Мени 17жашымда эле 11-классты буторум менен эле ала качып кетишкен. Алып качкан жер озубуздун эле куда кудагыйларыбыз.
Авамдын баласы кызын алган. Мага жене болчу. Алар ортого тушуп бир тууган инисине алып беришкен. Мен турмушка чыккандан кийин 3-4жылдан кийин 2уулу менен кайнежем агам менен ажырашып кетишти. Эки ортодо аябай кыйналдым. Кайненем мени жининен да нары коруп, болоор болбос нерседен шектенип, соз ташып атат дегенсип ар нерсе кылып сынап да корду. Менин туугандарыма ар турдуу аттарды коюп алган, желмогуз, чочко ж.б.у.с. 8жыл жашадым торкунум менен кайын журтумун ортосунда чыр чыкты, аралары аябай солгундап кетти. Акыры чыдабай кетип калдым. 1айдан кийин кайра алып келишти. Жолдошум экообуздун арабыз да сууп кетти. Анан Москвага кетип 2жыл иштеп келдик. Баштагы окуялар унутулгандай болуп калыптыр. Бирок дагы деле ортодо бир жик бар экени байкалып турат. Кайненемдин башка кдаларына мамилеси башка, менин апамдарга болсо башка. Кыскасы ушундай жашоо, силерде да ушуга окшогондор болду беле.
- (2 )
-
- 1
- 2
Кайчы куда болгондун пайдасы барбы? мен көбүнчө зыян тарттым
#2 03 May 2015 - 17:20
Мамам да ушинтип ортодо жаман б.п журот.Мамамдын бир тууган агасы,атамын бир тууган таекесинин кызын алган. Алар картайганда 6 уулу м.н ажырашып кетишкен.Ошондо тиги атамын таекесинин кыздары келишип чон энеме келининизди кетириниз,биздин кызды кетиришти деп ажылдашып,асылышып олуп калышкан.Мамам эч нерсе дебейт аларга.Жашоо алардыкы мен эч нерсени билбейм деп кутулат.Чон энем да жакшынакай жашап жатышса кантип ажыратам буларды деп урушкан.Азыр алар бизди да жаман корушот.Сыртынан билдиришпейт.
Кайчы кудаа болгон болбойт экен.Ал ортодо атамды да куулоп 5кызын бар,башка катын ал дешип.Атакем да акылмандык кылып,жашоомо кийлигишпегиле дептир.Азыр да таенем биздин уйго келсе,жаман корушот.Азыр эми Кудай таразалап атат,ким кандай экенин!
#3 03 May 2015 - 18:02
Тооба кылдым!Ойлоп корсом биз дагы кайчы куда экенбиз.Мисалы атамдын бир тууган иниси менен мен бир тууган бажабыз,ал эми атамдын бир тууган карындашы чон кызын кайниме було кылып берген,дагы бир кызын жакында дагы бир кайниме берет экен.Тфу тфу!Коз тийбесин,баарыбыз азыр очор бачарбыз.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#4 03 May 2015 - 19:55
Ошол чондор мындайча айтканда кудаа-кудагый ынтымак болуп, биримдикке чакырып, чыдамкайлуулукка ундосо кайчы кудаа эмес бир тууган кудаалар да ынтымак болушат. Биздикилер чондор олуп атышпайбы бири-бирине сыртын салып.
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#5 03 May 2015 - 21:00
Сабырдын тубу сары алтын дейин десем аны да чеги бар!баарын убакыт озу ордуна койот.башка тушконду коз корот!Пендени жугургону эмес алланын буйурганы болот деп койотко.?Кыйынчылык артыда жакшылык? Жыргалчылык артыда кайгы болот!
#6 03 May 2015 - 21:32
Авасынын баласы, атасынын инисинин баласы эмес, чыныгы кайчы кудалар да бар мен билгенден. Мисалы бир тууган инисине кайынсиндисин алып берген.
Менимче адам тугонуп калгансыбай андай болбой эле койгон жакшы. Тынч эле болгон жакшы ашыкча созду кобойтбой.
Менимче адам тугонуп калгансыбай андай болбой эле койгон жакшы. Тынч эле болгон жакшы ашыкча созду кобойтбой.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#7 03 May 2015 - 22:18
Менин тайкем озунун бир тууган жээнине уйлонгон. Кудайга шугур жакшы эле жашап жатышат. Эч кандай терс жагын байкай алган жокмун.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#8 03 May 2015 - 22:25
Эми ал нерсе ар бир адамдын озунонго кайчы кудаларды коруп журобуз ынтымактуу эле сый менен журушот.
#9 03 May 2015 - 22:26
Менин тайкем озунун бир тууган жээнине уйлонгон. Кудайга шугур жакшы эле жашап жатышат. Эч кандай терс жагын байкай алган жокмун.
.
Бул чыныгы кайчы куда эмес. Кайын энеси кайра озунун эжеси болуп калып жатпайбы. Тушунбостуктор андай эле болбосо керек. Себеби эжеси кайын энеси коп нерсеге коз жумат.
Ал эми чыныгы бир тууганга бир тууган кайчы кудалар бири ажырашып кетсе чынында кыйын болсо керек.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#10 04 May 2015 - 00:52
.
Бул чыныгы кайчы куда эмес. Кайын энеси кайра озунун эжеси болуп калып жатпайбы. Тушунбостуктор андай эле болбосо керек. Себеби эжеси кайын энеси коп нерсеге коз жумат.
Ал эми чыныгы бир тууганга бир тууган кайчы кудалар бири ажырашып кетсе чынында кыйын болсо керек.
Бул чыныгы кайчы куда эмес. Кайын энеси кайра озунун эжеси болуп калып жатпайбы. Тушунбостуктор андай эле болбосо керек. Себеби эжеси кайын энеси коп нерсеге коз жумат.
Ал эми чыныгы бир тууганга бир тууган кайчы кудалар бири ажырашып кетсе чынында кыйын болсо керек.
Эжеси эмес тайженеси болот. Тайкем таяатамдын карындашынын кызына уйлонуп жатпайбы.
Кайчы куда дегенди мен тушунбой жатам же сиз мени тушунбой калдыныз окшойт.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#11 04 May 2015 - 03:29
Негизи кайчы куда болгон болбойт да ортодо аттаандаштык коп болот. Соз кобойот
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
#14 08 May 2015 - 13:56
Биздин үй бүлөө да кайчы кудаа. Күйөөмдүн эжеси менин жеңем. Жеңемдин келин болуп келгенине 21 жыл болду. Мен эми 3 жылдык келинмин. Анча-мынчада ортону ушак аралап турат. Бирок, ал нерсени кайненем мага жеткирбей эле бүтүрүп коет. Анан жолдошум экөөбүз тең "жашоо биздики, бизге ашыкча сөздүн кереги жок, өзүбүздү өзүбүз эле билебиз" деп алардын сөзүн аралаштырбайбыз.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#16 08 May 2015 - 19:41
Пайдасы урук улаганы эле болбосо кайчылаш куда болгон болбойт экен,Менин авамын кызын,Апамын бир тууган укасина алып берген ортодон соз аралай берет экен башкасын билбедим бирок.
#17 09 May 2015 - 01:44
Менин дагы бир тууган кайнагам кайрале менин бир тууган эжеми алган , коз тийбесин азыркы убакта кудайга шугур эле жашап атабыз
#18 09 May 2015 - 18:38
Эжеси эмес тайженеси болот. Тайкем таяатамдын карындашынын кызына уйлонуп жатпайбы.
Кайчы куда дегенди мен тушунбой жатам же сиз мени тушунбой калдыныз окшойт.
Кайчы куда дегенди мен тушунбой жатам же сиз мени тушунбой калдыныз окшойт.
Кайчы куда эмес ал. Кайчы куда деген , сиз бир тууган иниңизге кайнысиңдиңизди алып берсеңиз, ошондо кайчы куда болот. А таэкеңиз өзүнүн эле жээнине үйлөнүп жатпайбы. Таэкеңиз атаңыздын карындашына үйлөнсө кайчы куда болмок.
Таятам карындашын таэнемдин бир инисине турмушка берген. Жакшы эле жашашат.
• Бирок, кайчы куда болбой эле, ач кулактан тынч кулак жүргөн жакшы.
#19 27 May 2015 - 12:01
Кайчы кудаа болгондун пайдасынан зыяны кобуроок болот экен.Ошонун айынан бир эжелерибиз куйоосу мн ашырашып кеткен.Кайчы кудаа болбой эле мындайле болгон жакшыбы деп ойлоп калдым
#20 28 May 2015 - 07:35
Кайчы куда кобунчо биздин Ош тарапта коп.Кайчылашып эле жатып калабыз.Жакшылыгы деле коп жыргап эле калабыз,жаман жагы андан коп,каттуу айта албай бармагыбызды тиштеп,он козунду опсом сол жагы калат дегендей болуп,кимисине эмне дешибизди билбей томсоробуз.
Биздин таэнебиз Куршаптан,кайнежемди келин кылып алган (НЕБЕРЕСИН).
Эжем инисинин кызын келин кылып алган.Кайра эле небересин биз келин кылып алдык.Бири бирибизди куда дей албайбыз конгон адат менен эле тага жээн.болуп турабыз.Бизге келин болгон кызды эркелетип котормолоп турабыз.Айрыкча жээнимдин кызы деп чон атабыз болбой калат.Бизден барган кыз кобуроок азап тартып журот канчалык жээнин жаман корсо да каттуу айта албайт.Бироо агасынын кызы бироо эжесинин уулу,экоо тен оо дуйно салып кетишкен.Экоо тен бир боорунан калган аманат.Кыз колубузда оскон учунбу,ичибиз ооруп жаман болобуз.Бир жолу аябай токмок жегенин угуп,жинденип жолго чыктык.Айылынын жарымына жеткенде уулума машинесин берип,силер барып алып келгиле.Кокус токтоно албай жээниме колум тийип кетпесин деп жолдо калып калды.Акасынын биросунун тагасынын акыбалы кандай оор болуп турганын коруп ээ кызды жатка эле берген жакшы экен дедим.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео




















