s9zen098 (22 Апрель 2015 - 20:17) жазган:
Анан сизге суроом:
1. Ата менен эненин ортосунда кандай айырма бар?
2."Тагдыр" деген созду укканда ойунузга биринчи эмне келет?
3.Бакытты кайдан издейсиз?
4.Суйууну кандай тушуносуз?
Cаламатсызбы! Жылуу создорунуз учун терээн ыраазычылык билдирем. Чоон рахмат!! !

1) Ата-эненин ортосундагы негизги озгочолук эне ички тон болсо, ата тышкы тон болот. Бул эки создун ортосунда терээн ой жатканын, алардын кандай шартта "ички" жана "тышкы" тон болоорун баарыбыз жакшы билсек керек.
2)"Тагдыр" дегенде эле откон жана келечектеги бешенебизге жазылган жашообузду элестетем. Баарыбыздын тагдырыбыз Аллах тарабынан эчак эле жазылган. Бизге Аллах тарабынан жазылган тагдырга моюн сунуу, жана аткаруу парз болуп эсептелинет.
3) Бакытты албетте уй-буломдон издейм. Алар бактылуу болсо мен да бактылуумун.
Ооруканада тууганын болбосо, абак канада таанышын болбосо, дене мучон соо, курсагын бутун болсо. жакындарын айлананды курчап турса мындан артык бакыт бар бекен?
4) Cуйуу бул толук аныктамасы жок сезим. Башкача айтканда соз менен жеткирип айта албайбыз. Суйуу кучтуу адамды алсыз, алсыз адамды кучтуу кылуу кудуретине ээ. Дуйнодогу эн эле назик, эн эле ыйык сезимдердин бири болуп эсептелет.