F.C.Batken. (02 Май 2015 - 23:27) жазган:
Ла Лиганын 35-турунда Кордобо командасы өз үйүндө,Каталондук Барселона клубун кабыл алып 0:8 эсебинде утулууга дуушар болду.Оюндун алгачкы бөлүгүнүн 40-мүнөтүнө чейин Барселона өз күйөрмандарын бир топ эле санаага салды.Кордобонун оюнчулары да коргонууда жакшы ойноп жатышты.Деген менен Кордобону алдыда ири эсепте жеңилүү ызасы күтүп турган эле.Голдор да көп күттүрбөй бирин артынан бири кирип жатты.Алгач 42-мүнөттө Барселонанын Хорватиялык жарым коргоочусу Иван Ракитич эсепти ачса,45-мүнөттө Барселонанын Уругвайлык чабуулчусу эсеп катыштыгын дагы бирге көбөйттү.Ошентип биринчи тайм да өз маарасына жетип оюнчулар 15-мүнөттүк тыныгууга кетти.
Оюндун 2-бөлүгү.46-мүнөттө Дани Алвестин башка чыгарып берүүсүн,Лионель Месси жаза баспай,башы менен так таамай дарбаза торго кадап койду.Оюндун 53-мүнөтүндө Луис Суарес башы менен гол киргизип өз эсебине дагы бир гол жазууга жетишти.Оюндун 65-мүнөтүндө Херард Пике да башы менен гол сайды.Оюндун 80-мүнөтүндө Педро Родригестин Суареске чыгарып берген керемет пасын Месси пайдаланып кетти.Албетте бул эпизодто Неймар Мессиге жол берип зор эрдик кылды.Мени ойлондурганы Неймар да голсуз кетпесе экен деп санаа тартып жаттым эле.Оюндун 85-мүнөтүндө Неймар пеналти иштеди,аны Месси өзү теппей Неймарга берип,Месси үчүн эң башкысы гол эмес,өнөктөшүнүн көңүлү бийик турарын тастыктап,пеналти тебүү укугун Неймарга берди.Ошентип бир канча шанстарын голго айландырбай, эркелеп келе жаткан Неймар бул ирет жаза баспай өз мүмкүнчүлүгүн ийгиликтүү пайдаланды. Оюн муну менен бүткөн жок эле.Оюндун 88-мүнөтүндө Луис Суарес дагы бир гол сайып,оюнга чекит койду да,Барселона үчүн алгачкы хет-тригин жасады.Азаматсың Луис!Ушунуңдан жазба!Барса үчүн дагы көптөгөн хет-триктерди жасай бер!
Маалымат учун рахмат Баткен сонун жазыпсын маанилуу да тушунуктуу тим эле фудбол коргондой эле болдум дагы ушундай маалыматтарды кутобуз Суареске ийгилик мен учун №1