Суперстан: Толик сынчынын сынынан өткөн концерттер - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо
Форумдан кенен издөө
• > Негизги темалар
• > Жылдыздар жана биз
• ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
• Соңку билдирүүлөрдү кароо
• RSS поток
• RSS поток
• (10 бет)

• « 1

• 8
• 9
• 10
• Сиз жаңы тема ача албайсыз
• Темага жооп жаза албайсыз

Толик сынчынын сынынан өткөн концерттер

#181 Пользователь офлайн   beiby   04 Март 2015 - 12:42

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 517
• Катталган: 03 Июль 14
• Соңку аракети: 31 Июл 2023 13:15
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Кимдин журогундо ыйман болсо, мен ошол жердемин.

Ушу сынчыны коргум келет аябай эле. Менда сыныман откоройун деп жургом.:81:/>
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#182 Пользователь офлайн   Tentek1   05 Март 2015 - 12:46

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 301
• Катталган: 10 Ноябрь 12
• Соңку аракети: 01 Окт 2021 17:32
• Жынысы:Эркек
• Калаасы:Кыргызстан

Бул сынчынын жашы 30-35 дердин тегерегинде болсо керек деп ойлойм.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#183 Пользователь офлайн   Толик Сынчы   30 Март 2015 - 11:33

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 47
• Катталган: 06 Ноябрь 08
• Соңку аракети: 30 Мар 2015 12:04

АБДУМАЛИК КОНЦЕРТИНДЕ ЧЕРИН ЖАЗЫП АЛДЫ
Аталышы – «Арналат сага асылзат»
Өткөн күндөрү – 7-8-март (7-март күнү)
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Башталышы – 19:00 (билетте 18:00)
Көрүүчүлөр – Залдын 90 пайызы
Билет баасы – 400-600 сом

Концерт 1 саат кечигип башталды. Абдумалик Шерматов ушунчалык сахнаны сагынган экен, ырдап бүтүп сахнадан кетип калбай, ар бир ырдаган ырчыны коштоп жанында бийлеп жатты. Ал эле эмес көрүүчүлөрдү да бийлетип жиберди. Абдумалик мырза учурдагы жеӊебиз менен сүйүү ырларын дуэт ырдады. Афишада жазылган Саламат Садыкова, Каныкей Эралиева, Гүлмира Рыспаева, Малика Шерматовалардын (Малика Дина) өзүн эмес, көлөкөсүн да көрө алган жокпуз. Алардын ордуна Абдумалик мырзанын бел­гилүү да, белгисиз да окуучулары ырдай баштады. Бир убакта көзүм илинип кетиптир. «Биз» тобу менен Бактияр Токторов «Буй-буй», «Адина» деген ырларын катыра ырдап уйкумду умачтай ачып жиберди. Ырчынын 50 жылдык юбилейин куттуктап Өзгөн жергесинен өкүлдөр чыгып ырчыга «Өзгөндүн ардактуу атуулу» деген наам беришти. Ырчынын устаты Нуркан Турсунбаев шакиртине арнаган ырын окуп берсе, депутат Жылдыз Жолдошева чыгып куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Айтор, куттук айткандардын баары эле «шок элеӊ, эми токтол, жок болуп кеттиӊ эле, эми бар бол» дешти. Байыш Момунов, Ильяз Абдыразаков, Данияр Эрматов, Ильяз Агыбай уулу чыгып таланттарын тартуулады. Айкөл Аликжанова эки ыр ырдап, үч тилде созду.
Чындыгында Абдумалик мырзаны 50 жашка чыкты деп эч ким айтпайт, дагы деле чуркап бийлеп, энергиясы ашып-ташканы көрүнүп турду. Кичинекей Бегимай менен «Балалыкты» ырдаганда кадимкидей 90-жылдарга барып келгендей толкунданып кеттим. Анан да «Кош жылдызды» ырдап, Динара менен популярдуу болуп турган кезди эске салды. Залдан «азыркы аялына караганда Динара жакшы ырдачу эле, ошол кош жылдыз бөлүнбөй сакталып калса сонун болмок» деген күбүр-шыбырларды кулагым чалып калды.
Билеттер аркылуу ойнотулган оюнда 6 уюлдук телефон, 1 айфон утушка коюлду. Концертти баштан-аяк «Абдумалик Шер» эстрадалык тобу коштоду. Эгерде Абдумалик мырза өлкөбүздө эмгектенсе ийгиликтерди жаратмак деген ой менен үйгө сапар алдым.

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#184 Пользователь офлайн   Толик Сынчы   30 Март 2015 - 11:55

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 47
• Катталган: 06 Ноябрь 08
• Соңку аракети: 30 Мар 2015 12:04

10 МҮНӨТ КОЛ ЧАПТЫРГАН «ДЕМдин» ЖИГИТТЕРИ
Аталышы – «Айымдардын майрамына карата»
Өткөн күндөрү – 7-8-9-март (8-март күнү)
Өткөн жери – Кыргыз улуттук академиялык драма театры
Башталышы – 19:00
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы (туруп көргөндөр да болду)
Билет баасы – 500 сом

Афишада жазылгандай концерт 19:00дө башталды. Бул театр­дын филармонияныкындай ички тартибинен улам болсо керек деп ишенбей жаттым. Себеби маданият чөйрөсүндөгү ырчы-чоорчуларыбыз концерттерин сөзсүз кечигип баштап бизди көндүрүп коюшкан. Сахнанын жасалгасын жупуну деп айтар элем. Картондон кесилип илинген «Дем» деген жазуу менен картон эшиктер качан түшүп кетет экен деп коркуп отурдум. Жигиттердин талантына болсо кеп жок.
«Дем» театры башкалардан айырмаланып, пантомима менен көбүрөөк көрүүчүлөрдү тартат эмеспи. Бул ирет да мындай стилден көрүүчүлөр куру калышкан жок. Айтмакчы, театр­дын ачылганына быйыл 10 жыл толуп, концертин юбилейлик деп тартуулап жатышкан экен. Эски номерлерин кайталап койгондугун алып баруучу «күйөрмандарыбыз концерт болордо телефон чалып, эски номерлериӊерди коёсуӊарбы деп сурашат. Ошон­дуктан дайым кайталап келебиз» деп түшүндүрдү. Кон­цертти коштогон ырчылар Курал Чокоев, Кайрат Примбердиев, «Музаман» тобу болду. Жигиттердин баары жандуу үн менен ырдашты.
Эми кеп кезегин биздин залдагы көрүүчүлөргө бурсам. Деги качан концертте өзү­бүз­дү маданияттуу алып отурганды үй­рөнөбүз билбейм. Алпаруучу менен кошо жарышып көрүнгөн кепти сүйлөп, кыйкырып сын айтып жаткандар болду. Алпаруучу Кайрат Примбердиевди жарыялап кирип кетери менен «фонограмма менен ырдаба-а» деп бирөө кыйкырып да калды. Катарлардын ортолорунан темселеп ары-бери басып жүргөндөрү мындан көп. Кирип-чыга турган жумушу болсо концертке эмне келди дейм да. Айтор, залда элди карабайын дегеним менен, ушундай мүчүлүштүктөр көзүмө илине берип, 3 сааттык оюн-зоок кантип өткөнүн да билбей калдым. Ошентип майрамда көӊүл ачалы деп келген эл аягында туруп алып кол чаап, театрдын жигиттери 2 хорду катары менен ырдап бүткөнчө кетпей турушту.

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#185 Пользователь офлайн   Толик Сынчы   30 Март 2015 - 11:56

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 47
• Катталган: 06 Ноябрь 08
• Соңку аракети: 30 Мар 2015 12:04

БАЙЫШ КОНЦЕРТИНДЕ АЯЛЫНАН КЕЧИРИМ СУРАДЫ
Концерттин аталышы – «Жаныш-Байыш» тобу сахнада 20 жыл»
Өткөн күнү – 22-март
Өткөн орду – Улуттук филармония
Башталышы – 19:00 (30 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 90 пайызы
Билет баасы – 500 сом

Концерт филармонияда өз убагында башталат деп барсам, залга эл толо элек экен. «Кокуй, зал толбой калабы?» деп өзүм концерт бергенден бетер кыжалат болдум эле, жарым саатта залдын 90 пайызы толду. Ошентип сахнанын көшөгөсү ачылып, эки тапан жигит чыгып өздөрүн тааныштырбай эле концертти баштап ийди. Алып баруучуларды «ким эле?» деп улам бирөөгө окшоштуруп жатып, ди-джей Аскат Алдашовду тааныдым. Бир туугандар чыгып мындан 15 жыл мурун ырдаган ырларын попурри кылып ырдашты. Учурда кайсы ырчы концерт бербесин министр, депутаттарды чакыруу мода болуп калбадыбы. Бул концертте да Турсунбай Бакир уулу, Султан Раев жана башка аттуу-баштуулар чакырылыптыр. Султан мырза инилерин атактуу «Модерн Токинг» тобуна теӊеп ийди. Концертке афишада жазылган ырчылардын баары келди, жада калса жазылбагандары деле келишти көрүнөт. Байыш Клара Алибекова менен ырдаган «Оо, менин биринчи сүйүүм» деген ырын жубайы менен ырдайт деп уктум эле. Бирок бул ырды эжеси Диля Момунова менен аткарды. Андан соӊ жубайы Динараны жетелеп чыгып, «Ак куу белеӊ, айперим?» деп экөө дуэт ырдашты. Байыш кайсы бир жылдары Клара менен да ушинтип эл алдында үйлөнүү тоюн берип, өчүп бара жаткан атын бир дүӊ дедиртип алган эле. Курган жигит илгерки сценарийинен чыга албаган көрүнөт, «мен жөн эле жубайымды эл менен тааныштырып коёюн дедим эле» дегенин көптөр түшүнбөй деле калды окшойт. Анан да аялынан өткөн-кеткен иштери үчүн кечирим сурады. Ошол учурда менде «ырчылар эми аялдарын тааныштырып да концерт бере баштаганбы? » деген суроо пайда болду. Анда эмнеге Жаныш жубайы менен тааныштырбайт? Айтор, бул жагы түшүнүксүз болуп калды. Концертке Кенже Дүйшеева «Жебе» тобу менен ырдап, шаӊ кошту. Ушул жерден бир нерсени байкадым, Кенже балдарынын кыймылдарын кыздардыкына окшотуп баштаптыр. Ошентип концерт ээлеринин жаӊы да, эски да ырларын угуп, таланттарына күбө болдук.

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#186 Пользователь офлайн   Толик Сынчы   30 Март 2015 - 12:02

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 47
• Катталган: 06 Ноябрь 08
• Соңку аракети: 30 Мар 2015 12:04

«БИЗ» ТОБУНУН КҮЙӨРМАНДАРЫ ГҮЛ ОРДУНА АКЧА БЕРИШТИ
Өткөн күнү – 21-март
Өткөн орду – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Башталышы< /strong> – 19:35 (билетте 19:00)
Көрүүчүлөр< /strong> – Залдын 90 пайызы
Алып баруучу – Шайбек Акматов
Жакшы номерлер</ strong> – Ильяз Агыбай уулунун ырчылар тууралуу пародиясы, «Биз» тобу аткарган «Адина», «Буй-буй» ырлары
Билет баасы – 300-500 сом

«Биз» тобу­нун концерти болорун угуп Спорт Ордосуна бардым. Концерт
өз убагында башталбасын билген жаным, бекер отурганча бекер маалымат
алайын деп сахнанын жасалгасына үӊүлдүм. «Биз» деп чоӊ кылып жазып,
баннерге сүрөттөрүн илишиптир. Жаӊычылдык жок тура деп концерттин
башталышын күтүп, туурга конгон бүркүтчө балкондогу отургучта отурам.
Бир убакта сахна ачылып, концерт башталды. Жаӊы тиктирген костюмдарын
кийип жаркылдап чыгып келишти. Бактияр Токторов адатынча так секире
бийлеп, төгүлгөн терин аарчып жетишпей жатты. «Ыр эле уга беребизби»< /i>
деп отурсам, ак костюм кийген жигит чыга келди. Карасам, «Биз» тобунун
түзүүчүлөрүнүн бири Ильяз Агыбай уулу экен. Ырчылар тууралуу пародиясы
менен элди бир сыйра күлдүрүп, сахнадан кайып болду. Андан соӊ топтун
балдары экиден ыр аткара башташты. Элдин купулуна алар анчейин толо
бербеди бейм, «Бактияр чыксын!»< /i> деп кыйкыргандар да болду. Урма аспапта ойноп жаткан жигит «Буй-буй» аттуу ырды аткарганда, «Бактияр аткарса жакшы болот эле» деген
ойго келдим. Топтун балдарына Бактиярды туурап бийлегендери такыр эле
жарашкан жок. Толик атка конгондон бери көп концерттерде болдум, бирок
бул концертте бир нерсеге таӊ калдым. Тойдо ырдаган ырчыларга акча
кыстаргандай эле сахнага чыгып, гүл ордуна акча берип жатышты. Ичимден, «атаӊ гөрү, ушуну тим эле коюшпаптыр, анча эле акча бергиси келсе сахнадан башка жактан беришпептир»< /i>
дедим. Алып баруучу болгон жигит эл кыстарган акчаны алып кеткенге
катуу даярданган окшойт, жөн эле тыпылдайт. Эски ырларына муюп
отурганымда, «Апа жүрөгү» аттуу жаӊы ырды аткарышты. Сөзү обонуна шайкеш
келген жакшы ыр экен. Концертте жаш балдар шаӊдуу музыкага сахнанын
алдына барып бийлешсе, чоӊдор эски ырлардан эргүү алгандай болушту. Эки
жарым саатка созулган ыр-кече аяктап, эл менен кошо мен дагы үйгө
жөнөдүм.

Билдирүүнү түзөткөн: Толик Сынчы: 30 Март 2015 - 12:03

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#187 Пользователь офлайн   madina.87   06 Апрель 2015 - 09:01

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 3 700
• Катталган: 09 Апрель 14
• Соңку аракети: 07 Ноя 2021 15:37
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Жолдошумдун айылы.

Ой Толик сынчы,ушуларды окуп боорум эзилгенче куломда.Калеминиз курчуй берсин!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#188 Пользователь офлайн   alibekova94   06 Апрель 2015 - 15:20

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Жаран
• Билдирүүсү: 5 307
• Катталган: 18 Июль 13
• Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Плутон

Толик сынчы ушуну форумга кирсе керек деп ойлочумун да, азыр эле кире калып жылмайып албадымбы))) Биир корсом болот эле хотя бы суротун сынчы форумчунун))

Жүрөгүмсүң
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#189 Пользователь офлайн   Aikoo2014   06 Апрель 2015 - 15:53

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 3 401
• Катталган: 16 Март 14
• Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Кыргызстан.

Толик сынчыны мен сындай коем деп,медиа-портал жактан Балчайган эскертуу алганым алигиче журот. Кез-кезде мунапыс сурап коем тээ жактагы темадан берип калаар деген умут менен. Менда эмнегедир Толик сынчыны коргум келди ким болду экен.Сүрөт
" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#190 Пользователь офлайн   anya   28 Май 2016 - 23:58

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 2 132
• Катталган: 08 Ноябрь 10
• Соңку аракети: 17 Фев 2021 21:56
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Бишкек

Ммм.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

• ← Мурунку тема
• Жылдыздар жана биз
• Кийинки тема →

• (10 бет)

• « 1

• 8
• 9
• 10
• Сиз жаңы тема ача албайсыз
• Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 19 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 19, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

• Жогоруга
• Форумдун тизмегине
• Cookies тазалоо
• Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

• Азыр убакыт: 28 Авг 2025 01:22

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: