Уйронгон жакта эле иштей бергиле. Кайда барсан мамайдын кору!
Малайзия - керемет өлкө
#121 13 April 2015 - 20:04
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#122 23 April 2015 - 09:25
#123 23 April 2015 - 09:28
Уйронгон жакта эле иштей бергиле. Кайда барсан мамайдын кору!
Туура, оңой оокат жок. Бирок Орусиянын катаал шарттарына салыштырмалуу бул жакта документ иштери жеңил анан работа разрешение 1 эмес 2 жылга берилет. Былк этпей 2 жылды актайсын
I'm not PERFECT at least I'm not - FAKE
#124 23 April 2015 - 10:19
Кудай буйурса ниет бар,Малайзияга барып эс алып келиш...
Мен да барып эс алып келсееем деб эле. Буйруса, насип кылып калса барып калаарбыз.
Эс алганы келсеңер кеңешим Тайландга эле баргыла. Чөнтөккө да жагымдуу, эс алганга да Малайзияга салыштырмалуу. Анан өмүр бою эстеп жүргөнгө кызыктуу нерселер сөзсүз болот
(проверено)
I'm not PERFECT at least I'm not - FAKE
#125 23 April 2015 - 19:45
Туура, оңой оокат жок. Бирок Орусиянын катаал шарттарына салыштырмалуу бул жакта документ иштери жеңил анан работа разрешение 1 эмес 2 жылга берилет. Былк этпей 2 жылды актайсын 
Айлык маянада жогорубу?
Сервис тармагында эле иштейсизби?
Бирок, жалгыз болсон аябай эле жалгызсыраган жаман да...)
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#126 23 April 2015 - 19:48
Эс алганы келсеңер кеңешим Тайландга эле баргыла. Чөнтөккө да жагымдуу, эс алганга да Малайзияга салыштырмалуу.
Анан өмүр бою эстеп жүргөнгө кызыктуу нерселер сөзсүз болот
(проверено)
(проверено)
Туура айтасыз, Таиланд эн жакшы вариянт экен. Чонтокко жагымдуу. Буюрса кийинки жылга пландар бар. Эгер насип кылган болсо...
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#127 24 April 2015 - 09:45
Айлык маянада жогорубу? Сервис тармагында эле иштейсизби?
Бирок, жалгыз болсон аябай эле жалгызсыраган жаман да...)
Оа сервис жагынан иш жеңил
басым жок(местныйчылык,
бөлүүнүчүүлүк, улутчулдук
Туура айтасыз, Таиланд эн жакшы вариянт экен. Чонтокко жагымдуу. Буюрса кийинки жылга пландар бар. Эгер насип кылган болсо...
Ийгилик!
I'm not PERFECT at least I'm not - FAKE
#129 19 May 2015 - 09:41
#130 01 June 2015 - 10:58
Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин колдоосу жана «Ала-Тоо» биримдигинин чакыруусу менен журналисттер жана маданият өкүлдөрү Малайзияга аттануунун алдында турушат. Бул ирет кереметтүү өлкөгө «Заманыбыздын супер ырчысы» Гүлнур Сатылганова,
эстрада ырчысы Гүлжигит Калыков,
тамашоучулар
Самат Эркинбек уулу жана Эмил Эсеналиев
барышат. Алар бул өлкөдө эс алуу менен бирге Малайзиядагы элдердин жашоо шарты менен кенен таанышып, маданият тармагында болуп жаткан өсүштөр менен таанышып кайтышмакчы.
#131 01 June 2015 - 10:59
Кыргыз журналисттери жана маданият өкүлдөрү Малайзияга сапар алышат
Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен мамлекетибиздин бир катар алдынкы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана өнөрпоздору алыскы Малайзия өлкөсүнө сапар алышат. Кыргыз делегациясы туризм тармагынын бир катар объектилерин көрмөкчү. Ошондой эле журналисттер Куала-Лумпурда болуп, Малайзиянын маданияты жана салттары менен таанышып, айтылуу Лангкави аралына да барышат.
Малайзияга күндө он миңдеген туристтер келип-кетип турушат, аларга мыкты кызмат көрсөтүү жана аларды жогорку деңгээлде эс алдыруу - Малайзия элинин эмгеги. Мындай тажрыйба кыргыз жергесинде жайкы туристтик сезондо мамлекеттик органдар жана тургундар үчүн абдан пайдалуу болот. Бул туурасында кыргыз массалык маалымат каражаттары, албетте, маалымат таратышат.
Мындан тышкары кыргыз өлкөсүнүн жана Малайзиянын журналисттери өз ара тажрыйба алмашып, керектүү делинген байланыштарды түзө алышат. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги кыргыз журналисттери менен Малайзиянын алдынкы ММКларынын ("The Star" медиа тобу жана башкалар) жолугушуусун уюштурат. Ошондой эле маданий иш-чаралар дагы каралган. Бишкектен Малайзияга кыргыз эстрада жылдыздары Гүлнур Сатылганова, Гүлжигит Калыков жана башкалар барышат. Артисттер аталган өлкөдө окуган жана иштеген мекендештерибиз үчүн концерттик программанын алкагында хит ырларын тартуулашат.
Иш-чараны уюштурууга Малайзиядагы “Ала-Тоо” кыргыз коому жардам берүүдө, ал эми каржылык чыгымдарды толугу менен КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов эки өлкөнүн карым-катнашын өнүктүрүү максатында өз моюнуна алды. Элчинин айтымында, маданий-маалыматтык кызматташуу экономикалык катнаштын өнүгүүсүнө өбөлгө болот.

#132 01 June 2015 - 11:00
Кыргыз жылдыздары Малайзияга чакырылышты
Буга чейин кыргыз журналисттеринен жана маданият өкүлдөрүнөн турган чыгармачыл топ Малайзияга барарын жазган элек. Убакыт өтүп, иш-чара тууралуу кененирээк маалымат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Иш-чараны уюштуруу иштери менен алектенип жаткан "Ала-Тоо" уюмунун активисти Сагындык Балтабаев 26-майда SUPER.KG`ге маек курду. Ал Малайзияга кимдер жана алар кандай максатта бара жатканы тууралуу толук айтып берди. - Сагындык мырза, бул иш-чаранын негизги максаты тууралуу айтып берсеңиз... - Иш-чаранын негизги максаты - эки элдин жакындашуусуна жана өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирген Малайзиянын тажрыйбасын жакындан көрүп-билүүгө шарт түзүү. Чакырылган журналисттер Малайзиянын массалык маалымат каражаттарынын иштөө өзгөчөлүгү, туризм жана билим берүү тармагындагы жетишкендиктери тууралуу тийиштүү мекемелерге барышып, жакындан маалымат алышат. Мындан сырткары кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчылары да Малайзиядагы мекендештерге өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы. - Малайзияга кыргыз жеринен баруучу топ такталдыбы, такталса алар кимдер? - Ооба, такталды. Айтып кеткендей, кыргыз мамлекетиндеги бир нече ири массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле белгилүү жылдыздар Гүлнур Сатылганова менен Гүлжигит Калыков, “тамашоучулар” Самат Эркинбеков, Эмил Эсеналиевдер барышат. Биздин уюм иш-чараны уюштурууга гана жардам бергени болбосо, негизги жүк Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинде. Элчи Кылычбек Султанов бул иш-чарага кетүүчү чыгымдарды, каражат маселесин өзүнө алган. - Каражат деп калдыңыз, алыскы Малайзияга бир канча кишини алып барып, алып келүү оңойго турбаса керек? - Ооба, албетте. Биз мындан да көп жылдыздарды чакырууга кызыкдар элек. Каражаттын тартыштыгынан улам чектелүүгө туура келди. Мисалы, ар бир кишиге жатакана, тамак-аш үчүн орточо эсеп менен 2500 доллар сарпталат. Учурдан пайдаланып айта кетейин, эгерде ушул топ менен Малайзияга барууну кайсы бир белгилүү ырчы кааласа, учак билети эки тарапка 1000 доллардын айланасында. Ошол каражатты төлөп барса болот. Калган жатакана, тамак-ашка кетчү чыгымдарды биз өз моюнубузга алабыз. - Жакшы экен, каалоочулар силер менен кантип байланыша алышат? - Биз сиздердин портал менен (ред. SUPER.KG) иштешип жатпайбызбы. Ошондуктан Малайзияга барууну каалаган ырчылар болсо, сиздерге кайрылганы туура болот го. Биз сиздер менен байланышып, маал-маалы менен кабар алып турабыз да.- Маегиңизге рахмат!

#133 01 June 2015 - 12:32
Жылдыз эмес жонокой жаран болcо деле боло береби? Акча каражатын озубуз которсок. Же созсуз шоу бизнес окулдорунон болуш керекби?
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#134 02 June 2015 - 15:07
Темага толук кандуу туура келишине күмөн бар болсо да маалымат катары:
Акыркы кезде учактару удаа-удаа кырсыкка чалдыгып жаткан "Малай Аба Жолдору" ("Malaysia Airlines") компаниясы жетекчилигине биринчи ирет чет өлкөлүк адисти жалдашып, аны менен чектелбей ушул жылдын күз мезгилинен тарта авиалинияны башка бренд менен чыгарышат экен. Анткени, "Malaysia Airlines" дегенди укканда эле жүргүнчүлөр коркушуп бул линияны тандабаганынан улам компаниянын кирешеси азайып кетиптир..
Мындай тактика жаңылык эмес. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө болуп турат.

> Mен эл менен <
#135 02 June 2015 - 16:31
#136 04 June 2015 - 08:56
Жылдыз эмес жонокой жаран болcо деле боло береби? Акча каражатын озубуз которсок. Же созсуз шоу бизнес окулдорунон болуш керекби?
билишимче сен өзүң деле ырдайсын, сенде шанс бар экен го 30-40% болсо дагы. Аракет кылып көр. Ийгилик.
Темага толук кандуу туура келишине күмөн бар болсо да маалымат катары:Акыркы кезде учактару удаа-удаа кырсыкка чалдыгып жаткан "Малай Аба Жолдору" ("Malaysia Airlines") компаниясы жетекчилигине биринчи ирет чет өлкөлүк адисти жалдашып, аны менен чектелбей ушул жылдын күз мезгилинен тарта авиалинияны башка бренд менен чыгарышат экен. Анткени, "Malaysia Airlines" дегенди укканда эле жүргүнчүлөр коркушуп бул линияны тандабаганынан улам компаниянын кирешеси азайып кетиптир..Мындай тактика жаңылык эмес. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө болуп турат.
Негизи ушу Малайзия Ейрлайндын тейлөө сапаты начар, кызматкерлери да бир "ступид" адамдар көп проблемалар болот булар мн. 3 деген баа берем.
I'm not PERFECT at least I'm not - FAKE
#138 11 June 2015 - 09:39
Малайзияга барган кыргыз делегациясы аталган өлкөнүн Лангкави аралына саякатка чыкты
Бүгүн, 9-июнь күнү Малайзияга барган кыргыз делегациясы аталган өлкөнүн Лангкави аралына саякатка чыкты. Алгач алар аралдагы Килим дарыясы аркылуу мангры токоюн аралашты. Андан соң маймылдарга, аралдын эн белгиси болгон жапайы бүркүттөргө жем беришти. Ошондой эле кыргыз делегациясы балык фермасында жана жарганаттар байырлаган Гуа үңкүрүндө да болушту.
Лангкавиде жалпы 104 аралча бар, анын 99да эч ким жашабайт.

#139 11 June 2015 - 09:40
Малайзияга барган кыргыз делегациясы Куала-Лумпурду кыдырды
Бүгүн, 7-июнь күнү Малайзияга барган кыргыз делегациясы аталган өлкөнүн борбору Куала-Лумпурду кыдырды. 6-июнда Бишкек шаарынан жөнөп кеткен делегациялык топ кыргыз эстрада жылдыздары Гүлнур Сатылганова, Гүлжигит Калыков, Асел Кадырбекова , “тамашоучулар” Эмил Эсеналиев, Самат Эркинбек уулу жана тажрыйба жыйнап келүү үчүн кеткен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн турат. Делегацияны бүгүн эртең менен КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов жылуу маанайда тосуп алган. 8-июнь күнү делегациянын Малайзиянын белгилүү аралдарынын бири Лангкавиге баруусу каралган.
http://www. super.kg/kabar/news/114747/

#140 11 June 2015 - 10:29
бул мамлекет кереги жок жаткан таштан да кантип акча табышты билишет, ошондуктан дайыма онугуу жолунда
*************************************

Супер-Инфо
super.kg
видео