2. Өзүңүз татыктуу экениңизди көрсөтүңүз
Биздин ааламда тилекке каршы өзүнө ишенбеген алсыз эркектер көп. Тактап айтканда, туруктуу эмес, психологиялык жактан бузулуп, өзүн ушундай алып жүрүп калгандар. Алсыз десе сиздер кыздар менен жакшы мамиле кура албай, өзүнө ишенбеген балдарды элестетип жатсаңыздар керек. Албетте жок. Бардыгы тескерисинче.
Психологиялык жактан бузулган, өзүнө ишенбеген балдар деп биз бир убакта бир нече кыз менен мамиле куруп же бизче айтканда тогузун запаска коюп коюшкандар.
Же бир эле учурда бир нече кыз менен жыныстык катнашка барып, көңүл ачып жүрө бергендер. Чын турмушта алар өзүн сулуу, ийгиликтүү бала деп эсептешсе керек. Мына ушинтип өздөрүнүн психологиясын бузуп алганын да түшүнбөй калышат. Ошондуктан психологдордун айтуусу, кыздардын оюу боюнча так ушундай балдар, бактысыз, эң жийиркеничтүү,
бул жашоодон жаңылышкан эркектер. Алар чындык менен жалган нерсени да айырмалай албай калышкан. Ошондуктан ушул жолдорго барышкан. Ошондуктан сиз кызга өзүңүздүн татыктуу жана пол жуугучу тряпка эмес экениңизди далилдеп бергиңиз келсе, эч убакта ага мурдагы кыздарыңыз менен болгон жыныстык мамилелериңизди айтпаңыз. Андан көрө канча жашка келбеңиз дагы деле “бала” бойдон экениңизди,
кыздын даамын татып көрө элегиңизди билдирсеңиз,
ошондо жеңиш сиздики болот. Анткени, кыздар мындай эркектерди чыныгы татыктуу деп ойлошот жана бул балдарга сезими, тартылуусу жана кызыгуусу артып ага болгон мамилеси таптакыр башкача болот, сыйлайт жана түбөлүк аныкы гана болгусу келет. Дегеле чындап эле эркек чыныгы сүйүүсүн тапмайынча же үйлөнмөйүнчө бул жолго барбай балалыгын сактап калган болсо, демек ал эң сексуалдуу,
чыныгы романтик. Эми ойлонуп көрүңүздөрчү,
кайсыл кыз мындай баланы колунан кой бергиси келет. Албетте, сиз аныкы болушу үчүн ал бардык күчүн жумшап, акыры сизге жетет.
1. Анын оюндарын өзүнө колдонуңуз
Биз билгендей эле кыздардын бардыгы ар кандай оюндарда ойногонду жакшы көрүшөт. Ал эми сиз ушул оюндары өзүнө колдонуп баштасаңыз,
ийгилик сиз жакта көбүрөөк болот. Мисалы, ар кандай шылтоолорду таап анын жинине тийүү. Анын жинденип сизди кайсы бир учурда жек көрө баштаса, ошол эле учурда сизден колун үзбөсө анда, бирок “сен жамансың, жек көрөм” десе, анда анын сезимдери мурдагыдан да күчөп кеткен. Ошентип анын жинин жок дегенде бир жумага чейин кармап туруңуз жана кайсы бир убакка жоголуп кетиңиз. Бир жумага болобу же он күнгөбү же бир күнгөбү айырмасы жок. Болгону алдын ала бир жакка кетип же убактыңыз жок болоорун билдирип коюңуз. Ал сизди сөзсүз сагынат жана өзү күтүп издейт. Ал эми жолугушаарда эч нерсе болбогондой жакшы белек да берип, мурдагыдай сүйүп жүрө бериңиз. Ал ичинен ыраазы болуп, сиз гана анын сүйүктүүсү экениңизди мыкты түшүнүп мындан ары өзү ээрчий баштайт
Бойдок жигиттерге кеңеш... Мыкты кенеш
#42 05 March 2015 - 12:12
Мырзалардын алгачкы жолугушууда кетирген каталары
Баардыгы алгачкы нерседен башталат. Тактап айтканда башталышы кандай болсо, аягы дагы ошондой уланат… Бул сөздөрдүн кайсыл бир деңгээлде болсо дагы чындыгы бар экендиги талашсыз. Анда, мырзалар, төмөнкү кеңештер сиздер үчүн…
Баарын билиңиз…
Учурда техника өнүккөн мезгилде адамдардын көпчүлүгү бири-бири менен телефон, Интернет, агент сыяктуу жолдор аркылуу таанышышып, виртуалдуу түрдө жакын болуп калышат. Бирок, жолугушчу мезгил келгенде эле «порожняк» болгон учурлар көп кездешип калат. Буга эмне себеп? Албетте, даярдык… Даярдык деген сөздүн ичинде баары жатат: Жолугушчу адам жөнүндө баарын билүү, анын табити, жашоого болгон көз карашы, психологиясы жана башка ушул сыяктуу жагдайлардын баарын болбосо да, колдон келишинче көбүрөөк билүүгө аракет кылыңыз.
Тыкандык
Баардык эле кыздар эркектер сыяктуу алгачкы жолугушууда тазалыкка көңүл бөлүшөт. Башкача айтканда, алгачкы жолугушууда жүдөгөн адам бир аз болсо дагы алыстатат. Канчалык адам жакшынакай болуп, маанилүү сүйлөп жатса дагы, тырмагы өсүп, анын ичине кир толуп калган болсо, ошол күнү болбосо да, андан ары мамиле ийгиликтүү уланат дегенден шек бар. Ошондуктан, жолугушууга бараар алдында жок дегенде жуунуп алыңыз.
Кийим
Адамдын кийген кийиминен көп нерсени билүүгө мүмкүн. “Кийим менен тосуп алып, акыл менен узатат” деген сөздүн чындыгы бар. Адам ушунчалык акылдуу болгон учурда дагы башка адамдар анын акылын же ички дүйнөсүн билгичекти анын кийимине карап мамиле жасашат же ал адам жөнүндөгү алгачкы пикир кийингенине карап жаралат. Бирок, жакшы кийинет десе эле, кымбат кийимдерди кийип алуу да туура эмес. Ал үчүн дагы баардык жагдайды эске алашыңыз керек:

#43 05 March 2015 - 12:14
. Аба-ырайы. Ачык эмес аба-ырайында ачык түстөгү кийимдерди кийип алсаңыз туура эмес. Эгер жай мезгили болсо дагы, мындай аба-ырайында ак кийим кийүүдөн алыс болуңуз.
2. Жумуш орду. Эгер сиз классикалык костюмду кийүүнү талап кылбаган жерде иштесеңиз, анда алгачкы жолугушууга классикалык кийинип баруудан алыс болуңуз. Себеби, азыр заманбап коомдо жолугушууга атайын классикалык костюм кийип баруу айымдарда башкача ойду туудурушу мүмкүн.
3. Футболка-шортик. Ошондой эле, эгер жолугушууну алдын ала белгилеп жүргөн болсоңор, футболка-шортик киийп алсаңыз дагы, сиздин жолугушууга олуттуу мамиле жасабаганыңыздан кабар берет.
Так жүргөндүк
Алгачкы жолугушууда мырзалардын кетирген каталарынын башында эле дал ушул кечигүү кирет десек жаңылышпайбыз. Анткени, күткөндү айымдар эле эмес, а мырзалар дагы жакшы көрүшпөйт. Бирок, жолугушууда айымдардын кечигип келиши өтө терс кабыл алынбайт. Стереотипке таянып, айымдар атайын деле кечигип коюшат. Ал эми мырзалардын кечигүүсү айымдардан дароо жаман ойду туудурат. Себеби, ал адам жолугушууга келбей жатып эле өзүнүн кандай экендигин көрсөтүп коюуда. Эгер телефон чалып, кечигип жатканынын себебин түшүндүрүп койсо мейли, ошондо дагы ал себептердин эмне экендиги башка кеп... Андыктан, урматтуу мырзалар, алгачкы жолугушууга айымдан биринчи келгенге аракет кылыңыздар! Күткөндү жаман көрбөгөн учурда дагы, алгачкы жолугушууга сизден биринчи келип алган айым өзүн ыңгайсыз сезип калышы толук ыктымал...

#44 08 April 2015 - 12:22
Эркек менен аял бир коломтодон түтүн булатып келсе да, бири-бирин сындаганын койбойт. Замандын
өзгөрүүсүнөн уламбы, акыркы учурларда эркектерге болгон айымдардын нааразычылыгы күч алууда. Чынында, айымдар кандай мырзаны идеал тутушат? Сурамжылоонун негизинде сурообузга жооп издедик.
БОЮ УЗУН, КЕҢ ДАЛЫЛУУ
Эмнегедир кыздардын баары эле кең далылуу, узун бойлуу мырзалар жөнүндө кеп кылышты. Биринен да «мага жапалдаш жигиттер жагат» деген жооп уга албадым. Албетте, кең далыда көшүлүп жаткан ар бир айымга эле жагат деңизчи. Бирок кыргызда «чырайын чылап ичесиңби?» деген накыл кеп бар. Дене мүчөсү келишкен, бирок үй-бүлөлүк жашоого туруксуз жигиттен жан дүйнөсү таза, сизди эч кимге алмаштырбаган жапалдаш мырза артык эмеспи…
КОЛУ АЧЫК, ТАМАШАКӨЙ
Майрамдарда аялына күтүлбөгөн белек даярдоону билген, үй-бүлөсүнө таандык бардык даталуу күндөрдү эсинен чыгарбаган, маал-маалы менен кафеде же ресторанда романтикалык кече уюштуруп турган мырза – идеалдуу, айымдардын айтуусунда. Мындан сырткары отуруштарда эл менен чогуу бийлеп, ырдап-чоордоп, тамашалашып отурган жигиттерди да баалашат экен. Кыздар, моюнга алышыбыз керек, кээде мырзабыздын бирөө менен тамашалашып же бийлеп жатканын көргөндө ичибизде ит өлүп, тултуюп калмайыбыз бар.
ТАЗА, ТЫКАН
Айымдар таза, тыкан, жарашыктуу кийинген, сылаңкороз мырзаларга оой турганын билдиришти. Чынында, кимдин эле тамеки, ичкилик, тер жыттанган эркектин жанында жүргүсү келсин?!
СЫЛЫК-СЫПАА
Айымдар «ичпеген, чекпеген, керектүү жерден жол берип, орун бошотуп же болбосо эшик ачып сылык-сыпаа мамиле жасаган эркектерди көбүрөөк баалап, сыйлайбыз. Мындай эркектерге «даңк!» дегенден башка сөзүбүз жок» дешет бир ооздон. Андай болсо, эркектик күчкө салып жөөлөп өтүп, сөгүп, кол көтөргөндөргө эмне дейбиз?
ЧАРБАЧЫЛ, АЯЛЫНА ЖАРДАМЧЫ
Аялзатынын кыялында идеалдуу эркек ашканадагы бычактардын мокоп калышына жол бербей, маал-маалы менен курчутуп турат. Аялы бир нерсе жасап жатканда телевизор көрүп отуруп албай, «кел, кемпир, жардамдашайын» деп кобурашып кол кабыш кылуудан качпайт. Жумуштан келгенде аялын өөп, күнү кандай өткөнүн, кандай жаңылыктары бар экенин сурайт. Балдарынын сабагын карашат, алар менен чогуу ойнойт, спорт менен машыктырат. Мүмкүн болушунча аялы менен бир маалда уктайт.
УБАДАГА БЕК
Мырзаларга алданган айымдар көп окшойт арабызда. Анткени «убадага бек мырза – идеалдуу» дегендер көп болду. Ал тургай эркектердин убада берүүсүнүн эки мезгилин бөлүп коюшуптур. Үйлөнгөнгө чейин, үйлөнгөндөн кийинки дешип. «Үйлөнгөнгө чейинки убадалары эми укмуш, жомоктогудай, айтпасак да белгилүү. Үйлөнгөндөн кийинки убадалар дал турмуштун өзүндөй, ачуу-таттуу» деп кеп салышты.
ИШЕНИЧТҮҮ, АЛА ЖИПТИ АТТАБАГАН
Ооба, аялзаты ишеничтүү, көзгө чөп салбаган, жумушта кармалып жатса телефон чалып, алдын ала айтып койгон эркектерди идеалдуу деп эсептешет. Бирок калп айткан менен болобу, кандай эркек болбосун, сулуулукту баалайт. Айрыкча ичке «жинди суу» киргенде. Андайда «бул менин «вкусумдагы» кыз эмес» дегенди унутуп, кылыктуу кыялга, шыңк эткен күлкүгө арбалып, башы тумандап, дароо «бойдокмун, жүрөгүм бош» деп чыгышат. Буга элибизде айтылып жүргөн «эркек үйдөн жети кадам чыккандан кийин бойдок» деген сөз далил боло алат.

#45 08 April 2015 - 12:23
ЭР ЖҮРӨК, КҮЧТҮҮ
Кудай мунун бетин ары кылсын, капыстан согуш башталчу болсо, «Манас атанын урпактары, алга!» деген ураан менен алдыга чыкчу жигиттерибиз четтен чыгат. Албетте, атасы военкомго акча берип же жарым жолдон өзү качып, айласы кеткенде чет өлкөгө өтүп кетпегендерди кошпогондо.
КӨП ИШТЕП, КӨП ТАБАТ
Идеалдуу мырза аз эс алат, көп иштейт. Бул айымдардын эркектерге койгон талабы. Аялзатынын биринчи парзы – эне болуп, бала төрөш болсо, эркектики – үй-бүлөсүн эч кимдин көзүн карабагыдай кылып багып кетүү. Эркек ошонусу менен эркек. Акча таппаган эркек – эркек эмес…
Чын чынына келгенде, ааламда эркек болбосо аялдар сулууланбай, кооз жасалга тагынбай коймокпуз. Шыңгыр күлкү, таттуу сөз, жагымдуу кылык аялзатында жашабай калмак. Баарынан да дил серпкен ырлар жазылмак эмес. Анткени жоктон барды, коркоктон баатырды, өңү сууктан сулууну, байкуштан кайраттууну жараткан керемет сезим – сүйүү жашамак эмес. Ошон үчүн эркек жаралган, ошон үчүн аял жаралган. Бар болгула, кыргызымдын жигиттери! f

#46 08 April 2015 - 14:59
Чыныгы сүйүү
Чыныгы сүйүү узак убакытта гана жаралат. Ошондуктан, адамды жакындан билмейинче эч убакта жакын мамилеге барып же чын жүрөктөн бат эле ага сезимдерди арнап койгон туура эмес. Кыз бала да, эркек бала да бирөөнү жактырып, сезимдерге алданбай, аны катуу тыйып, башында акыл менен гана иш кылган жакшы. Биз жыйырма биринчи кылымдын алдамчылар, көз боёмочулар толгон заманында жашайбыз. Аны да эске алышыбыз керек. Сүйүү бар жана ал адамдын жашоосундагы эң сонун керемет. Ошондой болсо да бир көрүп сүйүп калгандар да көп эмес.

Супер-Инфо
super.kg
видео