Салам форумчулар!
Билесинерби биз мектепте окуганда Асан Кайгыны кыргыз акыны деп, кыргызча ырларын окуган элек. А бирок казахтар да оздорунун акыны деп журушот го. Википедияда Карагандыдан чыккан деп алышыптырго.
Сиздердин оюнуздар кандай? Чын эле ошондойбу?
- (2 )
-
- 1
- 2
АСАН КАЙГЫ (Хасан Сабитуули) Кыргыз акыныбы же казахтардыкы?
#2 27 April 2015 - 20:42
Асан кайгы XIY-XY кылымдарда жашап өтүптүр. Анын замандаштары:
Жээренче чечен, Толубай сынчы, Алдар көсө, Токтогул ырчы экен. Алар менен Асан Кайгы бирге жүрүп, бирге туруп, турмуштун казанында бирге кайнаптыр. Ал жарык дүйнөгө жарк эте келгенден, өмүрү өткөнгө чейин согушту, ыр-чырды, мыкаачылыкты,
таш боорлукту, кара мүртөздүктү,
бардык терс көрүнүштөрдү сүйбөгөн, тек гана бейпилдикти,
теңдикти, барчылык менен токчулукту,
үйрүлө түшкөн боорукерчиликти издеп кейип-кепчип жүрүп, бу дүйнөдөн арманда өтүптүр, Тилекке каршы, Асан Кайгынын андай тагдырга кабылышына бирден бир «Элди былк эткис кылдым, жумсам алаканымда,
жутсам жумурумда» деп, Крымга чейин барып, татарларды басып алып, кыргыз, казакты чилче таратып, карапайым калктын канын митедей соргон, өзүмчүл, ырайымсыз Жаныбек хан себепчи болуптур. Ошондуктан,
бүтүндөй элдин тарткан азабын, көргөн кордуктарын,
башы-бапан, аягы-сапан сапырылганына өтө кейип, өзгөчө жаны ачып, калк кайгысын басса-турса да жатса да, «Элимдин келечеги, көргөн күнү, жан жаныбарлары,
макулуктары не болсо болот?» деп, кейип-кепчип,
убайым жеп, кайгы тартып жүргөндүктөн эл Асан Кайгы атаптыр. Бара, бара бул ысым бабадан атага, атадан балага, чөбөрөдөн кыбырага өтүп, ылакапка айланыптыр.
Түрк тилдүү дилдеш, диндеш, тилдеш элдердин ичинен Асан Кайгы жөнүндө көптөгөн уламалар, аңыздар кыргыз, казак, каракалпак,
ногой элдеринде айтылып, мурастары сакталып калыптыр.
#3 28 April 2015 - 11:06
banda-312
- эскертүү!
Темаларды булгап, маанисиз билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
Темаларды булгап, маанисиз билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
#4 29 April 2015 - 10:28
Ооба курт кумурса,бакаларга деле кейип журчу экен.Бирок ошо кен пейилдуулугунон,
боорукерлуулугунон ырдагандырда.
Мин жылда да жарала койчу инсан эмес,алда болсо кыргыздардын сыймыгы!!
!
#5 29 April 2015 - 22:50
Улуту ким болгон экен э?
Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
#6 29 April 2015 - 22:53
[quote name='admin_portal'
date='28 Апрель 2015 - 11:06' timestamp='1430197561'
post='2347189'
]
banda-312 - эскертүү!
Темаларды булгап, маанисиз билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
[ э
Макул
banda-312 - эскертүү!
Темаларды булгап, маанисиз билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
[ э
Макул
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
#7 29 April 2015 - 23:41
Улуту ким болгон экен э?
АСАН КАЙГЫ – КӨЧМӨНДӨРДҮН ФИЛОСОФУ
Тарых барактарында Асан Кайгынын туулуп-өскөн жана дүйнөдөн кайткан мезгили боюнча бир дагы так маалымат жок. Калк арасындагы уламыштарга караганда, ал XIV-XV кылымдарда жашаган. Ал мезгилде азыркы биз жашаган аймакты өзүнүн ырайымсыз таш боордугу менен «элди башка чапсам былк эткис кылдым, жумсам алаканымда, жутсам жумурумда» деген Жаныбек хан башкарып турган экен.
Өз жашоосунун аягына чейин Асан Кайгы дайыма пендечиликтин жаман жактарын көрүп жашагандыктан, мындай көрүнүштүн баарын жаман көрчү. Кудайдан адилеттикти, боорукердикти жана кайрымдуулукту суранып келген дешет. Толубай сынчы, Жээренче чечен, Токтогул ырчылар анын замандаштары болгон.
Каардуу хандын азабынан кыйналган элдин муңун муңдап, зарын зардап, табиятка, майда жандыктарга, дегеле бардык нерселерге кайгыра бергендиктен, аны Асан Кайгы деп коюшкан. Акыры Жаныбек ханды катуу сындап кетип калат. Асан Кайгынын Жаныбек ханды сындаганы жөнүндө уламыштар, аңыз кептер бир нече түрк тилдүү элдерде кездешет. Элдин камын ойлоп, «кой үстүндө торгой уялаган» бейпил жер издеп казак, кара калпактарды кыдырып, Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Чүйдө да жашаган. Тилекке каршы, оюндагыдай бакубат өмүр сүрө ала турган жай таба албай, кайгы-капа тартып жүрүп каза тапкан экен. Уламыштарга караганда, анын сөөгү Ысык-Көлдүн боюна коюлган.
Казак окумуштуусу Чокан Валиханов аны “көчмөн элдердин философу” деп атаган.
#10 04 May 2015 - 00:22
Жогоруда 14-15кылымдарда жашаган дептир да, Токтогулдун замандашы болгон делиниптир.
А бирок Токтогул 19кылымдын аягы 20кылымдын башында жашап отконго?
Бурмаланган маалыматты илбей эле койгон он.
Бурмаланган маалыматты илбей эле койгон он.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#11 04 May 2015 - 15:13
[quote name='vankuver.'
date='04 Май 2015 - 00:22' timestamp='1430677377'
post='2355390'
]<br />Жогоруда 14-15кылымдарда жашаган дептир да, Токтогулдун замандашы болгон делиниптир.
А бирок Токтогул 19кылымдын аягы 20кылымдын башында жашап отконго?<br />Бурмаланган маалыматты илбей эле койгон он. Токтогул акын менен актандай, демократ акын Токтогул Сатылган уулун алмаштырбаныз.
Тарыхый маалыматтарга ылайык, Токтогул(атасынын аты белгисиз)акын улуу философ Асан кайгынын замандашы болуп ошол убактагы адилеттиксизге,
коомду бoлуп-жарган уруучулдук бoлуунучулуккo,
тенсиздикке каршы ырдап жашап oткoну белгилуу. Ал эми Токтогул Сатылган уулун кимдер гана билбейт.>
#12 05 May 2015 - 21:20
Воини Токтогул Сатылган уулу бироо эле. Ошол ырчы демократ болгон. Байларды мазактап ырдаган. Кайсыл эки Токтогулду айтасыз? Сиз билбейт окшойсуз.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#13 05 May 2015 - 21:22
Ошол Сатылган уулунан болок Токтогул деген акынды эч укбаптырмын.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#14 06 May 2015 - 07:59
Воини Токтогул Сатылган уулу бироо эле. Ошол ырчы демократ болгон. Байларды мазактап ырдаган. Кайсыл эки Токтогулду айтасыз? Сиз билбейт окшойсуз.
Тема Асан кайгы жoнундo болуп жатса, Токтогул ырчылар аралашып... Тарыхый маалымат булактарында ошол Асан кайгы жашаган доордо(14-16-кылымдарда)Токтогул деген ырчынын жашап oткoну айтылганынан улам жазгам. Тарыхый китептерди аябай кызыгып окуйм, бала кезден бери, кээ бирлери эсимден чыгып кетиптир... Токтогул акын-ырчылар демекчи, атайын тема ачыш керек окшойт, Токтогул деген ырчы Асан кайгынын доорунда жашаганбы же жокпу, кандай адам болгон, ж. б. Ал эми улуу демократ акын Токтогул Сатылган уулу жoнундo айта турган сoз алдыда...
#16 06 May 2015 - 10:17
Жылып басар буту жок жылан байкуш кантти экен деп жыланга да кейиген экен
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#17 06 May 2015 - 21:49
Воини ошол Токтогул тууралуу маалымат илинизчи. Менда издеп коромго. Сатылгановдон башка Токтогул тууралуу.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#18 06 May 2015 - 22:26
Воини ошол Токтогул тууралуу маалымат илинизчи. Менда издеп коромго. Сатылгановдон башка Токтогул тууралуу.
ванкувер сен издейм деген Токтогулдун атасы белгисиз деп жатса, кайдан издейм деп убара болосуң, атасы Сатылган деп кой жетиштүү болот. а Асан кайгы тууралуу башка кеп.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#19 01 June 2015 - 02:36
Дагы маалыматтар болсо жазсанар?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#20 05 June 2015 - 16:36
Воини ошол Токтогул тууралуу маалымат илинизчи. Менда издеп коромго. Сатылгановдон башка Токтогул тууралуу.
Токтогул Ырчы - эл оозунда аты санжырага айланып, укумдан-тукумга уламаланып айтылып келаткан ырчынын жашаган доорун уламыштарга негиздесек, кадимки Аксак Темирдин дооруна, тактап айтканда, 14-15-кылымдарга туура келет. Ал Кетбука, Асанкайгы, Толубай сынчылар менен замандаш болгон.
Эл оозунда айтылып жүргөн “Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол” - деген макал дал ушул Токтогулга тиешелүү. Айтымдарда Токтогул ырчы кээде Толубай сынчынын баласы делсе, кээде бир тууганы деп айтылып жүрөт. Кандай болгон күндө да, Ырамандын Ырчы уулунан бир топ заман өтүп, баш көргөндү көз көрбөй ызы-чуу түшкөн күндөрдү башынан кечирген кыргыз, башканы эмес, “Манасын” унута баштаган кезде, дал ушул Токтогул анын баш-аягын жыйнап, бүгүнкүдөй бир бүтүн Улуу эпос катары айтып чыккан деген кеп бар. Ал тууралуу Тоголок Молдо:
“Ырамандын соңунан,
Иши келип оңунан.
Элден таап нускасын,
Арбытып айтып кыскасын.
Токтогул ырчы ырдаган,
Толубай сынчы сындаган.
Токтогул ырдап турганда,
Калктын баары тыңдаган.
Көрүп туруп көз менен,
Жомок кылып сөз менен.
Ырамандын Ырчы уул –
Жомокчунун башчысы.
Баарын тизген Токтогул –
Бул жомоктун ачкычы” – деп эскерет.
Токтогул ырчы кыргызга ислам дини кучак жая баштаган мезгилде болуп, “Эшегин эптеп токуйбуз, намазын кантип окуйбуз?” – деп, ага караманча каршы чыккандардын биринен болгон экен. “Кудаярдын тушунда куурап калдык, кууругуч баштуу кожону туурап калдык” - деген саптары хан Кудаярдын каарын келтирип, ал Токтогулду туткундайт да, Аксак Темирге жөнөтөт. Аксак Темир ырчыны дарга астырат.
Токтогулдун ырчылыгы, манасчылыгы тууралуу эл оозунда маалымат сакталбаган. Болгону ал “Манас” айтканда, базардагы аларманы да, сатарманы да баарын унутуп, ошону гана угуп калчу экен деген сөздөр бар. Ошондой эле эл оозунда Токтогул каза болгондо карындашынын кошкон кошогу айтылып калган. Кийинчерээк Токтогулдун өмүрү тууралуу басылмаларда жаңы маалыматтар пайда болду. Бирок ал али тарыхый жактан тактала элек.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео



















