Жайында кезууго чыгып, уй кайтарып, ыссып тердеген кезде, жузумду муздак булактын суусуна чайып , улам -улам колду, моюнду, бетти жууп, кунго какталат элек.
Жазында жер тээп , жоок салып , кетмен чаап , чобун отоп , эгин багып, машак терип, отун алып, пахта терип, ошондордо тердеген сайын бетти жууп, аарчыбай кунго кургатып атып, сепкил тушкон бетиме. Жаштайыман эмгекти суйууго , адал иштеп, нан таап жеп , туура жашоого багыт корсотушкон ата-энем . Кыз эле ,ушунун бетине сепкил тушот деп , колокодо багып , алаканга салып, бополоп, чымын тийбес чынкылдак кылып албайлы деп , турмушка кыйла эле чыналтышкан экен , корсо...
Сепкилиме уялбайм, сыймыктанам , анткени менин сепкилим эмгектин символу .
Сары кыздарга эле эмес , кара ондуулорго деле сепкил чыгат. Сепкил он-тустон эмес , териге байланыштуу.
Адамдын сепкилине,он-
тусуно,кийимине,
статусуна , байлыгына карап мамиле курбаганым себептуу , мен учун адамдын бетинен да, адеби,тарбиясы,
адамдык сапаты,ариети маанилуу !
Сепкилдуу кыздар
#84 09 June 2015 - 23:58
Сепкилдердерден үй шартында арылалы
Сепкил - тегерек же сүйрү формадагы ачык сарыдан, кочкул күрөң түстөгү пигменттүү тактар. Бетте, колдун сыртында, ийинде, кээде далыда, көкүрөктө симметриялуу жайгашат. Адатта жаз - жай мезгилинде көбөйүп, айрым учурда биригип жайылып да кетет. Кышында сепкилдин түсү өчүңкү тартып, анча байкалбай калат. Көбүнчө 30 жаштан кийин сепкилдин өчүп баштайт. Сепкилди таптакыр жоготуучу каражат жок. Анын алдын алуунун мааниси чоң.
Эрте жаздан баштап, кеч күзгө чейин көчөгө чыгарда бетке атайын коргогуч бет май сыйпап жана упалануу зарыл, упага (1 чай кашыгына) салол же уротропиндин 1 таблеткасын майдалап кошуу керек.
Үй шартында сепкилди агартуу үчүн бетке айран, эки-үч күн турган кефир же суутектин өтө кычкылынын 3%түү эритмесин сыйпаса болот. Жай мезгилинде лимондун же быша элек кара карагаттын ширесин сыйпоо сунуш кылынат. Бирок, бет майларды күндүз көчөгө чыгарда сыйпанууга жарабайт. Кош бойлуу аялдар мындай бет майларды колдонууга болбойт.
1. 1 даана анча чоң эмес картошканын кабыгын аарчып, сүргүчтөн өткөрөсүз. Ага 1 чай кашык миндаль майын, 4 аш кашык кычкыл сүт жана 1 чай кашык зайтун майын кошуп аралаштырасыз. Бетиңизге калың кылып жаап20 мүнөткө кармайсыз. Жылуу менен чайкап, сыйдам кылуучу бет майдан сүйкөп коёсуз.
2. 1 аш кашык быштакка же кам каймакка 1 чай кашык перекис водород кошосуз. Аралаштырып бетиңизге сүйкөп 20-25 мүнөттөн кийин жылуу менен жууп саласыз.
3. Миндалдын бир нече данегин кайнап жаткан сууга салып 15 мүнөт кайнатасыз. Андан кийин данектин кабыгын аарчып, майдалайсыз. Ага бир чай кашык таза бал кошуп бетиңизге маска жасайсыз. 20 мүнөттөн соң жылуу сууга жууп саласыз.
4. 1 аш кашык кургак ачыткыга бир аз кычкыл сүт кошуп буламык абалга келгенге чейин аралаштырасыз. Бетиңизге 20 мүнөткө жаап жылуу суу менен жууп саласыз.
5. Ак глинага бир даана помидордун ортосун кесип алып кошосуз. Ага кычкыл сүттөн аш кашык куюп аралаштырып бетиңизге 20 мүнөткө кармайсыз.
6. Туздалып ачытылган капустанын ширеси менен бетти сүртсө сепкил жоголот.
7. Коондун ички жумшак жагын кайнатып ботко жасап , бетке сүйкөп жүрүү да жакшы натыйжасын берет.
8. Бир лимондун ширесине эки чоң кашык бал кошуп аралаштырат, аны марлиге сиңирип бетке жабат. 10-15 мүнөткө чейин кармап марлини алып таштоо керек. Бул аралашманы муздаткычка бир жумадан ашык сактабайт.

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!

Супер-Инфо
super.kg
видео












