аууу...кутуп жатабыз,саргайып.
..
Сыртымдан баары жакшы.
#243 07 April 2015 - 15:16
Мен озумун жашоому элге жарыялап, бироону жамандап, озуму жакшы корсотуп эмне пайда табат элем.Бирок баары бир бироолор учун сабак болот экен. Мен Мырзайымдын жашоосунан кооп нерсе алдым.Анткени мен да Мырзайымдын апасына окшоп мерез болуп бараткан экем.Кээде капа болуп турганда, болбогон эле нерселер учун балдарымды уруп да койчумун, азыр эстеп журогум да ооруп кететет. Кайсы бала эле эненин мээримин каалабасын.
Азыр кызым чоноюп калса да коркок.Эмнелерди гана башыман откорбодум.
Эми да болсо балдарымы кучактап ыйлап-ыйлап алам.
#244 07 April 2015 - 15:21
Эжеке рахмаат сизге,сиз байкуш ачык,айрым жан экенсиз,куйоонуз кандай адам эле,анда сезим,туюм деген нерсе жаралбаган экен окунучтуу!
!!
#245 07 April 2015 - 18:18
chindiginda oto okynychtyy eken sizdei aialdar byl dyinodo az bolso kerek , misali men mindai jashoogo chidabasam kerek ele ... baktylyy bolun daima
#246 07 April 2015 - 23:40
Иий Алмандын менин жолдошума окшош жактары баркен, журооноктугу менен ичкенинен башкасы.
Назка
#248 08 April 2015 - 18:42
Мезгил сенин озгорушуну кутуп турбайт тура.Кызым 3 класска окуп, балам 5 жашка чыгып калды.Бул аралыкта деле аябай катуу урушуп кетпесек да тыптынч жашоо болгон жок.Алман да иши боюнча болок жакка которулуп иштеп жатты.Жакыныраак жерге бизди кочуруп барбай эле Алман озу эле иштеп атты.
#249 08 April 2015 - 18:59
Мен бир айлыкты эле карап отурбай аз-аздан болсо да акча чогултуп , азыраак товар менен базарга соода кылып баштадым.Соода ордубуз жон эле 2 стол анан жипти туурасынан тартып ага чынжыр улап товарларымы илем.Эртен менен товарларымы алып чыгып жайып, кечинде жыйып уйго алып кетем, бироонун тачкасын сурап алып.Алар да берсе берет, бербесе, кызым экообуз улам тынып уйго жетебиз.Кичине соода болуп калганда тачка жалдап калабыз, укмуш болуп.
#251 09 April 2015 - 01:57
Ишемби, жекшемби кундору Дордойдон барып товар алып келем, узун жол басып кудайлап.Коншу айылда мал базар болгон кундору танкы 5 те кетем товарымы жуктоп, кээде айылдарды кыдырып кочмо базардай кыдырып соода кылып келем.Ал эми озубуз жашаган жердеги орунга товарымы жайып, сабагынан башка убакта кызымы чыгарып коём.Ошентип журуп Алман менен да ишим болбой калды.Бирок аябай кыйналдым.Бирде стил киймими кийип мектепке чуркасам, сабактан башка убакта базарда.Мага кундун кандай откону билинбей калды, айрыкча эми эле жаздыка башыны коюп уктасан, бирпаста эле тан аткандай,кайрадан баягы туйшуктуу кундор башталат.Кызым да чыйрак болуп, мага жакшы жардам берип жатты.А Алман оз иши менен.. Дагы жакшы мектептен саатты азыраак алып эптеп жетишип жаттым.Кээде ишемби кундору кызымы бир кунго жооп сурап алып,товар алып келишкени Бишкеке ала кетем,кайра товар алып бутуп, тундоп жол журуп келебиз.Бул кундору Алман уйдо болуп калса баламы Алман алып калат, болбосо туугандардыкында калат, садиктен алып коюшат.Эми ойлосом кантип жетишчи элем, тан калам.Баса буга чейин эле уй салганга жер алганга жетиштик.Кантип дээрсиздер.
Озу алдына максат коюп, анан жалан ошонун устундо иштесен, ал максат деле тартылуу кучу мененби, айтор сага ал тилегин жакындайт экен.Жогоруда айткандай акча жок болсо деле баламы коляскага салып алып жерледи сурап, арзан уйлорду сурап журо бердим.Бир куну кудайдан болуп эле райондун борборунан , болгондо салынган уйлордун арасынан жер сатылаарын угуп калдым, сураштырып журсом мунун акчасы бар дешсе керек, биринчи озум эле барып кордум, жер жакты.Алманга айтсам, кайсы акчана аласын деп бол бой койду.Мен алам деп туруп алдым.Оюумда процентке болсо да алып, аны эптеп толойм дедим.Ошондой кылдым, жоопкерчиликти озум алдым да бироодон процентке акча алдым, жердин ээсине акчаны берип эле, жердин документтерин,
тил катын алып койдум.Эми акчаны толош керек.Базардагыларга пирошки, сосиска жасап сата баштадым.Кундо жасай берсен, анан изденсен жакшы жасап калат экенсин.Озумчо кардарларым бар, обедде менин тамактарымы кутуп, башкадан алышпайт,кээде жасабай калганда гана мени кутуп ачка калбасын деп,эртен келбейм деп айтып коём.Мектептин ашаканаларына да суйлошуп алгам, аздан болсо да откоруп беришет.Тамактан жакшы тушот экен, мисалы учтун эки болугу тушот.Тушкон акчаларымы жыйнап, алган процент акчаман аз-аздан кутулуп жаттым.
#253 09 April 2015 - 02:50
Бирок чыны кыйналдым, жыйынтыгы жок Алмандын жоругу учун кыйналганча , мында канча кыйналсам да бирок жерлуу болуп калганыбызга суйундум.Ошентип жерге алган акчадан да кутулуп буттук.Жердин акчасын тологучо менде уйку деле калган жок, ойлоно берип.Жакшы нерсе болсого айтылбайт, жазып тайып толой албай калсам , олдум дедим, мына мен айтсам болбой койгон дээри турган кеп эле. Алманымдын.
Кантсе бул менин биринчи ийгиликтуу женишим болуптур ошондо.Эми уй салыш керек.Уйдун чертёжун сызып, фундаментин куйдук, акчаларыбызды чогултуп, жармын толоп, жармын карыз кылып цемент алып.Кийики жылы дубалын тургуздук.Салып аткан уйубуз жашаган уйубузго жакын.Колек жасайбыз да улам кургатып уйо бердик.Анан ашар кылдык.Ашарга Алмандын уколору, классташтары,
менин акелерим келип атты.Дубалды кургак колек аралаштырып урсан тез эле которулот экен.Ошентип жоктон бар кылып уй салып аттык.Чындыгында коз коркок, кол баатыр деген чын экен.Дубалы да туруп калды.Уч комната салдык,узун-
туурасы 12×8.Жерди кошпогондо , цементти алдык калган куч эмгек озубуздон болду.Кээде саман, аны-муну керек болуп, бирок акча жок болуп калат.Бул убакта мен барып каяктан болсо да таап келем карыздап болсун.Анткени тамды кайсы акчана саласын десе да болбой мен баштатып алгам да, мен таап берем деп.Курулуш материял саткан магазин да жакын болчу кудай жалгап.Саманды устумо артып эле которуп келе берем, эмне болсо ошо болсун, иши кылса иш токтоп эле калбаса деген максат менен.Кызым чоноё баштаганга менин кебетемен уялып калат, апа менин классташарым корсо уят деп.Кызым эч нерсе болбойт стройкада ушундай болот, стройка бутсо сен уялбаган жакшынакай апа болуп алам дейм.
#254 09 April 2015 - 03:10
kychtyy aial ekensiz kyioonyz ozyno ishenbegen joopkerchiligi jok erkek eken a sizge yigilik kaalaimdaima ishinizde yigilik bolup dagyda yilordy kyryp kop ishterdi bytyro berin salgan yiynyz yryskylyy yi bolsyn...
#255 09 April 2015 - 03:17
Ошентип уйубуздун дубалы туруп калганына экинчи жыл болуп баратат.Мен жогоруда айтканымдай базарга да чыгып алгам.Эки тараптуу иш менен кыйналганыман базарды жыйнаштыра турган болуп калдым. Ушу кундордо Алман экообуз дагы урушуп кеттик.Алмандын кесиптик майрамы болчу, аялдарын да алып барышкан.Алмандын ушундай отуруштарда эшике чыгып кетип жоголуп мас болуп келмей, кээде бутоордо келмей да адаты бар.Сурасан урушат, отура бербейсинби эми, башкалардын деле аялдары отурат го деп.Алар деле мендей болуп сурашабы билбейм.Бул жолу да эшике чыгып кетип жок,мен дагы конулуму чогоргум келген жок,столдо отургандар эмне болсо, ошо болуп, бийлеп ырдап журо бердим.Алманым бул жолу келип байкатпай мени байкап отура бериптир.Бир убакта Алманды мен да коруп калдым.Короорум менен башкача болуп калбай кандай журсом ошондой журо бердим конулдуу болуп.Ана коруп ал уйго келгенде, конулдуумун артыгы чыкты го, ошондо.Уйго келдик.Алман бир топ эле мас болчу.Мен деле сактанып аткам.Алмандын айтуусу боюнча мен бузулуп бараткам, бироону таап алгам, ошол учун мурункудай Алмандын ото ойлобой калган имишмин.Кийики кундору ачылып кетиптирмин,
бугун да ачылып отуруптурмун,
менин жаным кашайып кетти, эмне деп ойлосон, ойло бирок мен сен коргон ж...дан эмесмин дедим.Козумон от чагыла эле тушту, чекмен ысык кан сызылып ага баштаганын билем,бир азга конулум карангылай тушту.Чекем жарылып кетиптир, баштын териси калын болот экен.Ваннаны ичинен илип алып, ыйлап да чекемин канын токтото албай аттым.Алман тынчып калган, бирок мас болсо да уктабаптыр.
Мага келе алган жок, бирок озунон кор дегенсип, дагы деле согунуп-сагынып атты.
#256 09 April 2015 - 03:49
Ойлонгон ой,,кыялданган кыялдарымын баарын бирпаста шамал учуруп кеткенсиди.
Мени эми кетип калат десе керек, аяштарым келди эртеси куну кечинде.Арак-
шарабын которушуп,менин бир ачууму сурап.Бирок мен аларга чейин эле ойлонуштуруп койгом, эмне кылышты.Алманым дагы мас,мени улам кучактап, ооп кечирим сурап журот.Аяштарыма эч нерсе деген жокмун, болгону биздин турмушубузду ойлоп ,кадырынарды салып келгенинерге ырахмат дедим.Эмне демек элем, мага чейин эле Алман болушунча кандай айтса айткандыр.Алманым аяшарыбызга деп мага айтпай эле, тамак асып коюптур.Жаным жер тартып , жаткым эле келип атты.Менин чечилбегенимен аяштарым бул иш ушу менен эле калбасын сезип эле кетишти.
#257 09 April 2015 - 04:29
Мен эми созсуз ажырашам дедим.Уйдун устун жаптырып туруп сатам да бир комнат болсо даяр алам дедим оюмда.Баса Алман буга чейинки аралыкта бир жылдай иштебей калган, айылга жургунчулорду ташып жургон эле.Тапкан акчасына терек ала бермей болгон.Мен суйунгонумон,
анда жакшы, сен терек эле ала бер тапкан акчана, мен балдарды эптеп мен багам деп суйунуп алгам.Чын эле тамга толук жетпесе да бир топ эле терек чогулткан.Кийинки жылы,эми баягы чогулткан теректерини алып келип, эми тамдын устуно аракет кылалы десем,аны атамдар сарай жаап алыптыр деп отурат.Дубалы тургандан кийин ошон учун эки жыл туруп калды.
Мен торкунумон барып терек сурай баштадым.Озубуздун уйдо теректер бар болчу.Алар кобуроок берди, башка эшигинде тереги коп туугандардыкынан уятты жыйып салып эле сурап аттым.Беришти. Билгендерден 12×8 ге канча кетээрин, канчаны,канча метр кылып кыркыш керек экенин сурап алдым,запаска туура эмес болуп калбасын деп айткандарынан узунураак кылып кырктырдым. Бергендердин оозунан чыгаары менен кырктырып алып аттым.Эми щифер алыш керек.Щиферге акча чогулта баштадым.Базардагы товарларымы эптеп арзан болсо да откоруп аттым.Ары эки тараптуу иштен аябай кыйналып кеттим. Максатым эптеп уйду жаап туруп сатып жибермей.Албетте Алман буга макул болушун да кудай билет.Эмне болсо да биягы буто берсинчи дедим,щиферге дагы эле акча жетпейт.

#258 09 April 2015 - 04:36
Ишемби, жекшемби кундору Дордойдон барып товар алып келем, узун жол басып кудайлап.Коншу айылда мал базар болгон кундору танкы 5 те кетем товарымы жуктоп, кээде айылдарды кыдырып кочмо базардай кыдырып соода кылып келем.Ал эми озубуз жашаган жердеги орунга товарымы жайып, сабагынан башка убакта кызымы чыгарып коём.Ошентип журуп Алман менен да ишим болбой калды.Бирок аябай кыйналдым.Бирде стил киймими кийип мектепке чуркасам, сабактан башка убакта базарда.Мага кундун кандай откону билинбей калды, айрыкча эми эле жаздыка башыны коюп уктасан, бирпаста эле тан аткандай,кайрадан баягы туйшуктуу кундор башталат.Кызым да чыйрак болуп, мага жакшы жардам берип жатты.А Алман оз иши менен.. Дагы жакшы мектептен саатты азыраак алып эптеп жетишип жаттым.Кээде ишемби кундору кызымы бир кунго жооп сурап алып,товар алып келишкени Бишкеке ала кетем,кайра товар алып бутуп, тундоп жол журуп келебиз.Бул кундору Алман уйдо болуп калса баламы Алман алып калат, болбосо туугандардыкында калат, садиктен алып коюшат.Эми ойлосом кантип жетишчи элем, тан калам.Баса буга чейин эле уй салганга жер алганга жетиштик.Кантип дээрсиздер.
Озу алдына максат коюп, анан жалан ошонун устундо иштесен, ал максат деле тартылуу кучу мененби, айтор сага ал тилегин жакындайт экен.Жогоруда айткандай акча жок болсо деле баламы коляскага салып алып жерледи сурап, арзан уйлорду сурап журо бердим.Бир куну кудайдан болуп эле райондун борборунан , болгондо салынган уйлордун арасынан жер сатылаарын угуп калдым, сураштырып журсом мунун акчасы бар дешсе керек, биринчи озум эле барып кордум, жер жакты.Алманга айтсам, кайсы акчана аласын деп бол бой койду.Мен алам деп туруп алдым.Оюумда процентке болсо да алып, аны эптеп толойм дедим.Ошондой кылдым, жоопкерчиликти озум алдым да бироодон процентке акча алдым, жердин ээсине акчаны берип эле, жердин документтерин,
тил катын алып койдум.Эми акчаны толош керек.Базардагыларга пирошки, сосиска жасап сата баштадым.Кундо жасай берсен, анан изденсен жакшы жасап калат экенсин.Озумчо кардарларым бар, обедде менин тамактарымы кутуп, башкадан алышпайт,кээде жасабай калганда гана мени кутуп ачка калбасын деп,эртен келбейм деп айтып коём.Мектептин ашаканаларына да суйлошуп алгам, аздан болсо да откоруп беришет.Тамактан жакшы тушот экен, мисалы учтун эки болугу тушот.Тушкон акчаларымы жыйнап, алган процент акчаман аз-аздан кутулуп жаттым.
Кечиресинер жогорудагы бир жеринде акча бодсо деле деп жазылып калыптыр, болбосо деле деп окунуздар.Коптон кийин ондогонго болбой калат экен.
Кечиресинер жогорудагы бир жеринде акча бодсо деле деп жазылып калыптыр, болбосо деле деп окунуздар.Коптон кийин ондогонго болбой калат экен.
#259 09 April 2015 - 11:12
Товарларымы откоруп, болгон акчаны топтоп щиферге бердим, бир аз жетпей калды.Акчасын алдын ала берсем арзаныраак алып келип бермек болгон.Щифер 3-4 кундо эле келип калды, жетпеген акчаны издеп журом Алманга айтпай ,керек болсо щиферге заказ бергеними да айтакан эмесмин.Дегеле табыла турган туру жок.Айла жок Алманга айтышка туура келди.Эми теректи алып келип, уста жалдап жаптырып сатып жиберем деген жаман оюм кайра бузулду.Оюмдагы планымын баары ишке ашкыча , чекем жарылып, ыза болгонум, келген жинимин баары таркап да кетти.Бирок Алманга болгон ызам ошол бойдон эле калды.Кечирим сурашуунун бир жагы жакшы болот экен, ошол менен аны эми кечирим сурабадыбы,
кайра эстебейин дейт экенсин.А Алман ичинен эмне деп журот билбейм.Айттым , тиги жакта теректерди сурап да кыйдырып койдум деп.Алман биринчи ишенген жок окшойт, барып коруп анан ишениптир.Жуктоп келди.Баса щиферге жетпеген акчаны да Алман иштеген жеринен таап келди.Акчаны берип, щиферди да салынган уйдун эшигине тушуруп жыйып койдук.Деги уйронгон адат калбайт экен го, мен тагдырдын башыма салганына баш ийип бердим.Кандай салса ошондой кабыл алдым.Алман бир айдын ичинен, 10 кун эле ичпей калса 20 кунун ичет.Ичпе деп да айткан жокмун.Иши кылып эле уй бутуп кетсе дейм.Ары бизде иш илгери болсун деп бирдеке-сирдекеси менен созсуз бир шишесин ала келишет эмеспи.Алман строй материялдарды уурдап кетет деп жаны уйдо калат, биз кетебиз.Бир куну отум ооруп уктай албай,балдарды сыртынан кулптап коюп Алманга келсем жок, машине-сашинеси менен жок.Келгенин келип алып, кайра артка кете албай жаны салынган тамдын бир бурчунда отура бердим келип калаар деп, тунку саат 2 болчу.Отуруп уктап кетиптирмин,
Алманым келди танкы 6 ларда.Мени коруп чочуп кетти.Олуп кет дедим, строй материялдарынарды бироо уурдап кетип атат дегенинен келгем тундо,кайтарганын ушулбу дедим.Каяка бардын деп сураган да жокмун.Олуп кет, дедим ичимен.Баарын кылып, баарын жасап кордум эмне кылайын анан.Кайын энеме да эки -уч жолу айтып кордум.Кайын энем
деле озунун айтуусу боюнча кайнатам ушундай болгон экен. Бир куну эшеке суу артып келгени сайга барса, кайын атамын машинеси турат имиш, кайнэнем барса ичинде бир аял менен отурган экен.Ошо менен эле бутуп калбай сен эмне мени андып барасын деп , тиги аялды салып алып уйго келген имиш, эми эмне кылып аласын деп.Эркеке ишенгиче эки босогоно ишен, эми мине кылайын, мунун атасы ушундай болчу.Сеники да сага корсотпой жасап атпайбы,дейт.
Мен эми кетпейм дедим.Тамды буто жаздап калдык.Кетпей кегинди ал дегендей.Кетип калсам деле болмок, ушу кылгандарын оз бетине гана чиркоо болот дедим , ичимен.Бирок кочодо кетип баратып мени бироолор карап калса,эмне деп суйлошуп атты экен, баягынын аялы да деп атышат бекен деген ойлор башыма келе берчу болду.Тамды тырмышып атып бутурдук, кредит алып.Кредитти да алдырбайт.Аны да жашырынып бироолорго кошулуп алдым, групповойго, бирок азыраак эле.Тамга бата алдык, алыбызча. Менин толук себим да келе элек болчу, андыктан уйго керектуу жумшак мебел, залга чон килем алып келишти. Кантсе да жаны там да, козумо сонун корунот.Сырты кара шыбак бойдон эле.Там салгыча чындыгында жакшыраак кийим деле алган эмесмин, муну кийип кычырамыш болбой эле койдум, же устубуздо уйубуз жок болсо деп. Торкундорум уй корду кылып келээринде ачык эле айткам, мага чупурок жоолук алып келбегиле , андан коро ошонун акчасын бергиле, же мен озум тандаган нерсени эле алып бергиле дегем.Кудай жалгап ачык айтканым ырас болуптур, уялышканынан отук,, пальтонун, шапканын жакшысын алып беришти.Уй да бутуп конулум бир аз да болсо сергип калды.Уйубуз мектепке базарга жакын.Алман да кайрадан озунун ишине кирип иштей баштады.Мен озумо коп карачу болдум.Эл эмне десе ошол десин дедим.Мен Алманга карап атайын жонокой кийинчимин, эми таптакыр башкача болбосо да, озумо жарашыктуу кийимдерди, кээде кымбат алсам, кээде арзанынан аралаштырып коём.Кийим жарашыктуу болуп турса, арзан деле жакшы корунот эмеспи.Кээ бир кийимдерими озум тундоп отуруп эле тигип алам кымбат кийимдерге окшоштуруп. Бир жагынан эч кимдикине окшош эмес, баасы канча экенин да эч ким билбейт.Ошентип ачылып кеттим, Алмандын тили менен да башкалардын тили менен да.Бир гана Алманга мен кайсы жерде болсо да башымы бийик которуп журо алам, эч кимден бекинбейм, созум да кыска эмес, мени деген Мээрим дейт.Сен мени бироолорго окшоштурба дейм.Анткени Алмандын дагы бир мунозу эл коп жерге баргысы келбейт, копчулук эле адам ага бузулган, жаман.Мен ал учурда, мен учун баары жакшы,алардын андай кылыктарын билбейт экемин, мага корсотушпойт дагы дейм.

#260 09 April 2015 - 11:13
Аябай эрки кучтуу аял экенсиз.Сиздин жазганынызды окуп кыйла озумо сабак алдым.

Супер-Инфо
super.kg
видео