Кайсы бир заманда сакалын бубак баскан абышка өзүнүн небересине турмуштун чындыгын түшүндүрүп берип атат дейт:
-Ар бир адамдын ички дүйнөсүндө эки карышкыр кармашкандай катуу күрөш журөт. Биринчи карышкыр жалан гана жамандыктарды:
көрө албастыкты,
ичи тардыкты, калпычылыкты,
өзүмчүлдүктү коргойт. Экинчиси болсо жакшылыкты:
тынчтыкты, сүйүүнү, умүттү, чындыкты, мээримдуулукту талап кылат.
Небереси чон атасынын сөздөрүнө муюп, көпкө ойлонуп туруп сурап калат:
- А кайсы карышкыр бул күрөштүн аягында жеңип чыгат?
Абышка кулумсурөп:
-Кайсы карышкырды сен көбүрөөк баксаң-ошонусу...
Кыргызча уламыштар жана тарбиялык мааниси бар окуялар
#42 04 May 2015 - 00:58
УККАНДЫ БИЛБЕСЕҢ...
Илгери өткөн заманда бир падыша кошуна хандыктагы экинчи падышага чабарман жибериптир. Чабарман чапкылап жүрүп отуруп, ашуу ашып, суу кечип, арып-чарчап, барчу жерине кечигип жүрүп, арандан зорго жетет. Бышылдап-күшүлдөп, терлеп-тепчип жатып кошуна падышага минтип сөз баштаптыр:
-Менин Улуу урматтуум кожоюнума сиз... кара куйруктуу көк аргымак беришиңиз керек экен. Эгер андай аргымакты бербесеңиз сиз....
-Уккум да келбейт !-деп бөлүп ийиптир падыша анын сөзүн. -Падышаңа айтып бар, менин андай аргымагым жок, болгон күндө дагы...аны...
Коркуп кеткен чабарман сөздү аягына чейин укпай эле чуркап эшикке чыгып, артын көздөй чапкылаптыр да, аркы падыша орой жооп бергенин айтыптыр. Анда беркиси ачууланып, элин түп көтөрүп кошунасына согуш жарыялайт. Эки ортодо кан төгүлүп, эчен алачыктар, эгиндер өрттөнүп, канча жерлер бош калат. Кыскасы, бул согуш эки падышалыкка тең кымбатка түшөт. Кырылышып отуруп, качан гана казынасы бошоп, калкы да аз калганда экинчи падыша биринчисинен сурайт экен:
Сен "кара куйруктуу көк аргымак таап бере аласыңбы. Эгер андай аргымакты бере албасаң...." деген сөзүң менен эмне айттың эле?
-Эгер андай аргымакты бере албасаң, башкасын берсең да болот -дегем. А сенин "Андай аргымак болгон күндө дагы ... аны" дегениң эмне эле? –десе, экинчи падыша таң калып:
-Аны кошунамдан аямак эмесмин -дейин дегем...
P.S.Сөздү кунт коюп жана сабырдуулук менен аягына чейин уга билбесең, жөн эле кадыресе сөздөр да түшүнбөстүктү пайда кылып, жаңжал тутантат жана ачуу кесепеттерге алып келиши мүмкун....

#48 19 May 2015 - 15:47
Мен жазганды көчүрүп жазыптыр автор мен буну mp3 ден жазгам коркунучтуу окуялар деген группага одноклассникте тарап кетиптирго))
#49 22 May 2015 - 15:18
Тиги дүйнөдөгү тергөө
Кудайдын куттуу бейшемби күнүндө «орду толбос оор жоготуу» болду. «Молдо Мухтар кайтыш болду» деген кабарды жаандын айнегиндей бачым таратып жүргөн чабармандын үнүн уккан пенделер: «Аа, рахматы, барар жери бейиш экен да, кудайдын улук күнүндө өтүптүр» дешип, бата кылышты.Молдо Мухтардын бу жарык дүйнөдө калтырган жападан жалгыз туягы — майлуу жерди келемиштей кемирип, кампачы болуп иштеген уулу Аслидин-максум атасынын өлүмтүгүнө жыйнаган «ырыскы байлыгын» тим эле төгүп таштады. Темир сандыктарга, жавандарга батпагандан тиги чатырга чыгарып жыйылган чапандар менен чепкендерди (булар аш-тойлордон өлүм болгон жерден жана «шыпаакерликтен» түшкөн белектерден) элге таратышты. Өлөт алгыр чычкандардын айынан илме-тешик болуп пахтасы чубалган жараксыз чапандарды чоң-чоң канар каптарга буума кылып салып, көздөн далдараак жерге жыйып коюшту. Аслидин-максум атасынын сөөгүн көрүстөнгө көтөрүп барганга чейинки кыска аралыкта табыттын үстүнө он эки ирет кымбат баалуу кездеме жапты, азамат, алардын баарын табыттын жака белинен алыстай албай айланчыктаган шакирт молдолор кезек менен (мындай маалда мунаса кылыш керек да…) сыйрып алышып, коюндарына катыш-ты. Сөөк жерге тапшырылгандан кийин мурдагы өлүмдөрдө колунда жоктор бар болгону беш эле сомдон беришкен болсо, бул жолу айрымдарына он сомдон, кээ бирөөлөргө жыйырма сомдон тажыя таратылды. Айтор, молдо Мухтардын өлүмү мына ушундайча тойго жана «марттыкка» айландырылды. Бирок, молдо Мухтардын айрым мусулмандар үчүн бар дүйнө катары саналган тиги дүйнөдөгү «тагдыры» эмне болорун эч ким ойлогон жок, анткени, пенделердин көпчүлүгү анын бейшембиде түз эле бейишке барарына ишеничтери чоң болучу…
Молдо Мухтар жарык дүйнөдө тирүү жүргөн кезинде тиги дүйнө тууралуу мусулман китептеринен көп окуп, окутуучусунан уккан-билген болсо, эми «өз көзү менен көрүп», «Ирам багындагыдай»4 гүлдөрү жайнаган, булбулу сайраган ажайып жерде чөк тизелеп, сурак күтүп олтурду. Гүлзарлуу бактын төр жагындагы калдайган эки чоң дарбазага көзү түштү. Дарбазалардын алдындагы колдоруна жаа, кылыч, ай балта кар-маган калкандуу желдеттердин бири:—Ассалому алейкум, кудайдын пендеси, жарык дүйнөдөн кандай кабар алып келдиң? — деп сурады молдо Мухтардан.—Ээ, адамдар улам барган сайын кудайды унутуп баратышат, — деп жооп берди ал калтырап-титиреп. —А сенчи, сен унуткан жоксуңбу деги? — Желдеттердин экинчиси сырдуу тиктеп, собол таштады.— Жок!.. Астапрылла деңиз кокуй!— Жарык дүйнөдөн келгендердин дээрлик бардыгы эле ушундай дей берет тозоктон коркуп. Мейли, сенин ким экениңди тиги Мункар менен Накир5 айтып беришпесе, башка эч ким…Мына ушул учурда оң жактагы дарбаза ачылып, ичкериден калың-калың китеп колтуктаган Мункар менен Накир чыга калышты. Алар түз эле молдо Мухтардын тушундагы бийик супанын үстүнө катар олтурушту да, адаттагыдай эле суракты башташты:—Коош, сен кимдин пендесисиң? — деп биринчи суроону Мункар узатты.—Кудай тааланын… — Калтырап-титиреп жатып араң жооп кайтарды молдо Мухтар. Күнөөң барбы?— Кымынчалык да күнөө кылган жокмун, динден чыгып бараткандарды динге салууга өмүр бою үлүш коштум, беш убак намазымды каза кылбадым, дааратсыз жүрбөдүм, бирөөнүн акын жебедим, бирөөнү чеки акаарат кылбадым…— Ии, эмне, кылмыштарыңдын бири да эсиңде жокпу, азыр?урматтуу малейкелерим, мен айдын бетиндей таптазамын, ишенгиле, таптазамын, көзүм гана күнөөкөр болбосо6… Тазалыгымдан улам кудайдын улук күнүндө-каза таптым…—Андай болсо, биз да, сен да кудайды алдабастан, мына бул китептердеги таржымалынды окуп көрөлүчү, кана, эмнелер жазылыптыр. — Накир алдындагы калың китептин алгачкы барагын оодарып окуй баштады: — Коош, молдо Мухтар ибн Суннатулла, мусулман, өз кезегинде бешене тер менен оокат кылуудан качкан, текин ырыскыга келемиштей көнүп алган, молдо болуудан мурда араккор эле, элге, журтка шерменде болгон соң, акырында чала молдолукка өткөн, эптеп карын тойгузуунун артында чала молдо дин бузарлардын жолун жолдогон, өзүнүн кыштагында жашаган мусулмандарды улутка бөлүп, эки араан кылуу үчүн өлүк болгон күндөрдүн биринде тажиядан чырчатак чыгарган, кудайдын бир момун пендеси каза болгондо өзүнүн мартабасын динге жамынып жогорулатуу максатында: «бул адам куранды тилдегени үчүн жаш өлдү» деп жалган ушак тараткан, орозо битирди жыл сайын карыптарга эмес, өзүнүн алкымына кептеп, напсисин тыялбаган, «жин урган» жаш келинди замдап окуп жатып, кыздын акак таштай апакай көкүрөгүнө «күф» салып, жаш нерсенин намысына сугун арткан, эл-жеринен качып кетип, алыскы кыштактардын биринде чала молдолук кылып жүрүп, дагы бир кара далы кызга үйлөнгөн, аны да бир перзенти менен таштап кетип, баласына өмүр бою сары чака да берген жок, мурда шишедеги бадыраң, помидорду башка пенделер жешсе макүрү деп жүрүп, эми ал өзү ошолорсуз палоо жей албай калган, кыямына жеткирип, кыраат менен дуба окуй албаса да, ооруп-сыркагандардан жогорку «ставкада» акы талап кылган, колуна түйүн кармап келбегендерге акырая карап,«Жамандын жарты өнөрү ашыкча» дегендей, чала молдолугун да ыраа көргөн эмес, жүзгө жакын адамдардын турмушун «ысытма-суутма» жолу менен бузган, көптөгөн кишилерди ичи ирик адамдардын тапшырмалары боюнча молдолук жолдо «буту-колдорун байлап таштаган»…—Жетишет! Китепти жап! — деп кыйкырып жиберди Мункар. — Ии, эми эмне дейсиң, молдо Мухтар ибн Суннатулла? Жарык дүйнөдө жүргөнүңдө: «Оо, адамдар, күнөө кылсак бизди эч ким көрбөйт, билбейт деп ойлобогула, кудайым асмандан баарыбызды карап турат» деп насыят айтканың ырас, бирок ошол эле учурда… өзүң…—Коош. буга кандай өкүм чыгарылат? — сурады Накир.—Кудайдын молдо Мухтар ибн Суннатуллага чыгарган өкүмү мындай, — деп китептин эң акыркы бетин ачты Мункар: — «Бейиштин босогосуна да жакын жолотпостон, түз эле тозокко айдалсын…»

Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#50 22 May 2015 - 19:33
..... Жогорку Күмүштак айлындагы молдо Мухтар кайтыш болуп, ошонун майып узатуу, топурак салуу тажияларына катышып жолдо сексенге таяп калган Момун чал менен бойго жетип турган жаш жигит келе жатты, жигит сөз улай Момун чалга суроо узатат:
Аксакал, ушул кайтыш болгон молдо Мухтар тууралуу элден күбүр, шыбыр кеп уктум, молдоке тирүүндө чала молдо дин бузаар, ар кимге дем салып дүйнө жыйнап, сойкулук кылган жагдайы да бар дейт, шыр эле тозокко кетти деп жатышат, сиз эмне дейсиз буга дегенде. Карыя көпкө үн катпай, бир оокумда;
Ээ балам, молдо Мухтардын сойкулугун көргөн бекен, кантип дем салганын, чала молдолугун көргөн бекен, ошол айткан адам, эгер көргөн болсо тирүүндө бетине коркпой айтса болмок экен, балким молдодон жооп алмак, эми ал молдо Мухтар өлдү, а өлгөндүн артынан жамандоо, өлгөндүн үстүнө көмгөнүң, ошол ушак болот, а ушак өлгөндүн этин жегениң болот, мусулманга жат көрүнүш болот! Ээ балам ал азыр өз сурагын берип жатат, аны жайына кой, Сен дагы, мен дагы ошол өлүм сааты бизге кандай, качан келет, биз ошол молдо Мухтар Сүннөтаалы уулунун кейпин кийебиз, сурак беребиз, ал сурак бизге кандай болот Кудайдын Мээримине гана муктаж болобуз, а тозок менен бейишке ким кирет аны Уулум сен экөөбүз билбейбиз деп, үн катпай жолун улаган экен.

Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#51 12 June 2015 - 18:53
Жашоонун беш сыры
Чоң энесинин кат жазып жатканын көргөн небереси: "Чоң эне, мен жөнүндө жазып жатасызбы?” деп тынчын алды. Чоң эне небересине жылмайып, “Ооба, тентегим. Сен жөнүндө жазып жатам. Бирок менин жазганым эмес, эмне менен жазып жатканым маанилүү. Качан сен чоңойуп, эр жеткенде ушул калемдей болушуңду каалаймын” деп, башын сылады.
Небереси калемди ары-бери тегеретип карап, өзчөлөнгөн эч нерсени байкабайт.
-Башка калемдерге окшош эле экен го!
-Буюмду кандай карап жатканыңа байланыштуу. Сенин татыктуу жашап өтүүңө шарт түзүп бере турган беш сапатка бул калем ээ.
Биринчиден: Сен акылдуу болушуң мүмкүн, бирок эч качан Багыттоочу Колдордун бар экенин унутпашың керек. Биз ал колдорду Жогорку күч деп атайбыз. Ал күчкө ишен жана аны сезе бил!
Экинчиден: Жазыш үчүн калемди учтоого туура келет. Калем үчүн бул бир топ ооруну жаратат, бирок учталгандан кийин калем ичке жана сулуу жаза баштайт. Ошондуктан, ооруга чыдай бил жана ал сага жагымдуулук тартуулаарын эстен чыгарба!
Үчүнчүдөн: калем менен туура эмес жазып алгандарды өчүргүч менен тазалап, оңдоого болот. Өзүңдү оңдоо-дайым эле жаман боло бербейт. Көпчүлүк убакта бул туура жолдо жүрүүнүн жалгыз ыкмасы болуп калат.
Төртүнчүдөн: Калем дегенде анын жыгачтан жасалганын же формасын эмес, ичиндеги графитти түшүнүү керек. Ошондуктан, ар дайым сенин ички дүйнөңдө эмнелер болуп жаткандыгын ойло!
Бешинчиден: Калем менен жазгандан кийин ар дайым из калат. Ошол сыңары сен да өзүңдүн жасаган иш-аракеттериң менен артыңа из калтырасың! Ошондуктан, ар бир кадамыңды ойлонуп жаса!
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#52 12 June 2015 - 18:55
Эмне үчүн кайгырбоо керек?
Кайгылуу адам : Мен сизге аябай капалуу абалда келип олтурам кантип мындай кайгыдан чыга аламын?
Даанышман :Мен сенден эки суроо сурайын жооп бер!!
Кайгылуу адам : Сураныз, жооп берейин...
Даанышман айтты : Сен бул дүйнөгө келгенде жанагы айткан кайгы-капаларың бирге келди беле?
Кайгылуу адам : Жок
Даанышман : Сен бул дүйнөдөн өткөндө ошол кайгы-капаларыңды алып кетесинби?
Кайгылуу адам : Жок
Даанышман айтты : Сени менен бирге келбесе же чогуу кетпесе. Андай нерсе сенин жашооңду кайгыга салууга татыктуу эмес. Бул жашоо бейиш эмес. Ошондуктан жашоонун иштерине сабырдуу болгун. Асмандай бийик узун карап ойлогун, жети күндүк жашоону ойлоп капа болбогун!
Сенин ырыскың бөлүнгөн,тагдырын чечилген.
Жашоонун түйшүктөрү кайгы тартып артка кетүүгө татыбайт.
Себеби бул жашоодогу жакшылык жамандыктын бардыгы Аллах Тааланын колунда. Аллах Таала менен мамилеңди оңдосоң бардыгы оңолот.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#53 12 June 2015 - 19:00
Күйөөнүн дуасы
Рамазан айы. Ооз ачар убакыт болуп күйөөсү менен аялы дасторкондун айланасына олтурушту. Күйөөсү алакан жайып дуба кылып, акырында жакын досу үчүн да дуба кыла баштады:
- Оо, Жараткан Кудай, досума ыймандуу, сулуу, таза, жакшы үй-бүлөөдөн тарбия алган жубай бергин... Күйөөсү дагы улантмакчы болду эле кокустан аялы тура калып анын колун ылдый түшүрө койду да:
- Досуңа, узун өмүр, кенен ырыскы тилебейсиңби андан көрө? - деп сөзүн бөлдү. Таң калган күйөөсү жакшы түшүнбөй жооп кайтарды:
- Ал азыр аялга гана муктаж болуп турат, муктаждыгына дуба кылып жатпаймынбы?
- Жок, болду токтот дубаңды! - аялы эми чындап эле кыйкырып жиберди. Күйөөсүнүн оозу ачылган бойдон, таң калып сурады:
- Эмнеге досума дуба кылдыра койбойсуң?
- Бир мусулман экинчи мусулманга дуба кылган кезде, периштелер "сага да ушундай болсун" деп кошумчалап турарын билбейсиңби? ! – деди аялы ачуусун баса албай. Кептин төркүнү кайда жатканын эми түшүнгөн күйөөсү каткырып күлүп жиберди. Анын каткырыгы азыр эле ачуусу бетине чыгып турган аялдын жүрөгүн жибитип ал да каткыра баштады. Ооз ачаардагы кубанычтын үстүнө кубаныч кошулуп, жубайлар тамакка киришти.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#54 12 June 2015 - 19:04
Адамга жан тартуу тууралуу
- Мусулман өлкөдөгү түнкү клубду жардырганга болобу? -деген суроо берсем, ал айтат:
- Албетте, болот жана аларды өлтүрсөң да болот.
Мен ага:
- Эгер, сен аларды Кудайга баш ийбей жүргөндө өлтүрсөң, анда алар Акыретте кайсы жакта болушат?
Ал:
- Албетте, тозокто.
Мен ага:
- Шайтанга мунун эмне кереги бар?
Ал:
- Тозокко түшүрүш үчүн керек.
Мен:
- Демек, сени менен шайтандын максаты адамдарды отко салуу турбайбы!
Пайгамбарыбыздын (саллаЛлаху алейхи ва саллам) тарыхынан бир окуяны эстегим келип турат. Күндөрдүн бир күнүндө бир жөөттү акыркы сапарга узатып жатканын көргөн Пайгамбар ыйлап жиберет. Муну көргөн сахабалар: «Сиздин ыйлаганыңызга эмне себеп болду?»-дешет. Сүйүктүү Элчи (саллаЛлаху алейхи ва саллам): -Ал ким болсо да, жан эмеспи? –дейт. Алла Элчиси (саллаЛлаху алейхи ва саллам) менен силердеги айырманы карагыла. Ал адамдарды туура жолго баштаганга, тозок отунан сактаганга кандай гана аракет кылган?!"
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#55 12 June 2015 - 19:08
Акылмандыктын акыбети
Абу Ханифа:
- Эмне себептен ажырашууну каалап атасың?
Аял:
-Башкалардын күйөөлөрү үйлөрүнө күнүгө убагында келет. А менин күйөөм болсо, ар дайым кечигип келет. Ошондон улам үйүбүздө күнүгө жаңжал болот.
Абу Ханифа:
-Болгону ошол себеппи? -деп таң калуу менен сурады.
Аял:
-Ооба, ошол себеп. Мен мындай кемчилиги бар адам менен жашабайм.
Имам:
-Мейли, ажыраштырса, ажыраштырайын. Бирок, бир шарт менен... Үйүңө барып, чоң таттуу нан бышырып мага алып кел. Нанга кошула турган туз, суу жана унду үйүңдөн албай, кошуналарыңдан сурап, ошондон кошуп жаса. Аларды эмне кылуу үчүн сураганыңды жана күйөөң менен ажыраша турганыңды кошуналарыңа сөзсүз айткын.
Тиги аял үйүнө барып, нан бышырууга киришти. Коңшусунан ар нерсе сурай баштады.
-Оо, Марьям, мага суу берип турчу?
Коңшу:
-А эмне сууңар түгөнүп калдыбы? Кудуктан суу чыкпай калдыбы?
Аял:
-Жок, суу чыгып жатат. Мен күйөөм экөөбүздү ажыраштыруу үчүн имамга бардым эле, ал ушундай кыл деди.
Сөзүн аягына чейин айтып бүтө электе кошунасы үшкүрүнүп:
-Эх! Менин күйөөмдүн кандай экендигин билбейсиң да!-деп арызданды.
Ал кошунасынан суу алып, Асия кошунасынын үйүнө туз сураганы барды.
-Асия, мага бир эле кашык туз берип турчу?
Коңшу:
-Үйүңдө тузуң түгөнүп калдыбы? А, эмнеге бир эле кашык?
Аял:
-Туз бар, бирок мен имамга күйөөм менен ажыраштыр деп бардым эле ...
Асия кошунасынын сөзүн угуп бүтө электе кыйкырып жиберди. –
-Эх, менин күйөөмдүн кандай экендигин билсеңчи!
Кайсы кошунасына барбасын, баарынын күйөөсүнө болгон нааразычылыктарын айтып, арыздангандарын укту.
Наны даяр болуп, имам Абу Ханифага алып барды да, мындай деди:
-Сизге ыракмат! Менин жасап келген нанымды балдарыңызга а алып барып бериңиз. Бирок мени күйөөм менен ажыраштыруу жөнүндө ойлобоңуз!
Имам:
-Эмнеге? Сага эмне болду, кызым?
Аял:
-Көрсө, менин күйөөм баардыгынан жакшы күйөө экен!-дейт.
Урматтуу окурман, бул окуядан кандай жыйынтык чыгарасыз?Ой бөлүшүңүз...
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#56 12 June 2015 - 19:11
Адамды таануунун ченеми
Ошол жерде тургандардын бири: "Мен аны тааныйм”-дегенде, азрети Умар: "Ал кандай адам?” – деп сурайт. Ал: "Ишеничтүү жана адилеттүү адам”-деп жооп берет.
Азрети Умар кайра сурайт:
- Күндүзү дагы, түндө дагы кандай экендигин билгидей жакын кошунаңбы?
- Жок.
- Адамдын такыбалыгын белгилүү кыла турчу нерсе мамилеси болуп саналат. Бул адам менен бир нерсе алышып-бериштиң беле?
- Жок.
- Аны менен адамдын ахлагынын жакшы,же жаман экендигин билүүгө мүмкүндүк берчү кандайдыр бир сапарга чыгып көрдүң беле?
- Жок.
- Ошондо азрети Умар: "Сен аны тааныбайсың”- деп, тиги адамды карап: "Бар, сени тааныган бир адамды алып кел”-дейт.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!

Супер-Инфо
super.kg
видео