Суперстан: "Кылым карыткан өмүр" чыгармасы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Кылым карыткан өмүр" чыгармасы Уч доордун тагдыры. Болгон окуя

#21 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   14 Апрель 2015 - 06:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Туну бою тынгылыктуу уйку корбой, оюна ар нерсе келе берди. Дагы эле жылан оюнан кетпейт. Тээ энеси айтып калчу эле. Бала жылан келип бешикте уктап жаткан кезинде тошуно жатып алганын, андан кийин согушта жыландын шыбышы угулуп турса да маани бербей конулкош болгонуна окунуп жатты. Корсо жылан назарын салган адамына омур бою берилип, кастарлайт тура. Биз жылан деп жийиркенип, ичиркенип турсак, алардын да улугу болот тура. Бекеринен шаймердендин тукуму дебесе керек. Ал эми ханышасы туралуу озунчо эле бир кеп. Тобосундо муйуздой болгон аппак таажысы бар, муштумдай болгон аппак жылан. Ал жаныбардын тилинде гана суйлобостон, адам тилинде да суйлой алат. Дуйнодо мындай боорукер адилеттуу ханыша жок болсо керек.
Ээх адамдар жыландардай болушса, далай жаман кылык адаттардан арылмак беле.
Ногойбай жыландар туралуу кийин гана угуп билди. Мурдаарак билсе гана, мындай окуяга кириптер болбойт беле. Кантсе да адамдын кенебестиги женет тура. Канткен кундо да адам менен жаратылыштын ортосундагы байланыш узулбойт тура.
Тан эрте турушуп, жуунуп тазаланып, чайга отурушту да эч ким жолтоо болбогондой бир болмого болунуп кетишти. Молдоке малдаш токунуп отурду да аяттарын окуй баштады. Бир убакта Ногойбайдын козуно чон келемиш корунду. Корунуп кеттиби десе, жок аркы жактан берки жакка отуп кеткендей болду. Андан кийин эле аркасынан жайнаган чычкандар ото баштады. Деле сан жетпейт. Ото беришти же аягы суюлчудай эмес. Бир убакта кайнатасы буттум дегендей ишарат кылды. Так ошол убакта чычкандардын аягы суюлгандай болду. Эшикти караса куугум болуп калган экен. Кайнатасынын чарчаганын сезип, аяп турду. Бир топ жашка чыгып, карылыкка моюн сунган кези эле. Ооруп калбагай эле деп кабатырланып атты. Ырас касыя окуп атканда киши алдан тайып, ээси ооп калат. Тим эле жонуна туз жуктогонсуп, шайы оойт.
Кайнатасы дагы эки кун калды. Кудайым дем куч берип аягына чейин окуп берсем экен деп атты.
Ногойбайдан чычкандар туралуу укту да, ар бир окуган сайын жакшылап байкап тургун деди.
Экоо ордунан турушуп, эс алып нар алмакка жоношту.
Ногойбай чала була тамак ичкен боюнча жатып калды. Башы жаздыкка тиери менен тырп этпей уйкуга кетти.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   16 Апрель 2015 - 04:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Дубанын касиети же кучтуулугубу айтор бир кун кечке отурса да жумуш кылган немедей чарчатып, Ногойбайдын шайы ооп турса да озун карманып атты. Бугунку экинчи кун дагы ушинтип бутту. Кечекидей эле чычкандар отуп жатты тынбай. Баягы корбогон козу тунарып, агарган сымал нурлар корунуп атты. Оо кудайым озун жалга, козум коруп кетсе экен деп узулбогон умутуно от тутангандай болду.
Кайнатасы алдан тайып турса да сыр бербей, дегиле карылыкка моюн сунгандай эмес. Чарчап атсада шайдоот кыймылдап, ордуларынан туруп жоношту. Бирок колу бутун майда калтырак басып, бети кубарып турду. Кантсе да карылык озунукун алат тура. Жаш, кубаттуу кезинде, жети кун тынбай аят окуса да, ооручу эмес эле чиркин. Ал кундор кайрылбайт тура атаганат деп кейип тим болот.
Эртеси куну дагы тан азанда турушуп, окусун улантышты.
Молдо аятын кандай баштаса, ошондой чычкандар ото баштады. Бул убакта чычкандар козуно даана корунуп атты. Дагыле санасан сан жетпеген чычкандар, биринин аркасынан бири чууруп бутпой койду. Бир топ убакыт отуп кечки маал болуп калган кез. Бир убакта булк этип баягы чон келемиш кайра артка отуп кетти. Бир аздан кийин эле молдоке буттум дегенчелик кылып бата жайды. Анан шашпай ал акыбалын сурап кирди. Баягы келемиштин артка отуп кеткенин угуп, кейип атты. Жазылбай калды, эми кайра окуш керек, жаныдан деп атты.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   16 Апрель 2015 - 05:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Ногойбайдын козу кадимкидей коруп калды. Карангы дуйносуно асмандан нур тушконсуп жетине албай, тим эле бактысына чек жок. Жаш балача суйунуп, жашып да алды. Акыры жанган умуту орундалганына кудайга мир мертебе ыраазы болуп атты.
Айлана чойронун кооздугуна ушунча суктанып турду. Биринчи жолу коруп аткансып, козу тойбой айлана тегерегин карай берди. Жумса эле кайра корбочудой болуп коркуп кетет. Мурда маани берип, карабаган боз топурактын ону да козуно жылуу учурап атты. Колдо бар алтындын баркы жок дегендей, коп нерсенин баркын биле бербейт тура адам баласы. Ар бир жашап жаткан кундун озу бакыт. Ар бир коз ирмемдер ченегис сезимдерге бай керемет дуйно тура чиркин. Козго корунбогон бирок биз дем алып аткан аба омур булагы. Ал эми жашоо жан дуйнонун байлыгы.
Биз омур бою алышып тирешип курошуп келген бийлик байлык арзыбаган нерсе тура корсо...
Ансыз да уч кундон бери тынбай окуганга кайнатасы бир топ алдан тайып, ооруп атты. Дем куч топтоп алып кайра улантарын улам улам эскертип, кайра келбесен болбой калды деп узатты. Ногойбай кайнатасына рахматын айтып, ыраазылыгын, алкышын билдирип, оруп калганына озун куноолудой сезип, аяп турду.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   17 Апрель 2015 - 02:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Ногойбай уйуно келери менен айыл апаны, тууган урукту чакырышып, кой союшуп тулоо кылышты. Энеси жетине албай, баласынын козу коргонуно мандайы жазыла барпандап, кудасына улам улам алкышын арнап, денсоолук, омур, балдарынын жакшылыгын корсун деп каалап атты. Деги эле туугандар молдокени ооздон тушурбой, бири мактаса, бири тан калып, чын дилинен ыраазы болуп отурушту.
Куданын тогуз кыз, бир уулу бар дешет. Онорун баласына откоруп берсе керек десе бироосу, кайдан азыркылар андайларга ишенишпейт, бу бир чети замандын талабы да ошондой болуп атпайбы. Анын устуно козун карап остургон баласы тентек чыгып, жашы ортолоп калса да токтоло албай журот. Тиги ак шарапка да жакын экен. Бу орусун озу жон келбей, ак шарабын кошо ала келип далайыбызга уйротподубу деп кейип отурушту.
Ушуну менен жаман кырсыктын баары чыгып кетсин деп Ногойбайга батасын беришип, тарашты.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   17 Апрель 2015 - 03:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Ногойбай жашоого жаны туулган немедей, айтор барына башкача коз жугурто баштады. Мурдагы барк бербеген, маани бербеген нерселер азыр опол тоодой корунуп атты. Корсо кадимки жумушун да бакыт, басып турганын, кыймыл аракетин да бакыт, ар бир кун да бакыт тура. Тубу жок капкарангы ункурдо тешик таппай, темселеп издеп отуруп бир жылчыкка келип, андан тушкон бир нурга каниет кылып, колу менен ункурду тешип чыгып, жарык дуйного чыккандай элестетип турду.
Коп отпой Нурила аман эсен коз жарды. Ай мончоктой кыздуу болушту. Уйбулосуно дагы бир адамдын башы кошулуп, кубанычтарына чек жок. Ырас эки уул эки кыз, бири бирине жан шерик болчудай. Кычыраган кыштын суугуна карабай, жандуйном гулго айланган кези. Кызымдын аты Гулжан болсун деп ысымын койду.
Ошентип жашоосу кайра бир нукта отуп жатты. Болгон кучун арнап жумушуна да жетишет, уйдогу эркекке караган жумуштардын майын да чыгара жасайт. Ар бир майда нерседен эргуу алып, балдарынын чурулдаган унунон канааттанып, аларды карап элжиреп алат.
Кечинде балдарын чогултуп алып, аларга китеп окуп бергенди жакшы корот. Ар бирине эринбей тушундуруп, кичинекей болгонуна карабай, китепке кызыктырганга аракет кыла берет. Озу да китепти жакшы корот. Озгочо тарыхый илимдерге коп кызыгат. Кийин балдарын чон окуу жайына тапшыртсам, балдарыман чыгаан адамдар чыкса экен деп алдына максат коюп келет. Биз коргон согушту корушпосо экен ылайым деп кабыгы бурколо тушот. Айтор коз алдына согуштун элеси тартылып кетеби, эстигиси келбей кетет.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   20 Апрель 2015 - 03:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Бу адам баласы кунумдук оокат менен алышып журуп, убакыттан уттуруп коебузбу же эч нерсе озгорбочудой, бир калыпта болот дейбизби. Бул жумушум калып кетти, тиги жумушум калып кетти деп журуп, кор оокаттын аягы бутчудой эмес го чиркин. Деги адамзаттын ичеер суусу тугонгучо, жашоо менен курошмой тура. Дунуйого туркук болгон ким бар дейсин. Бугун барбыз, эртен жокпуз дегендей.
Ногойбай кайнатасына барып, дем салдырыш керек эле дегиче, улам бир эбепке себеп болгон кундор менен отуп атты. Чындап эле чыгынбадыбы же кор тирликтен колу бошободубу, айтор бара албай убара. Анын устуно келинчеги тороп, кыштын куну жаш торотко убал болбосун дедиби, мал салга каралашып баралбай журду. Анан эле жаз келип, туут башалып, бир буту кыштоодо, бир буту калхоздо болуп чырмалды да калды. Дегиле жаз алды менен жумуш кычаган убак эмеспи. Артынан эле айдоо талаасы башталып, машакаты коп. Мындай кезде ар бир адамдын кучуно зар болгон убакта, жумушун таштап кете албады. Озу да жоопкерчиликти бийик туткан киши. Иш дегенде жан дили менен берилип, коллективдин алдында кадыр барктуу, созу жерде калбаган адам. Озгочо жаштардын алдында улгу катары кабыл алынып журот. Жумуштун кайнаган учурунда, убактылуу болсо да эргуу алгандан намыстандыбы айтор жумуш солгундап калган маалда, жайында барсамбы деп журду.
Анын устуно кайнатасы баягы барганында ооруп калбады беле. Ансыз да катуу кыйнап койдум деп ынгайсызданып жургон. Биротоло жайда барайын, баглан козулардан арта кетип, жеш малдын эт шорпосун ичип, куч топтоп, молдокенин денсоолугу жакшырып калаар деп журду. Ойлогон ойду кыстаган турмуш женет демекчи, молдоке оо дуйного сапар алып кете берди.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   20 Апрель 2015 - 04:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Кап деген боюнча бармактын башын кесе тиштеп, отуруп калышты. Оз атасындай болуп калган, кеп кенешин аябаган токтоо салабаттуу кайнатасын эстеп, журогу зыркырап мунканып турду. Согушта далай олукторду коруп, жанындагы курдаштарынын окко учканын корсо дагы, далай ажал менен бетме бет келишсе да, жакындарын жоготуу деген нерсе журогун тилип кеткендей эле болот.
Айыл апаны чакырып, келинчегине угузушту. Ыйдан кучубузду чыгарып, артында мункуроп кала берет турбайбызбы.
Тууган туушканды алып, бир огузду жуктошуп, Кочкорго жоноп калышты.
Кантсе да чон молдо эмеспи. Топурак салабыз деп ар жак бер жактан келген кишинин уучу узулчудой эмес. Ырас далай элге созу алынган адамдын кадырын ушундан бил. Молдонун кылган эмгегин эстешип, жерге сууга тийгизбей мактап атышты. Онорун озу ала кетти, артында онорун тутуп алган киши болбоду деп аксакалдар кейип отурду. Ишенгени жалгыз уулу эле, ал да атадан кем чыкты деп кейип отурушту.
Олук каадасын кылып, жерге берген сон Ногойбай туугандары менен кете бермей болушту. Энеси менен келинчеги жетилигин откозуп, анан бармай болушту. Дагы келинчеги кыркылыгына чейин отурайын десе, балдарын жаш болсо, кайненен кары болсо деп торкундору тим болушту.
Олгондун оз шору демекчи, тируунун жашоосу ото берет тура.

Билдирүүнү түзөткөн: Aruukeramazan: 20 Апрель 2015 - 04:35

Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   20 Апрель 2015 - 05:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Эптеп бир чыгынып, убакыт таап, кайнатамдын туру кезинде барып алсам болмок экен деп, эми окунуп атты. Кантсе да адам баласынын кенебестиги женет тура.
Ногойбайдын кейиген жайы, баягы кайнатасы окуп атканда, дубасы жазылбай калбады беле. Эми кесепети тийип кайра корбой калбасам болду деп кабатырланып жургон кези.
Капалыгын заматта балдарынын кулкусу жууп кетет. Балдарынын бал тилине моокуму канып, кудайга мин мертебе ыраазы болуп кетет. Кеч берсе да, кенен бергенине топук кылып, балдарынын келечегин, аман эсендигин сурап, тушунуктуу жароокер колуктуга жолуктурганына ыраазы болуп кетет.
Канча жыл баланын ыналаган унуно зар болуп, жымжырт болгон уйуно келгиси келбей, жумушуна туну куну берилип кеткен куну коп болгон. Баласы жок жашоонун деле манызы кетет белем, эч нерсеге конулу чаппай канча журду. Тапканым кимге, жасаганым кимге демекчи, жан дуйнон кемип тургансыйт.
Мына эми кудайдын кулагы суйунсун. Уйу ыр кулкуго толуп, базар болгон убагы. Бекеринен балалуу уй базар, баласыз уй мазар дебесе керек.
Неберелерине кайра тирек болуп, куч кубат кошулуп дегендей, энеси жашарган сымал. Небере жыттап олсом экен деген жаны, телегейи тегиз болуп, эми олсом арманым жок деп жургон кези.
Уйунун коломтосун очурбой, жаркылдап жайнап, жузунон дайыма от чачып турган келинчегине ыраазы. Чынында колунан берекеси тогулгон, келбеттуу жузундо нур тогулгон ажарлуу айым. Куйоосун пириндей коргон адам. Дайыма ыйбаа корсотуп, ушунча болуп кайненесине, жолдошуна тик караган куну болбоду.
Озунон жыйырма жаш кичуу болсо да, тарбиясына, акылдуулугуна, сабырдуулугуна баа берип, Ногойбай ого бетер алаканына салып, калкалагысы келет. Омур бою издеп, жер жузун кыдырып, далай отмушту башынан
кечирип, далай тоскоолдуктарды женип, кундун ысык суугуна карабай издеп келген, акыры издегенин таап, адам буту баспаган жерде оскон назик гулго салыштырат. Чынында баардык кыйынчылыкты женген женишине, сыйлык катары кудайымдын арнаганы деп келет.
Экоо бири бирин толуктап турган тугойлордон. Ногойбай бир топ улуу болсо дагы, озунун курагынан жаш корунот. Кен далылуу узун боюна, чымыр денеси куп жарашып, тээ аскер кезинен бери машыгып келгенгеби, курсак да байлабады. Ак жумал саргыл жузуно, кок козу куп жарашып турат. Качан болбосун, озун тыкан алып журот. Тазалыкты жанындай коргон киши. Бир караган кишиге абдан сурдуу корунгон жаны, эл арасында адилеттулугу, калыстыгы жана созго чечендиги менен оозго алынган.
Ногойбай ушу жашоосуна шугур деп тим болот.
Бир туруп бактылуу жашоомо коз тийбесе экен деп коркуп кетет. Заматта жоготуп алчудай журогу зырп зырп этип кетет да, кайра озун алаксытып, оюн башкага буруп кетет.
Бирок... Кантсе да биз маани бербеген ички туюм сезет тура...

Билдирүүнү түзөткөн: Aruukeramazan: 20 Апрель 2015 - 06:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   22 Апрель 2015 - 07:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Арадан билинбей торт жыл отту. Бул убакта дагы эки эркек балалуу болушту. Келинчегин торотканадан чыгарып, Ногойбайдын кубанычына чек жок. Баш кошулган кандай жакшы. Кудайдын кулагы суйунсун, минтип ордолуу шаар болуп отурат.
Байкуш энеси жетине албай, туугандарынын келинин чакыртып, экоо боорсок чайкаганга да жетишти.
Босогодон келин уулун жана небересин тозуп алып, кесеге суу алып, баштарынан тегеретип, ырымын жасады.
Небересин алып, телегейи тегиз болуп мандайы жарыла суйунуп отурду.
Апасын коро сала, балдары бирин артынан бири чуурулуп, чуркап чыгышты. Мотурайган козудай ээрчишкен балдарын коруп, журогу эзилип кетти. Ансыз да балдары он кундон бери апасын корбой, сагынып калышкан экен.
Нурила да бейтапканада жатып, балдарынан кабатыр болуп, сагынып аткан. Кантсе да кайненесине таянып, карыса да олок жолок болгонуна ыраазы. Кирип чыгып каралашып тур деп абысынына байма бай табыштап келген эле.
Кучактап ар бирине мээримин тогуп, жыттап да, жалбарып да, эркелетип да атты. Тим эле балдары эреркей, кулкулору чыгып, ымыркайды сонуркап улам улам карап коюшат. Эки жаштагы баласы апасын кызгангандай, ымыркайды жанына жолотчудай эмес. Ал эми улуу балдары эс тартып, кол арага жарап калган кези. Ортодогу эки кызы озгочо жароокер, кантсе да кыз эмеспи, энеси менен апасына ото эле жакын.
Нурийла балдарынын чоноюп келатканын коруп, кадимкидей куч кубат алып, каниет кылгандай болот.
Кичине тынып калганда жентек берели дешип, ымыркайга Бегмат деген ысым ыйгарышты.
Негедир Нурийланын денсоолугу жакшы болбой, алы кетип чыйрыккандай болот. Желдеп калганмын го деп боолгоп, ырымын жасап босого, жук кулачтап деле корду. Анын устуно алты баланын туйшугу деле женил эмес. Ымыркайы да озгочо ыйлаак болуп, каражанын карагандай болбоду. Кунумдук гор оокат менен алышып, озун караганга чамасы болбоду. Акыры чыйрыкканы басылбай, денесинин табы которулуп, от жалын болуп атты. Бир жагынан ымыркайы ыйлап, айласы куруп аткан кез. Шаштысы кеткен Ногойбай аялын бейтапканага алып жоноду.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   23 Апрель 2015 - 04:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Доктур коруп, дене табын ченетсе кырк бирге жетиптир. Дене табын тушурчу ийне сайды да, заматта чакчалекей тушушуп, доктурлар жыйылып калышты. Ары текшерип, бери текшерип жыйынтыгын айтпай атышты.
Нурийла бир эсине келип, бир эсине келбей жоолуп атты. Жаны козуно корунуп, аябай кыйналып аткан. Ошондо да байкуш баласын эстей сала, элдир селдир баласын сурап, уну алсыз чыгып атты. Кантсе да эмчектеги бала кантти экен деди окшойт. Байкуш кантсе да эне да, озу олум астында жатса да, ою балдарында. Дарынын таасириби же ооруну басандаткангабы козу ирмоого келбей жумулуп баратты.
Уройу учкан Ногойбай он алеттен кетип, эмне кылаарын билбей, бир ишеничи доктурда жана кудайда эле. Доктурлар да козун ала качып, тынгылыктуу жооп бералбай атышты.
Эмчектеги баланы бир келинге табыштап, энеси балдарга баш коз болуп калды. Сары санаага батып, оорусунан сакайта гор жараткан деп тогуз токоч баабедин жасап таратты.
Эки кундон кийин гана доктурлар Ногойбайды болмосуно алып кирип, келинчегинин тыянагын айтышты.
- Уч кундон бери алышып жыйынтык болбоду. Аябай кеч болуп калыптыр. Торотто тон калып, ал канга чаап кетиптир. Сыягы адам болбой калат го. Эртереек алып келгенде гана, деп тим болушту.
Ногойбайга жер астын устун кочконсуп, отура калды. Козу ала чакмактанып заманасы куурулуп турду. Эмне кылаар айласы таппай, жини менен доктурларга бир тийди. Алар кеч, ото кеч болуп калды дешип ийиндерин куушургандан башка эчтеке дей алышпады.
Ногойбай болгон кучун топтоп, озун колго алып келинчегинин устуно кирди. Нурийла кыйнаган оорудан ээгин кесе тиштей, мунканып ойлуу жаткан экен. Денеси куйуп жанып от менен жалын. Дары дармек деле таасир бербей, денеси оорлошуп жан чыдатпайт. Алы кучтон такыр кетип, соолуган гул сымал алсырап жаткан. Куйоосун коруп, боюн тузомуш этип кулумсуроп тосуп алды. Кандай гана убак болбосун дайыма жузунон жылмайуу кетпеген келинчегин
коруп, журогу болк эте тушту. Мандайында кубарып, онунон азган, алсыз жан жаткан эле. Айласы куруп, козуно тик каралбай, борборго апарып, айыктыраарын айтып отурду. Ушундайда колунан эч нерсе келбей турганына ого бетер заманасы куурулуп, журогу зар какшап сыздап атты.
Келинчеги учун оз жанын берууго да даяр эле. Кудайдан андан коро менин жанымды алып кетсе гана деп мин какшап зарлап атты.
Нурийлага эчтеке айтышпаса да, баарын туюп сезгендей.
Ногойбайга жалооруй карап, тушундо атасы менен энеси келгенин айтып, уйго чыгарып кетуусун суранды. Акыркы жолу балдарымды коруп калайын деп атты.
Ногойбай жубатымыш болуп, макул дегендей башын шылкыйта ийкеп отурду.
Ангыча топурашып кайнежелери келип калышты. Бири доктурга чуркап, бири синдисине чуркап, ызы чууга тушуп, калаймакан боло тушушту. Акыры айла жок уйго чогу чаран чыгарып келишти.
Келинин коргон кайненесинин журогу оозуна кептеле, шуу эте тушту. Алда каралдым ай астына мен кетсемчи, жашоочумду жашадым, тал чыбыктай буралган чынарыма тийе корбо жараткан деп боздоп атты.
Нурийла уйун бир сыра карап алды да, элдир селдир болсо да эмчектеги баласына кайгырып, курсагы токпу деп улам улам сураганын койбоду. Устуно киргизген мотурайган балдарын коруп, жарпы жазыла тушту. Апасынын кебетесин коруп, алда нени сезгендей урпойушуп, коздору аландай, устуно уйрулуп кучактап калышты. Ар бир баласын жан дили менен карап, акыркы болгон мээримин того, эркелетип бешенесинен жыттап атты. Болгон куч аракетин топтоп, балдарына жылмаюсун тартуулап, кере кере ач коздоно ооп да, коштошуп да атты.
Балдарынын коз алдында оорулуу алсыз эмес, суйкумдуу жылмайган элес калсын дегени эле.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   25 Апрель 2015 - 07:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Уйуно келгенгеби же олоор алдында бой тузойт дегенгеби же балдарын коргонгобу айтор Нурийланын онуно кызыл жугуруп, маанайы да которулуп бир башкача жадырап турду.
Жакшы болуп калганын коргон жакындары илгери умут менен балким чын эле айыгып кететтир деп жакшылыктан умутун узушподу.
Бир гана балдары эч нерседен кабары жок эчак мойтоюп уктап атышкан. Балдарын бир сыйра тигиле жалооруй карап алды да, Ногойбай келинчегинин колун кармап жанында отурду. Ойдодо обок, ылдыйда жолок болгон эриш аркак жашоосунда бир сыртын салбаган жайдары муноз аялын аяп турду. Оорусунан онтоп кыйналса кошо кыйналып, кошо ооруп, бир айласын таба албай убара. Соолуган гул сымал, кыл учунда турган жарына кантип жардам берерин билбей азапка батты. Бир дабаасы бар десе, тогороктун торт бурчун кыдырганга да даяр эле. Бир кудайдан гана аялынын сакайышын тилеп да, жалынып да атты.
Нурийла козу менен тен айланган жолдошуна бир чети ыраазы болсо, бир чети аяп жатты. Козум отуп кетсе кантеер экен. Жалгыз кыйналат го балдар менен. Балдарым жашабай жатып жетим болгону турат. Кап, аман болгондо кыз берип, уул уйлондуруп, далай жакшылыктарынын кубосу болбойт белем, аттин армандуу бир кем дуйно тура. Эми балдарымдын куну не болот. Кайненем да алдан кучтон тайып, карылыкка моюн сунган кези. Кантишеер экен деп санаасы санга болунду.
Ногойбайдан ыраазычылыгын алып, озу да ыраазылыгын берип, балдарын табыштап атты. Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай аман эсен эрезеге жеткирип, тууруна кондур. Бул менин акыркы аманатым деп атты. Откон омуру коз алдына тартылып, бир мунканып, бир жылмайып атып колу шалак эте тушту.
Ногойбай чочуп кетип караса бир колу бешикти мыкчый, бир колу жолдошунун колун кармап, ажарлуу жузундо жылмайган боюнча узулуп кете берди.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   25 Апрель 2015 - 18:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Заматта чан тополонго тушушуп, тууган туушканга кабар айттырышып аза кутуп калышты. Олук каадасын жасашып, сыртта бодо союлуп, келиндин жаш кеткенине кейип кепчип, балдарынын жетим калганына боору орушуп, кабыргасы кайышып турушту.
Кызындай болуп калган жалгыз келинине сай соогу сыздай, арманга толгон кошогун кошуп, мен алдына кетсемчи деген кайненеси элдин баарын ыйлатты. Кырктын кырына чыкпай жаш кеткенине, балдарынын энесиз калганына зар какшап боздоп отурду. Баласынын бешенесине жазган оор тагдырына журогу тилинип, аяп турду.
Тогуз биртууган эже синдилер бир тууганынын эрте кеткенине бир канатынан айрылгандай, арман кыла кошок кошуп ийиндерин солкулдата ыйлап жатышты.
Баарынан да Ногойбайдын куйуту куч эле, тимеле жанына киши тура алгыс. Дагы да ишенгиси келбей, туш болуп калса гана чиркин. Тугойунон айрылган ак куу сымал калдактап, куйутунон кезип кеткенге даяр эле. Жакшы коруп алган жарынан айрылуу азапка салды. Дегиле жашоосун элестете албай, эртенки куну будомук. Балдарынын гана эртенкисин ойлоп, озун кармап атты.
Эс тартып калган балдары гана ахыбалдын чоо жайын тушунгондой, кичинекей журоктору майтарыла сезип жатышты. Кечееки мунайымдуу жылмайган апасынын бугун жок экенине ынангысы келбей, азыр жарк этип дарбазадан кире калат дегендеричи. Кечееки бактылуу балалыкта жашап жаткан бир калыптагы жашоосуна бурганактай кирген, ар бурчта аза куткон, ыйлаган адамдардын сурунон чоочуган кичинекей, али эс кире элек чурполору жатыркап да, сонуркап да карап турушту. Эмне болуп атканына деле тушуно бербей, копчулуктун арысынан апасын издегендеричи. ..
Аттин арман...
Ыйлап сыктай соокту жерге беришип, дуйносу эншериле узатышты.
Мына эми баары бутту. Жан дуйносу эншерилип, толуп турган турмушу боксоруп, очогу жанбайт эми.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   26 Апрель 2015 - 00:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Мына эми кырк кундук баласын колуна алып, Ногойбай алты бала менен калды. Эн улуусу аран он бирге караган кези. Калгандарынын ортосу эки жаштан. Апасын дагы эле кутушуп, сагынычтан кусага батып журушот. Эшиктен кирген кишини апам бекен дешип чуркап чыгышат да, кайра коксоосу сууп туруп калышат. Бул коз караштарды коргон Ногойбайдын журогу туз куйгандай ачышып, коздору жашылданып, балдарына боору ооруп турду.
Кун артынан кун отуп, келинчегинин учулук, жетилигин откорушту. Олгондун оз шору дегендей, кайын журту да, туугандары да бешиктеги баланын тагдырын чечмекке отурушту.
- Балдарын жаш болсо, энен кары болсо кырк кундук баланы кантип багасын. Андан коро туугандардан бироосу багып берсин, дегенге Ногойбай конбой атты.
- Оз канымдан жаралган баланы кантип берем. Керек болсо балага жетпей канча жыл зарлап журуп, унум кудайга жеткендей болду эле. Эми артык баш кылгансып кантип кармата салам. Кыйналсам да баардык балдарымды бакканга кудуретим жетет. Тууган туушкан турбайбы кошо кармашып, жардамын аяшпас. Эптеп торолтуп алсак, андан ары камчы салдырбай багып алат элем, деп атты.
- Бала багып торолткон оной дейсинби? Анын туйшугу канча? Кунуго эле ким келип ким журот. Ар кимдин оз жашоосу, оз оокаты бар дегендей, дешип бир ооздон чурулдап калышты.
Айласы кеткен Ногойбай ары кетип, бери кетип аран макул болуп шылкыйып отурду.
Эмки маселе ким багып алат дегенде эле.
Отургандын баары жымжырт, бири бирин карашып, баштарын салын турушту. Бир умуту, бир карагандары Нурийланын бир синдисинде эле. Турмушка чыкканы согончогу канабай жургон. Кантсе да баланы багып алаттыр десе же ал мисирейип унчукпайт. Эми кантебиз деп турганда Нурийланын агасы Касмакун мен багам деп калды.
Энеси ичи ачыша кантейин, жалгыз балама жолок кыла бир туугандуу кыла албадым. Ушундайда бычакка сап болуп, башына тушкон карангы тунун кошо болушпойт беле, неберем да жанымда болбойт беле деп оор ушкурунуп алды.
Ногойбай да, энеси да ичтеринен кан жутуп, канчалык моюн сунгусу келбесе да баланы аргасыз беришти.
Эми кичинекей Бегматтын тагдыры башка уй булоодон коз каранды.
Келген кишилердин арты суюлуп, жай жайларына тарай башташты.
Касмакун баланы колуна алып, кызуу боюнча тенселе аялы менен жолдо кетип баратты.

Билдирүүнү түзөткөн: Aruukeramazan: 26 Апрель 2015 - 00:15

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   27 Апрель 2015 - 07:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Олбогон кулга жаз келет дегендей тируунун жашоосу ото берет тура.
Ыйлап сыктай кун кечирип, Ногойбайдын куну балдары менен отот. Балдардын туйшугу онойбу, кирип чыгып уй тирликке аралашып, мал салын карап, бут шилтеерге алы жок жатып калат. Энеси да караан болуп, уйунун ырысын кармап турат. Анын устуно аталаш тууганынын келини ара чолодо кирип чыгып, каралашып журду.
Боксоргон аягы толбой, арманы аттын башындай. Келинчегин жоктоп кабыргасы кайышып жатты. Кантседа аял киши уйдун куту эмеспи, балдарынын жанып турган чырагы эмеспи...
Ансыз да Ногойбай озун таштап салды. Бир жагынан аялынан айрылса, бир жагынан тируулой баласынан айрылды. Кичуу баласын улам улам эстеп, санаасы тынбай санга болунгон кези.
Кантсе да калган беш баласынын караганы да, ишенгени да озу болгондуктан, кайра намыстана чыйрала тушот. Балдарынын жалооруган кусалуу коз караштары ары аянычтуу, ары умуттуу карашат. Кусадан сары ооруга батып, апасынын мээримине зар болуп, сагынычы койнуна батпай аткан чагы. Айлалары кетип, апасынын кийимдерин жыттатышып, укташса да башына жолоп, ороп чулгап жатышты.
Улуулары эс кирип калганга ичинен сызып, жашын жутуп тим болушат.
Баарынан да эки жаштагы Халидин менен торт жаштагы Гулжанга оор болду. Аял аттуунун барына апалашып жармашып калышат. Кайра чоочун экенин корушуп, артка кетенчиктей тушконучу. Мундуу сырдуу тигиле улутунуп койгондоручу. ...
Наристе эмелер кайдан тушунсун, коодонундо дагыле апасын кутуп журушот.
Муну коргон Ногойбай балдарынын каректеринен козун ала качып, жанын коерго жер таппай, жашоонун жазылбаган мыйзамына заманасы куурулуп турду.
Ушул коз караш журогун эзип, кыйнап келет...
Шугур дагы чон энеси болуп, эркелеткен, мээримин токкон, жалынып жалбарган, бешенесинен сылаган адамы бар. Энеси бут жан дуйносун арнап, каражанын карч уруп, неберелеринин кареги менен тен айланган кези.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   30 Апрель 2015 - 04:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Убакыт зымырык куш дегендей бир жыл да отуп кетти. Бирок Ногойбайга бул жыл ото оор отту. Аялынын куйуту, балдардын туйшугу кыйла оксутуп койду.
Кайын журт, тууган туушкан, тели тентуштун башын бириктирип, аялынын кара ашын откорду.
Коп отпой туугандар, тентуштар чогулуп келишти. Алар Ногойбайга уйлонуу туралуу кеп сунушун айтып отурушту:
- Аялындын ашы деги отту. Энен да кары, балдарын да жаш. Уйго аялдын колу керек. Кантсе да уй тиричиликке баш коз болгонго, кир когунду жууп турганга, балдарынды караганга аял албасан болбос, дешип бир ооздон кондуро башташты.
Ногойбай анча конулдоно бербей:
-балдарга оз энесиндей караган киши болбос, болсо да коп балалуу мендейге ким чыкмак эле. Жашымда отуп калды.
- Анда эле бир жесир аял бар. Согончогу да канабаптыр. Баласы жок неме балдарынды оз баласындай карап алаар, деп арасындагы бироосу оюн ортого салды.
Баары бир ооздон макул болушуп, энеси да ырастап турду.
Ногойбай макул болуп, бир чети уй туйшугунон арылат, анын устуно карыган энесине да убал болду, карыганда бала менен алышып, башы казан аяктан да чыкпайт. Бирок бир чети балдарынан кооптонуп турду. Кандай эне болуп берет, кандай жар болуп берет, балдарым кандай кабыл алат деп санаасы санга болунду.
Ошентип женелер жесир аялдын астына тушушуп, арыдан бери макул кылышып, Ногойбай уйлонуп калды.
Алганы кандайдыр бир жузундо жылуулугу жок мерез аял же торобогонгобу айтор балдарга мээримин тогуп, алды астына тушуп, кучагын жайып эркелеткендей болбоду. Тагдырына таарынгандай, сурлуу коз карашында жектеп тургансыйт.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   30 Апрель 2015 - 05:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Арадан кундор ото берди. Саратандуу жай оз убагын берекелуу кузго откоруп беруудо.
Ногойбай мектепке аз калды, тортунчу класстын босогосун аттайт деп жумуштан кийин универмагга кирип, улуу баласы Бекжанга ботинка алды. Алган белегине озу кошо суйунуп, баласынын кубанычын элестетип уйуно жайдары келатты.
Балдары боор которуп, кудай буюрса чоноюп келатышат. Кичуулорунун биринен сала биринин кылыктары чыгып, оюнга тойбой турган чагы. Дагы эле энесин этектешип, жожолорчо артынан ээрчигени ээрчиген. Огой апасына боор бербей коюшту же озу дагы мээримин салбагангабы жакын болушпады.
Ногойбай уйуно жетип, баласын чакырып, аялына кийгиздирип корчу деп калды. Чукчундай тушкон аялы Бекжанга
-кана кийип корчу, чак бекен, кыскан жокпу деп баланы Ногойбайдын козунчо кодулап, зекип атты.
Кызгандыбы же ардандыбы же баардык аялдардай куйоосунон белек куттубу айтор балдарынын астында колоко сымал кала бердиби. Кыскасы менин буларга жумуш кылганым гана керек экен дегендей титирендеп кумсарып, жалы бетине чыгып турду.
Ногойбай эзели намысын колдон алдырбаган жаны, огобетер огой аялдын баласына сес корсотконуно итатайы тутулуп, сурдуу теше карады да, кете бер деп бир суйлоду да аялын жолго салды. Аялы кечирим сураса да болбоду. Туугандары ортого тушуп:
- эми казан аяк кагыша берет эмеспи. Анча мынчасына коз жумуп, башкысы балдарынды багып, тиричилигинди кылып берсе болбоду, деп жатышты.
- Мен антип коз жумуп жашай албайм. Мен канча жыл балага жетпей журуп жеткем. Менин канымдан жаралган балдарыма бироонун кордук корсотконун каалабайм.
Менин козумчо ушуну кылып атат, менин козум жокто эмнени кылат? Мен балдарымды бироонун козун каратып, жалтан, мусаапыр кылгым келбейт! Кыйналсам да, азап тартсам да озум багып чонойтом - деп Ногойбайдын кынырыгы тутоду. Жон кетпей туугандарды ортого салганына жини келип турду.

Билдирүүнү түзөткөн: Aruukeramazan: 30 Апрель 2015 - 05:42

Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   02 Май 2015 - 00:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Ырас 70 жылдары элдин турмушу кыйла озгоруп, согуштан кийин кайра курулуудан боорун которуп, кенендикте барчылыкта жашап жаткан кези.
Ногойбай балдарын канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, энеси да куч берип, балдарынын агы менен айланып калкалап жатты. Намысчыл жаны элдин созу тийбесин дедиби айтор эт аштан узбой, тамагын таптап берип, жамаачы жолотпой кийимдерин баптап кийгизди. Чеги жок таза неме балдарына чан жугузбай карап, кол арага жарап калган балдарына уйдо кыл жаткыс кылып тазалатса, короо жайды ирээттуу кармаганга уйротуп эмгекке ундоп келет.
Анын устуно аялы жок болсо, элдин назарынан тушпойт эмеспи. Энелуу эрке жетим, аталуу арсыз жетим дегендей балдары ачпы токпу, жалгыз бой эркек кантип карап атты экен деп сынаганы да, назар салганы да ошондон.
Ал ортодо эн кичуу баласын жадынан чыгарбаган Ногойбай ал ахыбалын билгенге Кочкорго жоноп калды. Баласы эки жаштан отуп калды, онтою келсе алып кетейин деген ою онунан чыкпай калды. Барса кайнагасы караандатпай баланы жашырып корсотпой койду. Торолуп калган баланы ким бере койсун. Бала тапкандыкы эмес баккандыкы дегендей кызганды. Анын устуно озунун чарчап калган баласынын наамына каттатып коюптур.
Ногойбайдын жок дегенде бир корсотуп кой дегенине карабай, кайнагасы созго келбей жолго салды.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   02 Май 2015 - 03:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Шагы сынган Ногойбай башын шылкыйткан бойдон жолуна тушту.
Кантейин башына оор мушкул тушкондо аргасыз баланы бербеди беле сай соогу сыздай. Эми эмне демек, кырк кундук кезинде берип, эми чонойгондо бала меники деп кайра бет тырмаар кылып талашат беле.
Кантсе да оз канынан жаралган баласына ичи ачышып, тагдырына таарынып турду. Оз баласына озу ээ боло албай, боор эти башка булодо жашап жатканына ыза болуп, жаны кашайды.
Баласынын тагдырын ойлоп сансыз ойго чомулот. Озунун биртуугандары менен чогуу осуп чонойсо жакшы болбойт беле. Эки башка уйбулодо осуп жат болбогондо эмне аттин. Ушу убакта журогу сайгылашып оор оор дем алып алды.
Кайнагасы Касмакун зоокур чалыш орой неме балага кандай мамиле кылат? Оз баласындай коруп башын сылап эркелетеер бекен?
Экинчи келбе дегенине караганда такыр эле каттаткысы жок.
Дегинкиси кор кылбай жакшы бакса экен деп тилегенден башка аргасы жок.
Качандыр бир куну ачыкка чыгат, ошондо баласынын жузун кантип карайт. Кантип тушундурот дегиле тушунобу. Кечиреер бекен?
Аягы жок ойлор менен алышып, ону кубарып жолдо келе жатты.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   02 Май 2015 - 05:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Баласынын кумсарган онун коруп энеси баамдабай тушунду.
- Мандайга жазганды корот турбайбызбы балам. Бу да болсо кудайдын сыноосу.
Ат айланып уйуруно келет дегендей, аман болсо ата журтун таап келеер, деп Буладай эне баласын жуубатып отурду.
Баса озунун аты Мырзакан. Жаш кезинде жунду батпаттан тытып, бат эле буладай кылып койчу экен. Ошондон Буладай атка конуптур. Озу да колунан коор тогулгон ууз экен. Илгери кылган ишине же турган турпатына карап тергеп айтышчу эле.
Арадан жылдар ото берди. Балдардын башы чон класста болсо, аягы башталгыч класста. Кантсе да балдар эмеспи, апасынын ордун жоктотпогон чон энеси турса да, кочодо болобу же коомдук жайларда болобу апасына эркелеген балдарды корушуп томсоро карап калышат. Жадында алар да эркелешип, мээримдуу кучагына чомулгусу келеттир...
Апасына тил албай же каяша айткандарды коруп, менин апам болгондо эч качан конулун оорутпайт элем дешкендир...
1976жылы 84жашында Буладай чон эне дуйно салып кете берди. Олук кадаасын жасап артынан ыйлап сыктап кала беришти. Басса турса жалынып жалбарган чон энеси жок, неберелери учун чон жоготуу болду.
Эми жалгыз таянганы атасы. Бири бирине олок жолок болушуп, дем беришип, атасы балдарынан эргуу, куч кубат алса, балдары атасын аяп турушат.
Тируунун куну ото берет тура, ай артынан ай келип, жылдар алмашып дегендей. Ногойбай бу убакта запарожец улгусундогу автоунаалуу болгон. Ногойбайга согуштун ардагери деп кезексиз берген. Ал убакта кезекте туруп алышчу эмес беле.
Зынгырата уй салып тегерек жайын ондоп алды.
Ногойбай анча мынча толук кандуу уйбулолорго караганда алда канча тын тураар эле.
Бирок окуттогу жаралуу дарты да, азабы да, кайгысы да эн кичуу баласы Бегмат.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   03 Май 2015 - 05:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

1983-жылдар. Улуу баласы уйлонгон убагы. Баласынын жакшылыгында апасы тируу болгондо эмне чиркин. Озу кубо болуп мандайы жарыла суйунуп журбойт беле. Оз колу менен келинине жоолук салып, сары майдан оозантып, босогодон аттатып, чечекейи чеч, телегейи тегиз болбойт беле аттин деп Ногойбай арманын айтып калаар эле.
Ырас балдарын чон окуу жайга окутту. Кичуусу мектепти аяктап, кайсы бир окуу жайга тапшыруу астында.
Мына эзелтеден бери максат кылып келген тилеги орундалып, балдары билим алып, оз ордуларын табууда.
Бир окутто калганы, журогунун тупкурундо эншерилген, орду толгус арманы бул эн кичуусу баласы Бегмат эле.
Тогузунчу класста окуп, он беш жашка чыккан кези. Ушуга чейин канча аракет кылса да кайнагасы жакын жолотподу. Керек болсо кайнагасы улуу баласы каза болгондо кабар бердирбеди. Муну кийин
кайнежелеринен угуп, кабар бердирбегенине бир чети таарынса, бир чети тан калган жок.
Ногойбайдын алтымыш жетиге караган кези. Осоорум эмес, олоорум калды. Неси болсо да козумдун тируусундо бир коруп калайын деп Кочкорго аттанууга бел байлаган кези. Шылтоолоп кайнагасынын баласына куран окутмак болуп жоноп калды.
Жолдо ката ойлонуп баратты. Жолугушууну элестетип , кайнагасы эмне дейт, кандай кабыл алат, баланы корсотоор бекен же дагы качырып ийеби.
Ымыркай кезинен чонойтуп бакканына ыраазы дечи, бирок бир жузун корсотпой, ыраа корбогонуно капа. Пайгамбар жашынан эбак отушуп, бир буту кордо саландап турса да, тил табыша албагандарына нараазы.
Ушунча баккандан кийин баланы деле талашпайт элем. Бир гана баланы коруп кетсем, жаным жай алып, аялынын да арбагы тынч жатат беле. Ансыз да аялыма олоор алдында берген созумду аткара албадым. Кокурок кучук баламдан тируулой ажырап, бир корууго зар болгон убагым. Бир тилегеним, кийин чонойсо бир туугандары менен катташып алышса арманым жок эле деп жолду ката туркун ойго чомулуп, толкунданып баратты.
Кайнагасы кутпосо керек, Ногойбайды коруп кабагы чытый тушту. Ал жайды сураша электе ар жактан Бегмат басып келатты. Ногойбай экоонун козу чагылыша тушту. Баласын коруп, журогу каабынан чыгып кете жаздады. Бир демге катып, тили курмоого келбей, ою алеп желеп боло толкундананып, бут денесин калтырак басты.
Мандайы жарык, козу кок, аксары келген шынга бойлуу озуно тусполдош болгон токтоо бала мандайында келатты.
Конокту коруп Бегмат атамдын эски таанышы го деп салам бергиче, атасы бироонукуно бирдемеге жумшап ийди.
Ногойбай оозунан алдыргандай, томсоро артынан караган боюнча кала берди. Артынан барайын дейт, кайнагасы дегиле жолотчудай эмес. Айбат корсотуп, ушу тапта каны кайнап турган. Кайнагасынын сырын беш колундай билген Ногойбай айла жок ордунда катты да калды.
Кайнагасы баланы кызгандыбы же чындыкты билип калбасын дедиби айтор эч эле жакындаткысы жок.
Баланы багып алгандан бери ушу сыр менен алышып келатат. Кыныр иш кырк жылда да билинет дегендей, баарибир бир куну билинеерин сезсе да, моюн толгоп кончудой эмес.
Кыздарын аркасынан жиберип, келтирбей турууга буйрук берди. Кыздары деле буга конуп бутушкон. Бегмат болсо, бала неме буга маани деле бербейт. Ар бир кыймылы коз жаздымдан кетпей, ашыкча кайтарууга конуп да калган. Эстесе оспурум кезинде бироо сенин ата энен башка дегенди эжеси угуп калып, атасына айтып барган. Атасы заматта ал кишинин чакчалакейин чыгарган. Бегматты алдап соолап койсо, бала неме конулуно албады.
Ошондон кийин эч ким ооз ачып батынбайт.
Тим эле кайнагасы заматта баланы жетелеп кетчудой коркуп, коноктун камылгасын коруп, эртереек узатуунун айласында.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 13 Авг 2025 10:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: