Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 123
  • 124
  • 125
  • 126
  • 127
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#2481 Пользователь офлайн   vankuver.   27 Март 2015 - 09:36

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Үйү менен кошо өзүн да сатыкка чыгарды
.
Индонезиянын Джокьякарта шаарында эки уктоо бөлмөсү, автоунаа жайы жана балык көлмөсү бар үй 75 500 долларга саттыкка чыгарылды. Бирок, келишимге ылайык үйдүн кожойкеси 40 жашындагы Вина Лиа дагы кошо саттыкка коюлган. Бул кызыктуу жарыя тууралуу gorod55.ru булагы жазууда.
.
Адегенде Вина Лиа 2013-жылы курулган бир кабаттуу үйүн сатуу үчүн кыймылсыз мүлк агентигине кайрылган. Андан кийин бонус катары үйү менен кошо өзү да турмушка чыгууну чечкен. Алдын ала маалыматтарга караганда бул жарыяга рекорддук Үйү менен кошо өзүн да сатыкка чыгарды
сунуштар түшкөн. Үйдө эки уктоо бөлмөсү, эки жуунучу бөлмө, унаа койчу жайы жана балык кармаган көлмөсү дагы бар. Жарыяда Лиа келечектеги жолдошу тууралуу белгилүү бир критерийлерды койгон жери жок. Болгону жоопкерчиликтүү жана мусулман адам болушун каалагандыгы жазылган.


Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2482 Пользователь офлайн   vankuver.   27 Март 2015 - 09:36

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Ата-энесин бышырып жеген пианист өмүр бою камакка алынды
.
Гонконгдук 31 жаштагы пианист Генри Чау ата-энесин өлтүргөндөн кийин алардын этинен тамак жасап жеген. Бул тууралуу Корреспондент. net булагы кабарлоодо.
.
Маалыматка ылайык мыкаачы 33 жаштагы энеси Сиу Юэт-Йи жана 65 жаштагы атасы Чао Вингды өлтүргөндөн кийин майдалап кескилеп, электр меште тамак жасап жеген. Ал эми дененин калган мүчөлөрүн муздаткычка салып койгон. Пианист Генри Чау ата-энеси өздөрү күнөөлүү болгондугун жана айтылган акчаны бербей коюшкандыгы үчүн өлтүргөндүгүн билдирген. Ал күнү мыкаачы ата-энесин досунун үйүнө чакырып, анан экөөлөп өлтүрүп, дененин калган мүчөлөрүн жок кылышкан. Эртеси WhatsApp аркылуу досторуна ата-энесин өлтүргөндүгүн кабарлаган. Досторунун бирөөсү полицияга кабарлап, ошол аркылуу үйүн текшерген полиция кызматкерлери ата-энесинин башка мүчөлөрүн муздаткычтан таап чыгышкан.


Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2483 Пользователь офлайн   vankuver.   27 Март 2015 - 09:37

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Адам өлүгүнөн жер семирткич даярдашууда
.
Америкалыктар көзү өткөн жакын туугандарынын өлүгүн жер семирткич даярдоого беришет. Бул тууралуу Корреспондент. net булагы жазууда.
.
Маалыматка ылайык жер семирткичтин бир бөлүгүн жакын туугандарына берилет, калганы мамлекеттик парктарга жер кыртышын семиртүү үчүн колдонулат. Вашингтон штаты мына ушундай экологиялык таза инновациялык сөөктү көмүү ыкмасын Адам өлүгүнөн жер семирткич даярдашууда
сунушташты. Ал үчүн бийик 3 кабаттуу мунара курулуп, анда өлүктөр ээрип, органикалык жер семирткичке айланат. Бул ("Городской проект смерти") долбоору боюнча өлүктөр мунаранын эң башкы кабатында чиритилет. Коюлгандан алты айдан кийин туугандары үй-бүлөлүк бакчаларына колдонууга жер семирткичтин бир бөлүгүн алып кете алышат. Жер семирткичтердин көбүрөөк бөлүгү Адам өлүгүнөн жер семирткич даярдашууда
улуттук парктарда колдонулат. Долбоордун авторлордун айтымында, бир жарым айдан ашык убакытта сөөк ээрип, бай көмүртектүү кошулмага айланат. Улам кийинки өлүктү үстүнө коюп, астынкысын алып кетип турушат.
Бул жаңы долбоор заманбап өлүк коюу гана ыкмасы эмес, табигат менен кошулуунун бир диний ырым-жырымы катары дагы каралууда.


Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2484 Пользователь офлайн   Otunbaeva.   27 Март 2015 - 14:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 152
  • Катталган: 17 Февраль 15
  • Соңку аракети: 01 Окт 2016 20:34

Ой не заман болтат,эми жер семирткичке айланып калат окшойбуз олг0нд0н кийин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2485 Пользователь офлайн   EXCLUSIVE-KG   28 Март 2015 - 12:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 936
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 29 Дек 2018 15:10

Жаңылыктар
ШИИБ: Бишкекте дагы бир наристе
зордукталды
27.03.2015
Бишкектин Свердлов райондук
милициясы беш жаштагы кызды
зордуктады деген шек менен 37
жаштагы жергиликтүү тургунду
кармады. Бул тууралуу “Азаттыкка”
Бишкек ИИБ басма сөз кызматы
кабарлады. Маалыматка ылайык, окуя
“Келечек” конушунда 21-март күнү
күндүз болгон.
Тергөөнүн версиясы боюнча шектүү
жаран коңшусунун кызын достору
менен ойноп жүргөн жеринен “таттуу
берем” деп алдап алып кетип, үйүнө
алып барып зордуктаган. Анын
денесиндеги канды көрүп, ата-энеси
милицияга арыз жазган. Экспертиза
кылмышка шектүү жаран кызды
зордуктаганын аныктаган.
Кыргызстанда соңку учурда жаш
балдарды зордуктоо фактылары көп
каттала баштады. (SE)


Салам

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2486 Пользователь офлайн   EXCLUSIVE-KG   28 Март 2015 - 12:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 936
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 29 Дек 2018 15:10

Максим Бакиев Британияда жашаган
үй.
Global Witness ага катар британ
бийликтерин 3,5 миллион фунт
стерлинг турган үйдү сатып алууга
кеткен акчанын булагын жана
Максим Бакиевдин британ жаранын
өлтүрүү аракетине катышы
бардыгын иликтөөгө чакырды.
Кечээ жарыяланган жаңы
баяндамасында аталган уюм ага катар
британ бийликтери мекенинде
коррупция жана Британия жаранын
өлтүрүүгө аракеттенгени үчүн
соттолгон адам кантип наркы үч жарым
миллион фунт стерлинг турган хан
сарайда жашап жатат деген суроо да
коёт.
Башка бир катар маселелер менен
катар коррупциялык кирешелерди
иликтөөгө адистешкен Global Witness
Максим Бакиевге байланышкан экинчи
баяндамасын “Кандуу кызыл килем”
деп атаган.
Муну менен аталган уюм Британия
мурдагы кыргыз президентинин уулу
өтө оор кылмыштар боюнча
айыпталганына карабай, анын өлкөгө
киришине уруксат бергенин эске
алууда.
Global Witnessтин өкүлү Том Мейн
(Tom Mayne) “Азаттыктын” кабарчысы
менен маегинде алардын азыркы
баяндамасынын жаңылыгы - Максим
Бакиевдин кымбат баалуу турак жайы
боюнча маалыматтар экенин
белгиледи:
- Бул жолку баяндамабызда Максим
Британияда жашаган үй боюнча
жаңы маалыматтар бар. Ага катар
биз бул мүлккө байланыштуу бир
катар суроолорду көтөрдүк. Биз ал
үйдө Максим жашаганын так
билебиз, бирок үй оффшордо
катталган компанияга
жазылгандыктан анын ээси ким
экендиги боюнча такталган
маалыматыбыз азырынча жок.
Ошол үйдүн дарегин Максим аны
АКШга экстрадициялоо боюнча
маселе британ сотунда каралганда
өзүнүн жашаган жери катары
көрсөткөн. Биз ал үйгө Максим эле
ээлик кылат деп болжолдойбуз.
Global Witness уюму тактагандай,
Англиянын түштүк-чыгыш бөлүгүндө,
Лондондон көп алыс эмес Суррей
графствосунда Максим Бакиев жашаган
хансарайдын базар баасы 3,5 миллион
фунт стерлинг же 5,2 миллион доллар.
Максим британ сотуна келген учур.
Лондон, 7-декабрь, 2012-жыл.
Мүлккө расмий документ боюнча
Борбордук Америкадагы Белиз
өлкөсүндө катталган Limium Partners
Limited компаниясы ээлик кылат.
Компания 2010-жылы июнда Максим
Бакиев Британияга келгенден 15
күндөн кийин ачылган. Ал эми 2010-
жылдын августунда ошол баасы кымбат
турак жайды сатып алган.
Limium Partners Limited
компаниясынын ээсин Белиздин
мыйзамдары ашкере кылууга жол
бербегенинен улам аныкталбай
жатканы менен аны каттаган агент
Максим жана анын Кыргызстандан акча
чыгарып кетүү схемасына байланышы
бар бир нече компанияны да каттоодон
өткөргөнү белгилүү.
Global Witness Бакиев боюнча буга
чейинки биринчи баяндамасын “Өтө
жашыруун” деп атап, анда
“АзияУниверсалбанк” аркылуу
чыгарылган акчанын схемасын
иликтеген эле.
Уюмдун өкүлү Том Мейн “Азаттык”
менен маегинде төмөнкүлөргө
токтолду:
- Белизде катталып, турак жайга
ээлик кылган компания менен биз
биринчи баяндамабызда иликтеген
компаниялардын, бул эки иштин
ортосунда байланыш бардай.
Андыктан биздин оюбузча, үйдү
сатып алууда Британиянын
мыйзамдары менен тескөө
эрежелеринин баары сакталып-
сакталбаганы боюнча өзүнчө
иликтөө жүрүшү керек. Маселен,
Белиздеги компаниянын ээсин
британ укук коргоо органдары
аныктай алат. Үй сатып алынган
акчанын булагы
аныкталбагандыктан биз толук
иликтөө жүргүзүлүшүн суранып
жатабыз.


Салам

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2487 Пользователь офлайн   EXCLUSIVE-KG   28 Март 2015 - 12:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 936
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 29 Дек 2018 15:10

Депутат Ыргал Кадыралиеванын бир
тууганы, издөөдө жүргөн мурдагы
прокурор Канжар Кадыралиев
Башкы прокуратурага өзү келип,
бирок ооруканага жаткырылганы
айтылууда.
Кадыралиевге Кылмыш-жаза
кодексинин бейбаштык, опузалоо жана
өзүмбилемдик беренелери боюнча
кылмыш иши козголуп, Интерпол
аркылуу изделип жаткан.
Ош шаардык жана облустук ички
иштер башкармалыгынын башчысы
Сүйүн Өмүрзаковдун ыкчам
маалыматка таянып айтканына
караганда, Канжар Кадыралиев Башкы
прокуратурага өз ыктыяры менен
келген. Ал ден соолугуна байланыштуу
ооруканага жатышы керектигин
билдирген.
- Бизде азыр расмий маалымат жок.
Бирок ыкчам маалымат боюнча
Кадыралиев Башкы прокуратурага
өзү барыптыр. Ден соолугуна
байланыштуу дарыланышы керек
болгону айтылып жатат.
Бул маалыматты азырынча Башкы
прокуратура расмий тастыктай элек.
Жактоочу Икрамидин Айткулов
Канжар Кадыралиевдин прокуратурага
барганын тастыктап, ден соолугуна
байланыштуу азыр ооруканада
дарыланып жатканын билдирди. Бирок
Кадыралиев чын эле ооруканадабы,
эгер анда болсо кандай жагдайда
дарыланууда, айыпталуучу катары ага
карата прокуратуранын чечими кандай
болгону белгисиз.
- Ооба, Кадыралиев өз ыктыяры
менен барды. Ал азыр ден соолугуна
байланыштуу дарыланып жатат.
Мен ушуну гана айта алам, башка
маалымат бере албайм, - деди
адвокат Икрамидин Айткулов.
Канжар Кадыралиевдин Башкы
прокуратурага өзү келип бирок, дароо
эле ооруканага жатканы тууралуу
маалымат ар кандай түкшүмөл ойду
жаратууда. Маселен, Кадыралиевден
жапа чеккенин айткан өзгөндүк ишкер
Сактан Келдибаевдин агасы Илияз
Келдибаев анын жоопко тартыларына
көзү жетпейт:
- Анын өзү барышы алдын ала
сүйлөшүлгөн деп ойлойбуз. Күнөөсү
жок болсо, мурда эмнеге келбейт?
Анын ишенген адамдары бар, азыр
сүйлөшүп алышты. Анын жоопко
тартыларына ишенбей калдык.
Чуулгандуу фигурага айланган,
кылмышка шектүү прокурордун башкы
көзөмөл органга өзү келишин
жабырлануучулар жазадан кутулуу
максатында алдын ала макулдашылган
кадам десе, байкоочулар коомчулуктун
көзөмөлүнөн кутула албасын билген
үчүн келди деп жатышат.
Парламенттеги "Ата Мекен"
фракциясынан депутат Бактыбек
Калмаматов мындай деди:
- Бизде тажрыйба көрсөткөндөй,
кылмышка тиешеси барлар адатта
качып кетишет. Бул иш эми
прокуратуранын жеке абийиринде
болуп калды. Ушунча чуулгандуу
ишти жаап салышса болбойт го.
Коомчулук көзөмөл салып
турбайбы.
2014-жылы Сактан Келдибаевдин үй-
бүлөсү Канжар Кадыралиев башында
турган топтун карактоосуна кабылганын
коомчулукка жар салган. Кийин
Кадыралиевдин үстүнөн башка дагы
жарандардан арыз түшүп, мындан соң
Башкы прокуратура Кадыралиевге
бейбаштык, опузалоо жана
өзүмбилемдик беренелери боюнча
кылмыш ишин козгоп, аны Ош
шаардык прокуратурасындагы
кызматынан бошоткон. Ош шаардык
соту аны сыртынан камакка алуу
чечимин чыгарып, издөө жарыялаган.
Кадыралиев Жогорку Кеңештеги КСДП
фракциясынан депутат Ыргал
Кадыралиеванын бир тууганы.
Кадыралиева агасына козголгон ишти
саясий атаандаштарынан көрүп келет.


Салам

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2488 Пользователь офлайн   EXCLUSIVE-KG   28 Март 2015 - 12:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 936
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 29 Дек 2018 15:10

Бир апта ичинде удаа-удаа катталган
өлүмдөрдүн себеби жакындарына сыр
бойдон калды.
Акыркы бир апта ичинде Ош
облусунда эки окуучу жана бир
студент өз өмүрүнө кол салып,
жарык менен коштошту.
Кара-Суу районунда 6-класстын
окуучусу үйдүн чатырында, 11-
класстын окуучусу өз үйүнүн
балконунда, ал эми 22 жаштагы келин
жууна турган бөлмөдө асынып алган.
Бир апта ичинде удаа-удаа катталган
өлүмдөрдүн себеби жакындарына сыр
бойдон калды. Укук коргоочулар бул
окуяны мектеп рекетчилигинин
күчөгөнүнөн, ата-энелердин
кайдыгерлигинен жана миграция
таасиринен көрүшүүдө.
Балкондо асынып алган 11-класстын
окуучусун жоктогон агасы бир
тууганынын эмнеге бул кадамга
барганын билбей, каңырыгы түтөп
отурат. Окуя 22-мартта болгон.
Маркумдун агасы иниси үйдө эч ким
жок кезде өзүнө кол салганын айтууда.
Жанын кыйган өспүрүм туугандарын
жакшы көрөрүн, эч кимге капачылыгы
жоктугун куш тилиндей катка жазган
экен. Өз жанын кыйган окуучу беш
убак намаз окуп, келечекте медреседен
билим алууга ниеттенип жүргөнүн да
айтышты.
- Үкөм алтын эле, беш убак намаз
окучу. "Ата-апа мен сиздерди
жакшы көрөм. Мага капа болбогула.
Буга эч кимдин күнөөсү жок" деп кат
жазып коюптур, - дейт агасы.
Мындан төрт күн мурда 6-класстын
окуучусунун өлүмү Кара-Суу районунда
катталган. Өз үйүнүн чатырында
асынган окуучу оорукчан чоң атасы
менен бирге турчу. Ата-энеси
ажырашып, апасы Түркияда, атасы
Москвада жашап жүргөн. Милициянын
маалыматына караганда, балага үйдө
зомбулук болгон эмес. Бирок эмнеден
өлгөнү жашыруун бойдон кала берген.
Ал эми Нооруз майрамынын эртеси 19
жаштагы кыздын сөөгү жуунуучу
бөлмөдөн табылган. Азырынча кыздын
өлүмүнүн себебин апасы менен болгон
чатакка байлашууда.
Балдардын укугун коргоо лигасынын
мүдүрү Назгүл Турдуб екова
жаштардын өзүнө өзү кол салуусуна
таасир эткен бир нече себептер бар
экенин айтууда.
- Окуучулар арасындагы суицидге
үй-бүлөдөгү абал, мектеп
рекетчилиги жана ата-энелер
арасындагы миграция таасир этет
деп ойлойбуз. Учурда мектеп
рекетчилиги күч алды. Мисалы,
мурда мектептеги “рекеттердин”
салыгы 20-50-100 сом болсо, азыр
миң сомдон ашып кетти. Анан ата-
энесинин миграцияда жүрүп
балдарына убакыт бөлө
албагандыгы да себеп болот.
Анткени бала өз көйгөйү менен
күрөшкөнгө өзү жалгыз калууда.
“
"Ата-апа мен сиздерди жакшы
көрөм. Мага капа болбогула. Буга эч
кимдин күнөөсү жок" деп кат жазып
коюптур.
Ал эми жергиликтүү билим берүү
башкармалыгы балдар арасындагы
суицидге бир беткей мектептерди
күнөөлөгөн туура эмес дешет. Ош
шаардык билим берүү
башкармалыгынын башчысы
Куштарбек Кимсанов көп учурда ата-
энелер мугалимдер менен бирге
иштешүүдөн качарын айтты:
- Социалдык педагог окуучунун
үйүнө барса, ата-энелер эшигин
ачпайт. "Силер мектептеги
ишиңерди бүтүрүп алгыла, үйгө
келгенге эмне түрткү болду?"
дегендер да бар. Мындай учурда
ата-эне менен мугалимдин
ортосундагы байланыш үзүлөт. Ал
үзүлгөндө тарбиялоо процесси
аксайт. Мектептерде иш жүрүп атат.
Ай сайын соцпедагогдор арасында
жыйындар, жаңы методикалар
тууралуу талкуу, семинар-
тренингдер уюштурулуп жатат.
Бирок социалдык педагогдун
аракети баланы өлүмдөн сактап
калышына кепил боло албайт.
Расмий маалыматтар боюнча
Кыргызстанда 2013-жылы 127 бала,
өткөн 2014-жылы 106 бала өз жанын
кыйган. Быйыл үч ай ичинде эле бул
кадамга баргандардын саны 23кө
жетти.


Салам

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2489 Пользователь офлайн   Adilet94   06 Апрель 2015 - 21:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Жаштарды тан калтырган дуйнонун кары адамдары
Адатта, 60тан ашкан кары адамдарды бүкүрөйгөн, көзүнүн көрүүсү начар, кыбырап араң баскан абалда элестетебиз. Бирок, төмөндөгү карылар мындай пикирди жокко чыгарат. Буларды көрүп келечеги али алдыда экен деп ойлоого аргасыз болосуң.

Грета Понтерелли 61 жашта бийчи


78 жаштагы Ллойд Кан 65 жашынан бери скейтбордист менен алектенет


Рут Флауэрс 68 жашынан баштап ди-джейлик кесипти аркалоодо, азыр 72 жашта


Ал эми бул 70 жаштагы Аннетт Ларкинске көпчүлүк 40ка чыккандай эсептешет


Роберт Мэрчанд 102 жашта велосипед жарышы менен алектенет


100 жаштагы Дорис Лонг 85 жашынан бери альпинисттик иш менен убакыт өткөрөт


87 жаштагы Ивонн Даулин фигуристка


73 Дуан Цзиньфу жаштардын күч жетпеген оор атлетикалык кыймылдарды жасай алат


Джеффри Лайф 70 жашта фитнес менен алектенет


78 жаштагы бодибилдер Джим Моррис 50 жашынан баштап вегетариан болгон


Александр Розенталь 96 жашта тоо лыжасы менен алектенет


61 жаштагы Синди Джозеф ыитнес менен алектенип фотомодель болуп эмгектенет жана популярдуу видеоблог жазат


Линн Рут Миллер 80 жашта, 70 жашынан баштап стендап-комик кесиби менен алектенет


Польшалык 75 жаштагы Вирджинии эки жылдан бери ди-джейлик кесипти аркалап келе жатат


83 жаштагы Мадонна Бадер бала багуучу жана марафончу


81 жана 66 жаштагы Пэт менен Алисия Мурхед скайдайверлер


Новосибирскийде жашаган бул айымдар айкидо менен алектенет жаштары 55-75


78 жаштагы Пол Феген фокусчу, мурда миллионер болгон, азыр карта менен фокус көрсөтүп жан багат


Валентин Бадич 75 жашында минтип буги-вуги, рокабилли бийлерин мыкты бийлейт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2490 Пользователь офлайн   Adilet94   08 Апрель 2015 - 12:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Үч буттуу адам

1889-жылы Италиянын Сицилия аралындагы Лентинилердин үйбү­лө­­­сүндө 3 буттуу наристе төрөлгөн. Мындай өзгөчөлүү уулуна ата-энеси Франческо деген ысым ыйгарган. Ымыркайдын үчүнчү буту артында жайгашкандан тышкары берки экөөнө караганда кыскараак болгон. Франческо9 жашка чыкканда аны цирк менеджерлери Америкага алып кетип, циркке орноштурушат. Ошентип, үч буттуу бала Буффало Билл аттуу адамдын атактуу шоусунда ойноп чыга баштайт. Цирктин алып баруучулары аны элге “үч буттуу ажайып бала” деп тааныштырышчу. Франческо убагы жеткенде үйлөнүп, 4 дени-карды соо баланын атасы болууга жетишкен.
Ал үлгү­лүү ата бол­­­­гондугу тууралуу маалыматтар да бар. Үч бут­туу Франческо Американын Флорида шаарында жашап, 1966-жылы дүй­­нөдөн өткөн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2491 Пользователь офлайн   Adilet94   08 Апрель 2015 - 12:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Эң узун адамдар

Эң узун бойлуу адамдар боюнча 2-орун пакистандык фермер Мохаммед Алам Чаннага таандык. Ал бой жеткен курагында бою 2 метр 31 сантиметрди түзгөн. Мохаммед оорукчан болгон. Дарыгерлер анын оорукчан бөй­рөгүн алмаштырганга анын бөйрөгүн­дөй көлөмдүү бөй­рөктү таппай кою­шат. Ошондуктан, врачтар ага чет элге барып, ошол жактан операция жасатып келүүсүнө кеңеш беришет. Бул тууралуу кабардар болгон америкалык врачтар ага колдоо көрсөтө тургандыктарын билдиришип, Америкага чакырышат. Бирок, ал кезде кеч болуп калган. Анткени, Мохаммеддин бөйрөгү иштебей калып, комада калат да, 1998-жылдын 3-июлунда жашоо менен кош айтышкан.
Дүйнөдөгү аялдардын эң узуну бою 2 метр 32 сантиметрди түзгөн Сэндли Аллен болуп эсептелет. Ал учурда АКШда жашайт. Ал1955-жылы АКШда туулган, салмагы 209 килограмм. 50-өлчөмдөгү бут кийим киет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2492 Пользователь офлайн   Adilet94   08 Апрель 2015 - 12:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Кытайлык 1984-жылы туулган Чжу Хайчжэнь да учурдагы эң кыска аялдардын катарына кирет. Өткөн жылы анын бою 80 сантиметрди түзүп, салмагы 10 килограмм чыккан. Туугандарынын айтканына караганда, ал туулгандан кийин эле ооруга чалдыгып, ошонун айынан бою өспөй, акыл-эси жагынан да артта кала баштаган.
Дарыгерлер аны оорусунан айыктырып, кемчиликтеринен арылуусуна колдорунан келишинче аракеттенип кели­шүү­дө. Ушун­дан улам өткөн жылдан берки дарыгерлердин аракетинин артында Чжунун бою 4 сантиметрге өстү. Эми анын бою 84 сантиметр. Боюнун арты менен Чжу Гиннестин китебине кирди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2493 Пользователь офлайн   Adilet94   08 Апрель 2015 - 14:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Дүйнөдө интернет колдонуучуларынын 61,5 % адамдар эмес, компьютердик робот-программалар түзөт.


Биздин интернетте кантип алдашат? Адамдар адамдын дал өзүндөй болуп иштөөчү "акылдуу машинелер" жөнүндө кыялданышчу эмес беле? Кубана берсе болот, анткени ошондой "акылдуу машинелер" азыр биздин арабызда бар...

Мындай "акылдууларды" "бот" деп коюшат, "бот" сөзү "робот" сөзүнүн кыскартылып айтылышы. Роботтор ар кандай чаттарда бир өздүктүн кейпин кийип алып жүрө беришет. Кээде сизге интернеттеги маектешиңиз шайыр, кээде мээримдүү, кээде өтөт эле боорукер сезилиши мүмкүн. "Роботко" баарыбир, анын эң башкы максаты - өзүнүн адам экенине сизди ишендирүү. Эгер сиз убактыңыздын көпчүлүк бөлүгүн интернетте өткөргөн адам болсоңуз, анда сиз дагы компьютердин роботуна-акылдуу программасына алданып калган болууңуз толук ыктымал.

Ушул жылдын июнь айында Орусияда иштеп чыгарылган чат-робот британиялык информатиканын пионери Алана Тьюринг тарабынан атайын тесттен өткөрүлдү. Анда компьютердик чат-роботтун жасалма интеллектти сыналмак. "Евгений Густман" атындагы роб-программа 13-жаштагы украиналык баланын кейпин кийип дүйнөгө белгилүү тесттен өттү. Анын жыйынтыгында чат-робот берилген бардык суроолорго таң калтыруу менен жооп берди. Экрандын ары жагындагы адам аны 13 жаштагы бала деп ойлобойт эле. Өтө жогору пайызда ишендире алган робот дүйнөдөгү эң эле ишеничтүү деген тестти жокко чыгарды. Бул - жасалма интеллекттин болушу мүмкүн экенини дагы бир далил болуп берди.

Баарынан кызыгы алар реалдуу жашоодо бар адамдай жүрө алышат. Керек болсо түрдүү конкурстар дагы аларга чектөө коё албайт. Анткени алардын кайсыдыр бири өтө акылдуу келип, коомдогу талкууларга беймарал аралаша алат. Керек болсо коомчулуктун пикирине да кеңири тиеше бере алышы ыктымал. Алар көп, аябай көп.

Биз интернеттеги адамдардын баарын жашоодогу кадимки адамдар деп элестетебиз. Жогорудагы изилдөө аны толугу менен четке кага алат. Анткени акыркы изилдөөлөргө ылайык, интернетте 61,5% кишилер эмес, робот-программалар иштейт экени тастыкталган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2494 Пользователь офлайн   malika14   08 Апрель 2015 - 14:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 22 Март 15
  • Соңку аракети: 27 Янв 2019 19:54
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Картахена Испания

  • shymdygyn kyrgyr anda bizda aldangandardan ekenbizda ...Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2495 Пользователь офлайн   Patriot...kg   08 Апрель 2015 - 14:17

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 194
  • Катталган: 10 Март 15
  • Соңку аракети: 30 Июн 2018 05:08
  • Жынысы:Эркек

Братан сүрөтү менен илсеңиз болмок экен
Роналду - бул кайталангыс талант
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2496 Пользователь офлайн   Patriot...kg   08 Апрель 2015 - 14:18

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 194
  • Катталган: 10 Март 15
  • Соңку аракети: 30 Июн 2018 05:08
  • Жынысы:Эркек

Братан сүрөтү менен илсеңиз болмок экен
Роналду - бул кайталангыс талант
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2497 Пользователь офлайн   Adilet94   08 Апрель 2015 - 14:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Айымдарды акысыз ташыган Кыргызстандык айдочу

Бүгүнкү күндө маршруттук каттамда иштеген айдоочулар күндөн-күнгө көбөйүүдө. Кээ бир айдоочулар сылык мамиле кылмак тургай, олтургучтарын начар кармап, маршрутканын ичиндеги тазалыкты сактабайт. Бишкекте өзгөчө шарттар менен камсыздалган, жүргүнчү ташыган маршрут пайда болду. Биз интернет баракчаларында популярдуу болуп жаткан эң сылык шаарыбыздын айдоочусу Миррахим мырза туурасында сөз кылабыз. Ал ар бир түшкөн кардары менен сылык учурашып, шыдыр жол каалайт. Анын мындай мамилеси айрым жүргүнчүлөрдү таң калтырса, бара-бара анын унаасын күткөн да жүргүнчүлөрдүн саны өсүүдө. Бул мырза башка айдоочуларга үлгү боло алат. Жумуш үстүндө жүргөндө бир гана унаасын эмес, өзүнүн кийимине көңүл бурууну унутпайт. Жүргүнчүлөрүнүн жаш курагына карап, жагымдуу музыка коюп берип, көңүлдөрүн көтөрүү үчүн анекдот да айтып берет экен. Маршрутканын ичине түшкөндө көзгө биринчи эле тарбиялык маанидеги жазуулар урунат. Андан сырткары ичиндеги тазалыгы, олтургучтарынын баары булгаарыдан жасалганы, илинип турган эки сыналгысы, жыпар жыттанганы маанайды көтөрбөй койбойт. КТРКнын жаңылыктарында көрсөткөндөй “8-март күнү баардык аялзатын бекер ташыйм” деп убада берген эле. Бул күнү биз да 172-каттамдагы айдоочунун автоунаасына түштүк. Берген убадасына туруп, 8-март күнү Миррахим мырза аялзатын бекер ташыды. Андан да өзгөчөлүгү, маршруткага түшкөн ар бир айым менен жагымдуу маанайда учурашып, майрамы менен куттуктап, таттуулар менен сыйлап жатты. Шаардагы айымдарга бул көрүнүш өзгөчө майрамга карата эсте кала турган белек болду . Кээ бири таң калса, кээ бири өзүн жомокто жүргөндөй сезди көрүнөт.

Билдирүүнү түзөткөн: Adilet94: 08 Апрель 2015 - 14:37

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2498 Пользователь офлайн   Adilet94   08 Апрель 2015 - 14:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Толук аты-жөнү – Миррахим Мараимов;
Туулган күнү – 15. 09. 1976-жыл;
Туулган жери – Талас облусу, Манас району, Кызыл Жылдыз айылы;
Бою – 174 см;
Салмагы – 65 кг;
Көп колдонгон сөзү – «Кудайым буйруса»;
Жактырган сапаты - Жөнөкөйлүк, тамашакөйлүк;
Үй-бүлөдө – Улуусу;
Урааны – «Ар дайым күлүп жүр!»
Унаасы – “Mersedes Bens, Sprinter”.

Миррахим Мараимов: “Акча үчүн эмес, адамдардын маанайы үчүн иштейм!”- Айдоочулук менен качантан бери алектенесиз? - Бул кесип менен иштеп жатканыма бир айдын жүзү болду. Өзүм ресторанда администратор болуп 10 жыл иштегем. Бул аралыкта адамдар менен кантип тил табышып, сүйлөшүш керек экендигин жакшы өздөштүрдүм. Мага адамдарга жагымдуу маанай тартуулаган жагат, бул мен үчүн кыйынчылык туудурбайт. Адамдар менен иштеп жүргөндүктөнбү, уюштуруу иштерин жакшы көрөм. Жумуштан кеткенден кийин маршрутка сатып алдым. Ал эми айдоочулук менин убактылуу гана кесибим десем болот. Келечекте өзүм ресторан ачсам деп жүрөм.
- Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?..
- Мен үй-бүлөдө эки бир туугандын улуусумун. Менден кийин иним бар, экөөбүздүн ортобуз 10 жаш. Ар дайым бири-бирибизди колдоп, жардам берип келебиз. Келинчегим экөөбүз Самина аттуу кыздуу болдук, бирок тилекке каршы, тил табыша албай эки ара жолго түшкөнбүз. Жумуштан чарчап барганда кызым менен ойноп эс алам. Кызымды карашкан алтындай болгон асыл апама ыраазычылыгымды айткым келет!
- Мындай идея сизге кайдан келди?
- Мен биринчи кезекте Кудайдан корккон адаммын. “Бейиш - эненин таманында” дегендей экинчиден, апамдан корком . Анын алкышын алуу - чоң бакыт. Ошондой эле айымдар - гүлдөй назик, сулуу жан эмеспи... Аларга ар бир күндү 8-март кылып берсе жарашат. Бүгүнкү идея өзүмө таандык. Негизи, акча үчүн эмес, адамдардын маанайы үчүн иштейм. Ар бир аялзаты - бирөөнүн апасы, эжеси, кызы же карындашы да, жок дегенде бир күн болсо да, аларга жагымдуу таасир калтырайын деп ойлодум. Өзүңүздөр көргөндөй маршруткамдын ичине роза гүлдөрүн төшөдүм. Жагымдуу атмосфера жаратуу үчүн Стас Михайловдун ырларын тандап алдым жана башка... Учурдан пайдаланып, жалпы айымдарды жазгы майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2499 Пользователь офлайн   Adilet94   08 Апрель 2015 - 14:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Миррахим мырза тууралуу жүргүнчүлөр кандай ойдо экенин билүү үчүн аларды кепке тарттык.
Закия:
- Жумушка маанайым жок бара жаткам. Эшиктеги аба ырайы таасир эттиби, билбейм. Бирок, маршруткага түшкөндө айдоочунун мамилеси, менин маанайымды 100 %га көтөрдү. Биздин айдоочулардан күткөн эмесмин. Ушундай айдоочулар көбөйсө жакшы болмок.
Аида:
- Чынын айтсам, мындай көрүнүш мага күтүлбөгөн жаңылык болду. Кечээ эле интернеттен Миррахим байкени көрүп, маршруткасына түшсөм деп тилек кылгам. Бүгүн Кудай буйруп түшүп калдым. Миррахим байкеге чо-о-оң рахмат!

Рима Сергеевна:
- Миррахим, сага чоң рахмат! Ылайым үй-бүлөң менен аман-эсен, бактылуу бол!

Зухра Газизовна:
- Биз бүгүн сонун айдоочуну жолуктурдук. Ал бизди жылуу сөз, таттуулар менен тосуп алды. Айтканга сөз таппай калдым. Миррахимге чың ден соолук, узун өмүр, бакыт каалайм!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2500 Пользователь офлайн   Adilet94   08 Апрель 2015 - 14:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

1956-жылы туулган Дэвид Копперфильд 18 жашында телевидениеге чакырылып, “Дэвид Копперфильддин сыйкыры” аттуу берүүнү алып барган. Белгилүү болуп калганда CBS телеканалынан чыга баштаган. Анын чоң иллюзияларынын алгачкысы – самолеттун жок болуп кетиши болгон. Андан кийин элдин көз алдында Эркиндик эстелигин жогото алган. Ошондой эле, Чоң Каньон аркылуу учуп өтүү, Улуу Кытай дубалдарынын арасынан өтүү, дүйнөдөгү эң катаал Алькатраса түрмөсүнөн качуу, Бермуд үч бурчтугуна саякаттоо, жарылып жаткан имараттан качып чыгуу, Ниагар шаркыратмасынан өзүн таштоо, көрүмчүлөр мекендеген үйдү изилдөө жана күйүп турган отто жашоо сыяктуу иллюзияларды аткарып элдин эсин оодарган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 123
  • 124
  • 125
  • 126
  • 127
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 11:45

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: