Суперстан: „Хадис” . - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 45
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

„Хадис” . Мухаммад Пайгамбардын(САВ)осуяттары.

#921 Пользователь офлайн   TAYNAYA   27 Апрель 2015 - 02:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

~ЧОН КУНОО ЭКЕНИ ЫКТЫМАЛ БОЛГОН ХАДИСТЕР~

УЛАНДЫСЫ..... ...

▶Пайгамбар с.а.в "Пенде Аллах ыраазы кыла турган созду суйлойт да, андай денгеелде жетет деп ойлобойт, Аллах Таала анын созу учун кымат кунго чейин ага ыраазычылыгын жазат. Пенде Аллахты нааразы кыла турган созду суйлойт да,андай денгеелге жетет деп ойлобойт, Аллах аны озуно жолуктурганга чейин ага каарын жазат".

▶Пайгамбар с.а.в айтты: "Мунафыкка мырзам деп айтпагыла, эгер ал мырза боло турган болсо, анда силер улук-ызаттуу Аллахты каарданттынар" .

▶"Эки жуздуунун белгиси учоо:Суйлосо жалган суйлойт, убада берсе убадасына турбайт жана амантка кыянат кылат ". (Муттафакун алейх)

▶Жалган суйлоо жана кыянаттык алдыда айтылда айтылды. Ал эми бул жерде эскертуу максат убадага кыянат кылуу.
Аллах Таала айтты:

▶"Алардан айрым бироолор : "Эгер Аллах бизге оз берешендигинен (байлык ) берсе, ал бетте, биз садака берген жакшы адамдардан болоор элек ,-деп Аллахка ант беришкен. "Ошондо Аллах аларга Оз берешендигинен (байлык) берген кезде, алар Аллахтын бергендерине сарандык кылышты: Баш тартышты. Алар-жуз уйуруучулор. Эми алар Аллахка берген оз убаадаларына оздору каршы чыгыпшып, жалган суйлогону учун Озуно жолуга турган кунго чейин алардын журокторуно эки жуздуулук салып койду" (Тавба:75-76-77).

▶Пайгамбар с.а.в айтты: "Ким мурутун албаса, бизден эмес". (Тирмизий).


▶Пайгамбар с.а.в айтты: "Мажустарга каршы болгула, сакалды коюп мурутту алгыла" (Муттафакун алейх).

▶Умар: "Тигил шаарлардан ажылык кылбагандар коруп келсин деп адамдарды жонотойун деп ниет кылдым , ажылык кылбагандарды карашсын, кимдин мумкунчулугу болуп ажылык кылбаса, ага жизйа милденттендиргиле, алар мус3лман эмес, алар мусулман эмес. (Саид бин Мансур).

▶Пайгамбар с.а.в айтты: "Кимде-ким энесин баласынан ажыратса, кыямат куну Алла Таала ал адамды жакшы коргондорунон ажыратып коёт" (Ахмад жана Тирмизий).

▶Пайгамбар с.а.в айтты: "Ким мураскорунун мурасынан качса , Аллах Таала анын бейиштен болгон мурасын кесип коёт".

▶Пайгамбар с.а.в "Чындыгында пенде алтымыш жыл Аллахка моюн сунуп амал кылат, кийин ага олум келип, осуятты туура эмес кылып ага тозок милдет болот, кийин Абу Хурайра: ..................... .

▶"Аллахтын корсотмосу боюнча эч кимге зыян келтирбей,карыздарды толоп буткон сон (берилет) Акыйкатта, Аллах-Билуучу, Жумшак". (Ниса:-12) деген аятты окуду (Абу Дауд жана Тирмизий).

▶Амр бин Харижадан риваят: Пайгамбар с.а.в тоого чыгып алып: "Чындыгында, Аллах Таала ар бир укук ээсине оз укугун берген,мураскорго осуят жок"-дегенин уктум (Тирмизий)

▶Пайгамбар с.а.в айтты: "Чындыгында , Аллах Таала адепсиз богоздук жек корот".

▶Пайгамбар с.а.в айтты: "Кыямат куну Аллахтын алдында даражасы ото жаман адам: Куйоосу аялына кошулуп, аялы куйосуно кошулуп, кийин аялынын сырын айткан адам" (Муслим).

▶Пайгамбар с.а.в айтты: "Ким аялдын котонуно кошулса ал наалатталган" (Ахмад жана абу Дауд).

▶Башка бир риваятта: "Аялынын котонуно кошулган эркекке Аллах карабайт" .
▶Пайгамбар с.а.в: "Ким этек кирин коруп жаткан аялга кошулса же аны котонуно кошулса же коз ачыкка келип аны тастыктаса, ал каафыр болду же Мухаммадка тушконго киешеси жок болду" (Абу Дауд-Тирмизий)

▶Пайгамбар с.а.в айтты: "Эгер бир адам уруксатсыз (уйуно) карап, кийин сен майда таш менен анын козун чыгара койгон болсон да, сага эчнерсе болбойт" (Муттафакун алейх).
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#922 Пользователь офлайн   TAYNAYA   27 Апрель 2015 - 03:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

~ЧОН КУНОО ЭКЕНИ ЫКТЫМАЛ БОЛГОН ХАДИСТЕР~

▶Пайгамбар с.а.в айтты: "Силердин бироонор озуно жакшы коргон нерсесин башка бироого каалабаса ал толук ыймандук боло албайт" (Муттафакун алейх)

▶Пайгамбар с.а.в айтты: "Пенде Мени оз аялынан, баласынан, оз жанынан жана баардык адамдардан дагы жакшы коруп суймойнчо ыймандуу боло албайт" Сахих хадис).

▶"Силердин конулунордун каалосу мен алып келген нерсеге ылайык болбосо, ал толук ыймандуу болбойт" (Иснады сахих).

▶Аллахка ант! Кимдин кошунасы анын жамандыгынан оолак болбосо,ал толук ыймандуу болбойт"

▶"Силердин бироонор жаман ин коргон болсо, аны колу менен токтотсун, эгер кучу жетпесе , тили менен айтсын, эгер ага да кучу жетпесе, журогу менен жек корсун. БУЛ (УЧУНЧУСУ) ЫЙМАНДЫН ЭН АЛСЫЗДЫГЫ" . (МУСЛИМ).

▶"Ким аларга каршы колу менен курошсо ал момун, ким тили менен курошсо, ал момун. Мындан кийин кымындай дагы ыйман жок." Бул хадисте ким журогу менен куноолорду кайтарбай жана алардын болбошун каалабаса, анын ыйманы жок деген далил бар. Акыйкатсыздык жана нанын ээлерин кетирсин жана аларды ондоп туздосун деп журоктун Аллахка жалбаруусу- бул дагы курош.

▶Силерге башчылар дайындалат, аларды билесинер да, аларды кайтарасынар, ким жек корсо, ал таза калат, ким кайтарса, ал сак болот. Бироолор: "Биз алар менен согушабызбы? "-деди эле. Пайгамбарыбыз: "Жок, алар силердин аранарда намазды окубай коймоюнча" -деди (Муслим).

▶Пайгамбар с.а.в, ичиндегилер азапталат жаткан эки кабырдын жанынан отуп баратып "Булар азап тартып жатышат, чон нерсе учун азапталышкан жок! Ооба ал чон, алардын бироосу сийдигинен сактанчуу эмес, экинчиси болсо соз ташыйт эле"-деди.

▶Пайгамбар с.а.в айтты: "Ким эч акысыз талаш-тартышка жардам берген болсо, ал аны таштамайынча, ал Аллахтын каарында болот". (Сахих). "КУУЛУК ЖАНА АЛДОО-ТОЗОКТО"

▶"Кимде-ким бироонун аялын жана бироонун кол астындагы адамды бузса, ал бизден эмес". (Абу .Дауд.)

▶"Кекечтенуу жана уялуу ыймандын эки бутагы, ал эми богоздуук жана корстук эки жуздуулуктун белгиси" (Сахих)

▶Пайгамбар с.а.в айтты: "Уят ыймандан, ыйман бейиште, богооздук корстуктан, корстук тозокто".

▶Пайгамбар с.а.в айтты: "Ким коз жумуп, аны (кол байлаган) жамаат имамы болбосо, анын олуму жахилият олуму". (Иснады сахих)

▶Пайгамбар с.а.в айтты: "Ким мусулмандын тамагын жесе, кымат кун Аллах ага оттон болгон тамакты тамактандырат, ким мусулмандын айыбын ачса, Аллах аны кымат куну эл угуп коро турган жерге чыгарып коёт, ким мусулмандын кийимин (уруксатсыз) кийип алса, кыямат куну Аллах ага оттон болгон кийимин кийгизет" . (Хаким)

▶"Ким мусулман тууганына бир жыл суйлобой таштап койсо, ал анын канын токконго барабар".

▶Пайгамбар с.а.в айтты: "Кимдин ортомчулугу Аллахтын жазаларынан бир жазасына тоскоол болсо, анда ал Аллахтын буйругуна каршы болуптур" .

▶Пайгамбар: С.а.в айтты "Пенде конул бурбастан, Аллахтын каарын келтирген созду суйлоп, ошол себептуу тозокко тушот".

Имам Захабий китебинен алынды.

Билдирүүнү түзөткөн: TAYNAYA: 27 Апрель 2015 - 03:02

Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#923 Пользователь офлайн   TAYNAYA   27 Апрель 2015 - 03:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

КҮНӨӨНҮ ЖАШЫРУУ

Алла Таала кылган күнөөлөрүбүздү жашырып коюшу кандай чоң жакшылык!

Алла Таала күнөөнү жашырат.Ошондой эле, арабыздан бири-бирибиздин кемчиликтерибизди жашырууга чакырат.

Хадисте: "Кимде ким бир бурадарынын кемчилигин жашырса, Алла Таала анын кемчилигин акыретте жашырат", - деп айтылат.

Бир адамдын кемчилигин Алла кечирип жашырып койгон болсо, аны чукуп чыгып элге жарыялаган адамдын абалы кандай болот? Алла сактасын!

Бирок, бир нерсени жакшы түшүнүш керек. Мисалы, мен адамдарды ачык эле адашууга чакырсам. Аны илимдүү адамдар көрүп: "Бул кишинин чакырыгы - ката, туурасы мындай..." - деп далилдеп берсе, бул ушак, же кемчиликти ачуу болуп саналбайт.

Адам адашууну элге ачык жарыялагандан кийин, катасы да ачык жарыяланышы керек. Анткени, канча деген адамдарга туура эмес маалымат таркап кетип жатат.

Негизинде, акыйкатты адамдар угушу, таанышы керек.Туура эмес маалыматтар менен амал кылууларына жол бербөө маанилүү.

Ал эми катаңды көргөзүп берип, туура багыт бергендерге ачууланбашыбыз зарыл. Тескерисинче, ыракмат айтыш милдет. Бул ыкыластын белгиси.

Ал эми өз напсибизди ээрчип, айтканыбыздан кайтпай, ачык далилди көрмөксөмгө салсак, анда адашканыбыз - ушул....
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#924 Пользователь офлайн   TAYNAYA   27 Апрель 2015 - 03:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

Абу умама (р.а)дан риваят: Пайгамбар (сав) айтты: Созу туура болуп туруп да талашып-тартышууну таштаган адам учун, бейиштин тегерегинен бир уй алып берууго жоопкерчиликтуумун.
Тамаша кылууда да жалган созду таштаган кишиге, бейиштин ортосунан уй алып берууго жоопкерчиликтуумун.
Кулк-мунозун жакшырткан кишиге, бейиштин жогору жагынан уй алып берууго жоопкерчиликтуумун. (Абу Дауд)
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#925 Пользователь офлайн   TAYNAYA   27 Апрель 2015 - 03:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

~ КУФУР ~

Жамандыктардын эң жаманы Аллаху Таалага ишенбөө, атеист болуу. Ишенүү керек болгон нерселерге ишенбөө куфур болот. Мухаммед (саллолоху алейхи вассалом) ишенбестик куфур.

Мухаммед Пайгамбарыбыздын( саллолоху алейхи вассалом)Аллаху Таала тарабынан алып келип билдирген нерселердин бардыгына жүрөк менен ишенүү, тил менен тастыктап айтуу ыйман деп аталат. Сөз менен билдирүүгө тоскоол болгон учурда айтпоо кечиримдүү. Дайым туура ыйманда болуу үчүн Ислам дини эмнелерди куфурдун белгилери деп билдирген болсо, аларды айтуудан жана колдонуудан сактануу керек.
❗Исламдын өкүмдөрүнөн б.а., буйрук жана тыюуларынан кандайдыр бирөөнө маани бербөө, Курани карим, периште, пайгамбарлардын бирин «алейхимуссалавату ваттаслимат» мазактоо куфурдун белгилери.
❗Баш тартуу, б.а., уккандан кийин аны кабыл албоо, ишенбөө аны тастыктабагандык болот. Шек саноо да баш тартуу (инкар) болот.

Куфурдун үч түрү бар: жахли, жухуди жана хукми.
➡1.Укпагандыктан, ойлонбогондуктан капыр бойдон калгандардын куфуру «куфур-и жахли» деп аталат. Жахлдин да эки түрү бар:
❗ Биринчиси - жөнөкөй. Мындай адам жахилдигин (сабатсыздыгын) билет. Аларда ката акыйда болбойт. Айбан сыяктуу. Себеби, адамды айбандан айырмалаган нерсе билим менен түшүнүк. Алар айбандан дагы төмөн. Себеби, айбан өз жаратылуу максатында өмүр сүргөндүктөн алар мындай адамдардан жогору турат.
❗ Экинчиси – жахл-и мураккаб. Туура эмес, жаңылыш акыйда (ишенич). Грек философторунун жана мусулмандардан жетимиш эки бидат топтун ачык түрдө билдирилген нерселерге ылайык болбогон ишеничтери мына ушундай. Бул жахалат биринчисинен дагы жаман. Дарысы билинбеген оору.
➡2.Куфр-и жухуди деген куфур куфр-и инади деп да аталат. Билип турса да моюнга албоо ушундай. Бой көтөрүү, аброюн көтөрүүнү ашыкча сүйүү же кемсинүүдөн же айыпталуудан коркуу сыяктуу себептерден улам болот. Фараон жана жолдошторунун, Византия королу Гераклиустун куфурлары мына ушундай.
➡3. Куфурдун үчүнчү түрү – куфр-и хукми. Куфурдун белгиси деп Ислам билдирген нерселерди сүйлөгөн жана кылган адам жүрөгүндө тастык болсо жана ишенгендигин айтса да капыр болот. Ислам буттун алдында тебелөөнү буйрук кылган нерселерди урматтоо, урматтоону буйрук кылган нерселерди тебелөө куфур болот.
Төмөндө Ислам дининде капырлыкка себеп боло турчу куфур сөздөр жана иштер билдирилди:
❌1- «Аллаху таала Арштан же асмандан бизди карап» жатат деп айтуу куфурлук болот.
❌2- «Сен мага зулум кылганыңдай, Аллаху таала да сага зулум кылып жатат» деп айтуу куфурлук болот.
❌3- «Баланча мусулман мен үчүн яхудий сыяктуу» деп айтуу куфурлук болот.
❌4- Жалган сөздү «Аллаху таала билет, бул туура» деп айтуу куфурлук.
❌5- Периштелерди кемсинткен нерселерди сүйлөө.
❌6- Курани каримди, жада калса анын бир тамгасын төмөнсүнтүп сүйлөө, бир тамгасына ишенбөө куфур.
❌7- Музыкалык аспаптын коштоосунда Курани карим окуу.
❌8- Чыныгы Тоорат жана Инжилге ишенбөө, аларды жамандоо. (Учурда чыныгы Тоорат жана Инжил жок).
❌9- Курани каримди арапчадан башка тамгалар менен окуп, «бул - Курани карим» деп айтуу куфурлук.
❌10- Пайгамбарларды кемсинте турчу нерселерди сүйлөө.
Ж.б
islamdini сайтынан.

Билдирүүнү түзөткөн: TAYNAYA: 27 Апрель 2015 - 03:17

Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#926 Пользователь офлайн   TAYNAYA   27 Апрель 2015 - 03:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

Бисмиллахтын пазилеттери:

Алгач жазылган бул -
Бисмиллах. Адам
алейхиссаламга алгач келген
нерсе – Бисмиллах. Момундар
Бисмиллахтын жардамы
менен Сырат көпүрөсүнөн
өтүшөт. Бейишке чакыруу
кагазында Бисмиллах
жазылган.

Хадисте айтылды:
"Курани каримдин ачкычы–Бисмиллах. ” [С. Абадиййа]

"Бисмиллах менен желген
тамак берекелүү болот.”
[Ибни Мажа]

"Бисмиллах менен
башталбаган бардык
маанилүү иштер
кемчиликтүү болот.”
[Байхаки]

"Үйгө кирип баратканда
Бисмиллах окулса шайтан
"Бул үйгө кирүүмө
мүмкүнчүлүк жок” департына кайтып кетет.”
[Тибйан]

"Бисмиллах менен жазуу
жазган адамдын
муктаждыгы кетет, Аллаху
таала дагы андан ыраазы
болот.” [Дайлами)

"Тамакты Бисмиллахты
айтып жеп, аягында
Алхамдулиллах деген
адамдын дасторкондон
тура элегинде күнөөлөрү
кечирилет.” [Табарани]

"Кыйынчылыкка дуушар
болго адам "
Бисмиллахиррахм аниррах
им ва ла хавла ва ла
куввата илла биллахил
алиййил азыим” деп айтса ар
түрлүү кыйынчылыктан
кутулат.” [Дайлами]

"Бисмиллах жазылган бир
кагазды жерден алып
койгон адам сыддыктардан
деп жазылат.” [Таргиб-ус-
салат]

"Бисмиллахсыз атыр
себинген адам шайтандарга
да атыр сепкен болот.”
[Ибни Сүнни]

"Шайтандан коргонуу үчүн
тамакты Бисмиллах менен
баштагыла.” [Табарани]

"Суу ичерде Бисмиллахты
оку, ичип бүткөндө да Алхамдулиллах де жана үч
демде ич!” [Ибни Сүнни]

"Тамакты баштарда Аллаху
тааланын атын эстегиле,
б.а., Бисмиллахты окугула!
Башындa Бисмиллахты
окууну унуткан адам эсине келгенде "Бисмиллахи ала
аввалихи ва ахирихи” десин!”
[Абу Давуд, Тирмизи, Хаким]

"Тамакты баштаган адам Бисмиллахи десин.
Бисмиллахи дегенди
унутуп койгон болсо
эстегенде "Бисмиллахи
аввалуху ва ахираху” десин.”
[Ибни Мажа]

"Шайтандан коргонуу үчүн
тамак жегенде, эс алып жатканда жана түндө жатарда
Бисмиллахты
окугула!” [Табарани]

"Ажатканага кирип
баратканда окулган
Бисмиллах жиндердин
көзүнө парда болот, аврат
жерлерди көрө алышпайт.”
[Тирмизи]

"Эшигин Бисмиллах менен жапкан адам шайтандан
коргонот. Бир чыбык
мененболсо дагы идиштерди
Бисмиллах менен жаап
койгула!” [Ибни Хиббан]

"Шайтан Бисмиллах
айтылбаган тамакты өзүнө
халал деп көрөт.” [Муслим]

"Шайтандан коргонуу үчүн
үйгө кирип баратканда
салам бергиле жана
тамакты Бисмиллахты
айтып жегиле!” [Табарани]

"Үйдөн чыгып баратканда
"Бисмиллахи таваккалту
алаллах, ла хавла ва ла куввата илла биллах” деп
айткан адам
коркунучтардан коргонот
жана шайтан ал адамдан
алыстайт.”

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: image.jpg

Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#927 Пользователь офлайн   TAYNAYA   27 Апрель 2015 - 03:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

Субханаллох, алхамдулиллах, аллоху акбар деп зикир кылабыз. Мунун маанилери кандай жана эмнеге 33 жолу?077810...
- "Субхааналлоохи" -Аллах Таала бардык кемчиликтерден жогору, таза. "Алхамду лиллаахи" -Аллах Таалага чексиз мактоолор болсун. "Аллааху акбару"-Аллах Таала баарынан улуу, баарынан чоң.
Имам Муслимдин "Сахих" (594) китебинде Азирети Абу Хурайра, Пайгамбарыбыз алайхис саламдын сөзүн мындай деп риваяттайт: "Кимде ким ар бир намаздын артынан отуз үч мерте "Субхааналлоохи" , отуз үч мерте "Алхамду лиллаахи" , отуз үч мерте "Алааху акбару" деп жалпысы токсон тогузду айтып, жүзүнчү кылып "Лаа илааха иллаллооху вахдаху лаа шарийка лаху, лахул мулку ва лахул хамду, ва хува ьалаа кулли шай-ин кодиир" айтса, ал адамдын катачылыктары деңиздин көбүгүндөй (көп) болсо да кечирилет! ".
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#928 Пользователь офлайн   Meruet84   27 Апрель 2015 - 09:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

TAYNAYA
АЛЛАХ ЫРААЗЫ БОЛСУН !

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 27 Апрель 2015 - 09:21

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#929 Пользователь офлайн   TAYNAYA   27 Апрель 2015 - 23:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

Фираун энесин
сыйлаганбы?
Фираундун ким экенин билесиң-
би?
Фираун Исраил коомунда адам-
дарды кой мууздагандай мууздайт эле...
Аялдардын курсагын жарып өл-
түрөт эле...
Аллахтын пайгамбары Муса
алайхис-саламды өлтүрүүгө аракет
кылган эле...
Муса алайхис-салам менен тала-
шуу үчүн сыйкырчыларын топтоп кел-
ген эле...
«Мен силердин Кудайыңармын»
деп өзүн Жаратуучуга теңеген эле...
Анын каапырлыгы жана залым-
дыгы чектен ашып кеткен болчу. Ошон
үчүн Муса пайгамбар Аллахка кай-
рылып: ... «Оо, Раббим! Сен Фираун
менен анын адамдарына дүйнө жа-
шоосунда (ар түрдүү) зыйнаттарды
жана мал-мүлктү бердиң. Оо, Роб-
бим! (Сен дүйнөнү аларга) Өзүңдүн
жолуңдан адашып кетүүсү үчүн гана
бергенсиң. Оо, Роббим! Алардын мал-
мүлкүн кыйратып, жүрөктөрүн ка-
тырып сал! Качан гана жан чыдагыс
азапты көрмөйүнчө ыйман келтире
албай калышсын! » – деп дуба кылат.
(Юнус сүрөсү, 88-аят).
Дубанын күчтүүлүгүн кара жана
бул дубаны ким кылып жатканына кө-
ңүл бур. Дубаны Муса пайгамбар, Ал-
лах менен түздөн-түз сүйлөшкөн пай-
гамбар кылып жатат. Аллах Таала бул
дубаны кабыл кылды, бирок анын жоо-
бун арадан кырк жыл өткөндөн кийин
гана кайтарды. Эмне үчүн? Эмне үчүн
ушундай чектен чыккан адамды Аллах
Таала дароо эле жазалабады?
Бул суроого Ибн Касир (Аллах
аны ырайым кылсын) өз тафсиринде
минтип жооп берет: Фираундун энеси
бар болчу. Ал энесин сыйлап, жакшы
мамиле жасайт эле. Ошол себептен
анын энеси дүйнөдөн өткөнгө чейин
Аллах Таала аны жазалаган эмес. Аллах
Таала ата-энеге жакшылык кылуучулар-
ды ушундай сыйлайт...
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#930 Пользователь офлайн   TAYNAYA   27 Апрель 2015 - 23:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

АЯЛ-ОЗОК
ЭРКЕК-СЫРТКЫ КАБЫК
Аял куйоосун коштоп, колдоп, мактап обок-жолок болуу м.н озунун жакшы созун куйомуку деп озу бутургон иштерди да "куйом бутургон, куйом айткан, куйом чечкен " деп дайыма куйоосунон озуну бир тепкич пас алып журуу к.к.
Коомдо эл арасында куйосунун жакшы жактарын гана чыгарып журуу керек. Эгерде куйоосунун жаман сыпаты болсо уйдо жеке отурганда бала-чака жокто сыпайы, сылык айтып тушундуруп дайыма тарбиялоонун устундо болуу керек.
"Ааламдан тушкон аян китеби."
Абу Умаама (разиаллааху анху) дан риваят: "Бир киши Пайгамбар с.а.в дан сурады, Ата-эненин оз балдарынын мойнунда кандай укуктары бар? Пайгамбар с.а.в айтты: "Ал экоо сенин бейишин же тозогун" б.а аларга мойун сунуп кызмат кылуу, бейишке алып барат. Аларга адепсиздик кылып тарынтуу тозоко алып барат.
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#931 Пользователь офлайн   TAYNAYA   28 Апрель 2015 - 00:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

Мусулман менен каапырдын айрымасы бир гана намазда (ХАДИС)

Сенин айрыман барбекен бир тууганым?
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#932 Пользователь офлайн   TAYNAYA   28 Апрель 2015 - 01:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

Мусулман адам,коркок болуусу мумкун.
Мусулман саран болуусу мумкун.
Бирок мусулман адам жалган суйлошу мумкун емес.(Хадис)
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#933 Пользователь офлайн   TAYNAYA   28 Апрель 2015 - 01:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

АЛЛАНЫН ЖАРАТКАН МАКЛУКАТТАРЫНА , ДУЙНОНУН ОТКУНЧУ ЭКЕНДИГИНЕ, КЫЯМАТ КУНУНУН КОРКУНУЧТУУ АБАЛДАРЫНА ОЙ ЖУГУРТУУ.

Албетте улуу жараткан Алла Тааланын жер , асман , кун-тун , дениз, жылдыз планеталарды жаратуусу , улуу Алланын аябай кудуреттуу зат экендигин корсотот,
------------ ал эми дуйно жашоосунун откунчу экендигине ой жугуртуу акыретте карай жакшы сооптуу амалдарды топтоого жана дуйного баш оту менен кирип кетуудон сактайт,
----------- ал эми кыямат кунундогу оор абалдарды ойлоо Алланын тат-ибадатына берилууну, Алланын кайтарган арам иштерин таштоону, дуйнодо уммутту кыска кылууну, олумду коп эстоону чакырат.
Улуу Алла Таала :
وَقالَ تَعَالَى : ? إِنَّ في خَلْقِ السَّمَاوَاتِ وَالأَرْضِ وَاخْتِلافِ اللَّيْلِ وَالنَّهَارِ لآياتٍ لأُولِي الأَلْبَابِ * الَّذِينَ يَذْكُرُونَ اللهَ قِيَاماً وَقُعُوداً وَعَلَى جُنُوبِهِمْ وَيَتَفَكَّرُونَ فِي خَلْقِ السَّمَاوَاتِ وَالأَرْضِ رَبَّنَا مَا خَلَقْتَ هَذَا بَاطِلاً سُبْحَانَكَ ? الآيات [ آل عمران (190 ، 191) ] .
( Албетте жер асмандын жаратылышында жана кун-тундун алмашышында акыл ээлери учун улуу аят кереметтер бар, ал (акыл ээлери) Алланы туруп, отуруп, жанбаштап жатып зикир кылышат, жер асмандардын жаратылышына ой-пикир жушуртушуп: "Оо жараткан сен бул ( асман жерлерди) бекерден-бекер жаратпадын , сен баардык айып кемчиликтерден тазасын" деп айтышат ) дейт.
Улуу сахаба Умар (ра) рываят кылган хадисте Алланын пайгамбары (сав) :
تفكروا في الاء الله و لا تفكروا في الله
( Алланын жараткан маклукаттарына ой-пикир жугурткуло, Алла тууралуу ой жугуртпогуло) деп айтат. Ал эми улуу сахаба Абу Дарда (ра) : " Бир саат ааламга ой жугурту, туну боюу ибадат кылгандан жакшы " деп айтат. Ал эми улуу аалым даанышман Бишир Хавий : " Эгерде адамдар Алланын кудуретине ой жугуртушкондо, Аллага баш ийбестик кылышпайт эле " деп айтат. Улуу Алла Таала:
وَقالَ تَعَالَى : ? أَفَلا يَنْظُرُونَ إِلَى الإِبِلِ كَيْفَ خُلِقَتْ * وَإِلَى السَّمَاءِ كَيْفَ رُفِعَتْ * وَإِلَى الْجِبَالِ كَيْفَ نُصِبَتْ * وَإِلَى الأَرْضِ كَيْفَ سُطِحَتْ * فَذَكِّرْ إِنَّمَا أَنْتَ مُذَكِّرٌ ? [ الغاشية (17
( (Адамдар ) тоо кандайча жаралганына, асман кандайча которулуп койулганына, тоолор кандайча тургузулуп койулганына, жер кандайча тегизделип жайылганына ой-пикир жугуртушпойбу !!! (Мухаммед) сен эскерткин, албетте сен эскертуучусун ) деп айтат. Албетте бул аятта улуу Алла Таала озунун жалгыздыгын , кудуретин , улуулугун ачып беруу учун адамдарды ааламга ой жугуртууго чакырат.
Рываят кылышынча кундордун биринде бир киши туну эшике чыгып чалкалап жатып, асманга карай кылчайып тигилип , кереметтуу кооз жылдызга толгон асманга карап :" Оо кереметтуу асман! Албетте сенин жаратуучун бар, ал гана сени жаратты, Оо кудуреттуу кудай менин куноолорумду кечир деп" айтат, анда Алла анын созун угуп куноолорун кечирип жиберет.
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#934 Пользователь офлайн   madina.87   29 Апрель 2015 - 08:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 700
  • Катталган: 09 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2021 15:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жолдошумдун айылы.

Аллах раазы болсун бир канча билбегендеримди билип алдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#935 Пользователь офлайн   ROZI   29 Апрель 2015 - 09:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

"ИЛИМ АЛУУ"

Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алейхи ва саллам айтат:
“Кимге Аллах жакшылык кааласа аны динди түшүнүүчү кылат”
(Бухари, Муслим)
Дагы айтты:“Аллах дүйнөнү жакшы көргөнүнө да, жаман көргөнүнө да бере берет. Бирок динди бир гана жакшы көргөн пендесине берет. Кимге Аллах дин берсе – демек аны сүйүптүр”
(Ахмад: 1/387, Хаким)
Бул хадистерде дин илимин алуунун пазилети кандай чоң экенин көрөбүз. Ананчы! Илим аркылуу биз Раббибизди тааныйбыз, Ал эмнеден ыраазы, эмнеден нааразы билебиз, ага кандай туура сыйынууну үйрөнөбүз.
Илим ибадаттын эң чоң өзөгү.
Адамзатынын жаралуу максаты – ибадат. Ал эми ибадатты кантип аткарууну уктап, же басып жүрүп билип калбайбыз, албетте илим изденүү аркылуу үйрөнөбүз.
“Аллахка такыба болгула – ал силерге илим үйрөтөт”
(Куран, Бакара: 282)


“Аллахтан бир гана илимдүүлөр сезденишет” (Куран, Фатыр: 28)
Ошондуктан канчалык адам илимдүү болсо – ошончо ибадаты бекем болот. Анан тескерисинче – канча ибадаты бекем болсо ошончо илими өсөт, жаңы илим үйрөнүүгө Алла Таала кудурет күч берет.
Илимдүү болом десеңиз билген илимиңизге амал кылыңыз - ошондо сизге жаңы илим келет.
“Тооратты колдорунда көтөргөнү менен, кийин анын өкүм-буйруктарын иш жүзүнө аткара көтөрбөгөн адамдар, үстүнө көп китеп көтөргөн эшек сыяктуу”
(Куран, Жума: 5)
Илим алып, бирок илимин ишке ашырбагандык – жөөттөрдүн сыпаты. Алар акыйкатты акыйкат деп билишет эле, бирок алган илимдерине амал кылышпагандыктан Алланын каарына калышты
(магдууб алейхим).
“Асырга ант! Албетте, ар бир инсан зыянда! Ал эми, ыйман келтирген, салих сооп амалдарды жасаган жана бири-бирине акыйкаттык менен сабырдуулукту осуят насаат кылгандар гана зыянда эмес
”(Куран, Аср: 1-3)
Илим алыңыз, аны иш жүзүндө аткарыңыз, башкаларга жеткизиңиз жана ушул үчөөндө келип жеткен кыйынчылыктарга сабыр кылыңыз! Мына сиз бактылуусуз!
АЛЛАХ НАСИП ЭТСИН....



АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#936 Пользователь офлайн   banda-312   29 Апрель 2015 - 17:25

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 221
  • Катталган: 02 Март 15
  • Соңку аракети: 26 Июл 2015 19:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан Бишкек

1-хадис: Амалдар ниетке жараша (Имам ан-Навави "40 хадис" кыргызча)

Печать Эл. почта 

Момундардын амири Абу Хавс Умар бин аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: мен Аллахтын элчисинин (салляллаху ‘алейхи уа саллям) айтканын уктум:

«Чындыгында[1] амалдар[2]ниет[3]боюнча (эсептелет же болот). Чындыгында ар бир адамга ал эмнени ниеттенсе[4]. Кимдин хижрасы[5]Аллахка жана Анын элчисине[6] болгон болсо  – анын хижрасы Аллахка жана Анын элчисине[7]. Ал эми кимдин хижрасы дүйнөгө[8] жетүү, же аялга үйлөнүү үчүн болгон болсо – анын хижрат-көчүүсү ал көчкөн нерсеге болот[9]» (аль-Бухари, Муслим)

عن أميرِ المؤمنينَ أبي حفصٍ عمرَ بنِ الخطَّابِ رَضِي اللهُ عَنْهُ قالَ: سَمِعْتُ رسولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يقولُ: {إِنَّمَا الأَعْمَالُ بالنِّيَّاتِ وإِنَّمَا لِكُلِّ امْرِئٍ ما نَوَى، فَمَنْ كَانَتْ هِجْرَتُهُ إِلَى اللهِ وَرَسُولِهِ فَهِجْرَتُهُ إِلى اللهِ وَرَسُولِهِ، وَمَنْ كَانَتْ هِجْرَتُهُ لِدُنْيَا يُصِيبُهَا أَو امْرَأَةٍ يَنْكِحُهَا فَهِجْرَتُهُ إِلَى مَا هَاجَرَ إِلَيْهِ}
(رواه البخاري و مسلم)

 

Пайдалары:

1.     Ыкластуулукка үндөө; Аллах бир гана туура жана Анын гана жүзү көздөлүп кылынган амалды кабыл кылат. Ошол себебтен уламалар китептерин жогорку хадис менен ачууну жактырышат -  бул ниетти тууралоо боюнча окуучуга эскертме боло турган эле.

 

2.     Эгерде бойго жеткен мусулман Аллахка жакындай турган амалды каада-салт ирээтинде аткара турган болсо – ниет жетишпеген себебтүү сооп жазылбайт. Ал амал шариатка туура келген болсо деле. Качан гана ал амал аркылуу Аллахка жакындоо максат кылынса гана сооп жазыла баштайт.

 

3.     Хижранын пазилети; Исламдын башында хижра эки түрдүү болду: 1) Коркунуч жерден аманчылык жерге көчүү. М: Эфиопиага болгон эки хижра, Меккеден Мединага болгон хижранын башталышы. 2) Куфр ордосунан Ыйман ордосуна кетүү. Аллахтын элчиси (салляллаху ‘алейхи уа саллям) Медина шаарында отурукташкандан баштап күчү жеткен ар бир мусулман ал калаага хижра кыла башташты. Ошол кезде хижра өзгөчө бир гана Мединага эле. Качанга дейре Мекке ачылып Ислам өкүмү жүргөн шаар болгондо, бул өзгөчүлүк да кетип, ар бир алы бар мусулманга Куфр жеринен Ислам жерине кетүү милдет болуп кала берди.


[1]чектөө, ал айтылган өкүмдү бекемдеп андан башкасын танат

[2]ниетке муктаж шарий амалдар

[3]жүрөктүн чечими

[4]ким бир нерсени кааласа, ага андан бөлөгү келбейт

[5]Хижра - ширк ордосунан Ислам ордосуна көчүү

[6]хижрасынын максаты Аллахка жана Пайгамбарга баш ийүү

[7]сооп жана сыйлык менен

[8]Дүйнө (ад-дунйа) – «жакындык» деген мааниде. Айтылып калгандыгынын себеби 1) Акыреттен алдыда болуп бизге жакыныраагы. 2) Же анын жок болуп кетүүсүнүн жакындыгынан. Дүйнө бул Кыямат кайымга чейинки Жер үстүндөгү нерселер (аба, тоо ж.б.).  Дагы аялдын байлыкты жакшы көрүү жагдыйына байланыштуу «Дүйнө» деп байлыкты да айтышат.

[9]ал эмне гана болбосун. Биринчиси соодагер, экинчиси жуучу эле.
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#937 Пользователь офлайн   banda-312   29 Апрель 2015 - 17:26

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 221
  • Катталган: 02 Март 15
  • Соңку аракети: 26 Июл 2015 19:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан Бишкек

2-хадис: Диндин мартабалары - Ислам, Ыйман, Ихсан (Имам ан-Навави "40 хадис" кыргызча)

Печать Эл. почта 

Умар бин аль-Хаттаб (радыйаллаху ‘анху) дагы айтты: Бир күнү биз Аллахтын элчисиникинде (салляллаху ‘алейхи уа саллям) отурганыбыз чагында капысынан бизге аппапак кийимчен, капкара чаччан бир киши келди[1]. Сапардын издери анда көрүнбөйт[2] эле жана эч бирөөбүз аны тааныбайт элек. Ал пайгамбардын маңдайына отуруп, тизелерин тизелерине тийиштирип, колдорун сандарына[3] койуп жана деди:

- Эй, Мухаммад! Мага Ислам жөнүндө кабар берчи. Анда Аллахтын элчиси (салляллаху ‘алейхи уа саллям) айтты:

- Ислам бул Аллахтан башка илях жок[4]Мухаммад анын элчиси[5] деп күбөлүк беришиң, намаз окушуң[6], зекет беришиң[7], Рамазанда орозо тутууң[8]жана алың жетсе[9] Үйгө ажылыкка барууң[10]. Айтты: - Чындыкты айттың.  Биз болсо ал кишинин сурап кайра чындыкты айтканын ырастап жатканына таң калдык[11].

Айтты: - Эми Ийман жөнүндө кабар берчи.

Айтты: - Бул деген Аллахка[12], Анын периштелерине[13], Анын китебтерине[14], Анын элчилерине[15], Акырет Күнүнө[16]ишенишиң жана жакшылыктын да, жамандыктын да тагдырдан[17] экенине ишенишиң. Айтты: - Чындыкты айттың.

Айтты: - Эми Ихсан жөнүндө кабар берчи.

Айтты: - Сен Аллахты көрүп тургандай Ага сыйынышың, эгер сен Аны көрбөсөң да Ал сени көрүп турат (деп билүүң)[18].

Айтты: - Эми Саат жөнүндө кабар берчи[19].

Айтты: - Суралып турган суроо берип жаткандан билүүчүрөөк эмес[20].

Айтты: - Анда анын белгилери жөнүндө кабар берчи.

Айтты: - Күң өз кожоюнун төрөйт[21], жана сен көрөсүң – жылаңайлак, жылаңач, кедей койчулар турак жайларды бийигирээк курууда бири-бири менен атаандашканын[22]. Кийин ал кетип калды, мен болсо көп убакыт өткөздүм[23], кийин сурады: - Эй, Умар! Сен ким суроо бергенин билесиңби? Айттым: - Аллах жана Анын элчиси билүүчрөөк. Айтты: - Чындыгында бул Жебреил, силерге диниңерди үйрөтүш үчүн келген[24].

(Муслим, Ат-Тирмизи, Абу Дауд, ан-Наса'и. )

 

الحديث الثاني: مراتب الدين

عن عُمرَ رَضِي اللهُ عَنْهُ قالَ:( بَينَما نَحْنُ جُلُوسٌ عِنْدَ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ذاتَ يَوْمٍ إذْ طلَعَ عَلَيْنا رَجُلٌ شَديدُ بَيَاضِ الثِّيابِ، شَديدُ سَوادِ الشَّعْرِ، لا يُرَى عَلَيْهِ أَثَرُ السَّفَرِ، وَلا يَعْرِفُهُ مِنَّا أَحَدٌ، حتَّى جَلَسَ إلى النَّبيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَأَسْنَدَ رُكْبَتَيْهِ إِلى رُكْبَتَيْهِ، وَوَضَعَ كَفَّيْهِ على فَخِذَيْهِ؛ قالَ: يا محمَّدُ، أَخْبِرْنِي عَنِ الإسْلامِ. فَقالَ رسولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: {الإِسْلاَمُ أَنْ تَشْهَدَ أَنْ لاَ إِلَهَ إِلاَّ اللهُ وَأَنَّ مُحَمَّدًا رَسُولُ اللهِ، وَتُقِيمَ الصَّلاَةَ، وَتُؤْتِيَ الزَّكَاةَ، وَتَصُومَ رَمَضَانَ، وَتَحُجَّ الْبَيْتَ إِنِ اسْتَطَعْتَ إِليْهِ سَبِيلاً}.

قالَ: صَدَقْتَ. قالَ: فَعَجِبْنا لَهُ، يَسْأَلُهُ وَيُصَدِّقُهُ. قالَ: فَأَخْبِرْنِي عَنِ الإيمانِ. قالَ: {أَنْ تُؤْمِنَ بِاللهِ وَمَلاَئِكَتِهِ وَكُتُبِهِ وَرُسُلِهِ وَاليَوْمِ الآخِرِ، وَتُؤْمِنَ بِالْقَدَرِ خَيْرِهِ وَشَرِّهِِ}.

قالَ: صَدَقْتَ. قالَ: فَأَخْبِرْني عَنِ الإحسانِ؟

قالَ: {أَنْ تَعْبُدَ اللهَ كَأَنَّكَ تَرَاهُ، فَإِنْ لَمْ تَكُنْ تَرَاهُ فإِنَّهُ يَرَاكَ}.

قالَ: فَأَخْبِرْني عَنِ السَّاعةِ. قالَ: {مَا الْمَسْؤُولُ عَنْها بِأَعْلَمَ مِنَ السَّائِلِ}.

قالَ: فَأخْبِرْني عَنْ أَمَاراتِها. قالَ: {أَنْ تَلِدَ الأَمَةُ رَبَّتَهَا، وَأَنْ تَرَى الْحُفَاةَ الْعُرَاةَ الْعَالَةَ رِعَاءَ الشَّاءِ، يَتَطاوَلُونَ فِي الْبُنْيَانِ}. قالَ: ثُمَّ انْطَلَقَ، فَلَبِثْتُ مَلِيًّا.ثُمَّ قالَ لي: {يا عُمَرُ، أَتَدْرِي مَنِ السَّائِلُ؟}. قُلتُ: اللهُ وَرَسُولُهُ أَعْلَمُ. قالَ: {فَإِنَّهُ جِبْرِيلُ أَتَاكُمْ يُعَلِّمُكُمْ دِينَكُمْ})

رواه مسلمٌ.

Пайдалары:

1.       Урматтуу кишилердин алдына кирээрде кийимди, келбетти оңдоо жана тазалыкты түзөө.

2.       Суроо берип жаткан адамга жумшак мамиле кылуу, ал кысылбай жана коркпой суроо бере алышы үчүн аны өзүңө жакындатуу.

3.       Кайсы бир аалым бир маселени башка аалымдан чечип берүүсүн өтүнөт, бирок өзү анын жообун билет. Муну даанышмандыгы: уккан адам суроо-жооптон пайда алат.  

4.       Исламдын, Ыймандын, Ихсандын түшүндүрмөсү жана алардын баардыгы дин деп аталышы.

5.       Ислам менен Ыймандын айырмачылыгы. Ислам – амалдардын ичинен көрүнгөнү, ал эми Ыйман – көмүскөдө болгону. Ислам жалгыз айтылса ага Ыйман да кирет, Ыйман жалгыз айтылса ага Ислам да кирет. Экөө бир жерде айтылса ар бири өз маанисин гана көрсөтөт.

6.       Тагдырга ыйман келтирүү милдети, ал эки тепкичтен турат: 1) Аллах пенделерди жаратуудан мурун алар эмне жасоорун ¤з илиминде тээ мурунтан билген – жакшын да жаманын да, баш ийүүсүн да күнөө кылуусун да. Алардын ичинде Бейишке кирүүчлөр да бар, алардын ичинде Тозокко кирүүчүлөр да бар. Пенделерди жаратуудан мурун эле амалдарына ылайык аларга сыйлык жана жаза даярдап койгон. Ушунун баарын ал ¤з даргөйүндө жазып жана эсептеп койгон. 2) Аллах пенделеринин бардык амалдарын жаратат – каапырлыкты да шүкүрчүлүктү да, баш ийүүсүн да күнөө кылуусун да. Аллах ошол нерселердин болуусун каалады жана алар болду. Бирок ошону менен эле бирге, күнөө иштерде тагдыр менен актануу болбойт. Аллах жамандыкты каалап, жаратып жатса да – аны жакшы көрбөйт.

7.       Акыр Кыяматтын боло турган убактысы Аллахтын гана илиминде.

8.       Эгерде аалым ал билбей турган маселе тууралуу суралып калса – анны билбестигин жашырбай айтат. Бир жагынан жооп жана бир жагынан билбестигин мойнуна алуусунун ортосунда калкылдабай чынчыл болсо – бул анын абройун бузбайт, тескерисинче бул анын таквасынын жана ынсабын, чынчылдыгын далилдейт.

9.       Акыр Кыяматтын алааматтарынан иштердин тескерилениши: тарбиялануучу тарбиялап, пас адамдар бийиктикте болот.

10.   Жакшы берилген суроо илим жана үйрөтүү боло алат, себеби Пайгамбар (салляллаху ‘алейхи уа саллям) Жебреил жонундо «силерге диниңерди үйрөтүш үчүн келген» деген, аны менен эле бирге анын оозунан суроодон башка эч нерсе чыккан жок.

 

 


[1]Киши келбетиндеги периште

[2]Кээ бир риваяттарда «Биз көрбөйт элек» деп келет. Экөө тең туура

[3]ан-Насаинин риваятынан түшүнүктүү болгондой Пайгамбардын (салляллаху ‘алейхи уа саллям) санына

[4]же «Аллахка сыйынганың жана Ага эч нерсени шерик кошпошуң»

[5]Пайгамбарга (салляллаху ‘алейхи уа саллям) ишенүү, анын буйругуна моюн сунуу жана ал тыйган нерсенден баш тартуу – бардык калктын милдети.

[6]Милдеттүү болгон. Ал эми напил намаз – бул үчүн Исламда сыйлык берилет, бирок ал Исламдын негиздеринен эмес. Ошондой эле парздарга кошумча зекетте, орозодо жана ажылыкта бар

[7]Милдеттүү болгон зекетти аны алганга акылуу болгондорго берүүң

[8]Бул айдын күндүзгү убактысында – оозду ачуучу нерселерден ниет менен карманууң

[9]Бул деген жол азык жана унаа

[10]Исламдын негиздеринен болгон, аз сандагы гана саналуу ырым-жырымдарды өтөө үчүн ал жакка барууң

[11]Себеби дегенде: Пайгамбар (салляллаху ‘алейхи уа саллям) жооп берген нерселер тууралуу, анын өзүнөн бөлөк эч кимден биле албайт элек. Анан бул сурап жаткан киши Пайгамбарга (салляллаху ‘алейхи уа саллям) жолугуп, андан бир нерсе уккандардын катарында экени белгилүү эмес эле. Жана ал эмне жөнүндө сурап жатканын, өзү билип турган кишидей суроо берип жатты, себеби: өз сөздөрүндө Пайгамбар (салляллаху ‘алейхи уа саллям) чындыкты айтып жаткандыдыгын кабар берип турду

[12]Аллах – абсолюттук (кемтиксиз) сыпаттар менен сыпатталып, кемчилик сыпаттардан таза жана Анын жаратууда (хольк), ээлик кылууда (мульк), башкарууда (тадаббур) эч шериги жок

[13]Аллах аларды сыпаттагандай: ардакталган пенделер, сөз менен озунушпайт Аллахты жана да аткарышат Анын буйругун

[14]Алар Аллахтын сөзү экенине, жана алар камтыган нерселерде чындык бар экенине

[15]Алар чынчылдар экенине, жана Аллах аларга жеткизүүгө буйрук кылган нерселердин бардыгын – адамдарга жеткизген экенине

[16]Кыямат (коома - туруу) же Акырет (аахир - акыркы) Күнүнө, жана ага кирген нерселерге, мисалы: кайры тирилүү, эсеп-кысап, тараза, сират көпүрөсү, Бейиш, Тозок жана шариатта туура болгон бардык ал жөнүндөгү кабарлар

[17]*) Аллах нерселердин ченемин жана убактысын, аларды жаратуудан мурда билгенине. *) Кийин, эзелки илиминде болгондорду, жаратканын. *) Ар бир окуя Аллахтын чексиз илими, бардыгына жетчү кудрети, жана каалоосу менен гана болот, жана да ушул нерсени билүүң! – эмне сага жетсе эч качан сенден өтүп кетмек эмес, эмне сенден өтүп кетсе эч качан сага жетмек эмес

[18]Ибадатыңды жакшыртууну уланта бер, чындыгында Ал сени көрүп турат

[19]Качан болорун

[20]Анын убактысын мен дагы билбеймин, сен дагы билбейсиң

[21]Түшүндүрмөсү: 1) Ислам кеңейип, мусулмандар мушриктердин жерлерине ээлик кыла баштаганда кул ээлөөчүлүк көбөйөт. Кожойундан төрөлгөн күңдүн баласы – атасынын шарапатынан улам – кожойундун деңгээлинде болот. Ошондон улам күң өз кожоюнун төрөгөндөй болуп калат. 2) Дагы, тил албоочулуктун көбөйүшү менен да чечмеленет: бала өз энесине (тим эле кожоюн өз күңүнө мамиле кылгандай) жаман мамиле кылат – сөгөт, урат, жумшайт. Хадистин ушул чечмелөөсүн Ибн Хажар тандаган.

[22]Турак жайларды узартууда бири-бирине мактанышканын жана алардын санын көбөйтүшкөнүн

[23]Тирмизинин жана Насаинин риваяты баян кылгандай «үч өткөздүм».

[24]Толугу менен силердин диниңерди үйрөткөнү келди
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#938 Пользователь офлайн   kalen9001   29 Апрель 2015 - 17:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 230
  • Катталган: 05 Февраль 15
  • Соңку аракети: 17 Фев 2019 17:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Борбор

Аллах ыраазы болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#939 Пользователь офлайн   banda-312   29 Апрель 2015 - 17:27

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 221
  • Катталган: 02 Март 15
  • Соңку аракети: 26 Июл 2015 19:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан Бишкек

29.04.2015 08:213-хадис: Исламдын негиздери (Имам ан-Навави "40 хадис" кыргызча)



Абу Абдурахман Абдуллах бин Умар бин аль-Хаттаб (радыйаллаху ‘анху) баяндаган хадисте Пайгамбарыбыздан (салляллаху ‘алейхи уа саллям) төмөндөгү хадисти уккандыгын баяндайт:

«Ислам беш негиздин үстүнө курулган: Алладан башка илях жок, Мухаммед анын элчиси экендигине күбөлүк берүү[1]; намаз окуу[2]; зекет берүү; ажылык милдетин өтөө; Рамазан орозосун тутуу».

(аль-Бухари, Муслим)

الحديث الثالث: أركان الإسلام

عنْ أبي عبدِ الرَّحمنِ عبدِ اللهِ بنِ عُمرَ بنِ الخطَّابِ رَضِي اللهُ عَنْهلَ سَمِعْتُ رسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ:{ بُنِيَ الإِسْلاَمُ عَلَى خَمْسٍ: شَهَادَةِ أَنْ لاَ إِلَهَ إِلاَّ اللهُ وَأَنَّ مُحَمَّدًا رَسُولُ اللهِ، وَإِقامِ الصَّلاَةِ، وإِيتَاءِ الزَّكَاةِ، وَحَجِّ البَيْتِ، وَصَوْمِ رَمَضَانَ }) رواه البخاريُّ ومسلمٌ.

 

Пайдалары:

 

1.       Диндин рүкүндөрүн билүү, бул болсо жогоруда келген Жебреилдин хадисинин курамына кирет.

2.       Бул беш парз - өтө маанилүү милдеттемелерден, кээ бирөөлөрүн аткаруу менен калгандарын таштап салууга болбойт.

3.       «Рамазан айы» деп айтпастан «Рамазан» деп гана айтууга болот.

 


[1]Башка риваяттарда «Ислам беш нерсеге негизделген: Аллахка сыйынып андан башкасына ишенбөө…» деп келет. Бул таухид келмесинин мааниси

[2]Анын шарттарына ылайык аткарууга

Билдирүүнү түзөткөн: banda-312: 29 Апрель 2015 - 17:30

калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#940 Пользователь офлайн   banda-312   29 Апрель 2015 - 17:29

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 221
  • Катталган: 02 Март 15
  • Соңку аракети: 26 Июл 2015 19:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан Бишкек

4-хадис: Бардык иштер натыйжасы менен бааланат (Имам ан-Навави "40 хадис" кыргызча)

Печать Эл. почта 

Абу Абдурахман Абдуллах бин Масууд баяндаган хадисте ал мындай дейт: Чынчыл[1] жана ишенүүгө татыктуу[2]Аллахтын Элчиси (салляллаху ‘алейхи уа саллям) айтып берген:

«Силердин ар бириңердин жаратылышыңар[3] эне курсагында 40 күндө суюк абалда топтолот[4] (нутфа), жана ошончолук убакыт ичинде[5] уюган канга айланат (‘алака) жана ошончолук убакытта бир үзүм эт абалына келет (мудга). Андан кийин ага бир периште[6]жиберилет. Периште ага рух үйлөйт жана периште төрт нерсеге буйрулат: түйүлдүктүн ырыскысын[7], ажалын[8], аткара турган иштерин[9], бактысыз (тозокко кирүүчү), бактылуу (бейишке кирүүчү) боло тургандыгын жазат[10].

Андан башка илях жок болгон Аллахка ант ичем, силердин бирөөңөр бейишке кирүүчүлөрдүкүндөй иштерди кылып жүрүп[11] анан ага (Бейишке) кирээрине бир кулач калганда китептеги жазымыш өткүрлүк кылат да тозокулардын кылчу иштерин[12] кыла баштап акыры Тозокко кирет.

Ошондой эле, силердин бирөөңөр тозокко кирүүчүлөрдүкүндөй иштерди кылып жүрүп анан ага (Тозокко) кирээрине бир кулач калганда китептеги жазымыш өткүрлүк кылат да бейишилердикиндей иштерди кыла баштап акыры Бейишке кирет.

(аль-Бухари, Муслим)

الحديث الرابع: مراحل الخلق

عنْ أبي عبدِ الرَّحمنِ عبدِ اللهِ بنِ مسعودٍ رَضِي اللهُ عَنْهُ قالَ حدَّثنا رسولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، وهو الصَّادِقُ المصْدُوقُ: { إِنَّ أَحَدَكُمْ يُجْمَعُ خَلْقُهُ فِي بَطْنِ أُمِّهِ أَرْبَعِينَ يَوْمًا نُطْفَةً، ثُمَّ يَكُونُ عَلَقَةً مِثْلَ ذلِكَ، ثُمَّ يَكُونُ مُضْغَةً مِثْلَ ذلِكَ، ثمَّ يُرْسَلُ إلَيْهِ الْمَلَكُ فَيَنْفُخُ فيهِ الرُّوحَ، وَيُؤمَرُ بأرْبَعِ كَلِمَاتٍ: بِكَتْبِ رِزْقِهِ وَأَجَلِهِ وَعَمَلِهِ وَشَقِيٌّ أوْ سَعِيدٌ. فَوَاللهِ الَّذِي لاَ إِلَهَ غَيْرُهُ، إِنَّ أَحَدَكُمْ لَيَعْمَلُ بِعَمَلِ أَهْلِ الْجَنَّةِ حَتَّى مَا يَكُونَ بَيْنَهُ وَبَيْنَهَا إِلاَّ ذِرَاعٌ، فَيَسْبِقَ عَلَيْهِ الْكِتَابُ، فَيَعْمَلَ بِعَمَلِ أَهْلِ النَّارِ فيَدْخُلَهَا، وَإِنَّ أَحَدَكُمْ لَيَعْمَلُ بِعَمَلِ أهْلِ النَّارِ حَتَّى مَا يَكُونَ بَيْنَهُ وَبَيْنَهَا إِلاَّ ذِرَاعٌ، فيَسْبِقَ عَلَيْهِ الْكِتَابُ، فَيَعْمَلَ بِعَمَلِ أَهْلِ الْجَنَّةِ فَيَدْخُلَهَا}) رواه البخاريُّ ومسلمٌ

 

Пайдалары:

1.       Башталыш жана акыбет (акыреттеги бара турган жер) тууралуу илим: адамдын денесине байланыштуу маселелер, бактысыздыктагы жана бактылуулуктагы адамдын ахвалы.

2.       Угуучуну ынандыруу (ишендирүү) үчүн чындык кабардын алдында ант ичүү.

3.       Өлүмдөн кийин тирилүү чындык экенин эскертүү: ким инсанды бир жардыбаган суудан жаратууга (сууну канга айлантты, кийин аны эт кылды, кийин ага жан салды) кудурети жеткен болсо – адам топурак болгондон кийин ага жан салып, чачылып кеткен сөөктөрүн кайра чогултууга күчү жетет.

4.       Чындыгында Аллах бир сөзү менен эле адамды жарата алмак. Бирок энеге мээримдик кылып, даанышмандык талап кылгандай жогорку айтылган стадиялардан өтүүнү талап кылат. Себеби, эне ошентип көнбөсө баланы багуу машакаты ага оор көрүнмөк. Ошондуктан, жатындагы бала толук чогулмайын, Аллах аны даражалап эненин ичинде даярдайт. Кимде ким өзүнүн келип чыгышына ой жүгүртсө - өз Раббисине чыныгы ибадат менен ибадат кылуу, Ага моюн сунуу жана күнөө кылбоо керек экендиги ага ачык айкын болот.

5.       Тагдырга ыйман келтирүүнү бекемдөө: бардык жакшы-жаман окуялар Аллахтын гана алдын ала жазылган тагдыры менен болот.

6.       Болгон нерсеге канаттанууга үндөө жана чоң каалоолордон кармануу. Ырызкынын өлчөмү тагдырда эбак белгиленген, ошентсе да шаритта кесиптик кылуу милдет болду: даанышмандык бул дүйнөдө амал кылууну талап кылат, ал эми кесиптик кылуу ырыскынын келишинин бир куралы.

7.       Адамдын акыбети (акыры) белгисиз болгондуктан эч кимге тирүү адамдын сырткы ахвалы боюнча өкүм чыгаруу уруксат эмес. Ушундан улам – динде бекем болуу жана жакшы өлүмгө дуушар болуу дубасы – шариатта бар.

8.       Тооба – ага чейинки болгон нерселерди өчүрөт.

9.       Ким кайсы нерседе өлгөн болсо ошону менен жакшы же жаман деп өкүмдөлөт (баа берилет). Бир гана куфр кылбаган күнөөкөр мусулмандар Аллахтын каалоосунда – кааласа кечирет, кааласа азаптайт.

10.   Бактысыздык да, бактылуулук да китепте жазылып, алар амалдардын акыркысы менен этибарга алынат. Ар кимге өз иши жеңилдетилет.

 

Ар бир иштин жакшы акыбетин тилөө:«Аллахумма, ахсин ‘аакыбатанаа фи-ль-умуури куллиха; ва ажирнаа мин хызйи-д-дунйа ва ‘азааби-ль- аахыро!» (Мааниси: О, Аллахым! Бардык иштерибиздин аягын жакшылык кыл; акырет азабынан жана бул дуйнөдө шерменде-уят болуудан бизди куткар!)


[1]Чындык тууралуу кабар берет

[2]Аллах ага өзүнүн убадасын аткарды

[3]Бул жаралыштын негизи – суюк, суу түрүндөгү  эркектик урук (нутфа)

[4]Таралгандан кийин бири бирине чогулушту

[5]Же 40 күн

[6]Түйүлдүккө жооптуу периште

[7]Анын өлчөмүн: азбы же көпбү; анын сапатын: арамбы же адалбы

[8]Өмүрүнүн узактыгы: узун болобу же кыскабы

[9]Салих-жакшы болобу же балит-жаманбы

[10]Аллах Таала бул айтылган нерселерди (ырыскы, ажал, амал, бактысыздык жана бактылуулук) эскерди өзүнүн бийлигин көрсөтүш үчүн

[11]Итаат – шариатка баш ийүү, моюн сунуу

[12]Күнөө – шариатка баш ийбөө, тоң моюндук кылуу

Билдирүүнү түзөткөн: banda-312: 29 Апрель 2015 - 17:31

калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 45
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 10 Сен 2025 10:29

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: