Суперстан: Жаш акын Максат Жангазиев - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жылдыздар жана биз
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жаш акын Максат Жангазиев Жаш акындын ырлары

#1 Пользователь офлайн   A3A   08 Апрель 2015 - 13:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 457
  • Катталган: 03 Апрель 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2017 22:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Токтогулe

Токтогулдун торгою Максат Жангазиев
19ХХ-жылы 7- август.
Жаш экенине карабастан көптөгөн ырларды жараткан, Жүрөк үнү аттуу китеби жарык көргөн.
Ырлары менен бөлүшө кетейин.

БОРООНДОГУ ЫР...

Аяктабай кыш сапары эмгиче,
Аяз жүрөт этек-жеңди чымчылап.
"Ушул суук балээ болду" деп коюп,
Улам элдер кейийт жака кымтылап...

Сейил бак да аппак болуп бир укмуш,
Сезимимди арбайт кыштын жамалы.
Түбүң түшкүр сүйүү сууктан алсызбы?
Түк көрүнбөйт кыз-жигиттин карааны...

Сүйгөнүмдү чакырсамбы же өзүм,
Сүрөт, пейзаж жагар эле ар дайым.
Коомайланып назик эле бирок ал,
Кой кокуйгүн, суук тийгизип албайын...

Коньки тээп ойноого да болчудай,
Калаадагы жолдун баары тайгалак.
"Шуу-шуу" этип 120 ны кармабай,
"Шумахерлер" демейдеги жай
барат...

Күмүш түстүү төшөлгөнсүп баркыттар,
Күзгү болуп тоңгон экен балчыктар.
Не болду экен азыр кышты сүйгөндөр?
Не болду экен үйсүз калган байкуштар...

Аянттагы сүрөтчү жок эл тарткан,
Аяз аны ооруткан го "бир уруп".
Жалтаң карап, акча таппай бечара,
Жатса керек аялынан тил угуп...

Эртең эле бирок кайра жаз келет,
Эх чиркин ай, кандай бакыт тирүүлүк.
Жалын болуп суукту тоотпой барам мен,
Жаңы бир ыр жазганыма сүйүнүп...



Сен мени сүйчү чындап...
А бирок кир болбосун кыпындай да!
Казаттан келген сымал чарчап турам,
А сүйүүң кубат берсин ушундайда...

Сен мени сүйчү чындап...
Ансыз да боздоп көңүл, ич эзилди.
Артыма кайрылайын баш көтөрүп,
Аскадан бой таштатпай ишенимди...

Сен мени сүйчү чындап...
Жол бербей бузулууга, булганышка!
Көз болуп сүйүүң менин көөдөнүмө,
Кайра келген болоюн бул жарыкка:

Сүйөйүн дос, душманды,
Сүйөйүн табиятты, сырдашайын!
Жар салып махабаттын кудуретин,
Жан эргип, кайра баштан ыр жазайын!

Чын сүйчү... Мен да сүйөм...
Далилдеп сүйүү баркы бийиктигин!
Бактылуу кылалбасам булар үчүн,
Кайсы анда мырзалыгым, жигиттигим!

БИР СҮРӨТ…

Айга, Күнгө теңебеймин сизди мен,
Андан балким артык болуп жүрбөңүз.
Ашык болуп калганымды жашырбай,
Аша чапсам азыр эле тилдеңиз.

Көзүңүздү карагаттай дебеймин,
Андан сулуу, андан мөлтүр балким ал?
Бир күмөнүм, бир күйгөнүм ушунда,
Бирок сүйгөн адамыңыз бар чыгар?

Деги кандай өзгөчөсүз өзгөдөн,
Дем болдуңуз дарысындай капамдын.
Эң кызыгы окшош чыкты атыңыз,
Бойдок кезде сүйгөнүнө атамдын.

Атам анын сактап койгон сүрөтүн,
Сүйсө керек таза, жаштык дил менен.
Арзуудагы анык урмат ушудур,
Апам аны өрттөбөгөн, тийбеген.

Сиз да мага бериңизчи бир сүрөт,
Болмок мага баа жетпеген байлыктай.
Сизге жетпей калсам дагы жашоодо,
Сактам жүрөм жубайыма айрытпай...



КАЗАК КЫЗГА

Ырыс чачкан ошол сырдуу кечте бир,
Ыр окуса карегинен от тама,
Жүрөгүңдү ээлеп кеткен, эстедир?
Жүлжүгүй көз, ыр жыттанган шок бала...

Укмуштуудай лира төгүп дилиңден,
Улагансың сен да анда ыр артын...
Таттуу кечтин унутпадым бирин мен,
Такыр сен да унутпаган чыгарсың..?

Эстегенде көнүл жибип, "аурмас" ,
Элес болуп күндөр калды эх кандай...
Билбейм анда не арзыштык "баурдас" ?
Бизди бөлөр жолдор барын эске албай...

Сагынычтар пайда кылган жок мага,
Сезилди бир санаа басып жүргөнү...
Кылт деп эске түшкөн чыгар шок бала?
Кыргыз ырын сен тыңдаган күндөрү...

Келер күндөр башыбызга келгиче,
Келечекти койду дейсиң ким билип...
Кадырыңа жетсе керек эмгиче,
Казактардан гүл арнаган бир жигит...

А мен болсо кыргыз уулу, жаным бек,
Алп тоолордон үнүн уккан улардын...
Кыраандыгым гүлсүз эми далилдеп,
Кыргыз кызга көктөн жылдыз сунармын...

Ырыс чачкан ошол сырдуу кечте бир,
Ыр окуса карегинен от тама,
Жүрөгүңдү уурдаганы эстедир,
Жүрөгү курч, кыргыз бала, шок бала...



ТИЛЧИНИН АРЗУУСУ

Сен жанымда жүргөндө санаам жоктой,
Сезим бийлеп жүрөктү, жанам чоктой.
Жашоомдо сен «ЭЭ» болуп калган үчүн,
Жандап жүрөм ар убак «БАЯНДООЧТОЙ».

Турам эми сүйүүдө болуп сараң,
Кызганычтан дилимди оорутпа жан!
Тоодой кылып, эч качан бөксөртпөстөн,
«ТОЛУКТООЧСУҢ» бактымды толуктаган.

Көңүлүмдү имерип кылдат гана,
Көзүңдөн сыр төккөнүң кымбат мага!
Болсо кокус ортодо таарынычтар,
Алалы аны «КАШААГА», «ТЫРМАКЧАГА».

Улуу Күндүн илебин уурдагандай,
Эх, жүзүңдө жылуулук, нур бар андай!
Эми тилейм: Сүйүүбүз сакталса деп,
Эскирбеген, бүтпөгөн «ДИЛ БАЯНДАЙ»…

Билдирүүнү түзөткөн: A3A: 08 Апрель 2015 - 14:56

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   A3A   08 Апрель 2015 - 21:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 457
  • Катталган: 03 Апрель 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2017 22:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Токтогулe

ТАБЫЛГА

Бул мезгилди баары "күз" десе,
Талдар ийди карга шактарын...
Көптөр жазда сүйүү издесе,
А мен сени кышта тапкамын...

"Ичик-и-ий" деп суук бул таңда,
Ичиркенип турсаң жан эркем...
Баш каталбай а мен жуурканга,
Бир ыр жаздым бүгүн таң эртең:

"...Бирге курсак бакыт ордосун,
Буга эрким болгон күч үрөйт...
Мейли кандай бороон болбосун,
Биздин көңүл анда үшүбөйт...!

"Келди бул кыш неге эрте деп,
Кейий бербе жаным... кыш сулуу!
Жаай берсин карлар эркелеп!
Сен бар кезде дүйнө жып жылуу!!!

Сүйүүбүздүн көрүп түсүндөй,
Сүйчү мендей кыштын ак карын!
Сезимдерди жаздан күтүнбөй,
Сени анткени кышта тапкамын...! !!

:kiss3:

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: IMG_20150408_182745_12.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   A3A   09 Апрель 2015 - 17:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 457
  • Катталган: 03 Апрель 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2017 22:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Токтогулe

КӨЗ ЖАШТАРЫҢ АКСЫН ЖАЛАҢ БАКЫТТАН

Турмушуңдун так аткарып талабын,
Турсун дайым жаздай жаркып жамалың.
Бүркөлсө күн, кайра эртеси ачылат,
Бүркөлбөсүн бирок сенин кабагың!

Тартуулап көп тагдыр таттуу жемишин,
Түк сезбегин көңүл чөгүп, кемишин.
Жашоо өзү турат дешет сыноодон,
Жароокерим, арбын болсун жеңишиң!

Татынакай селким, сенден өтүнүч,
Таалайыңдан алсаң экен көп үлүш.
Салтанаттуу күн көп болуп өмүрдө,
Сага такыр жолобосун өкүнүч!

Жалаң гана кубанычта атып таң,
Жан болбосун сулуу көзүң жашыткан.
Айтарым бир: акса дагы көз жашың,
Ал көз жаштар аксын жалаң бакыттан!

Көз жаштарың аксын жалаң бакыттан!


БАКТЫҢ ҮЧҮН...

Жаман көрбө, кек сактаба, жарыгым,
Жарабастыр арам ойлуу эскермең...
Токтолбостон айтсам эми аныгын:
Тоодой бактың тоскум келбей кеткем мен...

Карабастан ойлоп тапкан аргага,
Кээде сезим миң себептен ийилээр...
Бекер сынып талкаланбай анда да,
Бекем бойдон калган жакшы сүйүүлөр...

Кечээ кокус бир кечеден жолугуп,
Көрө албадым көзүңдөгү отуңду...
А сен болсо кучагына бой уруп,
Атайылап жандап жүрдүң досумду...

Бербесем да ушунуңа нечен баа,
Болду менден жоголгондой муң арбын...
А сен “иттей” кызгантайын десең да,
А мен ичтен бактың үчүн кубандым...




СТУДЕНТТИК КУНДОР...

Кызыктарды коп эсиме саласын,
Козгогонсун далай сезим жарасын...
Суйуу тапкан, жолдош тапкан, ыр тапкан,
Студенттик кунум узап барасын...

Жан дуйнодо болбой анда маселе,
Жалын журок жапжаш эле, мас эле...
Сагындырып келип кетер коноктой,
Сапарын да карып барат бат эле...

Тентек эле сенде жазган бут ырлар,
Темирден бек деги кандай кучун бар?
Сезим менен чокту кечип, таш жарган,
Сенде калды эн бир сонун учурлар.

Билдирүүнү түзөткөн: A3A: 09 Апрель 2015 - 17:53

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   SULUU-KYZ   09 Апрель 2015 - 17:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 509
  • Катталган: 06 Январь 15
  • Соңку аракети: 08 Июн 2015 00:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:kyrgyzstan

yrlardy jakshy jazat eken.Ok.ru dan dagy okudum eleСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Kg.lady   10 Апрель 2015 - 14:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Тема ордун таппай адашып калыптырго, адабият жана поэзия тарапта турса жарашып калчуудай экен.

Неге туулган жылын жашырып койду экен, кызык? Эч ким билбесин деген жери бар беле?:)

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   A3A   11 Апрель 2015 - 17:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 457
  • Катталган: 03 Апрель 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2017 22:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Токтогулe

ЖҮРӨГҮМ ЭКӨӨ БОЛГОНДО…

(Азил аралаш )

Бир болгон үчүн жүрөгүм,
Бирөөнү жандап жүрөмүн.
Билдирип ага арзуумду,
Бирөөнү гана сүйөмүн.

Ээси бар демек санаамдын,
Эх сүйүү жактан сараӊмын.
Мунумдун баарын билсеӊ да,
Мени не сүйдүӊ каралдым?

Салсам да суроо эсиӊе,
Сүрдөйсүӊ айтпай бетиме.
Көздөрүӊ гана үн катат,
«Арзуумда менин не күнөө?»

Бир сезим катып, мага бат,
Билдируу жазсаӊ «агалап»,
Азапты тартам сенден да,
Ар тамгаӊ көнүл жаралап.

Жолдобойм жооп да, жемемди,
Жолугар жигит мен өӊдүү .
Тартылып алтын сөзүӊө ,
Таарынткым келбейт жеӊеӊди.

Алалбай үзүп үмүтүӊ ,
Азапты тарттыӊ күнү-түн.
Ажарлуу, ачык карындаш,
Азайып барат күлүшүӊ.

Бар санаам менин толгондо,
Батамын мындай ойлорго:
Жашатып алмак экемин,
Жан дүйнөм экөө болгондо…

Жүгүртпөй сүйүп алмакмын,
Жүрөгүм экөө болгондо…




«КИРГИЗДЕРГЕ»

Көкүрөктө намысыңды карма бек!
Көзүңдү ачып, кыргыздыгың танба көп!
Алмаштырып сүйлөсөң да тилиңди,
Атың дале «Алмагүл» же «Жармабек»!

«Киргиз» болуп өзгөрүлгөн бат эле,
Тилиңде эмес, өзүңдө бар маселе!
Кыргыз тили «тост сүйлөөчү» тил эмес,
Кыйшалаңдап сен отурган кафеде!

Бул жашоого кечээ гана келип сен,
Бай тарыхың өгөйлөйсүң неликтен?!
Кыргыз тилде бата берип бабалар,
Кыраан уулдар эл душманын жеңишкен!

Акылга түй, сөөккө жеткен сын жаман!
Адам болбо өз абийириң булгаган!
Бул дүйнөгө кыргыз уулу келгенде,
Бешик ырын кыргыз тилде тыңдаган!

Кыргыз тилиң өчкөн эмес, өскөн тил!
Кылымдардын кыр-жонунан өткөн тил!
Жеңижоктой улуу, залкар таланттар,
Жети күнү санаттарын төккөн тил!

Оо, али да сен чече элек түйүн миң…
Кыргыз болуп туулганыңа сүйүнгүн!
Сен сүйгөн РЭП жолдо калат суу кечпей,
Сезсең баркын «Манас айткан» тилиңдин!

Жат тил өздөй талабыңа көнбөстүр,
Жарды дебей, эне тилиң өздөштүр!
Кыргыз тили - улам келер муун сүйлөп,
Кыргыз барда, эч убакта өлбөс тил!

Көкүрөктө намысыңды карма бек!
Көзүңдү ачып, кыргыздыгың танба көп!
Алмаштырып сүйлөсөң да тилиңди,
Атың дале «Алмагүл» же «Жармабек»!





ЧӨНТӨГҮМӨ БАКЫТ САЛЫП БАРАТАМ…

Сени көздөй жолго чыктым бүгүн мен,
Сезимдердин баарын алып кучактап…
Кыя жолдор көз алдымда кыскарып,
Кыялдар оов ал-ансайын учат бат…

Кучак толо сезимдердин ичинде,
Кубат болор жылуу мээрим көрүнөт...
Эх жана да жашырбастан айтайын,
Эңсөө менен сагынычым көбүрөөк…

Арасында сезимдердин үлбүрөп,
Аруу үмүт бар сүйүү отун жандырар…
Билинбестен, түйшүк болуп анан да,
Бир аз куса, бир аз, бир аз кайгы бар…

Дегдеп көңүл а сен күтсөң керек ээ,
Деги кандай белек бар деп татыктуу…
Чөкпөй турсун көөнүң, эркем... башкысы,
Чөнтөгүмө салгам сендик бакытты…

Чаң жугузуп албайын деп, кастарлап,
Чөнтөгүмө салып алгам бакытты…

Билдирүүнү түзөткөн: A3A: 11 Апрель 2015 - 17:32

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   A3A   11 Апрель 2015 - 17:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 457
  • Катталган: 03 Апрель 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2017 22:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Токтогулe

Ааламда теңдеши жок апакелерибиз узак жашасын!

КҮЛЧҮ, АПАКЕ!

Ыр деп апа, кармап жүрөм каламды,
Ырасында билбейм пайда табамбы.
Дабаа таппай жүрсөм сизге кечирчи,
Доктур болбой, «акын» болгон балаңды.

Туу болдуң ээ, балаң үчүн миңден миң,
Турмушумда баарын сизден үйрөндүм.
Бирок сиздей асыл адам боло албай,
Булганганын карачы, апа, дүйнөмдүн!

Мен кыйналсам, көздөн чыгып ачуу жаш,
Мага сиздей бирөө күйүп, жашыбас.
Билем бирок бир тамчыңа жашыңдын,
Менин кылар миң мээнетим татыбас.

Бир үшкүрбөй, азабыма чыдап миң,
Башка сиздей данакерлик кылат ким?
Сиз бар үчүн Жер огунда айланып,
Сиз бар үчүн Ааламыма чыгат Күн.

Жан дүйнөңө мен деп кайгы топтолуп,
Жашысаңыз, жаным кейип, от болуп,
Ааламдын бир кызыгы эмес, апаке,
Аалам өзү кетет мага жок болуп!

Күлчү, апаке, ошол бакыт, керемет!
Күлкүңүздөн жазга айланат төгөрөк!
Азабыңдын актабасам бир күнүн,
Алдыңызга баш урайын чөгөлөп!

Мээримиңдин актабасам ирмемин,
Мен алдыңда өтөйүнчү чөгөлөп!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   A3A   13 Апрель 2015 - 12:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 457
  • Катталган: 03 Апрель 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2017 22:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Токтогулe

Мындан бир жыл мурун 30-майда Максат Жангазиевдин алгачкы ★ЖҮРӨК ҮНҮ★ аттуу китебинин ачылыш аземи КТРканын концертик залында өткөн.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: IMG_20150413_094633_1.jpg
  • Прикрепленное изображение: IMG_20150413_095935_21.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: A3A: 13 Апрель 2015 - 13:16

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   A3A   13 Апрель 2015 - 13:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 457
  • Катталган: 03 Апрель 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2017 22:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Токтогулe

БИР КИЧИНЕ КАЛААДА...

Журсок деле сыр бербей, тогун кулуп,
Журокто мун...ызаа куч...конул сынык...
Бириге албай кош журок келет дале,
Бир кичине калаада омур суруп...

Кулагансып сезимдин чокусунан,
Кубат кетип, умуттон от учурам...
Билдирбеймин, а бирок сыздайм кээде,
Бир маршруттан кезиксек кокусунан...

Жансам деле сабырды кылып бекем,
Жаш каректер тиктешсе сынып кетем...
Кайгы сыйбай коодонго, шол маршруттун,
Каалгасын тарс уруп чыгып кетем...

Жан дуйнобуз ажырым эки улуштой,
Жаным сыздайт ок жеген кекиликтей. ..
Кочо, маршрут кесилип, кыйналдык ээ,
Конулдордун маршруту кесилишпей. ..

Жаза тарттык жургонго кечиришпей,
Журоктордун маршруту кесилишпей...

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: IMG_20150413_095941_22.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   A3A   13 Апрель 2015 - 13:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 457
  • Катталган: 03 Апрель 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2017 22:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Токтогулe

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: IMG_20150413_101146_15.jpg
  • Прикрепленное изображение: IMG_20150413_100314_0.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   altyn_kyz   13 Апрель 2015 - 15:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 97
  • Катталган: 17 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Окт 2017 10:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Aiylym altyn beshigim!

"Билдируу жазып турчу",деген ыры аябай жагат да.
Sen meili alys bolgun jan tumarym.
Koz jetip kol jetpegen munaryktai...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   altyn_kyz   13 Апрель 2015 - 16:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 97
  • Катталган: 17 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Окт 2017 10:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Aiylym altyn beshigim!

1992-жылкы
Sen meili alys bolgun jan tumarym.
Koz jetip kol jetpegen munaryktai...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   A3A   14 Апрель 2015 - 16:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 457
  • Катталган: 03 Апрель 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2017 22:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Токтогулe

2011-жылдан 2013-жылга чейин ★ТҮНКҮ БЕЛЕС★ радиосунда диджей болуп эмгектенген

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: IMG_20150414_130631_18.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   aqua-94mema   14 Апрель 2015 - 16:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Озу да келишкен жузунон нуру тогулгон мырза экен . чыгармачылык ийгилик каалайм !. болсо дагы жазып турунуз АЗА мырза .
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   A3A   14 Апрель 2015 - 23:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 457
  • Катталган: 03 Апрель 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2017 22:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Токтогулe

ЖАКШЫЛАР ТУГОНБОСУН ЖЕР УСТУНДО...

Куугумдор Кун нурунан эрип кундо,
Кун батса Ай жарыгын берип тунго,
Жашоонун арабасы журот тура,
ЖАКШЫЛАР жургон учун жер устундо...

Жай жылбай учат мезгил закымдаган,
Жашоонун мыйзамынан башым да ман.
Шордуу кун ЖАКШЫЛАРДЫ туготкондо,
Шол куну болот тура акыр заман...

Жанымды соолуттурар жайдан качып,
ЖАКШЫНЫ жургум келет жандай басып...
Азгырык дулой кылып турган чакта,
Азандын унун угуу кандай бакыт..!

Озокту санаа менен жерип кундо,
Ор шашам озгорулгум келип кундо.
Жанашып алгычакты мен аларга,
ЖАКШЫЛАР жашаса экен жер устундо...

ЖАКШЫЛАР тугонбосун жер устундо...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   anya   28 Май 2016 - 23:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 132
  • Катталган: 08 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Фев 2021 21:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ырлары жагат коп окуйм .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жылдыздар жана биз
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Авг 2025 02:17

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: