-Муну эмне алып келдиңер,колу-
бутун байлап,мунун бизге кереги не?
Үчөөнүн бирөөсү ага таазим кыла акырын үн катты.
-Улуу урматтуу таксыр,адегенде анын минген атын карабайсыңарбы,
кимдин аты экенин...
Каракчылардын баары өзүнүн жолбашчысына ушинтип кайрылышчу.
Хамза Элүүбайдын атын ээр-токуму мененмурун кандай болсо дал ошондой болуп турганын көрүп таңгалганынан оозун ачып калды.
-Анын аты кайдан жүрөт мунун колунда.Демек,
бул соо адам эмес,Элүүбайды өлтүргөнгө мунун да катышы болуш керек.Бери жетелеп келгиле тигини.
Алиги үч каракчынын экөөсү жерде томолонуп жаткан кишини колтуктап өйдө тургузушту да,байлануу бутун чечип жиберишти.Хамза анын бутунан баштап башына чейин бир сыйра тиктеп турган соң акырын суроо узатты.
-Эч нерсе жашырбай чыныңды айт,бул ат кимдики,кайдагы ат?Өзүң кайдан келатасың?
Калп айтса соо койбосун билген Улукбек болгон чынын айтып салды.
-Мен Үрүмчүдө Хабибулло деген көпөстүн малайы болчумун.Жердигим ушул жактан.Жеримди,
элимди аябай сагынгандыктан,
кожоюндун атын ээр-токуму менен уурдап,минип алып качып чыккам.Жол жүрүп келатканыма бүгүн эки апта болот.Ач болгонума карабай бул жакка араң жеттим,ашууга жеткенде мени ээрчип келаткан итти өлтүрүп,ошонун этин кичинеден бышырып жеп,эптеп өлбөстүн аракетин кылып келе жатам.Тигил бийик өскөн чий-камыштардын арасынан силердин жигиттерге кабылып калдым.
-Бул ат кимдики экенин билесиңби?
-Менин кожоюнунм Хабибуллонуку.
-Балким билмексен болуп арамзалып аткандырсың,
же чын эле билбей уурдап качкандырсың.
Эгер билбеген болсоң билип ал,бул деген Хабибуллонуку эмес биздин мурунку жолбашчыбыз Элүүбай мырзанын аты.Аны өлтүрүп анын атын алып кеткендиги үчүн Хабибулло өз энчисин алып тынды.Тигине сенин кожоюнуңдун башы жыгач казыкта сайылып турат.
Улукбек адегенде эч нерсе байкаган эмес,анан маңдайында турган кишинин жаңсоосу боюнча үңкүрдүн босогосундагы жыгач казыкта өзүнүн кожоюнунун башы сайылып турганын көрө коюп,жүрөгү болк дей,алкымына кептеле түштү.
Кара пояс Жоголгон казына баяны
#302 01 April 2015 - 01:29
ТЕМИР ЖОЛДОГУ ОКУЯ
(бүгүнкү заман)
Каныбек менен Кахар эртең менен эрте жолго чыгышты.Аларды гражданча кийинишкен эки милиция кызматкери атайын узатып келатышты. Кыргызстандын чек арасынан өткөнчө узатып барып кайра кайтышмак.Төртөө тең Бишкек-Ташкент поездинин он биринчи вагонуна олтурушту.Дээрлик поезддин теңинен көп бөлүгү жүктөрү менен кошо соода кылганы баратышкан аялдар,эркектер экен.
Поезд ордунан эылганда төртөө тең өздрү менен өздөрү болуша унчукпастан ойлонуп кетип баратышты.Аңгыча ортодогу столчодо жаткан Вечерний Бишкек гезитине Каныбектин көзү түшүп,бир сыйра көз жүгүртмөккө колуна алды.Кармаары менен эле "Внимание! Разыскивается опасные преступники! " деген чоң жазууну окуп Кахар экөөнүн биринчи беттеги сүрөтүн көрө койду.Дароо эле алдында бажырайып өзгөчө тамгалар менен жазылган материалды окуп кирди.Кыргызча которгондо анда төмөндөгүдөй жазуулар бар экен:"Үстүбүздөгү жылдын 27-августунда Бишкек-Ош жолунда түрмөдөгү адамдарды жумушка алып бара жаткан жеринен машинеден жети зек,кайтарып бараткан солдаттардын эстерин оодара чаап,алардын автоматтарын тартып алып качып чыгышты.Экөөсү дароо эле колго тушүп,үчөөсү эки күн өткөндөн кийин кармалышты. Ал эми автомат менен куралданышкан өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер болсо азыркыга чейин карматпай качып жүрүшөт.Анын экөөсүнүн аты-жөндөрүн, өзгөчө белгилерин, сүрөттөрүн кошо берип,атүгүл буларды кимде-ким кармаганга көмөк беришсе акчалай сыйлык беришээрин да жазышыптыр" .
Ал гезитти бардыгы бир сыйрадан окуп чыгышты.
-Деги сак болуп абайлаш керек,ачыктан ачык эле кетип баратабыз.Бизди кимдир бирөөлөр таанып калып жолдо ызы-чуу болбосок болду.
Чындыгында эле Каныбек айткандай болду,жолдо Кыргызстандын чек арасынан чыккыча бир сыйра ызы-чуу болуп араң басылды.Вагондун узатуучусу болуп иштеген аял билеттерди текшерип келатып төртөө отурган купеге киргенде Каныбек менен Кахардын жүздөрүн каерде көрдүм эле дегендей кайра-кайра карап жаткан.Муну Каныбек да сезип калган,бирок мынча ызы-чуу болуп кетээрин ойлогон,күткөн да эмес.Поезд Кара-Балтага келгенде он мүнөт токтоп кайра сапарын андан ары улантты.Сыягы ошондо алиги аял жергиликтүү милицияларга кабарлап койсо керек,арадан жарым саат убакыт өтпөй эле Чалдовар айылынын тушуна жете бергенде,казактардын чек арасына жаңы эле өтүп баратканда, күтүлбөгөн жерден куралчан жети-сегиз адам купеге кирип келишип төртөөнү камынтпай басып калышты.Ага чейин алиги узатуучу аял бул жакка эки жолу баш багып бирнерселерди сурамыш болуп кеткен.Узатып келаткан гражданча кийинишкен эки милиция кыйшайып уктап,Каныбек гезит окуп,ал эми Кахар болсо купенин терезесинен сырт жакка көз жүгуртүп кетип бараткан.
-Ордуңардан былк этпегиле,каршылык көрсөтсөңөр эле курал колдонобуз!
Купенин эшинги ушунчалык тездик менен ачылып сыртан куралчан беш-алты адам кирип келип төртөөнүн тең эки колун арттарына кайрып,кишен салып жибергенге да үлгүрүштү.Аларды кийинки станциядан түшүрүп калмай болушту эле алиги буларды узатып келаткан эки милиционер тигилер менен өздөрүнчө сүйлөшүп,тээ бир топ убакыттан кийин араң дегенде,жедеп өз кишилери экенине чындап ишенишкенден кийин гана төртөөнүн колдорундагы кишендерин чечишти.
-Кечирип койгула,служба есть служба.
Алар кийинки станциядан түшүп калышты.Алиги эки узатуучу да өз милдеттерин аткарышкан соң экөөнө ийгилик каалап кийинки аялдамадан тушуп кала беришти.
-Болду мындан ары өзүңөр кетесиңер,биздин милдет силерди чек арага чейин узатып келүү болчу.Жакшы аман-эсен жетип алгыла.Ишиңерге ийгилик каалайм.
Андан ары Ташкентке жеткенче экөөнө эч ким тийишкен жок.Жолдон бажыканадагылар документ сурашып,бир сыйра анча-мынча кагылышуу болуп өткөнү менен баарыбир өткөрүп жиберишти.Алар мейманканада бир күн түнөшүп эртеси күнү жеңил машине жалдап,кайра Кыргызстан тарапка,Баткен жакка багыт алышты.Август айынын акыркы күндөрү күндүн ысык илеби али кайта элек болчу.Машиненин суусу ысып кетип жолдон эки жолу алмаштырышты. Кырдаалга байланыштуу можахеддер менен Кыргызстандын солдаттарынын ортосунда бир канча кагылышуу,атышуу болуп өткөн.Окуя чек арага жакын жерде болуп өткөндүктөн өзбек солдаттары да бардык даярдыкта күтүп турушкан.Кыргызстан жакка кетчү чек ара таптакыр жабылып ары жакка өтүү өтө эле кыйын болуп калыптыр.Өзбек бажычылары менен солдаттары тигилер кайра артка жөнөтүштү.Экөө айдоочуга жол акысын төлөп жолдон түшүп калышты.Эми түнү менен эч кимге байкатпай чек араны жөө ашып өтүүнү пландаштырышты. Анан түндүн киришин күтүп айланага караңгы киргенде экөө жолго чыгышты.

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#303 01 April 2015 - 20:37
Оой автор емне болду я кечке еле кирем жок жазылбаган ептеп бутургуло еми.
#304 02 April 2015 - 00:47
ЖОЛУ БОЛБОГОН МЕЙМАНДАР
(мурунку заман)
Үрүмчүгө соода шылтоосу менен келген Абдурахман афтобачинин кишилери акырын сураштырып Хабибуллонун үйүн таап алышты.Бирок кожоюндун кимдир бирөөлөр башын кесип кеткенин угушкандан кийин чочулап,өздөрүнүн жанын ойлошо ал үйгө жакындабай сактанып калышты.Анткени Хабибуллону өлтургөндөр азыркыга чейин изделип жаткан эле.Кыргыз жергесинен келген Улукбек деген жигитти сураштырышып, ал эбакта эле Хабибуллонун короосунан куулуп чыгып кеткенин,азыр каякта экенин эч ким билбегенин угушту. Алар Үрүмчүнү түп көтөрө кыдырыша Улукбек аттуу жигитти издеп жүрүштү,бирок эч жерден таба алышкан жок.
Акыры сураштырып отуруп Зуннахун деген уйгур жигитке келип кабылышты." Ал Хабибуллонун үйүндө мени менен чогуу кызмат кылчу.Бирок Хабибуллону кимдир бирөөлөр өлтүрүп башын кесип кеткенден кийин,анын иниси Улукбекти көчөгө кууп таштаган.Ал оорулуу болчу,биздин үйдө эки-үч аптадай жашады,андан кийин эле дайынсыз жоголуп кетти"
Зуннахун тигилерден акча алган соң бардыгын айтып берип жатты,айтор биздин үйдөн чыгып кеткенден кийин кайра кайтып келген жок.Ошол боюнча аны көргөн жокпуз.Балким Үрүмчүнун бир жеринде жүргөндүр,а балким өз жергесине,кыргыз- кыпчактар жашап турган тарапка кетип калдыбы ким билет?-ал бир аздан кийин бир нерсени эстегендей тигилерге дагы кошумчалай кетти,-баса айтмакчы,Улукбек ошол биздикинен чыгып кеткен түнү тиги кожоюнубуздун ат сарайынан ат уурдалды.Болгондо да маркум Хабибуллонун эң жакшы көргөн аты болчу.Улукбек өзү да мурун биздин кожоюнда иштеп жүргөндө ошол аттарды бакчу.Бир жолу ошол атты минип алып качып кетем деп орто жолдо кармалып,өлөрчө токмок жеп,кабыргалары сынып,араң дегенде киши болгон.Атты ошолор уурдап кеттиби же башкалар уурдаштыбы белгисиз.Азыркыга чейин Улукбекти да,атты да издеп таппай жүрүшөт.-Зуннахундун берген маалыматы буларды анча канагаттандырган жок.Ал башка эч нерсе билбегендигин айтты.Атайын келген Кишилер Улукбекти сураштырып эч жерден табышпаган соң кайра кайтууга даярдана башташты.Бирок аларды каргаша тооруп,жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кармап алышып,эки колдорун байлап салышты.
-Көптөн бери Хабибуллонун үйүн тегеректеп ушул жакта жүрөсүңөр.Балким, Хабибуллонун башын силер кесип алып,бир жерге жашырып жүрбөгүлө,-шаар башчысынын өзү аларды суракка ала баштады.Анткени булар жөнүндө маалымат эбакта эле шаар башчысына жеткен болчу.
Шаар башчысынын кишилери аларды дээрлик үч аптадан ашык кыйнашты.Акыры эч далил таба албаган соң коё берүүгө туура келди.
-Болуптур силерди бошотолу,бирок Үрүмчүдөн экинчи көрбөгөндөй бололу силерди.Баргыла жолуңарга түшкүлө.
Алар өздөрүнүн аман калганына сүйүнүшө дароо көздөн кайым болушту.Жолдо келатышканда өздөрүнчө акылдаша кетишти.
-Тигилерге эмне деп жооп айтабыз,Улукбекти таппай койдук деп баралыбы?
-Анда эле ишибиз бүттү дей бер,андан көрөкчө мындай кылалык...
-Кандай?
-Улукбек жергиликтүү уйгурлар менен чатакташа кетип аны өлтүрүп кетишиптир дейли.Атүгүл өлгөн,көмүлгөн жерине чейин барып көрүп келдик деп айталы,сүйлөштүкпү?
-Сүйлөштүк.
-Кеттик анда.
Алар кайрадан кыргыз жергесине жөнөштү.

#305 02 April 2015 - 00:54
ТӨБӨСҮ ТҮШКӨН КӨР
(мурунку заман)
Кудайдын кутту күнү өздөрүнө жем издеп,бал ташыган аарылардай болуп күндүзү туш тарапка чачыраша беш-алтыдан болуп бөлүнуп кетишкен каракчылар кеч киргенде гана өздөрүнүн түнөктөрүнө кайтып келишет.
(Балам ыйлап калды,эртең жазышка аракет кылам.)

#306 02 April 2015 - 08:09
Мекенчил жигит каякта журот экен,улантып сага жардам берип турса жакшы болот эле...
#307 03 April 2015 - 01:27
ТӨБӨСҮ ТҮШКӨН КӨР
(мурунку заман)
Кудайдын куттуу күнү өздөрүнө жем издеп,бал ташыган аарылардай болушуп күндүзү туш тарапка чачыраша беш-алтыдан бөлүнүп кетишкен каракчылар кеч киргенде гана өздөрүнүн түнөктөрүнө кайтып келишет. Жөн келишпей ар кимиси олжолуу келишет.Кээ бир убакта бирден экиден кайтпай калган мезгилдери болот,бирок эртеси күнү сөзсүз келишип,ар бир кылган иштерин өздөрүнүн жолбашчысы Хамзага айтып турушат.Чындыгында булар жайдын саратан мезгилиндеги бал ташыган аарылардан эч айырмасы жок болчу.Кечке маал Хамза өзү эки жардамчысы менен ким эмне алып келди карап,текшерип, териштирип турат.Каракчылардын тобуна кирген адам көпчүлүктүн алдында ант берип,белине, башына кара чүпүрөк байланып,анан топко кошулушчу.Ал эми кара чүпүрөк дайыма баштарында, анан белдеринде байлануу жүрүүсү керек.Кара чүпүрөк жоголсо өзүнүн кадыр-баркы жоголгон менен барабар эле. Эгерде кимдир бирөө бул топтон кеткиси келип,эч нерсе айтпай качып кетсе,аларды жердин түбүнөн болсо да таап келип,топ алдында катуу жазалашчу.Башын алып же тирүүлөй көмүп,бийик жыгачка мойнунан аркан байлап асып да ташташчу.Күнөөсүн мойнуна алып чын ниети менен өкүнгөндүгүн билдирсе биринчи ирет андайларга кечирим да берилчү.Ошо себептен топтогулар качып кеткенден коркушчу.
Кокон солдаттары менен орус солдаттары кагылышып ортодо эл кыйналып турган маалда булардын жашоосу жаман эмес болчу.Жар боорундагы үңкүр ичи улам кеңейтилип отуруп,ар кандай баалуу буюм-тайымга толуп кеткен.(Бүгүнкү күндө ал жер Хамзанын кызыл үңкүрү деп аталат).Алар үчүн мал кармаганга атайын бийик тургузулган таш короо да бар болчу.Олжого түшкөн малдарды ошол таш короого камашчу.Аны кийинчерээк орус солдаттары быт-чытын чыгарып талкалап ташташкан.
Акыркы күндөрү орус солдаттары булар менен кас болуп алышып,ортодо үч-төрт жолу кагылышуулар болуп өттү.Жалаң атуучу куралдар менен күч жагынан басымдуулук кылганы менен жер шартын жакыш билбегендиктен бийик тоо арасында каракчыларды кууп баратышып көпчүлүк убакта адашып кетишип же буктурмага кабылып калышчу.Ошол себептен алар тоо аралагандан чочулашчу.Ушул убакка чейин буларга кыргыз-кыпчактар да Кокон бийлигинин өкүлдөрү да тийише алышкан эмес.Кыргыз жергесинде Кокон бийлигинин эзүүсү,апта сайын,ай сайын алып кетчү салыктары токтоп,кыргыз- кыпчактар бир аз жеңилдей түшүшкөнсүштү. Бул жакка түштүк тараптан орустардын агылып көчүп келе башташы Хамзага дагы бир топ тоскоолдук жаратып жатты.Анткени орустар менен кошо орус падышачылыгынын солдаттары да бул жакка пайда боло баштаган.Көп жылдан бери Элүүбай андан кийин Хамза ээлик кылган бул өрөөнгө орус солдаттары да тумшугун сала башташкан эле.
Жети кишиге кошулуп,ууга чыккан Улукбек бул жолкусунда Кызыл-Үңкүр сепилин айланып өтүштү.Атүгүл дайыма өзү менен чогуу жүрчү,алиги Кызыл-Үңкүрдөн качып чыгышканда Кокон хандыгынын жөкөрлөрүнүн бирөөсү Максүттү өлтүрүп кеткен бийик жардын түбүнөн да өтүштү.Жар боорундагы үңкүрдү башын көтөрө карап койду. "Максүттү ушул жерден тиги зөөкүр шылый-шылый чаап өлтүрбөдү беле.Бейишке чыккыр анын өлүгү көмүлдү болду бекенби же ит-кушка жем болуп кеттиби?Карачы андан бери канча жыл өтүп,кандай өзгөрүүлөр болуп кетти",-Улукбек жардын түбүн карай көп жыл бою өзү менен кошо жүргөн дербиш Максүткө багыштап кыска курандын сүосүн окуп бата берип койду.Эмне себептен анткенин жанындагылар анча түшүнүшкөн жок.
Бир аптадай колу-буту байлануу өзүнүн туткуну болуп турган Улукбекти бир топ сыноодон өткөргөндөн кийин Хамза өзүнүнтобуна кошуп алган эле.
"Бул жерде менин бара турган эч кимим жок,тууган-тушканым, тааныштарым да жок.Атүгүл өзүмдүн ким экендигимди, улутум кайсыл экендигин да билбейм,жашымдан жер кезип,дервиштик кылып жалгыз өскөм",-Ал өмүр баянын болгонун болгондой кылып Хамзага жашырбай айтып берген эле.Бирок жашырылган казына тууралуу эч нерсе айткан эмес.Каракчылардын тобуна кошулуу тууралуу идеяны да өзү айткан.Бою жапалдаш,илбиреген арык,эптеп эле жаны бардай болгон бул жигит каракчыларга анча жаккан эмес.Хамзанын буйругу менен гана топко кошулган,бирок аны каракчылар көпкө чейин теңине албай жүрүшүп,акырындап аралашып кеткен.
Алиги белгилүү Кызыл-Үңкүр сепилине жакындап келатканда андан жыйырма чакырымдай алыс жердеги эски мүрзөлөр көзүнөн учуп келаткан эле. Ал жерге барып тээ бир топ жыл мурун жашырылган казынанын ордун көрүп келүүгө дегеле мүмкүнчүлүк ала албай койгон.
Тээ алыстан эле көзүнө тааныш бийик күмбөздү көргөндө эле жүрөгү солк дей дүкүлдөп сого баштады.Ал дал ошол күмбөздүн үстүнөн түн ичинде качкын кыргыз-кыпчактардын жоголгон казынаны эски көрлөрдүн ичине жашырып атканда көрүп калган.Күбөлөрдүн бири да калган эмес ошондо,Кокон хандыгынын жазалоочу желдеттери ошол казына жашырган кыргыз-кыпчактарды буктурмага алып,бирин да койбой бардыгын мылтык менен атып,аман калгандарын кылыч менен шылый чаап өлтүрүшкөн. Улукбек улам эски мүрзөлөргө жакындаган сайын жүрөгү алеп-желеп болуп сого баштады.
"Оо,Кудурети күчтүү Кудайымчын эле жеттимби?" -ал айланасындагылардын сүйлөшкөн сөздөрүн укпай эле өзү менен өзү суйлөшүп кетип баратты.
Куралчан атчан топ эски мүрзөлөргө жетпей бери жактан эле кайрылып өтүп кетип баратты эле Улукбек атынын башын ошол жакка бурду.
-Силер бастыра бергиле,артыңардан бат эле жетип барам.
-Каякка Улукбек?
-Силер бастыра бергиле,тигил эски күмбөздөрдүн арасында жакын бир тууганымдын сөөгү коюлган.Куран окуп,анан артыңардан кууп жетип барам.
-Көпкө кармалбасени күткөндөй алыбыз жок.Сени таштап кетип калабыз,таппай каласың бизди...
-Кудай сактасын.
Тигилерди бир топ жерге узатып жиберип,Улукбек атын эски мүрзөлөр жакка бурду да үстөккө босток камчы салып чаап жөнөдү.Жол карата Кудайга кайра-кайра жалынып,өзү менен өзү сүйлөшүп кетип баратты.Атын тыным алдырбай чапкан боюнча топ күмбөздөрдү аралай кирип барды.
Арадан бир топ жыл өтсө да мүрзөлөрдө эч бир өзгөрүү болбоптур.Күмбөздөр, жерден бөрсөйүп чыгып турган дөбөчөлөр ошол эле боюнча.Ал аттан кандайча секирип түшкөнүн өзү да байкабай калды.
"Мына,мынакей, тээтигил томпойгон дөбөчөлөрдүн астында жашырылган! !!"-көздөгөн жерине жете келип үстү түшүп калган оюкчаларды көрдү.Өз көзүнө өзү ишенбей,көздөрү бакырая болгон күчү менен бакырып жиберди.
-Жо-жоок мындай болушу мүмкүн эмес,аа-аа-а! Оо,Жараткан Кудайым!
ТҮНКҮ ЖАҢЫРГАН ОКТОР
(бүгүнкү заман)
Каныбек менен Кахарда экөөндө тең макаров пистолеттеринен башка куралдары жок болчу.Айлана таптакыр көрүнбөй калган кезде тапанчаларын атууга даярдап айланаларына акырын көз жүгүртүшө,сактаныша жылып жөнөштү.Максаттары өзбек солдаттарына көрүнбөй эптеп эле чек арадан өтүп кетүү эле.Беш-алты чакырымдай жерден эч тоскоолдуксуз аман-эсен өтүштү.Тоо-ташты аралап дагы беш-алты чакырым өткөндө чек араны кесип Кыргызстан тарапка өтүп кетишмек.Аңгыча тээ алыс жактан кимдир бирөолөрдүн үнү чыкты.
-Токто,ким келатат!
Экөө ордуларынан былк этпей катып калышты.Бир аздан кийин өздөрүн карай кол фонарлар менен жарык беришти эле,тигилер чөнтөктөрунөн пистолеттерин сууруй коюп өздөрү н карай жарык берип турган фонарды атып жиберишти.Кайрадан айлананы караңгылык курчады.
-Кеттик,чуркап, токтобо!
Экөө болгон күчтөрү менен чуркап жөнөштү.Бир аздан кийин арттан тытырап автоматтын атылган үндөрү чыга баштады.Андан кийин асманды көздөй ракета атылып,айлананы күндүзгүдөй жарык кылды.Экөө жерге томолонуп түшө караңгы жерге далдалана калышты.Өздөрүнөн эки жүз кадамдай жерде ызы-чуу түшүшө,ары-бери автомат менен аткылап атышкан ундөр угулуп атты.Жарык өчкөндө экөө ордуларынан атып турушту да кайрадагн болгон күчтөрү менен чуркап жөнөштү.Көп убакыт өтпөй эле кайрадан ракета атылып экөө далдаланышканга үлгүрө албай калышты. Сыягы тигилер көрүп калышса керекэкөөнү багытташа кайрадан автоматтар менен аткылай башташты.Караңгыда октордун күйүп учкандары кадимкидей көрүнүп турду.Экөө тынбай чуркап баратышты.Бир кезде Кахар бирнерсеге чалынгандай көмкөрөсүнөн кулап түштү.Катуу чуркап бараткан Каныбек дароо токтоп тигиге аярлай калды.
-Эмне болду?
-Чорт,шайтан алгырдыкы десе,оң жак ийниме ок жаңылды,-ал оң ийнин сол колу менен баса онтолой отуруп калды.Тээ алыста өздөрүн көздөй келаткан машиненин жарыгын көрө коюшуп ордуларынан тура андан ары чуркап жөнөштү. Машиненин жарыгы улам жакындагандан жакындап келатты.Сыягы солдаттар экөө эле экенин билип калшыса керек.Машиненин кадамы тигилерге жетээрине он кадамдай калганда экөө тең бирдей сүйлөшүп алгандай машиненин эки фарасын атып жалп өчүрүштү. Анан туураны карай бийик тоо бети менен чуркап жөнөштү.Катуу тынбай жүгүргөндүктөн он мүнөт аралыгында эле тоонун жогору жагына чыгып кетишти.Тээ төмөн жакта туш-тушту карай автоматтар менен аткылап атышкансолдаттардын караандары көрүнүп турду.Асманды карай ракета атылды эле экөө дароо чоң таштардын артына далдалана калышты.Төмөн жактагы солдаттар экөөнүн каяк жакка жоголуп кеткенин аңдай алышпай,кайсалактап таппай калышты.Жарык өчөөрү менен туураны карай чуркап жөнөштү.Аябай чарчашкандарына карабай бир да тыным албай жүрүп отурушту.
Бир аздан кийин кайрадан жарык күйгөндө солдаттардын тээ төмөн жакт,алыс жерде калышканын көрүштү.Солдаттар да тигилерди көрүшсө керек бардыгы тең ошол жакты карай аткылап киришти.Бирок ордуларынан жылышкан жок,себеби жете албастарына көздөрү жетишсе керек.Бир аздан кийин жарык өчүп,машиненин от алган үнү угулду.Мотордун үнү улам алыстап машине төмөн карай кетип баратканы угулуп турду.Сыягы бул жак Кыргызстандын чек арасы болуп,бизге эми силердин тиешеңер жок дешсе керек жай баракат шашпай кетип баратышты.Экөө дагы бир аз жүрүшкөн соң күшүлдөп-бышылдап чоң ташка отуруша,эс ала кетишти.
-Шайтан алгырдыкы көйнөгүмдүн баары кызыл-жаян кан болуп кетти,бир рнерсе менен таңбаса болбойт.Бул кейпим менен кансырап атып капут болом.
-Азыр,-Каныбек өзүнүн көйнөгүнүн бир жеңин айрып жиберди дааны тең экиге бөлүп Кахардын ийнин бекем кылып таңып салды.
-Кандай оорутуп жатабы?
-Албетте... ничего до свадьбы доживём.
Экөө бир аз отурушкан соң ордуларынан туруша сапарларын андан ары улантышты.Арадан жарым саат убакыт өткөндө тээ төмөн жакта короо ичинде күйүп турган жарыктарды көрүштү.Бийик вышкадагы прожекторлордун жарыгы туш-туш жакка чачырайт.Бул кыргыз солдаттарынын казармасы экени даана билинип турат.
-Эми биз буларга да көрүнбөй туурадан айланып өтүшүбүз абзел.Алар байкап калып дагы аткылашпасын.
Бир аз төмөн жакты карап турушкан соң казарманды айланып тоо боору менен акырын жылып өтүп кетип баратышты.Кез- кез төмөн жактан ракета өйдө карай атылып,айлананы жарыкка бөлөп атты.Бирок алыстан булардын кыймылы көрүнбөйт болчу.
Казарман тээ алыста эбакта артта калды.Экөө жарым сааттай жол жүрүшкөн соң бир жерге отуруп эс алмак болушту.Чоң таштын ары жагындагы жапайы бийик болуп өскөн чырпыктардын арасына киришти дагы артына асынып жүргөн баштыктарын баштарына жазданыша жата кетишти.Катуу чарчашкандыктанбы бир аздан кийин экөөсү тең катуу уйкуга кетишти.
САКАЛЧАН СОГУШЧАНДАР
(бүгүнкү заман)
Таңга жуук кандайдыр бир дабыштан экөө тең ойгонуп кетишти,жерге эбак эле жарык кириптир.Каныбек айланасына көз жүгүртө ордунан атып турду.Бирок кеч болуп калган эле.Аларды сакалчан он чактыдай адамдар автоматтарын өздөрүн карай суна тегеректеп туруптур.Акырын жан жерин сыйпалап көрдү эле,тигилер пистолетин эбакта эле алып коюшуптур." Бу кандайча?" деп өзү да буга таңгалып жатты.Анткени аябай сак кулак болуп,кичине эле шырп эткен дабыш болсо ойгонуп кетчү."Түндөсү аябай чарчап,катуу уктап калып,ошол себептен алдырып койдумбу?" Сакалчандардын бирөөсү бир нерсе деп сүйлөдү эле Каныбек эч нерсе түшүнгөн жок.Анын ордуна Кахар ары жактан бир нерселерди жооп берип атты.Сыягы алар афган тилдеринде сүйлөшүп атышса керек.Сакалы жаңыдан өсүп келаткан жашыраак жигит Каныбекке кыргызча сүйлөп үн катты.
-Силер кимсиңер,кайдан каякка баратасыңар? Кыргызча түшүнөсүңөрбү?
-Ооба.Силер өзүңөр кимсиңер?Чек арачы солдаттардан эмессиңерби?
Алиги жигит ордунан туруп башка тилде өздөрүнчө кобурашып сүйлөшүп калышты.Сыягы же тажикче же афганча сүйлөшүп атышса керек,сөздөрүнүн жарымын түшүнүп,жарымын түшүнбөй атты.Кахардын ок тийген жеринен кан агып атып көйнөгүнүн баары кызыл-ала кан болуп кетиптир.Алиги сакалчан жигит кайрадан Каныбекке кайрылды.
-Тиги жолдошуңду ким атты?
-Түндө Өзбекстандын чек арачылары,солдаттары менен кагылыша кеттик.Ошондон ок жаңылды.
-Болуптур, калганын тигил жактан сүйлөшөбүз. Тургула ордуңардан.
Экөө ордунан турушканда айланасында аларды курчап тургандар автоматтарын кайрадан сунушуп мээлеп калышты.Бирөөсү бери басып келип экөөнүн жан жерлерин сыйпалап көрүшүп,башка куралдары жок бекенби дегендей текшерип көрдү.Чоң сакалчан далдайган кишиси булардын жетекчиси окшойт,койнунан мобилдик телефонун алып чыгып кимдир бирөөлөр менен с уйлөшүп атты.Анын ал жанындагыларга кеттик дегендей белги берди эле экөөнүн тең колдоруна кадимки милициялар колдонушчу кишен салап,кайдадыр алып жөнөштү.Булардын тээ тоо башында турган күзөтчүсү мобилдик телефон менен бирнерселерди айтып жаткансыды. Булар эмне болгон кишилер,экөө адегенде түшүнүшкөн жок,бирок баскан-турган кыймылдарынан, сүйлөшкөн сөздөрүнөн, кийген кийимдеринен кимдер экенин сезип атышты.
Калашников автоматын бир-экөөсү эле алып жүрүшкөнү болбосо көпчүлүгүндө чет элдик автоматтар, түнкүсүн күндүзгүдөй кылып көрсөтчү дүрбүсү бар снайпер мылтыгы,вертолёт, машинелерди алыскы аралыкта атчу гранатамёттору, баарынан да таңкалыштуусу бул куралчан сакалчандардын ар бир экинчисинде мобилдик телефондору бар экен.Буларды Сакалчан согушчандар деп бекеринен айтышпайт экен,дээрлик бардыгы сакал коё берип алышыптыр.Алар бийик тоодогу жардын түбү менен эки жактарын сактана карашып жылып кетип баратышты.Токтой калып шектүү жерлерди текшерише,айланага кыраакы көз жүгүртүшүп, акырын тыңшашып,алдыга чалгын жиберишип,анан аябагандай тездик менен жөнөшү булардын сагызгандай сак экендигин айгинелеп турду.Тоо таштарды көзгө илбей жеңил гана тоо текелердей таштан ташка секирип,өтө тездик менен чуркагандары, чарчашпагандары булардын атайын машыккандыгын билдирүүдө. Көп жыл спорт менен машыккан Каныбек да аларды араң араң кууп үлгүрүп атты.Алар бийик жарчанын түбү менен таштан-ташка секирише бир да жолу тыным албай жүрүп отурушту.Бир кезде алды жакта кетип бараткан бирөөнө бир нерсе деп белги берди эле бардыгы туш-тушка чачырай чоң таштардын түбүнө кулашты.Өздөрү менен кошо Кахар менен Каныбекти да ала жыгылышты.Арадан он,он беш мүнө өтпөй Өзбекстан чек арасы тараптан биринин артынан бири ээрчишкен эки вертолет алардын үстүнөн учуп өтүштү.Алардын соңунан дүрбү менен карап турган булардын жетекчиси жерде жаткандарга ордуңардан жылбагыла дегендей белги берди.Тигилер таш менен таш болуп жерде жаткан боюнча былк этишпей катып турушту.Бир аз өткөндөн кийин алиги вертолеттор кайра кайтып келишти.Бир нерседен шек алыштыбы же жөн эле текшерип көргүсү келиштиби,айтор түлкү аңдыган бүркүттөрдөй болуп тигилер жаткан капчыгайдын үстүн айланчыктап тегеренип туруп алышты.

#308 04 April 2015 - 20:24
Каныбек жанында жаткан сакалчандардын кыймылдай баштаганын көрүп,башын көтөрбөстөн көзүнүн кыйыгын салды.Бирөөсү алыска атчу гранатёмотту октоп,ташка далдалана вертолётторду мээлей баштады.Анан сөөмөйүн машаага жакындатып жаңы эле атмакчы болуп жатканда алардын алиги жетекчиси ийинге тигини акырын чаап токтотуп койду.Сыягы артыкбаш ызы-чуунун кереги жок десе керек.
Вертолёттор бир аз айланып турушкан соң башка капчыгайларды текшергени учуп кетишти.Арадан он мүнөттөй убакыт өткөндөн кийин гана алиги киши кеттик дегендей белги берип ордунан козголду.
Күн акырындап төбөгө көтөрүлүп ысый баштады.Узунунан кеткен кокту менен сакалчандар улам өйдөлөп көтөрүлгөн сайын мындайды көрбөгөн экөө көл-шал болуп тердешип,тамактары кургап суусай башташты.Сакалчандардан суу сурашты эле бирөөсү белинде салпактап байланып жүргөн көөкөргө окшош темир челекчесин чечип тигилерге сунду.Тамактары кургап аябай суусап турушкан экөө челектеги сууну шимирип ичип жиберишти.Челекчени сунган сакалчан жигит бошогон челегин алып экөөнү карап койду.
-Шимирип ичкенге болбойт,ого бетер суусатат.
Чын эле бери жактагылардын бирөөсү дагы суу жутканын көрүшкөн жок,тек гана ууртап тамактарын чайкап,кайра жерге бүркүп жиберип жатышты.Бир кезде алды жактан кандайдыр бир куштун чырылдап сайраган үнү чыгып,жетекчиси токтогула деп колун көтөрүп белги берип,үн чыккан жакка кулагын сала тыңшап калды.Ал үн экинчи жолу да ошондой болуп чырылдап чыкканда жашынгыла деп белги берди.Арт жакта келаткандардын баары бомба тийгендей жашырылыша, чоң таштардын түбүнө жашынып былк этпей калышты.Каныбек менен Кахар эмне болуп кеткенин түшүнүшпөй бири-бирин суроолуу карашты.
Арадан он мүнөт өтүп өтпөй тээ төмөн жакта эки катар болуп биринин артынан бири ээрчишип,чубап келатышкан солдаттарды көрүштү.Алар күндүн аптабына баш кийимдерин желкелерине алыша,автоматтардын оң жак ийиндерине арта салыша эч нерсе менен иштери жок өз ара бирдемелерди сүйлөшө,жай баракат өйдө карай кетип баратышты.Көз кырын сала тигилер өтүп бараткандарды акырын санап атышты.Баш-аягы болуп отузга чукулдап барып калат экен.Каныбек менен Кахар Кыргазстандын солдаттары экенин кийген кийимдеринен, сүйлөшкөн сөздөрүнөн, келбеттеринен жаземдебей дароо эле таанышты.Алар өз ара бирнерселерди кобураша бери жакта жашынып турган сакалчандардын дал эле түбүнөн өтүп баратышты.Сакалччандар бир орунда каккан казыктай таш менен таш болуп катып калышкан эле.Каныбек көзүн жума ичинен ойлонуп атты."Илгери кытай солдаттарын бир эки сутка тамак бербей арык ичинде былк эттирбей жаткырып коюп,чыдамкайлыкка көндүрүшчү экен дегенине ишенбечү элем,булар деле ошолордон кем эмес го.Карачы жанатан бери былк этпей жатам,тим эле оң жак жамбашып уюп бир-эки жолу оодарылып алдым.Ал эми тигилердин өлүү тирүүсү билинбейт" .
Бир аздан кийин Кахардын да акырын оодарылганын байкады." Кызык отуздан ашык солдаттар жүрүп дегеле бири да байкашпайт го бизди.Минтип отурса буларды буктурмага бирден терип кырып ташташса болчудай экен.Анын үстүнө али он сегизге чыга элек,эне сүтү оозунан кете элек мадыра баштар турбайбы.Ушулар эмнени кыйратып согушмак эле".Аңгыча алды жактан булардын командиринин арттагыларга кыйкырганы угулду.
-Поттенитесь, эмне чоюлуп кеттиңер малча,давай ылдам баскыла!
Арадан он,он беш мүнөт өткөн соң солдаттар өтүп кетишти.Эч нерседен шек санашпай өз ара акырын сүйлөшө тигилерден узап баратышты.
Алардын караандары таптакыр көрүнбөй калгыча жерде жаткандар таш болуп катып,былк этпей жатышты.Тээ бир топ убакыттан кийин алардын жетекчиси акырын колун көтөрүп бирөөнө белги берди эле,экөөсү ордуларынан атып туруп жеңил гана таштан ташка секире алдыны карай чуркап жөнөштү.Арадан он-он беш мүнөттөй убакыт өткөн соң кандайдыр бир куштун сайраган үнү угулду.Каныбекке бул куштун үнү аябай тааныштай сезилди,бирок кайсыл куштуку экенин эстей албай койду.Бир аздан кийин ал кайра кайталады эле булардын алиги сакалчан жетекчиси кеттик дегендей белги берди.Бардыгы ордуларынан жапа тырмак туруша алдыны көздөй жөнөштү.Бирок, багыттарын башка жакка өзгөртүшүп, бийик тоого тикесинен чыга башташты.Тээ бир топ убакыттан кийин тоонун жонуна чыга келишти.Ал жерде бир аз эс алып отурган соң алиги солдаттар кеткен жакты дүрбү салып карашты.Анан мобилдик телефондорун алып чыгышып,кимдир бирөөлөр менен беш мүнөттөй сүйлөшүп,кайрадан ордуларынан козголушту. Булардын эч сөз сүйлөбөй эле жетекчисинин кол жаңсаган буйруктарын түшүнүшүп,аткарып жатышканы экөөнү тең таңдандырып жатты.Арадан жарым сааттай убакыт өткөн соң эки жагы тике жар болгон колотту аралап,өйдө чыгып отурушуп,кандайдыр бир үңкүргө келишти.Ал жакта да бир топ куралчан кишилер бар экен.Бул үңкүр Хамзанын кызыл үңкүрү деп аталчу.

#310 06 April 2015 - 15:28
Ой бутургулочу батыраак уч кундон бери жоксунарго аууу belka айым,mekenchil jigit куто берип жарылайын деп калдым.
#311 07 April 2015 - 09:22
Мындай жоопкерчиликсиздике соз жок,дагы жазып бутуруп коейун дегенге не дейсин мекенчил жигиттин,ал эми белка айымды тушунойун бала-чакасы бар деп жакшы эле 4кун куттук,но это уже через чур эле го,не д-н сыйлабастык баштадынбы бутур аягына чейин.
#312 07 April 2015 - 13:37
Коюнуздар эми. Биз учун жазышка милдеттуу деле эмесго дейм булар деле. Ар кимдин озуну жараша бош эмес убактысы болот. Же интернетке киргенге мумкунчулук болбой жаткандыр. Тушунуп куто туралы. Жазса окуп коебуз.
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#313 07 April 2015 - 18:46
ЭСКИ КОРУСТОНДОРДОГУ КАНДУ ОКУЯ
(мурунку заман)
Улукбек тобосу тушкон корго чалынып жыгылып, томолонуп атып кандай жеткенин билбейт.
-Оо Жараткан, оо Кудай, мени колдой кор,- ал боортоктоп атып кордун казанбагына аран жакындап келди. Ичи капкарангы болуп эч нерсе корунгон жок. Озу эмнелерди суйлоп, эмнелерди жасап атканын да андабады. Бир кезде бир киши батчу оюкчадан жыландай соймондоп жылмышып ичине кирип кетти. Айланасын сыйпалап бир аз турган сон карангылыкка козу Кичине коно тушконсуду. Бул жакка катылган алтын-кумуштор ошол эле боюнча экен, тек ушунча аралыктагы убакыттын ичинде алар салынган таардан жасалган каптар чирип, бир далайы жерге чубуруп тогулуп калыптыр. Сыягы эски корустондорду ушунча жыл ичинде эч кимиси аралап отушпосо керек. Отушсо да оозу онурайып, казанбагы корунуп турган эски корго эч Ким деле анча мани беришпесе керек. Анын устуно бул мезгил аралыгында Кокон бийлиги менен орус солдаттарынын кагылышуулары болуп, эски кумбоздорго конул да бурушпагандай. Улукбек кубанычынан ыйлап да жиберди.
-Оо жараткан Кудайым, ыраазымын…
Ар бир каптардагы тыйын, Шуру, билерик ар кандай алтын буюмдарды кош ченгели менен ууштап сапырып жыргап атты.
-Мына менин келечегим, байлыгым, менин жашоом…
Ал жерде канча убакыт откоргону белгисиз. Бир кезде кордун ичи капкарангы боло тушту. Ошондо Гана ал эсине келе онурайын турган оюкчанын сыртына коз жиберди. Сырта кандайдыр бир кишилердин кобурашкан ундору чыгып кайрадан кордун оозуна бироосу уулду.
-Ун ушул жатан чыгып атат окшойт.
-Ичи карангы экен, эч нерсе корунбойт. Брок бир киши жургонсуйт.
Ангыча ары жактан дагы бироосунун «занк» эткен уну чыкты.
-Жакшылап карачы, булсоо киши эмес го, аты сырта бош журот, озу болсо кордун ичинде.
Муну укканда Улукбектин алкымы оозуна тыгылды. Эс-дартынын бары бул жакта болуп атып мылтыгын да сырта калтырып салыптыр. Белиндеги кылычын сууруп алды. Сырт жактан алиги ун кайрадан «занк» этти.
-Ээй, сен кимсин, чык бери. Кордо эмне кылып журосун?!
Улукбек эмне деп жооп берээрин билбей шаштысы кетип калды. Анан башына бир ой кетти да башындагы, белиндеги кара чупуокту чечип жиберди. Кордон башын чыгара акырын колун созду. Куралчан, озбекче селдечен уч жигит экен, сыягы Кокон бийлигинин окулдору окшойт. Биросу анны колдон кармап бери коздой сууруп алды.
-Эски мурзолорду аралап, корлордун ичине кирип эмне кылып журосун бул жакта. Кокуунан коркоо Адам эмессинби, ыя?
Учоонун экоосу али жыйырмага чыга элек мадыра баштар, бироосу жашы кырктарга чукулдап калаган киши экен.
-Менин акамдин соогу коюлган бул жерге. Куран окуюн деп келсем оозу онурайып ачылып, тобосу тушуп калыптыр. Ичин бир сыйра карап, оозун жаап комуп салайын деп аткам.
Тобосу тушкон кор да дапдаана болуп корунуп турду. Алар ишенишпегендей анны шектуу карашты.
-Калп айтпа, бул деген калмактардын байыркы мурзолору, Сенин акандин соогу бул жерде кайдан болсун. Баш багып текшерип чыкчы ичин.
Улукбектин журогу кайрадан алкымына тыгыла коздору чекчейди. Биироосу энкейип кордун ичине баш бакты эле, Улукбек откондогу жардын тубундогу окуяны эстеп, кандуу окуя болоорун, буларга ажал жакындап келатканын алдын ала журогу менен туюп, болгон кучу менен алды артын карабай качып жоноду.
-Ээй токто, каяка качып баратасын! - артынан чыккан унго ого бетер болгон кучу менен чыын куюн болуп чуркады. Бироосу атын мине калып, алды-артын карабай сызып бараткан табышмактуу кишинин артынн кууп калды. Тээ бир далай жерге барганда Гана анны кууп жетип желкесинен кармады.
-Токто каяка качып баратасын!
Эки козу чакчайган Улукбек арамзалана эмне кылаарын билбей туруп калды.
-Эмне киши олтурдун беле?
-Жок…
-Анан эмне качып бартасын, кордун ичинде эмне бар экен?...
-Эч нерсе…
-Эч нерсе жок болсо анда бас тиякка,- алиги кууп жеткен киши артка суйроду. Экоо куушуп отуруп тээ бир далай жерге кетип калышкан эле. Улукбек кырын шамшарын сууруп алып шарт бурула калып, ото тездик менен тигини кокурок тушка сайып жиберди. Ал мындайды кутпосо керек, эки козу жалдыраган боюнча атынан шыпырылып тушту. Жерде тыбырчылап жаткан жигитке кош миздуу шамшарын дагы эки-уч жолу матырды. Таптакыр тынчып клган сон анын мылтыгын алды да шашпай октоп алып, алиги корустонду карай жыла басып жоноду. Тобосу бийик салынган эски кумбоздун тушуна жеткенде айланасына бир сыйра коз жугуртуп алып, устуно тырмышып атып эптеп чыкты.
Бул жерден мурзолордун бары корунуп турчу. Тааныш кумбоз, ушул кумбоздун устунон тун ичинде карышкырлардан корголоп жатканда белгисиз адамардын алтындарды жашырып атканын коргон болчу. Алиги оозу анырайып калган эски тобосу тушкон кор да дапдаана болуп корунуп турду. Эки адамдын бироосу жок экен, сыягы кордун ичине сойлоп кирип кетсе керек. Сырттагысы болсо кордун ичине башын салып алып бир нерсе кылып атат. Улукбек мылтыгын анны коздой мээлеп бир азга турду да машага колун жакындатып келип атпай туруп калды. Анны бираз карап турган сон тездик менен кумбоздон шыпырылып тушо тигилерди карай чуркап жоноду. Алиги киши артынан озун карай келаткан дабышка кордун оюкчасынан башын чыгара бери карай бурула берди эле кокого сайылган бычактан чалкасынан кулады. Улукбек кордун ичине мылтыгын туштап эки-уч жолу ок чыгарды. Баарытынчып заматта айлана жымжырт боло тушту.

#314 09 April 2015 - 00:42
Урматтуу ФОРУМЧУЛАР!
!! Дагы бир жолу айтам сабыр кылыңыздар.
Биз деле болушунча аракет кылып жатабыз бүтүрүп салганы. Күнүмдүк тирилигибиз бир эле форум эмес го! Бир китепти тамгалап жазыш бир окуп бүтүргүдөй оңой эмес экен. Туура түшүнүп окуп туруңуздар
#315 12 April 2015 - 00:08
ЖАЗА
(мурунку заман)
Үрүмчүнү түп көтөрө Улукбекти издешип акыры шаар башчысынын колуна түшүп,ал жактан араң кутулуп чыгышкан Абдурахман афтобачинин жигиттери кайрадан Убайдулла бийдин алдында турушту.
-Демек,алиги селсаяк дервишти жергиликтүү уйгурлар өлтүрүп кетишиптир дегилечи.-Убайдулла бий сакалын сынай баарына шектүү карап койду.
-Ооба таксыр,атүгүл өлгөн жерин,мүрзөсүн да көрүп келдик.
-А-ааа атүгүл мүрзөсүнө барганга да үлгүрдүңөрбү?
-Ооба таксыр.
-Аны кандайча өлтүрүп кетишиптир, кана баяндагылачы. Бирөөңөр калгыла да а калганыңар эшикке чыгып күтүп тургула.
Бирөөсү бийдин алдында калып,калгандары болсо чөгөлөшө арттары менен жыла басып чыгып кетишти.Убайдулла алардын өзү дайындаган жетекчисине ачуулуу карады эле,тигинин көзү алактай бир нерсени сезгендей жүрөгү зырп дей түштү.
-Кана кулак сенде,кандайча болуптур айта бер.
Тигил жалтактай өзүнүн ойлоп чыгарган нерсесин кайталай баштады.Убайдулла анын аңгемесин шашпай баштан аяк угуп отурган соң,тигинин төшүндөгү чапанынын бүчүлөмөсүн бириктире кармап көзүнө тигиле карады.
-Чыныңды айт,муну өзүңдүн оюңдан чыгарып аткан жоксуңбү?
-Жок таксыр чынымды айтып жатам...,-Тигинин көзү алая түштү.
-Болуптур бирок мен сага эскертип коёюн,ушунуң жалган болсо алдагы ийниңдеги башың кетет чыркырап,Бара бер.
А экинчисин чакырып келип анын да баянын укту.Мунун баарын сүйлөшүп алышкандыктан, айткан окуялары бири-бирине окшош чыгып атты.Бирок булардын алактап коркуп тургандыгынан баарыбир ишенбөөчүлүк пайда болуп,алардын бир нерсе жашырып турганы билинип турду.
Бий бир эмес эки-үч сыйрадан сынап сурап көрдү,улам барган сайын бир нерседен жаңылып сөздөрү эки ача чыга баштады.Кыраакы бий алардын эң коркогун өзүнө чакырып алды да,кош миздүү шамшарын сууруп кекиртегине такады.
-Эмне калп айтасың,алигши дервиш өлбөй эле булардын баарын өзүңөр ойлоп чыгарган турбайсыңарбы.
-Ким айтты аны таксыр?
-Тигилериң айтып атпайбы.Мунун баарын ойлоп чыгарган сен деп.Бул үчүн башың топ этип ыргып кетээрин билесиңби?
-Таксыр менде күнөө жок.Жан соога,менин бала-бакырам бар.Ошону аяңыз.
Бир нерсенин жытын сезген бий ичинен кытмыр жылмайып койду.
-Эгер бала-бакырамдын күнүн көрөйүн десең чынынңды айт.Дервиш кайда экен азыр?
Тигил калп айткан айыбым ачылып калган экен деп,жан талаша көздөрүн алактатат болгон чын сырын айтып кирди.
-Биздин айткан күнөөбүздү кечирип,жаныбызды аман коюуңузду суранам таксыр.
-Болуптур, айта бер.
-Биз Үрүмчүгө бара электе алиги Хабибулло көпөстү кимдир бирөөлөр өлтүруп башын кесип кетиптир.
-Ал мени кызыктырбайт, алиги дервиш жөнүндө айт.
-Ошол биз бараардан эки апта мурун Улукбек Хабибулло көпөстүн эң жакшы деген атын минип кайдадыр качып кетиптир.
-Ушул чынбы?
-Ооба таксыр,биз бардыгынан сураштырып тактап чыктык.
-Айта бер.
-Анан шаар башчысынын жигиттерине кармалып калдык.Алар бизди Хабибуллонун башын силер кесип кеттиңер деп шек алып суракка алып кыйнап башташты.Акыры араң дегенде бизди коё беришти.
-Чыныңды айт,ушул чынбы же дагы жалган айтып жатасыңбы?
-Чыным таксыр.
-Андай болсо тигил жигиттердин баарын чакырып кел.
-Ляппай.-Ал ордунан тез аттап тура калды дагы сыртка жүгүрүп чыгып кетти.Убайдулла бий бир жерди теше тиктеп.мелтиреп турган соң жанындагы жигитине ачуулуу бурк этти.
-Тигилер келишкенде жасоол аянтына алып чыгып баардыгынын тең башын алып сал.Биринчиден мени алдаганы үчүн,экинчиден магаа кылган арам кызматтары үчүн.
Ал ордунан турду да бүжүрөп сырттан кирип келе жаткан төртөөнү көзүнүн кыйыгы менен бир карап алып өзунун бөлмөсүн карай кадам таштады.
Беш-алты желдет тигилерди жасоол аянтына алып жөнөшкөндө эле төртөө тең иштин чоо-жайын дароо тушунүштү.Анан өкүрүп-бакырып ар-кимдин буттарына жыгылышып жалынып-жалбара башташты.
-Таксыр,жан соога күнөө бизден кетти.Бизди аябасаңар дагы бала-чакабызды аягыла.
Убайдулла бий алардын сөздөрүн уккусу да келген жок.Жасоол аянтына алып чыгышкан алиги желдеттер төртөөнүн тең колдорун,көздөрүн байлап,тизелетип чөгөлөтүп отургузушту. Анан жалтыраган ай бычактарын алып чыгышып кадимкидей койду мууздашкандай чачтарынан, мурдуларынан өйдө карай тартып туруп моюндарын шылып жиберишти.Чачыраган кызыл кочкул кан жерге жабыла берди .Арадан бир канча убакыт өткөн соң баштары денелеринен кесилген төрт адамдын өлүү денелери кыймылсыз сулк жерде жатты.Бир аздан кийин Убайдулло бий Абдурахман афтобачинин өзүнө чакыртып алды.
-Алиги дервиш азыр кыргыз өзбек же тажик жергесинде. Балким казактын талаасында да тентип журүшү да мүмкүн.А балким ушул жакта эле тентип жүргөндүр.Кандай болсо да аны таап бул жакка алып келгиле.
-Улуу урматтуу таксыр аны эч кимибиз көргөн эмеспиз да.Чын эле Улукбек деген дервиш экенин өңүнөн кантип тааныйбыз?-Абдурахман афтобачи өзүнө анча ишенбей бийге суроолуу карады.Убайдулла бий буга да ачууланан кетти.
-Ошо да кеп бекен,алиги ким эле Набиджан деген уйгурду,анын Мэхрибан деген кызын унутуп калдыңбы?Ал уйгур кыз дервиш жигитти эң жакшы тааныйт.Кайдан болсо да ошол уйгур кызды тапкыла да,ошо менен жер-жерлерге издөө салгыла.Дервиш жигит Үрүмчүдөн качканда каякка бармак эле,кайра эле бул жакка катылган казынасына келет да.Аны кандай болсо да кыскасы асмандын алты кабат чокусуна жердин жети катмар түбүнө кирип кетсе да тапкыла.Менин бул тапшырмам так орундалгандай болсун,жигиттериңе эскертип кой,эгер дагы өткөн жолкудай кайталана турган болсо тигил төртөөндөй болуп баштарынан ажырайт да денелери ит-кушка,кузгун менен таз жоруга жем болот.
Абдурахман афтобачи өзүнүн ишенимдүү деген жигиттерин топтоп алып ар-бирине тапшырма берип туш-тушка ат чаптырып жөнөтүп атты.Аны менен катар Набиджандын кызы Мэхрибанды да өзүнө алдырып келгенди унуткан жок.

#316 12 April 2015 - 02:19
ҮҢКҮРДӨГҮ САКАЛЧАНДАР АРМИЯСЫ
(бүгүнкү заман)
Бул үңкүр эле аты болбосо кадимки үйдөн эч айырмасы жок экен.Каныбек айланасына бир жолу көз чаптырганга үлгүрдү.Бүктөмө стол,стулдар, геологдор өздөрү менен алып жүрүп талаага уктоочу мүшөк -төшөктөр,темирден жасалган ар кандай идиш аяктар,чай,кофе кайнатканга ылайыкташкан керогаз,атүгүл жогору төр жакта кичине телевизор да турат.Жерге кабат-кабат кылып түрк килемдерин төшөп ташташыптыр. Стол үстүндө пульт менен иштөөчү магнитафон, мобилдик телефон,бурчта болсо чет элдик ар кандай курал-жарактар турган.Сакалчандардын көпчүлүгү күн ысык болгондуктан жеңил кийинип жүрүштү,ошентсе да жондорунан автоматтары түшпөйт.Бир кезде Кахардын температурасы көтөрүлүп чыкты эле,эки-үчөөсү аны төрдөгү бүктөмө кроватка жаткырышты. Үңкүр ичиндеги буюм-тайымдардын баары чет элдики болгону менен бүктөмө,көтөрүнүп, ташынып жүргонгө ылайыкташтырып жасалыптыр. Жада калса үй чатырлар да бүктөлүп,жыйналма экен.Эки четтерине казык кагып туруп заматта чатырды орното коюшуп,анын ичинде төрттөн-бештен болуп укташат кэен.Буларды көрүп Каныбек ичинен ойлонуп койду"Даа- аа современный басмачылар деп ушуларды айтыш керек экен.Керек болсо биздин солдаттарда да мындай шарт жок болуш керек".
Сакалчандар экөөнө эмнегедир туткун катары эмес,мейман катары мамиле жасап жатышты.Булардын бардыгы мусулман калкы болгондуктан кунүнө беш маал намазга жыгылышп,тамак ичээрде багыштап бата беришип,ичип буткөндөн кийината-бабаларга багышщтап куран окутушуп,басса- турса да Кудай ооздорунан т үшпөйт.Күнүнө кадимкидей бата менен кой союлупказанга эт салып бышырып жешет экен.Макарон, вермишель,чай- чамектер кенен кесир

#317 14 April 2015 - 02:08
Макарон,
вермишель,чай-
чамектер кенен-кесир,
жетиштүү.Кыязы,
кимдир-бирөөлөр буларга атайын тамак-аш ташып келип багып тургандай.Кахардын иийнине ок тийип кан көп кетип калгандыктан,
температурасы күчөп отуруп,бир кезде жөөлүп ар кайсыларды сүйлөй баштады.Сакалчандардын бирөөсү Кахарга жакын келип ок тийген иийнине кунт коюп карады да белинен кош миздүү бычагын суруп чыгып,кызыл-
ала кан болгон көйнөгүн тилип жиберди.Ары жактан спирт алып келип айланасын жакшылап жууп чыкты.Анан денесин акырын кармалап өз тилдеринде бир нерселерди сүйлөшүп жатышты.Каныбек алардын сүйлөшкөн сөздөрунөн бир нерселерди андыгансыды.
"Эч нерсе эмес,ок иийнимде жок экен,жараны айыктырса болот" деген маанини түшүндү.Алиги киши сыртка чыгып кетип бир топтон кийин кирди,колдорунда кандайдыр бир жалбырактар бар экен.Бөтөлкөгө куюлган балга окшош күрөң кою илешкек нерсени миздүү бычагы менен илип алды да жалбыракка жаап,Кахардын ок тийген жерине жабыштырды.
Анан өздөрүнүн аптечкасынан ак бинт алып чыкты да,жакшылап жалбырактын үстүнө ткан байлап чыкты.Булар эмне себептен экөөнө мундай мамиле жасап жатат Каныбек өзү да түшүнгөн жок.Кахардын үстүнө жумшак гүлдүү адеял жаап жаткырып коюшту.Бир аз убакыттан кийин алиги кыргызча сүйлөгөн жигит келип Каныбекти ары жакка эрчитип кетти.Экөө ал үңкүрдөн чыгып башка үңкүргө киришти.Бул үңкүрдүн ичи тиги үңкүрдөн да жакшы жасалгаланыптыр,
столдо жети-сегиз жаштары элүүгө чукулдап калган кишилер отурушуптур.
Каныбектин артынан келген жигит буларга котормочу болуп берди.
-Силер кимсиңер,эмне болуп өзбек солдаттары менен атышып жүрөсүңөр?
Баары бир паска тымтырс боло түшуштү.Столду тегерете отургандардын баары Каныбекти суроолуу карап турушту.Ал сөздү эмнеден баштаарын билбей турду.
-Биз экөөбүз мындан эки жума мурун түрмөдөн качып чыкканбыз.
Айта бер дегендей бардыгы улам бири-бирин карап коюшуп унчугушпай тигинин сөзүн аягына чейин угуп турушту.Каныбек кандайча кандайча болуп түрмөдөн качып чыгышканын, жолдогу машинедеги окуяны,кандайча болуп бул жакка келишкенин бүт бойдон баяндап берди.Эмне айтышты Кахар экөө алдын-ала пландаштырып, даярдап коюшкан болчу.Ал сөзүнүн аягына чыккан соң төрдөгү сакалчан киши столдун алдын Вечерняя Бишкек гезитин алып чыгып ичин ачты.
-Жаңылбасам бобул гезиттеги силердин сүрөтүңөрбү?
-Ооба.
-Бул окуя жөнүндө биз жакшы билебиз,таңгалыштуу нерсеси машинеден солдаттарды жарадар кылып качып кеткен жети зектин көп өтпөй эле бешөөсү кармалып,экөөңөрдүн карматпай кеткениңер кандай?
-Биринчиден биз тигилерге салыштырмалуу тажрыйбалуу, баштан бир топту өткөрүп калган зектерденбиз, экинчиден солдаттардан тартылып алынган автоматтар экөөбүздө болчу.
-Кандайча бизди таап келдиңер?
-Биз силерди тапкан жокпуз,тек гана божомолдоп издеп келатканбыз. Тескерисинче силер бизди таап алдыңар.
-Солдаттардан тартылып алынган автоматтар кайда?Тескерисинче пистолеттер жүрөт го силерде,буларды кайдан таптыңар?
-Охранада турган милиционерлердин пистолеттерин автоматтар менен коркутуп алып кеткенбиз.
-Аны да окуганбыз гезиттен,ошол силер белеңер?
-Ооба,ал эми автоматтарды болсо шаардын четиндеги надежный жерге катып койгонбуз. Бизди бардык жерде издеп жатышат.Анын үстүнө бул жакка через поезд аркылуу келдик.Өзүбүз менен кошо ал куралдарды алып жүрүүнүн зарылдыгы деле жок болчу.
-Бул жакка эмне максат менен келдиңер?
-Кыргызстан менен Өзбекстандын жеринде бизде ээн-эркин жүргөнгө мүмкүнчүлүк жок.Бүгүн болбосо эртең кармалабыз дагы кошумча кошумча срок менен түрмөгө отурабыз.Ошол себептен бул жактагылар менен бирге жүрүү биз үчүн эркинирээк.
-Улутуң ким?
-Атам өзбек,энем кыргыз.Кыскасы мусулманмын.
-Куран окуй аласыңбы?
-Ооба?
-Намаздычы?
-Азырынча үйрөнө элекмин.
-Мусулман болгондон кийин куранды да,намазда да,щариятты да баарын билишин керек.
-Акырындап баарын үйрөнөбүз да.
-Тигил жолдошуңдун улуту ким?Сыягы кыргыз эмес башка улуттан окшойт.
-Ооба улуту афган,аты Кахар.
-Экөөңөрдүн түрмөдө отурганыңарга канча болду эле,Эмне себептен отурдуң түрмөгө?Каныбек тигилердин ар-бир суроолоруна сактана артыкбаш сөз сүйлөбөй,кыска- кыска жооп берүүгө аракеттенип жатты.Кандай болсо да алардын ишеничине кирүү керек болчу.Ошол күндөн баштап экөө бүтундөй Орто Азия боюнча талибан,можахеддер аталган сакалчандардын тобуна кошулуп алгачкы сыноо иштери башталды.
ЖОГОЛГОН КАЗЫНА ТАБЫЛДЫ.
(МУРУНКУ ЗАМАН)
Улукбек мылтыгын алып көрдүн оозуна ичиндегиси өлдү бекенби деп эңкейе бергенде артынан өзүн карай чаап келаткан аттын дубүртүн угуп жалт бурула берди.Булар өзү менен чогуу кетип бараткан Хамзанын желдеттери болчу.Мылтыктарын колдоруна карай алиги жетөө бат эле жетип келишти.
-Эмне болду,ким атты мылтыкты?
Улукбек калтаарый тигилерге эмне деп жооп берээрин билбей калды.Анан эле оозунан төмөнкүдөй сөздөр кандайча чыгып кеткенин өзү да билбей калды.
-Агамдын мурзөсүнө курна окуганы отурсам бул киши капысынан келип кол салып калды.Мен кимдир бирөө тымызын жакындап келатканын байкап калып экөөбүз кармаша кеттик.Акыры мылтыкка жетип аны атып салганга үлгүрдүм.
Атчандар анын сөзүнө ишенип ишенбей турушту.Анткени өлуп жаткан киши аябай далдайган чоң киши болчу.Бирок казанбагы аңырайып ачылып жаткан көрдүн ичинде эбегейсиз байлык катылып жатканын эч кимиси байкашкан жок.Атчандардын бирөөсү асынып жургөн мылтыгын алып чыгып тээ алыс жерде кыймылсыз жаткан караанга көз жугүрттү.Бул кош көздүү дүрбүнү ал орус солдаттарын баарын тең өлтүрүп ташташканда ошолордун бирөөсунөн чечип алган болчу.
-Тээтигил жерде да бир караан кыймылсыз жатат,барып текшерип келейинчи эмне болгон караан экен.Ал атынын башын ошол жакка бурду да чапкан боюнча кетти.Улукбек эмне екылаар айласын билбей жанын коёорго жер таппай,кыйпычыктап турду.Бир аз убакыттан кийин ушунча жылдан берки мээнети,тилеги, кыял-максаттары бүт бойдон ушул алты каракчынын алдында жуулуп кетчүдөй турду.Атчандардын бирөсү дароо эле көрдүн оозунда жаткан далдайган кишинин келбетин тааный койду.
-Бул Кокон бийлигинин желдети Абдурахман афтобачтинин оң колу болуп жургөн Икрам деген киши.Мунун да иши бүткөн турбайбы.Бул менен мен канча жолу кагылыштым. Эки жолу аз жерден өлүмдөн калгам.Акыры көрөө кунү ушул жер экен да.Таңгалыштуу нерсеси бул эски калмактардын мүрзөлөрунун арасында эмне кылып журөт.Буга эки-үч кишинин алы жетчү эмес эле,өлтүргөнгө сенин кантип алың жетти?Ал капталынан жаткан өлүктү буту менен тээп кайра чалкасынан оодарды.Анан анын белиндеги кылычын,шамшарын курун чечип алды.Андан соң жан жерлерин да текшерип өттү.

#318 16 April 2015 - 00:15
-Эми муну тиги көрдүн ичине ыргытып туруп,сыртынан бүтөп ташташыбыз керек.Биздин бул кылыгыбыз Убайдулла бийге жетсе кайрадан согуш жарыялап жибериши мүмкүн.Аңгыча ары жакка чаап кеткен каракчылардын бирөөсү кайра жетип келди.
-Тигил Абдурахман афтобачинин желдеттеринин бири экен.Аны кимдир бирөө бычак менен көкүрөк тушка бир нече жолу сайып өлтүрүптүр. Бул кимдин колунан келди,аны да сен өлтурдүңбү? ..-ушул илмийген араңжан жигиттин колунан ушундай иш келдиби дегендей бардыгы Улукбекке ишенбегендей карап турушту.Улукбек же жок деп,же ооба деп айта албай эч сөз сүйлөбөй туруп калды.Мындай кыйын кырдаалды жетөөнү жетектеп жүргөн Ибрагим оңдоп кетти.
-Эгер буларды сен өлтүргөн болсоң азаматсың,бирок ишенбей да кетесиң.Сенин бул эрдигиңди Хамза укчу болсо жакшы сыйлыкка татуктуу болосуң,анын үстүнө тигил өлүп жаткан Икрам деген киши биздин эң коркунучтуу жообуз болчу.Кана,убакыт өткөрбөй экөөнүн кийимдерин сыйрып,өлүктөрүн мообул көрдүн ичине ыргытып сырттарынан бүтөп салгыла.Ал эми тигил аттарын болсо өзүбүз менен кошо ол жолоп ала кетебиз.Жарданып турушкандар жаңы эле жерде жаткан өлүктүн жан жерлерин аңтара,кийимдерин сыйрып ала башташканда караңгы көрдун ичинен адамдын онтогон үнү чыкты.
-Коё тургулачы,тигил жактан дагы бирөөнүн үнү чыккансыдыбы же кулагыма ушундай угулуп кеттиби,-Ибрагим бардыгын токтото калып,бар азга аярлай тыншап калды.Көп өтпөй көрдүн ичинен адамдын онтогон үнү дагы чыкты.
-Көрдүн ичинде дагы кишилер бар окшойт?
-Каракчылардын бардыгы сактаныша мылтыктарын октошуп,буктурмага кабылып калган жокбузбу дегендей айланаларга көз жүгүртүштү. Анан эки-үчөөсү караңгы көрдүн ичине мылтыктарын сунуп жакындап келе калышты.
-Токтогула, мен ал жакка өзүм кирем да бардыгын жайлап өзүм бүтүрүп чыгам,силер туруптургула бул жерге,-Улукбек мылтыкты алып көрдүн ичине кайрадан сойлоп кирди,капкараңгы көр ичинде көзү бир азга көнбөй барып,акырындап барып көруп кетти.Байлык салынган каптарды кучактаган боюнча бир адам араңжан кырылдап жатыптыр.Улукбек белиндеги кош миздүү шамшарын кынынан сууруп алып тигини колтук тушка эки жолу сайып биротоло тиги дүйнөгө жөнөтүп тынчытты.Баалуу байлыктан көзү өтүп өзү да сыртка чыккысы келбей турду.Каптардын үстүнөн эркектер моюндарына тагып жүрчү жолборстун башы бар алтын моюнчаны акырын алып коюнуна салды да,канжалаган бычагын колуна кармай кайрадан сыртка сойлоп чыкты.
-Бирөөсү жашынып калыптыр,анын да ишин бүтурдүм.Далил катары колундагы кызыл ала кан болгон бычагын көрсөттү.Улукбектин танкалаарлык жүрүш-туруштары бул жердеги үч адамдын өлүмү Ибрагимди таңгалтырып атты."Бул үчөөнү ушул илмейген жигит өзү олтүрдүбү,таңгалыштуу" ал ишенип итшенбей көрдүн ичине баш бакты.Адам араң сойлоп кирчү көрдүн казанбагын өзү тосуп калгандыктан кайрадан көрдүн ичи эч нерсе көрүнбөй капкараңгы боло туштү.Бирок көз ирмемчелик убакытта ал бир нерсени байкагандай, көзү чалып өткөндөй болду.Башын сууруп алды да Улукбекти шектүү карай көрдүн ичине арты менен өзү сойлоп кирди.Көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй бакырайган Улукбек акырындап артка кетенчиктеп топтон бөлүнө баштады.Аңгыча көрдүн ичинен катуу бакырган Ибрагимдин үнү чыкты.
-Мынакей казына,Кокондуктардын жоголгон казынасы! Мынакей байлык,оо Кудайым!
Жедеп алтын талашкандагы кандуу окуядан жүрөгү калып калган Улукбек тигилерден эбакта обочо кетип,калың чийлердин артына жашынып калган эле.

#319 16 April 2015 - 00:32
ТООДОГУ ЖАШОО
(азыркы заман)
Каныбек сакалчандар менен аралашып дээрлик жумадай чогуу жүрдү.Бул мезгил аралыгында Кахардын да ден-соолугу жакшырып,акырындап оңоло баштаган эле.Ушунча убакыттан бери чогуу аралашып жүрсө да булар канча адам экенин биле албай койду.Бири келсе бири кетип же таптакыр башка жакка көп убакытка чейин жоголуп же анын ордуна жаңылары келишип,айтор буларды өзү да түшүнбөй атты.Тамак-аштар менен кенен-кесир болушунун себеби алар эки-үчтөн болушуп айылдарга барышы,жергиликтүү киишилер менен сүйлөшүп доллар акча берип мал,тамак-аш сатып келишет экен.Булардын ишеничине кирүү да оңой эмес эле,ошол себептен Каныбек абдан кыраакы,сак болуп артыкбаш сүйлөбөөгө ,артык баш кыймыл жасабоого аракеткылып жүрдү.Баары тең ар-кайсыл мусулман улутунан болгону менен бири-бирин жаекшы эле түшүнүп жатышты.
Булардын эң эле жашы жердиги Тажикстандык жигит менен Каныбек бат эле жакындашып кетти.Бир күнү булардын жолбашчысы бардыгын чогултуп жыйын курду.
-Өзүңөр көрүп турасыңар кырдаалды.Кыргыздардын айылдарын кыдырып соодалашып мал,азык-түлүк алып турганга мүмкүнчүлүк болбой баратат.Жергиликтүү милициялар менен солдаттар тоскоолдук кылып жатышат.Анын үстүнө айылдык кыргыздар да бизден чочулашууда. Ошондуктан жергиликтүү айылдык кишилерден бир-экөөнү какча менен камсыздандырып акырындап өзүбүзгө тартыпбизге кызмат кылдырып алыш керек.Буга да мүмкүнчүлүк болбосо башкача жолун табышыбыз абзел.
-Кандай жол?
-Күч менен тартып алабыз талаады жайылып жүргөн малдарын.
-Кыргыздар өзбек менен тажиктерге караганда момунураак, ишенчээк калк келет.Алар менен тил табышып алат болушубуз керек.
-Болуптур. Бирок сак болгула кандуу кагылышуу болуп кетпесин.Бардыгын тынч,байкатпай жасагандай бололу.
Ошол күнү таң азандан Каныбек болуп үчөө кыргыздардын айылына жөнөштү.Экөөнө пистолет берилип Каныбекке эч курал берилген жок.
-Сак болгула.Жергиликтүү элдерди чочутуп албагыла,аларга аяр мамиле жасагыла.Милиция менен солдаттардан колдон келишинче оолак болууга аракеттенгиле. Элдерге тымызын көз салып бобул диний баракчаларды тараткыла.Колдон келишинче алар менен мамиле түзүүгө тырышкыла.-Жол башчы аларга дагы көптөгөн тапшырмаларды берип жатып эушуларды эскертип өттү.Кандай болсо да Каныбек булардын ишенимине кирип мамыр-жумур болуп аралашыш керек болчу.Ошондуктан чын ыкласы менен берилип иштөөгө аракет жасап жатты.Үчөө айылдыктарча карапайым кийинип алып кыргыздардын айылын аралап бара жатышты.Каныбек бул жакка өмүрү келген эмес,бирок алардын жашоо шарттары,көрүнүшү элдеринин карапайымдыгы өзунүн айылынан эч айырмасы жок эле.
-Жүрү,адегенде тиги четтеги Абдылданын үйүнө баралы,ошолор аркылуу көп нерсени бүтурөбүз.Абдылланы Каныбек мурун көргөн эмес,жашы элүүдөн өтуп калган киши экен.Тигилерди көрөөрү менен эле жадырап-жайнап күтүп алды.Сыягы алар муну менен илгертеден бери эле байланыштары бар тааныш окшойт.Дасторкон жайып,тамак- аштарын жайнатып үчөөну тосуп алды.Ислам динин жайылтуу тууралуу тууралуу диний үгүт баракчаларын ар-кандай диний китептерди ошого ташташып,амерника доллар акчаларын берип өздөрү менен кошо жетелей келишкен эшекке артынып эки кой алып кетишти. Кайтып келатканда аларды жолдон гражданча кийинишкен эки жигит кармап алып милициябыз деп документтерин текшеришти. Алардын эч документтери жок болчу.
-Бул койлорду кайдан,каякка алып бара жатасыңар,уурдалган мал эмеспи?-алар дайыны жок тийише башташты эле экөөнө эллү-элүү доллардан акырын чөнтөктөрүнө салып коюшту эле унчукпай кетип калышты,бирок кетип баратып тигилерге эскертип өттү.
-Экинчи келбегиле бул жакка,жергиликтүү болбогондон кийин,анын үстүнө документтериңер да жок экен,Биздин солдаттар силерди кармап алышчу болсо өздөрүнө алып кетишет шектүү адам катары.Суралып, текшерилип,өзүңөргө эле жаман болот,-алиги жергиликтүү милициябыз деп тааныштырган эки жигит дароо эле тигилерден бөлүнүп кетип калышты.
Каныбек бул кыргыз жергесине келишкен чакырылбаган коноктордун эмне максат менен бул жакта жүрүшкөнүн адегенде анча түшүнө албай жүрдү.Анан акырындап отуруп бир нерсени баамдай баштады.Алиги тажикстандык жигит ага көп нерселердин четин чыгарып,түшүндүрүп айтып берди.
-Биздин негизги максатыбыз тиги Өзбекстанга жаңы бийлик орнотуп,күчтүү ислам динин киргизүү.Ошол себептен тигил өзбек солдаттары бизге каршы катуу аракеттерди жасап жатышпайбы. Ал наркотикалык заттарды Кыргызстан аркылуу Европага ташып өтүү тууралуу эч сөз айткан эмес.
Кийинчерээк гана Каныбекке өзүнөн-өзү айкын болуп чыга келди.Бул мезгил аралыгында кыргыздар менен да мамиле бузулуп,алардын солдаттары менен бир нече жолу атышуу болуп,кырдаал кыйындап бараткан болчу.Аңгыча Ооганстан тараптан көп өлчөмдөгү баңгизатын алып келатат деген кабар келип бардыгы дүрбөп калышты.Кандай болсо да түн ичинде бул баңгизатты эч кандай ызы-чуусуз өзбек солдаттарына да,кыргыз солдаттарына да билгизбей алып өтүп кетүү керек эле.Бул операцияга Каныбек да катышмай болду.

#320 16 April 2015 - 00:47
КӨРҮСТӨНДӨГҮ ЧАТАК
(мурунку заман)
Чийдин арасында чыдап отура албай Улукбек кайрадан ары жактагы күмбөздүн үстүнө көтөрүлүп чыкты.Бул жерден бардыгы көрүнүп турчу.Эми эмне болоор экен деп чыдамсыздана акырын башын чыгарып акмалап отурду.Алтын азгырыгы дос адамдарды да бири-бирине душман кылаарын Улукбек эң жакшы тушүнүп калган болчу.Ошо себептен мындай ызы-чуудан жүрөгү калып,эрте эле оолак болуп кетүүгө ашыккан.Ат үстундө турушкан каракчылар аттарынан түшө калышып,кичинекей тешикке үймөлөктөй калышты.
"Бүттү баары бүттү.Ушунча байлыктын баары эми талаага кетмей болду,оо Жараткан Кудайымжардам бере көр",-Улукбек көзүнүн жашын көлдөтө асаманга карай Кудайга жалынып жатты.
Бир жерге үймөлөктөшкөн каракчылар жанталаша кылычтары менен алиги тешикчени кеңейте башташты.Көп өтпөй эле алар өз-ара ызы-чуу түшүшө оюкчадан кымбат баалуу нерселерди алып чыгып,ач көздүк менен кубаныша кармалап жатышкандары бер жактан кадимкидей көрүнүп турду.Улукбек мылтыгын октоп бардыгын бирден терип атып таштагысы келип чый0пыйы чыгып атты.Бирок жалгыз эч нерсе колунан келбейт болчу.Чуркап барып тигилерге кошулуп өзүнүн үлүшүн алгысы келди,бирок тигилер муну тоготпой атып да ташташмак.Үймөлөктөшүп жаткан каракчыларды мээлеп бирде мылтыгын ыргытып жиберип,башын ургулап асманга карап Кудайга жалынып,озондоп жатты.
-Оо Кудайым,акыры ушул күндү көрмөк белем.Ушунча мезгилден бери үмүт тилегимдин баары бир эле күндүн ичинде таш каап,ойрон болобу...
Аңгыча тарс!эткен мылтыктын үнүн угуп чочулай ордунан кандайча атып турганын байкабай калды.Тээ төмөн жактагы алиги төбөсү түшкөн көрдүн жанындагы үймөлөктөшкөн каракчылар жерге чачылган алтындарды талашып,бири- бирин атышыпкылыч менен чабышып мурункадан да катуу өздөрүнчө дүрбөлөң түшүп атышыптыр.Экөөсүнүн денелери жерде кыймылсыз жатат.Сыягы тигилер атып ташташса керек.Алтын азгырыгына берилип кеткен каракчылар Улукбектин араларынан бөлүнүп кеткенин байкабай да,ойлобой да калышкандайЭки жаат болуп чабышып жатыштыбы же ар кимиси туш келди эле бири-бирин өлтүрүп атшытыбы,бери жакта алардын кыймылын аңдып,байкап турган Улукбек эч нерсе түшүнбөй жатты.Бир кезде дагы экөөсү кылыч менен шылый чабылып,жерге томолонуп түшүштү да кыймылсыз жатып калышты.Бири- бирине мылтык кезешкен экөө гана калды.Экөө тең бири-бирине мылтык кезешип көпкө чейин мээлеп былк этпей турушту.Аңгыча көр ичинен тарс эткен мылтыктын үнү чыгып экөө тең эки жерге кулашты.
Мындай күтүлбөгөндүккө Улукбектин жүзүндө жылмаюу пайда болуп,Кудайга кайра-кайра жалына жаңыдан эле күмбөздөн тушөйүн деп келатканда көрдөн сойлоп чыгып келаткан дагы бир кишини көрдү.Ордунан туруп жакшылап караса өзүнүн жолбашчысы Ибрагим экен.Каракчылардын ичинен жападан жалгыз ушул калган болчу.Улукбек мылтыгын дароо октой коюп аны чекеге туштап мээлей баштады.
Ибрагим оозу ачык турган көрдүн жанында өлүп жаткандардын баарын карап чыкты.Алардын арасында негизги адамдын жок экендигин көрүп дароо айланасына көз жүгүрттү.Ошол мезгилде тарс эткен үн чыгып колундагы мылтыгы ыргып кетти да оң ийнин баса чөгөлөй отура кетти.Экинчи жолу атылган ок аны көмкөрөсүнөн кулатты.Иштин баары бүттү дегендей Улукбек шашпай өзүн далай ирет өлүмдөн алып калган эски күмбөздөн акырын бычак менен сайгылап өзү жасап койгон тепкичтери менен төмөн карай түштү.Эч ким жокпу дегендей айланасына бир сыйра көз жүгүртүп алды.Анан мылтыгын октоп алып,алиги өлүп жаткандардын арасына басып келди.Ибрагим али тирүү экен,кызыл-ала канга боёло,оор дем алып акырын башын көтөрө Улукбекке карады.Каршылык көрсөткөнгө мүмкүнчүлүгү жок алсыз болчу.Денесинен сызылып кара кочкул кан агып жатты.Баягы Улукбекти шылдыңдап,теңине албай кемсинтип жүргөн Ибрагим жок,күшүлдөп- бышылдап араң дем ала,аянычтуу өзунүн маңдайында турган жигитти карады.
-Айтчы Улукбек мынча байлыкты эмне кыласың.Мунун бештен бир бөлугү эле сага өмүр бою кенен-кесир жетет.Атүгүл небер-чөбөрөлөрүңө чейин барат.Эгерде жанымды аман калтырып мени менен шыралгалаш болсоң сага көп жардамым тийет.Мен сени дайыма колдоп жүрөм,көрөсүң экөөбүздө сонун жашоо болот.Мен сага сөз берем.Ата көрбө...?-бул мезгилде Улукбек мылтыгын акырын өйдө карай көтөрүп келип Ибрагимдин эки көзүнүн ортосуна,чекесине такап калган эле.
-Баатыр,жан соога,жанымды аман кой...-Улукбек аны жалдырата тиктеткен боюнча акырын машааны басып койду эле тарс эткен үн чыгып,тигил чалкасынан кетти.Бир эт бышымдын аралыгында ушунча киши каза болуп,бардыгынын өлугү ар кайсы жерде сулап жатты.Ажал кошотогон алтындардын каргашасын далай башынан өткөрүп калган Улукбек ушундай болоорун алдын-ала жүрөгү сезген.Мындай кутүлбөгөн эбегейсиз зор байлыкка тигилер жаңыдан эле ызы-чуу түшүшө башташканда, ошол себептен өз жанын сактай тигилерге билинбей качып кеткен болчу.Эми анын алдында эки максат турду,биринчиден кандай да болсо ар-кайсы жерде кызыл-ала болуп жаткан өлүктөрдү эч жигин билгизбей бир жерге көмүү,экинчиден казанбагы көмүлүп калган көрдүн оозун кайра эч жигин билгизбей мурунку калыбындагыдай кылып жаап-жашыруу. Өлүктөрдү кайсыл жакка көмсөм деп көпкө ойлонуп турду.Бул күмбөздөрдөн тээ обочодо жаткан,артынан кууп келип кармаганда өзү бычак менен колтукка сайып өлтүргөн Кокон хандыгынын желдетин кошуп санаганда туптуура он киши экен."Ой тообо заматта ушунча киши өлүп кетип,өзүм аман калдымбы.Кудайыма миң мертебе ыраазымын" .Ал асманды карай Кудайга жалынып жалбара Оомийин деп батасын берген соң,ар кайсы жерде сулап жаткан өлүктөрдү бир жерге тизе баштады.Анан буларды эмне кылсам деп бир аз ойлонуп турду да оюна бир нерсе кылт эте түштү."Өлүктөрдү алтындар менен кошо көмүп таштабайымбы бул көргө.Арбактары көр талашып,аны менен кошо алтындарды кайтарып жата беришсин" .Улукбек ордунан шашпай туруп,өлүктөрдү чекесинен буттарынан кармап сүйрөй киши батчу тешиктин ичине сойлотуп жатты.Өлүктөр көргө батпай кеткендиктен өзү ичине сойлоп кирип,биринин үстүнө бирин жаткырып,калгандарын болсо бурчта үйүлүп жаткан байлыктын үстүнө көрсөтпөй көөмп салды.Эми сырттан бул көргө баш баккан адамдар болсо шыкалышып жаткан өлүктөрдөн башка эч нерсени байкабайт болчу.Улукбек сыртка чыгып чекесиндеги терин сүртө ары жакка отура кетти.Өлгөндөрдүн бардыгынын тең мылтык,кылыч, шамшар сыяктуу куралдарын өзүнчө чогултуп үйүп таштаган болчу.Көрдүн оозун шашпай эч жигин билгизбей бекитип чыкты.Этегине топурак толтуруп келип жаңы эле көмүлгөнүн билдирбей чачып чыкты.Анан эски чырпыктарды алып келип чачып койду.Аябай эле кунт коюп караган киши болбосо бир караган кишиге анча байкалбайт эле.Өлгөн он кишинин куралдарынын баарын чогултуп алиги бийик күмбөздүн ичине алып келди.Анын бурчун терең кылып казып туруп,өзүнө бир мылтык,кылыч, шамшар тандап алып,калганын көмүп салды.Анын үстүн да билгизбей мурунку калыбына келтирип,күмбөздөн сыртка чыкты.Эми ээр-токумдуу ар кайсы жерде турган алардын аттарын чогултуп көздөрүн курутуу керек болчу.Эгер буларды базарга алып барып сата турган болсо дароо эле кармалмак.Аларды калмактын эски көрүстөнүнөн тээ бир топко чейин айдап барды да,баардыгынын ээр-токумдарын чечип алып ары жакта кургүштөп агып жаткан сууга ыргытып жиберди.ЭЭри жок жайдак аттарды болсо туш-туш жакка чачыратып кубалап,андан ары өз сапарын улантып жолго тушуп кете берди.Каякка бараарын да билбей башы оогон жакка кетип баратты.Кайра өзү жалгыз Хамзанын үңкүрүнө барганда өзүн да өлтүрүп коюшу мүмкүн болчу."Азырынча бул каргашалуу жерден алысыраак болуп,адегенде Мэхрибанды табыш керек.Андан кийинкисин көрө жатаармын" .Улукбек өзү менен өзү сүйлөшө бет алды атын үстөккө-босток камчылана чаап баратты.Анын колтугунда көр ичиндеги алтындан тандап алган муштумдай болгон алтындын үч уюткусу бар болчу.Бул мезгилде Кызыл-Үңкүр сепилинен Абдурахман афтобачинин желдеттери Улукбекти издешип жаңы гана чыгышкан эле.
ДҮРБӨЛӨҢГӨ ТҮШКӨН КАЗАРМАН
(азыркы заман)
Көптөн бери сөз кылып журүшкөн сакалчандардын жетекчиси Жума Наманганини Каныбек бир жолу да көрө элек болчу.Наркозат алып өтүү операциясына катышып атканда,ошондо аны биринчи жолу көрдү.Коюу кара каш,кара көз,коюу кара сакалы бар жашы сырткы келбетине караганда элүүгө чукулдап калган,бою жапалдаш жөнөкөй эле киши экен.

Супер-Инфо
super.kg
видео