Edit
1922-жылы апрелдеги БКнын Пленумунда КПСС БКнын Генеральнын секретарлыгына шайланып, ал кызматты өмүрүнүн акырына чейин иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында СССРди коргоо менен милитаристтик Японияны талкалоого жетекчилик кылган. Ал жаңы совет өкмөтүнүн эл чарбасын калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү эл аралык позициясын чыңдоого, дүйнө элдеринин коопсуздугун жана тез зор иштерди иштеген. Бирок, Сталиндин иш-аракетинде жакшы иштөө теориялык жана саясий каталар орун алгандыктан Сталиндин мүнөзүндөгү улам, анын керт башына сыйынуу калыптанып,
ал социалисттик законуна келген. Ушунун кесепетинен 1937-1938-жылдары күнөсүз көп адамдар КПСС БКнын 1956-жылы 30-июндагы «Жеке адамга сыйынуу жөнүндөгү» токтомунда жеке адамга сыйынууну катуу сынга алынган.
Атактуулар жөнүндө Ийгилик сырлары
#22 08 April 2015 - 09:37
Сталиндин учкул сөздөрү
Бизге - саясатчылардын кереги жок, аткаруучулар керек. Социализимге - жакындаган сайын душмандардын каршылыгы күчөп, күрөш курчуйт. Бир - жолу кабыл алынган чечимди өзгөртпөш керек. Сиздин - жоро-жолдошторуңуз эле көп экен. Жамандан - жаан жасаса болот. Өткөн - иш бир кудайга таандык. Көрүстөндө - гана талаш-тартыш болбойт. Калпка - муюп, чындыкка ишенишпейт. Кагылышта - канөлөт. Душмандарды - өз жеринде талкалаш керек. Депутат - элдин кызматчысы. Большевиктер - ала албас чеп жок. Кадрлар - баарын чечет. Техника - баарын чечет. Түшүм болсо - эгин болот. Тушум болбосо, эгин болбойт.

#23 08 April 2015 - 09:38
Ал тууралуу ар кыл баалар
Шолохов: «Күлө багып караганы менен, көзү жолборс Бухарин: «Маркстан окуган Чынгыз-хан" . Кретинский: «Жолборс көзүү бул адам далай кайгыны билет" Симонов: «Сталин саясий гроссмейстер болгон».Черчилль: «Сталин эң ири саясатчы». Твардовский: «Ал улуу бирок, коркунучтуу киши>. Адатта И. В. Сталин кимдир-бирөө жазаланган кагаздарды жетекчилерге жүктөп койчу экен.

#24 08 April 2015 - 09:39
Сталин жонундогу окуя
Жемелев: Рокоссовский түрмөдөн бошоп, 1941-жылы дивизияга командир болуп жүргөндө, ага чоң кызмат сунуш кылмак болуп, фронттон чакыртат. - Германиянын согуштук доктринасын жакшы билесизби? - Жок, жолдош Сталин. - Герман армиясынын түзүлүшү менен курал-жарагынчы? - Жок, жолдош Сталин. Акыркы жылдары түрмөдө олтурдум да. - Кан күйүп жатса түрмөдө отуруп алганын карап кой! деген экен.

#25 08 April 2015 - 09:42
Сталин козу ачыктарга ишенчу экен. Суротко озу эмес ага окшош бир адамды тушот экен. Себеби ага карата козу ачыктар дуба окуп койот дер коркон.
#27 08 April 2015 - 10:37
Эдсон Арантис Насименту же Пеленин өмүр баяны
Дүйнөлүк футбол тарыхында аябай чоң ат калтырган Бразилиялык Пеле 1940 – Трес-Корасойнс шаарында 22- октябрда жарык дүйнөгө келген. Пеленин айтууусунда өзү качан футболго келгенин эстей албай. Мындан анын эс тарткандан эле футбол чөйрөсүнө аралаша баштаганын билсек болот. Атасы Жоао Ромас Насименту футболчу болгондуктан биринчи футболго өзү ээрчитип барганын жана болочок спортчуга футбол ойноонун сырларын өзү үйрөткөнүн айткан. Пеле 15 жашка чыкканда жаштардын бүткүл дүйнөгө белгилүү «Сантос» клубунда ойноп баштаган. 1956 – жылдан 1974 – жылга чейин «Сантос» клубунда Пеле 11 жолу эң мыкты оюунчу наамын алып, Бразилиянын башкы курама командасынын атынан дүйнөлүк оюндарга катышып алты жолу дүйнөлүк мыкты оюунчу деген кубогун алган. 1958 – жылы таланттуу спортчу Бразилиянын башкы курама командасынын атынан Швециядагы дүйнөлүк мелдешке катышып, биринчи тобун дарбазага киргизип командасын дүйнө чемпиону атандырган.

#28 08 April 2015 - 10:37
Пеле ар дайым ошол беттешүүдөгү киргизген тобун ушул кезге чейин жакшы эстейт. 1962 жана 66 жылдары жана 1970 – жылы болгон дүйнө биринчиликтеринде Бразилия улуттук командасы Мексиканы утуп, 3 жолу катарынан дүйнө чемпиону аталган. Ошол кездеги жалпы футболчулар Бразилияны ушул деңгээлге Пеле өзүнүн эсепсиз дарбазага киргизген топторунун натыйжасында көтөрүп чыкты деп коптогон күйөрмандары айтышкан. Ал эми 1964 – жылы Пеле бир беттешүүдө 8 жолу топту дарбазадан киргизип футбол королу деген наам алган. Бул оюун ошол кездеги футбол ышкыбоздорунун эсебинде бир өмүргө кала берген. Пеле өзүнүн миңинчи тобун дарбазага 1969 – жылы 19 – ноябрда киргизип, эч бир футболчу кайталагыз ийгиликтерди багынткан. Азыркы келге чейин Бразилияда бул күн футболдун салтту майрамына айланып жыл сайын «Пеленин күнү» деп аталып майрамдалып келет. Пеленин өзү ойноп келген Бразилиянын «Сантос» футбол клубу менен келишими 1975 – жылы аяктаган. Андан кийин футбол королу Пеле Келишимди АКШ нын атактуу клубу «Нью-Йорк Космос» менен түзгөн. Ошол кездеги журналисттердин,
– сиз эмне үчүн командаңызды таштап жатасыз деген суроосуна Пеле «Менин акчага болгон чоң көйгөйүмө байланыштуу ушундай кылууга тура келди» – деп жооп берген. Ал учурда АКШ курама командасы Европалыктар менен болгон беттешүүгө даярдык көрүп жатышкан эле. Анткени АКШ курама командасы европа командасынан бир нече жолу жеңилүү ызасын тартып, Пелени чоң өлчөмдөгү акча менен өздөрүнө кошуп алууга көндүргөн.
Ошол кезде бүткүл спорт боюнча эң чоң өлчөмдө маяна алган Пеле башка командада ойноп баштаган. 1977 – жылы Европа АКШ командалары ойноп, АКШ жеңишке жетишкен. Ошол эле жылы АКШ командасы Бразилиянын «Сантос» клубу менен ойноп, Бразилия улуттук командасы жеңилүүгө учурап «Сантос» клубу спорттогу карьерасын аяктаган. Көпчүлүк футбол эксперттери Пеленин эне үчүн футболдогу ийгилиги ченемсиз дегенде,- «анын футболдун баардык сырларын үйрөнүп, топту кандай багыттоону жакшы өздөштүргөн топ анын бир мүчөсүндөй кызмат кыла» деп айтышкан. 1961 – жылдагы «Флуминенсе” шаарынын “Маракана» футбол аянтында Пеле баардык атаандаштарын жалгыз өзү алдап өтүп 2 жолу топту дарбазага акырын багыттап койгон. 1970 – жылы Пеле 88 өлкөгө барып, күйөрмандары менин жолугушкан, ошол учурда 9 корол Римдин эки папасы жана президенти менен жолугуп, футболдогу ийгиликтери учун сыйланган. Ошол эле жылы «Пеле устат, жана анын ыкмасы» деген фильм тартылып, эл аралык 11 кино сыйлыкты утуп алган. Андан соң 1976 – жылы Пеленин өмүр таржымалын кенен чагылдырган кино тартуу жөнүндө «Пепси – Кола» компаниясы айтып, Пелеге 10 млн доллар акча сыйлыкка берген. 1999 – жылы Эл аралык Олимпиада комитети Пеленин «кылым спортчус» наамын ыйгарды. Ал эми 2014 – жылы «ФИФА» нын президенти Йозеф Блоттер кезектеги «Алтын топту тапшырды».

#29 08 April 2015 - 10:39
Пеле өзүн спортчу гана эмес актер катары да тааныта баштаган. Ал фонтастикалык мелодраммалык «Бейтааныш» фильминде 1969 – жылы ойноп баштаган болсо, үч жылдан кийин «Поход» фильинде башкы ролду жараткан. Кийинчерек ал 1981 – жылы АКШнын режиссеру Джон Хьюстондун «Жеңиш» аттуу фильминде рол жараткан болсо, 1986 – жылы «Сыйкырдуу футбол корорлу» фильинде өзүнүн ролун аткарган. 1965 – жылы чыккан «Мен – Пеле» деп аталган өзүнүн өмүр баянын жазган китеби жарыкка чыгып, окурмандардын кызыгуусун жараткан. Бул эмгеги үчүн Бразилия бийлиги аны алтын медал менен сыйлаган. Пеле бир гана футболчу эмес, ал спорт комментатору,
бизнесмен, жана ыр жаратуучу ар тараптуу таланттуу инсан.болгон.
1990 – жылы Пеле Бразилиянын жаштар иштери жана спорт, туризм министрлиги кызматын аркалаган. Кийинчерек,
БУУ нун жана ЮНИСЕВ тин спорту пропагандалоо бөлүмүндө иштеп эс алууга чыккан. Бразилиянын легендага айланган футболчусу Пеле өткөн жылы 24 – ноябрда инфекциавлык оорусуна байланыштуу дарыканада жаткандыгы жана андан ден –с соолугу жакшы абалга келгендиги кабарланган.
Пеле футболдогу карьерасында 1363 оюнда ойноп, 1282 жолу топту дарбазага жолдогон. Алардын арасында 126 сын башы менен киргизген.
#30 08 April 2015 - 10:43
Суймонкул Чокморов
«Кыргыз керемети» деп ХХ кылымдын 60-жылдарынан баштап союздук жана дүйнөлүк киного тааныла баштап, кыргыз киносунун ийгиликтеринин жаралышына жаны тынбай, ден соолугуна карабай кайраттуулук менен эмгек сиңирген. Кыргыз талантынын Көк Асабасы 5 жолу Бүткүл союздук кинофестивалда көтөрүлүп, «Эркектин ролун эң мыкты аткарганы үчүн» баш байгесин алышы азыркы күнгө чейин өзгөчө тарых, үлгү бойдон калды. Анткени, мындай ийгиликке советтик жана орус актёрлорунун бири да жетишкен эмес.
С.Чокморовдун жаркын талантына япон режиссёру Акира Куросава «Чыңгызхандын кино образын түзүүгө азиялык актёр, атап айтканда Сүймөнкул гана жарамак. Бирок, анын ден соолугу улуу ролду аткарууга мүмкүндүк бербөөдө. Ошондуктан мен да бул тасманы тартуудан баш тарттым» деп баа бергени бекер эместир
Өмүр жолу
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чоң-Таш айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргызда ат коюу ошол убактагы окуяларга байланыштуу болгон экен. Анан Сүймөнкулдун туулган мезгили турмуштун кыйынчылык, саясий карама-каршылык убагына туура келет. 1939-жылы репрессиядан, ачарчылык жылдардан кийин өлкөдө кичине болсо да тынчтыктын, токчулуктун жыты сезиле баштайт. “Элде сүймөнчүлүк, жакшылык болсун” деген тилекте атасы Чокмор жаңы төрөлгөн наристесинин атын Сүймөнкул деп коет. Сүймөнкул он бир бир туугандын онунчусу. Үйдө эркектердин эң кенжеси болгондуктан атасы “көкүрөк күчүгүм” деп эркелетип, ар убак жанына эрчитип алчу экен. Ал алты жашынан мектепке кирген. Ал учурда мектептер жети жылдык болгондуктан Сүймөнкул 7-классты ийгиликтүү аяктап, 1953-жылы сүрөтчүлөр окуу жайына окууга өтөт. Аны бүтүрүп, Кыргыз ССР маданият министрлигинин жолдомосу менен Ленинграддагы И. С. Репин атындагы сүрөтчүлөр институтунан окуусун улантат. Толук билим алган соң Фрунзедеги өзү окуган окуу жайга мугалим болуп иштейт. Иш билгилиги, өнөрүнүн арты менен бир топ ийгиликтерге жетишип, 1967-жылы СССР сүрөтчүлөр Союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынат. Ушул жылдан тартып киного тартылууга кадам таштайт. Бирок, тасма иштери менен бирге сүрөтчүлүк өнөрүн да таштаган эмес.

#31 08 April 2015 - 10:43
Ал бала чагында эле көп нерселерге умтулган экен. “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей, Сүймөнкул да өзүн ар өнөрдөн сынап көргөн. Жашоо, турмуш, жаратылыштын кубулушу аны ар түрдүү ойго кабылтканы үчүн ар түркүн кубулуштагы сүрөттөрдү гана тартпастан,
өз туулган жерин сүрөттөп, ыр да жазып көргөн. Өнөрдүн кайсы жагы жөндөмдүү болсо, адам ошол тарапка ооп кетет тура. Сүймөнкул да сүрөтчүлүк өнөргө басым жасагандыктан анын акындык өнөрү кала берген.
Сүймөнкул Чокморовдун калеминен
“Өскөн жер”
“Ала-Тоо кыргыз жеринде,
Ойдуң саздын жээгинде,
Туулуп, өсүп жетилгем.
Туулган жердин ташы алтын,
Жашымда өскөн жерлерим,
Такыр кетпейт эсимден.
Адыры сулуу белестер,
Жерим сонун элестээр.
Токою калың бетинде,
Жайдын толук кезинде.
Арашан ичин суу бойлоп,
Жүргөн кездер эсимде.
Бетегелүү белдериң,
Атыр жыттуу желдериң,
Ала-Тоо кыргыз жергеси
Алтын-Төр бийик төрлөрүң.
Кем калышпайт алардан
Айылым Чоң-Таш – өскөн менин жерлерим.”
Бул ырды Сүймөнкул 14 жашында жазган. Ал чоң турмушка болгон алгачкы кадамын туулуп өскөн жеринен баштаган.

#32 08 April 2015 - 10:45
Адамдык сапаты
Сүймөнкул жайбаракат, токтоо адам болгон. Биртууган агасы Намырбектин эскерүүсүндө ал басканда да шашпай, кез-кезде токтоп бир нерселерди ойлоп туруп калчу. Ал адамдарды бир көргөндө эле жакшы, жаманын ажырата билчү. Бирок, кандай адам болбосун жакшы мамиле жасачу. Буга сүрөтчүлүктүн, чыгармачылык дүйнөнүн таасири тийгендир. Бирөө менен сүйлөшүп олтурганда да жанындагылардан сөз талашпастан, сөзгө төркүн берген мыкты сапаты бар эле. Сүймөнкул тааныштары же жакындары менен жолукканда өзүнчө бир майрам болчу. Өзү тоону, токойду, талааны кыдырып жүргөндү укмуштуудай жакшы көрчү.
Кинодо бир топ мыкты образдарды өтөсүнө чыгара аткарган талант мергенчилик, балык уулоо дегенди жети желмогузундай көрөр эле. Чыккан чөп менен аккан суудан башкага зыян кыла албаган жан болуптур. Жада калса чымын-чиркейди да өлтүрө алчу эмес. Ошондуктан мал сойгонду үйрөнгүсү келбей, мал союлганда башка жакка басып кетчү. Ал үчүн бүтүндөй жан-жаныбарлар ыйык сезилчү. Сүймөнкул жайбаракат сүйлөгөнү менен үнү бийик болгон. Созолонто ырдап, комузда кол ойното чер жазчу. Кайсы бир жылы догдурга көрүнгөндө өпкөсү начар экенин угуп, “Кап, ырчы болсом болмок. Чоң ырчылардын көөдөнү чоң, өпкөсү чың болот экен” деп айтчу экен.
Сүймөнкул Чокморов тарыхты кызыга окуган. Солто элинин акылмандары Жангарач баатыр менен Байтик баатырды “Эл баккан, эл коргогон инсандар” деп жогору баалачу. Казак элинин улуу окумуштуусу Чохан Валихановдун солто эли тууралуу жазгандарын Алмата шаарынан алдырып окуган. Анын эң жаман көргөнү – үйдөгү ызы-чуу эле. “Акыл менен бүтпөгөн иштин аягы чууга барып такалат” деп көп айтчу. Кийин оорукчан болуп калганда жини бат келгени менен сыртына билгизбегенге аракет кылып, бирөөгө кыжыры кайнаганда “ушундай да болобу?” деп тим болчу. Негизи жашоодо сергек, эмгекчил адам болгон. Ат мингенди беш жашынан үйрөнүп, чаап жүргөндү жакшы көрүп, ат үстүндө өзүн абдан эркин сезчү. Анан күндүн кечи менен таңдын атышын аябай зарыгып күтчү, себеби ошондой маалда ар түркүн сүрөттөрдү тартар эле.
Сүймөнкулга көралбастык жасап, жамандык издегендерге ичинен капаланганы менен, “өз пейилинен табат” деп эрегишчү эмес. Анын бир артыкчылыгы бирөөнүн көңүлүн калтырчу эмес. Жамандык кылгандарды кечире билген. Ичкиликке да жок, чылым да чекпеген адам болсо да ичкендер менен тамашалашып отургандан каччу эмес. Бой көтөргөндү билбеген карапайым адам эле.
КИНОДОГУ ӨМҮР
Сүймөнкулдун табият тартуулаган талантынын маанилүү сапаттары кинодо алгачкы ирет образ жаратуусунда эле ажайып ачыкка чыга келди. М. Ауэзовдун чыгармасы боюнча Б. Шамшиев тарткан «Карашкараш окуясы» тасмасы экранга чыккандан кийин кино өнөрүнө өзгөчө таланттуу актёр келгендиги маалым болду. Сүрөтчү Чокморов буга чейин кинодо тартылып көрбөгөндүгүнө карабастан, Бактыгулдун образын такшалган актёрлордун деңгээлинде ойногон. Ал каармандын ички дүйнөсүнө сүңгүп кирип, турмуштагы зулумдук, наадандык менен келишпес күрөш жүргүзгөн, бул күрөштө өлүмдөн да кайра тартпаган, майышпас, эрктүү адамдын элесин жаратты. Сүймөнкулдун андан кийинки актёрлук таржымалындагы эң чебер түзүлгөн Карабалта менен Ахангулдун образдары кандайдыр бир деңгээлде Бактыгулдун образына жакын. Бул үч образдын жалпылыктары бар. Бактыгул сыяктуу эле Карабалта, Ахангул да жакырчылык замандын запкысын тартып, акыйкаттык, чындык үчүн тайманбай күрөшкөн адамдар. Бул образдардын мыкты чыгышы Сүймөнкулдун өз элинин турмушун, үрпадат, салтын терең билгендигинде болуш керек. Сүймөнкулдун беттеген максатына жетмейин жаны жай албаган темирдей бекем эрки, адам таң калаарлык чыдамкайлуулугу экранда элдик мүнөзгө ээ болгон жаркын образдарды жаратууга көмөкчү болду.

#33 08 April 2015 - 10:46
Көптөгөн кино көрүүчүлөр Сүймөнкулдун элеси аркылуу жалаң кыргыз элинин элесин гана эмес, ошондой эле жалпы чыгыш элдеринин элесин да кабылдай башташты. Москвалык кинорежиссёр А. Бобровский Чокморовду «Фердинанд Лиюстун өмүрү жана өлүмү» тасмасында жапан банкири Даонун ролунда ойноого чакырышы буга күбө.
Дүйнөлүк кинематографиянын эң көрүнүктүү чеберлеринин бири жапан кинорежиссеру Акира Куросаванын саякатчы жана жазуучу Н. Арсеньевдин повести боюнча «Мосфильм» киностудиясында койгон «Дерзу Узала» тасмасындагы Чокморов ойногон Дерзунун ишенимдүү досу Чжан Баонун элеси да ушундай мүнөзгө ээ. Акира Куросава С. Чокморовдун кинодогу эмгектерине байкоо жүргүзүү менен аны учурдагы чыгармачылыгы эң кызыктуу актёрлордун бири катары белгилеген.
Залкар жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган «Жамийлада» — Даниярдын, «Көк мелжиген тоолордо» Байтемирдин, «Кызыл алмада» — Темирдин, «Эрте жаздагы турналарда» Бекбайдын образдарын жаратуу менен Сүймөнкул көп кырдуу талантынын дагы бир кырын көрсөтө алды. Бул образдардан С. Чокморовдун тышкы ыкчамдыкты жана шамдагайлыкты талап кылган эпикалык мүнөздөгү образдарды түзүүгө гана чебер эмес, ошондой эле каармандардын жан дүйнөсүндөгү көзгө көрүнбөгөн жана байкалбаган ар кандай кылдат белгилерди, психологиялык сезимдерди так ачып бере алган лирикалык маанайдагы киноактёр экендигин баамдайбыз. С. Чокморов Т. Океевдин «Улан» тасмасында Азаттын, кинорежиссер А. Видугиристин «Жалаң эразаматтар» тасмасында Касымдын образдарын жогорку чеберчиликте аткарган.
С. Чокморов жогоруда аталып өткөн негизги образдардан тышкары дагы айрым тасмаларда экинчи катардагы каармандардын элестерин түздү. Көрүүчүлөр менен болгон эң кыска жолугушууда да аларга терең таасир калтырган. Мисалы: «Уркуядагы» Үтүр устанын, «Толкундар жээкте жоголот» тасмасында Асхаддын, «Каныбектеги» Жолой мергендин образдары да эстен кетпейт.
Актерлук өнөрүнүн башталышы
Сүймөнкул Чокморов өзүнүн актердук жөндөмдүүлүгүн Ленинградда окуп жүргөндө 24-25 жашында баамдаган. Кандайдыр бир күч түрткү берип, кино-актер болууну эңсеп, кинодогу актерлордун аткаргандарын туурап, өз алдынча машыгып жүрчү. Ошентип “көрүнгөн тоонун алысы жок” демекчи, окуусун бүтүп келгенден кийин Болот Шамшиев менен таанышат. Кино тармагынын ары жак, бери жагын таанып, билет да киного тартылуу тилеги орундап, “Караш-караш” тасмасында башкы каармандын ролун ойнойт. Алгачкы ролун мыкты аткарган үчүн тез эле кино-актер катары таанылып чыгат. Режиссерлор да “асмандан издегенибиз жерден табылды” деп Сүймөнкулга чоң ишеним артышты. Ролдорду Сүймөнкул “өзүм ойнобосом ойдогудай болбой калат” деп дублерсуз аткарчу. Ушул себептен киного тартылам деп ден-соолугуна көп запкы тийгизген. “Жамийла” тасмасына тартылып атканда бөйрөгүнө катуу суук тийип, ооруканага жатып дарыланып атып тартылып бүткөн. Кийин “Жалаң эркектер” тасмасында баш каарман Касымдын образын жаратууда Токтогул ГЭСинде тоодон тартылып атып аскадан учуп, анда да ооруканага жатып калат. Ошентсе да кинолорго тартылып, мыкты сүрөттөрдү жаратып, кино фестивалдарга катышып, бир топ өлкөлөргө конок болуп келген. “Ден-соолугум начар, оюмдагы нерселерге жетишим керек” деп жүрүп ден-соолугуна таптакыр көңүл бурбаптыр. 1981-жылдан баштап Сүймөнкул Чокморовдун оорусу күчөп жакшы боло албай, врачтардын сунушу менен Москвага барып дарыланууга туура келет. Кийин Сүймөнкул ооруп, киного тартыла албай калганда Төлөмүш Океев: “мындай асыл адамдар дүйнөгө чанда эле жаралат. Аяш керек, сакташ керек эле. Биз сактай албадык!.. ” дегени бар.

#34 08 April 2015 - 10:48
Сүйүү тамчысы
Сүймөнкул өзүнүн айылдашы Асымкүл менен окуп жүргөн кезинде эле бири-бирин жактырышып, сүйлөшүп, айылда жетелешип басып, алыска кетсе кат алышып турганын апасы, бир туугандары да билчү. Сүймөнкул Ленинградда окуп жүргөндө Асымкүлдү кыргызчылык кылып башка бирөө ала качып кетет. Сүймөнкул алгачкы сүйүүсү болгон Асымкүлдүн сүрөтүн курстук иши катары тарткан. Кийин турмушка чыгып кеткенин уккандан кийин турмушуна жолтоо болбоюн деген ойдо “кыргыз кызы Бурулча” деп которуп койгон. 1966-жылы өзү менен бирге окуган Салима аттуу кызга үйлөнөт. Экөө уулдуу болуп, атын Бактыгул коюшат. “Кыргыз жүзү Сүймөнкулдун жүзүндөй” демекчи актер өзү келбеттүү, келишкен адам болгондуктан ага көз арткан кыздар көп болуптур. Ошондуктан анын 1978-жылы туулган Эргул аттуу уулу бар. Көзү тирүү кезинде баласы экенин танбай, колунан келген жардамын берип турчу экен. Бирок, ден-соолугу улам начарлаган сайын үй бүлөсүнө көңүл бурганга алы келбей калган.
Сүймөнкул Чокморовдун арманда калган үч тилеги
Сүймөнкулдун агасы Намырбек аксакалдын айтканы боюнча инисинин үч тилеги ишке ашпай калганы улуттук өнөрдүн өксүгү. Манас, Чыңгызхан, Темирландын экрандык бейнелерин түзсөм деген купуя үмүтү саламаттыгына байланыштуу мезгилсиз өчтү…
Жарык дүйнө менен коштошусу
Сүймөнкул Чокморов бөйрөгү ооругандыктан дарттын азабын абдан тарткан. Катуу ооруп Москвадагы борбордук оорукананын хирургия бөлүмүнөн бөйрөгүн 55 жолу опперация жасалыптыр. Улам опперация жасала бергендиктен вена тамырларынан соо жер калган эмес. Анан ошол вена тамырларын жаңыга алмаштыруу үчүн 1992-жылы 56-операцияга кирет. Актердун оорусу мүнөт санап күчөгөндүктөн аны Москвага алып бара алышкан эмес. Бул жактагы хирургдар опперация жасагандан кийин Сүймөнкулдун абалы жакшы болбоду. Оорусу күчөгөндөн күчөп отуруп ошол жылы сентябрь айында бу жарык дүйнө менен кош айтышкан. Сүймөнкул Чокморовдун үзүлүп бараткандагы акыркы керээз сөзү, “Жараткан өнөрлөрүмдү, сүрөттөрүмдү сактагыла, талаага таштабагыла, алар жаштар үчүн керек. Мен элим үчүн жанымды аябай кызмат кылдым. Менин жараткан сүрөттөрүмдүн бардыгы элдин мүлкү, жалпы элге таандык. Элдин байлыгы катары эсептелсин. Кийинки муундарга калтырган белегимдин барысын өнөрканама таштадым” деген сөз болгон. Сүймөнкул өзүнүн кыска өмүрүндө беш жүзгө жакын сүрөт жараткан, кинодо эмгектенген 20 жылдын ичинде жыйырмага жакын образдарды жаратып, республикадагы киноактёрлордун ичинен биринчи жолу эркектердин ролун беш жолу эң мыкты аткаргандыгы үчүн байгелерге арзып, калың катмарга таанылып, сүйүктүү актёр, элибиздин эң сыймыктуу атуулу болуп калган.
Бүгүнкү күндө Чокморовдун өзү арабызда жок болсо дагы анын экрандагы сакталып калган сүйкүмдүү элеси түбөлүккө кала бермекчи.

#35 08 April 2015 - 11:08
Неймар да Сильва Сантос Юниор
Португал тилинде Neymar da Silva Santos Júnior – 1992-жылдын 5-февралында, Бразилиянын Моги дас Крузес щаарында жарык дүйнөгө келген. 2003-жылдан баштап Сантос клубунун алдыңкы катмарында ойной баштайт. 2009-жылы профессионал футболистке айланып, Сантос командасынын негизги курамынан оорун алат. 2010-жылдан баштап, бул, талантту оюнчуга Европанын атактуу командаларынын көздөрү түшө баштайт. Алардын катарында Манчестер Сити, Интер, Реал Мадрид командалары болгон. 2009-жылдан баштап Сантос үчүн өткөргөн 224 оюнда – 136 гол, Бразилия улуттук курамы үчүн өткөргөн 36 оюнда – 20 гол жарата алган. 2013-жылдын 25-май күнү, Испаниянын Барселона командасына расмий түрдө трансфер болот. Барселона Неймар үчүн Сантоско 54 миллион евро төлөп берген.
Бразилия Улуттук Курама командасында
2009-жылы 17 жашка чейинкилер арасында өткөрүлгөн мелдеште Бразилия курамасынын формасын кийет. Бул мелдеште көргөзгөн мыкты оюну үчүн атактуу Пеле тарабынан 2010-жылкы дүйнөлүк футболдо улуттук курамга алуу сунушу болот. Бирок курамдын машыктыруучусу Дунга тарабынан колдоо таппайт. Жаштардын, 20 жашка чейинкилер арасында өткөн чемпионатка улуттук курам менен чыгып, 9 гол киргизген. Бразилия Улуттук Курамы үчүн алгачкы оюнун АКШ менен болгон жолдоштук беттешүүдө ойнойт. Бул оюнда 11-номер менен чыгып 1 гол жарата алган.
Жеке ийгиликтери
2010-жылы Campeonato Paulista’нын эң мыкты оюнчусу жана эң мыкты жаш оюнчусу аталган. Ушул эле жылы Бразилия лигасында “бамбордир” аталган. 2011-жылы Фламенгого 26-минутада киргизген голу FIFA тарабынан жылдын эң мыкты голу деп аталган.

#36 08 April 2015 - 11:35
Мадоннаны ким зордуктаган?
Мадонна өзүнүн жашоосундагы кандай гана оор сынактарды башынан өткөргөндүгүг туурасында айтып берди. Өмүр жолундагы кээ бир көрүнүштөрдү да ачык айтты. Жергиликтүү журналдардын бирине маек берип жатып Нью-Йорк аны кантип тосуп алгандыгы, каңырсыган жер төлөөдө жашагандыгы аз келгенсип ага бычак такап зордуктап кетишкенин айтты. “Мен Нью Йоркко келгенде шаар мени кучак жайып тосуп алган жок. Абдан кыйналдым, көрбөгөндү көрдүм. Сийдиктин жыты каңырсыган жер төлөөлөрдө түнөп да жүрдүм. Бир күнү иштен келе жатсам артыман балдар келип бычак такап бир үйдүн үстүнө алып барып каалагандай зордукташты. Кийин батирге чыксам ал жакты 3 жолу тоношту” – дейт маегинде. Акыркы 20 жыл аралыгында Мадонна 125 миллион доллар таап бай атактууларга кошулуп жүрөт.

#38 08 April 2015 - 11:56
Келечекти кантип куруу керек? Же өзүн-өзү өнүктүрүү
“Ар бир адам өзүнүн жашоосу үчүн өзү гана жооп берет, жана баардыгына өзү гана күнөөлүү” деп бекеринен айтылбаса керек. Жана дагы мындай сөз бар “Жараткандын, пендесине маселе (проблема) бергени, бул белек бергени”. Себеби ошол келген маселелерди, кыйынчылыктарды жеңип чыгуу менен гана ийгиликтерге жетебиз, социалдык деңгээлибизди жогорулатабыз. Эгерде жашоодо эч кандай тоскоолдуктар болбой турган болсо, кандай максат менен жашаар элек? Мисалга алсак, өмүр бою жакырчылыкта жашаган үй-бүлөнүн баласы кедейликтен тажап, акыры жакшы окуп, акча табуунун адал жолун таап, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен көрүнүштөр бизде ас эмес. Натыйжада “жакырчылык” деген тоскоолдук жакшылыкка алып келип жатат.
Бай болуу – бул жакшы эмеспи? Албетте жакшы. Акча көптөгөн жакшылыктарга жол ачат. Бир гана кыйынчылык, аны туура, адал жолго пайдалануунун жолун билиш керек.
“Туура пайдаланууну” кандай түшүнсө болот? Албетте элге, жакырларга, ата-энеси жокторго жана башка ага муктаж адамдарга жардам берүү, ишкана ачып, элди жумушсуздуктан арылтуу, бул – туура пайдалануу. Өзүбүздүн акыл эсибизди өстүрүш үчүн, ден-соолугубузду чыңдаш үчүн кеткен акча да туура жолго сарпталды деп эсептелет. Себеби, адам заты дайыма өсүп-өнүгүүнүн үстүндө. Бир деңгээлде тура берүү бул – замандан артта калуу.
Мындай айтылган сөз бар, “ар бир тоскоолдуктардын артынан, мурдагыдан да жогорураак жакшылыктар күтүлүшү мүмкүн”. Жакырчылык бул тоскоолдук, аны жеңүү менен биз байып жатабыз. Демек, жашоодогу социалдык абалыбыз жогорулап жатат. Албетте, мурдагыдан да жогорураак жакшылыка ээ болуп жатабыз.

#39 08 April 2015 - 11:56
План түзүү. Тоскоолдуктарды жеңүү.
Планды тынч жана эч кимди алаксытпай турган жерден түзүү керек. Эгерде, мүмкүн болсо, жай аспаптагы музыканын үнүн астараак кылып коюп койсо да жардам болот.
Биринчиден, тоскоолдукту душман катары эмес, жакшы жашоого үндөөчү түрткү катары карашыбыз керек. Анткени, ал чындыгында ошондой. Тоскоолдуктардан коркуу, бул максатыңыздан баш тартуу.
Экинчиден, кылык-жоругубузду жана жүрүш-турушубузду башкарууга үйрөнүү. Бул боюнча китептерди окуу, изденүү. Себеби, адамдын сырткы келбети жана сүйлөө маданияты анын жашоосу үчүн абдан чоң роль ойнойт. Адамдардын бири-бирине болгон мамилеси жүрүм-турумга, сүйлөө маданиятына, кийинген кийимине жана кебетесине жараша түзүлөт. Биздин алып жүрүүбүз кандайдыр бир деңгээлде маани берилип, айрымдар мамиле түзүүдөн баш тартып коюшу толук мүмкүн. Эч болбоду дегенде таза жүрүү керек.
Үчүнчүдөн, жок дегенде эки жыл алдыга карап, так жана даана белгилүү максат коюу зарыл. Аны кагаз бетине түшүрүп, мүмкүн болсо күнүнө үч, же андан көп жолу окуп туруу. Бул убактттын пайдасыз нерселерге кетпеши үчүн жардам берет. “Ар бир кыймылымды максатымды ишке ашыруум үчүн кылам” деген сөздү тез-тезден кайталоону көнүмүш адат кылуу оң.
Сиз түзгөн план келечекте ойлогондой болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан аны туура түзүү керек. Ал үчүн төмөнкү суроолор жардам берет; Менин эмнеге шыгым бар? Келечекте өзүмдү кандай адам элестетем? Ал үчүн эмне кылуум зарыл? Тандаган кесибим боюнча ким мага жардам бере алат? (Албетте өзүңүздүн суроолоруңуз жаралса, аларга да жооп берүү жакшы болот).
“Сураганды билбеген адам” болбошуңуз керек. Ал адам да түшүнөөр сиздин абалыңызды. Максатсыз магдырап жүргөндөн көрө, кандай болбосун максат түзүү дурусураак. Дагы бир эскертмечимин, бардыгын кагаз бетине түшүрүү зарыл, жана да эртең менен, түштө, кечинде жатаарда окууну адат кылыңыз.
Албетте, бул жашоодо идеалдуу, баарын туура кылган адам жок. Ошондуктан жогорудагы мисалдарда кемчилик болушу мүмкүн.

#40 08 April 2015 - 12:09
Иттен корккон, тамеки чеккен, сөйкө тагынбаган Ангела Меркель
Мындан ары “Саясаттагы сулуу” рубрикасынын астында саясатта аты чыккан мыкты аялзаттарынын жеке жашоолору тууралуу жазууну туура көрүп жатабыз. Бул жолу Германиянын канцлери Ангела Меркель тууралуу сөз кылмакчыбыз.
Балалыгы
1954-жылы Гамбургада Хорст жана Герлинд Каснерлердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы теолог болуп университетте сабак берсе, энеси латын жан англис тилдеринен сабак берчү. Ангела төрөлгөндөн кийин үй-бүлөсү Гамбургдан Германия Демократиялык Республикасына көчүп келишкен. Атасы Берлин-Бранденбургдагы чиркөөдө иштеп калат. Мектепке барганчакты Ангела бала бакчага да барган эмес.
Окуучулук күндөрү
Мектепте Ангела абдан жоош, өзү менен өзү жүрө берген кыз болчу дешет мугалимдери. Бирок, окуудан абдан мыкты болуп, мамлекеттик экзамендерден жалаң беш деген бааларды алган. Айрыкча орус тили менен математикадан жакшы окуганын мугалимдери баса белгилешет.
Студенттик күндөр
Мектепте окуп жүргөндө эле Ангела Карл Маркс атындагы Лейпциг университетинин физика факультетине тапшырам деп максат койгон. Окуу мезгилинде 1974-жылдары Москвадагы физика бөлүмүнүн студенттери менен тажрыйба алмашуу учурунда Ангела биринчи күйөөсү менен таанышат. 1977-жылы Темплиндеги чиркөөдө экөөнүн никеси кыйылган.
Үй-бүлөсү жана экинчи күйөөсү
Ангела Меркель үй-бүлөлүү, азыркы жолдошу Иоахим Зауэр химия боюнча профессор. Социалисттик режим убагында эле биринчи күйөөсү Ульрих Меркель менен ажырашканга жетишкен. Фамилиясы биринчи күйөөсүнүкү калган, немисчеден которгондо көрүнүктүү дегенди билдирет. Ангела Меркелдин согончогу канаган эмес, балдары жок. “Мен абдан төрөгүм келчү, бардык мүмкүнчүлүктү пайдалангам бирок, боюмда болгон жок. Ал эми мен саясатка аралашканда 35 жашта болчумун, саясатка берилип кетип, бала жөнүндө ойлонууга убакыт болгон жок”, – дейт канцлер.
Хоббиси
Бакчада иштегенди жактырат, тамакты даамдуу жасаганды да сүйөт. Үйүнө келген коноктор анын колунан таттуу токочун жемейин кетишпейт экен.

Супер-Инфо
super.kg
видео