Арбаңыздар!
Мен көкүрөгүмдү көшөп жүргөн чоң сыр менен бөлүшкүм келди.Бул дүйнөдө эң ыйык эки нерсе бар экен.Бири төрөлүү болсо,экинчиси өлүү.Бирок ушул эки ыйык заттын ортосундагы убакыт өмүр болот тура.Ошол өмүрдө өкүнбөй өтүш керек экен.Бул дүйнө менен оозанткан эң ыйык адам бул-апа!"
Апа"сөзүн миң ирээт кайталап айта берүүдөн эч тажабасмын.
Апаке бир бүктөм катымды бүгүн сиз үчүн ылгаштадым.
Айтаарым катта апаке!
Асылым,ардагым апаке!Жаралып бул дүйнөгө көз ачкан соң ыйласам ыйлап,муңдасам муңайып,кубансам кубатташым болуп келдиңиз.Күнүн-
күн дебей,түнүн-
түн дебей мени мээримге толгон апакай колудоруңуз менен бөпөлөп ушул эрезеге жеткирдиңиз.
Артка бир кылчайып карап өтөйүнчү..Апа кулунтайыңыз ойнок кез,оттуу курагында сизди өрөй мүнөзү,одоно кеби менен абдан оор үшкүртүптүр.
"Балам"
-деп кайрылганыңызда далай ирээт кекирейип басып кеткен экенмин мен анда.Ошол кылгандарыма бүгүн өкүнүп олтурам.Апаке,
сиздин картайышыңызга,
бетиңизге бырыш түшүшүнө,чачыңыздын куу тартып агарышына себепчи болсом мени кечириңиз!
Кечириңиз кулунтайыңызды апоооу!Апа сиздин ак сүтүңүздү актай албасымды эбак туйгам.Бирок,
ак мээнет,ак үмүтүңүздү сөзсүз актайм!
- (2 )
-
- 1
- 2
Апакеңерди капа кылбагыла! Бул сыр жүрөктүн түпкүрүндө көөдөнүмдү эзип жүргөн чөң сыр.
#1 06 May 2015 - 21:33
Адамда баары келишимдүү болушу керек:жүзү дагы,кийген кийими дагы,сөзү дагы,ою дагы.
#2 06 May 2015 - 21:56
Жакшы жазылган, баракелде автор! Эгер улантчу созунуз болсо, тема оз максатына жетчудой.
Бир болсо монолокко же "мен дуйнону апам менен тааныгам" темасына жазсаныз жакшы болмок экен.
Бир болсо монолокко же "мен дуйнону апам менен тааныгам" темасына жазсаныз жакшы болмок экен.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#3 06 May 2015 - 22:19
kychkyltek , теманы толуктап жазууну сунуштайм. Болбосо керектүү темага жылдырууга туура келет.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#4 07 May 2015 - 00:10
Монологко жазып койсо болчуудай экен.
Апалар аман болсун!
Апалар аман болсун!
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#7 07 May 2015 - 13:20
Кандай сонун жазылган,бир кездерде да менда апакемди откоол куракта капа кылып жургон убактарым болду ошол убакты артка кайрып берсе апакеме соз айтмак тугул козуно тике карабайт элемго,ээээххх кандай гана акылсызмын азыр апакемдин таманын опсом дагы аздык болот.Алтыным апакем жашоомдун бир манызы журогумдун согушуна ушул жалган дуйнону коз ачып корушумо,суунун шар акканын жамгыр жааса тамчынын тыпырап жерге тушкон ундун угушума, Адам атка конуп топтой тоголок жерде жыгылсам жолок болуп басып журушумо,чын журоктон кулушумо,9 ай которуп,9 кун толготуп омуртка соогу сыздап олум менен омурдун ортосунда алышып алып келген менин суйуктуу Апакем.Биздин мандайыбызда атакем экоонор аман болгула!Силерди сагынып кучагынарга мурдагыдай эркелеп эч кимде жок жытынарды искегенге зар болуп алыста жургон эрке кызынар
#8 07 May 2015 - 19:06
Тема жылдырылды.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#9 07 May 2015 - 20:23
Апа бир жаралып бул омурдун жыргалына батып,суусунда агып,кемесинде сузсом,тай-тайлап бассам,алдейлеп баккан колдорунузду сагындым Апаке.Сиз менин айым,айым эмес кунум,кунум эмес барым+байлыгым+дунуйомсуз менин.
Алтыным,жаным менин жаркын апам.
Дуйнону мин кыдырсам таппас апам.
Жаралып жашоого мин ирет келсем,мин жолу менин энем сиз болуунузду каалар элем.Тендеши жок асылым.Канчалаган кыйынчылыктарга карабай бизди тороп,чонойтуп, мына ушундай даражага жеткиргениниз учун канча жолу ырахмат айтып таманындан опсом да кем.Жаркыным Аллахым атам экоонуздордун ден-соолук,омурунуздорду берсин.Биздин жакшылыктарыбыздын кубосу+торубуздун корку болуп мандайыбызда жаркылдап жанаша журо бериниздер. Сиздерди аябай сагынып,сагыгып, сагынып жургон эрке кызынар.

#10 26 May 2015 - 23:30
Апа, апоов, апакем деги жагымдуу сөз. Алтыным апам, жаным апам, ардагым апам, жалгызым апам,айланайын апам, байлыгым апам, айым апам, сыймыгым апам, асылым апам, барлыгым апам, дүйнөдө теңдеши жок апам!Бала кезимде бир жакка бара жатсаңыз эрчип алчу адаттым бар эле. Ар дайым эрчитип алчу сиз, бир күнү эрчитпедиңиз.
Эрчип ыйлаганыма карабай, "ыйлап-ыйлап,
эрчип акыры калат да алаксып" дегенсип артка карабай шашкан боюнча жөнөдүңүз. Артыңыздан эрчип, ыйлап чуркадым. Чуркап бара жатып жүзүм багына тартылып турган арканга чалынып жыгылып түштүм. Катуу түштүм апа, бутумдун тизеси ошондо катуу жаракат алган. Асфалтта жыгылганыма тизем сыйрылып аябай канаган. Чыңырып ыйласам эрчип ыйлап жатат деген ойдо, артыңызга карабай ого бетер шашып кетип калдыңыз. Артымдан тайенем келип тургузуп, тиземди жууп, бинт тагып отургузуп койду. Ыйлап-ыйлап акыры узакта сородум. Анда да "апаң азыр келет" деп тайенем араң сороткон. Ошондон кийин тиземде жыгылгандагы жаракат тыртык болуп из калып айыкты. Ошол из дагы эле жүрөт. Ошондо ыйлатып артыңызга карабай шашып кеткендей ал дүйнөгө да ыйлатып, артыңызга бир кайрылбай,шашкан боюнча кетиңиз го. Бул жолкусунда бутумдун тизесинде эмес, жүрөгүмдү сыздатып, жүрөгүмдө өчпөс из калтырып кетиңиз го апакем ай.
Ар дайым апалар жөнүндө тема ачылса, же апалар жөнүндө сөз уксам мээримдүү асыл апам сиз эске түшөсүз го, жүрөгүмдү сыздатып. Эстебей эле коюн дейм, бирок сиздей аруу таза, периште апам сизди эстебей коё алар белем. Сиздей жанды эстебей кою мүмкүн эмес да апа. Сизди эстөө менен сиз менен болгон бактылуу күндөрдү эстеп алам. Эстегенде буулугуп бир ыйлап да алмай жайым бар, анткени сизди аябай сагынганмын да. Бирок ал сагыныч эч тарабайт, анткени сизди эч такыр көрбөйм да. Ошентсе да айла жок тагдыр да бул, тагдыр да бул деп жүрүп өзүмдү араң көндүрдүм. Сагынычым тарабаса да сагындым деп ушуга окшош темаларга жазып жүрө берем. Анткени сагынычымды мындан башка жерге жаза албайм жана аны сизге айта албаймын. Билем сиз укпайсы, жазганымды да көрбөйс. Баары бир айталбаган соң жазуум керек. Сизди аябай катуу сагынып жүргөн кичинкей эрке кызыңыз.

"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
#11 27 May 2015 - 00:05
Айылыма жетип, апамды кучактап жытынан искеп кокурогумдогу кусалык, сагынычты чыгаргым келет. Ал кун да алыс эмес. Сизге азыр эле учуп жетким келип турат. Сиз да мени ойлоп жаткандырсыз апоо.
Апаке апооу мен тентекти кечире корун. Билем сизди кооп убара тарткыздым, санаага батырдым. Эркетайын эми апа болуп билип сезип отурат. Сиз мага жарык жашоо тартуулап, ыйласам сооротуп, ушусом ысытып, тай тайлап колдон жетелеп мээриминизди тогуп, тун уйкунузду болуп мени эрезеге жеткирдиниз. Сиз учун асмандагы айды, кунду алып берсем да аздык кылат. Менин бар байлыгым, карангыда чырагым, суусаганда булагым, жалгыз болсом ынагым, асылым жаркыным Апакем. Аман болун жаным апам. Мен жакында барам.

#12 27 May 2015 - 00:29
Апаларыбыз, энелерибиз аман болушсун.
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
#13 28 May 2015 - 11:44
Апаке, алтын апам дуйнодо тендеши жок жан белен? Кызын учун оз омуруну да аябагансын.
Мен учун оз омурунузду бердиниз мен аны кантип актайт экем. Сизди коргум келет, бирок коро албайм. Бир гана жалгыз суроттунузго телмиреп гана тиктейм. Ал суроттунуз менен сырдашам. Ал менин кичинекей кезимдеги адаттым. Сизди корбосом дагы мээримдуу, боорукер, жароокер алтын апам деп ар дайым эстейм. Апаке сиз ар дайым менин журогумдо жашап келгенсиз, жашап жатасыз, бир омур жашай бересиз. Сизди аябай жакшы кором алтын апакем.
#14 28 May 2015 - 14:59
Апакемди аябай сагындым!
Апаларыбыз аман болсун биздин бактыбызга!
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#15 01 June 2015 - 11:39
Ээх,жаштык кезде эмнелер гана болбойт.Апамдын мээримин кызганып,мени жакшы корбойсуз,синдиме гана мээрим тогосуз деп аябай ыйлачуумун,
коп жерде таарынчуумун.
Анан бир кун себептерден улам капалуу отурсам апамдын козундо жаш, атам буулугуп ыйлап атыптыр.Апам чарк айланып айланамда чуркап журот.Кызым менин деп кайра-кайра кокулумон жыттап коет.Ошондогу апамдын мээрими ай!Аска-зоо атамдын ат которбос эрки, жумшак мунозу ай! Корсо мен жанылып жургон экенмин да деп каттуу окунгонмун.
Бир жагы ичимден кудундап суйунуп алгам демек жакшы корот экен да жакшы корот экен да деп сан мин жолу кайталадым ичимден.Ошол кунум дале жадымда.Апа,
жаным апоов мен сизге убада берем буюрса менин атым угулган жерде сиз рахмат гана уга ала турган болом.
#17 27 January 2016 - 13:05
Апакем менин дйнодо тендешсиз апакем сизсиз жашоону ойлосом кээде коркуп кетем сизди ушунчалык жакшы кором мен тушундум эне болуу кандай экенин .Откондо кызым ооруп калып ыйлап журдум кызымды ойлооп а сиз мени ойлооп кантти экен байкушум деп санаа чегип эрте менен тамак кылып уйумо кирип келгенизде озуму аран кармап турдум апаке апаке деп кучактап ыйлап жибергим келди анте албадым мен ыйласам сиздин журогунуз ооруйттаа аны билем
#19 28 January 2016 - 11:19
Тарынчаак жаным, кичинемде мага жакбаган соз болсо эле таарынып тамак жебей сизди кыйнаган кундорум эсиме тушуп кетти.Апакем менин чыдамкай сабырдуу апакем, ичбей кийинбей балдарым ичсин жесин деп журуп картайып баратас апакем.Алыста журсомда ой санаам сизде бешенемде бар болсун деп тилегеним тилеген.Сагындым озунузду жаным апакем ай.
#20 29 January 2016 - 09:10
Мен эс тарткандан баштап кайраттуу, кучтуу апакемди мынтип тез эле ооруп калаарын сезбепмин. Ооруп жатсада жакшымын, бираз лечение алайын деп эле жаттым деп биздин конулубузду жайгарат. Апакемди менда коп таарынтканмын.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео