Ар бир жан-рух бул жашоого, жер үстүнө бир нече жолу
жаралып келет. Кайып илиминде бул кубулушту
«реинкарнация» деп аташат, кыргыз тилине «рух көчүү» деп
которсок болот. Куранда рух көчүү тууралуу мындай жазылып
турат: «Силер Аллахка кантип ишенбейсиңер? Мурун силер
өлүк элеңер, Ал силерди тирилтти, анан силерди өлтүрөт, андан
соң кайрадан тирилтет, анан силер Ага кайтасыңар»80. Жогорку аяттарда циклдик (тынымсыз айланып турган) процесс (кубу-
луш) көрсөтүлгөн: өлүп-тирилүү, өлүп-тирилүү жана кайрадан
Аллахка кайтуу. Мурдагы жашоолордогу каталарын, кемчилик-
терин жоюуу үчүн Жараткан жандарга керектүү сабактарды жа-
на татыктуу жашоо шарттарын өзү тандап берет.
Архат Устаттын маалыматы боюнча 1998-жылы 26-
февральда Күн тутулган маалда жер үстүндөгү прогрессивдүү
руханий күчтөр Жараткан Аллага, Аалам ээси Кудуретке табы-
нып жер планетабыздын жана жалпы адамзаттын тагдырын
өзгөргткөнгө себепкер болушкан. Ошондон кийин жер үстүнө
көптөгөн ыйык рухтар, күчтөр, пирлер, периштелер түшүп баш-
ташкан. Анткени 1998-жылдагы жалпы табынуудан кийин 2000-
жылдын 1-январындагы боло турган чоң кыямат жоюлуп, жер
планетанын жана жалпы адамзаттын тагдыры өзгөрүп кайра
уланган. Ошону менен бүт диндердин мөөнөтү да 2000-жыл ме-
нен аяктаган. Иса пайгамбардын «Мен кийин кайтып келем»
деген сөзү бар. Ал кезде, христианчылык жаңы жаралган кезде
Жараткан Алланын, Аалам ээси Кудуреттин буйругу боюнча
жер-энебиздин жана жалпы адамзаттын жашоо мөөнөтү 2000-
жыл менен чектелген болчу. Белгилүү көрөгөч экстрасенс Ми-
шель Нострадамус (1503-1566) Генрих II падышага жазган ка-
тында Иса пайгамбар кайрадан Азияда, 50-чү кеңдикте (широ-
тада) жаралат деп жазган эле. Иса пайгамбар рух көчүү (реин-
карнация) аркылуу XX-кылымдын ортосунда кайтып келип кай-
радан Кытайда жаралды, улуту кытай, ал цигун илими боюнча
Улуу Мастер (Чебер) жана анын жаңы аты Оуян Хуэй. Ал туу-
ралуу кытай жазуучусу Кэ Юньлу «Новый век» («Жаңы кы-
лым») романында жазган. Мурда Иса пайгамбар кандай кере-
меттерге ээ болсо, кайтып келген Оуян Хуэй да ошонун көбүн
аткара алат. Иса пайгамбардын кытай улутунда кайтып келүүсү
– бул жалпы адамзат үчүн абдан маанилүү белги, анткени жаңы
доордо, «дил доорунда» Жараткан Алла, Аалам ээси Кудурет
жалпы адамзатты ушул белги аркылуу да динге, улутка
бөлүнбөй ынтымакка чакырып жатат. Кайып Устаттардын маа-
лыматы боюнча 2000-жылдын 1-январында жер планетасы пла-
нетардык, космикалык катастрофага учурамак, жер планетасы
такыр эле жарылып жок болуп кетүү да коркунучу бар эле. Би-
рок 1998-жылдын башында Күн тутулган маалда жер үстүндөгү
прогрессивдүү руханий күчтөр, көкүрөгү, дили таза жандар Жа-
раткан Аллага, Аалам ээси Кудуретке кайрылып ал кыяматты
токтотушкан эле. Алдыдагы чоң кыямат тууралуу маалыматты
ал жандарга Архат Устатым берген эле. Ал эми Күн тутулуудан
кийин жер-энебиздин тагдыры өзгөргөн соң Архат Устат Ас-
мандагы Кайып Устаттар менен кошо жер планетанын руханий-
энергетикалык абалын жаңы доордун шарттарына тууралаган.
Ошентип 1998-жылдан тартып жер үстүнө көптөгөн ыйык
күчтөр, рухтар, периштелер кайтып башташты. Алардын ара-
сында Манас-Атабыз да бар. Манас-Ата кыргыздын пири, кыр-
гыз улутун коргоп турган ыйык күч, рух, анткени Жараткан Ал-
ла, Аалам ээси Кудурет элдерди, улуттарды жаратып ар бир эл-
дин, улуттун үстүнө ал элди, улутту коргоп турчу өкүлдөрүн
койгон. Кыргыздын башкы пири – Манас. Ошол себептен «Ма-
нас-Атабыздын руху колдосун» деп тиленгенибиз да оң, антке-
ни биздин бата-тилектерибиз Жараткан Аллага, Аалам ээси Ку-
дуретке ортомчу күчтөр, периштелер, пирлер, ата-бабалар аркы-
луу жетет.
Рысбек Качкеевдин «Арбактар сүйлөйт» китебинде Ма-
нас-Атабыздын арбагы тууралуу төмөндөгүдөй жазылып турат:
«Манас ата Пайгамбар эмес, бирок Пайгамбардын бийиктигин-
де турган адам болгон. Өз доорунда кыргыз элин башкарган,
коргогон, жетектеген. Азыр дагы Манас атанын арбагы тиги
дүйнөдө кыргыз арбактарынын Пири. Алла таала кыргыз арбак-
тарын Манас атанын арбагы аркылуу башкарат. Бир дагы кыр-
гыз арбагы Манас атанын арбагынын сөзүн эки кылбайт. Муну
мен ондогон мисалдар менен далилдей алам. Манас атанын ар-
багы бир кана кыргыз арбагына таазим кылат – бул Чолпон ата
олуянын арбагы. Азыр кыргыз арбактарынын арасында Чолпон
ата олуянын арбагын биринчи, Бакай атанын арбагы экинчи,
Манас атанын арбагы үчүнчү болуп айтылат»81.
Манас-Атабыздын кайтып келүүсү тууралуу, тагыраак
айтканда анын касиетинин кайтып келүүсү тууралуу 1997-жылы
чыккан Рысбек Качкеевдин «Арбактар сүйлөйт» деген китебин-
де төмөнкүдөй маалымат бар: «Менин улуу касиетим ушул уба-
кытка чейин эч кимге өтө элек, ал бала эми төрт жылдан кийин
төрөлөт, касиетимди ошо наристеге өткөрүп берем, Алла таала
буюрса» -, деди, Манас атанын арбагы. Анда ал бала эки миңинчи жылы төрөлөт турбайбы десем, «ооба» деди Манас
атанын арбагы»82.
Төмөнкү дил кайрык 2011-жылдын 1-сентябрында
Бишкекте Ала-Тоо аянтынан түшкөн. Аянтка Манас-Атабыздын
жаңы тургузулган айкелин көрөйүн деп баргам. Ошондо
айкелдин алдынан периштелер, ата-бабалар дилим аркылуу
төмөндөгүдөй буйрук беришкен эле: «Кайтып келген Манас
тууралуу, Улукманас жөнүндө элге жар сал! Эл даяр болду!».
Жар салам кыргыз элиме!
Кыргызга берип ооматты,
Жаратты Кудурет Манасты!
Нур элге берип белегин,
Көтөрсүн бийик желегин!
Алкады нурун балага,
Жаратып жазды маңдайга,
Эзелтен келген кыргыз эл,
Ойготсун Дилин улуу эл!
Дилиңди тутуп эркин бол,
Асманга учкан куштай бол!
Түптөлүп сенин өзөгүң,
Шам болуп жансын жүрөгүң!
Эзелтен бери кыргыз эл,
Дил тутуп келген улуу эл!
Жар салып айтам кыргыз эл,
Жар салган уулду уккун эл!
Жаралды кыргыз жарыктан,
Жаралды кыргыз Ууз уулдан!
Ууздан өсүп нур болду,
Нур болуп нурдун пири болду!
-__------------------ ---------
80. «Ыйык Куран: Маанилеринин кыргызча котормосу» /
которгондор: Абдышүкүр Исмаилов, Дүйшөн Абдылдаев,
Садибакас Доолов, Садык Гавай. Текшергендер: Кимсанбай
Абдурахманов, Камил Абжапаров. 604 бет. 2006-жыл. Бaкaрa
сүрөсү, 28-aят.
81. Рысбек Качкеев. «Арбактар сүйлөйт». «Учкун» АК, 1997. (36 б.)
82. Рысбек Качкеев. «Арбактар сүйлөйт». «Учкун» АК, 1997. (47 б.)

Супер-Инфо
super.kg
видео


















