Кандайсынар форумчулар?
Келгиле бул жерге атактуу адамдар жонундо маалыматарды,
алардын омур баянын жазабыз. Бул копчулук адамдарга жардамы тийетго деп ойлойм. Эгер кайсы бир атактуу адам жонундо маалыматарды алгынар келсе, бул жерге жазгыла аны таап бергенге аракет кылабыз. Кошумча иретинде алардын учкул создорун, жана алар жонундо кызыктуу окуяларды жаза кетебиз
Атактуулар жөнүндө Ийгилик сырлары
#2 06 April 2015 - 22:33
Бир мертебе улуу француз сатириги Франсуа Рабле акчасы калбай калгандыктан,
Лондон Парижге жете албай кыйналат. Ырас, кыйынчылыкка чүнчүп калуу Рабленин мүнөзүнө жат! Ал 2 кагаз пакетке үч чымчым шекер салып, ар бирине “Корол үчүн уу”, “Королева үчүн уу” деп жазып көрүнөө жерге коюп коет. Отелдин кызматкери бөлмөнү жыйнап жатып аны көрүп мейманкананын ээсине жүгүрүп барат. Ошентип полиция келип, Раблени кармап алышып, конвойдун коштоосунда Парижге жөнөтөт. Парижде прокурор аны суракка ала баштайт. Уу эмес шекер экенине таптакыр ишенбей койгон соң Рабле “ууну” жутуп жибериптир.
#3 06 April 2015 - 22:43
Дүйнөдө окуяларды алдын-ала туура айткандыгы менен айырмаланган Ванга аттуу болгариялык атактуу аял жашап өткөн. Аны дүйнөлүк илимпоздор XX кылымдын атактуу инсандарынын катарына киргизишкен.
Анын атактуулугу ушунда – ал айткандардын дээрлик 97-98%ы туура чыккан. Ал азыр арабызда жок. Бирок, азыр биз жашап жаткан доордогу болуп жаткан бардык окуялар менен көрүнүштөрдү буга чейин ал жаземдебей туура айтып кеткен экен. Анын айткандарынын баары туура чыгып келгенине жана азыр да туура чыгып жатканына таңдангандар көп. Болгар окумуштуусу Георгий Лазанов Ванга феномин чейрек кылымдан бери иликтеп жүрүп, 7000ден ашуун алдын ала айткандарынын жүзөгө ашкандыгын белгилеп, Ванганын айткандарынын чындык менен кокусунан дал келүүсү 80%дан жогору экен деген жыйынтыкка келген.
Ванганын өзү тууралуу айта турган болсок, ал Болгариянын бир кыштагында 1911-жылы кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Төрөлгөндө аябай алсыз, ден соолугу начар бала болгон экен. Жашап кетээринен күмөн санаган ата-эне наристеге ат коюудан да чочуркашкан. Бирок, кичинекей наристе жашап кетет. Ал эми аты Ванга деп аталып калаарына да негиздер болгон. “Ванга” сөзүн грек тилинен которгондо «жакшы кабардын жарчысы» дегенди билдирет.
Наристе 3 жашка чыкканда энеси каза болот. 12 жашка толо элегинде дагы бир чоң кырсыкка кабылып, катуу шамал болуп, Ванганын көзүнө топурак кирип, көзүнөн жаракат алат. Үй-бүлөсү аябай жакыр тургандыктан, аны дарыгерге көрсөтүү шарты да болгон эмес. Натыйжада, Ванганын көзү көрбөй, азис болуп калат.

#4 06 April 2015 - 22:44
Кайсы мезгилден тартып ал көз ачыктык кыла баштаганын эч ким так айта албайт. Анткени, Ванганын касиети акырындык менен байкала баштаган. Ал башында “боло турган кырсыктарды түшүмдө көрөм” деп айтчу экен. Адамдардын ким экенин кантип билесиң деген суроого мындай деп жооп берет: «Кандайдыр бир адам мага кайрылганда,
мага анын башындагы кичинекей терезе ачылгансып сезилет. Ал терезече аркылуу мен кино көргөндөй бүт өмүр таржымалы көз алдыман өтөт. Ал эми өйдө жагыман бир үн угулуп, ал эмнени айтышым керек экенин маалымдап турат» — деген. Көпчүлүк учурда Ванга ага көрүнгөн кишиден жаздыгынын алдында бир түн жаткан кантты алып келүүсүн талап кылган. Кызыгы, саналуу күндүк өмүрү калгандар менен жана жөн эле сынап келгендер менен сүйлөшчү эмес.
Вангага көрүнгөнү кимдер гана келбеген. Айтылуу Адольф Гитлер да Ванганын даңазасы таш жарып турган кезинде ага өз өмүрүндө эмне күтүп тураарын билгиси келип, кайрылган. Ошондо ага көзү ачык: «Россияны жайына кой! Сен бул согушта уттурасың! », -деп айткан экен. Жинденген фюрер анын айтканына көнбөй, айтканынан кайтпайт.
Сталиндин өлөөрүнө жарым жыл калганда да Ванга анын көз жумаарын алдын ала айтат. Анысы үчүн түрмөгө камалат. Бирок, жарым жылдан кийин чындап эле Сталин каза болгондо Ванганы кайра бошотушат.

#5 06 April 2015 - 22:46
Бир жаш жигиттин агасын өлтүрүп кетишип, аркасында 3 баласы жетим калат. Вангага кайрылганында киши өлтүрткөн зөөкүрдүн атын атоодон баш тартып, “андан өч албагының, анын өлүмүнө өзүң күбө болосуң”, — деп жооп берет. Кийин ошол жаш жигитке Ванга турмушка чыгат. Алгачкы жолугушуусунда эле айтканында,
такыр ишенбей коет. «Мен кантип сокур кызды аял кылып алмак элем?», — дейт. Күн алыс Вангага келип жүргөн Дмитрий акыры аны сүйүп калганын өзү байкабай калат. Алар балалуу болушкан эмес, бирок бир уул, бир кызды багып алышкан.
1981-жылы Ванга элге «Сак болгула” деп эскертип, “жакында адамзатына али белгисиз болгон оорулар пайда болот. Көчөдөн басып бараткан жеринен эле адамдар эч себепсиз сулай жыгылат. Буга чейин эч ким ооруй элек дартка кабылышат. Бирок, аны токтотуу адамзаттын колунан келет» деп жоромолдойт. Анда СПИД оорусу пайда боло элек кез. Ошондой эле а тибиндеги (атипичная) пневмония жана куш тумоо сыяктуу оорулар да жок болчу.
Окумуштуулардын эсеби боюнча Ванга касиетинин пайда болгон мезгилинен тартып, акыркы күндөрүнө чейин (55 жыл) миллиондон ашык адам көргөн экен. Элден түшкөн каражатка Ыйык Петка православ чиркөөсүн салдыртат. Маалыматтарда айтылгандай, Ванга аябай динчил болуп, православ чиркөөсүнүн бардык майрамдарын калтырбай белгилеп, ошол эле учурда орозо да кармачу экен.
Элдерди көрүп, сакайып кетишине жардам бергени менен өзүн-өзү такыр дарылачу эмес. Акыркы күнүндө ал жээнинен бир чыны суу, бир үзүм нан сураптыр. Андан соң аны жуунтуп коюусун талап кылып, «мына, эми даяр болдум» деген экен. Эртең мененки саат 9дарда ата-бабасынын арбактары келгенин айтып, 1996-жылдын 10-августунда саат 10дор чамасында бул дүйнө менен кош айтышат.

#6 06 April 2015 - 22:47
Ванганын айтуусу боюнча адамзатты кандай келечек күтүп жатат?
Ванга көз жумгандан бери далай жылдар өттү. Бирок, ушу күнгө чейин окумуштуулар анын жоромолдорунун маани-маңызын изилдеп келишет.
1989-жылы “Коркунуч! Америкалык бир туугандарга темир куштар кол салышат. Бадалдын түбүнөн карышкырлар уулуйт. Бейкүнөө кан дарыядай агылат” деп айтканы 2001-жылдын сентябрь айында АКШдагы Дүйнөлүк соода борборунун эки имараты террористтердин кол салуусунан кийин урап түшкөнү менен дал келет. Көк тиреп турган имараттарды эл арасында “эгиздер” же “бир туугандар” деп аташчу. Аларга террористтердин учактары “темир куштар” келип урунган. “Бадалдын түбүнөн” – Bush англис тилинде “бадал” жана “Буш” деген маанини билдирет. Башкача айканда окуя Жорд Буштун бийлик учуруна туш болгон.
“Дүйнө көптөгөн катаклизмдерди баштан кечирип, кыйынчылыктарга тушугат. Адамдардын аң сезими өзгөрөт. Оор заман келет. Адамзат динге карап бөлүнө баштайт…”- деп да кайсы бир мезгилде айтып кеткен экен. Ал заман да дүйнөнүн ар кайсы жеринде табигый кырсыктардын тез-тез кайталанып турушу, аба ырайынын, климаттын адаттагыдан өзгөрүп жатышы менен дал келет.
“2018-жылы поезддер күндөн жасалган зымдар менен учуп калышат. Нефтини иштетүү толугу менен токтойт. Жер эс алат” (1960-жылы айтылган). 2018-жылга карата окумуштуулар Айдын кыртышынан гелий-3тү өндүрүүнү пландап жатышат. Жоромолдорго жакындата турган болсок, гелий-3 күндүн ишмердигинин натыйжасында пайда болгон натыйжа жана термоядерлик реактор үчүн отун, анын өзүн эле кичинекей Күн деп атаса болчудай. Окумуштуулар белгилегендей, реактор зымга электрэнергиясын берсе, поезддер уча алышат экен.

#7 06 April 2015 - 22:48
Ванганын ушул сыяктуу алдын ала божомолдоп айткандарынын кайсылары болуп өтүү жана болгон жок экенине өзүңүздөр баам салып көрүңүздөр.
“2011-жылы радиоактивдик жаан-чачындын натыйжасында жер шаарынын түндүк жарымында жаныбарлар да, өсүмдүктөр да калбай калат. Кийин мусулмандар европалыктарга каршы химиялык согуш башташат”.
“2014-жылы көпчүлүк адамдар тери ооруларынан жабыркашат (химиялык согуштун натыйжасы)”.
“2016-жылы Европада эл азая баштайт”.
“2018-жылы Кытай дүйнөлүк державага айланат”.
“2023-жылы Жердин орбитасы өзгөрөт”.
“2028-жылы энергиянын жаңы булагы табылат. Венера планетасына жөнөтүлүүчү космикалык кеме старт алат”.
“2033-жылы уюлдук муздар ээрип, дүйнөлүк океандардын деңгээли көтөрүлөт”.
“2043-жылы дүйнөлүк экономика дүркүрөп өсөт. Европаны мусулмандар башкарышат”.
“2046-жылы адамдагы бардык органдарды өстүрүп алса боло турган мезгил келет. Башкача айтканда, органды алмаштыруу дарылоонун эң мыкты ыкмасы болуп калат”.
“2066-жылы мусулмандык Римге кол салып жаткан АКШ жаңы климат өзгөртүүчү курал-жарак колдонот. Ушул учурда жер бетинде кескин түрдө суук түшөт”.
“2088-жылы оорунун жаңы түрү – бир нече көз ирмемде картайып кетүүчү оору пайда болот”. 10 жылдан кийин анын дарысы табылат”.
“2111-жылы адамдар киборгторго айлана башташат (тирүү роботтор)”.

#8 06 April 2015 - 22:49
“2130-жылы – суу алдында колониялар пайда болот (инопланеталыктардын кеңеши менен)”.
“2164-жылы – шумдуктуудай жаныбарларды жарым-киши кылып жарата башташат”.
“2170-жылы – ири кургакчылык болот”.
“2196-жылы – азиат менен европалыктар толугу менен аралашып, ортодогу айырма таптакыр билинбей калат”.
“2256-жылы – космикалык корабль Жерге коркунучтуу бир ооруну алып келет”.
“2291-жылы – Күн өчө баштайт. Аны кайра жандандыруу аракеттери көрүлөт. Күндө ири “дүрт” этип күйүүлөр болот. Тартылуу күчү өзгөрөт. Эски космикалык станция менен кемелер кулай баштайт”.
“2371-жылы дүйнөнү улуу ачарчылык каптайт”.
“3854-жылы адамдар жаныбарларга окшоп, үйүр-үйүр болуп тирилигин өткөрө баштайт. Жерге жаңы пайгамбар келет”.
“4509-жылы адамзат өнүгүүнүн жеткен чегине жетип, Кудай менен баарлаша баштайт. Бара-бара адамдар өлбөс болуп, түбөлүктүү болушат”.
Ванганын пикири боюнча, адамзатты келечекте ушундай турмуш күтүп жатат.

#10 06 April 2015 - 23:14
#12 06 April 2015 - 23:36
#13 06 April 2015 - 23:57
С.А.ВМухаммед пайгамбарыбыз .Эгер кимде ким бакшыга барса ыйманы алынат , , ыйманы жок адам бейишке кирбейт деген Пайгамбарыбыз Миражга чыкканда Элуу убакыт намаз мн адамдарга эч качан ширк кылбоо т.а Аллахха шерик кошпоо парзын алып тушкон .Аллахтын айтканына эмес бакшынын айканына ишенсек туура эмес .Кандайдыр бир дал келуучулук болушу мумкун .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#14 07 April 2015 - 00:03
Ыйык Куранда Адам ата жаралгандан баштапкы окуялардын баары тээ Кыяматтка чейинкилер так даана далили мн жазылган антип божомолдонбой .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#15 07 April 2015 - 00:54
Менда козу ачыктарга ишенбейм. Мен муну маалымат катары эле жазгам. Админ жазгандарымы очуруп салынчы сураныч
#16 07 April 2015 - 01:15
Акыркысы адамдар олбос туболуктуу болушат дегениге ишенип баратам. Кече жакында "Кудай бизге туболук жашоо тузуп жатат " деген бир китепке козум тушуп, окуп калдым эле. Бизге кудай кайгы-капасыз,
азап-окунучсуз,
олбос туболук жашоону тузуну убада кылган миш. Бул китепти ким жазып чыканын билбедим го, бирок кийин ушундай жашоо болот экен. Аны бизге кудай тузуп жатат экен. Тобо кудай бизге олбос жашоону тузуп жатканын ал китепти жазган жазуучу кайдан билиптир, эмнеге таянып ушунтип китеп кылып жазып чыканы мага кызык болуп жатат. Же Венганын ушул создорунон улам жазып чыкты бекен ээ кызык.
"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
#17 07 April 2015 - 01:18
Көзү өтүп кеткен Ванганы тынч эле койсоңор болмок, именно мусулманчылыкта көзү ачыктарга ишенсе болбойт го...
#18 07 April 2015 - 01:49
Ванганын темасы бар. Муну шумдугун курга жазып койчуу нерсе экен.
Атактуу адамдарга келсек Жылдыздар болуму турбайбы ошол жака ар бир атактуу адамга арнап тема ачса болот.

Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#20 08 April 2015 - 09:35
Иосиф Сталин - Мурдагы Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын жетекчи ишмерлеринин бири.
Өмүрү таржымакалы
Иосиф 1879-жылы 21-декабрда Тифлис губерниясынын Гори шаарында туулган. 1894-жылы Горидеги дин окуу жайын бүтүрүп, Тифлис правослазие семинариясына кирген. Ал жердеги марксчылардын таасири менен революциячыл кыймылга аралашып, жашырын ийримдерде маркстлк адабияттар менен тааныша баштаган. 1899-жылы революциялык иштери үчүн семинариядан куулгандан кийин жашырын абалга өтүп, революциялык илимди кесип кылып алып, Октябрь революциясын даярдоого жана ишке ашырууга активдүү катышып, Борбордук Комиссиянын Саясий бюросунун куралдуу көтөрүлүшкө жетекчилик кылып, Петроград Аскердик революциялык комитетинин мүчөлүгүнө кирген. Ал 1953-жылы 5-мартта дүйнөдөн кайткан.

Супер-Инфо
super.kg
видео