MIRlan (10 Май 2015 - 23:32) жазган:
9-май күнү ардагер-карыя жамгырда калды... Биз кайда баратабыз?
#41 11 Май 2015 - 00:54
#42 11 Май 2015 - 00:55
Ишенсеңиз Мирлан аке дал ушинтип жооп берген бир чоңдун сөзүн окудум!
Биз эскертебиз зонтик ала келишин дейт!
1-ден карылыкга салып унутуп калышкан болсо!
2-ден Көтөрүп жүргүлөрү келбейт деп уялбай коментарий бериптир!
Күйбөгөн жериңди күл кылат!
☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#43 11 Май 2015 - 00:58
Barika (11 Май 2015 - 00:55) жазган:
Ишенсеңиз Мирлан аке дал ушинтип жооп берген бир чоңдун сөзүн окудум!
Биз эскертебиз зонтик ала келишин дейт!
1-ден карылыкга салып унутуп калышкан болсо!
2-ден Көтөрүп жүргүлөрү келбейт деп уялбай коментарий бериптир!
Күйбөгөн жериңди күл кылат!
Ким экен ошол чоң?
#44 11 Май 2015 - 01:00
guard (11 Май 2015 - 00:54) жазган:
Мындай көрүнүштө булар өз балдарында сатышат.
#45 11 Май 2015 - 01:02
Азыр карап көрөйүн болсо сүдүрөп келем!
Фейсбук аркылуу өтүп бир сайттан окудум эле!
☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#46 11 Май 2015 - 01:02

#47 11 Май 2015 - 01:04
#48 11 Май 2015 - 01:08
#49 11 Май 2015 - 01:15
Равшан Жээнбеков: “Бирок Асилбекке окшогондор негизи, ѳзүн унутпайт”
-Ветерандардын кѳпчүлүгү, эскертүү болсо дагы, зонт алып келишпейт. Биринчиден карылык эстен чыгарып коет, экинчиден кѳтѳрүп жүргүлѳрү келбейт. Ушуну эске алып, бүгүнкү майрамды уюштуруп аткан Асилбек, (ЖК тѳрагасы) Темир (Ѳкмѳт башчы), Кубан (мэр) мырзаларга клеенкадан жасалган жаанда кийчү халаттарды ветерандардын пакеттерине салып койсо туура болмок. Жаанда калбай кийип алышмак.
Бирок Асилбекке окшогондор негизи, ѳзүн унутпайт. Арбири ѳзү жѳнүндѳ аябай кам кѳрүшѳт. Керек болсо, бул сүрѳттѳ кѳрүп тургандай, Асилбек, зонтик менен бирге зонтик кѳтѳргүчтү дагы чогуу алып жүрѳт. Бай манап жетекчи,-дейт Р.Жээнбеков.
☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#50 11 Май 2015 - 01:20
Эми алардын кантип актанаары кызык болуп жатат мага.
#51 11 Май 2015 - 01:36
MIRlan (10 Май 2015 - 23:32) жазган:
Я тоже ЗА!
#52 11 Май 2015 - 02:18
MIRlan (10 Май 2015 - 23:32) жазган:
Мен 200% колдойм. Интернет булактарынан бардык эле элибиз колдоно бербейт. Улуу муундагы көпчүлүк калкыбыз гезит окушат. Ошондуктан гезит бетине чыгарышса сооп эле иш болмок. Элет жериндеги интернетке кирбеген ата-апаларыбыз да маалыматка ээ болушмак.
#53 11 Май 2015 - 03:57
rnurzida (11 Май 2015 - 02:18) жазган:
Мындай нерселер жым-жым болуп калып кетээр эле.Биздин ишенген гезитибиз жарыялаганга кудурети жетээр бекен.Же эртен биздин суранычыбыз тургай тема дагы күм-жам болуп кетээр бекен.
Ушул гезит бетине чыкса тиги атка минээр сөрөйлөрдүн бети чымырап койоор эле,жок дегенде.
#54 11 Май 2015 - 04:08
Тырмышып, далбас уруп тер төккөнгө.
Ишенген кожолордон үмүт үзүп,
Жашоого түзүгүрөөк эл көзүнө!
Биз кимбиз?Өгөйдөйбүз өздөн безген,
Өз киндигин өзү байлап,өзү кескен.
Өкмөт деген атабыздан мээрим таппай,
Өзгөлөрдөн жакшы сөздү үмүт эткен!...
********
Согуш отун биздер үчүн кечкен эле,
Кыргызымдан эчен жоокер өчкөн эле.
Бул Жеңишти майрамдоого укугу бар,
Элим менен бирге болсом болбойт беле...
Арабыздан саны азайган Ардагерге,
Томсортпостон куттук сөзүн айтсам эмне.
Өзгө элди көңүл үчүн сагаалабай,
Жок дегенде жаандан коргоп алсам эмне...(деп бирөөлөр арман кылып турса гана эле!)
#55 11 Май 2015 - 04:36

#56 11 Май 2015 - 08:11
MIRlan (10 Май 2015 - 23:32) жазган:
Колдойм, чыгарышсын

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#57 11 Май 2015 - 09:12
1-сүрөт: Чиновник менен ветеран турган фото Казакстанда тартылган. Белгилүү болгондой, интернетте ал катуу талкууга алынды. Керек болсо, ал чиновник-акимдин жардамчысы түшүндүрмө берди. Кийин ал кол чатыры менен ардагерди да жамгырдан тоскон экен, болгону сүрөткө тарткан адам акимдин жардамчысы ветеранга кол чатырын сунганга чейин сүрөткө тартууга жетишип калган деп маалымдалды. Баса, ардагерге кол чатыр тосулуп турган фото да интернетке жарыяланган.
2-3-сүрөттөр: Темир Сариев менен Асылбек Жээнбеков, анан карыя түшкөн сүрөттөр 9-май күнү Кыргызстанда тартылып, жогоруда талкуу болуп өткөн фото көбүнө таасир калтыргандыр, ушундай бир ракурсту биздикилер (кандайдыр бир кызыкчылыкты көздөгөндөр болушу ыктымал, анткени бул сүрөттү ВБ гезитинин порталы жарыялады) да алып чыгышты. Байкагыла, эки сүрөт бир күндө жана бир жерде тартылышы мүмкүн, бирок Казакстанда тартылган сүрөттөгүдөй каармандар жанаша турган эмес! Эгерде жанаша турса, Темир Сариев, Асылбек Жээнбеков жана жаанда калган ветеран-карыя бир сүрөттүн ичинде тартылып, анан чиновниктин жардамчылары ардагерди жаанга калтырса, ушинтип ызы-чуулуу талкууга алсак болмок. Чиновник жамгырлуу күнү кол чатыр менен келгенине күнөөлүү эмес да, туурабы? Ардагерлерге тиешелүү шартты алдын-ала параддын уюштуруучулары кам көрүшү керек! Же силерге Сариев менен Жээнбеков ар бир ветерандын артынан чуркап, кол чатыр таратып жүргөнүн көрүү өтө зарыл иш беле? А эмнеге ардагердин артында келе жаткан карапайым адамдарды (орто жаштагы аял жакшынакай эле кол чатыр менен келе жатат) сөкпөйсүңөр? ! Ылдыйдагы сүрөттө деле толтура адам зонтикчен жүрөт, эмнеге бирөө-жарымы ветеранга берип турган эмес?! Ооба, биз бир нерсе болсо эле чиновникти аша сөккөнгө көнүп бүткөнбүз, бирок ошол эле чиновниктер мен, сен жана бизге окшогон элдин ичинен суурулуп чыгат. Ар бирибиз ойлонушубуз керек, мен зонтик берип турбасам, сен зонтик берип турбасаң, баары берип турбаса, эмне үчүн чиновник берип турушу керек?!

Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
#58 11 Май 2015 - 09:16
Салыштыруу үчүн (Бишкектин мэри жана Генералдык штабдын башчысы):

Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
#59 11 Май 2015 - 09:39

Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
#60 11 Май 2015 - 09:42
Андай болбосо, тема жабылат.
Эрежеде жазылгандай, карандай эле каралоонун да чеги болот!
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."