Хан Соломон, көп жылдар бою мүрөктүн суусун издеп жүрүп, бир күнү бир үңкүргө кирсе, ал жерде мүрөктүн суусу агып жаткан болот. Кубанычы койнуна батпай, эми гана сууну кошучтап оозуна алап келгенде;
-- Сууну ичпе, - деген үн чыгат, караса бир карга отурган болот.
-- Эмнеге болбойт, мен аябай суусадым, бул сууну канча жылдар бою издеп келем, мүрөктүн суусун ичип, түбөлүккө өлбөй жашагым келет, дейт. Анда карга: - Мендагы сага окшоп, сен айтканды каалагам. Кандай гана узак жылдардан бери издеп жүрүп таап сууну ичкем, эми карачы мага, - же басалбайм, же учалбайм, дагы буга кошулуп бир көзүм дагы көрбөйт, Мындай азаптан көрөк өлүп тынайын десем өлө албайм, түбөлүк өлбөстүгүн курусун, - деген экен. Ошондо карганын сөзүн угуп Соломон сууну ичпестен, үңкүрдөн чыгып кеткен экен.
-- Ооба, бул жерден эмнени түшүнсө болот. Бүгүн ушунчалык эңсеген нерсен, эртең сага кереги жок болуп калат, Андыктан башыбыздагы кереги жок ойлордон тазаланып турушубуз зарыл. Себеби, акыл чөйчөгүбүздү кереги жок ыпыр - тыпырга толтуруу менен керектүү нерселер башыбызга батпай төгүлүп калат
Кыргызча уламыштар жана тарбиялык мааниси бар окуялар
#22 03 May 2015 - 22:29
Илгери бир падыша болгон экен. Анын жолун улап, такка отурчу перзенти болбогондуктан,
бир күнү падыша өлкөдөгү бир канча жаш балдарга сынак жарыялайт. Ал сынактан өткөн бала хандыкка келмей болот. Сынакка катышкан ар бир балага бирден өсүмдүк уругу берилет. Арадан убакыт өтүп, сынакты жыйынтыктоочу кез келет. Катышуучулардын баары түркүн-түстөгү өсүмдүктөрү менен келишет. Бирок падыша алардын ичинен эч бир өсүмдүгү жок, топуракка гана толтурулган идиш кармаган баланы хандыкка тандап алат. Анткени, хан тараткан өсүмдүк уруктары өнүп чыгууга мүмкүн болбогон уруктар болот. Топурак кармаган баланы тандаганы, анын чыкдыкты гана карманганы болчу.
Мындан жыйынтык, канчалык мансапка умтулба, кандай гана абалда болбогун, ар качан жалгандан алыстап, чындыкты гана айт дегени.

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#23 03 May 2015 - 23:57
КҮЗГҮ
Акылмандан сурашат:
-Эмне үчүн кедей жашагандар бай адамдарга караганда ак көңүл болушат, байлар болсо өзү менен өзу болуп эле жүрө беришет?
-Сен мобу айнектен сыртты карачы, эмнени көрүп турасың?
_Эшикте балдар ойноп жатышат, дарактар бүрдөй баштаптыр.
-Эми мынаву күзгүдөн карачы, эмне көрүнөт?
-Өзүм эле...
-Көрдүңбү, бул экөөсү тең айнектен жасалган нерселер..Бирок, күзгугө күмүш жалатылган үчүн сен ал жерден өзүңдү гана көрүп турасың...
Омар Хайям

#24 03 May 2015 - 23:58
КАЛПТЫН КАЗАНЫ КАЙНАБАЙТ
Мергенчи кошунасына мактанат:
-Мен кечээ токойдо бир бадалдын түбунөн жүз коен көрдүм!
-Болушу мүмкүн эмес!-таң калат кошунасы-Чындап эле жүз коен бекен?
-Эми... жүз болбосо да элүүдөй бар го.
-Уялсаңчы, кантип эле бир бадалдын түбүнө элүү коен батып кетсин...
-Эмее...элүү болбосо да он чакты чыгат болчу. Чын айтам!
-Ону тең бир бадалдын түбүнө топтолуп алышыптырбы? Токойдо аларга башка орун калбай калган го ээ?
-Он чакты беле.. алардын кулагы эле узун болот. Бешөөну көрдүм окшойт.
-Бешөө болбосо керек-деп күлүп жиберет кошунасы.
-Койсоңчу -кызара түшөт мергенчи.-Мен бирөөсүн анык көрдүм!
-Оюңдан чыгарып жатасың го. Менимче сен бирөөнү да көргөн эмессиң.
-Ишенбей жатасың ээ? -Мергенчинин шаабайы сууй түштү. - Мен, бирок өз кулагым менен уктум, бадалдын түбүндө бир үйүр коен жүргөндөй шытыр-шутур этип жаткан болчу...

#25 03 May 2015 - 23:59
Бай менен кайырчы
(жомок)
Уккула өткөн доордон кабар этем,
Малдары адыр тоого батпай деген.
Дүйнөдө мен гана бай болсом деген,
Илгери бир сараң бай өткөн экен.
Байлыгы болгон менен ашып ташып,
Башканын байлыгына көзүн артып.
Азыраак ач көздүгү кайткан экен,
Бар малын башкалардан алса тартып.
Кыштоого бир кайырчы келип калат,
Баш багып бай үйүнөн кайыр сурайт.
Үйүнөн жарты нанын алып чыгып,
Жогол деп кайырчыга нанын сунат.
Кайырчы кайрын алып басып кетет,
Билинбей айлар өтөт, жылдар өтөт.
Кой-эчки канча экенин айтып болбойт,
Жылкысы күтүрөгөн миңге жетет.
Сараң бай жараткандан тилек кылат,
Бир күнү өзү жалгыз жолго чыгат.
Ат башын бурган кезден кайрылыштан,
Оозу бек жол боюнда сандык турат
Аптыга сандык оозун ача салат,
Алтындан бере көр дейт ичин карап.
Сандыкта туткун болгон бир ажыдаар,
Оозунан жалын бүркүп чыга калат.
Өң кетип чабалактап далбас урат,
Ажалдын этегинде жатты кулап.
Кыштоого эл каттоочу тасма жолдон,
Аттуучан он беш киши чыкты чубап.
Алардан үмүт этип жардам сурайт,
Он беши он беш союл эптеп курайт.
Адамды бошотууга ажыдаардан,
Таш менен, таяк менен көпкө ургулайт.
Ажыдаар окторулуп бекем ороп,
Оп тартып сараң байды сормок болот.
Заматта бир жолоочу жетип келип,
Бет келип ажыдаарга суроо коёт.
Оо батыр, сен бул жайга кайдан чыктың?
-Ичинде жаткан болчум сыр сандыктын.
-Ушундай кичинекей кутучага,
Ишенбейм батканыңа кантип сыктың.
Чын сөзүм.- Айтканыңдын баары төгүн,
Батпайсың бул сандыкка батып көргүн.
Мен сага мына мындай шарт коёмун,
Чыккан соң бул адамды, мени жегин.
Ажыдаар аткарам деп ушул шертти,
Акырын сыр сандыкка кирип кетти.
Ал киши тездик менен жетээр замат,
Жабылып сандык оозу шарак этти.
Сараң бай эстен танып, алдан кетти,
Байлыгы дүнүйөсү чыгып эстен.
Булактан чоочун киши суу сепкенде,
Араңдан адам болдум деген экен.
Жолоочу сараң байды калды карап,
Өткөндүн бир учурун эске салат.
Жүргөндө эл кыдырып элди кезип,
Бир учур барган элем кайыр сурап.
Ошондо жарты нанды ала чыгып,
Сөккөнүң эсиңдеби иттей кылып.
Жогол деп сөөмөйүң көзөгөнсүң,
Сен мени жаман көрүп карап туруп.
Сөзүңдү ичтен ойлоп болуп капа,
Кеткенмин жолумду улап чыгыш жакка.
Колуңдан берешендик келбесе да,
Мен келдим башыңа иш түшкөн чакта.
Сөзүмө кулак салгын айтарым бул,
Күпшүйбөй көңүл коюп сен угуптур,
Малыңдан кедейлерге бөлүп бергин,
Кайрадан болбос үчүн мындай учур.
Сен эми сараң болбой март болгунуң,
Жамандык ойлогонду сен койгунуң.
Жаныңдын аман-эсен калганы үчүн,
Айылыңа ак ниеттен ак той кылгының.
Бечера карыптарга көңүл бургун,
Алсызга ар дайыма жардам бергин.
Аткаргын айтканымды элге барып,
(жомок)
Уккула өткөн доордон кабар этем,
Малдары адыр тоого батпай деген.
Дүйнөдө мен гана бай болсом деген,
Илгери бир сараң бай өткөн экен.
Байлыгы болгон менен ашып ташып,
Башканын байлыгына көзүн артып.
Азыраак ач көздүгү кайткан экен,
Бар малын башкалардан алса тартып.
Кыштоого бир кайырчы келип калат,
Баш багып бай үйүнөн кайыр сурайт.
Үйүнөн жарты нанын алып чыгып,
Жогол деп кайырчыга нанын сунат.
Кайырчы кайрын алып басып кетет,
Билинбей айлар өтөт, жылдар өтөт.
Кой-эчки канча экенин айтып болбойт,
Жылкысы күтүрөгөн миңге жетет.
Сараң бай жараткандан тилек кылат,
Бир күнү өзү жалгыз жолго чыгат.
Ат башын бурган кезден кайрылыштан,
Оозу бек жол боюнда сандык турат
Аптыга сандык оозун ача салат,
Алтындан бере көр дейт ичин карап.
Сандыкта туткун болгон бир ажыдаар,
Оозунан жалын бүркүп чыга калат.
Өң кетип чабалактап далбас урат,
Ажалдын этегинде жатты кулап.
Кыштоого эл каттоочу тасма жолдон,
Аттуучан он беш киши чыкты чубап.
Алардан үмүт этип жардам сурайт,
Он беши он беш союл эптеп курайт.
Адамды бошотууга ажыдаардан,
Таш менен, таяк менен көпкө ургулайт.
Ажыдаар окторулуп бекем ороп,
Оп тартып сараң байды сормок болот.
Заматта бир жолоочу жетип келип,
Бет келип ажыдаарга суроо коёт.
Оо батыр, сен бул жайга кайдан чыктың?
-Ичинде жаткан болчум сыр сандыктын.
-Ушундай кичинекей кутучага,
Ишенбейм батканыңа кантип сыктың.
Чын сөзүм.- Айтканыңдын баары төгүн,
Батпайсың бул сандыкка батып көргүн.
Мен сага мына мындай шарт коёмун,
Чыккан соң бул адамды, мени жегин.
Ажыдаар аткарам деп ушул шертти,
Акырын сыр сандыкка кирип кетти.
Ал киши тездик менен жетээр замат,
Жабылып сандык оозу шарак этти.
Сараң бай эстен танып, алдан кетти,
Байлыгы дүнүйөсү чыгып эстен.
Булактан чоочун киши суу сепкенде,
Араңдан адам болдум деген экен.
Жолоочу сараң байды калды карап,
Өткөндүн бир учурун эске салат.
Жүргөндө эл кыдырып элди кезип,
Бир учур барган элем кайыр сурап.
Ошондо жарты нанды ала чыгып,
Сөккөнүң эсиңдеби иттей кылып.
Жогол деп сөөмөйүң көзөгөнсүң,
Сен мени жаман көрүп карап туруп.
Сөзүңдү ичтен ойлоп болуп капа,
Кеткенмин жолумду улап чыгыш жакка.
Колуңдан берешендик келбесе да,
Мен келдим башыңа иш түшкөн чакта.
Сөзүмө кулак салгын айтарым бул,
Күпшүйбөй көңүл коюп сен угуптур,
Малыңдан кедейлерге бөлүп бергин,
Кайрадан болбос үчүн мындай учур.
Сен эми сараң болбой март болгунуң,
Жамандык ойлогонду сен койгунуң.
Жаныңдын аман-эсен калганы үчүн,
Айылыңа ак ниеттен ак той кылгының.
Бечера карыптарга көңүл бургун,
Алсызга ар дайыма жардам бергин.
Аткаргын айтканымды элге барып,
#26 04 May 2015 - 00:01
Шайтан баласы менен келе жатса алдынан Адамдар чыгат Шайтан баласы екоо жашынып калышат. Адамдар кеткенден кийин баласы сурайт булар кимдер деп-Балам булар деген Жалаалуу Адамдар оздору куноого батып алып бизге шылтап Шайтан азгырды дей беришет буларга жолобо деген екен
#27 04 May 2015 - 00:02
Бак-саадат
Жерден жер, элден эл койбой басып келаткан Искендер пааша лашкерлери менен бир күнү Магрыб мамлекетине караган бир шаарга келип жетти. Шаар коргонуна жакындап колун жайды. Баары тынч алып жатканда, кечки пайит сакчыларынын бири Искендерге бир бейтааныш келгенин айтты. Ал ким экен деп сураса, Магрыб султанынын жиберген элчисимин дегенин да кошумчалады. Кирүүгө уруксат берди. Бейтааныш киши Искендер паашанын өргөөсүнө кирди. Беймарал отуруп, ага багыштап бата кылынды. «Ко-ош, бизге айта турган не кебиң бар?» деди ааламды жеңген мүйүздүү пааша. «Нөөкөрлөрүңө айт, менин колумду байласын да, өздөрү чыгып кетип, экөөбүздү гана жалгыз калтырсын» дейт жанагы келген киши. Падыша ошенттирет. Ошондо элчи болуп келген киши айтат: «Чынында мен элчи эмесмин. Ушул сиз басып кирген Магрыб султанынын дал өзүмүн. Эми алдыңа келген душманың мени кааласаң өлтүр, кааласаң тирүү кой. Эрк өзүңдө!» дейт. Муну угар менен алдындагы өкүмдардын чечкиндүүлүгүнө, эркинин күчтүүлүгүнө ыраазы болду. Өмүрүндө бирөөгө ийилип көрбөгөн шах, ордунан ыргап туруп, тиги алдындагы жалооруп турган кишинин көздөрүнө сүйүп, кызматкерлерин чакырып колуп чечтирип, үзүр сурап, кечинде ал кишинин шарапатына деп зыяпат берди. Бул экөөнүн сүйлөшкөнүн жан киши туйбады. Зыяпат бүтүп эл тарарда Магрыб султаны Искендер шахка кайрылды да, мындай деди: «Эртелеп бүт кошунуң менен ушул майданга тизилсеңер, мен силерге бир той берип, ызаат-урматымды көрсөтөйүн». Буга ааламдын жеңүүчүсү ыкрар кылды. Магрыб султаны түнү бою той камын көрдү, түрдүү түмөн даамдарды бышырды. Таң атышы менен Искендер аскери сап-сап болуп тизилип майданга келди. Келишсе Магрыб падышасынын колу алардыкынан эки-үч эсе көп экен, курал-жарагы да үч барабар күчтүү экен. Аскерлер ичинде ар бири жүз кишиге моюн бербей турган баатырлары, балбандары да жүрөт. Майдан ортосундагы өргөөгө эки жактын өкүмдары бири-бирин ызаат кыла кирип кетти. Той эки күн, эки түнгө созулду. Акыры сый-сыйапат тамам болгондо Искендер шах Магрыб султанынан сурады: «Эй султан, сенин ушунча аскериң, ушунча курал-жарагың бар экен, бизден үч эсе күчтүү экенсиң, анан эмнеге биз менен согушпай өзүң келип алдыма жыгылып бердиң?». Аалам паашасы ушинтип сураганда Магрыб өкүмдары мыйыгынан күлүп минтиптир: «Э, аалам паашасы Искендер, мен сенин миң сан аскериңден корккон жокмун, мен сенин бак-саадатыңдан корктум, эгер кимге бакыт жар болсо анын аскери жеңилбейт, үстөмдүк ошолордо болот. Үстөмдүк деген аскердин аз-көбүндө эмес».

#28 04 May 2015 - 00:11
Хан Соломон, бир күнү катуу капа болуп, капачылыкка чыдабай, өлүп калууну ойлоп, колунда шакегиң карманып отуруп бураса, шакектин бип капталында,
-- Кейибе, бул күн өтөөр, - деген жазуу пайда болот экен. Соломон аны окуп өзүңө келип, кайраттанып калат. Күндөрдүн биринде дагы өтө капаланып,- Эх болду, мындан көрөк өлүп алайын, - деген ойго жетеленип отуруп, дагы шакегиң айлантса, - Эч кейибе, бул күндө өтөөр, артты жакшылыкты төөгөр, - деген жазуу пайда болгон имиш.
Ооба, окурмандар. Жамандыктын сөзсүз артында келүүчү жакшылыгы бар. Эч качан жашоодон үмүт үзпөгүлө! !!

#29 04 May 2015 - 00:13
Бир адам Кудайга келет дагы;-
-- О.Кудай, сизге берчү көптөгөн суроолорум бар, ошол суроолорума жооп бериңизчи, дейт. Анда Кудай; - эмне кереги бар суроолоруна жооп алып, азыр Мен жооп берген менен анын артынан түгөнбөгөн суроолор жарала берет
-- Анда мен эмне кылайын?- деп сурайт адам.
-- Бүт суроолорду Мага берип сал дагы, ал суроолорду такыр унутуп сал, дейт Кудай.
-- Сиз баарын чечесизби?
-- Жок, мен аны чечбейм, сен берип сал Мага, сен ошондо баардык сени кыйнаган суроолордон кутуласың жана жүгүн жеңилдеп калат, эмне сага ушул азбы?- дейт Кудай.
-- Ооба, окурман, жаралган көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кудайга тапшырып салсаң жеңилдейсиң,

#30 04 May 2015 - 00:14
Бир жалгыз апанын жалгыз уулу болуп, ал чоңойгондо эч жерде иштебей, жалаң кумар оюнуна берилип кетет, Апасынын канчалык, - кой балам, - деген сөздөрүн укпай, үйүндөгүнүн баарын сатып жок кылат. Акыр үйүндө жалгыз эле апасы калат. Ошентип уулу эмнени кумарга саярын билбей, отурса шериктештери,
-- апандын жүрөгүң саясыңбы? - мүмкүн утуш бул оюнда сеники болуп калаар, - дешет
Акылсыз макул болуп апасынын жүрөгүң кумарга саят дагы, апасынын жүрөгүң уттуруп жиберет. Айла жок, үйүнө келип, апасын өлтүрүп, жүрөгүң сууруп алып, тигилерге чуркап жөнөйт. Шашып келе жатып, чалынып жыгылат. Туруп үстүндөгү чаңын күбүп жатса, жүрөк сүйлөйт дейт; - айланайын балам, бир жериң катуу ооруп калгаң жокпу?- деп мээримин чачат. Ошондо гана ээсиңе келген уулу, бакырып, өкүрүп ыйлаган имиш.
Ооба, окурман, эненин мээрими бала үчүн ажалдан өйдө турат. Андыктан энеңердин көзү тирүү учурунда сыйлап, барктап, баалап калгыла!! !

#31 04 May 2015 - 00:19
СӨЗ ӨЛБӨЙТ
Илгери- илгери бир атактуу балбан болуптур. Ал бир күнү Мухаммед пайгамбар менен сүйлөшүп отуруп айтып калат:
-Мына, мен буюрса күч кубатка толуп турам, колумдан баары келет. Сен кандай деп ойлойсуң, мен азыр Жерди көтөргөнгө күчүм жетеби? Мен адамдардын жүгүн жеңилдетким келет, колумдан келсе адамдар эч качан өлбөй турган кылат элем...
Анда пайгамбарыбыз:
-Сөз деп эле айта берет экенсин да-десе, балбан капа болгонсуп, кабагын түйүп калат. Пайгамбар саамга ойлоно түшүп:
-Эй пендем, тээтиги тоону көрдүңбү? Атыңа минип алып, ошол тоону тегеренип бастырып келчи, жолдон көргөндөрүңдү айтып берсең, анан маегибизди улантабыз- деп жөнөтөт.
Балбан тоону тегеретип бастырат. Биринчи болуп ага бир чал жолугат. Саламдаша электе эле чал "балам, алдагы жерде жаткан чакчаны алып берип коесуңбу" деп кайрылат. Балбан чакчаны аттан эңип алайын десе, көтөрө албай өзү жерге кулап түшөт. Тура калып көтөрөөрдө жерге белине чейин батып кетет. Чал: "аа, балам, белиң катый элек турбайбы" деп, чакчасын өзү жепжеңил жерден көтөрүп алып, жолун улантат.
Балбан кетип баратып жолдон бир кооз жайлоого туш болот. Ал жайлоодо бир эшек жүргөн болот. Эшек тулаң чөптү биягынан жеп, кайра тиягынан булгап жатканына күбө болот. Балбан көк майсаң жерди ал эшекке ыраа көрбөй айдап, кубалап, бирок канча чуркаса да аркасынан жетпей коет.
Дагы жолун улайт. Бир ырайы суук, адамга окшогон сөлөкөт чалгы менен бышкан дагы, бышпаган дагы, чыгып келе жаткан дагы буудайды ылгабай чаап жатканын көрөт. Сөз айтайын деп, тигинин түрү сууктугунан улам
батына албай кетип калат.
Акыркы жолунда бир сойлоп бара жаткан жылаанды кезиктирет. Түшө калып, жылаанды башка чапса, башы экиге бөлүнөт, дагы чапса эки башы, төрткө бөлүнөт. Ошентип жылаан өлбөй коет.
Балбан кайтып келип, көргөнүнүн баарын пайгамбарга айтып берет. Пайгамбар анын көргөндөрүн минтип чечмелеген экен:
-Пендем, сен көтөрө албай койгон чакча, ал жердин жарымы болчу. Көрдүңбү, сен жерди көтөргөнгө чамаң жетпейт. Экинчи көргөнүң - эшек, ал байлык болчу, адам байлык үчүн бардык нерсеге барат, бирок кубалап жеткен пендени көрдүң беле? Үчүнчү көргөнүң, ал ажал болчу. Ал жашын дагы, карысын дагы, ылгабай алат. Ага сүйлөбөгөнүң ырас болуптур. Ал эми акыркы көргөнүң... ал сөз! Адам өлүшү мүмкүн, сөз эч качан өлбөйт, бир сөздү чукусаң артынан бир нечеси чыгат . Эми пендем, өзүң ойлонуп, ушундан жыйынтык чыгар - дептир.

#32 04 May 2015 - 00:23
Бир жолу Нур Күнгө айтат:
-Ар кунү учуп барып Жердеги тирүү жандын баарын жылытам, бирок адамдын жүрөгүн да жылыткым келет...
-Менин жалыным менен адамдын жүрөгүн да жылытса болот-дейт Күн,-Менин табым адамдарда жаратмандыкты ойготот. Бирок, сен эң жакшы адамдын гана журөгун жылыткын.
Нур Жерге жакындап учуп келгенден кийин адамдардын кимиси жакшы экенин кантип биле алам деген ой башын катыра баштайт. Бир мезгилде жанында турган жаш жигиттин кайгырган үнүн угуп калат: "Менден эч нерсе чыкпайт. Сүрөтчу болом деп канча эңсесем да, болгону боекчу болуп үйлөрдү сырдайм. Сүйүүдөн да жолум жок, сүйлөшкөн кызым мени такыр карабай койду.. ."
Нур өзундөгу тапты жигитке белек кылууну чечти: -Сенин талантың бар, сен али жашсың, сенин колуңдан баары келет! деген сөздөр менен анын жүрөгүн жылыта баштады.
Кундун табынан жүрөгү ысый түшкөн жигит көздөрү жандана түшүп, боегун алып, сүйгөн кызына гүл тарта баштады...
-Бул керемет го! Мен сени сүйөм-деди кыз букетти көргөндө, жана жигитти өөп койду.
Шыктана тушкөн жигит үйдү бат эле сырдап койду, ээси келип : Мен сени жөнөкөй эле боекчу деп жүрсөм, сен чыныгы сурөтчу турбайсынбы, менин үйүмдү сонун кылып кооздопсуң -деп мактады. Ошентип жигит тез эле белгилүү сүрөтчүгө айланды.
Нур Күнгө кайтып баргандан кийин өзүн күнөөлүү сезип, мен жакшы адамга гана бериш керек экенин эстен чыгарып, биринчи кез келген адамга эле сенин отуңду берип салдым-дейт. Күн жылмайып:
-Сен адамга ишендиң. Ишеним менен колдоо каалаган адамды жаратманга айлантып, ар кандай тоскоолдукту жеңүүгө жардам берет- деди.
ИШЕНИМ КӨРСӨТӨ БИЛЕЛИ! ИШ АЛДЫГА КЕТЕТ...

#33 04 May 2015 - 00:25
ЭЛ МЕНЕН АДАМДЫН АЙЫРМАСЫ
Эзоптун кожоюну Ксанф мончого түшкүсү келип Эзопту жиберет:
-Билип келчи, адам аз эле бекен?
Эзоп бир топ увакытан кийин келип, мончодо бир эле адам бар экен дейт. Ксанф шашып-бушуп мончого барса адам жык экен.
-Эмнеге мени алдадың?- деп ачууланат.
-Мен сени алдаган жокмун, -дейт Эзоп. -Мончонун алдында бир таш бар экен. Кирип бараткан адамдардын баары ошого чалынып жатышты. Чалынгандардын бирөөсү гана ошол ташты четке алып койду. Демек, эл көп болгону менен, адам бирөө эле болобу?

#34 04 May 2015 - 00:30
Айылда жашаган боз улан керээли кечке созулган бекерчиликтен тажайт. Бир куну кой, мен да элге окшоп өз бактымды табайын деп апасынан сурайт: -Мен өз бактымды кантип тапсам болот?
Апасы: -уулум, тээтиги даркан талаага чыгып эмнени тутуп келсен-ошол сенин бактын болот-дейт.
Улан талаага чыкса, кулун чуркап келатат. Тутайын деп кубаласа жетпейт. Караса көгучкөн учуп келатат. Артынан чуркаса-жетмек каякта...учуп кетет.
Улан карап турса таранчы талаада келатат-сөөлжандарды издеп...
Кылаарга иши жоктон колун созсо-кармап алат. Андан сурайт:
-Менин бакытым сенсинби ээ ?
-Жок-дейт таранчы.- кандай бакыт? Мүмкүн, мен бакытты каерден кармашты айтып береермин
-Кантип?-дейт улан.
-Көк тулаң бетегени аласың, короого коюп коесуң, кулун чуркап келип ошол жерде калат. Даамдуу сабизди алып коюп койсоң, Коен чуркап келет да –сенин колуңда болот. Короооңо дан чачып кой, көгүчкөн учуп келип, сенин чатырыңа конуп калат.
- А ушунун баары бакытпы э? –деп таң калды улан.
- Бакыт деген анан келет...Сенин корооңдун жанынан өткөн кыз сенин кулунду, коенду жана көгүчкөндү кантип багып атканыңды көргөндөн кийин сени сүйуп калат жана сага турмушка чыгат...
Мындан эмне учун жакшы жигити 5-6 кыз жакшы короруно жооп табасыз

#35 04 May 2015 - 00:33
Расул Гамзатовдун "Менин Дагестаным"
деген китебин окудуңуздар беле?
Мобундай бир икаясы бар:
Айылдын четиндеги долоного сагызган уй салат. Кечке шакылыктап сайрай берген сагызган айылдын тургундарын тажатат... Ошондо жаш балдар келип, долонону түбүнөн араалап салышат.
Сагызгандан сурашыптыр: -Эмне учун сенин үйүң бузулду?
-Түбүмө тилим жетпедиби тилим...
Долонодон сурашат: Эмне учун сени кыйып салышты?
-Айтаарга тилим болбоду, тилим..

#36 04 May 2015 - 00:40
ЧЫНЫГЫ УУЛ
Үч аял булактын башында маектешип отурушкан эле. Бир аз илгээриде бир карыя аксакал аялдардын өз балдарын мактангандарын угуп отурду. Аялдардын бири:
- Менин уулум ушунчалык шамдагай. Ага бул жагынан эч ким тең келбейт. Жиптин үстүндө ойногонун бир көрсөңөр! - дейт. Аны уккан берки аял сөз талашып:
- Менин уулумдун үнүн бир уксаңар, булбул биякта эле калат. Дүйнөдө анын үнүндөй үн жок болсо керек! Кудайдын бергени бул. Булар минтип мактанып атышканда үчүнчү аял үнүн чыгарган жок.
Аялдар андан:
- Сен эмне балаңды айтып мактанбайсың? Анын кандай өнөрү бар?- деп сурашат. Анда тиги аял: Баламдын бир артыкчылыгы жок, жөн эле мактай берейинби? Анчалык мактоого татырлык өнөрүн деле көрбөдүм... Аялдар ошентип чакаларын араң көтөрүп, анда – санда тынып, эс алып бара жатышты. Ийиндери талып чыккан эле. Ушу кезде алдыларынан сөз кылып жаткан уулдары чыгып калды. Биринчи бала дароо колдорунун үстүндө туруп, түркүн –түркүн кыймылдарды жасап жиберди. Аялдар буга маашыр болуп алкап жатышты: Баракелде, өнөрүңө береке!
Экинчи бала булбулдукундай мукам үнү менен созолонтуп бир ырдады- дейсиң, аялдардын көздөрүнө жаш толуп, шыпшынып тыңдашты.
Акыркы бала жүгүрүп келип, энесинин колунан чаканы алып, үйүнө көтөрүп кетти. Аялдар баятан бери аларга баам салып отурган аксакалга кайрылып:
- Балдарыбыз кандай экен?- дешти. Карыя чочугансып:
- Балдарыңарбы? Мен аларды байкаганым да , көргөнүм да жок. Энесинин колунан чакасын алып, үйүн көздөй кеткен баланы эле көрдүм. Бала деп ошону айтса болот!

#37 04 May 2015 - 00:43
Терезеге коюлган капастан боз чымчык түн ортосунда сайроочу болду. Үнүн эшиткен жарганат жакындап келип: "Күндүз дымып калып, түнкүсүн сайраганың кандай?"-дейт.
Боз чымчык: -"Э, курдаш, мен куруюн, күндүз күүлөнө сайрайм деп капаска түшпөдүмбү,
ошондон соң акыл кирди". Жарганат жактыра бербей: "Сени тута электе ушундай сак болсоң эмне, торго түшкөн соң аярлыгың кимге таң",-дейт.
Өлгөнгө ыйлаган кайран көз,
Өлүмсүккө айткан кайран сөз.
Өлгөнгө ыйлаган кайран көз,
Өлүмсүккө айткан кайран сөз.
#38 04 May 2015 - 00:51
Бир жолу шакирти Устатынан сураган экен:
-Урматтуум, айтыңызчы, кандайдыр бир жаңы иш баштаганда ошого ылайык күн барбы, негизи?
-Күн дейсиңби?- Устаты таң калат.
-Ооба, айталы, аптанын кайсы күнүндө, же айдын канчасында жаңы иш баштаса максатка ылайыктуу болот?
-Аа, аптанын кайсы күнүндө дегин...-устаты башын ийкеп-Бар ошондой күн, иштин башы ишемби демекчи. Алтынчы күнү жаңы иш баштасаң сөзсүз жыйынтыгы жакшы болот.
Шакирттери жапырт дептерлерине чиймелеп, айтылган сөздү жаза башташат. Бир гана шакирт күлүмсүрөп Устатты тиктеп турат.
-А сен эмне үчүн жазбай жатасың?
-Мен сиздин андан ары эмне айтаарыңызды сезип турам...
-Ии, айтчы, эмне экен-деп кабагын бүркөйт Устат.
-Сиз жекшемби деп айтышыңыз да мүмкүн, дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби же жума деп...
-Ооба, сен туура айттың, мен адегенде жума күнү дейин дегем, бирок, ойлоп көрсөм, бейшемби күн туура келет экен...
Шакирттери өздөрүнун арасындагы жөнөкөй эле бала туура тапканына таң калышып, ызылдап жиберишет:
-Туурасын айтыңызчы, күндөрдүн кайсынысында жаңы иш баштаган оң болот?
Устат жоопту туура тапкан шакиртине колун жаңсайт:
-Кана, сен айтчы, кайсы күнү?
-Күндөр канчалык көп болгону менен жаңы ишти баштаганга ылайык бир эле күн бар... -дептир ал. Ал күн – бүгүн...

#39 04 May 2015 - 00:53
"АНЫСЫ ДА ЖАКШЫ, МУНУСУ ДА ЖАКШЫ"
Илгери бир хандын жакын досу болуп, экөө дайыма чогуу жүрчү экен. Досунун бир адаты : эмне гана окуя болуп өтпөсүн " бул жакшы болду" деп айта берчу экен, же болбосо "мунусу да жакшы" дей берчу . Күндөрдүн биринде хан ал досу менен ууга чыгат. Досу ар дайым ууда жургондо кошо жүрүп, мылтыктарды октоп берчү экен. Ал күнү да мылтыкты октоп, куш салып, ит агытып чогуу жүрүшөт. Бир мезгилде мылтык атылганда дүрмөтү ичинде жарылып кетип, хандын бир манжасы жулунуп кетет. Досу болсо бул ишти карап туруп "мунусу да жакшы" деп коет. Ачууланган хан досун жазалап, зынданга салдырат.
Арадан бир топ мезгил өтөт. Хан адатынча ууга чыгып, бир күнү жоро-жолдошторунан адашып жалгыз калат да, токойдун ичинде киши жегичтердин колуна түшүп калат. Алар ханды отко кактап жемек болуп, жыпжылаңач кылып чечиндиришет. Бирок хандын манжасы мунжу экенин көрүп ыргылжың боло түшүшөт да эркиндикке кое беришет. Себеби, алар майып жана мунжуларды жебей, жалаң гана дени таза адамды жешчү экен.
Хан аман калгандан кийин ары ойлонуп, бери ойлонуп, зындандагы досун алдырат. Сен баягында туура айткан экенсин , колумдун манжасы жулунуп кеткенде "жакшы болду" дегениң бир чети туура экен деп, болгон окуяны, киши жегичтердин колунан кантип аман калганын айтып берет. Анда досу угуп туруп: "мунусу да жакшы болуптур" дейт экен. Анда хан эмне үчүн деп сураса, айткан экен: -Эгер мен менин жаныңда болгонумда киши жегичтер дени таза экен деп сенин ордуна мени жешмек...Чынын айтсам, мен зынданда отурганда сени жек көрүп, чексиз ачуулангам. Азыр ойлосом зынданда отурганым да жакшы болгон тура, тирүү калыптырмын көрсө -дептир.
Демек, кандай гана окуя болбосун "жакшы болду" деп жорусак түк адашпайт көрунөбүз...

#40 04 May 2015 - 00:54
КӨЗ КАРАШ
Бир жолу философ Аристипп базарда жашылчалардын калдыгын тазалап отурган Диогендин жанынан өтүп баратканда Диоген аны шылдыңдап минтип айткан экен:
- Эгерде сен моминтип өз колуң менен оокат таап жей билгенинде хансарайдагы төбөлдөрдүн арасында сөөк талашып журбөйт элең.
- А эгер сен адамдар менен тил табыша билгениңде, - деп жооп бериптир Аристипп, - сен минтип жашылчалардын калдыгы менен жан бакпайт болчусун.

Супер-Инфо
super.kg
видео