Шаардыкбы, айылдыкбы тарбиясынан адамдын. Уй-булоосунон.
Шаардык кыз деп кандай кыздарды ойлойсуңар?
#182 26 April 2015 - 22:10
#183 27 April 2015 - 02:21
Талкууну башынан аягына чейин окуп чыктым. Чындыгында,
бул жерде шаардыктардын да, айылдыктардын да жаман да жакшы да жактары болот. Бул көбүнчө алган тарбиясынан,
айлана чөйрөсүндөгү адамдардан таасирленишет.
Мисалы мен мактангандай болбоюн, Бишкек шаарында төрөлүп өскөм, кыргыз мектепте окугам, кыргыз тилин жакшы эле билем, жада калса айылдык жигитти жактырып жүрөм ))) шаарда төрөлсө эле кыргызча билбейт, кыргызча сайтттарга кирбейт, кыргызча укпайт эмес угушат, билишет, киришет сопсонун эле. Ошондой эле айылдык кыздарда да болот. Шаардык кыз да, айылдык кыз да алган тарбиясынан,
өз дээринен көз каранды. Эгерде мектептен, үйүнөн кандай тарбия алса ошондой калыптанат шаардык кыздар деле... Клубдан клубга барып, сигарет чеккен, орой, орусча ашаткан кыздар да кездешет шаарда, бул да көрүнүп турган иш... Алар да чөйрөдөн, тарбиядан, дээринен. Мисалы мен кээ бир дос, туугандардан угуп калам, "сен вроде шаарда төрөлүп өскөн кызсың, шаардыктардай болбойсуңбу,
шаардыктардай кийинбейсиңби,
неге көбүнчө кыргызча ыр угасың" деген сыяктуу суроолорду бере беришет...бирок менин калыптанганым башкача, кээ бир шаардыктардай кыска, ачык кийингенди жактыра бербейм, ызы чуу чет элдик ырларды дээрлик укпайм. А айылдык кыздар боюнча айта кетсем аларда да ушундай эле көрүнүш. Бирок бир жаман жагы кээ бири чындыгында айылдан келген кээ бир кыздар эркиндикке чыга албай араң тургансып шаарга келе калганда эле ачылып чачылып кетишет.. Же алардын ою боюнча "шаардыктардай болуш үчүн ушундай болуш керек турбайбы"
дешип бат бузулуп кетүү коопсуздугунда болушат. Бир мисал келтире кетейин, мен студент кезде бизден бир жыл кийин келген кыздар жүрүшөт, биз пара жок, эшикте туруп калдык, биздин катардагы эле отургучтарга ошол кыздар отура кетишти, айылдан келгендери билинип турат, ошол жактагы орус чалыш эжелерин (жогорку курстардагы шаардык кыздар) туурагысы келиштиби билбейм шыңкылдашып эле күлүшүп колдоруна бир нерсе кармап алышып, көрсө байкуштар сигаретти күйгүзө албай жатышыптыр.
Ал жерде туруп мен намыстанып,
жинимдин келгенин айтпагыла, ичимен "жакшы өнөр үйрөнүпсүңөр"
дедим. Муну менен мен айылдык кыздарды жамандагым келген жок, жөн гана арасында бар деген ойду жеткиргим келди. и ошол эле ой шаардык кыздарга да тиешелүү...
Ак сүйүүңдөн бере турчу бир тамчы,
Жок дегенде эрин нымдап алайын.
Жок дегенде эрин нымдап алайын.
#185 27 April 2015 - 23:20
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
#186 29 April 2015 - 00:08
Ар бир адамдын өзүнөн!Шаарда чоңойуп өсүп деле жөнөкөйлөр бар,айылда өсүп деле бетке айтып,тарс тарс жүргөндөр бар,"беш кол тең эмес"!,бирок көбүнчө айылдыктар уялчаак келет!
#187 29 April 2015 - 02:08
Ар бир адамдын өзүнөн!Шаарда чоңойуп өсүп деле жөнөкөйлөр бар,айылда өсүп деле бетке айтып,тарс тарс жүргөндөр бар,"беш кол тең эмес"!,бирок көбүнчө айылдыктар уялчаак келет!
++++++++++туура айтылган ак соз!
Бирок? ..Таштан досуна ээ дос ушул казактар жаман ынжык калк болушат мага жакпайт десе?досу ушул улутка болгондорду анан озбектерди жаман коромда дегенден болуптур
#188 29 April 2015 - 02:11
Шаардыктар деле айылдыктар деле кыз.же шаардыкта 4 коз айылдыкта 4 кулагы барбы албетте жок!баары келечектеги тугойун жары балдарын мээримдуу апасы!
#189 29 April 2015 - 02:23
Шаардык кыздар акылдуу болот. Темпераментуу дагы.
Айылдык кыздар көбүнчө шаарга келип бузулуп кетишет. Прямь тоодон түшөт эки бети кызарып, бетине 2 кг шпаклевкадан берет дагы ана койкоңдоп көчөдө басышты кара, айрыкча жигиттер көп түрган жерде, басканы бир окшошсочу
Бирок айылдык кыздар, сыйлуу келишет. Шаардыктар орус пейил болушат...
#190 29 April 2015 - 17:03
Айылдык кыздар көбүнчө шаарга келип бузулуп кетишет. Прямь тоодон түшөт эки бети кызарып, бетине 2 кг шпаклевкадан берет дагы ана койкоңдоп көчөдө басышты кара, айрыкча жигиттер көп түрган жерде, басканы бир окшошсочу
.
Кой, антпеңиз... Айылдык кыздардын ичинде деле шаарга келип бузулбагандар бар. Ушунчалык жалпылаган болбойт да.
Негизи, шаарды шаар кылган - ошол эле сиз айткан "тоодон түшүп келген" ата-бабаларыбыз. Азыркы "киргиз" дердин ата-энелери, чоң-ата-чоң- энелери же чоң-чоң-ата- чоң-чоң-энелери дагы "тоодон түшүп" эле келген, керек болсо. Бирок, муну "киргиз" дер танып, өздөрүн элден "өтө өзгөчө" сезишет эмнегедир...
#192 29 April 2015 - 20:31
Айылдык кыздар көбүнчө шаарга келип бузулуп кетишет. Прямь тоодон түшөт эки бети кызарып, бетине 2 кг шпаклевкадан берет дагы ана койкоңдоп көчөдө басышты кара, айрыкча жигиттер көп түрган жерде, басканы бир окшошсочу
.
Бирок айылдык кыздар, сыйлуу келишет. Шаардыктар орус пейил болушат...
Бирок айылдык кыздар, сыйлуу келишет. Шаардыктар орус пейил болушат...
Айылдык кыздар шаарда келип Неге бузулат? Анда шаариский кыздар бузукпу баары? Анда шаардык кыздар айылга барса ондолуп калса керек? .анда бунда дедик беш кол тен эмес шаардык кыз айылдык кыз болбой кыс!бироого жаман корунгон кыз башкага ай корунот бактылуу жашап оз жолун таап кеткен унверсал кыз боллот!
#193 29 April 2015 - 20:34
Бирок айылдык кыздар, сыйлуу келишет. Шаардыктар орус пейил болушат... [/b][/color]
[/quote]
Мына шаардык айылдык кылып болуп турган негизги себеп!
#194 01 May 2015 - 01:17
Jogoruudagy mekendeshterdin aitkanynyn baaaryna koshulam.
Negizgisi kai jerde osso da adam ailana choirogo adaptassialanat Bul bir
Ekinchisi Ata Enege da koz karandy bergen tarbiyasyna.
Negizgisi kai jerde osso da adam ailana choirogo adaptassialanat Bul bir
Ekinchisi Ata Enege da koz karandy bergen tarbiyasyna.
#195 03 May 2015 - 18:29
Шаардык кыздар- маданияттуу келишет кайсы жерде өзүн кандай алып жүрүштү, кандай сүйлөштү билет, жигиттердин башын айлантат өтө чеберчилик деңгээлде.
Элдин көзүнчө маданияттуу достордун же жигиттердин жанында маданияттын "м" нанда дайын жок болот.
Жаман жактары эрте бузулушат 5,6 класстан жигиттер менен жолугуп өбүшүп баштайт, пиво,арак, сигаретти үйрөнөт 8,9 класстан баштап клубга бара баштайт. Анан өзүн кармай албагандары тарс этип бузулат.
Айылдык кыздар - маданияттуу эмес, Адептүү болушат шаардыктарга окшоп элдин алдында башкача, достордун алдында башкача эмес. Мүнөзү жакшы келишет) турмушка бышкан иштерди катыра жасаган, абдан келишимдүү аял болот.
Жаман жактары - Шаарга келип шаардык эчкиледи туурап кетет.

#196 04 May 2015 - 00:43
Кара-Кулжа 100% чындык соз +. А шаардын четиндегилерчи.
..) экооно тен кошулбай калабы ошондо.
#197 04 May 2015 - 05:12
урматтуу сынчылар ..деп соз баштайт окшойм)))) ар кимибиз ар башка шаардык жана айылдык инсандарды коргонбуз жогоруда айтылып кеткен создордун баары чындык ..эми бизге ошондой инсандар мн таанышыш насип кылган экен,ар ким оз ойун айтты. бирок бир теманы окуп койсок кантет .айылдык кыздардын жанын койолу эми..)))))
#198 04 May 2015 - 18:35

#199 16 May 2015 - 20:23
Нагыз Бишкектик, шаардык кыздардын жаманын коргон жокмун. Баары жонокой, тыкан, эстуу, туура боенгон. Ал эми 10-15 ж мурун шаардык б0лг0н, келгинди "выпендрёшкаларды"
к0рдум.
#200 02 May 2017 - 19:29
Мына теманы аран суйроп келдим оох
Түнт мүнөздүү түркөй болушпай
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!

Супер-Инфо
super.kg
видео