СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#1121 18 Июнь 2009 - 12:07
1) Сиз канчадасыз?
2) Уй-булоонуз барбы?
3) Форумга катталганынызга канча болду?
4) Форумдагы эн жакын досунунз ким?
5) Адамдагы баалаган сапаттарыныз?
6) Жакпаган сапаттар?
#1122 18 Июнь 2009 - 13:26
Саламатсызбы жайдары ONA!!! Куш келипсиз! !! Анда эмесе шпаргалкаларыныз даяр болсо керек...
-Озунузду суроттоп беринизчи?
-Кайсы чойродонсуз?
-Жигит менен кыздын мамиле куруусунда башкысы эмне деп эсептейсиз?
-Форум кызыксыз болуп баратат, маанисиз обу жок темалар кобойуп кетти дегенге кандай карайсыз?
-Анан келе жаткан шайлоо боюнча ой болушо кетсениз...
Саламатсызбы passionarXXI!
Рахмат... шпаргалкаларды даярдабай анан, мындай жоопкерчиликтуу ишке даярданбаса болобу...

- "Мин уккандан бир коргон артык", дейт эмеспи элибиз...озун жонундо бир нерсе деш чынында кыйын экен...аракет этип коройун ошентсе да: озум бироого катылбайм, ал эми катылгандын катыгын берем...дебеймби

ы кебетеси боюнча монголоид расасындагы эле кыздарга окшошмун,анан да ашкере кыялкечмин. ..
-чойро демекчи...кесибим боюнча финансы тармагына катышым бар...ал эми дос тааныштарым ар кыл чойродон экен ойлонсом...
-жигит менен кыздын мамиле куруусунда башкысы бул экоонун ортосундагы бири бирине болгон аздек сезимдер го дейм: оз ара тушунуучулук, сыйлоо,
берилгендик, баалоо жана да ишеним,туруктуулук. .
-форум тууралуу мындай айтылган ойго кошулбайм... обу жок кээ бир колдонуучулар болушу мумкун,которулгон темалар маанилуу,жалпы жонунан биздин форумду кызыктуу,пайдалуу, за
манбап деп суроттой алам...
-шайлоо олконун тарыхындагы урунттуу учур... алдыдагы 5 жылдыктагы олконун онугуу багыты кандай болот, катардагы атуулдардын кадыресе турмушуна кандай таасир этет... эл аралык коомчулуктун козунчо кандай абалда болот мамлекетибиз. .. ушул сыяктуу суроолордун кобу кимди шайлап алганыбызга байланыштуу, ошондуктан "шайлоонун шайтан оюндарысыз" эн мыкты болгон азаматыбызга ишенимибизди артып алсак деп тилек кылам...жана да ошондой талапкерге барып атуулдук милдетимди аткарып оз добушумду берем...
Билдирүүнү түзөткөн: ona: 18 Июнь 2009 - 13:34
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#1123 18 Июнь 2009 - 13:44
1) Сиз канчадасыз?
2) Уй-булоонуз барбы?
3) Форумга катталганынызга канча болду?
4) Форумдагы эн жакын досунунз ким?
5) Адамдагы баалаган сапаттарыныз?
6) Жакпаган сапаттар?[/quote]
Салам Erbol!! !
- 04.08.1983 ж.торолгом
- уй булоом: мамам,бир туугандарым,
турмуш кура элекмин...
- форумга катталганыма 3 айдан ашуун убакыт болуптур,ага чейин активдуу окуучусу элем
- эн жакын досум бул дей албайм...баардык эле форумчулар менен маектешууго куштармын
- жонокойлук,
кайраттуу
лук,эмгекчилдик, адам
г
ерчилик,ак ниеттуулук. .. - мактанчаактык,
женил ойлуулук,ашкере бей-жайлык,туруксуздук,
у
шакчылык,калпычылык,
ш
алаакылык
Билдирүүнү түзөткөн: ona: 18 Июнь 2009 - 13:46
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#1124 18 Июнь 2009 - 13:52
......Мамлекетибизге кандай идеология керек?
......Европа маданиятына коз карашыныз?
.....Батыштын маданияты бизге жарашабы?
....Динге болгон мамилениз?
.....Азырынча ушул суроолор
#1125 18 Июнь 2009 - 15:43
......Саясат сиз учун эмне?
......Мамлекетибизге кандай идеология керек?
......Европа маданиятына коз карашыныз?
.....Батыштын маданияты бизге жарашабы?
....Динге болгон мамилениз?
.....Азырынча ушул суроолор

- Саясат мен учун саясатчылар жана «саясатчылар» алектенген мамлекеттик бийликке умтулууга багытталган иш аракеттер…
-
Жаныдан бутуна туруп келе жаткан жаш мамлекетибизге созсуз идеология зарыл… Азыр ааламдашуу шартына жараша,улутубуздун озгочолукторун,
тарых
ын,ушул кунго жеткен рухий мурастарын баалай,сактай билууго багытталган, жана да мезгил агымынан артта калбай, козкарандысыздыгыбыз
ды жоготпой,татыктуу жашоого угуттогон идеология керек… - Европа маданиятынын адамзат жашоосуна салымы зор, аны албетте талаша албайбыз, укук,мамлекеттик тузулуш,искусство,
ил
им,билим жана башка жагынан артыкчылыктарга ээ болуп келет…бирок бул маданияттын дуйнону озуно багындырып алуу сыяктуу максаттары бардай сезилет…баардык континенттерге таралып,глобалдашуу процесстерине алып келип отурат бугун… менин коз карашымда адамзатты табияттан жогору коюу тушунугу натуура экенин тушунууго кезек келди…анын устуно экологияда, калктын ан сезиминде болуп жаткан озгоруулору бул маданияттын озунун окулдорун деле ушундай ойго салууда…бул жагынан алганда чыгыш маданиятынын коз караштарын жактайм… адамды жаратылыштын бир болугу катары караганы учун…
- Батыш маданиятынын кээ бир жетишкендиктери жарашат биздин элге… коопсуз эмгек шарттары,отпуск маалында же карыган чагында дуйно кезип саякаттоо, алдынкы техника менен технологиянын жетишкендиктерин узурун коруу неге жарашпасын?
жарашат… же мумкунчулуктору чектелген,майыптарга корулгон камкордуктары…биз деле ошентсек жаман болот беле? жакшы эле болмок… Бирок аларга ашыкча берилип, казак боордошубуз М.Шаханов айтса керек эле томондогучо:
«биз батыштын суу тутугуно уланабыз деп, канализациясына уланып алыптырбыз» дегениндей оз жузубузду жоготуп, эки мин жылдан ашуун келе жаткан баалуулуктарыбызды жерип, «оз агабызды агалай албай,бироонун агасын сагалап» калганыбыз окундурот….
- Динге мамилем туз... Ислам дининин баардык шарттарын аткарбасам да озумду мусулманмын деп сезем… ишенем…

Билдирүүнү түзөткөн: ona: 18 Июнь 2009 - 15:58
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#1126 21 Июнь 2009 - 11:08

Билдирүүнү түзөткөн: ona: 21 Июнь 2009 - 11:11
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#1127 21 Июнь 2009 - 11:16
салам!!!
1.Канча балалуу болсом дейсин?
2.Жакшы коргон жазуучун ким?
3. Кайсы санды жакшы көрөсү ң?
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#1128 21 Июнь 2009 - 11:30
салам!!!
1.Канча балалуу болсом дейсин?
2.Жакшы коргон жазуучун ким?
3. Кайсы санды жакшы көрөсү ң?[/quote]
Саламатсызбы Барс,
- Жок дегенде бир уулум болсо деп тилейм...
- Жакшы коргон жазуучуларым коп, ар кыл авторлордун эмгектерин окуйм...азыр Айтматовдун "Кассандра тамгасын"
кайра баштадым... кызыктуусу 5 классымда окуган "Г.Финндин жоруктары"
деген Марк Твендин китебин,М.Риддин "Башы жок чабандесин"
,Б.Полевойдун "Чыныгы адам жонундогу повестин"
, азыркыга чейин эле кайталап окуй берем...
- Сонун суроо экен
,эн жакшы коргон саным "6"... созсуз ушул санга ориентир ала берем негедир... анан "1"
Билдирүүнү түзөткөн: ona: 21 Июнь 2009 - 11:37
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#1129 22 Июнь 2009 - 01:24
ымды билдирем.....
Урматтуу достор....азырынча бир кундук тыныгуу....кийинки конокту эртен жарыялайм... .каалооч
улар болсо купуя менен кабарласанар болот мага.....
Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 22 Июнь 2009 - 01:25
#1130 25 Июнь 2009 - 01:24
ду камдай бергиле
#1131 25 Июнь 2009 - 07:57
1 Бисмилла дегенде биринчи суроом атынды ким койду эле жана эмнеге байланыштырып (чечилиши)?
2 сага ачуу чындык укккан жакшыбы же татуу калптыбы (ачуу чындык намысына доо кетирип жатса дагыбы ?)
алдына ала чон рахмат урматым менен Женижок!! !
Бенджамин Дизраэли
#1132 25 Июнь 2009 - 12:15
Цитата
1 Бисмилла дегенде биринчи суроом атынды ким койду эле жана эмнеге байланыштырып (чечилиши)?
2 сага ачуу чындык укккан жакшыбы же татуу калптыбы (ачуу чындык намысына доо кетирип жатса дагыбы ?)
алдына ала чон рахмат урматым менен Женижок!! !
Алейкум ассалоом Жеңижок дос. Жана баардык бул теманын коннокторуна ысык саламымды айтмакчымын! Кубануу менен суроолоруң уздарга жооп берүүгө даярмын.

1.Атымды чоң атам койгон, ал ошол убактагы Кыргыз ССР жазуучулар союзунун төрагасы Теңдик Аскаровду жактырып менин атымды да Теңдик деп койгон экен.Ал эми мааниси Теңдик, Теңдүү лүк, Теңчилик, Тең болуу дегендей.
2. Ар дайым ачуу болсо да чындык айтылышы керек деп коюшат эмеспи, бирок кээде чындык убактылуу жашырылып турганы оң болуп калат да кийин баары бир айтылышы керек.
Ал эми намыс боюнча айтсам: айтып жаткан кишинин максаты эмнеде: намысына доо кетиришпи же чындыкты айтуу менен бир жакшылыкка жетишүү бү дген суроо туулат, эгер эч кандай зарылчылык жок болсо намыска тийип айтпай эле койгон же эч ким жокто айткан жакшы. Мисалы биз бир адам жөнүндө ачуу чындыкты билебиз, аны барып эле ага айтып салуунун зарылчылыгы жана максаты эмнеде? ушуга карап иш кылганыбыз оң деп ойлойм.
сага да рахмат.
Билдирүүнү түзөткөн: Tendik: 25 Июнь 2009 - 12:18
#1133 25 Июнь 2009 - 12:21
Суйлошкон кызын барбы?
Качан уйлонойун деп жатасын?
Кыздардагы сага жакпаган сапаты?
Кош! Эрбол
#1134 25 Июнь 2009 - 12:44
Цитата
Суйлошкон кызын барбы?
Качан уйлонойун деп жатасын?
Кыздардагы сага жакпаган сапаты?
Кош! Эрбол
Салам Эрбол.
1. Сүйлөшкө н кызым жок, азыр

2. Куда кааласа дагы 1-2 жылдан кийин.
3. Кыздардын мага жакпаган сапаттары: эрксиздик, туруксуздук, жалкоолук жана жеңил ойлуулук.
Рахмат суроолорго.
#1135 28 Июнь 2009 - 18:55
1. Озун тууралуу жаза кетсен...
2. Кесибин ким,эмне иш кыласын?
3. Кыргызстандагы демократияга кандай коз караштасын?
4.Сенин оюнча биздин олкодо шоу-бизнес барбы? Болсо кандай?
5.Жакшы коргон тамагын?
6.Кайсы олкого барып келууну кыялданасын?
Рахмат

А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#1136 29 Июнь 2009 - 08:10
#1137 29 Июнь 2009 - 11:31
#1138 29 Июнь 2009 - 11:43
Өзүң үз жөнүндө , эмнеге кызыгасыз, эмнеден рахат аласыз, бош убактынызды кантип өткөрө сүз, негизи эле кандай адамсыз жазып кетпейсизби?

Алдын ала ырахмат!
#1139 29 Июнь 2009 - 13:39
ге болгон коз карашынды жаза кетчи,ошого жараша суроо берейин.....
Алдын ала ырахмат.
#1140 30 Июнь 2009 - 09:51
Цитата
Өзүң үз жөнүндө , эмнеге кызыгасыз, эмнеден рахат аласыз, бош убактынызды кантип өткөрө сүз, негизи эле кандай адамсыз жазып кетпейсизби?

Алдын ала ырахмат!
Кандайсыз Макси Ден соолугунуз жакшы бы?
1, Мен өзүм жөнүндө айтсам кыргызстандын кулунумун. 1985 ж 26 август куну Токмок шарында туулгам. Кыргызта айтат эмеспи "Атка жеңил тага чак"- деп ошондой балдардын биримин. Азырынча бойдокмун. Анан дагы бир нерсе аябай көп ката менен жазам.
2, Эмнеге кызыгам? Негизинен карап ойлонуп көрсөм көп эле нерсеге кызыгат окшойм, бирок көбүнчө билимге абдан кызыгам бирок баш-отум менен кирип кете албайм.
3, Негизи адам иши адал болсо ар бир кылган нерсесинен ырахат алса болот деп ойлойм, бирок менин өзгөчө рахат алчу нерсем бар, жаза кетейин.
Мен чоңойгон Ат-Башы районунда чоң суу бар ал нарын суусуна кошулат. Анан ошол биздин Ат-Башы суусунун тегереги токой башынан - аягына чейин, жана сууда балык абдан көп. Мен ошол балыкты кармап, токой аралап баскадан абдан ырахат алам. Жана дагы бир жайлоо бар аты болсо "Босого" Ал жакта Арча - Карагайдын жыты абдан жытту жана тоолору бийик. Мына мен ошол тоолордун башына чыгып ошол жактын абасы менен дем алганда кадимкидей бейиште жүгөндө й болом.
4, Бош убакыт дейсизби. Бош убактым деле жок окшойт азыркы учурда. а кичинереек кезимде балыка чыгып өткөрчү мүн. Ал эмибош болуп кала турган болсом андадосторум менн Паркка же болбосо башка эс алчу жайларга барып отуруп калабыз.
5, Негизи мен өзүмдү жаман же жакшы деп айта албайм. Ал нерсен менин дос- теңтуштарыман сураш керек ко деп ойойм.