Суперстан: Свет көйгөйү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Свет көйгөйү

#81 Пользователь офлайн   CauseLove   09 Март 2015 - 02:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 298
  • Катталган: 02 Январь 14
  • Соңку аракети: 03 Янв 2019 20:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения turnikmen (06 Март 2015 - 19:38) жазган:

Электр энергиясы арзандады.

700 квт чейин - 0,8 тыйын,
700 квт жогору 1.84 тыйын.


СүрөтАрзандагандагысы ушубу?
Кымбатында канча эле анда?Сүрөт


Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   hukker777   12 Март 2015 - 19:23

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 767
  • Катталган: 06 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 20:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жерде

Токтогул токтосо эмне болот?
.
Бүгүнкү күнгө карай Токтогул суу сактагычында 6 млрд. 800 млн. кубометр суу калды. 6.5 млрд. кубометр суу калганда ГЭСти иштетүү опурталдуу боло баштарын эксперттер эскертишүүдө.
.
11-мартка карай Токтогул суу сактагычында 6 млрд. 800 млн. кубометр суу калганын “Электр станциялар” акционердик коомунан тастыкташты.
.
Учурда электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн суу активдүү колдонулуп, секундасына 587 кубометр агызылууда. Суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү болсо 187 кубометрге гана жетүүдө. Мунун өзү алашалбырт мезгил келгенге карабай суунун агымы көбөйө электигин кабарлайт. Демек суу сактагычта опурталдуукырдаал түзүлүүдө.
Муну энергетика жана өнөр жай министринин мурунку биринчи орун басары Райымбек Мамыров мындайча тастыктады:
.
Райымбек Мамыров

​- Долбоор боюнча коркунучтуу деңгээл 7 млрд. кубометрдин тегерегинде болчу. Азыр эми 6.5 млрд. кубометр деп атышат. Суунун көлөмү 6.5 миллиарддан төмөндөгөндөн кийин Токтогул ГЭСинде иштеп аткан жабдуулардын иштешине коркунуч келет. Ошол жерде турбиналарга түшүп, кайыкчалары титирей баштайт. Алар көбүрөөк калтырап-титиреп, иштен чыгышы мүмкүн.
.
Райымбек Мамыровдун пикиринде, азыркы кезде Токтогул ГЭСи мына ошондой опурталдуу шартта иштеп жатат. Мындай учурда Токтогул ГЭСин токтотуу зарылчылыгы пайда болушун Мамыров четке какпайт.
Коопсуздукка байланыштуу Токтогул ГЭСи токтотулган күндө да анын ылдый жагындагы Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон ГЭСтери токтобош керек. Бул үчүн Токтогул ГЭСин иштетпей сууну агызуу зарыл болот.
.
Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСинин төрт агрегатынын үчөө гана иштеп жатканы маалым. Анын бирөө бузулуп, оңдоо иштери жүрүүдө.
.
Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Батыркул ИсаевТоктогулда 5.4 млрд. кубометр суу калганда гана ГЭС токтой турган абалга келерин айтып, жабдууларга оорчулук келишине жол берилбейт дейт:
.
- Жабдууларга күч келген жок. Аларга аз гана күч келгенде автомат иштейт. Экинчиден, күнү-түнү кезметчилер карап турат. Ал жерде 1 градус температура көтөрүлсө өчүрөт. Эки жыл мурда ошентип өчүргөн. Жабдууларда титирөөлөр штаттык режимден чыгып баратса да өчүрөт. Анткени ал жабдуулар абдан кымбат.
.
Батыркул Исаев суу канчалык аз болсо электр энергиясын иштеп чыгууүчүн ошончо көп суу агызуу зарылчылыгы келип чыгарын белгиледи.
.
"1-апрелде жылытуу мезгили аяктады деп эсептелет. Мына ошол мезгилге карай канча суу менен чыгарыбыз абдан катуу эсептелип жатат", деп кошумчалады Исаев.
Жогорку Кеңештин отун-энергетика жана жер байлыгы боюнча комитети Токтогулдун өзүнө барып жыйын курууга камданууда. Бул тууралуу комитеттин мүчөсү Райкан Төлөгөнов билдирди:
.
- Ошол жакка барып, суу эмне үчүн азайып кеткенин, былтыр эмнеге суу жоголуп кеткенин тактайлы деп атабыз. Азыркы божомолдор кандай экенин жана башка бардык маселелерди жеринде талкуулайлы деген планыбыз бар.
.
Райкан Төлөгөновдун айтымында, андай жыйын келерки жумада болушу күтүлөт.
.
Энергетикалык эксперт Эрнест КарыбековТоктогулда 8 млрд. кубометрден суу азая баштаганда титирөө пайда болуп, авария коркунучу күчөйт дейт:
.
-Абал аябай татаал. 8 млрд. кубометрден ылдый болуп, 7-7.5 млрд. кубометр болгондо титирөө пайда болот. 6.5 млрд. кубометрге келгенде авариялар болушу мүмкүн.
.
Эрнест Карыбеков пикиринде, мындай шартта бийлик электр энергиясын жапыр өчүрүүлөргө киришүүгө аргасыз болот. Ал эми ага жол бербеш үчүн, энергетикалык тартыштыкты жабуу үчүн быйыл 5 млрд. кВт саат электр энергиясын сатып алуу зарыл.

Ак сөз, асыл ой, адал иш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   Parish   31 Март 2015 - 13:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 03 Дек 2021 23:44
  • Жынысы:Эркек

Токтогул ГЭС индеги агып чыккан сууну,кайра эле кучтуу кубаттуу электир насосу менен тартырып алса,жок дегенде 25% суу толукталмак да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   MUSTANG   12 Апрель 2015 - 13:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 942
  • Катталган: 05 Апрель 14
  • Соңку аракети: 06 Май 2018 09:40
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

1чи июньдан баштап светтин баасы дагы кымбаттайт дейби?
Адам сырткы дуйнону озгортуудон мурун озун озгортууго тийиш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   Beki035   29 Апрель 2015 - 21:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 651
  • Катталган: 16 Январь 15
  • Соңку аракети: 16 Окт 2015 19:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Ой тообо свет Кыргызстандан чыгып өзүнө свет жетпеген эмне деген шумдук
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   02 Январь 2019 - 09:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Энергетика тармагы олкого пайда алып келбей эле карызга батырып койду го
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Авг 2025 20:40

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: