Илимдүүлөргө суроо
#2981 23 Апрель 2015 - 17:28
Эгер тушунбосонуз -->
Роббим Аллаху Таала - Тарбиялоочум, ырыскымы Беруучу, жашоомо баардык шарт тузуп беруучум Аллах.
пайгамбарым
Мухаммад саллаллаху алейхи
васаллам - пайгамбарым Мухаммад Аллахтын ага салам, салаваттары болсун!
Калганы тушунуктуутэле го дейм.
#2982 23 Апрель 2015 - 17:32
Amantur. (23 Апрель 2015 - 16:58) жазган:
Жакшылап тушунуу учун араб тилин уйронуу зарыл эмес. Бирок Аллах бизге кайрылган, Пайгамбары тушундуруп беруудо колдонгон тилди уйронуу эн жакшы амалдардан.
#2983 24 Апрель 2015 - 00:43
Nurdoolot94 (23 Апрель 2015 - 17:32) жазган:
"Зарыл эмес" дегениң туура эмес.Мисалы, курандагы,намаздагы айтылуучу сөздөрдүн түпкү маанисин түшүнүү үчүн араб тилин билген адамга кыйрылыш керек.Кайрылбагандар түпкү маанисин түшүнбөйт.Мисалы мен өзүм билген курандын маанисин толук түшүнбөм.Толук эмес,бүтүндөй эле түшүнбөйм...
#2984 24 Апрель 2015 - 08:09
Amantur. (24 Апрель 2015 - 00:43) жазган:
Амантур сизден өткөндө куран тууралу сурасам, билем куран окутуп жатабыз деген элең да, ошондой эле куранды арабчасын билбеген кундө да сенин куран окуганың маанилүү эмеспи, ошондой эле арабтардын баардыгы эле арабча билгендиктен курады жеткиликтүү түшүнө бербейт, эгер арабча билген эле адам түшүнө бергенде арабча билгендин баары аалым болмок эле, намаз окуу үчүн сөзсүз арабча билүү керек деген туура болбой калат, куранды жаттап алып тилектерди кыргызча эле тиленсе неге болбосун, болот.
#2985 24 Апрель 2015 - 08:17
#2986 24 Апрель 2015 - 09:02
Amantur. (24 Апрель 2015 - 00:43) жазган:
Туура эле. Буга мен жана мага окшогондор далил болур берет.Мисалы мен арабча билбейм бирок Куранды транскрипциясынан жаттап анын кыргызча маанисин жана тафсирин окуп алам. Бул учун мен араб тилин уйронуп чыгышым керекпи? Жок.
#2987 24 Апрель 2015 - 10:49
kerakg (24 Апрель 2015 - 08:09) жазган:
Тилектер го сөссүз кыргызча болот.Бирок арабча сөздөрдү бузуп кыргызча кылып алсак таптакыр эле маанисин,орусча айтканда "эффект" ин жоготуп алаары маалым да,туурабы? Арабдар да толук түшүнбөшү ыктымал,бирок бизге караганда көп нерсени түшүнөөрүн билебиз да.Себеби арабча жазылып жатат.
#2988 24 Апрель 2015 - 11:59
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#2989 24 Апрель 2015 - 16:29
Kg.lady (24 Апрель 2015 - 11:59) жазган:
Сиздин он сооп тууралуу укканыңызда чындык бар, себеби башка амалдар толугу менен бир амал болуп эсептелет. Куран алар сыяктуу эмес анын ар бир бөлүгү да амал болуп эсептелет. Куран окууда ар бир тамгасы бир жакшылык болуп эсептелет, آ алиф өзүнчө, ل лам өзүнчө, م мим өзүнчө сооп болуп эсептелет, Ал эми бир жакшылык үчүн Алла Таала он эсе көп сооп берүүгө убада кылган.
"Ким бир сооп кылып келе турган болсо, ага он сооп берилет" (Ан'аам, 160) бул эң аз дегени.
Кимде ким билгенине амал кылса, Алла Таала ал киши билбеген илимди берет.
Намаз окуй ала турганчалык Куран жатоо ар бир мусулманга фарз. Бүткүл куранды жаттоо фарз кифая.
#2990 24 Апрель 2015 - 16:41
#2991 25 Апрель 2015 - 16:04
#2992 25 Апрель 2015 - 16:40
#2993 25 Апрель 2015 - 16:49
Aitunuk (25 Апрель 2015 - 16:04) жазган:
Ошо менен не дегин келди ?
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
#2995 25 Апрель 2015 - 18:10
Manap92 (25 Апрель 2015 - 17:16) жазган:
Түш тууралуу пикирлер жазылып өткөн, негизи түш үч түрлүү болот.
1. күнүмдүк ал акыбалга байланыштуу түштөр кире берет мисалы суусаган адамдын суу ичиши дегендей, түшүндө заара кылган бала төшөкө да заара кылып койушу дегендей.
2. коркунуштуу, чоочуга түштөр болот, шайтандан болот, чоочуп ойгонсо сол жака үч жолу тввулап, оң капталга жакшы ниет менен жатуу.
3. аян түш делет, Алладан келет, ал түштөрдүн айырмасы даана көрөт, эстен чыкпай эстеп кала алат бир сыр болуп келет, көрүнгөнгө айта берүү жакшы эмес болот. эң жакын адамыңызга айтса болот.
#2996 25 Апрель 2015 - 18:40
Aitunuk (25 Апрель 2015 - 16:04) жазган:
Айтунук айым жолдошуңуз менен илим, билимиңиздер менен ийгилике жете бериңиздер, бактылуу үй бүлөлөрдөн болуңуздар.
Кайсыл шаар же айылда Куран окуучу адам болбой турган болсо, анда ошол жердеги баардык жашоочулар күнөөкөр болушат.
Куранды жаттоо пайдасыз деп түшүнүү эл арасында туура эмес түшүнүк болуп калган, Куран жаттоону мээни оорутуу, убакытты текке кетирүү деп ойлобоо керек, бирок ар бир аракет ооруга жана ар бир эле кыял туура эмес нерсеге жетелейт, ошондуктан кайсыл бирине ыйлайсың, кайсыл бирине арман кыласың.
Риваятта келет, Куран жаттагын, себеби Алла Таала Куран сакталган жүрөккө акыретте азап бербейт,
Баарыбыз акыры өлөбүз, бирок өлбөй тургандай жашайбыз.
Билдирүүнү түзөткөн: kerakg: 25 Апрель 2015 - 18:43
#2998 25 Апрель 2015 - 19:20
#2999 25 Апрель 2015 - 19:25
Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!