Стоматит (оозул) — ооздун былжыр челинин сезгениши. Ал өз алдынча оору же айрым оорулардын (кызылча, скарлатина,
грипп, кандидоз жана башкалар) белгиси катары пайда болот.
Пайда болушу.
Стоматиттин пайда болушуна ички органдардын,
нерв системасынын өнөкөт оорулары, зат алмашуунун,
ички секреция бездеринин иштешинин бузулушу, тамак-ашта витаминдердин жетишсиздиги түрткү берет. Ошондой эле тамеки тартуу, спирт ичкилик ичүү, өтө ысык же муздак, өтө кычкыл жана туздуу дарылардан да болот. Мында ооздун ички былжыр чели кызарып, ооруйт, жаак алдындагы бездери чоңоюп, шилекей көп бөлүнөт. Көпчүлүк учурда жараланып, боз кебер менен капталат. Балдарда көп жолугат. Дене ысып, чыйрыгат, чиринди жыттанат, жалпы абал начарлап, тамак иче албайт.
Афталык стоматит.
Афталык стоматит өз алдынча оору катары тамак сиңирүү органдарынын оорусу менен байланыштуу пайда болот. Анда ооздун ичинде анча чоң эмес жаралар пайда болуп, сары кебер — афта менен капталат, тегереги кызарып катуу ооруйт. Кээде жаралар көп пайда болуп, дене ысып, тамак ичкенде, сүйлөгөндө катуу ооруйт. 3 жашка чейинки балдарда катуу кармайт. Өнөкөт түрү ичеги-карын жолунун жана боордун ооруларына байланыштуу болот.
Айрым дары-дармек,
айрыкча антибиотиктерди,
сульфаниламид дарыларын көп ичкенде да С. пайда болот. Ал көбүнчө улгайгандарда,
катуу ооруп алсызданган кишилерде, ара төрөлгөндөрдө көп жолугат. Көп учурда учтуу, миздүү заттар, бузулган тиш, жасалма тиш менен тилди же бүйлөнү жабыркатуудан травмалык стоматит өөрчүйт.
Бүйлөнүн жабыркашы гингивит деп аталат. Бүйлөнүн сезгенишине тишке таштын чогулушу, туура эмес салынган пломба, жасалма тиш, өтө катуу тиш жуугуч щётка менен тыттырып алуу жана башкалар себеп болот. Ал пародонтоздо,
кем ээк же орсок тиште, витамин жетишсиздигинде (цинга) байкалат. Сезгенүү 2—3 тиштин түбүнө же бүт бүйлөгө тарайт. Бүйлө шишимик тартып ооруйт, тиштин арасы канайт. Организм начарлаганда жакында айыкпай, жараланат, кичине эле тийсе канап, ооз жаман жыттанат. Мындай гингивит көбүнчө тамак-ашта С витамини жетишпегенде болот. Тилдин былжыр челинин сезгениши глоссит деп аталат. Эгерде тилди сөөк же башка курч нерселер менен терең айыртып алса, анда ириндүү сезгенүү пайда болот, тил шишийт, тамак жута албай, дене ысыйт, абцесске айланышы мүмкүн. Тилдин былжыр челинин сезгенишинде тил кызарып, ооруйт. Көпчүлүк ооруларда тилдин өңү өзгөрөт, мисалы, скарлатинада мала кызыл болуп калат, келтеде коюу илээшкек кебер, тамак сиңирүү органдарынын ооруларында ак кебер менен капталат.
Дарылоо.
Дарылоо аны пайда кылган себептерге карай жүргүзүлөт.
Өз алдынча дарылап, антибиотиктерди ичүүгө болбойт. Тамеки тартууга, спирттүү ичкилик ичүүгө, ошондой эле өткүр, кычкыл, туздуу, ысык тамактарды жегенге тыюу салынат. Тамак-аш витаминдүү жана жумшак болууга тийиш. Үй шартында суутек өтө кычкылынын (жарым стакан сууга 1 чай кашык), фурацилиндин (1 стакан сууга 1 таблетка), марганцовканын мала эритмелери,
ошондой эле ромашканы, шалфейди кайнатып чайкоо сунуш кылынат. Бир жумуртканын белогун жарым стакан сууга аралаштырып ууртап ооздо бир аз кармап туруп түкүрүү да жакшы жардам берет.
Алдын алуу.
Стоматитти алдын алууда тиштерди туура күтө билүү, чогулган таштарын тазалатуу, тиштин чиришин өз убагында дарылоо, бузулган тиштерди алдыруу, жасалма тиштер туура жатышына көз салуу өтө маанилүү. Айрыкча диабет, жүрөк-кан тамыр системасынын жана башкалар ооруларынан жапа чеккендер, балдар, кош бойлуулар тишин, ооздун ичин дайыма дарылатып туруулары зарыл.
Баракча 1 - 1
Оозул Стоматит
#1 07 Апрель 2015 - 08:28
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#2 07 Апрель 2015 - 11:19
Оозул ушул дарттын азабын коп чектим го, бирок ар кимге ар кандай даары жардам берет экен, муну да эске алыш керек. Анткени ар кимдин организми ар кандай тузулгон да.
Баары жакшы болот!
#3 20 Апрель 2015 - 18:08
Мына ушул стоматит мени да коп кыйначу,аптекадан пропосол аттуу спрей дары беришти.чындыгында эн сонун дары экен,мага эч нерсе жардам бере албайт эле.башталганда бир эле чачсан,натыйжасы эн сонун.Ушул дарыны колдонунуздар.
#4 06 Май 2015 - 16:14
Салам, достор оозулду (стоматит) кайра болбош учун эмне кылыш керек? Жардам бериниздерчи?
Жашым 30 да.
#5 09 Май 2015 - 11:15
Lazat (06 Май 2015 - 16:14) жазган:
Салам, достор оозулду (стоматит) кайра болбош учун эмне кылыш керек? Жардам бериниздерчи?
Жашым 30 да.
Боор, иче карындарынызды текшертип корунуз. Мен артритке каршы дары ичип жаткам, ал дарылар боор, бойрокко катуу таасир берет экен. Кечинде боорум туйулуп,ары- бери оодарыла албай,капталдап жатсам кадимкидей журок соккондой дукулдоп,кыйналчумун. Ал дарыларды ичпей койдум.2-3 кундон кийин черный тмин ичтим, 3-4 кундон боорум, иче карындарым эзилип калгандай болуп,энкейгенде ооруганынан чёрный тминди ошол жерлерге суйкоп койдум,азыр 2 капталыман тен сонун уктайм.
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#6 09 Май 2015 - 11:24
Lazat (06 Май 2015 - 16:14) жазган:
Салам, достор оозулду (стоматит) кайра болбош учун эмне кылыш керек? Жардам бериниздерчи?
Жашым 30 да.
Баса,мен ушуга чейин билген эмесмин, чон кишилер оозул болорун. Кичинекей балдар эле ооруйт деп ойлочумун. Мага 2 жолу чыкты, арак менен чайкагам 1-синде, 2-синде шалфей,арак, анан метрогил дента деген гель суйкогом, 2-3 кундун ичинде жок болгон.
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#7 23 Май 2015 - 13:22
3кун мурда кирип окуштан зеригип чыгып кеткен элем...
...Мын эми кайрадан бирин калтырбай окушка туура келип атат.
Оозум оюлуп,эчнерсе жей албай жатам.Кечинде аябай ооруганынан туз басып койдум эле,эртен менен шишип кетиптир алдынкы эриним.
Эми эмне кылсам айыгат экен а.
...Мын эми кайрадан бирин калтырбай окушка туура келип атат.
Оозум оюлуп,эчнерсе жей албай жатам.Кечинде аябай ооруганынан туз басып койдум эле,эртен менен шишип кетиптир алдынкы эриним.
Эми эмне кылсам айыгат экен а.
#8 17 Июль 2015 - 20:34
Мен оозул боло берем жадатат адамды иий.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#10 26 Август 2015 - 22:28
Жаш балдарды кандай жол менен даарыласа болот жаза кеткилечи сураныч? Азыр кызым бир жашта аябай эле кыйналъп атат не кылышты да билбей калдым.
#13 30 Сентябрь 2016 - 22:43
Менде ар эки айсайын ушул оозул кайталанып турат. Айла жок 1 жумага чейин чыдайм. Дарылабайм.
Аябай ооруйт, бир нерсе жей албай каласын.
#14 06 Октябрь 2016 - 16:08
Кадимки эле фураццилин таблетканы майдалап сээп койсонор тез айыгат экен. Мазь ылжыратып тез айыкпады бизде
#15 16 Октябрь 2016 - 05:37
Суук темалар коп ичкенде болсо кк же момо жемишти коп жегенде.
#16 02 Март 2017 - 22:35
Стоматиттин туру коп бир кун тактап жазам го. Афтозный герпетический ж.б
Билдирүүнү түзөткөн: Shorobashat: 02 Март 2017 - 22:35
#17 21 Март 2017 - 17:06
Акыркы убакта В12 ампуласын ватага синирип алып коюп даарылап жатам. Врачка кайрылсам, кайра озумон сурайтго эмне менен даарылап журчусун деп, айтсам ошентип даарылай бер дейт.. Оозул боюнда бар мезгилде желдуу нерсе жегенден болот дешет кобунесе. Оозулдун азабын азыркы кундо деле тартып журом. Бир аялды кыргызчылык менен даврылайт экенин угуп барып корсомбу деп ниет кылганым качан.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#18 15 Апрель 2017 - 23:17
Эхх, жадатты го ушул оозул. 1 жумадан бери ооруп тамак жей албай кыйналып журом. Акыры врачка корунсом дары жазып берди. Дары койгондо 2 минутадай жаеыны сууруп алгыдай оорутат экен.
#20 02 Июль 2017 - 09:58
Бул оору (оозул) менде да 1айда же бир канча күндө кайталанып турат, мен колума биннти ороп аны балга(асел) малып каната сүртткөндө айыкчу, бирок бул жолкусунда 10күнгө чейин айыкпай азапты берди, акыры иод тийгизгенде айыкты, иод мн экинчи ирээт айыктырып жатам)))
Баракча 1 - 1