Суперстан: Жаңы сүйүү сөздөрү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (51 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жаңы сүйүү сөздөрү балким жылуу ырлары,

#781 Пользователь офлайн   Meruet84   30 Март 2015 - 10:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Аай иий Лайли Мажнундар ушул жакта турбайбы
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#782 Пользователь офлайн   saltanat.   30 Март 2015 - 22:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Кыйшык буттарыңан сенин. %) Жаным менин жалпагым, жалбырагым.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#783 Пользователь офлайн   Adilet94   08 Апрель 2015 - 11:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Термелип бейпил түндүн кучагына,

Сени эстеп сагынамын кусалана.

Биле албай мени сүйөр-сүйбөсүңдү,

Батамын жүрөк эзген сар санаага.



Терезеден айдын нуру төгүлүп,

Жылдыз учат тээ бийиктен бөлүнүп,

А мен болсо көз ирмебей ойгоо жатам.

Жан дүйнөм махабатка чөмүлүп.



Алгачкы сезимдер

Тагдыр айдап мен өзүңө кабылдым,

Таалайыма тартууланды жарыгың.

Уяң сезим курчуй берип жүрөктөгү,

Махабаттын тозогуна жагылдым.

Көрсөм сүрдөп, көрбөй калсам кусаланып,

Сени сүйдүм, махабатка багындым.

Сезимдерим бир өзүңө арбалгандай,

Тагдыр сени жалгыз мага арнагандай.

Сенден алган эң таза, ысык сезим,

Жан дүйнөмө жалын болуп таралгандай.

Бул дүйнөгө бир жаралган менин жашоом,

Жалгыз сени сүйүш үчүн жаралгандай.



Бук боломун ичке батпас сагынчыман

Орундалбай жашоомдогу болжогонум,

Кеткениңде сен башканын кармап колун.

Кызыгы өчүп бүт жашоомдун, өмүрүмдүн,

Сенсиз жашоом өтпөстүр деп ойлогонмун.



Бирок күндөр өткөн сайын алга умтула,

Жашоом улам өзгөрүлүп тизгин бура.

Бүтпөс сыноо, көп кызыкка батып келем,

Көрсө, жаным, турмуш деген өлбөйт тура.



Келгенсип жолоочулап алыстардан,

Кээ күндөрү эске түшсөң капысынан,

Жалгыз сенин мээримиңе кусаланып,

Бук боломун ичке батпас сагынчыман



Сендик жүрөк башкаларга арналбастан,

Өтүп барат өрттөй жаштык кармалбастан.

Бир арманым – бүт өмүрүм өтүп кетээр,

Сага деген сагынычым таркалбастан.



Бир сулууга

Чырайлуусуң бой келбетиң келишип,

Көздөрүң ай, жүрөккө от себишип.

Анын баарын башка жолго колдонуп,

Көп учурда жүрөсүң сен тебишип.



Алгач жолу көрдүм сени кафеден,

Курбуң менен отурупсуң анда сен.

Дос кызың да чырайлуу экен жоодурап,

Көп жигиттер карап жатты сук менен.



Бий башталды, бийге чыктың буралып,

Сулуу көзүң элди карап кууланып.

Кош ягуар, салат жана суусундук,

Кала берди ала кет деп суранып.



Башталып лезгинканын музыкасы,

Ыкчам обон жаныңды тынч тургузбады.

Чоң кругду чачып кирдиң жер тепкилеп,

Көргөзүп көпчүлүккө шумдуктарды.



Көп жигиттер лезгинкадан тең келбеди,

Көп бийкечтер эмнегедир теңелбеди.

А мен болсо бийлей албайм, ошондуктан,

Кантип эми таанышам деп мээм жетпеди.



Кубандым дүңкүлдөктөр ташталганда,

Жумшак вальстын музыкасы башталганда.

Чечкиндүү туруп барып бийге тарттым,

Макул болбой турганыңда башкаларга.



Көп жигитти жетиштирбей илип кеттим,

А сен болсо кучагыма кирип кеттиң.

Оттой ысык денеңди бек кучактап,

Сезип жаттым жаштык вальстын кереметин.



Апапак ай жылып барат көк асманда,

Түн ортосу, кабат үйлөр, сен жанымда.

Бүгүн үйдө жалгызмын деп айтып калдың,

Рахаттанып турганыңда кучагымда.



Народныйдан майда-чүйдө сатып алдык,

Кучакташып батириңе кирип бардык.

Ыр ырдадык, аздан ичтик, сыр чечиштик,

Ыйлап алдың ак сүйүүңдү эстеп алып.



Көңүл калып махабаттын азабынан,

Көөнүң сынып жандай көргөн адамыңан.

Жок дедиң, махабатты жалган дедиң,

Жөн гана ал адамга көнүп алгам.



Жек көрсөң да ал адамды сагыныпсың,

Ырайымсыз тагдырыңа таарыныпсың.

Аруу тилек, аппак сүйүүң талкаланып,

Андан соң ак жолуңдан жаңылыпсың.



Сооротуп кучактадым чачтан сылап,

Андайда таттуу сөздөр менден чыгат.

А сен болсо бөрү экенсиң менден өткөн,

Максатың башка дедиң мени сындап.



Актанбадым, диваныңа басып бардым,

Тетир карап унчукпастан жатып алдым.

Бир аз жатып көз илинип баратканда,

Артымдан кайра келдиң, кучактадың.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#784 Пользователь офлайн   Adilet94   08 Апрель 2015 - 11:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Махабат гүлү

Махабаттын гүлүн терип арнайынчы,

Ар бирин бирден алып санайлычы.

Саналып бүтпөсө менин гүлүм,

Ошончолук болуп берсин сизге сүйүм.



Жашоонун сырлары

Бул жашоонун табышмагын чече аламбы,

Тагдырдын татаалдыгын жеңе аламбы.

Ушул бойдон жашоонун сырларын,

Чече албай, жеңе албай мен каламбы.



Издегеним табылды

Бул жашоодон издегеним табылды,

Табылды жүрөгүмдүн жарымы.

Жүрөгүмдүн жарымы сиз өзүңүз,

Арналса дейм мага сиздин сүйүүңүз.



Аккуу

Көл жээгинде басып жүргөм мен өзүмчө,

Аккуу көрдүм сүзүп жүргөн көл үстүндө.

Сулуулугу ушунчалык суктандырды,

Өзүнө жүрөгүмдү арбап алды.



Сүйүү

Асмандан жамгыр себелеп,

Таң зары мага эркелеп.

Сүйүүмө сүйүү коштуруп,

Бир өзүңө жетелеп.

Түбөлүк сүйүү арнайын,

Арманда мен да калбайын.



Сен өлсөң мен да кошо
өлүп берген

Көл үстүндө аккуу сүзөт унчукпаган,

Келегой деп бир өзүмө кол сунбаган.

Болойунбу кароолчу эч бир жанга тийгизбеген,

Өз сүйүүңдү өзүңө кошуп берген.

Жээ аккуубу жаныңда сүзүп жүргөн,

Сен өлсөң мен да кошо өлүп берген.



Сүйдүм сени

Сүйдүм сени сүйөө берем ар дайым,

Сени мага арнап берсе кудайым.

Түбөлүккө кол кармашып экөөбуз,

Аккуу болуп көл үстүндө сүзөбүз.



Көздөрүңө сулуулугуң тартылган

Күлүм сүрөп күлүп койчу садагам,

Күлкүңө жаз майрамы катылган.

Карагаттай көздөрүңө кадалам,

Көздөрүңө сулуулугуң тартылган.

Айдай нурду жамалыңа багынам,

Сенин атың жүрөгүмө жазылган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#785 Пользователь офлайн   Adilet94   08 Апрель 2015 - 11:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Сагыныч

Сагыныч жан дүйнөмдү ээлеп алды,

Жүрөгүмдү кусалыкка байлап салды.

Асманга канат кагып учкум келет,

Учурбайт төрт дубал камап жанды.



Эгер азыр канат менде пайда болсо,

Колдоп турчу түнкүсү айым болсо.

Сен тарапка учуп барып канат менен,

Асманга алып учуп бир өзүңдү,

Сагынычым тарамак анда кенен.



Түн ичи

Түн ичи салкын жел журуп,

Уйкуңа сонун түш кирип.

Таң алды күндүн нуруна,

Тургунун сенда жылмайып.



Жүзүңдү көргүм келет

Кеч киргенде тоо койнуна күн кирип,

Сагыныч менен кусалыка кол сунуп.

Таң зарын көргүм келет тезирек,

Күн нурунун жебесине жабышып,

Жүзүңдү көргүм келет эртерек.



Таң алды

Махабат түн жылдызын жамынып,

Кара көз бир өзүңдү сагынып.

Түшүбүздө биргелешип экөөбүз,

Таң алды күндүн нурун күтөбүз.



Чыдай албайм

Жүрөгүмдө сүйүү нуру күндө тийет,

Көңүлүмдө күн бүркөлүп ойго чөгөт.

Чыдай албайм,

бир орунга жөн туралбайм,

Тирүүлөй жан дүйнөмдү жерге көмөт.



Күнү-түнү майрам эле

Алгачкы биз жолуккан күндөр эсте,

Бир кайрылып барсам дейм ошол кезге.

Махабаттын таттуу күнүн таткан кезде,

Жан дүйнөмдө күнү-түнү майрам эле.



Сен жана мезгил

Жүзүң аппак Кыштын аппак карындай,

Жытың жыттуу Жаз айынын гүлүндөй.

Көркүң сулуу Жайдын кечки түнүндөй,

Сөзүң мукам Күздүн салкын желиндей.



Сен жана мен

Сен барда менда бармын бул дүйнөдө,

Сен жокто менда жокмун бул өмүрдө.

Сен кубансаң менда кошо кубанам,

Сен кайгырсаң менда кошо кайгырам.

Сени менен бүт өмүрүм байланып,

Калдың окшойт жүрөгүмө камалып.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#786 Пользователь офлайн   Adilet94   08 Апрель 2015 - 11:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Элестер

Элестетем биз өткөргөн күндөрдү,

Өткөргөн махабаттуу түндөрдү.

Кол кармашып,

Кучакташып,

Бал татыган эриндерди өпкөндү.



Элестетем мага айткан сөзүңду,

Кулагымда шыбыр эткен үнүңдү.

Булбул сымал мукам күлкүңдү.

Асмандагы айдай нурдуу жүзүңдү.



Жүрөгүмдү ала кеттиң өзүң менен,

Сагынычты калтырыпсың мени менен.

Сагыныч сагындыго жүрөгүн,

Айтып койчу сагынычтын сүйөрүн.



Таарынба

Таарынба менин айткан сөзүмө,

Таарынба жашын төккөн көзүмө.

Жан дүйнөмдө кайгы муун болгон кезде,

Адат болду арманымды айтмай сизге.

Болоор болду кайрылбайт өткөн күндөр,

Болоор болду айтылбайт өткөн сөздөр.

Менин сүйүүм үмүт шамын өчүрө албайт,

Сенин сөзүң сезимимди өлтүрө албайт.



Күтөм

Күтөм сени күтө берем ар дайым,

Күн батып ай асманга чыкмайын.

Сүйөм сени сүйөө берем ар дайым,

Кудай талам өз сүйүүсүн алмайын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#787 Пользователь офлайн   suiuktuujar   08 Апрель 2015 - 12:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 973
  • Катталган: 05 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 18 Ноя 2019 16:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад

Просмотр сообщения Adilet94 (08 Апрель 2015 - 11:31) жазган:

Элестер

Элестетем биз өткөргөн күндөрдү,

Өткөргөн махабаттуу түндөрдү.

Кол кармашып,

Кучакташып,

Бал татыган эриндерди өпкөндү.



Элестетем мага айткан сөзүңду,

Кулагымда шыбыр эткен үнүңдү.

Булбул сымал мукам күлкүңдү.

Асмандагы айдай нурдуу жүзүңдү.



Жүрөгүмдү ала кеттиң өзүң менен,

Сагынычты калтырыпсың мени менен.

Сагыныч сагындыго жүрөгүн,

Айтып койчу сагынычтын сүйөрүн.



Таарынба

Таарынба менин айткан сөзүмө,

Таарынба жашын төккөн көзүмө.

Жан дүйнөмдө кайгы муун болгон кезде,

Адат болду арманымды айтмай сизге.

Болоор болду кайрылбайт өткөн күндөр,

Болоор болду айтылбайт өткөн сөздөр.

Менин сүйүүм үмүт шамын өчүрө албайт,

Сенин сөзүң сезимимди өлтүрө албайт.



Күтөм

Күтөм сени күтө берем ар дайым,

Күн батып ай асманга чыкмайын.

Сүйөм сени сүйөө берем ар дайым,

Кудай талам өз сүйүүсүн алмайын

Баракелде соооооонун ыр саптар экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#788 Пользователь офлайн   aynazik1996   08 Май 2015 - 04:24

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 05 Май 15
  • Соңку аракети: 02 Июн 2015 05:21

Сизди суйууго жеткен кучум,унутканга жетпесе кантейин?
СИЗ башкага кеткениниз менен, ойлорумдан кетпесениз кантейин?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#789 Пользователь офлайн   bikusim   08 Май 2015 - 14:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Айыкпаган дарт тушуруп ооруттун,
онолбодум, бирок аз аз соолуктум,
томкоорулуп тоо тийсе да кенебес,
бейпил элем кайдан сага жоолуктум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#790 Пользователь офлайн   bikusim   08 Май 2015 - 14:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Айыкпаган дарт тушуруп ооруттун,
онолбодум, бирок аз аз соолуктум,
томкоорулуп тоо тийсе да кенебес,
бейпил элем кайдан сага жоолуктум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#791 Пользователь офлайн   Kukula   08 Май 2015 - 16:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 77
  • Катталган: 04 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Май 2015 17:40
  • Жынысы:Аялзаты

"Былтыгым" ,"Анакондам" анан сүйлөшкөндө беш минут сайын "жанымго жаным" деген сөздөрдү угамм..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#792 Пользователь офлайн   kamyr26   08 Май 2015 - 16:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 22 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 19:25

Чочком менин донузумго менин деп эркелетсем
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#793 Пользователь офлайн   sezim96   09 Май 2015 - 13:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 151
  • Катталган: 01 Март 15
  • Соңку аракети: 03 Авг 2017 00:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ала бука району

Кара жанымго мн, аппагым, сары жыланым, batmawankam, кайсаар. Деп айтат дайым. :жүрөк: :жүрөк:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#794 Пользователь офлайн   antiwithin14   09 Май 2015 - 14:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 175
  • Катталган: 21 Март 14
  • Соңку аракети: 14 Янв 2019 22:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак калпактуу Ала-Тоо

. Досумду куйоосу " шайтан" дейт . Ал эркелеп калат чойоктоп
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#795 Пользователь офлайн   eldar96   09 Май 2015 - 14:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

кобрам менин

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#796 Пользователь офлайн   paradise1191   15 Май 2015 - 18:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 70
  • Катталган: 23 Апрель 14
  • Соңку аракети: 15 Янв 2019 19:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

наклейкаам менин, чупачупсуум менин,шокаладтыым менин
Бир көргөндө эле көз кубанган адамдар да бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#797 Пользователь офлайн   Jaljal-kozduu-jamalym   15 Май 2015 - 21:06

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 326
  • Катталган: 28 Январь 15
  • Соңку аракети: 05 Авг 2015 15:02
  • Калаасы:KG SUPERSTAN

Жалжал коздуу жамалым, жоктон сени тапканым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#798 Пользователь офлайн   Nurmatova   24 Май 2015 - 21:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 219
  • Катталган: 29 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 12 Апр 2019 23:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ошингтон

өзгөчөм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#799 Пользователь офлайн   ere   26 Май 2015 - 11:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 874
  • Катталган: 16 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Июн 2025 10:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:KGZ

дагы айткылчы жанысынан
Бакыт - деген жан-дүйнөнүн абалы.

Ата-энеңдин ар дайым тынч-аманы.

Бакыт - деген телегейи тептегиз,

Там-Туң баскан наристенин кадамы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#800 Пользователь офлайн   Meliana   02 Июнь 2015 - 09:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 176
  • Катталган: 20 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 07 Янв 2019 23:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва шаары

Чырагым менин. :күн:
Лишь тот достоин жизни и свободы ,кто каждый день идет на бой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (51 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 16:28

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: