Өткөндө, университеттердин бирин кире беришинде бош тактай асылып, ортосуна кичинекей кагазда ушул суроо жазылып турганын көрүп илхам келип кетти. "Жашоодон эмне каалайт элең?"
Көп өтпөй ар ким ар кандай жоопторду жазып калтыра башташты. Суроонун айлансы түстүү кагаздарга жазылган түрдүү жооптор менен толуп кетиптир. Мисалы?
- Бир стакан чай. Эки шекер болсо бүт нерсе бекер болсо
- Уул каалайт элем.
- Тынчтык болсун!
- Апам уруша бербесе...
- Сабактардан калып калбасам экен
- Лидерлик сыпат берилсе...
- Сулуу кыз
- Ден соолук
- Машинама дөңгөлөк керек, деп жазгандар да бар.
Кыскасы, юмор аралаш, пайдалуу, кеңешти да ичине камтыган курч сүйлөмдөрдү күтүп калабыз.
Анда, баштадык!
PS: Көптөн бери кирбей жүрүп көп нерседен алыстап кеттим. Темага окшош тема ачылган болсо бириктирип койгула.
Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 10 Апрель 2015 - 16:11