Суперстан: "Ислам жолу" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Ислам жолу" Насаат

#101 Пользователь офлайн   ROZI   22 Апрель 2015 - 10:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

ЭРТЕН МЕНЕН ЖАНА КЕЧИНДЕ ОКУЛУУЧУ БИР КАНЧА ДУБАЛАР.

1"ДУБА"

Хазирети Усман (разияллооху ьанху) айтат, Пайгамбарыбыз Расулуллох (саллаллооху ьалейхи ва саллам) мындай деп айткан:
Кайсы бир пенде эртен менен жана кечинде уч жолудан ушул создорду айтып журо турган болсо, анда ага эч бир нерсе зыян жеткире албайт.(Тирмизи).
Ал эми Абу Давуд китебиндеги риваятта мындай деп жазылган; Эртен менен ушул дубаны окуй турган болсо кечке чейин, ал эми кечинде окуй турган болсо тан атканга чейин ага эч бир балээ, кырсык жетпейт.
(Мишкаттан).
Ал дуба бул:

"БИСМИЛЛААХИЛЛАЗИИ ЛАА ЯЗУРРУ МАЬА СМИХИИ ШАЙ-УН ФИЛ-АРЗИ

ВА ЛАА ФИС-САМАА-И ВА ХУВА-ССАМИИЬУЛ ЬАЛИИМ"

Мааниси: "Алла Тааланын аты менен баштаймын, Анын аты менен эч бир нерсе жерде да, асманда да зыян жеткире албайт. Ал Зат ар бир нерсени угуп туруучу жана ар бир нерсени билип туруучу".

✏...Даярдаган: Илим

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 22 Апрель 2015 - 10:10

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   ROZI   22 Апрель 2015 - 10:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

"ДУБАНЫН ПАЙДАСЫ"

Пайгамбарыбыз МУХАММАД (Саллаллооху ьалейхи ва саллам) мындай деп айткан:

"Дуба кылуу бул-момундун куралы.
Дуба кылуу бул-диндин туркугу. Дуба кылуу бул- асман жана жердеги нур".
Дагы бир хадисте Пайгамбарыбыз МУХАММАД (Саллаллооху ьалейхи ва саллам) мындай деп айткан :


"Алла Таалага дубадан барктуураак эч нерсе жок".

Дагы бир хадисте Пайгамбарыбыз Расулуллох (саллаллооху ьалейхи ва саллам) мындай деген:

"Кайсы бир пенде озунун дубасы кыйынчылыктарда да кабыл болушун кааласа анда ал кубанычтуулукта да, ар кандай абалда Алла Таалага дуба кылып сурасын". Башка бир хадисте Пайгамбарыбыз МУХАММАД (саллаллооху ьалейхи ва саллам) мындай деп айткан:

"Кайсы бир мусулман пендеси кандайдыр бир нерсени суроо учун Алла Таалага дуба кылып кайрыла турган болсо, Алла Таала ал пендеге сураган нерсесин ошол эле заматта берет, же болбосо дубанын себебинен суралган нерсени бул дуйнодо берет жана кийинчерээк акыретте да берет".

Пайгамбарыбыз Расулуллох (саллаллооху ьалейхи ва саллам) мындай деп айткан:
"Кайсыл бир пенде Алла Таалага эч качан, эч кандай дуба кылбай турган болсо, Алла Таала ал пендеден нааразы болот".

Пайгамбарыбыз (Саллаллооху ьалейхи ва саллам) бир жолу сахабаларга мындай деп айтты:
"Силер Алла Таалага дуба кылууда эч качан алсызданбагыла, себеби, пенде ар дайым дуба кылууда эч качан ал халак (жок) болбойт".


Расулуллох (салаллооху ьалейхи ва саллам) мындай деп айткан:

"Дубадан башка эч бир нерсе тагдырга жазылган нерсени кайтара албайт. Ошондой эле жакшы амалдан башка эч бир нерсе омурду узарта албайт".

Бул хадистин мазмуну мындайча:

Кайсы бир пенде учун дубанын эшиги ачылган болсо ошол пенде учун рахматтын жана бейиштин, ошондой эле кабулияттын дарбазалары ачылыптыр.



✏...Даярдаган: Илим.

"ИСЛАМ-ЖАШООМДУН НЕГИЗИ"


Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 22 Апрель 2015 - 10:18

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   ROZI   24 Апрель 2015 - 15:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

~ ӨТӨ ПАЙДАЛУУ ЗИКИРЛЕР ~

Эртең менен жана кечинде окулуучу зикрлер,жадыңызда жаттап күндөлүгүңүзгө жазып алыңыз,мусулман бир тууган?!

1.СУБХААНАЛЛАХ -Аллах бардык кемчиликтерден таза зат.
2.АЛЬХАМДУЛИЛЛААХ -Шүгүрлөр таза Зат болгон ааламдардын Роббиси Аллага болсун.
3.АЛЛАХУ АКБАР-Аллах Улук.
4.ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛОХ - Аллах Тааладан башка сыйынуучу илах жок.
5. ЛАА ХАВЛА ВА ЛАА КУВВАТА ИЛЛА БИЛЛААХ -Эч кандай күч-кубат жок, бир гана Алланын жардамы менен гана.
6.СУБХААНАКА АЛЛОХУМА ВА БИХАМДИКА -Сен тазасыӊ,Аллахым Сага мактоо болсун.
7. ЛАА ИЛААХА ИЛЛАА АНТА СУБХААНАКА ИННИИ КУНТУ МИНАЗЗООЛИМИН -Сенден башка ибадат кылууга ылайык Зат жок, жабыр тартуучулардан болуп калдым.
8. АСТАГФИРУЛЛОХ -Аллах мени кечир.
9. АЛЛААХУММА СОЛЛИ ЪАЛАА МУХАММАДИН ВА ЪАЛА ААЛИ МУХАММАД.
Ушул зикирлерди эртең менен кечинде 100 жолудан толтурсак,абдан жакшы болот ин шаа Аллах.



АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   kalen9001   24 Апрель 2015 - 15:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 230
  • Катталган: 05 Февраль 15
  • Соңку аракети: 17 Фев 2019 17:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Борбор

Аллах ыраазы болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   Meruet84   24 Апрель 2015 - 16:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Rozi Аллах ыраазы болсун !
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   banda-312   27 Апрель 2015 - 14:15

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 221
  • Катталган: 02 Март 15
  • Соңку аракети: 26 Июл 2015 19:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан Бишкек

27.04.2015 12:02Акырет-1: Акырет жашоосу – Акыркы жашоо


КАЙРА ТИРИЛҮҮНҮН МААНИСИ.

Акыр кыямат күн Жума күнү башталат, узактыгы 50 миң жыл. Бул күнү бардык жандык, жиндер, адамдар, жада калса айбанаттартирилет жана Жаратуучусунун алдында турушат, тирилет чындык жана адилет Сот жүрүшүчүн. Албетте Аллах мыйзамсыздыкты жана адилетсиздикти сүйбөйт.

Бул улуу күнү салих инсандар бейишке киришип, ал эми күнөөкөрлөр Тозоктун алоолонгон жалынына отун болушат.

Көпчүлүк адамдар бүгүнкү күндө Аллахка жана Анын элчисине ﷺыйман келтиришкенин жарыялап, Ля иляха иллаллах Мухаммадур расуулуллах келмесин айтышат да – бирок Акыретке ишенишпейт. Бейишти жана Тозокту жокко чыгарышкандыгынан улам «Бейиш да жерде, тозок да жерде» сымал сөздөрдү угууга болот.

О, кайран пенде! Кылган иштерине жаза катары адамдарга тозок менен бейиш беленделип азыркы күндөрдө даяр.Сен ушуга ишенмейинче ыйманың туура болбойт. Инсан бул жерде туруп бейиштин шумдугун көрө албайт да, тозокто азап чеккен үндөрдү да уга албайт, бирок анын бар экенине Курандын ачык айкын аяттары далил. Ал эми Ыйык Куранда кездешкен көп сандагы укмуштуу жана илимий аят-белгилер – бул китеп Кудайдан экенине далил жана анын бардык кабарлары ак чындык экенине күбө.

(Бул макала Акырет тууралуу баяндын 1-бөлүгү. Уландысы бул жерде. жана бул жерде)

 

АЛЛАХ ТИРИЛТҮҮГӨ КАДЫР

Аллах Таала айтты: «Инсан: "Мен өлгөндөн соң кайра жакында тирилемби?"   - деп сурайт. Инсан Биз аны мурун жаратканыбызды эстебейби? Ал такыр жок эмес беле?!» (Куран, Марйам 19:66-67)

«Чындыгында, жердин какырап куурап калганын көрөсүң. Анан Биз ага жамгыр жаадырган мезгилде кулпуруп, көөп чыгышы да Аллахтын далилдеринен. Акыйкатта аны тирилткен – Аллах. Ал өлүктөрдү да ушунтип тирилтет. Анткени, Ал – бардык нерсеге Кудуреттүү» (Куран, Фуссылат 41:39)

Пайгамбарыбыз ﷺайтты:  «… андан кийин Аллах асмандан суу жиберип, адамдар чөпкө окшоп өсүшөт. Адамдын сөөктөрү бүт чирийт, бирок бирөөнөн башкасы. Ал – чычаң сөөк» (аль-Бухари, Муслим)

 

Суроо: Кантип Аллах тирилтет?

Жооп: Аллах адамды биринчи жолу жараткандай, төп ошентип экинчи жолу да жаратууну кайталайт. Мисалы: –Сен канча жаштасың? –30 жаштамын. –31 жыл мурун каякта элен? 35 же 40 жыл мурунчу? Сен жок элең, Аллах сени жаратты. Эненин ичинен текши турпатта жаратты. Ал эми адамдын эч чирибес данекке окшош сөөгү болот, мына Акыреттеги жаңы жаралуу ошондон башталат. Биринчи жаралуу эненин ичинен тогуз айда болду эле, экинчи жаралуу жер ичинен. Аллах бардык нерсеге Кудуреттуу зат! Экинчи мисал: күзүндө чөптөр саргайып куурай баштайт, кышында алар өлүп чирип жок болот, бирок жазында кайра "тирилип" жашыл болуп чыга келет. Бул чыныгы тирилүүгө ибарат!

"О, адамдар! Эгер кайра тирилүүдөн шектенүүдө болсоңор, (өзүңөрдүн абалкы жаратылганыңарды ойлогула): Биз силерди(н атаңар Адамды эң оболу) топурактан жараттык. Андан соң тамчы «суудан», андан соң коюу кандан, андан соң бүткөн-бүтпөгөн бир тиштем эттен (жараттык). Силерге (акырындык менен кемелге жете турган жаратылууңарды)" (Куран, Хажж 22:5)
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   banda-312   27 Апрель 2015 - 14:16

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 221
  • Катталган: 02 Март 15
  • Соңку аракети: 26 Июл 2015 19:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан Бишкек

Акырет-2: Бейиш менен Тозоктун жандуу сүрөттөлүшү. Тозок азабы.

Печать Эл. почта 

«ЭЙ, МОМУНДАР! ӨЗҮҢӨРДҮ ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨҢӨРДҮ – ОТУНУ АДАМДАР МЕНЕН ТАШТАР БОЛГОН ТОЗОКТОН, САКТАГЫЛА» (КУРАН, ТАХРИМ 66:6)

Эй, Аллахтын кулу! Бир дем жуткан өпкөң барда, сени уккан колдоруң барда, кепилдеп жаткан тилиң барда – Раббиңе жүзүңду бур, курманын данеги болсо да садака берип өзүңдү тозок отунан куткар, эгер аны да таппасан анда жылуу сөз менен. Чындыгында тозок жүзү үрөй учурат! Ибн Аббас айткан Пайгамбарыбыз ﷺайтты деп: «Күн тутулуу болгондо От көрдум. Мен мурун мындан өткөн коркунучтуу көрүнүш көрбөгөн элем» (Муслим)

(Бул макала Акырет тууралуу баяндын 2-бөлүгү. Башы бул жерде. Уландысы бул жерде)

Суроо: Тозоктун оту бул дүйнөнүн отуна окшойбу?

Жооп: Жок. Бирокжетимиш эсе күчтүүдүр. Пайгамбарыбыз ﷺайтты: «Тозоктун отун ал ак түскө келгенге чейин миң жыл жагышты, дагы миң жыл кызыл түскө келгенче жагышты, жана миң жыл жаккандан кийин ал кара түскө боелду. Ал – караңгы түндөй капкара» (ат-Тирмизи). Эгер тозоктун дарбазасы өгүздүн таноосунчалык бул дүйнөгө ачылса – адамдардын мээлери кайнап агып калмак.

 

Суроо: Тозоктун канча дарбазасы бар?

Жооп: «Акыйкатта, алар үчүн даярдалган жай – Тозок.  Анын жети дарбазасы бар. Ар бир дарбазага бөлүнгөн (дайындалган) топ бар» (Куран, Хижр 15:43-44). Ибн Умар айткан Пайгамбарыбыздан ﷺриваят: «Тозоктун дарбазалары жетөө – деген, жана алардын бирөөсү менин үммөтүмө кылычын көтөргөндөргө» (Ахмад). Бул дарбазалар улам төмөндөгөн сайын ысыгы күчөйт, азабы катуулайт.

 

Суроо: Тозоктогу кишилер кандай азапталышат?

Жооп: Тозок – бул чоң өкүнүч, баскан-тургандын баары  кайгы жана азап. Жесе азап, ичсе азап… «Жегендери жалаң гана тикенектүү, ачуу тамак. Албетте, ал кубат да бере албайт, ачкачылыктан да куткара албайт» (Куран, Гаашийа 88:6-7)

«(Бейиштеги) ушул сыйлуу орун жакшыбы? Же (тозоктогу) заккум дарагы жакшыбы? Чындыгында, заккум дарагын заалымдар үчүн балээ кылдык. Чындыгында ал тозоктун түбүнөн чыккан дарак. Анын мөмөсү шайтандардын башы сыяктуу. Албетте, алар ошондон жеп курсактарын толтурушат» (Куран, Сааффаат 37:62-67) От ээлери бул заккум багынан жейли деп канча тиштешсе, ал мөмө да өчүн алгансып аларды тиштей берет.

«Андан ары аларга тозок бар, аларга садид суусу ичирилет. Ал ага зордоп жуткурулат. Демек аны аргасыздан ичет…» (Куран, Ибрахим 14:16-17). О, кандай гана азаптуу ичимдик булсадид: тозоктогу киши ичейин деп ууртуна сунганда – бетин күйгүзөт, тери ылжырап сыйрылып түшөт; ичсе – ичин өрттөйт, ичегиси бөлүнүп чыгып калат. Бир жолу Абдуллах ибн Умар деген сахаба муздак суу ичип анан катуу ыйлап жиберет. Кишилердин таң калганына жооп берип айтат: «Курандын бир аяты эсиме түштү… Ал күнү тозок ээлери муздак сууга чаңкаган болушат эмеспи».

Күнөөкөрлөрдүн эң чоң жазасы – Аллахтын жамалын көрбөө. Чындыгында, Раббинин назары эң улук нээмат, андан болсо бир гана каапыр (шүгүр кылбаган) кур калат.

 

Эй, пенде! Бугун өз тагдырың жөнүндө ойлон. Аллахка ыклас коюп ишенген инсан, жакшы иштерин көбөйтүп, амалдарын бир гана Аллахка багыштоосу тийиш. Ал эми динге жаңы кадам шилтегендер болсо – Ыйык Куранды изилдеп, Аллахтын аят-белгилерине көңүл салуусу керек. Ар бирибиздин жашообуздагы эң орчундуу, терең маани бере турган тандоо ачакей жол ушул. «Бейишти эңсеген жана Тозоктон качкан адам кантип уктай алат» - деген экен бир ойчул.

Эй, пенде! Төмөнкү насааттан ибарат ал. Ибрахим ат-Тейми айткан: «Мен бейиште жүргөнүмдү кыялдандым: бейиш жемиштерин татып, хур кыздарды кучактап, лаззаттамын. Кийин өзүмдү тозоктомун деп элестеттим: чынжырларга кишенделгем, заккумдун мөмөлөрүн жеп, кан ириң аралашкан садид суусун ичип жатам. Өзүмө өзүм суроо бердим: "Азыр эмнени каалайсың?" жана жооп бердим "Бул дүйнөгө кайткым келет, жакшы иштерди жасагым келет". Ошондо (көзүмдү ачып өзүмө) айттым: "Мына, тилегениң оорундалды го – аткар эми!"».

Аллах биздин иштерибизди оңосун жана тозок отунан сактасын!
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   banda-312   27 Апрель 2015 - 14:23

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 221
  • Катталган: 02 Март 15
  • Соңку аракети: 26 Июл 2015 19:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан Бишкек

Акырет-3: Бейиш менен Тозоктун жандуу сүрөттөлүшү. Бейиш рахаты.



Аллах Таала бейишке киргендерди сүрөттөп айтты:

«Аллах аларды ал күндүн (Кыямат Сотунун) жамандыгынан сактап, анан аларды нурдуу жана кубанычтуу кылды. Алардын сабырдуулугу үчүн Бейиш жана жибек (кийим) менен сыйлады.

Алар Бейиште, орундуктарда жөлөнгөн абалда күндүн аптабын да, ызгаарды да көрүшпөйт. Аларга көлөкө да жакын болуп, жемиштери ылдый салаңдап турат. Аларга тамактар тунук күмүш чөйчөк-идиштер менен алып келинет.

Суусундуктар болсо күмүштөн айнектей жука чөйчөктөр менен керектелуу өлчөмдө гана ичилет. Аралашмасы "занжабил" аттуу суусундукту чөйчөктөрдөн (ичишет). Жана ошол жерде агып турган "салсабил" аттуу булактан суу ичишет.

Алардын айланасында түбөлүк жаш уландар кызмат кылышат, силер аларды көргөн кезде чачып жиберилген бермет маржандарбы деп ойлойсуңар. Качан гана (Бейишти) карасаң түгөнгүс жакшылыктарды жана зор бийликти көрөсүң.

Жука жана калың, жашыл жибек кийимдерди кийип жүрүшөт; колдорунда күмүштөн билериктер; Аллах аларды Бейиштин суусундуктарына кандырат. Анткени, бул силердин аракетиңер (Аллах тарабынан) кабыл болгондуктан жана Кудайдын мындай сыйына сооп иштериңерден улам татыктуу болдуңар»

(Куран, Инсан 76:11-22)

Бул макала Акырет тууралуу баяндын 3-бөлүгү. Башы бул жерде жана бул жерде.

 

Абу Хурейра баяндайт Пайгамбарыбызﷺайтты: «Кудуреттуу Аллах Таала айтты: "Мен өзүмдүн салих кулдарыма көз көрбөгөн, кулак укпаган, жан туйбаган нерселерди даярдап койдум". Эгер кааласаңар окуп алгыла: "Бир да жан алардын (жакшылык) кылгандары үчүн сыйлык катары бериле турган - көздөрдүн кубанычтуу жыргалдарды, билбейт" (Куран, Сажда 32:17)» (аль-Бухари, Муслим)

 

Суроо: Бейиштегилердин ахвалы кандай?

Жооп: О-о, бейиш бул адам көрбөгөн бакыт, өлүм жок түбөлүк рахат. Ким бейишке кирсе эч качан чыкпайт. Ал жерде өкүнүч, кайгы-капа, душмандык болбойт, тек гана акылды жана жанды сергиткен куунак жашоо. Көз жайнаткан жемиштер, түркүн-түркүн  эттер, көңүл көтөргөн шарап ичимдиктер. «Биз аларга өздөрү каалагандай жемиш менен этти мол беребиз. Алар бири-бирине суусундуктарды сунушат, ал жерде пайдасыз жана күнөөлүү сөздөр сүйлөнбөйт» (Куран, Тур 52:22-23).

Суроо: Бейиш ээлери да жеп-ичеби? Жеген жана ичкен адам кысталат да? Бейиштеги тамактар кандай?

Жооп: Ооба. Аллахка ант болсун, бейишке кирген киши жейт да, ичет да. Бирок ал аш ичке кирип житип жок болуп, адамдын денесинен тер түрүндө чыгып турат. Ал тердин жыты – мускус (атыр). Пайгамбарыбызданﷺриваят кылынат: «… Бейиште ар бир кишиге тамактанууга жана шарапка 100 эркектин күчү берилет, жанада, ар бирине аялдарын сүйүүгө 100 эркектин күчү берилет».

Суроо: Бейиште ар бир кишиге аялдыкка кыз берилеби? Бейиштин кыздары кандай?

Жооп: Ооба. Алар тууралуу Аллах Таала Куранда төмөнкүчө баяндайт: «…Алар үчүн анда таптаза жубайлар (болот) жана алар анда түбөлүктүү калышат» (Куран, Бакара 2:25)

«Экөөндө тең жакшы мүнөздүү, татынакай кыздар (бар). Раббиңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгарасыңар? ! Чатырларда жашырылган кара көз хур кыздар (бар)» (Куран, Рахман 55:70-72)

«Биз аларды жаңыдан (керемет менен) жараттык. (Эч кимди көрө элек) кыздар кылдык. Күйөөсүн чындап сүйгөн жана жаш курактары бирдей…» (Куран, Вакиа 56:35-37)

Хурлар – айдай аппак денелүү, кара көздүү айчүрөк сулуулар. Алардын чырайы айыптан, жүрөгү кирден тазаланган. Бейиштеги адам жаздыгында жыргап жатып – бейиш мөмөлөрүнөн татат, хурлары менен чер жазып маектешет.

Суроо: Бейиштеги үйлөр кандай?

Жооп: «Раббисинен корккондор үчүн алдыларынан дарыялар агып туруучу кабат-кабат салынган бөлмөлөр бар…» (Куран, Зумар 39:20)

Абу Муса аль-Аш'ари айтат Пайгамбарыбыз ﷺайтты: «Чындыгында, бейиште чатырга түспөл үй бар. Ал тек гана берметтен жасалып узундугу 60 миль. Ал чатырда момун мусулмандын үй-бүлөсү турат. Качан ал жакындарын зыярат кылганда, биринчилери экинчилерин көрүшпөйт» (аль-Бухари, Муслим)

Пайгамбарыбыз ﷺайткан хадисте бейиш үйлөрү баалуу асыл таштардан (бермет, жахонт), атыр жыттуу мускустан, кирпичтери алтын менен күмүштөн болуп салынган деп баяндап кеткен. 

Суроо: Бейиштин канча даражасы бар?

Жооп: Пайгамбарыбыз ﷺайткан: «Чындыгында, бейиште 100 даража (деңгээл). Аллах аларды дин жолундакүрөшкөндөргөдаярдап койду. Ар бир деңгээлдин арасы асман менен жердин аралыгындай. Эгерде Аллахтан сурачу болсоңор – Фирдаус бейишин сурагыла. Чындыгында, Фирдус – бейиштин төрү жана чокусу, анын үстүндө Аллахтын тактысы бар (арш), жана андан бейиштин дарыялары булактанып агып чыгат» (аль-Бухари). Деги, бейиштин бир жоолуккаэле бата турганчалык жери – бул дүйнөдөн да жакшыраак,баалуураак.

Суроо: Бейиштин "эң кедей" жана "эң бай" тургуну ким?

Жооп: Бейиштин эң төмөн жерин ээлеген пендеге – Аллах бул дүйнөдөн10 эсе көп нерселерди даярдап койду. (аль-Бухари жана Муслим). Анда эң байы кандай акыбалда болот, элестете да албайбыз?
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   TAYNAYA   28 Апрель 2015 - 01:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

~ ЧЫНЫГЫ МУСУЛМАНДЫН СЫПАТТАРЫ ~

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

➡Мусулман ыймандуу болот
➡Мусулман ынсаптуу болот, ач көз болбойт
➡Мусулман боорукер болот
➡Мусулман чынчыл болот
➡Мусулман жоомарт болот
➡Мусулман жөнөкөй болот
➡Мусулман токтоо болот
➡Мусулман кечиримдүү болот
➡Мусулман адилеттүү болот
➡Мусулман меймандос болот, коногун сыйлайт
➡Мусулман дин боордошунун муктаждыктарын камсыз кылат
➡Мусулман жалган сүйлөбөйт
➡Мусулман ушак айтпайт, башка кишилерди жамандабайт
➡Мусулман эч кимди алдабайт
➡Мусулман чагымчылык кылбайт
➡Мусулман аманатка кыянат кылбайт
➡Мусулман тополоң чыгарбайт
➡Мусулман уяттуу болот
➡Мусулман ичи тардык кылбайт
➡Мусулман өзгөнүн акысын жебейт
➡Мусулман таарына бербейт
➡Мусулман сабырдуу болот
➡Мусулман эмгекчил болот
➡Мусулман ибадаткөй болот
➡Мусулман улууларга урмат, кичүүлөргө ызаат көрсөтөт
➡Мусулман напсисин башкара алат
➡Эң негизгиси ТАКЫБАА болот.
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   banda-312   28 Апрель 2015 - 12:30

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 221
  • Катталган: 02 Март 15
  • Соңку аракети: 26 Июл 2015 19:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан Бишкек

БИДААТ

Печать Эл. почта 

Көп адамдар Аллах жолунда ибадаттабыз деп ойлошот. Ниеттери жакшы, ибадат кылуу, динге берилүү болгону менен, кылган амалдары Шариатка шайкеш келбесе – алардын сыйынуулары кумга суу куйгандай текке кетет.

Себеби ибадат кабыл болушу үчүн 2 шарт бар: Аллахтын ыраазычылыгы үчүн болуусу жана Пайгамбарыбыздын ﷺсүннөтү боюнча аткарылышы. Ниети жок аткарылган солих амал – ширк, рия, эл көрсүн болуп калат. Сүннөткө ылайык келбеген амал – бидаат болуп калат.

Күнүнө Фатиха сүрөсүндө окуйбуз “Ихдина- с-Сыроото-ль- Мустакиим (Бизди Түз Жолго баштагын), Сыроото-ллязиина анъамта алейхим (Өзүң жакшылык берген адамдардын  жолуна)”.

Аллахтын каарына учурагандар – жөөттөр, алар акыйкатты билишет, бирок аны ээрчишпейт, тескерисинче ага каршы турушат.

Адашкандар – христиандар, алар акыйкатты кандай экенин билишПейт, билейли деп да аракет кылышпайт, бирок баары бир ибадат кыла беришет. Кылган ибадаттары болсо илимдин, далилдин негизинде эмес. Аллах айткандай: “Ал эми, кечилдикти (монашество) болсо, Биз парыз кылбасак деле, Аллахты ыраазы кылабыз деп өздөрү ойлоп табышты” (Куран 57:27)

Кечил – дүйнө ырахатын, үйлөнүүнү, кооз жашоону таштап өзүн толук Кудайга сыйынууга тапшырган киши. Аллах Таала кечилдикти уруксат берген эмес, бирок христиандар ушул аркылуу Аллахка жакындайбыз деп, ыкластары күчөп, бирок илимсиздигинин айынан динине бидаат киргизишти. Мындай бидааттар алардын дининде көбөё бергендиктен таза дини таптакыр жок болуп, бир гана жомоктор жана акыл кабыл кылгыз ырым-жырымдар калды.

"Чарчаган, кый!налган абалда. Кызуу Отто күйүшөт..."  (Куран 88: 3-4)

Ибн Аббас аяттын тафсиринде айтат:“чарчаган, кыйналган абалда – бул христиандар”. Умар ибн аль-Хаттаб бир күнү кечилди көрүп ыйлап жиберет. Сурашат “Эмне сизди ыйлатты?” (Тафсир Ибн Касир 88: 3-4)

Кыйналып бул дүйнөдө чарчап ибадат кылып Аллахка жакындап жатабыз деп ойлошот, бирок чындыгында алар Аллахтан өтө алыс болушкан, ошондуктан алар Тозокко киргизилет.

Хадис: "Ким биздин буйругубуз болбогон нерсе аткарса - ал кайтарылат" (Бухари, Муслим), канчалык кыйналып ибадат кылып жатам, сооп топтоп жатам  деп адам ойлобосун, алгач ал сүннөткө ылайык иш кылып жатабы текшерип алсын, илимдин, далилдин негизинде гана амал аткарсын.

Имам Бухари өзүнүн “Сахих”“Сөздөн жана амалдан мурун – Илим” деп атады, б.а. дин ишинде бир сөз айтуудан же амал кылуудан мурун илим ээлеринен аны аткаруу уруксат экенин сурап алуу зарыл. Тилекке каршы бул эрежени кармабагандыктан динге көп бидааттар киргизилди. Башында ал жеңил, акыйкатка жакын көрүнөт эле, ошонусуна алданып адамдар аны аткара башташат, бирок ал бидаат бара-бара өсүп, чоң нерсеге айланып, динди бузууга себеп болот.

Бидаатчылар канча эмгектенсин, керек болсо адамдардын баарын Куран жаттатып, намаз окутуп, аялдардын баарын жоолук кийгизсин - бирок эң негизги шарттардын бири “сүннөт”жок болгондуктан - алардын эмгектери сыйланбайт, сообу бекер кетет.

"Жана Биз алар (сооп деп ойлоп) жасаган иштерге келдик жана аны чаң-тозоң кылып (сапырып) таштадык! " (Куран 25:23)

"Айт (о, Мухаммад): «Иштеринде зыян тарткандар жөнүндө силерге кабар берейинби? Алар бул дүйнө жашоосунда аракет-жолдору адашкан бирок, «биз эң мыкты иш жасап жатабыз» деп ойлогон адамдар" (Куран 18:103-104)

"Эгер аларга «Жер бетинде бузукулук кылбагыла»- деп айтылчу болсо, «Биз – оңдоочуларбыз»- дешет. Бирок, чындыгында нак ошолор – анык бузукулар. Бирок, өздөрү сезишпейт" (Куран 2: 11-12)

Мен Туура Жолдомун деп ойлоо адамды чын эле туура жолго алып келип койбойт. Кээде адам ибадат деп ойлогон амалы менен өзү кантип Шариатка каршы иш кылып жатканын билбей калат. Ибадат деп аткарып жатканы бидаат болуп чыгат. Ошондуктан динде ар бир амалды кылаар алдын илим ээлеринен жакшылап тактап, уруксат көрсөтмө алып, анан аткаруу зарыл.

Бул эскертүүлөрдү, эрежелерди эске албагандарды чоң адашуу күтүп жатат.

"Ким Рахмандын зикиринен жүз бурса, ага шайтанды жолдош кылып койобуз. Анан (Шайтан) анын жакыны болуп калат. Кийин шайтандар аларды (Туура) Жолдон тосушат жана алар өздөрүн Туура Жолдо деп ойлоп жүрө беришет"(Куран 43:36-37)

Ошондуктан айтылат Шайтан үчүн башка чоң күнөөлөргө караганда бидаат сүйкүмдүүрөөк. Себеби күнөө кылып жаткан адам өзүнүн каталыгын билет, бир күн болбосо экинчи күнү тооба кылып калганга үмүтү бар. Ал эми бидаат кылып жаткан киши – тообага келиши өтө кыйын. Себеби ал өзүн туура жолдомун, ибадаттамын деп ойлойт жана анысын таштагысы келбейт.

Ошондуктан бидааттагы тоодой аракетке караганда, сүннөттөгү курмадай аракеттин сообу көп болот.

Аллах баарыбызды Туура Жолуна алып келсин, жана Туура Жолунда гана сактасын! Аминь
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   Meruet84   28 Апрель 2015 - 15:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения banda-312 (28 Апрель 2015 - 12:30) жазган:

БИДААТ

Печать Эл. почта 

Көп адамдар Аллах жолунда ибадаттабыз деп ойлошот. Ниеттери жакшы, ибадат кылуу, динге берилүү болгону менен, кылган амалдары Шариатка шайкеш келбесе – алардын сыйынуулары кумга суу куйгандай текке кетет.

Себеби ибадат кабыл болушу үчүн 2 шарт бар: Аллахтын ыраазычылыгы үчүн болуусу жана Пайгамбарыбыздын ﷺсүннөтү боюнча аткарылышы. Ниети жок аткарылган солих амал – ширк, рия, эл көрсүн болуп калат. Сүннөткө ылайык келбеген амал – бидаат болуп калат.

Күнүнө Фатиха сүрөсүндө окуйбуз “Ихдина- с-Сыроото-ль- Мустакиим (Бизди Түз Жолго баштагын), Сыроото-ллязиина анъамта алейхим (Өзүң жакшылык берген адамдардын  жолуна)”.

Аллахтын каарына учурагандар – жөөттөр, алар акыйкатты билишет, бирок аны ээрчишпейт, тескерисинче ага каршы турушат.

Адашкандар – христиандар, алар акыйкатты кандай экенин билишПейт, билейли деп да аракет кылышпайт, бирок баары бир ибадат кыла беришет. Кылган ибадаттары болсо илимдин, далилдин негизинде эмес. Аллах айткандай: “Ал эми, кечилдикти (монашество) болсо, Биз парыз кылбасак деле, Аллахты ыраазы кылабыз деп өздөрү ойлоп табышты” (Куран 57:27)

Кечил – дүйнө ырахатын, үйлөнүүнү, кооз жашоону таштап өзүн толук Кудайга сыйынууга тапшырган киши. Аллах Таала кечилдикти уруксат берген эмес, бирок христиандар ушул аркылуу Аллахка жакындайбыз деп, ыкластары күчөп, бирок илимсиздигинин айынан динине бидаат киргизишти. Мындай бидааттар алардын дининде көбөё бергендиктен таза дини таптакыр жок болуп, бир гана жомоктор жана акыл кабыл кылгыз ырым-жырымдар калды.

"Чарчаган, кый!налган абалда. Кызуу Отто күйүшөт..."  (Куран 88: 3-4)

Ибн Аббас аяттын тафсиринде айтат:“чарчаган, кыйналган абалда – бул христиандар”. Умар ибн аль-Хаттаб бир күнү кечилди көрүп ыйлап жиберет. Сурашат “Эмне сизди ыйлатты?” (Тафсир Ибн Касир 88: 3-4)

Кыйналып бул дүйнөдө чарчап ибадат кылып Аллахка жакындап жатабыз деп ойлошот, бирок чындыгында алар Аллахтан өтө алыс болушкан, ошондуктан алар Тозокко киргизилет.

Хадис: "Ким биздин буйругубуз болбогон нерсе аткарса - ал кайтарылат" (Бухари, Муслим), канчалык кыйналып ибадат кылып жатам, сооп топтоп жатам  деп адам ойлобосун, алгач ал сүннөткө ылайык иш кылып жатабы текшерип алсын, илимдин, далилдин негизинде гана амал аткарсын.

Имам Бухари өзүнүн “Сахих”“Сөздөн жана амалдан мурун – Илим” деп атады, б.а. дин ишинде бир сөз айтуудан же амал кылуудан мурун илим ээлеринен аны аткаруу уруксат экенин сурап алуу зарыл. Тилекке каршы бул эрежени кармабагандыктан динге көп бидааттар киргизилди. Башында ал жеңил, акыйкатка жакын көрүнөт эле, ошонусуна алданып адамдар аны аткара башташат, бирок ал бидаат бара-бара өсүп, чоң нерсеге айланып, динди бузууга себеп болот.

Бидаатчылар канча эмгектенсин, керек болсо адамдардын баарын Куран жаттатып, намаз окутуп, аялдардын баарын жоолук кийгизсин - бирок эң негизги шарттардын бири “сүннөт”жок болгондуктан - алардын эмгектери сыйланбайт, сообу бекер кетет.

"Жана Биз алар (сооп деп ойлоп) жасаган иштерге келдик жана аны чаң-тозоң кылып (сапырып) таштадык! " (Куран 25:23)

"Айт (о, Мухаммад): «Иштеринде зыян тарткандар жөнүндө силерге кабар берейинби? Алар бул дүйнө жашоосунда аракет-жолдору адашкан бирок, «биз эң мыкты иш жасап жатабыз» деп ойлогон адамдар" (Куран 18:103-104)

"Эгер аларга «Жер бетинде бузукулук кылбагыла»- деп айтылчу болсо, «Биз – оңдоочуларбыз»- дешет. Бирок, чындыгында нак ошолор – анык бузукулар. Бирок, өздөрү сезишпейт" (Куран 2: 11-12)

Мен Туура Жолдомун деп ойлоо адамды чын эле туура жолго алып келип койбойт. Кээде адам ибадат деп ойлогон амалы менен өзү кантип Шариатка каршы иш кылып жатканын билбей калат. Ибадат деп аткарып жатканы бидаат болуп чыгат. Ошондуктан динде ар бир амалды кылаар алдын илим ээлеринен жакшылап тактап, уруксат көрсөтмө алып, анан аткаруу зарыл.

Бул эскертүүлөрдү, эрежелерди эске албагандарды чоң адашуу күтүп жатат.

"Ким Рахмандын зикиринен жүз бурса, ага шайтанды жолдош кылып койобуз. Анан (Шайтан) анын жакыны болуп калат. Кийин шайтандар аларды (Туура) Жолдон тосушат жана алар өздөрүн Туура Жолдо деп ойлоп жүрө беришет"(Куран 43:36-37)

Ошондуктан айтылат Шайтан үчүн башка чоң күнөөлөргө караганда бидаат сүйкүмдүүрөөк. Себеби күнөө кылып жаткан адам өзүнүн каталыгын билет, бир күн болбосо экинчи күнү тооба кылып калганга үмүтү бар. Ал эми бидаат кылып жаткан киши – тообага келиши өтө кыйын. Себеби ал өзүн туура жолдомун, ибадаттамын деп ойлойт жана анысын таштагысы келбейт.

Ошондуктан бидааттагы тоодой аракетке караганда, сүннөттөгү курмадай аракеттин сообу көп болот.

Аллах баарыбызды Туура Жолуна алып келсин, жана Туура Жолунда гана сактасын! Аминь

Банда 312 АЛЛАХ ЫРААЗЫ БОЛСУН ! КАНДАЙ УЛУУ СОЗДОР .БААРЫБЫЗГА БЕЙИШ НАСИП КЫЛГАН БОЛСУН ! Оомийинь.

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 28 Апрель 2015 - 15:18

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   ROZI   29 Апрель 2015 - 09:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

"ҮЙ БҮЛӨНҮ БАГУУ ЭРКЕКТИН МИЛДЕТИ"

Үй-бүлөнү багуу эркектин милдети. Ал эми аялга иштөө милдет эмес, бирок укугу. Эгер күйөөсү уруксат берсе, Шариат көрсөткөндөй ылайыктуу жер болсо иштесе болот. Бирок иштебей үйдө отурам десе өзүнүн эрки.
Аллах Таала айтат: “Эркектер аялдардын үстүнөн башчы. Себеби алар өз байлыгынан сарпташып үй-бүлөсүн багышат жана да Аллах бирөөнү башкасынан күчүндө, акылында артык кылган үчүн” (Куран 4:34)
Эгер күйөөсү үй-бүлөнү бакпай койсо барып барып бул талакка алып барышы мүмкүн, ал эми бул киши аялын карабай койгон үчүн күнөөкөр болот.
Хадисте келгендей: “Кол алдыңдагыларды бакпай койгондук Тозокко кирүүгө жетиштүү күнөө” (Насаи)
Сурашты: “О, Аллахтын элчиси, аялдарыбыздын алдындагы милдеттерибиз кандай?”, жооп берди: “Сениң милдетиң сен тамактансаң аларды да тамактандыруу, кийинсең аларды да кийинтүү. Бирок аларды бетке чабууга, кемсинтүүгө жана үйдөн кубалап чыгууга укугуң жок” (Ахмад)
Турмуш-тиричиликке болгон аракет эч качан Аллахтын мыйзамдарын бузууга алып барбаш керек.
Дүнүйө чогултам деп арамга баруу; жумуш деп жатып намазды, орозону жана .башка. парздарды аткарбоо – шайтандын азгырыгы.
“Шайтан силерди кедейлик менен коркутат жана ошентип бузукулуктарга буюрат. Аллах болсо, силерге Өзүнүн кечиримин, пазилетин убада кылат. Аллах - Кенен, Билүүчү
(Куран 2:268)
Канчалык ырыскы аласыз Аллахтын тагдырында сиз төрөлө электе эле жазылган. Эми ошол ырыскы баары бир сизге келет. Шашсаңыз – арам жол менен, сабыр кылсаңыз – адал жол менен.
Аллахтын элчиси, Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алейхи ва саллам, айтты: “Мага Ыйык Рух башкача .айтканда . Жебреил периште жүрөгүмө шыбырады: "Адам эч өлбөйт качанга дейре өзүнүн пешенесине жазылган ырыскысын толук алып жана пешенесине жазылган өмүрүн толук жашамайынча" . Ошондуктан Аллахтан корккула жана ырыскыны туура жол менен издегиле”
(Ибн Хиббан, Сахих)



АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   ROZI   29 Апрель 2015 - 10:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

"ИСТИГФАР ДЕГЕН ЭМНЕ......"?

Истигфар деп күнөөсү үчүн кечирим суроону айтабыз. Аллахтан Истигфор кылуу бул ибадатка кирет. Себеби Куранда да, Хадистерде да бул тууралуу көп эскертилген.
Аллах айтат: “Аллахтан кечирим сурагын! Чындыгында, Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу”.
(Куран, Ниса 4:106)


Аллах Таала ошондой эле мындай деген:“Ким билип-билбей күнөөлүү иш жасап алып, же өз жанына зулумдук кылып алып, андан соң Аллахтан кечирим сураса, анда, ал, Аллахтын Кечиримдүү, Ырайымдуу экендигин көрөт!”
(Куран, Нисаа 4:110)
Ибн Аббас разияллоху анху Аллахтын элчиси Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху аллейхи ва салламдин мындай дегенин кабарлайт: “Ким Аллахтан такай кечирим сурап жүрсө Аллах ага ар түрдүү чыккыс абалдардан чыга турган жол таап берет; анан ар кандай кайгысын жеңилдетет жана ал күтпөгөн тараптардан ага ырыскы жиберип турат.
(Абу Дауд).
Абу Хурайра разияллоху анху,Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху аллейхи ва саллам .
“Мен мындай дегенин укканмын: “Аллахка ант болсун, чындыгында, мен Аллахтан көп-көп кечирим сурап истигфор айтып, күн сайын жетимиштен ашык жолу тооба келтирүү менен Аллахка кайрыламын”.
(Бухари)


Истигфардын сөздөрү: "Астагфируллах" (Аллахтан кечирим сурайм),
"Рабби- гфир лии" (О, Раббим, мени кечир) жана,башка.. ..
Истигфарлардын эң абзели, төрөсү (саййид аль-истигфар):

“Оо Аллахым сен Раббимсиң, сенден башка сыйынууга татыктуу илах жок. Мени жараттың жана мен Cенин кулуңмун. Күчүм жеткенче келишимде болуп, сага берген убаданы аткарамын. Жасаган күнөөмдүн жамандыгынан, Сенден гана сактануу тилеймин. Берген нээматыңды таанып, кылган катачылыгымды мойнума алам. Оо Аллахым, мени кечир! Чындыгында күнөөлөрдү Сен гана кечиресин” Оомин АЛЛАХУ АКБАР!


Истигфар кайсыл учурларда кылынат? Истигфор кылуунун өкүмү?
Күнөө жасаган соң Аллахтан кечирим суроо - парз. Сооп иш жасаган соң ал кабыл болсун деп истигфар кылуу - мустахаб.
Себеби аятта келет тахажжут намазы бүткөн соң сухурда истигфар кылгандар тууралуу (Куран, Зарият 51:17-18).
Сүннөттө келет ар бир парз намаздан кийин Пайгамбарыбыз үч мертебе "Астагфируллах" деп айтканы тууралуу.



Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 29 Апрель 2015 - 10:09

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   ROZI   29 Апрель 2015 - 10:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Түрдүү китептерде мындай хадистер жазылган: 1. “Рахмат (ырайымдуулук) эшиктери төрт түндө ачылат. Ошол түндөрү кылынган дуба, тообо кабыл болот. Рамазан жана Курман Айт майрамынын алгачкы түндөрү, Шаабандын он бешинчи (Барат) түнү жана Арапа түнү”. (Кадыр түнү бир канча хадистерде билдирилгендиктен бул жерге жазылбады).


2. “Аллаху таала ибадаттардын ичинен Зул-хижжанын алгачкы он күнүндө кылынгандарды жакшы көрөт. Бул
күндөрдө бир күн кармалган орозого бир жылдык орозонун (нафил орозо) сообу берилет. Ошол түндөрү окулган на-
маз Кадыр түнүндө окулган намаз сыяктуу. Бул күндөрдө көп-көп тасбих, тахлил жана такбир айткыла”.


3. “Мусулман адам Тарвиа күнү орозо кармап, күнөө сөз сүйлөбөсө, Аллаху таала аны, албетте, Бейишке киргизет”.


4. “Арапа күнүн урматтагыла! Себеби, Арапа – АЛЛАХУ ТААЛА кадырлаган күн”.


5. “Арапа түнү ибадат кылгандар Тозоктон бошотулат”.


6. “Арапа күнү орозо кармагандардын эки жылдык күнөөсү кечирилет. Биринчиси - өткөн жылдын, экинчиси келер ки жылдын күнөөлөрү (Арапа – Зул-хижжанын тогузунчу күнү, башка күндөр Арапа эмес)”.


7. “Арапа күнү миң жолу “Ихлас” сүрөсүн окуган адамдын бардык күнөөлөрү кечирилет жана бардык дубалары кабыл болот. Бардыгын бисмиллах менен окуу керек”.


Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллам:

"Эн жаманынар соз ташыган, достордун ортосун бузганынар жана айып-кемчилик издегенинер" , - деп буюрууда.

Бизге бироо тууралуу бир нерсе айта турган болушса мына бул алты нерсени кылыш керек:
1- Алгач ишенбоо керек, себеби, соз алып келген адам фасык (ачыктан ачык куноо кылган адам). Фасыкка ишенилбейт. Анын созуно карап иш кылынбайт.
2- Аны тыйуу керек, себеби, харам иш кылууда. Харамга тоскоол болуу болсо – парз.
3- Аллах учун аны суйбоо керек, себеби, ал аси, б.а., куноо кылды, аси адамды суйбоо – важиб.
4- Жамандалган адамды жаман деп билбоо керек, себеби, суизан кылуу харам.
5- Кабар берген нерсени изилдебоо керек, себеби, соз ташыган адамдын берген кабарын изилдоо – харам.
6- Ал сыяктуу соз ташуучулук кылбашыбыз керек, б.а., уккан нерселерибизди кайра барып башка бироого айтып билдирбоо керек.


Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 29 Апрель 2015 - 10:22

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   TAYNAYA   02 Май 2015 - 01:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

ЫНТЫМАКТУУ БҮЛӨГӨ - ЫРЫСКЫ ТОЛОТ, СЫЙ БОЛОТ, ЫНТЫМАКСЫЗ БҮЛӨГӨ - ЫЗЫ-ЧУУ ТОЛОТ, ЫЙ БОЛОТ.

Уй- бүлөө канткенде бактылуу жашайт?

Үй-бүлөө бактылуу болуусу үчүн жубайлардын ортосундагы милдеттер менен укуктар так жана даана түшүнүктүү болуп, сакталууга тийиш. Эркектин аялына карата укуктары; Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Дүйнө ырахаттардан турат. Дүйнөнүн эң жакшы ырахаты такыба аял!" (Муслим) Такыба аял адегенде Аллахтын алдындагы жоопкерчилигин, андан соң жолдошунун алдындагы жоопкерчилигин сактоого умтулат. Такыба аял үйүнө байланат. Сыртка эч бир муктаждыксыз көп кирип-чыкпайт. Такыба аялдын камы өзүн кароодо, үй ичин сарамжалдуу кармоодо, балдарын тарбиялоодо болот. Жүрөгүндөгү махабатынан башкасынын баарын тең бөлүүсү милдеттүү. Ал эми жүрөктү инсан өзү башкара албайт. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Кимдин эки аялы болуп, бирине көбүрөөк тартса, кыямат күнү бир тарабы кыйшайып, тартылып турган абалда келет!" (Абу Дауд, Термизий, Насааий, Ибн Маажа). Такыба аял үй-бүлөөсүнүн ынтымак-ырашкердикте жашоосу үчүн аракетте болот. Намазын, орозосун, зикирлерин жан дили менен аткарат. Такыба аял Кудай Таалам ага берген ырыскысына ыраазы болот. Аял киши күйөөсүнүн укуктарын сактабастан туруп, аны урматтабастан туруп такыбалардын катарына кошула албайт. Андыктан эркектин аялынын алдындагы укуктарынын кээ бирин билүү ашыкча болбойт: 1.Аял киши өзүнүн да, туугандарынан да күйөөсүнүн укугун жогору коёт. Анткени күйөөнүн укугу улуу. 2.Аял киши күйөөсүнүн кызматын кылууга дайым даяр туруу керек. Тактап айтканда күйөөсүнүн аялына эркектин жумушу чыкканда баш тартпоосу керек. Бир гана айыз же нифас учурунда ал нерсеге тыюу салынат. Күйөөсү төшөккө чакырган учурда жооп кылбаган аялзаты күнөөкөр болот. Периштелер каргыш айтат. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Күйөөсү аялын мамилеге чакырса, аялы баш тартып, күйөөсү ачууланган абалда түн өткөрсө, таң атканга чейин ал аялга периштелер каргыш айтып чыгышат" (Бухарий, Муслим). Башка бир хадисте: "Күйөөсү аялын муктаждыгы үчүн чакырса, аялы дандырда нан жаап жаткан болсо да жооп берсин!" деп айтылган (Термизий, Насааий). 3.Аял киши күйөөсүнүн уруксатысыз нафил орозолорду тута албайт. Анткени орозо тутуп жаткан учурда күйөөсүнүн муктаждыгы пайда болсо, аткарууга мүмкүн эмес болуп калат. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Күйөөсү жанында болуп турган аялга (күйөөсүнүн уруксатысыз) нафил орозо тутуу адал болбойт...! " (Бухарий, Муслим). 4.Аял киши күйөөсүнүн үйүнөн анын уруксатысыз эч бир нерсени бере албайт. Төркүндөрүнө да ага айтпастан туруп бере албайт. Берген болсо аялга күнөөсү, эркекке сообу жазыла берет. Бирок үй-бүлөө үчүн бышырылган тамактан белекке берсе болот. 5.Аял киши үйүнөн чыкпайт, чыкса да махрамдары менен чыгат. Үйдүн сыртында күйөөсүнүн уруксатысыз иштебейт. Жолдошуна жакпаган аялзаттары менен да мамиле түзбөйт, аралашпайт. 6.Кудайдын тагдырга жазган ырыскысына каниет кылат. Жашообуз эмнеге мындай жарды (?) деп ачууланбайт. Күйөөсүнүн кулагын жебейт. Ар бир таап келген ырыскыны ыраазылык менен кабыл кылып, Кудай Таалама шүгүрчүлүк келтирет. Ашыкча нерсе талап кылып коюп, күйөөсүн арам ишке кириптер кылып коюдан сактанат. Мурунку замандагы такыба аялдар күйөөсүн эртең менен жумушуна узатып жатып айтышчу: "Биз ачкачылыкка го чыдайбыз, а бирок тозок отуна чыдай албайбыз. Бизди адал оокат менен гана бак!". 7.Аял киши өзүн сактайт. Сулуулугун ар кимге көрсөтө бербейт. Шариат буйругандай таризде кийинет. Кыска жана жука кийимдерден оолактайт. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Аял киши күйөөсүнүн үйүнөн башка жерде жоолугун чечпесин...! " (Термизий, Абу Дауд). 8.Кайсы бир муктаждыгы боюнча күйөөсүнүн досторуна өзүн тааныштырбасын. Күйөөсүнүн достору менен мамиле түзбөсүн. Анткени кызгануунун көбү мына ушулардан чыгат. Телефон аркылуу, же күйөөсү жокто үйүнө келип, анын бар экендигин сураса, кыскача гана "ал жок эле" деп жооп берүү милдеттүү. Сөздү созуп олтуруу күнөө. 9.Күйөөсүнөн өзүн жогору койбоосу керек. Өзүнүн сулуулугуна же байлыгына маашырканып, күйөөсүн өзүнөн төмөн кароо бактысыздыкка алып келет. 10.Балдарына мээрим төгүп кароосу зарыл. Балдарын жаман сөз менен урушпоо. Күйөөсүнүн жакшылыктарын дайыма айтып, балдарына күйөөсүнүн жакшы адам экендигин баса белгилеп айтып туруу. Аялдын күйөөсүнө карата укуктары; Эркектин аялына карата укуктары аялдын жеке өзүнө гана байланыштуу. Аялдын мал-мүлкүнө тиешеси жок. Аялдын жеке байлыгына, аялдын өзүнүн уруксатысыз эркектин кийлигишүүгө укугу жок. Аял өзүнө таандык байлыкты каалагандай жумшай алат. Ал эми аялдын күйөөсүнө карата укуктары эркектин өзүнө да, мал-мүлкүнө да тиешелүү болот. Каржы тараптан нафака, махр сыяктуу нерселер да аялдын укуктарына кирет:

Аялдын күйөөсүнө карата кээ бир укуктары: 1.Аялына жакшы кулк-мүнөздө болуу, жакшы мамиле жасоо, жакшылык ыроологон жашоодо жашоо, ага зыян жеткирбөө. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Силердин эң жакшыраагыңар, үй-бүлөсүнө эң жакшыраагыңар! " (Термизий). Коомчулук менен болгон мамилесинде, сыртта жүргөндө адеп-ахлактуу болуп, үйгө келгенде "каардуу тиранга" айлануу жакшылыктын белгиси эмес. Чыныгы момун-мусулман адегенде аялына жакшы мамиле жасайт. Анткени ал ошого татыктуу, анын жакшы мамилесине башкаларга караганда көбүрөөк муктаж. 2.Аял тараптан болгон ызаны, кээ бир кеткен кемчиликтерди көтөрүү, ачууланганда жана капа болгондо айткан сөздөрүн кулактын сыртынан кетирүү. Азирети Анас бин Маалик айтат: "Пайгамбарыбыз алайхис саламдан да үй-бүлөсүнө ырайымдуураак бирөөнү такыр көргөнүм жок!" (Муслим). "Пайгамбарыбыз алайхис саламдын аялдары да Пайгамбарыбызга сөз кайрышат эле, а түгүл кээ бир аялдары кечке чейин Пайгамбарыбыз алайхис саламга сүйлөбөй коюшат эле!" (Бухарий, Муслим). 3.Аялын эркелетүүсү, тамашага салуусу, тарбиялоосу милдеттүү. Айрыкча Аллах Тааланын парздарын аткаруусу, андан соң күйөөсүнүн алдындагы милдеттерин аткаруусун көзөмөлдөйт. Эгер шалаакылык же жөн эле камырабастык менен намаз окуганды, же жоолук салынганды таштап коё турган болсо эркек аны тарбиялоого милдеттүү. Күйөөсүнүн көңүлүн алууга аракеттенбесе да тарбиялоого муктаж болот. Тарбиялоо өзүнүн тартиптери менен болот. Адегенде ага жакшы сөз, насаат айтуу менен болот. Ага да болбосо бир эле бөлмөнүн ичинде төшөгүн бөлүп салып жатуу кирет. Бул бөлүү бир күндөн үч күнгө чейин созулат. Ага да болбосо, төшөк маселесинде күйөөсүнө моюн сунбай турган аялды көгөрбөй турган, катуу оорутпай турган таризде урууга жол берилет. Бемашага салуусу, ойнотуусу кажет. Бирок мына ушунун баары чектен чыгып кетпөөсү зарыл. Эркектин айбатын, кадыр-баркын түшүрбөгүдөй болсун. Анткени бул амалдар аялдардын жүрөгүн жакшыртат. 4.Аялын кызгануусу
4.Аялын кызгануусу милдеттүү. Анын урмат-сыйы, адамгерчилик бедели сакталып турууга тийиш. Жаман нерсе болуп кетпөөсү үчүн абалды дайыма көз алдында сактоосу керек. Ошол эле убакта чектен чыгып кетпөө керек. Болбогон жерден шектенип, конгон көпөлөктөн деле кызгана бербөөгө тийиш. "Пайгамбарыбыз алайхис салам үй-бүлөсүн түндө чочутуп, эшик такылдатып ойготуп, алардагы кээ бир кемчиликтерди издөөдөн тыйган" (Муслим). 5.Аялды өз алдынча шариатка ылайыктуу жашоосуна шарт түзүп берүү. Эркектин туугандарынын эч кимиси аралашпаган, дааратканасы жана жууна турган жайы бар жатак жай даярдап берүүсү лаазым. Аллах Таала Куранда айтат: "Аялдарыңарга мүмкүнчүлүгүңөр болушунча, өзүңөр жашап турган жайдан орун бергиле...! " (Талак, 6). 6.Аялдарга дароо берем деген калың-махрды дароо берүүсү керек. Аны кечеңдетүүгө болбойт. Ал аялдын жеке укугу. 7.Аялына жете тургандай нафака жумшоосу. Ичипжегенинде, кийиминде кемчилик кетирбесин. Ысырапкерчиликке да жол бербесин. Эркек бул нафакаларды берүүсү менен Кудай Тааламдын алдында чоң соопторго ээ болот. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Кудай Тааланын ыраазылыгы үчүн жумшаган нафакалардын баарына сооп аласың. Ал эле эмес аялыңдын оозуна салган бир үзүм тамакка да сооп аласың!" (Бухарий, Муслим). Башка хадисте: "Адам сооп үмүт кылып үй-бүлөсүнө нафака жумшаса, ал ага садака деп эсептелет! " (Бухарий, Муслим). 8.Аялына дин таалимдерин үйрөтүүсү зарыл. Эгер аял ошол нерселерди үйрөнө элек болсо. Адегенде ыймандын шарттары менен түркүктөрүн, андан соң ыймандын калган бутактарын, шариат өкүмдөрүн, даарат, айыз маселелерин, намаз жана орозону үйрөтөт. Дайыма намаз окуусуна көмөктөшүп турат. Аллах Таала Куранда айтат: "Үй-бүлөңдү намаз окууга буйруп, жана намаз окууга сабыр кыл!" (Тоохаа,132). 9.Эки же андан ашык аялы болгондор аялдарына адилеттүүлүк менен мамиле кылуусу парз. Бирин башкасынан нафака берүүдө, убактысын бөлүүдө артыкча көрбөө. Жүрөгүндөгү махабатынан башкасынын баарын тең бөлүүсү милдеттүү. Ал эми жүрөктү инсан өзү башкара албайт. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Кимдин эки аялы болуп, бирине көбүрөөк тартса, кыямат күнү бир тарабы кыйшайып, тартылып турган абалда келет!" (Абу Дауд, Термизий, Насааий, Ибн Маажа).
10.Аялын тарбиялоосу милдеттүү. Айрыкча Аллах Тааланын парздарын аткаруусу, андан соң күйөөсүнүн алдындагы милдеттерин аткаруусун көзөмөлдөйт. Эгер шалаакылык же жөн эле камырабастык менен намаз окуганды, же жоолук салынганды таштап коё турган болсо эркек аны тарбиялоого милдеттүү. Күйөөсүнүн көңүлүн алууга аракеттенбесе да тарбиялоого муктаж болот. Тарбиялоо өзүнүн тартиптери менен болот. Адегенде ага жакшы сөз, насаат айтуу менен болот. Ага да болбосо бир эле бөлмөнүн ичинде төшөгүн бөлүп салып жатуу кирет. Бул бөлүү бир күндөн үч күнгө чейин созулат. Куранда айтылат: "Күйөөлөрүн көзгө илбей калуусунан чочулаган учурда адегенде насаат кеп айткыла, болбосо төшөктө бөлгүлө, ага да болбосо ургула!" (Нисаа,34). Кээ бир наадандар, ушул аятты далил кылып, аялын урууну өнөкөт адатка айландырган. Пайгамбарыбыз алайхис салам аялдарды эч качан урган эмес. Анын мырзалыгы бул нерсеге жол берген эмес. Эркектин өзү такыбалыкка моюн сунбай туруп, аялынан такыбалыкты талап кылуусу өтө кейиштүү көрүнүш. Бул аялдарды уруу зарыл деген сөз эмес. Бул, төрт адам "эркек-аялдын зынаа кылганын сыя калем сыя челекке кирип жатканын кандай көргөн болсо, мына ошондой көрүнүштө алака болуп жатканына күбө болгонун" айтса, таш бараңга алынып өлтүрүлөт. А бирок он беш кылымдык тарыхыбызда төрт күбө менен таш бараңга алган учурубуз боло элек. Адамдар кылмыштуу иштерге түшпөсүн деп, ал жаза менен эч ким жазаланбаса да, өзгөчө оор кылмыштардын жазасы оорлотулат. Анткени кылмыштан кайтаруу саясаты ошону талап кылат. Кээ бир аалымдарыбыз урса кантип урат десе, тиш тазалаган мисвак менен, же бир тутам саман алып, ошону менен жамбашына урат деп да айтышкан. 11. Аялы менен кошулганда, аялдын уруксатысыз уруктугун сыртка төкпөөсү керек болот. Ал аялдын укуктарын толуктап турат. 12. Аялдын руханий муктаждыгын, аялдык муктаждыгын кандырууга жан-аракет кылат. Аялы арамга түшүп кетпөөсү үчүн колунан келген өнөрүн аябайт. Анын көңүлүн табат. 13. Аялын, анын туугандарын жөндөн-жөн эле кордобойт. Сөз менен же кылык-жорук менен аларды кемсинтпейт. 14. Аялын жакшы көрбөсө да, ага ырайым менен мамиле кылат. Ар бир адамдын жакшы жери бар, ошол жакшы жери аркылуу аны жакшы көргөнгө аракет кылат.
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   banda-312   02 Май 2015 - 18:55

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 221
  • Катталган: 02 Март 15
  • Соңку аракети: 26 Июл 2015 19:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан Бишкек

1) ИЛИМ ТУУРАЛУУ КУРАНДЫН АЯТТАРЫ.

 

-[1]Илим ээлери периштелер менен эскерилет.

Аллах Таала айтты: «Акыйкатта, Өзүнөн башка кудай жок экенине адилеттүүлүктү орнотуучу Аллах Өзү, периштелер жана илим ээлери күбөлүк берди. Аллахтан башка кудай жок. Ал – Ызаттуу, Даанышман! » (Аалу Имран 3:18) – Аллах биринчи Өзүн, андан кийин периштелерин, андан кийин илим ээлерин – Аллахтан башка кудай жок экендигин күбөлүк берүүгө чакырган.

 

-Илим илимдүүнү башкалардын үстүнөн көтөрөт.

«(Эй, Мухаммед! ) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?» деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат» (Зумар 39:9)

«Аллах силердин араңардагы ыймандуулардын жана илим берилгендердин даражаларын көтөрөт. Аллах силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар» (Мужаадала 58:11)

 

-Илим – такыбалыктын[2] негизи.

«Чындыгында, пенделеримдин билимдүүлөрү Аллахтан коркушат…» (Фатыр  35:28)

 

-Илимдүүлөрдүн бийик артыкчылыгынан аларга кайрылуу буйрулган.

«Эгер билбесеңер билимдүүлөрдөн сурагыла»  (Нахл 16:43)

«Ал (Аллах) Мээримдүү, Ал жөнүндө билүүчүдөн сурагын» (Фуркан 25: 59)

 

-Илим – бул балкып жаткан көк дениз.

«…"Силерге азыраак гана илим берилген" , - деп айт» (Исра 17:85)

 

-Илим алуу керектиги (зарылчылыгы).

«…"Оо, Раббим! Илимимди арттыр!" , - дегин» (Таха 20:114)

«… Ар бир илим ээсинин үстүндө (андан да) билимдүү бар»  (Йусуф 12: 76)

 

 

2) ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫНﷺ ХАДИСТЕРИНЕН

 

- «Аллах кимге жакшылык каалаган болсо, ага динди түшүндүрөт» (аль-Бухари жана Муслимдин китептеринде келтирилген)

- «Илимдин (кандай болбосун) бир жолуна түшкөн адам, Аллах ага Бейишке жолун жеңилдетет» (Муслим). Мааниси: Аллах бул инсанга хидаят эшиктерин ачат, ибадаттарды аткаруусун жеңил кылат жана Бейишке киришин тездетет: Акыр кыямат күнү эсеп-кысап алынаардагы күтүп туруунун азаптарын башкалардай болуп көрбөйт.

- «Илим издеп үйүнөн чыккан ким болбосун, периштелер анын кылганына ыраазычылыгын билдирип канаттарын ага төшөшөт» (ат-Тирмизи, Ибн Маджа). Бул хадисте илим алуунун кадыры жөнүндө ачын айкын айтылат, себеби периштелер канааттанып, урматтап өз канаттарын ага жайып жаткан кишиден ким жакшыраак. Ал үйдөн бир гана илим алуу үчүн чыгат эле.

 

3) ИЛИМДИН ИБАДАТКА КАРАГАНДА АРТЫКЧЫЛЫГЫ

Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан: «Илимдин артыкчылыгы ибадаттын артыкчылыгынан жакшыраак, ал эми диндин негизинде Аллахтан коркуу турат» (Сахих аль-Джами’)

Ибн Аббас айткан: «Үйрөнгөн нерсемди түндүн бир бөлүгүндө кайталоо, мага ал убакытты ибадат менен өткөзүүдөн жагымдуураак»

Аз-Зухри айткан: «Аллахтын динин үйрөнүүдөн артык ибадат жок»

Аш-Шафи’и айткан: «Илим алуу нафил намаздан жакшыраак»

Умар бин Абдуллазиз айткан: «Илими жок амал кылган – пайдадан мурун зыян тапкан!»

 

4) ОКУУ МЕНЕН ИЛИМДИН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ ТУУРАЛУУ ЫР САПТАРЫ

Окуу – түндө, алдыңдагы шам чырак,

Билим алсаң маңдай ачык жаркырап…

 

Сокур дешет билимсизди – жөн дебе,

Окуу гана жарык чачат дүйнөгө…

 

Сен сурасаң түркөй кандай адам деп,

Айтаар элем: оозго алып не керек?

 

Билимдүүнүн иши дагы салмактуу,

А түркөйлөр – майда, жеңил, камгак бу…

 

Канча билсең – ошончо үйрөн, оку,

Билимдүү тилегине дайым жетет.

 

Билимине мактанган – билимсиздер,

«Билгеним аз» дегендер – көпкө жетет.

 

Билим деңиз түбү да жок, чеги да жок,

Канча сузсаң азайбайт, толо берет!

 

(Жусуп Баласагын "Куттуу билим")

 

5) КАНДАЙ ИЛИМ АЛУУ КЕРЕК

Суроо: Илим фарзбы?. Кандай илим фарз?

Жооп: Ооба, илим фарздыр. Аллахтын жалгыздыгын, Ыйман Негиздерин, келменин маанисин[3] биринчи үйрөнүү фарз Буну «акыйда» (ишеним) дейбиз. Кийин күнүмдүк ибадатка керек өкүмдөрдү үйрөнүү экинчи фарз: бул намаз, даарат, гусул  ж.б.

Имам Маликтин шакирти Абдуллах ибн Вахб айтат: «Мен илим алыштан мурун ибадаттан баштаптырмын да шайтан мени Иса алейхис-салам жөнүндөгү суроолор менен ээрчитип кетти: "Аны Аллах Таала кантип жаратты болду экен?" – жана ушуга окшош суроолорду бере бердим. Мен бир шейхке арыздандым, ал болсо үнүнүн болушунча: "Оо, Ибн Вахб!" – деди. Мен: "Угуп жатам" – деп анын келерки насыятына кулагымды төшөдүм. Анда ал жөн гана: "Илим ал" – деп койду.  Мына ушул менин илим талап кылып изденүүмө түрткү болду».

Аллахтын жалгыздыгын,  «Лаа илааха иллаллах» келмесинин маанисинбиринчи үйрөнөбүз. Бул таухид илими. Андан соң гана ибадатка өтөбүз. Себеби дааратсыз намаз кабыл болбогондой эле, таухидсиз ибадат кабыл болбойт.

Илим көп, ошондуктан учурдагы илимди алабыз. Ал деген азыркы акыбалга жараша эмне үйрөнүш керек болсо – ошону биринчи окуу дегендик. Мисалы: акчасы жок кедей зекет тууралуу окуштун кажети жок, анткени зекет бир гана байларга парз. Бирок мал-мүлкү жетсе зекет өкүмдөрүн окуу анын милдети болуп калат.

 

Дуа: «Аллахумма- нфа’нии бимаа ‘алламтании, ва ‘аллимнии маа йанфа’унии»

(Мааниси: О, Аллахым! Үйрөткөн нерсең менен мага пайда бер, жана мага пайдалуу нерсе үйрөт)

 
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   banda-312   04 Май 2015 - 20:47

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 221
  • Катталган: 02 Март 15
  • Соңку аракети: 26 Июл 2015 19:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан Бишкек

Жер бетинде адам баласы жаралган күндөн баштап эле анын көздөгөнү – бир гана бактылуулук. Ар бир адам бул жашоодо бактылуу болууну каалайт жана ага жетүүгө умтулат. Эгерде жашы дагы, каарысы дагы бактылуу болууну самашса, өмүрү өткүчө ага жетүүгө жанталашса, анда бул жашоодо чыныгы бактылуулук эмнеде? Адам бактылуу болуш үчүн эмне кылуусу керек?

Бактылуулук – бул адамдын руханий жана материалдык жактан толук канааттанып жашоосу. Бирок ар бир адамдын бактылуулук тууралуу ой-пикири, түшүнүгү ар башка. Эгерде бир топ адамдан бактылуулук тууралуу ойлорун сурап көрсөңүз, анда берген жоопторунун ар түрдүү экендигин байкайсыз. Бири бактылуулукту кадыр-барк же мансап менен издесе, экинчиси байлыкка же бийликке жетүү менен толук бактылуу болом деп ойлойт. Кээ бири күнөө болсо дагы, арак же баңги заттарды сатып, ушул жол менен гана бактылуулукка, бакубат жашоого тез жетем дейт. Ал эми кээ бири кумар оюндарына берилип, тез байып бактылуу болсом деп эңсейт. Ар бир адам бактылуулукту ар кандай элестетет.

Мына ушул эле адамдардан “Издегениңер эмне? Эмне жетишпей жатат?” деп сурасаңыз, баарысы “бактылуулук жана бейпил, бакубат, тынч жашоону” дешет, же “кайгы-капасыз, түйшүксүз кыйналбай жашагым келет” деп жооп берет. Ар бир адамдын ой-пикири, ой жүгүртүүсү, түшүнүгү жана жашоосундагы ой-максаттары ар түрдүү.

Азыркы учурда кээ бир адамдар, а балким көпчүлүгү өз бактысын эки дүйнө бактысыздыгына алып барчу жолдо издеп жүргөндүр. Ким бул жолго түшсө, анда ал адам өзүнө өзү көр казган адам сыяктуу десек да болот.

Мейли, кээ бир адамдардын ою боюнча бактылуулукту байлыкта же бийликте десек, а эмне үчүн адамдар байлык-бийликке жеткенден кийин жан-дүйнөсү тынч албай эле, жашоосун ар кандай коркунучтар коштоп, кээде мунун айынан өзүн өзү өлтүрүүгө же ар кандай күтүүсүз чечимдерге барып жатышат. А эгер бактылуулукту кумарда десек, а эмнеге канчалаган адамдар өмүр бою тапкан ташыганын бир түндө уттуруп, карызга батып, үй-бүлөсүн таштап талаалап кетишти. Мындай мисалдарды айта берсек чачтан көп.

Бул жашоо адам баласына бир гана жолу берилет. Ар бир адам өз өмүрүн бактылуулукта өткөрүүнү каалайт. А бирок өмүрүнүн аягында бармагын тиштеп, аттиң өмүрүм кайра берилгенде башкача жашамакмын, туура жолго түшмөкмүн деп кейигендери канча? Жетимиш, сексен жашты жашап бактылуулуктун даамын эмес, жытын да сезбей кеткендери канча? Мындай жашоону эч ким өзүнө да, өзгөгө да каалабас эле.

Мындай адамдардын канчасына өзүбүз күбө болдук. А балким алар биздин жакындарыбыздыр. Эгерде алар ушунча жыл жашап, өмүрү текке кеткен болсо, анда биз алардын жолун жолдобошубуз керек. Ал жол бизди жакшы жашоого алып барбайт. Анткени ал жолго түшкөндөрдүн акыбетин өз көзүбүз менен көрбөдүкпү.

Бул дүйнөдөгү бардык нерсе кандайдыр бир максатта жаратылган. Ал өз кызматын аткарганда гана максатын толук аткарган болот. Адам баласы да билгилүү бир максатта жаратылган. Жөндөн жөн эле жаратылган эмес. Адам баласы өз максатын аткаруу менен бул дүйнө бактылуулугу эле эмес, Акырет бактылуулугуна да жетишет. Демек, ар бир адам баласы бул жашоодогу ага жүктөлгөн милдеттерин толук аткарганда гана эки дүйнө бактылуулугуна жетишет. Алла Таала Ыйык Куранда мындай деп айткан:

«Эркек болобу, аял болобу, кимде-ким ыймандуу болуп жакшы иштерди кылса, анда Биз ага сөзсүз жакшы жашоону беребиз жана алардын кылган иштерине сөзсүз андан да артык соопторду ыйгарабыз».      Нахл сүрөөсү (16:97)

Мусулман адам Алланын динин терең түшүнүп акыйкат жолго түшкөнү себептүү бактылуулук бир гана Алланын колунда экендигин жана ага Анын ыраазылыгы аркылуу гана жетээрин анык билет. Алла Таала Ыйык Куранда мындай деп айтты:

«Кимде-ким Менин Туура Жолумду ээрчисе, алар үчүн коркунуч жок жана алар кайгырышпайт».  Бакара сүрөөсү (2:38)

«Ким Менин Туура жолумду ээрчисе, анда ал адашпайт жана бактысыз болбойт».   Таха сүрөөсү (20:123)

Алла Тааланын бул аятта “адашпайт.. .” деп айтканы “ал адам акыйкат жолдо болот” деп тастыктаганы, ал эми “бактысыз болбойт” деп айтканы “ал адам бактылуулукта болот” деп баса белгилегени. Ал эми башка аятта айтты:

«Биз сага Куранды бактысыз болсун деп түшүргөн жокпуз».   Таха сүрөөсү (20:1)

Башкача айтканда, “Эй, Мухаммад! Биз сага Куранды бактылуу болушуң үчүн гана түшүрдүк” дегени.

Демек, бактылуулук динди толук карманып жашоодо. Адам баласы Аллага моюн сунуу менен гана бактылуулукка жетет. Эгерде бактылуулукту башка жолдон издесе, анда кайгы-кападан, кыйынчылыктан жана пайдасыз убактысын өткөрүүдөн башка эч нерсе таппайт.

Бактылуулук Алланын гана колунда. Алла Таала гана бардык ишти жеңил кылуучу, адамдардын көкүрөгүн ачуучу, жардам берүүчү, туура жолго салуучу жана ийгиликке жеткирүүчү. Бардык иштин түйүнү Анын гана колунда, Алла Таала каалаган пендесине байлык берет, каалаганынан тартып алат. Каалаган пендесин ардактап урматтайт, каалаганын кадырын түшүрүп кор кылат. Каалаган пендесин Туура жолго салат, каалаганын адаштырат. Бирин бай кылса, экинчисин кедей кылат, а бирин сүйүндүрсө, экинчисин ый-муңга салат.

«Албетте, күлдүргөн да, ыйлаткан да – Анын Өзү!».Нажм сүрөөсү (53:43)

Демек, бардык иш Анын гана колунда. Ал каалаган нерсе гана ишке ашат, каалабаганы ишке ашпайт.

«Айткын: «Оо, Алла! Бардык мүлктүн Падышасы! Сен мүлктү кимге кааласаң бересиң жана кимден кааласаң тартып аласың. Кимди кааласаң ардактуу кыласың жана кимди кааласаң кор кыласың. Бардык жакшылык Сенин колуңда. Чындыгында,  Сен бардык нерсеге кудуреттүүсүң. Түндү күндүзгө алмаштырасың, күндүздү түнгө алмаштырасың. Өлүүдөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгарасың жана кимге кааласаң эсепсиз ырыскы бересиң».   Аалу Имран сүрөөсү (3:26-27)

«(Бардык) мүлк Анын Колунда болгон Алла улук жана Ал бардык нерсеге кудуреттүү».    Мулк сүрөөсү (67:1)

Адам баласынын бактылуулугунун түпкү негизи – Алла Таалага ыйман келтирүү жана Ал ааламдардын Раббиси, Жаратуучусу, ырыскы Берүүчү, бардык ишти Башкаруучу, өлүм-өмүр Берүүчү жана Ал Өзү гана ибадатка татыктуу деп терең ишенүү эсептелет. Бардык иш Анын гана колунда, адамдын тагдыры, жашоосу, бактысы да бир гана Анын өкүм-буйругуна байланышкан. Анын каалаганы гана болот жана Анын өкүм-буйруктарын эч ким кайтара албайт. 
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   banda-312   04 Май 2015 - 20:48

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 221
  • Катталган: 02 Март 15
  • Соңку аракети: 26 Июл 2015 19:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан Бишкек

Мына ушунун негизинде, тактап айтканда Алла Таалага ыйман келтирип, Анын өкүм-буйруктарын толук аткаруу менен гана адам баласы бактылуу болот. Алла Таала айтты:

«Эркек болобу, аял болобу, кимде-ким ыймандуу болуп жакшы иштерди кылса, анда Биз ага сөзсүз жакшы жашоону беребиз жана алардын кылган иштерине сөзсүз андан да артык соопторду ыйгарабыз».

Аяттагы убада кылынган жакшы жашоо – бул кайгы-капасыз, ыза-түйшүксүз, кыйынчылыксыз жана ар кандай жамандыктардан алыс болгон жашоо. Бул ыймандуулук жана Аллага моюн сунуу менен өткөн жашоо. Мына ошондуктан мусулман адам дайыма бактылуулукта, тынчтыкта, бейкуттукта жашайт. Бул Алланын ага көрсөткөн сый-урматы. 

Алла Таалага жана Анын Элчисине ыйман келтирүү – бактылуулуктун башаты жана адам баласынын бактысы ушуга гана негизделген.

Аллага ыйман келтиргендер – чыныгы бактылуу адамдар. Ал эми Аллага ыйман келтирүүдөн баш тарткан адам бактылуулуктан куру калат жана эки дүйнөдө бактысыз адамдардын катарында болот. 

Жашоосун ыймандуулуктун негизинде курган муъмин адам гана руханий ырахатка жетет жана ыймандуулук ал үчүн бул дүйнөдөгү Бейиши. Аалымдардын бири бул туурасында мындай деп айткан:

«Бул дүйнөнүн да Бейиши бар. Ким ага бул жашоодо кирбесе, анда ал Акыреттеги Бейишке да кирбейт».

Башкача айтканда, ыймандуулук Бейиши жана анын адамдын руханий жан-дүйнөсүнө тартуулаган ырахаты. 

Ошондой эле ыйман келтирип, анын көтөрүлүүсүнө себеп болгон жакшылык иштерди кылуу да бактылуулуктун негизи. Кимде-ким ыйман келтирип, анын талап-буйруктарын аткарса, анда аткарган өлчөмүнө жараша бактылуулукка жетет. Эгерде ыйманы алсыздаса, бактылуулугу да азайат. А эгер ыйманы толук кетсе, анда бактылуулугу да кошо кетет. 

Ыймандуулук менен гана адам бактылуу жашайт жана көңүлү, жан-дили тынч алып, түбү жок жүрөктү өйүгөн ойлордон арылат. Алла Таала Ыйык Куранда мындай деп айткан:

«Алар ыйман келтиришти жана алардын жүрөктөрү Алланы эстөө менен тынч алат. Алланы эстөө менен жүрөктөр тынч албайт бекен?! Ыйман келтирип жана жакшы иштерди кылгандар үчүн жыргалчылык жана эң сонун кайтып барчу жай (Бейиш) бар».

Бактылуулук бардык абалда ыймандуулукка гана байланышкан. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, өзүнүн хадисинде мындай деп айтты:

«Муъмин адамдын абалы ушунчалык таң калаарлык! Чындыгында, анын бардык кылган иши жакшылык, ал эми мындай (артыкчылык) муъмин адамга гана берилген. Эгерде ага сүйүнүч жетсе, анда Аллага шүгүр кылат, бул ал үчүн жакшылык. А эгер кыйынчылыкка кабылса, анда сабыр кылат, бул дагы ал үчүн жакшылык».   

Ыймандуу адам жакшылыкта шүгүр кылат, жамандыкта сабыр кылат, а эгер күнөө кылса, Алладан күнөөлөрүн кечирүүсүн сурайт. 

Алланын пендесинин бактылуулугу – мына ушул үч нерседе: 

Күнөө кылса Алладан күнөөлөрүн кечирүүсүн сурайт;
Жакшылыкка жетсе, Аллага шүгүр кылат;
Кыйынчылык тартса, сабыр кылат.

Муъмин адам жашоосунда дайым ушул үч абалда гана болот. Бул туурасында Ибну аль-Каййим, рахимахуллах, ыймандуу адам дайым ушул үч абалда болоорун баяндап мындай деп айткан:

«Биринчиси: Эгерде күнөө кылса, анда Алладан күнөөлөрүн кечирүүсүн сурайт. 

Анткени муъмин адам күнөө кылса, ыйманы аны Аллага кайтуусуна жана Ага тооба кылуусуна чакырат. Мына ошондуктан Алла Таала “ыйман” сөзүн айтып ыймандууларды тооба кылууга чакырган:

«Эй, ыйман келтиргендер! Аллага чын жүрөктөн тооба кылгыла». 

«…баарыңар Аллага тооба кылгыла, балким ийгиликке жетээрсиңер».  

Муъмин адам күнөө кылса, ыйманына кайтап, ал эми ыйманы аны Аллага тооба кылууга, истигфар айтууга түртөт жана Ырайымдуу, Кечиримдүү, тообаларды кабыл кылуучу Раббисине карай багыттайт.

«Айткын: «Эй, өздөрүнө зыян кылган кулдарым! Алланын ырайымынан үмүт үзбөгүлө. Албетте, Алла бардык күнөөлөрдү кечирет. Чындыгында, Ал – Кечирүүчү жана Ырайымдуу».     Зумар сүрөөсү (39:53)

Анын ыйманы Алладан кечирим суроого, Ага кайтууга түртөт жана Алла анын кылгандарын көрүп-билип тураарын эстетет. Эгерде күнөөкөр адам – күнөөгө батып, шахваттарын ээрчигени үчүн ырахат алган болсо, ал эми Аллага ыйман келтирип, Аны көрүп-билип турат деген ишенимдеги адам – эч нерсеге салыштыргыс ыйман ырахатына батат. Бул Аллага моюн сунуп, Анын өкүм-буйруктарын аткаруудан болгон ырахат. Мындай ырахаттан күнөөкөрлөр куру калышкан жана ага жетишкен да эмес. Алар күнөөлөрүнөн, шахваттарынан убактылуу гана ырахат алышат, бирок анын кесепети, күйүт-кайгысы кала берет.

 

Экинчиси: Эгерде ал жакшылыкка жетсе, анда Аллага шүгүр кылат.

Алла Тааланын пендесине берген нъематтарын санасак санак жетпейт. Адамдын дене-мүчөлөрүндө, мал-мүлкүндө, бала-чакасында, турак-жайында, дегеле жалпы жашоосундагы ага берилген нъематтар өтө көп. 

«Эгерде Алланын нъематтарын санасаңар, анда аларды санап бүтө албайсыңар».  

Бактылуулук – бул Алланын берген жакшылыктарына шүгүр кылып, Ага чексиз мактоолорду айтууга негизделген. Ал эми шүгүр кылуу жакшылыктардын дагы көбөйүүсүнө, берекелүү жана дайым болуусуна себептерден болуп саналат.

«Раббиңер: «Ант болсун! Эгерде (Мага) шүгүр кылсаңар, Мен силерге дагы көбөйтүп беремин...»,– деп жар салды». 

Аллага шүгүр кылып, мактоо айтып жана Анын берген нъематтарын моюн алып, Ага шүгүр кылган адам гана руханий ырахатка жетет.

 

Үчүнчүсү: Эгерде кыйынчылык тартса, анда сабыр кылат.

Алла Таала айтты:

«Кандай гана кыйынчылык болбосун, Алланын каалоосу менен гана болот. Кимде-ким Аллага ыйман келтирсе, анда Ал анын жүрөгүн (туура жолго) салат».   Тагаабун сүрөөсү (64:11)

Аълкама, рахимахуллах, айтты: «Бул ушундай адам – эгерде башына кыйынчылык түшсө, Алладан экендигин билет жана ыраазы болуп, Ага моюн сунат».

Мына ошондуктан мусулман адам жакшылыкка жеткенде, шүгүр кылгандардын сообундай соопкоээ болот. Ал эми кыйынчылык тартканда, сабыр кылгандардын сообундай соопко ээ болот. Ал бардык абалда сооп-сыйлыкка жетет жана дайым жакшылыктын үстүндө гана болот. Ошол себептен Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам:  «Муъмин адамдын абалы ушунчалык таң калаарлык! Чындыгында, анын бардык кылган иши жакшылык...», – деп айтты. 

Эгерде ар бир мусулман мунун үстүндө терең ой жүгүртсө, анда бактылуулукка жетүүдө ыймандын орду жана анын канчалык маанилүү экендигин толук түшүнүп билет.

Бизге мындан ыймандуулук адамдын коргоноор калканчы, таянаар таянычы экендиги белгилүү болду. Ал ибадат кылса да, күнөө кылса да, жакшылыкка жетсе да, жамандыкка кабылса да Алла Таалага гана кайрылат.

Муъмин адам дагы жашоосунда кандай гана көйгөйгө, оорчулукка же кыйналууга учурабасын, ыйманы аны тууралыкка багыттайт жана бардык жакшылыкка жол көрсөтөт. Муну менен ал бактылуулукка жетет. 

Эгерде ал жакшылыкка жетсе, анда текеберленбейт,  бой көтөрбөйт, өзүнө өзү суктанбайт жана ыйманга каршы келген иштерди кылбайт. Тескерисинче, анын ыйманы бул Алланын ага берген нъематы жана көрсөткөн жакшылыгы экендигине багыттайт. Ал дайым Алланын берген жакшылыгын моюнга алып, Ага шүгүр кылып жана аларды Алла жолунда гана пайдаланганын көрөсүн. Алла ага бардык жакшылыктарга жетүүгө ийгилик берет.

А эгер ал кыйынчылыкка, оорчулукка, балээге туш болсо, анда дароо ыйманына кайрылат, ыйманы гана ага жакшылыкка жеткирчү туура жолдорду көрсөтөт жана сабырдуулукка, Аллага ыраазы болууга, Ага гана кайрылып таваккул кылууга багыттайт. Ошондой эле Аллага бет алып, Ага дуа, мунажат кылууга түрткү берет.

Эгерде Алла Таала ага пайдалуу илим, туура сөз, жакшы иш, жеке курбандык же жакшылык кылуу же ушул сыяктуу иш-аракеттер аркылуу Ага гана моюн сунууга ийгилик берсе, анда анын ыйманы бул кылган иш-аракеттери Алланын гана берген жакшылыктары экендигин эскертет. 

«Эгерде силерге Алланын жакшылыгы жана мээрими болбогондо, силерден эч ким, эч качан (күнөөдөн) таза болбойт эле. Бирок Алла каалаганын (күнөөдөн) тазалайт».   Нур сүрөөсү (24:21)

«Алла силерге ыйманды жакшы көргөзүп жана аны жүрөгүңөргө көрктөдү. Жана силерге куфурлукту, бузукулукту, баш ийбестикти жаман көргөздү. Мына ушулар гана туура жолдогулар».   Хужурат сүрөөсү (49:7)

Моюн сунууга жана ибадат кылууга жол көрсөтүп, ийгилик берген Алла Таалага гана мактоолорду айтат. Эч качан менменсинүүгө жол бербейт. Менменсинүү же өзүнө өзү суктануу – адамды зыянга учуратуучу иштерден. Менменсинүүдөн сак болгун! Чындыгында, менменсинүү адамдын кылган жакшылыктарын сел алгандай жууп жок кылат. 

Менменсинүү – адамды да, анын кылган иш-аракеттерин да кыйратып жок кылуучу себептерден. Эгерде Алла Таала ага жакшылыктардын эшигин ачып, Ага моюн сунуууга жана ибадат кылууга жол ачса, анда ал: “Бул Алланын мага көргөзгөн жакшылыгы. Мага берген ийгилиги. Алладан дагы жакшылыктарды берүүсүн сураймын”,– деп айтат жана Алланын берген жакшылыктарын билип, жан-дүйнөсү кубанычка батат. 

А эгер күнөө кылса, анда ыйманына кайрылат, ыйманы аны Аллага тооба кылууга, Ага кайтууга жана Андан уялууга чакырат. Ушул себептүү ал адам Аллага кайтуунун ырахатын сезет.

Эгерде адам ушул жаатта, тактап айтканда Аллага моюн сунууда же күнөө кылган кезде Аллага кайтпаса, ал сөзсүз зыян тартат. Балким, орду толгус зыянга учурашы да мүмкүн». 

Ибну аль-Каййим, рахимахуллах, айтты: «Кээ бир аалымдар ушундай маанидеги сөздү айтышкан: «Кээде Алланын кулу күнөө иш кылып, Бейишке кириши мүмкүн. Же жакшылык иш кылып, Тозокко түшүшү мүмкүн». «Бул кандайча?»,– деп сурашты. Алар айтышты:«Ал күнөө иш кылат, бирок күнөөсү көз алдынан кетпей, Алладан коркуп, көз жашын төгүп, кылганына өкүнүп, Раббисинен уялып, Анын алдында башын шылкыйтып, Ага жүрөгү ачылат. Бул күнөө ал адам үчүн көп ибадаттардан дагы пайдалуу болду. Анткени мунун себебинен пенденин бактысы, ийгилиги болгон көптөгөн иш-аракеттер пайда болду. Мына ушул күнөөсү анын Бейишке кирүүсүнө себеп болот.

Ал эми беркиниси – жакшылыктардарды кылат, бирок Раббисине милдет кылат, текеберленип, мен кылдым деп өзүнө өзү суктанып: «Мен мындай кылдым, андай кылдым»,– деп айтат. Бул анын жүрөгүндө менменсинүүнү, текеберликти, сыймыктанууну жаратат. Ал эми бул анын кыйроосуна себеп болот. Эгерде Алла Таала бу байкушка жакшылыкты кааласа, анда аны сынайт, ал сыноо анын шагын сындырат, кекиртегин кысат, ошондо ал өзүн Алланын алдында алсыз экендигин билет. А эгер Алла муну каалабаса, анда ага көңүл бурбайт жана текеберленген, менменсинген абалда таштап койот. Мына ушул аны түбүнө түшө турган жардамсыз калтыруу».

Демек, ыймандуулук – бул кубаныч жана кайгыда, ибадат жана күнөөдө, жакшылык жана жамандыкта муъминдин коргонучу. Ошондой эле муъмин адам бардык абалда ыйманына гана кайрылат. Ал эми бул анын эки дүйнөдөгү бактылуулугу. Алла Таала айтты:

«Чындыгында, таквалар жакшылыкта гана болушат».   Инфитар сүрөөсү (82:13)

Башкача айтканда аалымдар айткандай: «Алар үч баскычта тең жакшылыкта болушат: бул дүйнөдө, кабырда жана Кыямат Күнүндө».

«Ал эми күнөөкөрлөр Тозокто гана болушат».

Башкача айтканда: «Бул дүйнөдө, кабырда жана Кыямат Күнүндө».

Алла Таалам баарыбызды Өзүнүн сүйүктүү пенделеринин катарына кошуп, эки дүйнөдө бактылуу пенделеринен кылсын! Амиинь!
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   ROZI   08 Май 2015 - 08:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

"МЕЧИТ— БЕЙИШТИН БАГЫ" Сахл ибну Саьд разияллоху анхудан риваят. Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху аллейхи ва саллам айтты.
"Караңгыда мечитке көп баргандарга Кыямат күнү толук нур берилиши жөнүндөгү сүйүнүч кабарын жайылткан"
Дүйнөдө караңгы түндө мечитке баргандын кадырын эртең Кыяматтын коркунучтуу абалы көз алдыбызда турганда жана ар бир адамды кайгы— муң курчап турган учурда билебиз.Дүйнөдөгү караңгы түндө мечитке баргандын кыйынчылыктарынын ордуна берилген сооп жана анын баркы бүгүнкү күндөн,бир нече эсе жарык нур сыяктуу болуп Кыямматта өзүбүз.менен бирге болгондо гана билинет.
Качан адамдарды коркунуч курчап алганда мындай адамдар нурдан болгон (минабарларда) өтө баалуу үйлөрдө эч бир кайгы капасыз олтурушат.
Алла Таала Кыямат күнү жарыялайт.Менин кошуналарым кайда?
Периштелер сурашат.
Сиздин кошуналарыңыз ким?
Алла Таала жооп берет.
"МЕЧИТКЕ КӨП КАТООЧУЛАР"
Бардык жерлерден Алла Таалага ЭҢ ЖАКЫН,ЖАНА ЖАКШЫ ЖЕР— МЕЧИТ"
"Эң жаман жер— Базар"
"МЕЧИТ— БЕЙИШТИН БАГЫ"
Абу Саьид разияллоху анхудан айтылган.
Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху аллейхи ва саллам.
"КИМГЕ МЕЧИТКЕ БАРУУ АДАТ БОЛГОН БОЛСО,АНЫН ЫЙМАНДУУ ЭКЕНИНЕ КҮБӨЛҮК БЕР"Андан кийин төмөнкү аятты окуду"
"МЕЧИТТЕРДИ АЛЛА ТААЛАГА ЖАНА КЫЯМАТ КҮНҮНӨ ИШЕНГЕНДЕР ГАНА ТИРИЛТЕТ"
Кыйынчылыкка карабастан даарат алуу,мечити көздөй кадам таштоо,намаздан кийин намазды күтүп олтуруу күнөөлөрдү жууйт.
Эгер элдер үч нерсеге кандай сооп берилээрин билишкенде, анда алар ошого жетиш үчүн шашылышмак.
1.АЗАН АЙТУУ.
2.ЧАК ТҮШТӨ (ЫСЫКТА) ЖАМААТ МЕНЕН НАМАЗ ОКУУ.
3.БИРИНЧИ КАТАРДА ТУРУП НАМАЗ ОКУУ.


АЛЛАХ ТААЛА ЫЙМАНДУУЛАР МЕНЕН БИРГЕ КЫЛСЫН....


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   ROZI   08 Май 2015 - 08:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

~ТОЗОКТУН ОТУ БУЛ ДУЙНОНУН ОТУНА ОКШОЙБУ?~

Жооп:
Балким жетимиш эсе кучтуудур. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллям) айтты:
"Тозоктун отун ал ак туско келгенге чейин мин жыл жагышты, дагы мин жыл кызыл туско келгенче жагышты, жана мин жыл жаккандан кийин ал кара туско бойолду. Ал карангы тундой капкара".
(ат Тирмизи).
Эгер тозоктун дарбазасы ооздун тааноосунчалык бул дуйного ачылса адамдардын мээлери кайнап ачылып калмак.

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 08 Май 2015 - 08:34

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 19 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 19, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 13 Авг 2025 23:33

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: