Адал жана арам императивдери.
#22 30 March 2015 - 01:38
Күнүмдүк турмуштагы адал жана арам иштер
Ислам дини адам баласы үчүн зыяндуу нерселерге тыюу салып, ал эми пайдалуу нерселерге жол берген. Эмненин зыяндуу же пайдалуу болгондугу өңүтүнөн Ислам өзүнүн эреже-мыйзамдарын койууда дүйнө жана акырет тең салмактуулугун эске алган. Дин Ислам адам баласынан өзүнүн жаралгандагы максатына ылайык өмүр кечирүүсүн каалайт. Адам баласы өзгөчө жан. Ал материалдык жактан да, руханий жактан да илгерилөөгө жөндөмдүү. Руханий жактан арууланып, Жалгыз Жараткан Аллага гана ибадат кылуунун жыйынтыгында Алланын сүйүктүү пендесине айланат. Жер бетинде жакшылыктын гана жышааны болууга жетишет. Ал ошондой эле Аллага сөз берип, өзүнө жоопкерчилик алган жан. Анын акыл-эси, эрк-каалоосу бар. Ал өз колу менен жасаган жакшы же жаман иштеринин акыбетин сөзсүз көрөт. Адал жолдо жүрсө, жеке өзү үчүн да, коом үчүн да пайдалуу болуп, коомдо жакшылык өкүм сүрүп бейпилдик орнойт. Адал жолдо жүргөн адам акыретте да түбөлүк бакытка жетээри бышык. Ал эми ал арам жолдо жүрсө, өзү үчүн да, коом үчүн да зыян алып келип, коомчулукта терс көрүнүштөрдүн, башаламандыктардын, ар түрдүү ыпластыктардын күч алышына салымын кошуп, бир берилген өмүрдө өз бактысына өзү балта чаап, түбөлүгү туңгуюкка кептелет.
Мусулман баласы эмненин арам же адал экендигин Ыйык Курандан жана Алланын акыркы Элчисинин сүннөтүнөн үйрөнүп билет. Инсаният мына ушундай ак жолдун шамчырагысыз адал-арам багытында ар түрдүү жыйынтыктарга келип, жакшы менен жамандын ортосунда көптөгөн одоно кемчиликтерди кетирген.
Ислам дини ишеним, ибадат темаларында да туура-туура эмес иштерди маалымдаган. Жалгыз Аллага ишенүү – Ислам дининин эң иридеги негизи. Буга дал келбеген, Аллага кудайлык өңүтүнөн башка бирөөнү теңөөгө алып барган ой-түшүнүктөр акыйкат менен айкалышпагандыгы үчүн зыяндуу жана адамды түбөлүк бактысынан ажыратууга жетиштүү. Ислам Жалгыз Алла Таалага ибадат кылуунун таризинен да кабар берет. Ибадат кылууга, сыйынууга жалгыз Алла Таала гана ылайыктуу. Буга шайкеш келбеген иш-аракеттер туура эмес жана арам өкүмүндөгү иш болуп эсептелет.
Дин Ислам адам укуктарын коргоого өз эрежелерин коюп, ага төп келбеген жагдайларды туура эмес деп эсептейт. Адамдын жанына, ден-соолугуна залакасын тийгизген ар түрдүү нерсенин баары зыяндуу. Адам уулунун эң маанилүү өзгөчөлүгүнүн бири – бул анын акыл-эси. Акыл-эстен алган, баш айланткан зыяндуу нерселер күнөө. Маселен, адамды мас кылган ар түрдүү спирттик ичимдиктердин азы да, көбү да арам болуп саналат. Адамзат урпагынын таза уланышы да өзгөчө мааниге ээ. Бул өңүттөн урпактын аруу бойдон уланышына кедергисин тийгизген нерселер зыяндуу жана арам.
Адамдын ар-намысы, адамдык кадыры өзүнчө орунга ээ. Исламда ар-намыска, адамдык кадырга доо кетирүүгө тыйуу салынат. Анын ичинде зина иши арам деп эсептелет.
Адам баласынын бул дүйнөгө келген соң мал-мүлккө ээ болуу укугу бар. Ошону менен бирге мал-мүлк табуу жолунда атайын белгиленген эрежелер да бар. Демек, мына ушул эрежелердин негизинде мал-мүлккө ээ болуу адал жолдун талабы. Уурулук, шылуунчулук, талап-тоноочулук, кумар сыяктуу жолдор менен акча табууга Ислам жол бербейт. Ошондуктан аруу Ислам динибиз бул багытта да өз эреже-мыйзамдарын койгон.
Улуу Жараткан Алла Таала адам баласына болгон аша мээримдүүлүгүнөн, аша ырайымдуулугунан улам ак жолдун күзгүсү катары пайгамбарларын жөнөтүп адал жол көргөзгөн.
#23 30 March 2015 - 01:50
Тамак-аш
Өмүр кечирүү, жан багуу адамзат үчүн негизги милдет. Атайын тамактануудан баш тарткан жана ушул себептен ооруп же болбосо көз жумган адам күнөөкөр болуп эсептелет. Адам баласы бул дүйнөдө жакшылыктын гана аркасына түшүп, жамандыктан оолак болушу кажет. Азык табуу адам үчүн өтө маанилүү милдет. Ырас, азыктын адал же арам болушу адамдын ахлагына, рухий дүйнөсүнө түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан адам адал-арамга өтө кылдат мамиле жасашы зарыл.
Дин Исламдагы адал-арам түшүнүгүнүн иридеги максаты – адам баласынын ден-соолугун да, рухий дүйнөсүн да аруу, таза кармоо. Ушул себептен улам шариятта дене жана рухий дүйнөгө терс таасирин тийгизген азыктар арам деп каралган.
Ыйык Куран менен Пайгамбарыбыздын куттуу хадистеринде адал-арам азыктар жөнүндө жана алардын өкүмдөрү тууралуу маалыматтар берилген. Ыйык Куранда тарп, кан, доңуздун (чочко) эти жана Жараткан Алланын аты менен мууздалбаган жаныбарлардын эттери арам болгондугу туурасында айдан ачык аяттар бар (Анаам 145; Бакара 173; Маида 3). Куранда ошону менен бирге ыплас нерселердин арам, таза нерселердин адал болгондугу жөнүндө да маалыматтар берилет (Бакара 172; Маида 4; Аараф 157).
#24 30 March 2015 - 01:54
Сууда жашаган жаныбарлар туурасында шарияттын өкүмү
1. Сууда балык түрүнөн болгон жаныбарлардын баары адал болуп эсептелет. Ашкере ысыктан же ашкере сууктан же болбосо суунун тартылып соолуп кетишинен улам өлгөн балыктар да адал. Ошону менен бирге өзүнөн-өзү өлүп калган жана эмне себептен өлгөндүгү белгисиз балыктарды жегенге болбойт.
2. Балык түрүнөн сырткаркы суу жаныбарлары Имам Азам агымы боюнча желбейт. Суу ташбакасы, мидия, суу жыланы, крап сыяктуулар. Ал эми калган үч агым боюнча, сууда жашагандын баары адал.
3. Сууда да, кургакта да жашаган жаныбарлар Имам Азам жана Шафи аалымдарынын пикиринде желбейт. Курбака, ташбака, крокодил, жылан сыяктуулар.
#25 30 March 2015 - 02:08
Эти адал жаныбарлар
Биз бул жерде адал болгон жаныбарлардын бир бөлүгүн гана тизмелейбиз. Адал жаныбарлар муну менен гана чектелүү эмес.
1. Уй, топоз, кой, эчки, төө, тоок, коен, өрдөк, каз, үндүк сыяктуу үй жаныбарлары.
2. Кийик, тоо эчки, жейрен, аркар, кулжа, зебра жана жапайы уй түрүндөгү жаныбарлар.
3. Көгүчкөн, бөдөнө, кекилик сыяктуу канаттуулар.
4. Жылкынын эти адал. Имам Азамдын пикиринде, макирөө. Ал эми Имам Азамдын шакирттери Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммеддин пикиринде, аттын эти макирөө эмес.
#26 30 March 2015 - 02:11
Эти адал жаныбарлардын желбеген мүчөлөрү
Эти желген жаныбарлардын төмөнкү мүчөлөрү желбейт: Каны, табарсыгы, жыныстык мүчөсү, эркектик жумурткасы, жатыны, өтү жана бездери.
Эти адал болуу менен бирге ыпластык жеген жаныбарлардын белгилүү убакыт күтүлбөстөн союлуп желиши макирөө. Ыпластык жеген тоок үч күн, кой төрт күн жана уй жана төөлөр он күн күтүлөт. Бул учурда мындай жаныбарларга таза тамактар жедирилип андан кийин гана союлат. Жаныбардын этине сиңип калган жаман жыттын кетишин күтүү абзел.
Жаныбарлардын жумурткалары жана сүттөрү эттин өкүмүнө баш ийет. Тагыраак айтканда, эти адал жаныбардын жумурткасы да, сүтү да адал болот. Эти адал эмес жаныбардын жумурткасы Имам Азам мазхабы боюнча адал эмес.
Эти адал жаныбар союлгандан кийин ичинен алынган жумуртка сынмайынча адал деп эсептелет, жегенге болот. Балык жумурткаларынын (икра) желишине уруксат бар.
Эти адал болсо да, мууздалбай өлгөн жаныбарлардын жумурткасы катуулашкан болсо, жесе болот.
#27 30 March 2015 - 02:13
Мал мууздоонун жол-жобосу
Үй жаныбарларын жана тирүүлөй кармалган жаныбарларды адалдоо үчүн шариятта көрсөтүлгөн мууздоо таризине кылдат мамиле жасоо кажет. Мууздоо иши жаныбар тирүү турганда жүзөгө ашышы керек. Башкача айтканда, өлүк жаныбарды мууздоо менен аны адалдоого болбойт. Балык түрүндөгү жаныбарларды мууздоонун кажети жок. (Абу Дауд, Тахарат, 41)
Мууздоонун алдында «Бисмиллахи Аллаху акбар!» деп Алланын атын айтуу керек.
Куранда төмөнкүчө буюрулат: «Алланын аты айтылбай мууздалган малдын этинен жебегиле! » (Анаам 121). Малды мууздоо учурунда «Бисмилла» атайын айтылбаса, анда союлган малдын эти желбейт. Бирок унутуп калып союлуп калса, анда анын этинен жегенге болот. Союлуп жатканда Алланын ысымдарынан бир ысмын айтса да болот.
Малды сойгон адам мусулман же болбосо «ахли китап» (китеп ээлери) болушу кажет.
Бирок китеп ээлери тарабынан союлган мал шариятта көрсөтүлгөн мал мууздоо таризине ылайык болушу кажет. Бутпарастар, атеисттер жана башка диндердин өкүлдөрү сойгон мал желбейт. Китеп ээлери биздин пайгамбарыбызга ишенбесе да, Азирети Муса жана Азирети Иса алып келген диндерге ишенишет. Алар иудейлер менен христиандар. Куранда мындайча буюрулат: «Бүгүн силерге таза жана пайдалуу нерселер адал кылынды. Китеп ээлеринин тамактары силерге адал, силердин тамактарыңар да алар үчүн адал» (Маида 5). Бирок бүгүнкү күндө мал-жандыкты адал мууздоо таризине кош көңүл мамиле жасаган христиандар тарабынан союлган малдын этин жеш туура эмес. Көпчүлүк аалымдардын пикиринде, христиан жана иудейлер тарабынан союлган малдын адал болушу үчүн шариятта көрсөтүлгөн мал мууздоо таризине ылайык болушу керек.
-Электр тогу, тапанча же газ менен өлтүрүү, барскан менен мал-жандыкты башка уруп өлтүрүү арам болуп эсептелет. Мындай жолдор менен өлтүрүлгөн малдын эти желбейт.
-Союлган малдын курсагынан чыккан баласы жандуу болсо, аны союп жесе болот. Өлүк чыкса, желбейт.
Мал-жандыкты мууздаар алдында сол ыптасы менен жаткызуу, кыбыла тарапка каратуу зарыл. Бычакты алдын ала курчутуп коюу керек. Мал мууздалган соң жаны толук чыкканга чейин терисин сыйрыбай туруу зарыл.
-Үй жаныбары карматпай качып, аны кармоого мүмкүн болбосо, кийикти аткандай атып алууга уруксат бар.
-Жогоруда эти адал деп эсептелген жапайы тоо жаныбарларын курал менен же атайын аңчылык үчүн тапталган ит менен кармоо учурунда кармалган жаныбардын эти адал болот. Жапайы жаныбар кармалган маалда жаны болсо, шариятта көрсөтүлгөн тариз менен мууздалышы керек. Бул учурда мууздалбаса, ал адал болбой калат. Эгерде кармалган маалда өлүк болсо, анда ал адал болуп эсептелет.
#28 30 March 2015 - 02:15
Ууга чыгууну жол-жоболору
Ууга чыккан адам мусулман же «ахли китап» болушу керек. Демек, бутпарастардын, атеисттердин, кайырдиндердин колго түшүргөн жандыгы желбейт. Ууга жараган бала, ууга чыгууга ниеттенген мас же акыл-эсинен ажыраган адамдын колго түшүргөн жандыгын жегенге болот.
Жапайы жаныбарга аңчылык кылуу учурунда аңчылык ниетинде болуу зарыл. Демек, тойлордо оюн куруу, жарышуу максатында өлтүрүлгөн же аңчылык үчүн тапталган жаныбар (ээси тарабынан жиберилбестен) өз алдынча кармаган жаныбардын эти желбейт.
Ууга чыккан адам курч бычагын ала чыгуусу керек.
Ууга чыккан адам ок чыгарар алдында, же атайын аңчылыкка тапталган жаныбарын (бүркүт, тайганын) кое берээрде «бисмиллахир- рахманир-рахиим» деп айтышы керек. Унутуп калса, эч нерсе болбойт. Ал эми атайын билип туруп Алланын атын оозангысы келбесе, кармалган жаныбар желбейт.
Ууга чыккан адам ок чыгарган соң же бүркүт-тайганын кое бергенден кийин дароо аркасынан түшүүсү зарыл. Эгер жаныбар колго түшкөн кезде тирүү болсо, аны дароо мууздашы керек. Эгер бул учурда мууздоо мүмкүнчүлүгү болуп турса да, аны мууздабаса, анда анын эти желбейт.
Аңчылыкка даярдалган курал кескин курч же тешүүчү (м: мылтык, тапанча, жаа) болушу керек. Жаныбарды уруп өлтүргөн курал менен аңчылыкка чыгууга болбойт. Себеби мындай курал менен өлтүрүлгөн жаныбардын эти желбейт.
Жараланган соң сууга түшүп тумчугуп өлгөн же жардан кулап өлгөн жаныбарлардын эти желбейт.
Аңчылыкка тапталган жаныбар (мисалы, ит) менен кармалган жаныбардан эгер ит бир үзүм эт жеп алса, анда ал жаныбар адал болбой калат.
Колго түшүрүлгөн жаныбар адал жаныбарлардан болушу керек. Эти желбеген жапайы жаныбардын кармалышы же мууздалышы аны адалдыкка чыгарбайт.
#29 30 March 2015 - 02:16
Арам ичимдиктер
А. АДАМДЫ МАС КЫЛУУЧУ ИЧИМДИКТЕР
Ислам дини адамды мас кылган, акыл-эстен алган, нерв системасын бузган нерселерге тыюу салган. Спирттик ичимдиктер адамдын акыл-эсине, ден-соолугуна одоно зыян келтиргендигин, жеке адам, үй-бүлө жана коом үчүн өтө чоң машакаттарга жол ачкандыгын медиктер, социологдор, психологдор жана жалпы эл бир ооздон кабылдашат. Ислам дини адамды мас кылуучу ичимдиктерге тыюу салат. Ичкилик адам баласын ооздуктап алчу оор дарттардын бири. Адамдын чөнтөгүн да, жан-дүйнөсүн да жакырлантып, кемирип олтуруп орду толгус өкүткө тушуктурчу оор дарттар булар спирттик ичимдиктер жана баңги заттар.
Ислам дини жаңы келген жылдары эң кеңири кулач жайган спирттик ичимдик шарап болгон. Шарап Куранда (Маида сүрөсү 90-91) жана сүннөттө шарапка кескин түрдө тыюу салынып арам болгон. Азирети Пайгамбарыбыз бул багытта мындай буюрган: «Адамды мас кылган ар нерсе шарап. Ал эми шарап бул арам!» (Бухари, Адаб, 80; Муслим, Ашриба 73) «Көбү адамды мас кылган нерсенин азы да арам!» (Абу Дауд, Ашриба 5).
Кандай заттан өндүрүлсө өндүрүлсүн, адамды мас кылган ичимдиктин баары арам болуп эсептелет.
Азирети Пайгамбарыбыздын куттуу хадистеринин биринде, спирттик ичимдик өндүргөн, ичкен, аны көтөрүп келген, саткан, сатып алган, андан пайда тапкан, аны менен бирөөнү сыйлаган, андан түшкөн акчадан пайдаланган адамдын ар бири каргышка калары билдирилген (Абу Дауд, Ашриба, 2; Тирмизи, Буйуу, 58).
Ошондой эле Азирети Пайгамбарыбыз ичимдик ичилген дасторконго мусулман баласынын олтурбашын буйурган (Абу Дауд, Ат-има, 18; Тирмизи, Адаб, 43).
Дагы бир хадисте, шарап бул дары эмей эле, өзүнчө дарт болгондугу айтылат (Абу Дауд, Тыбб, 11). Мына ошондуктан шыпаа максатында болсо да, арак ичүүгө уруксат берилбейт.
Б. БАҢГИ ЗАТТАР
Гашиш (нашаа), героин, кокаин, морфий, апийим жана ушулардын таасирине ээ башка баңги заттар да арам болуп саналат. Булар адамды мас кылган ичимдиктерден да чоң зыян алып келип, ар түрдүү катаал ооруларга жол ачат. Баңги зат колдонуу, өндүрүү, сатуу, сатып алуу, андан түшкөн кирешенин баары арам болуп чоң күнөөгө кирет.
#30 30 March 2015 - 02:21
Кургакта жана сууда жашоочу арам деп эсептелген жаныбарлар
Ыйык Курандын жана сүннөттүн негизинде Ханафи аалымдары төмөндөгү жаныбарларды арам деп тизмелешкен:
1. Доңуз: Куранда турган турпаты менен ыплас делген жана арам деп эсептелген нерселердин эң башында доңуз (чочко) эти турат. Доңуз турган турпаты менен арам болгондуктан анын эти да, териси да колдонулбашы кажет. Доңуздун терисин кандайдыр бир тазалоо жолу менен да тазалоого болбойт.
2. Жалгыз Алладан башка бирөөнүн аты менен мууздалган мал-жандыктар: Адал деп эсептелген жаныбар этинин адал болушу үчүн аны мууздоо учурунда Алланын атын оозануу зарыл. Малды Алланын атын атайын оозанбай туруп мууздоо же Алладан башка бирөөнүн аты менен мууздоо мал этинин арам болушуна түздөн-түз таасир этет. Малды Алладан башка бирөөнүн аты менен мууздоо – ширк болуп эсептелет. Себеби Алла Таала буга кескин түрдө тыюу салган. Жаратуучу жана адамга ырыскы берүүчү жалгыз Алла Таала болгондуктан сөзсүз түрдө Анын атын айтуу керек.
3. Тарп: Ислам дининде белгиленген тариз менен мууздалбаган, өзүнөнөзү өлүп калган же башка жаныбарлар тарабынан өлтүрүлгөн жаныбарлар тарп болуп эсептелет. Сууга чөгүп кеткен, муунтулуп өлтүрүлгөн, мууздалбай өлтүрүлгөн, жардан кулап өлгөн, жырткыч айбандар тиш салып өлтүргөн жаныбарлар арам болуп эсептелет (Маида сүрөсү, 3). Ошондой эле адал мал болсо да, тирүүлөй малдын бир жеринен кесилип алынган эт тарп өкүмүнө кирип, арам болуп саналат.
4. Кан: Эти желген малды мууздоо учурунда чыккан кан ыплас, арам. Ошону менен бирге шариятка ылайык таризде союлган малдын тамырларында же этинин арасында калган кан таза болуп эсептелет.
5. Үстүнкү жана алдыңкы төрт узун тиши менен тиш салган жана коргонгон айбанаттардын эти желбейт. Буга мышык, ит, карышкыр, арстан, жолборс, барс, маймыл, чөө, түлкү, тыйын чычкан ж.б.у.с. жаныбарлар кирет.
6. Ири тумшуктуу бүркүт, ителги, куш, үкү, жору, айры куйрук, ылаачын, турумтай сыяктуу жырткыч канаттуулар жана тарп жеген карга, кузгун сыяктуу канаттуулардын эттери да арам болуп эсептелет.
7. Чычкан, жылан, чаян, кирпи, чымын-чиркей, жөргөмүш, ташбака, кескелдирик, үлүл сыяктуу жаныбарлар желбейт.
8. Эшектин жана качырдын да эти желбейт.
#32 06 April 2015 - 14:18
Көбүрөөк бөлүшкүлө!
!! Эмнени жеп, балдарыбызга эмнени жедирип жатканыбызды билип жүрөлү!!
!Greenpeace ГМО(Гендик Модификацияланган Организмдерди) камтыган азыктардын кара тизмесин сунуштады. ~ БАКТЫЛУУЛУКТУН ФОРМУЛАСЫБулар төмөнкүлөр:
1. Snickers
2 Супы Campbell
3 Рис Uncle Bens Mars
4 Чай Lipton
5 Mars M&M
6 Twix
7 Milky Way
8 Cadbury (Кэдбери) шоколад, какао
9 Ferrero
10 Nestle шоколад "Нестле" , "Россия"
11 Шоколадный напиток Nestle Nesquik
12 Безалкогольный напиток Соса-Соla "Кока-Кола" Соса-Соla
13 "Спрайт" , "Фанта" , тоник "Кинли" , "Фруктайм"
14 Pepci-Со Pepsi15 "7-Up", "Фиеста" , "Маунтин Дью"
16 Сухие завтраки Kellogg's
17 Соусы Knorr
18 Печенье Parmalat
19 Приправы, майонезы, соусы Hellman's
20 Приправы, майонезы, соусы Heinz
21 Детское питание Nestle
22 Hipp
23 Abbot Labs Similac
24 Йогурты, кефир, сыр, детское питание Danon
25 McDonald's (Макдональдс) сеть "ресторанов" быстрого питания
26 шоколад, чипсы, кофе, детское питание Kraft (Крафт)
27 кетчупы, соусы. Heinz Foods (Хайенц Фудс)
28 детское питание, продукты "Делми" Unilever (Юнилевер)
1. Snickers
2 Супы Campbell
3 Рис Uncle Bens Mars
4 Чай Lipton
5 Mars M&M
6 Twix
7 Milky Way
8 Cadbury (Кэдбери) шоколад, какао
9 Ferrero
10 Nestle шоколад "Нестле" , "Россия"
11 Шоколадный напиток Nestle Nesquik
12 Безалкогольный напиток Соса-Соla "Кока-Кола" Соса-Соla
13 "Спрайт" , "Фанта" , тоник "Кинли" , "Фруктайм"
14 Pepci-Со Pepsi15 "7-Up", "Фиеста" , "Маунтин Дью"
16 Сухие завтраки Kellogg's
17 Соусы Knorr
18 Печенье Parmalat
19 Приправы, майонезы, соусы Hellman's
20 Приправы, майонезы, соусы Heinz
21 Детское питание Nestle
22 Hipp
23 Abbot Labs Similac
24 Йогурты, кефир, сыр, детское питание Danon
25 McDonald's (Макдональдс) сеть "ресторанов" быстрого питания
26 шоколад, чипсы, кофе, детское питание Kraft (Крафт)
27 кетчупы, соусы. Heinz Foods (Хайенц Фудс)
28 детское питание, продукты "Делми" Unilever (Юнилевер)
#36 06 April 2015 - 22:06
ГМО динибизде кандай каралат.
ГМО бул организмдин генин атайын озгортулгону (мутант). Биз суйлошуп жаткан азыктардын генин курт кумурскалардан сактоо учун озгортушот. Кээ бирлерин жакшы тушум учун, тез жетилуусу учун озгортушот. Буудайга мышыктын генин кошуп койсо, ага чычкан тийбей калат себеби чычкандын козуно бул буудай эмес мышык болуп корунот. Биз учун кадимкиден эч кандай айрымасы жок буудай. Ушул сыяктуу башка жандыктардын, осумдуктордун генин озгортушот. Аны атайын лабораторияда ученыйлар текшерип билбесе бизге окшош жонокой жарандар билбейт. Шарият боюнча адал нерсенин гени болсо адал болот, ал эми адал эмес нерсенин гени болсо арам. Жандыктардын гени кошулганы арам.
#37 10 May 2016 - 22:13
Tuugandar biz jep jatkan nerseleribizdin adal je aram bolgonun bilbeybiz kop4ulugubuz misalga kaydan kelgenin bilbey turup urdurup jep salabyz je bolboso bilip turupda jep i4ip koyobuz bul albette tuura emes kelinizder uwul nersege maani berip jawoodo da koldonuu u4un oyunuzdardy jaza ketinizder. Attyn etin jese bolobu degen suroo? Anan da bir hadis ayta ketsem adaldar belgiluu aramdatda belgiluu alardyn ortosundagy kumonduu nerseler bar alardan da korgonuu takybalyktyn belgisi!
#38 10 May 2016 - 23:30
Tuugandar biz jep jatkan nerseleribizdin adal je aram bolgonun bilbeybiz kop4ulugubuz misalga kaydan kelgenin bilbey turup urdurup jep salabyz je bolboso bilip turupda jep i4ip koyobuz bul albette tuura emes kelinizder uwul nersege maani berip jawoodo da koldonuu u4un oyunuzdardy jaza ketinizder. Attyn etin jese bolobu degen suroo? Anan da bir hadis ayta ketsem adaldar belgiluu aramdatda belgiluu alardyn ortosundagy kumonduu nerseler bar alardan da korgonuu takybalyktyn belgisi!
Окуган жокмун!
МАСКА.
#39 10 May 2016 - 23:37
Misaly siz ozgo jurtta ekensiz jegenderinizdin baaryn adal nerseler ekenin iweni4tuu aita alasyzby men aitar degenim or4unduu masele lerdin biri bolup kaldy tapkanybyzdy koldonuu birazda maani bereli kiygenderibizge jegenderibizge koldongondorubuzga iwtep tapkandarybyzga))))
#40 10 May 2016 - 23:51
Ашыкча эле кумондоно беруунун пайдасы жок! Кой,уй,ача туяктуулардын баары адал(чочкодон башкасы) сууда жашаган жаныбарлар баары адал (карышкыр тиштуу) жаныбарлардан башкасы.Ат адал кыскасы кумондонбой жеш керек да,ушул жаныбарлардын эти экенин билсенер жей бергиле,башка не арга анан? Же алардан кумондонсок деле кее бир кундору чочконун колбасасын жеген учурлар деле баштан отту го.Аллах озу кечирсин да.А азыркы учурда чет элде "халал"
-эттер,тамак-
аштар сатыла баштады го.Кумондонбой жейм десенер ошолордон алып жегиле.

Супер-Инфо
super.kg
видео














