-Та-ак, тушунуктуу айта Бер андан аркысын.
-Кыскасы бул турмодон тиги экоонордон тышкары бешоонорду же тагыраак айтканда жети зекти машина менен жумушка алып чыгышат. Силер жолдон машиненин ичинен ызы-чуу уюштурасынар да айдоочуну токтотууга мажбур кыласынар. Кутулбогон жерден Кахардын колу-бутун кармап муунтуп калгыла, ызы-чуу болот. Солдаттар келишкенде калганын озун билесин да эмне кылышты. Алар суйлошулгондой автоматтары куру дурмот болот, аларды атсан озун бил, бирок башка эмес ичке. Кыскасы экоонор болок жол менен качып чыгасынар, картасы мына. Тиги зектер болсо копко узабай эле кайра камалышат. Ал эми силерди бобул кыштактагы 117- уйдон тосуп алышат. Калганын озунор суйлошосунор. Баарын суйлошулгондой иштегиле, жанылбагыла. Болуптур мен кеттим.
Суйлошулгондой эле арадан уч кун откондо Каныбек Кахар баш болгон бир беш зекти чумкомо темир торлуу машинеге олтургузушуп кайдадыр жумуш иштеткени алып кетишти.
Жолдо баратканда кутулбогон жерден Каныбек жанындагыларына сунуш киргизди.
-Давайте побег уюштурабыз?
Анын мындай сунушуна бары тангалыша бири-бирин карап калышты.
-Кантип, мумкун эмес да?
-Бизде азыр эн жакшы мумкунчулук болуп турат, мындай кырдаалды пайдалана албасак, анда буту, моонотубуз буткончо до конца отурабыз.
-Темир торду кантип бузуп чыгабыз?- бардыгы анча ишенкиребей Каныбекти карап турушту. Дээрлик бешоо тен он жылдан жогору моонотко кесилишип, Жаны эле моонотторун отой башташкан.
-Аракет кылсан берекет, адамдан амал качып кутулбайт. Ойлонуштуруп жолун табабыз. Силер Кахарды муунтуп тепкилеп жатып калгыла да, машинени тарсылдатып аябай ызы-чуу кылгыла. Машине токтоп артын ачканда калганын озум бутуром.
-Жарайт канча кылса да сен каратист эмессинби, сага ишенсе болот.
Машиненин жылчыгынан Каныбек сырты карап кетип баратты. Кандайдыр бир мерчемдуу жерге жетип, белгини коргондо тигилерге кайрылды.
-Давай баштагыла!
Бир аздан кийин чумкомо машиненин арты ызы-чуу, тарса-турс болуп жатып калды. Машина анча-мынча жылган сон токтоду да бир-эки муноттон кийин автоматчан эки солдат жетип келишти. Берки зектер Кахарды басып алып тепкилеп, муунтуп жатышкан эле. Автоматчан солдаттын бироосу эшикте калып экинчиси ичине кирди.
-Токтоткула!
Анын созун тигилер угушкан жок. Кахарды эки-учоолоп басып алып тепкилеп, муунтканын уланта беришти. Кахардын кыйкылдап-чыйкылдаган уну аран чыкты.
-Жардамга.
-Токтоткула деп жатам!- алиги солдат автоматы менен эки-уч жолу асманга атты. Экинчиси болсо босогодо автоматын сунна тигилерди карап турду. Анын созун угушпаган сон алиги солдат автоматтын кундагы менен койгулап тигилерди ажырата баштады.
Ошол маалда кутулбогон чагылгандай тездик менен Каныбек сырта турганынын колундагы автоматын кагып тушурду. Ичиндегиси артты карай бурула бергенде бери жактагы зектер анны колдон-буттан кармаша которуп чабышты. Бул кезде Каныбек сырттагысынын эсин оодара чаап автоматы кармап турган эле. Ичиндегилер болсо алиги солдаты басып алышып муунтуп атышкан. Каныбек автоматы менен кайра ичине секирип кирди, антпесе солдаты олтуруп коюшу да мумкун болчу.
-Токтоткула! Качкыла мындай!- анын унуно сестене бары туш-тушка жарыла беришти.
-Силер сыртка чыга бергиле, муну мен озум жайлайм,-анын созуно бардыгы макул болуша бир-бирден сыртка секирип чыга башташты. Каныбек автомат которуп бараткан бироосун токтотту.
-Токто, алдагы автоматты бери Бер.
-Зачем сага, турбайбы озундо автоматын.
-Бери Бер де патам!- анын кыйкырганына алиги зек сестене автоматын Каныбекке Бере салды. Ал автоматтын бирин Кахарга берди, андан сон берки жактагы айдоочунун да эсин оодара чабышты да учоону тен чумкомо машиненин артына ыргытышып сырттарынан бекитип салышты. Анан эки-учтон болунушо туш-тушка чачырапкачып жоношту.
Алардын качышына комок бергендей бул ээн жерге бир дагы машине, бир дагы Адам келген жок. Арадан жарым саат откондон кийин, машина кайрадан от алып ордунан козголду. Алиги солдаттардын бири да зыянга учураган эмес болчу…

#293 29 March 2015 - 22:51
Игилик берсин экооно еми экинчи китебинда батырак бутурсоно жакшы болот еле
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#294 29 March 2015 - 23:49
КЕСИЛГЕН БАШ
(мурунку заман)
Бийик жардын үстүндө туруп алышып,тээ төмөндөгү алаканга салгандай ар бир кыймыл көрунуп турган түздүккө жалгыз көздүү турнабай менен көз кырын салып турушкан Хамзанын күзөтчүлөрү өздөрүн көздөй келатышкан эки караанды көрүштү.Алар түз эле тоодогу үңкүрдү карай,аттарын улам-улам камчыланып шашылып келатышты.Коктунун кире беришиндеги жалгыз аяк жолго бир чакырымдай калганда гана күзөтчүлөр алиги эки атчан караандын ким экендигин таанышты.Алар Хамзанын тапшырмасы менен келишкен Бактияр менен Жанузак болчу.Экөөнүн келатканы тууралуу кузөтчүлөрдүн бирөөсү Хамзага кабар бергени төмөн карай тушүп кетти.Бир аз өткөндөн кийин жар түбундөгү үңкүрдөн Хамза баш болгон он чактыдай киши чыкты датөмөн жактагы экөөнүн келишин кутуп турушту.Каракчылардын колбашчысы Элүүбайды жайына тапшыргандан кийин бийликти Хамза бүт бойдон өз мойнуна алган.Алардын каракчылык иштери мурункудан да эки эсе күчөгөн.Элүүбайга караганда Хамза өтө катаал болчу.Туткунга түшкөндөр кичине эле каяша айтып,каршылык көрсөтсө дароо кыска убакыттын ичинде эле башын алдырчу.Зулумдук, канкордук жагынан да,каракчылык жагынан да бүтүндөй Орто Азияга таанымал боло түшкөн.Хамза келатат дегенде соодагерлер титиреп турушчу өзгөчө Индия,Кытай, Иран тараптан Европа жакка баратышкан кербенчилер Улуу Жибек Жолу аталган ушул жолдон өтүп баратышканда аман-эсен өтүп кетсек экен деп Кудайга кайра-кайра жалынып араң өтүшөөр эле.Баарыбир канча жалынышканы менен Хамза бир да адамды,кербенчилерди, соодагерлерди жөн өткөрчү эмес.Өзүнүн салыгын салып,каршылык кылгандардын соода кылганы алып бараткан бутундөй товарларын жүк-пүгү менен түшүрүп калчу.Тажик, Кытай тараптан келатышкан көпөстөр жалынып-жалбарып, айтканын берип атып,араң дегенде өтүшчү.Ушул өрөөндөн өткөндө алар алдын-ала салыктарын берүүгө даярданып турушчу.
Бир жолу Хамза өзунун өрөөну менен кетип баратышкан орустардын жыйырмадай солдатын буктурмага алып туткундап,бардыгынын куралдарын тартып алып,дээрлик бирин да койбой көздөрүн таңдырып,мууздатып салган болчу.Ошондон кийин бул жырткычтыгы үчүн орус солдаттары да буларга өчөшүп калган.Атайын отряд жиберилип,каракчылардын каякка жашырынышаарын таппай,каякта жашаарын билбей коюшкан.Орус солдаттары менен кармалбас каракчылардын ортосундагы каршылаш күчөп турган маал болчу.
Алиги эки атчан үңкүрдүн оозуна жакындап келишкенде каракчылардын бардыгы топурашып,алардын келишин күтүп турушкан.
-Жолуңар болсун...кана эмне жаңылык алып келдиңер?-саламдан мурун эле Хамза тигил экөөнө суроо менен кайрылды.Бактияр артында байланып жүргөн куржунду чечти да анын оозун төмөн каратып силкип жиберди эле Хабибуллонун кесилген башы Хамзанын алдына топ этип туштү.Хамза аны бутунун учу менен ары тоголотуп,бери тоголотуп карап,эңкейип чачтан алды да жогору карай көтөрө айланасында топурай жалдыраша карап турушкан өзүнүн каракчыларына кайрылды.Мынакей баарыңар көрүп алгыла.Биздин улуу жолбашчыбызды өлтүрүп качып кеткен Үрүмчүлүк Хабибулло көпөстүн башы.Баарыңар эсиңерге түйүп койгула,эгерде башка бирөөлөрдөн кимде-ким биздин тобубуздагы бир адамды эле өлтүрүп качып кетсе ушунун кейпин кийиши керек.Жердин жети катмар түбүнө кирип кетсе да,аны таап башын кесип кайра алып келишибиз керек.Эсиңерде болсун,менин буйругум ушундай болуп сөзсүз аткарылышы абзел.Биз канга кан менен гана жооп беребиз,аёо деген эч убакта болбойт.Кана анда мунун башын үңкүрдүн оозуна бийик жыгач орнотуп туруп эң жогору жагына сайып койгула.Карга, кузгун,башка куштардын эрмеги болот.
Ары жакта жарданып карап турушкан каракчылардын эки-үчөөсү жүгүрүп келишипжерде жаткан башты алышты да үңкүрдүн кире беришине бийик жыгач казык кагып,эң жогорку жагына бекем кылып сайып орното башташты.

#295 30 March 2015 - 00:05
ООР ТАПШЫРМА АЛДЫНДА
(бугунку заман)
Каныбек Кахар экоо кундузу кечке токойдун ичинде жашынып жатышты да куугум киргенде картада корсотулгон кыштакты коздой жоо багыт алышты. Экоонун тен колдорунда Калашников автоматтары болчу. Эгин талаасын аралап журуп отурушуп, жолду туурасынан кесип чыгышты. Машинелер коп журчу чон трассанын аркы бетине отушуп, ТОО тараптагы айылды коздой багыт алышты. Улам эс алып журуп отурушуп, эки саатка жетпей алиги картада корсотулгон кыштакка жетип келишти.
-Автоматтар менен кыштакты аралаганга болбойт. Кимдир бироолор коруп калышса «куралчан эки шектуу Адам журот» деп жергиликтуу милицияларга кабарлап ызы-чуу кылып жибериши мумкун.
-Анда буларды эмне кылалы?
-Вообще автоматттардын бизге тоскоолдук кылгандан башка пайдасы деле жок. Бтр жерге бактын тубуно белгилеп комуп таштайлы. Тигилер сурашса катылган жерин корсотуп беребиз да.
-Тигилерин Ким?
-Биздин озубуздун кишилер. Ошолор качырбадыбы бизди, эми мындан ары алар менен иштешебиз.
-Болуптур, кайсыл жерге комуп таштайлы?
-Азыр…
Экоо автоматтарды жашырганага ылайыктуу жер издешип, башкалардан озгочолонуп турган чон, бийик оскон бактын тубуно келишти да жерди каза башташты. Айлана капкарангы болгондуктан эки караандын кыймылын эч Ким корушпойт эле. Арадан жыйырма муноттой убукыт откон сон экоо автоматтарды бактын тубуно жашырышты да айылды аралай №117- уйду издеп жоношту. Ал уй бийик дарбазасы, короосу бар, баш-шактуу чон уй экен. Эки жагын акмалай караша дарбазаны туртуп корушту эле ичинен илинбептир, ачык экен. Ачкычтын кайсыл жерде катылганын Каныбек жакшы билчу, ага алдын-ала эскертилип айтылган. Веранданын бир бурчунда турган жез кумганды которуп, алдынан ачкычты таап алды. Уйдун эшигин ачып ичине киришти. Сыягы чондордун же бир байдын дачасы окшойт, ичи аябай жакшы жасалгаланыптыр. Залында жумшак кымбат баалуу кроват-диван, узун стол, айланасында стулдар. Жерге чон ирандыктардын килеми тошолуптур. Стол устундогу вазада гулдор турат. Каныбектин кокусунан ошол гулдор арасындагы буктолуп турган ак кагазка тушту. Барып ала койду да ичин ачты, анда томонкудой жазуу бар эле. «Шашпай оз уйунордой эс алы полтура бергиле, биз эртен менен эрте барып калабыз. Курсагынар ачса ашканада бары бар». Кахар болмолорду текшкрип, кыдырып жургон болчу.
-Каныбек биякка келчи!- Кахардын унуно эмне болуп кетти дегендей чочулай аркы оозгу болмого кирип барды. Кахар ашканада экен, стол устундо турган тамактарды корсото кулуп койду.
-Мынакей отура берсен болот, бары даяр, коптон бери мындай тамактарды коро элек элем, мен азыр… ал ары жактан колун жууп, муздаткычтан бир коньяк ала келди. Стол устундогу куурулган балык, колбаса, ар турдуу жашылча-жемиштер, темир мискейге толтура кылып картошканы эт аралаштырып кууруп коюшуптур, ал жылуу эле боюнча экен.
-Вот райский жизнь,- Кахар эки колун эки жакка жая жылмая айланасына козжугуртуп койду,- кызык, булардын баарын Ким даярдап кетти экен?
-Сага анын эмнеси кызык, унчукпай даяр тамакты иче Бер да,- Каныбек стол устундогу аппак жумшак нанды бычак менен ичке кылып тилип оозуна салды.
-Кандай эмнеси кызык, балким ал татынакай сулуу келиндир…?
-Шашпа, сага андай сулуу келиндер да табылат. Андан коро алдыбыздагы тапшырманы иш жузуно ашыралычы. Ошондо бир чон майрам кылабыз.
Эки жуз граммдан коньяк ичип, жакшылап тамактанышкан сон Кахар жумшак диванга жатып дароо уйкуга кетти. Каныбек болсо гезит окумуш болуп, алдыда боло турган оор тапшырманы кантип аткарууну ойлоп жатты. Тээ тун оокум болгондо сыртка чыгып, дарбазаны ичинен бекитти, анан жарыкты очуруп алда уйкуга кетти.
Эртеси тан ата электе Садыр Карабаев болгон уч-торт Адам келишти.
-Кандай эс алдынар?
-Кудая шугур, жаман эмес.
-Турмого Караганда албетте жаман эмес, Кудай буйруса мындан да жвкшы эс аласынар. Бир жумадай санаторияга барып Кичине калыпка келип дегендей эс алып келгиле, анан калганын шашпай суйлошоьуз. Озубуз да бат-бат барып силер менен кабарлашып турабыз.
-Баса, айтмакчы берки качкындар эмне болушту?
-Эмне болушмак эле алыска узабай эле кармалышты учоосу. Экоонун болсо каякта экенин даректерин билишти, буйруса бугун буктурмага алышат аларды. Автомат силердеби, тиги солдаттардын экоосунуку жок…
-Анын ушул эле айылдын четиндеги бактын тубуно надежный жерге комуп койгонбуз. Кайсыл жерде экенин коргозуп берем. Алиги солдаттар анча зыян тартышпаптырбы?
-Бироосу ооруканада, жаагын карыштыра тээп салыпсын, экинчиси болсо тиги зектерден токмок жегени болбосо ден-соолугу тузук эле.
Бир жумалык эс алуудан кийин алар Бишкек шаарынан кайрадан жолугушту

#296 30 March 2015 - 00:39
Бир жумалык эс алуудан кийин алар Бишкек шаарынан кайрадан жолугушту.
-Эмесе мындай жигиттер,-Садыр Карабаев аларга жаңы тапшырманы жакшылап түшүндүрүп жатты.-Алдыңарда оор тапшырма турат.Ошону экөөңөр аткарасыңар, кандай болсо да ишке ашырышыңар абзел.Ар кандай болуп кетиши күтүлөт,керек болсо өлүм менен өмүрдүн ортосунда жүрөсүңөр.Можахеддер силерди өлтүрүп коюшу да мүмкүн,бирок кандай болсо да тил табышканга аракет кылгыла.Эмне тапшырма экенин экөөңөр тең жакшы билесиңер,бирок ошентсе дагы дагы бир кайталап коёюн.Кандайдыр бир можахеддердин тобу Афганистан тараптан Ош-Баткен аркылуу контрабандалык жол менен наркотикалык заттарды алып өтуп кетип жатышат.Жөн өтүшпөй биздин чек арачыларга да кол салышып,ок атышып биздин солдаттар менен кээ бир учурда салгылашуу болуп кетүүдө.Алиги казынаны башка көчүрүп катып салып,анан ошол топко катышкандардын баарын атып салышып,качып кетишкен экөө азыр ошол можахеддерге кошулуп кетишкен.Катылган казынаны ошол экөө гана билишет.Аларды болсо Кахар эң жакшы тааныйт.Убагында дос болуп жүргөнсүңөр Афганистанда. Аттары Хаджи менен Махам.Аларды тааныйсың да,албетте тааныйсың.Ошолордон кандай да болсо казынанын каякта экенин билип келгилеЖе алардын өзүн алып келесиңерби же казынанын каякта катылуу экенин билип келесиңерби иши кылып силердин бирден-бир миодетиңер ушул.Мунун баары Кахар өзгөчө сенден зависить этет.
-Силер мени ошондон ары тигилерге кошулуп качып кетет деп ойлогон жоксуңарбы. Ошол боюнча таптырбай качып кетсем эмне кыла аласыңар Афганистан тарапка.Казынаны алып кетсек анда өмүр бою өзүбүзгө жетет Кудая шүгүр.Силер ушуларды ойлодуңарбы?
-Бул боюнча биз баарын алдын-ала ойлонуштуруп, атайын сени тандаганбыз.
-Биринчиден сен андайга бара албайсың.Афганистанда досторуңдан да душмандарың көп,дароо эле атып салышат.Экинчиден казына биздин жергебизде катылуу,анча байлыкты жөндөн-жөн биздин чек арадан алып чыгып кете албайсыңар. Үчүнчүдөн бул өзүңдүн келечегиң үчүн жакшы,төртүнчүдөн болсо качып эч жакка кете албайсың төрт тарабың кыбыла,жердин жети катар түбүнө кирип кетсең да баарыбир эртеби-кечпи кармаласың, сенде мындан башка выход жок.Бизден поддержка алып,мындан ары жакшы жашагың келсе анда ушул ишке барасың.Өзүңдүн өмүрүңө,турмушуңа балта чапкың келсе анда жанагы айтып аткан ишиңе барасың.Сен куулук,шумдукту жаман көргөн түз жүргөн,бардык нерсени бетке айткан адамсың.Сенин кулк-мүнөзүңдү биз эң жакшы билебиз,ошо себептен биз сага ишенип ушул ишти тапшырып жатабыз. -Эгер бул иш болбосо,мен түрмөдө мөөнөтүмдү акыр-аягына чейин өтөмөкмүн да туурабы. -Албетте, ар бир эле күнөөкөр адам өзүнүн күнөөсүнө жараша жаза мөөнөтун өтөйт да.Кой болуптур,анда эмесе негизги ишке өтөлү.Кыскасы мындай,экөөңөр через Ташкент,Ош анан Баткен тарапка өтөсүңөр.Данный моментте можахеддердин тобу Баткен тоолорунда жүрүшөт.Силдер биздин солдаттарга көрүнбөй,ошол тоолор аркылуу тигил можахеддерге барышыңар керек.Эки рецидивист солдаттарга кол салып,автоматтарын алып качканыңар тууралуу сүрөттөрүңөр менен гезитке чыгып,телевизордон кайра-кайра көрсөтүп жатышат.Буларды можахеддер деле көрүшү керек,көрүшпөсө силердин сүрөттөрүңөр чыккан гезиттерден беребиз өзүңөргө.Кыскасы силер түрмөдөн качып чыкканыңарга тигилер ишенишкендей болушсун.Баткен тарапка биздин чекисттер да барат жакынкы айылдарга,ошолор менен иштешесиңер. Өзүңөргө сак болгула,кандай болсо да тигилердин толук ишенимине киргиле. Кыскасы тапшырма ушундай,же казынанын каякта катылганын билип чыгасыңар же экөөсүнүн бирөөсун өзүңөр менен кошо алып келесиңер.Тапшырма түшунүктүүдүр? Кыскасы андан аркысын өзүңөр аракеттенесиңер Чоңойгон балага чайнап берген аш болбойт дегендей эми да чайнап даярдап бере бербейли.Давай даярдангыла. Экөө алдыда боло турган оор тапшырмага даярдана башташты.

#297 30 March 2015 - 01:10
ЖОЛБАШЧЫНЫН ЖОГОЛГОН АТЫ
(мурунку заман)
Эртеден бери калы н өскөн чийдин арасында өздөрүн карай шашыла бир нерседен күмөн санап,эки жагын элеңдей карап келаткан жалгыз атчан адамдын ар-бир кыймылын карап турушкан Хамзанын үч жигити күтүлбөгөн жерден камыштын ичинен атып чыгышты.Кокусунан пайда болушкан үч караанга Улукбек жалт этип бир карап алып дароо атынын башын артка бурду,бирок кеч болуп калган эле.Алар жанатан бери жалгыз атчан караандын жакын келишин атайын күтүп,аябай жыкын келгенде гана чаап чыгышкан.Улукбекке дароо эле Кокон хандыгынын желдеттери болуш керек деген ой кетти.Үрүмчүдө жүргөндө бул жакта кандай өзгөрүүлбөр болуп кеткенин билген эмес.Алигиче кыргыз кыпчактар Кокон бийлигинин өкүлдөрү менен согушуп жатышат болуш керек деп ойлоп жургөн.Ал болгон күчү менен атын чапкыланып калың чий-камыштардын арасына кире качууга аракет кылды.Бирок тигилер ага мүмкүндүк бербей алдын торой качырышты.Айласы кеткенде келген жолу менен кайра артка чаап качып жөнөдү.Тээ бир топ убакыттан кийин бийик дөбөнү аша бергенде арттагы куугунчулар кууп жетип,каракчылардын бирөөсү анын мойнуна чалма ыргытып атынан тартып түшүрдү.Улукбек жерге томолонуп түшүп кайра шашкалактай ордунан тургуча атчандар кууп жетип,аны тегеректеп калышты.Үчөөнун тең колдорундагы жалаңдаган кылычтарын көрүп,бирөөсү шилеп жибербесин деп,көздөрү чанагынан чыга жерге кайрадан бөктүшө калды.
Жупуну кийинген адамдын жакшы жасалгаланган атты минип жүргөнүн көрүшкөн үчөө дароо эле шек санай калышты.
-Каяктан,кимдин атын уурдай качып келатасың?
Улукбек жооп бергенче каракчылардын бирөөсү кыйкырып жиберишти.
-Карагылачы бул биздин жолбашчыбыздын, Элүүбайдын аты го?
Үчөө тең жабыла жерде башын катып жаткан жигитке көңүл бөлүшпөй анын атын тегеректеп калышты.
-Ооба ээр токуму,бүт ат жабдыктары менен ошонуку экен.
-Тобо,бул кайдан жүрөт адашып мунун колунда?
Алар атты тегеректеп ээрди,ат жабдыктарды бир сыйра кармалап турушкан соң бул жөн адам эмес экенин билише анын эки колун артына кайрып байлашып,ээрге арта салышты да өздөрүн карай алып жөнөштү.
Катар-катар анча бийик эмес белдерди ашып,тоодогу үңкүргө жеткенче алар бир да ооз сүйлөшкөн жок.Үңкүрдүн оозунда топурашып турган каракчылар кимди өңөрүп алып келатат дегендей бардыгы үчөөнү жалдырай карап туруп калышты.Атчандар үңкүрдүн оозуна келишкенде колу-буту байлануу адамды жерге шыпырылтып түшүрүштү.Үңкүрдөн чыга келген Хамза жерде жаткан колу-буту байлануу жупуну кийинген кишини көрүп,өзүлөрүнүн кишилерине ачуулана кетти.

#300 01 April 2015 - 00:10
уланткыла сураныч
Улантып бутуруп салалы деп эле атабыз биз да,андыктан бүткөн чыгармаларды окуй турсаңыздар.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!

Супер-Инфо
super.kg
видео