-Чыныңды айт,балдызыңды каякка жашырдың, болбосо азыр башың кетет ыргып.
/span>
font size="4">
-Эгер анын каякта экенин айтпасаң мындан да жаман кылабыз. Убайдулла бийдин өзүнө алып барабыз, анын кандай каардуу адам экенин бизден жакшы билесиң. Ал жактан кайра кайтпай да калышың мүмкүн бул жакка.
Алар көп өтпөй Мэхрибандын эжесин сыртка сүйрөп чыгышты. Ал Мэрибанга аябай окшош болгондуктан Улукбек жаземдебей тааныды. Андан сырткары үйдөгү кызматкерлерди да алып чыгып суракка ала башташты. Далдайган кара-тору киши алардын алдында ары-бери баса баштады.
-Алиги Мэхрибан деген кыз каякта, кана кимиңер айта аласыңар?<
/font>
div>
Баары унчугушпай баштарын жерге салып турушту. Бери жактагылар кайрадан бардыгын камгы менен сабай башташты.Булар кимдер, эмне себептеп Мэхрибанды издеп жүрүшөт, Улукбек анча түшүнө албай турду. Убайдулла бийдин атайын жиберген жигиттери болчу. Алар Мэрибанды таап кайра ошол аркылуу Улукбекти издешмек. Издеген адамы өзүлөрүнөн он, он беш кадам алысыраак жерде окуяны карап, таңданып турганын билишкен жок. Ал эми Улукбек өзүн издеп жүрүшкөнү оюна да келген эмес, тескеринче Мэхрибан бир жактан биякка качып келип, алар артынан кууп келишкен го деп ойлоп жаткан Улукбекатынын оозун тартып, болуп жаткан окуяны таңгала карап турду. Желдеттердин бироосу ага одуруңдап бир тийди.
- Ээй,эмне жалдырап карап турасың, бар жолуңа түш!
Улукбек аларды бир аз карап турган соң акырын атын теминип койду.
Кетип баратып дагы бир жолу артына кылчайып карады, алиги жигиттер үй ээсин баш кылып, анын кызматкерлерин да камчы менен сабап жатышыптыр.
Кызык, алар Мэхрибанды эмнеге издеп жатышты болду экен, же ал да күнөө иш кылганбы? Баса, айтмакчы, ал өзү каякта жүрөт азыр, же жездези менен эжеси аны жашырып айтпай жатышабы? Менин ишим да чатак, эми эмне кылсам, аны каяктан тапсам болот, же ушул боюнча кете берсемби?Мэрибанды экенчи көрбөй калышым да мүмкүн, ошондуктан аны менен сөзсүз түрдө жолугушуп, сүйлөшүшүм керек”. Ал өзү менен өзү сүйлөшүп баратып кандайча атыныноозун Усмандын короосун көздөй буруп жибергенин өзү да сезбей калды. Тааныш короого келип аттан түшпөстөн эңкейе калып камчысы менен дарбазаны такылдатты.
Бир аздан кийин дарбазанын кичине эшиги ачылып алиги такыр баш кишинин башы кылтыйды.&
nbsp;<
/div>
font size="4">
- Аа мырза, силерби..., бирок короодо кожоюнубуз жок эле, башка убакта келсеңер..., - ал кайра эшигин жаап алды.
Мунун жоргуна Улукбек таң калып турду. “Бул эмнеси, булардын мындайлары жок эле го, мени көрүшкөндө тим эле жалпалактап учурашып, дароо төргө чыгарышчу эле го. Же бир топ күндөн бери келбей калганга ушундай мамиле жасап жатышабы?” –ал кайрадан дарбазанытакылдатты.
Алиги такыр баш кишинин башы кайрадан кылтыйды</
font>
div>
-Кожоюнубуз жок деп атпаймынбы.
-Мага кожоюнуңдун кереги жок, андан көрө алиги даарыңдан бары?
-Жок, -тигил дарбазыны жабууга аракет кылды эле Улукбек колу менен каалганы тосо чөнтөгүнөн алтын шакектен акырын бирден алып чыгып тигиге көрсөттү.<
/font>
div>
-Эгер ошондой кумарды кандыра,жыргата турган даарыңдан таап берсең бу сеники болот...
Тигил такыр баш жигиттин көзү жалжылдап кетти.
-Мен азыр, -ал дарбазаны жапты дабир азга жоголуп кайра пайда болду, -мынакей, бул кара суюктук эң күчтүү даары,муну бир эле жолу ууртасаңыз дароо бейиштин төрүнө чыгасыз.
Улукбек койнунан алтын шакектердин бирин алып чыгып ага сунду. Шакетен көзү өтүп турган жигит аны шап эте ала койду да кетүүгө ашыкты. Анан бир нерсе эсине түшкөндөй токтой калып ойлонуп калды. Бул мезгилде Улукбек атынын башын буруп тигинден жаңыдан эле алыстап бараткан эле. Ал жанталаша үнүн акырын чыгара тигинин артынан кайрылды.<
/font>
div>
-Бир азга аярлай туруңузчу мурза!
Адегенде Улукбек анын сөзүн уккан жок, атын бастырып кете берди. Алиги такыр баш жигит короонун ичине көз жүгүртүп алып, дароо эле атчандын артынан кууп жетти.
-Бир азга аярлай туруңузчу мырза!Тааныш үнгө Улукбек атынын оозун тарта тигил эмне айтат экен деп оозун тиктеп калды. Алиги жигит дагы эки жагын аярлай карап, эч ким жок экенине чындап ишенген соң үн катты.
-Кандай десем..., мен сизге бир жакшы маанилүү кабар айткым келет.
-Бирок бекер эмес, анын акысын төлөөгө туура келет.
-Эгер ал мен үчүн чын эле маанилүү болсо анда акысын төлөп берем.
Такыр баш жигит сактана дагы бир сыйра айланасына көз жүгүртүп алды.
-Карындашыңызды жоготуп таппай жүрөсүзбү?&
nbsp;<
/div>
font size="4">
Улукбек эч нерсе түшүнгөн жок“Кайдагы карындашты айтып атат. Менин эч кандай карындашым жок да, же бул мени бирөөлөр менен чаташтырып атабы?”
-Айтпайсыңарбы,
акысын төлөйсүңөрбү,
эгер акысын төлөсөңөр мен анда анын каякта экенин айтып берем. Буга кандай дейсиңер, макулсуңарбы?
-Болуптур, -Улукбек эч нерсе түшүнбөсө да макул болду. Ал эмне болгон кыз экенин билгиси келди. Алиги киши эки жагын карана тигиге жакындап келди дагы акырын шыбырай сүйлөдү.
-Алтын шакектен дагы бирди бергиле,анан айтам...
Улукбек адегенде “болбогон кыз үчүн алтын шакегимди бере бермек белем, андан көрө жолумдан калбай кете бербейминби”деп ойлоп атынын оозун буруп баратып кайра ойлонуп калды, “Бул ким болду экен,болуптур көрөйүнчү ал ким экенин” – Улукбек чөнтөгүнөн алтын шакекти алып чыгып тигиге сунду.
-Кулак сенде?
Такыр баш алтын шакекти лып этим ала коюп чөнтөгүнө салды да шыбырай үн катты.
-Карындашың биздин короодо алдагындай кара суюктук ичип алган, жыргап бейиштин төрүндө жатат. Бүгүн кечке жуук араң эсине келет, -ал бул сөздү айтты да дароо короого жүгүрүп кирип ичинен бекитип алды.
“Ал кандайча менин карындашым,
сыягы тиги мени бирөө менен чаташтырып алды. Алтын шакегимди алып алдап кетти. Мейли,андай алтын шакектер толуп атпайбы, кетейин жолумдан калбай, мындай суюктуктарды ичип жүргөндөрдүн бирөөсү да”, -ал атына камчы салып жолуна түшүп кете берди. Жүз кадамдай жол жүргөн соң бир нерсе эсине түшкөндөй башын көтөрө“селт” этип алды да кайра артка бурулуп Усмандын короосун карай атып чаап жетип келди. Анан камчысы менен жыгач дарбазаны катуу тарсылдата баштады. Тээ биртоптон кийин дарбазанын кичине эшиги акырын кыйчылдап ачылып, такыр баш жигиттин ордуна далдайган бир киши чыкты.
-Аа, Шаамырзасыңбы,
сага эмне керек?
-Менин карындашым силерде бул жерде экен...
-Силердин эч кандай бул жерде карындашыңар жок...
-Карап чыксам болобу, Усман каякта?
Кожоюнубуз бир жакка кеткен, карап чыкканга да болбойт.
Улукбек чөнтөгүнөн бир алтын шакектен бирди алып ага көрсөттү эле ал дароо жумшара түштү.
-Болуптур, бирок көпкө кармалба,-далдайган кара тору киши алтын шакекти алып жатып эскертип өттү. Улукбек короо ичине кирип кыдырекей туруп алышып кумара түтүктү ырахаттана соруп “кайф”кармап жатышкандарды кыдырып алиги карындашы деген кызды издей баштады. Эч жерден таппай бери басып келди, алиги далдайган киши артынан кошо ээрчип жүргөн болчу.
-Кана эмне болду, таптыңбы карындашыңды?
Улукбек айланасына кыраакы көз жүгүртө ары жакта турган такыр баш жигитти көрө коюп “каякта?” дегендей башын ийкеп сурады. Ал көзүнүн кареги менен Усман турчу үй жакты көрсөттү эле Улукбек дароо ошол жакты көздөй жөнөдү. Эшикти ачып кирип барып төрдө чалкасынан жаткан кызды көрүп өз көзүнө ишенбей кетти. Төрдө ары-бери ооналактап Мэхрибан жаткан эле. Ага дароо жетип келип белинен кучактады да таптак өйдө көтөрдү. Эч нерсе дебестен үйдөн чыгып сыртка алып жөнөдү, бери жакта тургандардын эч кимиси эчнерсе дешкен жок. Унчугушпай аны карап турушту. Бул мезгилде үйдүн кожоюнуУсман да бир жакка кеткен болчу. Дарбазанын жыгач эшигинен буту менен тээп ачып сыртка чыкты. Мэхрибанды атына эптеп өңөрдү да өзү артына отура кууш көчөгө салып бет алды бастырып жөнөдү. Ээн көчө менн бараткан, аңгыча капталынан эркектин “заңк!” эткен үнү чыкты.,
-Тигине Мэрибан, менин балдызым!
Карай салса алиги Кокон желдеттери менен Мэхрибандын жездеси өзүн көздөй басып келатышыптыр.
Дароо атына камчы салды. Көп өтпөй эле кыйкырык ызы-чуу менен бери жактагылар аттарына шапа-шупа мине калышып тигинин соңунан кууп жөнөштү.
Кара пояс Жоголгон казына баяны
#342 12 May 2015 - 01:49
АФГАН КЫЗЫ ФАТИМА
(бүгүнкү заман)
Алар жолдогу кыштактардан машинеге үч жолу бензин коюп, алиги аталган Гулбох айылына эки жарым суткадан кийин араң жетишти. Шамбадих айлынан чыккандагы окуядан соң жолдо эч кандай ызы-чуу болгон жок. Болгону эки адам жолдон тосуп, кайра эле кийинки кыштактан түшүп калышты.Чын эле башкаларга салыштырмалуу Гулбох бир топ эле чоң айыл экен. Ошол кыштакта жашашкан аталаш карындашыЗулфия Кахарды тааныбай атып, көптөп кийин барып араң тааныды.
-Сенин биз орустардын солдаттары менен согушуп жүргөндө эбакта эле өлгөн экен деп ойлогонбуз. Мына дээрлик он эки жыл болуптур, анын үстүнө аябай өзгөрүп да кетиптирсиң, -Зулфия тирүү келгенине ишенбей Кахарды кайра-кайра карап атты. Анын күйөөсү Хаким Кахардын келгенинин урматына бир кой союп, ичкенге виски (ичкиликтин бери түрү) алып келди. Узак жол жүрүп аябай чарчап келишкендиктен, алар эт жээри менен эле дароо кулашты.Таңга жуук өзүн бирөө эңкейип алып бериле тиктеп турганын көрүп Каныбек чочуп кетип колун шилтеп жиберди да ордунан атып туруп көнгөн адатынча пистолетине жабышты. Анан айланасына карап каяк жакта жатканына эсине келе кайра пистолетин чөнтөгүнө салды. Ал эми бетмаңдайында эңкейип алып тиктеп турган он сегиз-жыйырманын тегерегиндеги узун чачтуу кара торусунан келген татынакай коюу кара кашы бар, бакыраң көз кыз экен. Уктап жаткан кишинин күтүлбөгөн соккусуна бурчка камгактай жепжеңил учуп барып жерге томолонуп түштү да былк эптей жатып калды. Өзүнүн туура эмес иштеп жиберген кемчилигин сезе коюп Каныбек ордунан атып турду. Анан алиги кызга жетип барып башынан жөлөдү. Ары жактан суу ала келе коюп бетине суу чачты. Кыз акырын көзүн ача экөө бир паска тиктеше түшүштү.
-Уйкусурап кетипмин, кечирип коюңуз,ооруган жокпу? –Каныбек өзүн оңтойсуз сезип турду. Кыз унчукпастан ордунан араң турду, чындыгында сокку ага аябай катуу тийген болчу.Барлыгы эртең мененки тамакка отурушканда Каныбек менен алиги кыз унчугушпай бири-бирин улам-улам тиктешип атышты. -Бул менин карындашым болот, Фейзабад шаарында турчу, ал жерде жергиликтүүлөр менен убактылуу бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда согуш болуп кетип бул жакка качып келген. Биздикинде жүргөнүнө эки ай болду. Тигил жак тынчыганча биздикинде жүрөт го, аты Фатима, -үй ээси Хаким алиги бейтааныш кызды буларга тааныштырып жатты. Бул кара торусунан келген татынакай кызды кечөөгүнү экөөсү тең көргөн эмес. Ал эртеден бери КАныбектен көзүн албай жылмая жалжылдап карап тура берди.Каныбек Ооганстандын жаратылыш, жер шартына анча көнө албай жүрдү. Анын үчтүнө Гулбох айылындагылар бейтааныш мейманды, бул каяк жактан келип калды дегендей жактырбагандай мамиле жасап жүрүштү.
-Бул жакта дагы канча күн болобуз?–Каныбектин суроосуна Кахар “билбейм” дегендей ийнин күйшөдү.
-Балким дагы эки-үч аптадай жүрүп калабызбы.
-Баса айтмакчы, бир туугандарың же ата-энең жокпу?
Каныбектин бул суроосун Кахар анча жактырбагандай кабыл алды, анан бир аз ойлонуп туруп, оор үшкүрүнө өзүнүн үй-бүлөсү туралуу кыскача баяндап берди.
-Ата-энемден тышкары менин эки карындашым, бир иним, агам болуп беш-бир тууган, ата-энемди кошкондо жети адам болчубуз. Жетимиш тогузунчу жылдары бийлик өкүлдөрү менен жергиликтүү элдин ортосундагы кагылышууда бир иним каза болгон. Ал кезде Советтик Армия бул жакка десантниктерди таштай элек мезгил болчу, бийлик өкүлдөрү сан жагынан да,күч жагынан да басымдуулук кылчу. Биз тараптын куралдуу тобу Файзабад шаарында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен кандуу кагылышуу болгон. Ошондо катуу куралданган бийликтин армиясына туруштук бере албай чегинүүгө, анан бара-бара качууга туура келген. Алардын үчтүнөн атайын жазалоочу отряд уюштурулуп Дашт,Македонка, Гулбох айылына чейин келишкен. Көтөрүлүш чыгаргандарга катышкандарды үй- бүлөөлөрүнө чейин эч кимисин калтырбай атып салышкан. Талап катуу коюлуп“кимде- ким бийликке каршы чыкса дароо өлүм жазасы буйрулат” дешип карапайым калктын эч кимисин аяшкан эмес. Менин иним да, агам да үчөөбүз тең көтөрүшчүлөрдүн тарабында болчубуз.Жазалоо отряд күтүлбөгөн жерден биздин айылды басып калышты. Эч кимди чыртка чыкканга, качырганга мүмкүнчүлүк берген жок. Ошо мезгилде мен кандайдыр бир иштер менен Македонка айылына кеткем. “Бийлик өкүлдөрүнүн жазалоочу отряды Гулбох айылын курчап алышып,баардыгын эч кимисин калтырбай көтөрүлүшкө катышкандарды атып өлтүрүп, үйлөрүн өрттөп атышыптыр” дегенди угуп дароо шашыла жөнөдүм. Мен барганда өтө кеч болуп калыптыр, бийлик өкүлдөрү жазалагандарын жазалап, өлтүргөндөрүн өлтүрүп, туткун кылгандарын туткун кылып эбакта кетишипти. Мен үлгүрбөй калдым, үлгүргөн күндөда колуман эч нерсе келмек эмес. Гулбох айылынан көтөрүлүшкө катышкан жыйырмадай үйдү өрттөшүп, көтөрүлүшчүлөрдүн бир туугандарына бүт атуу жазасын беришип, үйлөрүн күл кылып сапырып кетишиптир. Ызы-чуу, ыйга толгон айыл ичине кечке жуук жетип бардым. Терезелерден түтүн чыгып жаткан үйүмдү көргөндө жүрөгүм бир “болк” деп алган. Албетте, жамандыктын бетин ары кылсын дечи, бирок баары бир жүрөгүм жамандыкты сезип атты. Талкаланган эшикти көрүп үйгө аткан октой кирип бардым. Кошуналарымдын баары чогулуп турушуптур. Эки бир тууганым,карындашымды, эне-атамды атып салышыптыр. Үйдүн эч нерсесин калтырбай сапырып өрттөшүптүр. Ал эми эң кичүү Амина деген карындашымды тигилер өздөрү менен кошо ала кетишиптир, ошол боюнча аны көргөнүм жок, азыркыга чейин өлүү-тирүүсү белгисиз. Эртеси күнү Гулбох айлынан эле жетимиштей киши жайына тапшырылды. Элдердин бийлик өкүлдөрүнө болгон нааразычылыгы күчөдү. Жалаң гана биздин айылды эмес, алар башка айылдагы көтөрүлүшкө катышкандардын үй-бүлөсүн бүт бойдон ошентип кетишиптир. Алардын бул жоругу элдерди коркутмактурсун тескеринче нааразычылыктарын, жек көрүүлөрүн, кыжырданууларын күчөтүп,бүтүндөй жапа тырмак курал алып көтөрүлүшкө чыгышты. Кантсе да бйилик дегенбийлик да, күч жагынан да, курал жагынан да басымдуулук кылып атты. Ортодо көпкан төгүлүп, айыгышкан көп салгылашуулар болуп кетти. Бийликтин куралдуу күчтөрү бизди аёсуз жазалаганы өтө баштады. Айла кеткенде чет мамлекеттерден жардам сурап кайрылдык. Америка Кошма Штаттарынан, Советтер Союзунан жооптор келди. Ошондон көп өтпөй эле бир сутканын ичинде самолёт менен асмандан жамгырдай жааган Советтер Союзунун десанттар түшө баштады, алар бизге жардамга келишти. Америкалык солдаттар кечигип калышты. Узакка созулган чыныгы айыгышкан согуш башталды. Ал окуяларды өзүң деле жакшы билесиң да... Ошондой досум, бир туугандарымдын бардгынан айрылганыма көп жылдын жүзү болду. Ошол окуядан кийин мага баары бир болуп калган. Союздун солдаттарына да служба кылып жүрбөдүмбү. Жүрөктү ооруткан бул айылга кайрылып келгим келген эмес.Азыр менин бир туугандарым, ата-энем жашаган үйдүн эч нерсеси калбай түптүз болуп калыптыр. Өткөндү эстесем жүрөгүм ооруйт.
-Аа, эң кичүү карындашың Аминадан кабар уктуңбу?
-Мен жана айтпадымбы, анын өлүү-тирүүсү билинбейт деп..., айылдаштардан да сураштырып көрдүм, эч кимиси эч нерсе билишпейт экен. Ортодо узакка созулган согуш болуп кетти, ал аман калды дейсиңби, тирүү жүргөнүнө анча ишене албайм.
-ТИрүүлүктө үмүт менен жашаш керек,балким тирүүдүр?
-Тирүү болгондо эмдигиче дайыны билинмек же тууган жерине жок дегенде бир жолу кайтып келмек.
-Балким сен сыяктуу өткөндү эстеп жүрөгүн ооруткусу келбей жүргөндүр?
Баары бир дайыны билинмек, болуптур жүрөктү оорутпай башка темага өтөлүчү.Эки аптадан кийин Файзабад шаарына барбыз.Биздин убактылуу турган жерибиз ошол жер болот. Анан Сайидди издештире баштайбыз, анын айылы Намангуд деген айыл Өткөн жолкуда айтпадымбы, Файзабад шаарында да бир туугандары турат. Ошолор аркылуу акырын иликтейбиз. Ал бизди издеп жүргөнүн билбейт али, ошол себептен кылдат иштешибиз керек.
Экөө Гулбохта дээрлик эки аптадай жүрүп калышты. Уушл мезгилдин ичинде Фатима менен Каныбек бири-бирине аябай жакын болуп кетишти. Бир жолу чакага суу жылытып алып белинен өйдө чечине жуунуп атса өзүнөн анча алыс эмес жердеги бак түбүндө Фатима анын булчуңдуу денесине кызыга карап туруптур. Анан бери басып келип чөмүчтү колуна алып Каныбектин башына суу куюп бере баштады.
-Кайра качан кеткени жатасыңар?
-Эки үч күндөн кийин.
-Мени да ала кеткилечи?..
-Сен ал жакка барганга болбойт,Фатима, биз зарыл жооптуу иштер менен жүрөбүз... Бир маалда Фатиманын көзүнөн мөлт эте жаш чыга, шарт эте артына бурулду да эч сөз айтпастан чуркаган боюнча кетип калды. Эмне болуп кеткенин Каныбек өзү да түшүнгөн жок. Фатима кеткен жакты узатып карап турду.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#343 12 May 2015 - 02:17
АРГАСЫЗДЫК
(мурунку заман)
Улам Самаркандын тар көчөлөрүнө бурула Улукбек атын чаап баратты. Алдында өңөргөн кызы бар, алды артын карабай катуу чаап бараткан бейтааныш адамды көргөн жергиликтүү тургундар, бул эмне болгон адам деше таңгала карап калып жатышты. Көпчүлүгү кызды уурдап баратат деген ойдо болушту. Арадан көп өтпөй эле колдорунда куралдары бар ызы-чуу түшүшкөн үч-төрт атчан тигинин соңунан түшүштү. Бул көрүнүшкө көчөдө ары-бери өтөкндөрдүн баардыгы атайын токтошуп кызыга карап калышууда.
Бир кезде артындагы куугунчулар аны мылтык менен аткылай башташты. Куугунчулардын арасында Мэхрибандын жездеси да бар болчу.
-Балдызымды уурдап баратат коё бербегиле!
Улукбек улам бир көчөгө өтүп тиглердин көзүн жаздым кылып кетүүгө аракет жасап жатты. Тигинин Самарканддан чыгып кете албасына көздөрү жеткен куугунчулар үч топко бөлүнүшүп ажырап кетишти. Алар аны ортого алып камамай болушту.
Улукбек Самаркаддын эң тар кууш көчөсүнө өтүп алды. Ал жакта кедей-кембагалдар жашачу. Бир кезде эшиги ачык турган короонун ичине кирип кетип эшигин дароо жаба салды. Арадан көп убакыт өтпөй эле тапыраган аттардын үнү чыгып ары жакка өтүп кеткенсиди. Көчөнүн кесилишинде аларды кичине кыз карап турган, булар кимдер дегендей ого бетер таңгала карап калды. Ага Улукбек унчукпа дегендей сөөмөйүн эрдине такап белги берди.
Бир аз убакыттан кийин алиги атчандар кайрадан топурап өтө баштады, алардын бирөөсү кызга кайрылды.
-Бул жерден алдына аял өңөргөн киши өттүбү, ал каяк тарапты көздөй кетти?
Алиги кыз бир аз унчукпай турган соң тигил жакка кетти дегендей узун кууш көчө тарапты сөөмөйү менен көрсөтүп койду.Куугунчулар ошол кыз көрсөткөн тарапты көздөй аттарын чапкан боюнча кетип көрүнбөй калышты.
Улукбек короонун сыртына чыккандан чочулап турду, кайра эле тигилердин көзүнө чалдыгып, кайрадан куугун башталмак.Кандй болсо да күүгүмдүн киришин күтүш керек болду. Ал шашпай атынан түштү да Мэхрибанды аяр көтөрүп жерге жаткырды. Атынын көрпөсүн жерге жая сала, жерде жаткан Мэхрибанды үстүнө жаткырып, башына кийип жүргөн чапанын төшөдү.
Ошо мезгилде үй ээси короого чыга калып, эмне болуп жатканын түшүнбөй тигинин жанына келди.
-Эмне кылып жүрөсүң бул жакта,сен кимсиң?
Көп өтпөй эле колуна союл кармаган дагы бир жигит чыкты үйдөн. Улукбек эмне кыларын, эмне деп жооп айтарын билбей шаштысы кетип калды. Жалган айтканга мүмкүн эмес болчу, баары бир ишенишмек эмес. Анын үчтүнө сыртта ар-бери өткөн куугунчулардан бат эле билишип калмак.
-Эгер чынымды айтсам сырттагы куугунчулардан качып жүрөм. Болочок аялымды зордоп алып кетишмек болушканда үйдөн качып чыктым.
-Менин эмне ишим бар, сенин болочок аялың үчүн. Эмнеге короого киресиң уруксатсыз, бол чыгып кет тезирээк! – алиги киши кабагын каршы сала тигиге одуруңдап бир тийди.
-Эгер мүмкүнчүлүк болсо күүгүм киргенче ушул жерде тура туралычы. Айланага караңгы түшөөрү менен чыгып кетебиз,көптөн көп өтүнөм, -үй ээси Улукбектин сөзүнө кулак салбай жерде эс-учу жок жаткан келинге көз жүгүрттү.
-Мунуң өлгөндөн сообу,балакет- салакетке кабыла электе тез кетип калгыла, ансыз деле эптеп оокат кылып атабыз, артык баш ызы-чуунун мага кереги жок.
-Бул тирүү эле, болгону даары ичип алган, азыр эсине келет, ишенбесеңер дем алып жатканын тыңшап көргүлө.
Үйдөн он үч, он төрт курагындагыдагы бир өспүрүм чыкты, колуна союл кармай. Алар ишенишпегендей бири-бирин карап калышты. Үй ээси бери жакка кайра басып келди.
-Болуптур, күүгүм киргенче ушул жерде былк этпей турасың, бирок мунун акысын төлөйсүң...
Улукбек эмне кылаарын билбей тигилерди кубалабаса экен деп жалдырай тиктеп турган болчу, анын сөзүн угары менен эле дароо белиндеги курун чечип алтын билериктен бирди алып чыгып тигиге сунду.
-Мынакей билерик, болгондо да таза алтындан жасалган...
Үй ээси анча ишенкиребей кооз,жалтырак билерикти алып кармалай кетти. Анан ары жакта жалдырай карап турушкандарга көрсөтө кетти. Алар да билерикти ары-бери кармаша, атүгүл тиштеп да көрүштү. Үй кожоюну Улукбекке жакындап басып келип билерикти көрсөттү.
-Мунун алтын экенин кантип далилдей аласың, балким жөн эле жалтырак темирдир?
Анын бул сөзүнө Улукбектин бир жагынан кыжыры. Бир жагынан күлкүсү келди.
Деги алтынтын кандай экенин көрдүңөр беле?
-Жок.
-Анда көргөн жок болсоңор ушул чыныгы алтындын өзү. Мунун баасы беш жылкы турат... Алиги кишинин өңүндө ишенбегендей жылмаюу пайда болду.
-Койчу ай, ушул кичинекей жалтырак темир кантип эле үч жылкы турсун?
Ары жакта колуна союл кармап турган далдайган жигит тигинин жанына басып келип кожоюндун колундагы билерикти кармап калды.
-Берип жаткандан кийин ала бербейсиңби, балким чын эле алтындыр. Тигил жактагылардан сурап териштирип көрөбүз да. Карапайым адамдардын ушунчалык аңкоолугуна, алтынды өмүрү көрбөгөндөрүнө, анын кадыр-баркын билбегендерине Улукбектин бир чети жини келсе, бир чети аларды аяп кетти. Бул мезгилде көчөдө жүрүшкөн куугундар төрткө бөлүнүшүп калаанын төрт тарабына чырка чыгышып, калаага кирген чыккандарды байкап калгандары болсо түтүнмө-түтүн кедейлер жашаган үйлөрдү аңтарып-теңтерип жүрүштү. Бирок күүгүм киргенче калаа ичиндеги баардык үйлөрдү текшеришип үлгүрө алышкан жок. Айлананы карангылык өз кучагына ала баштаганда Мэхрибан акырындап өзүнө келе баштады. Так бет маңдайында турган Улукбекти көрүп өңүмбү-түшүмбү деп өз көзүнө ишенбей турду.
-Мен кайдамын.
-Баары жайында жаным, азыр бир аздан кийин кетебиз бул жактан...
Так эле ошол маалда куугунчулар таркөчө менен өтүп баратышкан эле. Эртеден бери дал ушундай кырдаалды күтүп турушса керек, күтүлбөгөн жерден эшик шарт ачылып үйдөн үйдүн ээси атып чыкты.
Эгер дагы алтын бербесеңер кыйкырып тигилердин колуна азыр салып берем!
Үйдөн анын артынан ээрчий колуна союл кармаган алиги далдайган жигит да чыкты.
-Бул жер мейманкана эмес силер үчүн,болду жетишет эртеден бери турдуңар, бар жолуңарга түшкүлө, тигине эшик ачык! –далдайган киши дарбазанын кичине эшигин ачмакчы болуп баратты эле Улукбек аны токтотуп калды.
-Сабыр кыла тур, ачпа эшикти,тигилер өтүп кетишсин анан сүйлөшөбүз.
Мунун сөзүн укканда далдайган жигит ого бетер көбүрүп-жабырып баштады.
-Сүйлөшпөйм- эптейм, бол тез чыгыпкеткиле, же азыр кыйкырып тигилерди чакырам. Болбосо дагы акысын төлөгүлө!
-Акысына алтын билерик бербедимби. ..
-Ал аз дагы төлөгүлө?, - далдайган жигит эшикти ача баштаганда Улукбек аны токтотуп калды.
-Болуптур мындан ары бизди жайыбызга койгула. Күүгүм кирээри менен чыгып кетебиз, - ал койну-баштарын сыйпалагылап бир нерсе издей баштады. Белиндеги оролгон чүпүрөктө муштумдай болгон эки алтындан башка эч нерсе жок экен. “Эмне майда-барат алтындарым түгөнүп калдыбы?”– Улукбек бүт жан жерлерин аңтарып, сыйпалап чыкты. “Чын эле калбай калдыбы,андай болушу мүмкүн эмес, кечээ эле дагы бир канча алтын шакектер жүргөнсүбөдү беле, же түндө Хайрулла, анын ити менен кармашып жатканда түшүп калдыбы?Муштумдай алтынымды буларга кармата бергенде болбойт, эмне кылыш керек?”
Болбойсуңбу, калп эле жан жериңди сыйпалабай, же тигилерди чакырайынбы?
Булардын адамданашкан сүткордугуна, наадандыгына, ачкөздүгүнө жини келип турду Улукбектин, белине оролгон чүпүрөктү сыйпалап атканда колуна бир катуу нерсе уруна түшкөндөй болду. Сыдырып отуруп сууруп чыкса алтын шакек экен. Кудай берди,сыягы майда-барат алтындардан акыркысы окшойт.
-Мынакей алтын шакек, зайыбың барбы?Анын колуна салсаң жарашып эле калат, - далдайган жигит алтын шакекти ары-бери кармалап көрүп жүзүндө жылмаюу пайда болду. Чындыгында бул алтындан жасалган шакек кооз жасалган болчу, сыяга бир бай адам атайын жалдап зергер устага жасатса керек.Анан Кокон хандыгынын салыкчыларынын көзүнө урунуп тартылып алынса керек. Муну Улукбек өзү да жактырып өзүнчө бөлөк жерге ороп койгон. Болбогон эле жерден башка бирөөлөрдүн колуна жөндөн-жөн өтүп кеткенине ичи ачышып, жини келип жатты. “Бул алтын билерик, шакек менен тиги мейманканада бир жума бекер жашамакмын. Карачы болбогон жерден эле алдырып койдум, бул наадандарга”.
Тигилер да үйгө кирип кетишпей өздөрүнчө бир нерселерди сүйлөшүп жатышты. Улам-улам көздөрүнүн кыйыктары менен улам бери жакты карап коюшуп, кобурашып жатышкандарынан жакшылыктын жышааны болбой турганын Улукбек жакшы түшүнүп турду. Бирөөсү тышта калып, экөөсү үйгө кирип кетишти. Сырта карган бери жактагылардын ар бир кыймылынан көз албай карап турду. Мэхрибан ордунан туруп айланасына көз жүгүрттү.
-Эмне болуп жатат, мен кайдамын? –ал кечөөгү окуяны эстеди. Көчөдөн эки-үч адам келип баса калышып, көзүн, оозун чүпүрөк менен таңып кайдадыр көтөрүп кетишкенин, анан оозуна кандайдыр бир суюктук куйганын, бир аздан кийин жан жүйнөсү магдырап жатып калганын, андан кийинкиси эч нерсе эсинде жок.
-Сени айбандардын уу чеңгелинен куткарып алдым, алар бизди издешип кууп жүрүшөт. Сыягы алар Кокон хандыгынын желдеттери окшойт, араларында жездең да бар. Самарканддан таптакыр кетип бараткам, сага жолуга кетейин деп атайын издеп келгем. Анан ушундай окуяга туш келип калбадымбы. Усмандын короосуна кандай келип калганыңа, эмне үчүн Кызыл-Үңкүр сепилинен келген Кокон хандыгынын желдеттери сени издеп жүрүшкөнүнө түшүнбөйм. ..
-Усмандын короосуна сени издеп барып, тигилердин чеңгээлине түшүп калдым, ал эми куралчан жигиттер эмне себептен мени издеп жүрүшкөкүнү өзүм да түшүнбөйм. Бул мезгилде топурашкан эки- үч атчан короолорду кыдырып булар турган жерге жакын келип калышкан эле.Көп өтпөй короонун жыгач дарбазасын такылдатышты.
-Үйдө ким бар,ач эшикти!
Улукбек менен Мэхрибан төрдө буларды карап турган бир нерсе жардам берер бекенби дегендей жалт карашты. Ал ырсалактап күлүп койду.
-Дагы алтын берсеңер силерди жашырып кое алам. Бербесеңер тигилердин колуна салып берем, кана тез ойлонгула!
Улукбек эч ойлонбостон койнундагы муштумдай алтындан бирди ала коюп тигинин колуна кармата салды.
-Ээй, ким бар үйдө, ачкыла эшикти!–короонун сыртынан дарылдагын үн угулуп жатты. Алиги жигит дегеле шашып койгон жок, алтынды ары-бери кармалап көрүп, анан “баскыла тиякка” дегендей белги берип аты менен кошо ат сарайга камап, сырттарынан бекитип таштады. Короо ичинде бакылдашып атышкан үндөр чыгып жатты, бир аздан кийин сырттан келгендер кетишти окшойт, короо ичи жымжырт эле боло түштү. Сарайдын эшигинин кичинекей жылчыгынан карап туруп Улукбек оор үшкүрүнө жеңилдене түшкөнсүдү.
-Тигилер кетишти.
Ошол боюнча тигилер түн киргенче ат сарайда отурушту. Атты жакшылап токуп сыртка чыкмакчы болушту эле, эшик кулпулануу боюнча экен. Бир-эки жолу тарсылдатып, ургулап, кыйкырып көрдү эле тигилер анын үнүн угушчу кейиптенишпейт, жөндөн-жөн эле бейтааныш адамдардын туткуну болуп алтындарын тонотуп, капаска түшүп калышканына Улукбек жинденип атты. Үй ээлеринин дегеле шаша турган түрлөрү жок, болгон күчү менен эшикти тээп көрдү эле жыгач эшик былк этпеди. Экөө мындан ары эмне болоор экен деп шалдырай отуруп калышты. Тээ түн ортосунан ооп калган маалда эшик акырын шылдырап, кимдир бирөөлөр кулпуну ача башташты. Мэхрибан менен Улукбек кучакташып алышып үргүлөп отурушкан. Түнкү жымжырттыкты бузушуп шартылдап аткан дабышка баштарын көтөрүшүп босого жакты карап калышты.
-Аа, мынакей, кайран эргулдар,кыналышып төр жакта отурушкан тура!
Сырттан келген караанга чочулашаУлукбек менен Мэхрибан ордуларынан тура калышты.
#344 12 May 2015 - 02:42
КОНТРАБАНДАНЫН ОРДОСУ
(бүгүнкү заман)
Файзабад шаары келгенде эле Каныбекке анча жаккан эмес, Кабул шаарына караганда бир топ эле кичирээктик, көчөлөрү тарыраак, элдери жакшыраак жашашат экен. Мейманкана издээрден мурун биринчи кезекте машинелерин кое турганга жер издей башташты.
-Биринчиден машинени дайыма токтототурган жай табалы. Убактылуу мейманкана турсак эки-үч айга батыр жалдап, акысыналдын ала төлөп коюп, анан жашай бербиз. АНдан соң Саидди издештире баштайбыз.Файзабад шаарында анын бир туугандары жашайт, бирок кайсыл даректе турганын жакшы билбейм. Бир туугандары калаада тургандан кийин ал бул жакка сөзсүз келип кетиши тийиш. Анын сары изине чөп салсак сөзсүз табабыз.Убакыт күүгүм болуп бараткандыктан калаа ичинде экөө шашылыша машине токтотконго жай издеп жүрүштү. Машинени көчөгө токтотуп коюп,чоң кварталды аралап машинелер көп болуп тизилип, токтоп турган жерди көздөй шашыла басып баратышкан. Аңгыча ары жакта эски автобустун жанында турушкан топ караан өздөрүн көздөй келаткан экөөнү карап калышты. Экөө аларга деле көңүлбөлүшкөн эмес, автобустун тушунан өтүп баратканда топтон бөлүнүп, бирөөсү бери басып келип жолду тороду.
-Силер кимсиңер, эмне кылып жүрөсүңөр бул жакта?
Аңгыча ары жактагылар да бери басып келишип, экөөнү тегеректеп алышты.
-Машинени токтотконго жай издеп жүрөбүз, бул тизилип турган машинелерди көрүп басканбыз ушул жакка.
Кара тору, узун-туурасын билинбеген далдайган жигит экөөнүн дал бет маңдайына келип туруп калды.
-Бул биздин аймак, чоочун адамдар бул жерде жүрүүгө акысы жок экенин билесиңерби?
Каныбек менен Кахар экөө бири-бирин карап туруп калышты. Калаа ичинде мындай аймак-аймак болуп бөлүнүщкөндү дегеле башына жүн чыкканы кездештиришкен эмес.
-Жок, билбейбиз, биз бул жакка жаңы,атүгүл биринчи жолу келип атышыбыз.
-Болуптур, билбегениңер үчүн кечиримдүү, бирок акысын төлөгүлө?
-Эмне кылышыбыз керек?
-Эмне төлөмөк элеңер, албетте, акча,америка долларын.
Экөө булар менен кайым айтышкысы келишкен жок. Кахар чөнтөгүнөн жүз доллары алып чыкты да алиги далдайган кишиге сунду. Анан кетмекчи болуп жаңы эле ордуна козголо беришкенде алиги далдайган киши ийнинен кармап токтотту.
-Каякка, эмне ушуну менен эле бүттү деп атасыңарбы ыя?
-Дагы канча төлөшүбүз керек?
-Чөнтөгүңөрдө эмне болсо бүт баарын алып чыккыла.
Экөө чөнтөгүндөгү акчаларын буларга кармата берсе таптакыр эч жакка бара алышпай сызга олтуруп калышмак. Каныбек алиги далдайган кишиге кайрылды.
-Башка акча жок бизде болгону ушул.
-Ошондой де, азыр эле текшере коёбуз. .. –далдайган киши ары жактагы бирөөнү көз ымдады эле ал басып келип Кахардын жан жерин аңтармакчы болуп жаңы эле кол сунуп келатканда Кахар анын колун кагып жиберди. Экинчи жолу жүткүнгөндө дагы колун кагып таштады. Буга алиги далдайган жигиттин ачуусу келе түштү. Кахарга жакын келип чоң күрөктөй колу менен куруштура желкеден кармап туруп таптак өйдө көтөрдү. Көйнөк анын мойнун кыскандыктан көзү аңтарыла, мууна түштү. Аны курчап тургандар бул көрүнүшкө каткырып күлүп калышты. Буга Каныбек кийлигишти.
Алиги далдайган киши Кахарды коё берип Каныбекти кармамакчы болду эле анын колу катуу кагылып кармаганга үлгүрө албай калды. Буга ого бетер ачуусу башына чыга түшкөн жигит эми кош колдоп кармамакчы болду. Каныбек таптакыр ага кармаганга мүмкүнчүлүк бербей кагып жиберип атты. Эми чындап ачуусу келген жигит өкүрүп-бакыра барскандай муштуму менен керилип туруп күү менен жалпайта чапмакчы болду эле Каныбек тигинин муштумун тийгизбей буйтап кеткенге үлгүрдү, ал ошол күүсү менен барып аз жерден оңкосунан сайылып кала жаздады. Дароо артына бурула калып кайрадан качырып сала берди.Канчалык муштоого аракет кылса да аракети текке кетип, абаны муштап калып атты.Анан күтүлбөгөн жерден удаа-удаасы менен бетке жеди Каныбек аны бутунун учтары менен тээп калган болчу. Башы кеңгиреп барып анан эсине келди.
-Эмне карап турасыңар!
Анын бакырганына экөөнү курчап тургандар туш-туштан жабыла кол салышты. Экөө коргонуп да сокку берип да жатышты. Четинен улам аз калып отуруп, акыры алиги далдайган жигит менен Каныбек экөө эле калышты. Далдайган кишинин муштумун көтөрө албай Кахар дажерде сулап жаткан болчу. Экөө бирин-бири аңдып туруп калышты. Тигил жигит мунун оңой жоо эмес экенин сезип турду. Ал өзү аябай көлөмдүү, карылуу болгонуменен мушташа келгенде олдоксонураак болчу. Каныбекти болгон күчү менен муштайын деп ура албай тескеринче бир канча жолу бетке жеди, атүгүл бети жарылып канагып кетти. Каныбектин муштумун адегенде тоготпой жаткан, буту менен сокку беребаштаганда кадимкидей алдастай, шаштысы кете түштү. Эми талааны муштагылаполдоксон кыймылдаганга өттү. Анан ары жактан узун темир таякты алы коюп Каныбекти карай шилтемекчи болду эле “тарс” эткен үн чыгып колундагысын таштап жиберип онтоп жерге отуруп калды. Аны Кахар чөнтөгүндөгү пистолетин сууруп чыгып колго аткан болчу. Экөө кийим-баштарын түзөп бул каргашалуу жерден кетүүгө ашыгышты. Далдайган жигиттен башкаларынын бардыгы ар кайсы жерде сулап жатышкан.
Экөө шашылыша машинелерине жакындай бергенде күтүлбөгөн жерден эки-үч машине пайда боло калды да пистолетти желкелерине такап машинеге отургузуша, кайдадыр алып жөнөштү. Каныбек менен Кахар эмне болуп жатканын өздөрү да түшүнө албай жатышты. Биринин артынан бири ээрчишкен жеңил кара мерседестер чоң заңгыраган имараттын жанына келип токтоду.Артында пистолет такап тургандар түшкүлө дегендей экөөнө белги берди.
Булар жөнөкөй адам эмес экени кийген кийимдеринен, жүргөн-турганынан, кейиптеринен эле билинип турду.
Алар өзү эшиги ачылма чоң имартатка киришти үчүнчү кабатына лифт менен көтөрүлүп чыгышты. Экөөнү чоң залга алып киришти. Кооз жасалаланган залдын ичи таза, кенен экен. Столду тегеректеп отурган кишилердин төрдөгүсү мындай отургула деп ишарат кылды. Экөө унчукпастан көрсөткөн жерине олтурушту. Буларды алып келгендер акырын сыртка чыгып кетишти. Көп өтпөй столду тегеректеп олтургандардын дагы үчөөсү чыгып кетип, экөөсү гана калды.
Төрдөгү экөө менен босогодогу экөөсү бирин- бири тиктешип турушту. Булар кимдер, эмне болгон адамдар экенин Каныбек менен Кахар алигиче түшүнбөй жатышты. Толмочунан келген тармал чачтуу, мурутчан кишиси Каныбекти сынай карады.
-Силердин эртеден бери ар бир кыймыл-аракетиңерге көз жүгүртүп, байкап турдук. Бириңер чыгыш элинин согушуу ыкмаларын жакшы өздөштүрүпсүңөр, ал эми экинчиңер болсо таамай, көздөгөн жерди жаземдебей атканды жакшы үйрөнүпсүңөр. Турпатыңарга караганда жөн адамдарданэмес окшойсуңар. Кана айткылачы, кайдан келдиңер, бул жакта эмне кылып жүрөсүңөр? Силердей адамдар Файзабд шаарында жок эле, жашырбай чыныңарды айткыла. Жалган айтабыз деп калпыңар кармалып калчу болсо...., мен андайларды жаман көрөм. Анда катуу чара колдонуп коюшум мүмкүн, бул жакка кайдан адашып келдиңер?
Каныбек менен Кахар бир азбири-бирин тиктешип калышты. Анан Кахар мен сүйлөй берейин дегендей белги берип тигинин суроосуна жооп бере баштады.
-Биз белгилүү Бэн Ладендин тобундагы Жума Наманганинин кол алдында кызмат кылган кишилерибиз. Кыргызстандан Ош деген аймагында жүрүп келдик, ал бизди убактылуу таратып жиберген. Файзабад шаарынаСаид деген жакын таанышым бар болчу, Кыргыз жергесинде чогуу болгонбуз, ошону издеп келгенбиз. Амина деген карындашым да тээ илгери орустун солдаттары менен согушуп жаткан мезгилде ушул жакка турмушка чыгып, ошол боюнча дайынсыз кеткен.Келерки жайга чейин али бакыт бар, ошол маалда Жуман Наманганинин кишилери кайрадан топтолушат, кайрадан “жүрүш” башталат. Бул мезгилдин аралыгында Саиддида, карындашым Аминаны да таап үлгүрүшүм керек...
-Болуптур, бул жаныңдагы жигит ким?
-Мунун улуту кыргыз, жердиги да кыргыздар тараптан, мени менен же тагыраагаак айтканда Жуман Наманганинин тобундагы жигиттер менен келишкен. Бул жакка мунун биринчи келиши, эч таанышы жок, ошо себептен дайыма мени ээрчип, экөөбүз чогуу жүрөбүз..
-Өзүңдүн жерлигиң кайдан болот?
-Гулбох айылынан..
-Таамай айтканды кайдан үйрөгөнсүң? <
-Жетимиш тогуз-сексен үчүнчү жылдары орус солдаттарына каршы согушка катышкам, ошол жактан үйрөнгөм..
-Кимдердин тобунда элең?
-Махамдын, аны жакшы билесиңер го дейм?
-Албетте, а бул жигитти кайсы шамал айдап келип жүрөт бул жакка?
-Түрмөдөн качып чыккан, чынымды айтсам экөөбүз качып чыкканбыз...
-Болуптур, бул го кылмыш кылып түштү дейин, а сен кайдан ал жакка же тагыраак айтканда булардын түрмөсүнө адашып барып жүрөсүң?
-Аны айтып отурсам узак тарых. Согуш мезгилинде аларга туткун болгом, согуш бүткөн соң ошол жакта калгам. Куугунтук,чыр- чатак, кайрадан түрмөгө отургам.
-Тигиниң мынчалык деңгээлде мушташканды кайдан үйрөнгөн. Сыягы “кара пояс” го дейм?
-Жаңылган жоксуңар. Жаштайынан эле кыргыз жергесинде чыгыш элдеринин мушташуу ыкмалары менен машыгып, кийинчерээк бүткүл дүйнөлүк эрежесиз мушташууларга катышып, бир далай сыйлыктарга татыктуу болгон. Кара пояс наамын да ошол жактан алса керек.
-Афган тилинде сүйлөй алабы?
-Ооба, бирок өтө деле жогору деңгээлде эмес.
-Эми бул жакта каякка жайгашалы деген ниетиңер бар эле?
-Калаада мейманканалар толуп элеатпайбы, бирөөнү таап жайгашабыз да.
-Канчага чейин жүрөйүн деген ниетиңер бар калаа ичинде?
-Аны шарт көрсөтөт, карындашымды же Саидди издегенге, тапканга аракет кылып көрөм. Тапсак таптык, таппасак...
-Таппасаңар эмне кыласыңар?
-Кайра өз жайыбызга кетебиз да...
-Каякка, Гулбохкобу?
-Андан башка кайда бармак элек.
Алиги киши бир топко унчукпай экөөнү сынай карап турду.
-Болуптур, мен силерге жардам берейин. Силердин бактыңарга биз туш келгенибиз да жакшы болду. Болбосо калаадагы ар бир аймактын кожоюндары менен тигинтип кагыла бермексиңер. Акыры бирөөлөр болбосо, бирөөлөр силерди өлтүрүп тынмак. Жанагындай жүрүш-турушуңар менен алар силерди бир мүнөт да бул жерге тургузушпайт. Ал эми биздин сөзүбүз алар үчүн закон. Кың дебей аткарышат... Мен силерди жакшы мейманканалардын бирине жайгаштырам, акча керек болсо акча менен да камсыздандырып турам. Алиги досуң менен карындашыңды табышканга көмөк берем.
Баса, силер өзүңөр ким болосуңар?
-Аны бара-бара көрөсүңөр,түшүнөсүңөр. Андан көрө менин бир сунушум бар, эгер ошол сунушума макул болсоңор, мен да экөөңөргө көмөк бере алам...
-Айта бергиле, колубуздан келсе силердин сунушуңарга биз ойлонуп көрөлү.
-Кыскасы мындай... Биздин бул жакта дайыма тапшырмаларыбызды аткарып жүргөн тандалма жигиттерибиз бар, экөөңөр аларга сабак бересиңер, же тагыраак айтканда бириңер чыгыш элинин мушташуу ыкмаларын, экинчиңер таамай атуунун жолдорун үйрөтөсүңөр, машыктырасыңар. Ошонуңарга жараша акча төлөп берип турабыз, үй-жай менен камсыз болсуңар,алдыңарга машина берилет. Калаа ичинде ээн эркин жүрө аласыңар, силерге эч кимтийише албайт.Бул жакта каалаган кыз-келиндер менен сайран кура аласыңар, силергеэч ким кың дей алышпайт. Кыскасы бейиштин жашоосу болот, менин шартым ушул. Эми силер тараптан жооп күтөм, кааласаңар азыр дароо жооп берсеңер болот, эгер ойлонгуңар келсе эртеңкиге чейин убактыңар бар. Азыр барып силерди эң жакшы деген мейманканалардын бирине жайгаштырам. Эртеңкиге чейин жакшылап кабыргаңар менен кеңешкиле, анан шашпай жообун бересиңер. Эскертип коёюн, качып таптырбай кетем деп ойлобогула, афган жергесинин кайсы керинде жүрсөңөр да баары бир таап алабыз силерди. Анда силерге болгон мамиле башкача болуп калат. Эмесе баргыла,ойлонгула жакшылап, эртең саат тогузда кайра ушул жерге алып келет силерди.Дагы бир эскерте кетчү нерсе, макул болбой моюн толгосоңор өзүңөргө терс таасирин тийгизет. АНда Фейзабад шаарынан чыгып кетүү да кыйынчылыкка туруп калат. Биздин кишилер болбосо да бейтааныш адамдар силерди атып кетиши мүмкүн.Мунун коркутуп айтып аткан жокмун, тек гана сак болсун деген ниет менен эскертүү иретинде айтып атам. Баргыла, жакшылап эс алгыла, саунасы бар, ага түшкүлө. Эртең дал ушул жерден күтөм силерди. Ал киши тегерек нерсени басып койду эле эки киши келип тигилерди сыртка ээрчитип чыгып кетишти.
#345 12 May 2015 - 03:07
ТҮНКҮ МАКУЛУКТАРДЫН ТУТКУНУНДА
(мурунку заман)
-Мынакей бобул экөө, сыягы уурулар окшойт, жан жерлеринде жалаң уурдалган алтындар бар, -алиги үй ээси тигилерге жан талаша бир нерселерди түшүндүрүп жатты. Сырттан келген топ караандын бирөөсү Улукбекке жакындап келип жан жерлерин аңтарып көрөйүн деди эле ал каршылык көрсөтө баштады. Буга ачуусу келген караан ачуулана Улукбекти бет талаштыра муштап жиберди. Дубалга башы менен катуу тийгендиктен Улукбектин көзү караңгылай кадимки баңгизатын колдонгон адамдай айлана айлан-көчөк боло башы эңги-деңги боло түштү.
-Эмне карап турасыңар, буларды кармагыла да сазайынын бергиле, каршылык көрсөткөн кандай экенин билишсин,алдыда турган караандын кыйкырыгына бардыгы жабыла экөөнү ур-токмокко алып тепкилеп киришти.
Бирөөсү ургаачы аял-зат экенин да карашкан жок. Улукбек колдон келишинче каршылык көрсөтүүгө аракет кылды, бирокбейтааныш адамдар көптүккө салып кетишти.Бир маалда катуу нерсе келип башка тийгендей болгон, калганы эсинде жок.
Канча жатканы белгисиз, эсине келип көзүн ачса ээн-талаада колу буту байланып, капкарангы оюктун ичинде жатыптыр.Жакшылап оюктун сыртана көз жүгүртсө эски коргондор көзүнө чалдыкты, күмбөздөр мүрзөлөр экен. Көрдүн ичине ыргытып кетишкенин дароо эле түшүндү. Мэхрибанды ойлой башын көтөрүп тегерегин карады эч караан көрүнбөйт. Колу-буттары байланганы аз келгенсип дене-боюу бүт жанчылып оорута, чыдай албай онтоп да жиберди.Байланган кол-буттарын чечүүгө аракет кылып көрдү эле, эч майнап чыккан жок.“Эмне кылыш керек, ушул көр ичинде өлүк менен өлүк боло сыртка чыга албай каламбы? ” Эки колу бошобосо, казанбагы аңырайып түшүп калган көрдүн ичинен эч убакта чыга албайт болчу. Түндөгү бейтааныш караандар анын үчтүндөгү кооз чапанын, баш кийимин, бутундагы маасысын сыйрып алышыптыр, андан сырткары минип жүргөн атын олжолошсо керек. Мэхрибандын эмне болгону да белгисиз. Белинде оролуп жүргөн бел курчоосун көрүп колунун учу менен акырын сыйпалап көрдү,баары жайында экен.. “Өх, Кудая шүгүр, акыркы муштумдай болгон алтынды таба алышпаптыр”. Хайрулла менен анын итин өлтүргөн кош миздүү шамшары маасысынын кончунда болчу, түндөгү каракчылар аны да олжолоп алышса керек. Айлана али караңгы, кайсы мүрзөлөрдүн арасында жатканын өзү да баамдай албай турду.“Самарканддын батыш тарабында топ мүрзөлөр бар эле, мен ошол жердеминби, же башка жакта жатамбы.Баса, Мэхрибанды эмне кылышты, тиги зөөкүрлөр аны да мени тепкилегендей кылып тепкилеп жатышты эле өлтүрүп коюштубу назик немени?” Бирмаалда дабыш чыгып көрдүн оозуна кандайдыр караандын жакындап келгени байкалды.Көлөмү, чоңдугу жагынан мышыктардан айырмасы жок экен. Ал бир ордунда былк этпей, бир нерсенин жытын сезгендей көрдүн ичин көпкө чейин тиктеп турду.Улукбек үн чыгарып кыйкырып койду эле заматта көздөн кайым болуп кетти.
Байлануу колдорун чечүүгө бир канча жолу аракеттенип көрдү, оозун бутуна жакындатып, байланган жиптин учун издеп, ар кайсы жерин тиштегилей баштады. Карангыда эч нерсе көрүнбөйт. Канчалык аракет кылса да эч кандай майнап чыгара албай койду, бир жагынан катуу токмок жеген денелери кыймылдаган сайын чыдатпай оорутуп жатты. Арадан көп убакыт өтпөй эле көр оозунда алиги кичинекей караан кайрадан пайда болду, анын артынан дагы эки-үчөөнүн караандары көрүндү. Үн чыгарып катуу кыйкырып көрдү эле алар дегеле сезгенишип койгон жок, бирок көр ичине киргенге даай албай турушту. “Булар эмне болгон жаныбарлар, көр-көр мышыктарбы, бирок алар мындай топ-тобу менен жүрүшпөйт да”. Дене түзүлүштөрү мышыктардыкына караганда бир топ эле чоңдук кылат экен. Бир маалда алдыңкы баардыгынан чоңураагы акырын көрдүн ичине жылып түштү. Улукбек катуу кыйкырганда ал ошол замат эле чыга качты, бирок көп өтпөй көрдүн оозунда кайрадан пайда болду. Бир аз турган соң ага кайрадан кыймыл кирип акырын жыла Улукбекке жакындай баштады. Көр ичинде жаткан жаныбардын алсыз экендигин сезип турду. Алиги алдындагы чоң караан жакындаган сайын анын артынан башкалар дагы ээрчишти.Болбогон эле бир макулуктарга жем болооруна көзү жеткенУлукбек жок дегенде колго бир нерсе урунар бекенби деп колунун учтары менен жанжерлерин сыйпалап ары-бери оодарыла берди. Караңгы көр ичинде ар кайсы жерде чачылып жаткан адамдан сөөктөрүнөн башка эч нерсе жок болчу. “Булар эмнелер, чөөлөрбү же көр-көр мышыктарбы? ” – ал эки бутун көтөрө калып алдыңкы келаткан караанды бетке тепти эле катуу “чарр!” деген үн чыгып, алиги макулуктар тигиге жабыла беришти.Улукбек тиштеп же тырмактары менен тартып жиберишпесин деп бетин калкалай көмкөрөсүнөн оодарылып кетти. Туш-туш жактан тытмалаган тырмак миздери, калың кийимдерин айрып жатканын сезип жатты. “Чын эле ушул кичинекей макулуктардын жеми болуп каламбы? Канчалаган өлүмдөрдөн калдым эле эми менин акыркы күнүм,акыркы ичээр суум ушул караңгы көрдүн ичиби? Оо, Кудайым, дагы бир жолу жардамыңды аяй көрбө менден!” Улукбек карангы түндөгү макулуктарга каршылык көрсөтүп жатып ушуларды ойлоп жатты.
“Оо жараткан күчтүү Кудайым, ушунча жылдан бери далай ажалдан калып, атүгүл топ карышкырлардан кутулуп, ок жеп бийик жардан кулап андан да аман калып, Үрүмчүдөн өлөрчө таяк жеп кабыргаларым сынып ат сарайга жатып калган күндө да киши болуп оңолуп кеткен жаным эми ушул болбогон эле кичинекей макулуктарга жем болуп беремби, андай болушу мүмкүн эмес. Мен жашашым керек” – ал ушуларды ойлоно, өзүнчө сүйлөнүп туш-туш жактан тытмалап жаткан макулуктардан коргонуп жатты. Бирөөсүн коштолуп байланган буттары менен тээп, экинчисин коштолуп байланган колдору менен ургулап колунан келишинче каршылык көрсөткөнүн уланта берди. Алиги кичинекей макулуктар жабыша калышып, курч тырмактары менен калың чачынан тытмалашып, тиштегилешип кайра жерге түшүп кетип жатышты. Алар да колу-буту байланган туткундун колунан эчнерсе келбесин сезип жаалданыша кандайдыр ачуу дабыш чыгарыша заматта туш-туш жактан кийимдерин тытмалап жиберишти. Чапанынын калыңдыгы, бышыктыгы Улукбекке бир топ эле көмөк бергенсиди. Мурунку ажал менен алышкан күндөр бир тең,бүгүнкү күн бир тең болду. Айласы кеткенде көр ичиндеги кишинин сөөктөрүн колучу менен алып ошол менен туш тараптарына жабышкан макулуктарды чапкылап кирди.Макулуктар кичинекей болгону менен аябай шамдагай экен. Улукбектин чапканына үлгүртпөй буйтап кетип кайра чап кенедей туш-туш жактан жабылып жатышты.Бирөөсүн дааналап туруп сөөк менен чапты эле Кудай берди болуп сокку ага дал тийип жерге жабыша түштү да, араң жан боло тыбырчылап жатып калды. Эңкейип алып туш келди колундагы сөөгүн шилтеп жаткан ал тикесинен турууга аракет кылыпкөрдү эле, көр ичи жапыс болгондуктан кайра жерге кулап түштү. Кооз чапанынын баары эч нерсеси калбай тытмаланып айрылып, акырындап ички кийимдери да тытыла баштады. Бирөөсү колун тиштеп алды эле, ал катуу ооруганына чыдай албай бакырып жиберди. Эми ал шашкалактабай акыл-эси менен иштөөгө аракет кыла баштады. Кичинекей курч тырмактуу, курч тиштүү макулуктар менен дээрлик таң агарганча кармашты.Беттерине да тырмактын издери калып, кан агып, бир жагынан түнкү токмоктун уусу тарабай кыйынчылык менен туруштук берди. Айланага акырындап жарык кире баштаган болчу, ал колундагы сөөк менен далдап туруп экинчисин да жерге жабыштыра чапты.Айланага жарык кире баштаганда тигилер биринин артынан бири көрдүн кичине оюкчасынан сыртка секирип чыгып а заматта көздөн кайым болуп кетишти. Көр ичи жымжырт боло бир азга тынчый түшкөнсүдү. Шалдырап өзүн араң кармап турган Улукбек жерге кулады да көпкө чейин кыймылсыз жатты. “Кызык, бул эмне болгон макулуктар. Мышык десе мышыкка окшошпойт, чөө десе чөөдөн да башкача болуп айрымаланып турушат. Эмнеси болсо да аман калдым, Кудайымдын буйругу менен. Бираз эс алыбалып көрдөн сыртка чыгууга аракеттенишим керек”. Ал түнү боюу катуу кыймылдагандыкабы жерге жатаары менен дароо көзү илинип кетти.
Канча жатканы белгисиз, бир аздан кийин ойгонсо күн шашке болуп калыптыр. Акырын башын көтөрө көр ичине отура кетти. Айланасына көз жүгүрттү ар кайсы жерде чачылып жаткан кишинин сөөктөрүн көрдү. Көрдүн ичине ал тээ илгертеден эле көгүп бүткөн, кээ карышкырлардан коргонгондо кичинекей көрдүн оюкчасына сойлоп кирип оозун бүтөп жатып алган да мезгилдери болгон. Көрдүн ичинде уктап калып жыланга чактырып алып, араң дегенде айыккан күндөрү болгон. Жарымысынан сынып жаткан адамдын кол сөөгүн көрүп кокусунан ашына бир ой кылт эте түштү. Анан сынып жаткан сөөктүн бир жагын кош колдоп алып учтуу кыры менен арканды кыюуга каракет кылып өйкөй баштады. Дээрлик бир чай кайнамдай бутундагы байланган арканды өйкөгүлөдү. Четинен акырындап кырчылып отуруп бир кезде аркан үзүлүп кетти. Кудай берди,оролгон жип жанып эми байланган колдорун жөн гана чечип алды. Анан чырмалган буттарын чечти. Денесине кан жүгүргөндө чымырып оорутуп кирди. Алиги өзү сөөк менен чапканда кулап түшкөн жерде чала жан жаткан макулукту бир карап коюп сыртка тырмалаңдап чыга келди. Өзү каяк жакта экенин түшүнбөй жатты, тоо арасындагы байыркы калмактардын көрүстөнүнө ыргытып кетишиптир. Айланасынын баары тоо-таш болгондуктан, Самарканд кайсыл тарапта экенин баамдай албай турду. Бети-башынын баары кызыл-ала, чачтары уйпаланган, кийимдеринин тамтыгы калбай тытмаланган көрдөн суурулуп чыккан бул кишини көрсө ким болсо да чочумак.< br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">
Улукбек кайда барарын, эмне кылаарын билбей турду. Белиндеги чүпүрөккө оролгон муштумдай болгон бир тоголок акыркы алтынын бир аз кармалап ойлонуп турду. Анан “тобокел” деп ордунан козголду да тоо аралай төмөн карай түшүп жөнөдү. Ал акырындап калмактардын эски көрүстөндөрүн артка калтырып, түнкү жырткычтардай ыркырай соккон шамалга бетин тосо, энтиге дем ала улам алыстап узап кетип баратты.< br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">
(Экинчикитептин аягы).
#346 13 May 2015 - 08:19
Үчүнчү китеби бар. Мен да китепканадан алып көчүрүп жаттым эле, азыр үчүнчүсүн ала албай жатам
#347 20 May 2015 - 12:04
Тема тазаланды!
Чыгармалар үчүн ой-пикир жазчу тема бар! Ушул эле бөлүмдү жакшылап карап чыгыңыздар!
Дагы чыгармадан башка билдирүү жазылса, таарынбагыла!
#348 20 May 2015 - 18:23
АЛГАЧКЫ СЫНОО
(бүгүнкү заман)
“Бөтөн элдин султаны болгончо, өз элиңдин ултаны бол” дегендей башка өлкөдө тилин, салтын, жашоо өзгөчөлүгүн билбей туруп өмүр сүрүү Каныбек үчүн анча жеңил болгон жок. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп чет элдиктердин сунушун кагуу да одолдук болуп калмак. Кахар менен Каныбек өздөрүнчө акылдашып отурушуп бир чечимге келишти.
-Болуптур, алардын айткан сунушуна макул, бололу, бирок бир шарт менен. Бир жылдык кылып контракт менен келишим түзөбүз. Ошол келишимдеги мөөнөтүбүз бүткөндөн кийин ал бизди коё бергендей болсун.
-Жакшы идея, бирок..
-Эмне бирок?
-Тигилер буга макул болушабы?
-Макул болушпаганда кайда барат?
Экөөнүн койгон талаптарын тигилербир аз ойлонуп туруп, анан кабыл алышты.
-Болуптур биз буга макулбуз, бирокбизде да бир шарт менен...
-Айта бергиле.-Силер азыр өзүңөр кандай болсоңор,аларды да дал ушундай кылып тарбиялап чыгышыңар керек. Сүйлөштүкпү?
-Сүйлөштүк.
Тигилер экөөнө атайын эки бөлмөлүү бардык шарты бар үй алып беришти. Андан сырткары “Хонда” жеңил машинесин да тартуу кылышты. Чындыгында экөөнө баары бир моюн толгогонго мүмкүнчүлүктөрү жок болчу. Шаардан чыгарбай ачыктан ачык эле атып салышмак. Анын үстүнө алдыларында экөөнө тең машина болуп Саид менен Аминаны издегенге толук мүмкүнчүлүк түзүлмөк.
Тигилердики эң тандалма жигиттери жыйырмадан ашык, бойлору эки метр, узун туурасы бирдей болгон далдайган жигиттер экен. Ооганстан боюнча атайын тандалып алынып келинсе керек. Экөө алар менен дароо эле эртеси күндөн тарта атайын машыктыруучу иштерин жүргүзө башташты.Кахар таамай аттырганга үйрөтүп, ал эми Каныбек болсо чыгыш элдеринин мушташуу ыкмаларын кунг-фу, күрөш, бокс, каратэ, таеквондо, ушу дагы көптөгөн мушташтын түрлөрүн дал өзүндөй кылып үйрөтмөк. Бул үчүн аябайгандай көп эмгек талап кылынмак, анткени тигилер далдайышканы менен көп нерсеге шыктары жок экен.Булар кандайдыр бир жакка атайын даярданып жатканын экөө тең сезип атышты.Бирок, каякка, эмне максат менен ушунчалык даярдыктан өтүп жатышканын экөөсү тең баамдай алышкан жок.
Каныбекке баардык шарты бар чоң,кенен спорт зал беришти, мындай спорт залды Кыргызстандын эч жеринен көргөн эмес. Булардын баарынын үстүнөн жетектеп жүргөн алиги киши өзүн тааныштыра кетти.
-Менин атым Хамид, эмне маселе болсода, силер эмнеге муктаж болсоңор да мага кайрылгыла, бардыгын чечип берем.Экөөңөрдө тең машинаңар бар, үйүңөр бар жашай турган. Кыз-келиндер маселеси болсо тартынбагыла, каалаганыңар менен жүрө аласыңар. А эгер акча керек болсо бир киши менен тааныштырып коём, ошондон каалаган учурда ала бересиңер. Дагы бир эскертип койчу нерсе, арамзаланбай, кууланбай бүт дитиңер, ниетиңер менен берилип иштегиле, чынчыл болгула. Менин болгон талабым да, суранычым да ушул.
Каныбек бүгүн спорт залга биринчи жолу машыктырганы келди. Белдерине чейин ак шым кийинишип, өйдө жактары жылаңач турушкан топтошкон жигеттер а дегенде Каныбекке анча деле маани беришкен жок.Дене түзүлүштөрүнө караганда оор атлетика, культуризм менен машыккандары кадимкидей билинип турат. “Бир катар болуп тизилгиле” деген чет элдик акцент менен Каныбектин өтүнүчүнө көпчүлүгү тоотпогондой мамиле жасашты. Эки-үч жолуайткандан кийин гана араң жан анын буйругун аткарсамбы же аткарбасамбы дегендей акырын кыбырап бир катар болуп тизиле башташты. Булардын мындай мамилеси Каныбектин ачуусун келтирди. Талапты өтө катуу коюп, катуураак мамиле жасабаса өздөрүнүн чытыраган булчуңдарына, бой мүчөсүнө менменсинип, буйругун анча укчу кейпилери жок.
Бирөөсү жумуштары менен келбей калган болбосо баш-аягы бардыгы жыйырма эки адам болчу. Араларында ооган улутунан тышкары арабдар, тажиктер, индустар, атүгүл өзбектер да бар экен. Үч жылданбери культуризм анан анча-мынча каратэ менен машыгып жүрүшүптүр. Бардыгы менен таанышып чыккан соң алгачкы машыгууларын башталды. Машыгуунун жолун, түрлөрүн,күнүмдүк катышуу расписаниесин атайын алдын ала иштелип чыккан. Машыгуу жаңыдан башталганда булардын эң үстүнөн караган алиги Хамид деген киши эки-үч адам менен келип атайын карап турушту. Машыктыруудан өткөрөрдөн мурун өзүнүн ким экенин, кандай экенин көрсөтүш керек болчу. Каныбек эң чоң булчуңдуу, көлөмдүү далдайган кишини тандап алды. Ал көлөмү жагынан да, бою жагынан да Каныбектен эки эсе чоңдук кылчу. Калгандарын кыдырекей кылып малдаш токунтуп отургузду да тигиге мушташтын кээ бир ыкмаларын көрсөтө баштады. Мурун кимдин бирөөлөрдүн мектебинен өтсө керек, анча-мынча каратэнин мушташуу ыкмаларын билет экен.
Адегенде ал өзүн көрсөтө Каныбекке керсейип мамиле жасап жатты эле, эки-үч жолу талуу жерге жегенден кийин кичине сестенип калды. Колунан келген мушташуу ыкмаларын көрсөтүп көрдү эле эч майнап чыккан жок. Каныбекти бир да жолу сого албай койду, мышыктай болуп өзүн эркин,аябай жеңил, шамдагай алып жүргөн адамды муштаган соккуларынын баары талаага кетип атты. Бир кезде кандай болуп оңкочунан кулап түшкөнүн өзү да сезбей калды. Ордунан туруп кайра согушуга аракет кылып көрдү эле, экинчи жолу катуу жеген соккудан жерге кулап, эки-үч жолу аласалып барып жатып калды. Анын мындан ары мушташууга дарманы калбай калган эле.
Каныбек андан кийин дагы эң көлөмдүүэки адамды алып чыкты. Экөө тең мушташууну анча өздөштүрбөгөндүктөн көп өтпөй эле эки жерге сулап жатып калышты.
Булардын анча мушташа албаганын, эч ким анча деле үйрөтпөгөнүн сезген Каыбек дароо эле беш адамды алып чыкты. Бешөө беш жактан жабылыша Каныбекти тегеректеп алышты. Бирок кол салууга даай албай турушту. Далдайган бирөөсү качырып сала берди эле, калгандары анын артынан ээрчишип жабылыша. Бирок көз ачып жумганчалык ылдамдык менен Каныбек курчоодон чыгып кетип өзүнчө туруп калды. Алиги далдайганы кайра чабуулга өттү, бирок Каныбек дагы буйт берип өтүп кеткендиктен ал өзүнүн күүсүн кармай албай аз жерден жыгылып кете таштап барып оңолду, чагылгандай ылдамдыкта желкеге жеген соккудан ошол боюнча көмкөрөсүнөн жерге учуп түштү. Калгандары кайрадан жабышты туш – туш тараптан. Каныбек улам курчоодон чыгып кетип, тигилерди четинен бирден сулатып олтуруп бир кезде согушканга эч кимиси калбай калды. Катуу талуу жерге жеген соккудан мушташууга дараметтери жетпей калган эле. Атайын комиссиянын мүчөлөрүндөй болуп анын мушташуу ыкмаларын көргөнү, текшергени келишкен кишилер анын өнөрүнө ыраазы болуша кол чапкылап жиберишти. Ошо жерде жаткандар бир топтон кийин эстерине келе аран орундарынан козголо башташты
Хамид Каныбектин жанына басып келди.
-Менин эң ишенимдүү үч адамым бар,мындайча айтканда алап менин жан коргоочторум. Ошолор менен күч сынашып көрчү.Анан сенин ким экениңди билем
Хамид баш болгон топ биринин артынан бири ээрчише спорт залдан чыгып кетишти. “Алар кандай адамдар болду экен, анын бул жыйырмадан ашык тандалма жигиттери мындай далдайып турушат. Анын“телохранителдери өздөрүнчө эле дөө болуш керек, а балким алардан жеңилип калсамчы, анда эмне болот?” – Каныбекке ошондой ойлор келип кезектеги кездешүүгө өзүн даярдай баштады. Бишкекте машыктыруучу болуп иштеп жүргөндө өзүнүн балдарын жумасына үч жолу машыктырчу, бул жакта болсо Хамиддин айтуучу менен жумасына төрт жолу, акырындап беш жолу машыктырууга туура келип калды. Анынүстүнө спорт залы аябай кенен, машыктырганга бардык шарттар бар болчу.Арадан үч күн өткөндөн кийин Хамид үч жигитти ээрчитип келди. Бирөөсү өзү ойлогондой эле бою эки метрдей келген,моюну жоон , билектери да аябай жоон, кең далылуу, төштөрү чыгып турган тармал чачтуу, коюу кара кашы бар кара торусунан келген жигит экен. Экинчиси болсо бою дагы дене түзүлүшү дагы өзүнө окшош ал эми үчүнчүсү болсо жапалдаш бойлуу арыкчырайынан келген илмейген жигит экен, сыягы корея же кытай улутунан окшойт. Аны бир караган киши “ушу телохранитель болуп эмнени жыргатат” деп ойлошу да мүмкүн болчу.
Экөөсү ары жактагы ордундукка отуруп алиги далдайган дөө кишиси ортого чыкты, керкейе тарта шашпастан үстүндөг үфутболкасын чечип салды. Жоон моюндуу, жоон билектүү эби-сыны жок далдайган адамдын аябай карылуу экенин билгизип турду. КАрмаган адамды төрт бүктөп кабыргаларын, колдорун жөн эле сындырып койчудай. “Биздин Кожомкул балбан дагы ушундай болуш керек” деп Каныбек ичинен ойлоп койду. Аны жеңе алар, жеңе албасына өзүнө анча ишене албай турду. Жанына жакын басып келди эле дөөнүн жанында тургандай элестетип кетти өзүн. Зал ичинде болгону Хамиддин жандоочулары менен жети-сегиздей гана киши бар болчу. Ары жакта отургандар бирөөсү алаканын чаап баштагыла дегендей белги берди. Экөө бири-биринен көздөрүн албай жакындашып, ары-бери айлана басышып аңдып турушту. “Тобокел” Каныбек чабуулду биринчи баштады, өзүнүн ыкмасына салып тигини эки-үч жолу сокку берип өттү да кайра алыстап кетти. Сокку ушунчалык тез болгондуктан жигит соккуга коргонуп үлгүрө алган жок. Барскандай болгон муштумун түйө керилип туруп Каныбекти муштап өттү эле КАныбек өзүнө жеткирбей буйтап кетти. Бири бирине чабуул коюп муш шилтешкен сайын Каныбек анын көптөгөн ар бир кемчиликтерин байкап атты. Аябай далдайганы менен өтө олдоксон кыймылдайт экен. Мушташуу кызуу күчүнө кирген сайын Каныбек өзүн ээн-эркин кармай баштады. Аны таптакыр мушташканган мүмкүнчүлүк бербей, ачуусуна тийип мазактап атты. Тигинин жаалы бетине чыга баса калып төрт бүктөп салууга аракет кылып, бирок аракетинен майнап чыгара албай койду. Бир аздан кийин Каныбек жалаң буту менен иштегенге өттү. Улам мышыктай секирип келип тигини бетке тээп, башка тээп, моюна тээп таптакыр айласын кетирип жиберди. Чап этип кармаарда мышыктай буйтап кетип дароо жооп кайтарып буту менен шилтеп кетип атты. Анын бети-башы жарылып кызыл- ала болуп кетти, бир жагынан чарчап дагы калды. Мушташты улантууга дарамети жетпей өзүн араң кармап турган. Ары жактан Хамид “болду жетишет”дегендей колун көтөрө белги берди эле алиги далдайган киши дароо анын сөзүн илип ала коюп, ары көздөй басып кетти. Бирөөсү ага чүпүрөк берди, тигил көзүн жума бетиндеги кандарын аарчып тазалай баштады.
Каныбек да Хамиддин сөзүнө баш ийгендей ары басып жөнөдү эле токто деп белги бере “эми сен чык” дегендей экинчисине кол шилтеди. Тиги ары жакта дене-башын түздөп колу-баштарын чоюп,денелерин укалап, мурунтан эле мушташууга даяр турган. Ал дароо эле ортого атып чыкты. Каныбек бир аз да болсо эс алып анан мушташууну улантам го деп ойлогон,жок андай болбоду. Мушташ кайрадан уланды. Ал чыгыш элдеринин мушташуу ыкмаларын жакшы өздөштүргөн неме экен, өзүнүн ыкмаларына салып, Каныбекке улам- улам сокку уруп, болгон өнөрүн көрсөтө баштады. Каныбек билбеген бир топ каратэнин ыкмаларын билет экен. Анын соккуларын тосуп, ошого карата жооп да кайтарып жатты. Адегенде ал Каныбекке үстөмдүк жасап, буту менен да колу менен да үстөкө-босток, сокку үстүнө сокку уруп болгон ыкмаларын колдонду. Каныбек анын соккуларын тосуу менен акырындап ар бир мушташуу ыкмаларын колдон келишинче өздөштүрүп алууга аракет кылып көрдү. Экөө жыйырма мүнөттөй мушташкандай кийин тигил мурунку ыкмаларын кайра баштан кайталоого өттү. Анын чабуулун жакшылап өздөштүрүп эстеп калууга аракет кыла эми Каныбек өзү акырындап чабуул коё баштады. Эки жолу учура согуп,үчүнчү жолу кулап түшкөндө Хамид мушташты токтотууга белги берди. Тигиниси ордунан туруп келип кезектеги мушташка даяр туруп калган болчу, бир Хамиддин буйругуна баш ийе, таазим кыла ары көздөй басып кетти.
Хамид Каныбекти бир аз эс алып алдегендей белги берип, алиги илмейген кытай жигитине сен даяр болуп тур деп колун жаңсады. Тигил эки алаканын бириктире ээгине алып келип башын төмөн карай ийип койду. Арадан беш мүнөттөй убакыт өткөн соң отургандарын бирөөсү мушташ улантылсын деп алаканын чаап колун көтөрдү. Алиги илмейген кытай жигити эбакта эле ортодо тигини күтүп турган болчу. Ар бир ордунда былк этпей Каныбектин ар бир кыймылын байкап турду. Экөө бир топко бири-бирин аңдышты, Каныбек адегенче“тобокел”деп кол салды эле тигил да ага жооп кайтарып экөө мушташа баштады.Кытай жигит аябайгандай чапчаң, Каныбекке караганда аябай жеңил ушунчалык тез кыймылдайт экен. Мындай чагылгандай тез ылдамдык менен иштеген адамды Каныбек өмүрүндө биринчи жолу көрүшү. Анын соккуларына араң-араң үлгүрүп атты,дегенкиси мушташуу ыкмаларын жакшы өздөштүрүптүр. Экөө дээрлик жарым сааттай мушташышты, бири-бирин таптакыр жеңе албай коюшту. Күтүүсүз жерден Каныбектин буту менен тепкен соккусунан анча-мынча теңселе түшкөндө гана ары жактан мушташты токтоткула деген белги болду. Экөө баштарын ийе тигиге таазим кыла эки жакка ажырап кетишти. Зал ичинде карап турушкандардын баардыгы ордуларынан турушту да Каныбекти жалгыз калтырышып сыртка чыгып кетишти. Ага эч нерсе айтышкан жок. “Буларга эмне болду, жакпай калдымбы?”, - Каныбек таңгала залда бир ордунда катып туруп калды. Ал мынчалык узак убакытка өмүрү урушуп көргөн эмес, ушунчалык оор кармаш болду, чарчап, алсыраганы кадимкидей сезилип турду.Башы да арак ичкендин эртеси күнкүдөй кеңгиреп ооруп калыптыр. Кечинде бөлмөсүнө келип, душка чайынып кроватка жатары менен эле, көзү илини кетти.Тамак ичип аткан маалда да Кахар иштин чоо-жайын сурап үлгүргө алган жок.
#349 20 May 2015 - 18:30
ЖОГОЛГОН КАЗЫНАНЫ КЫРГЫЗДАР ДА ИЗДЕШҮҮДӨ
(мурунку заман)
-Андай болушу эч мүмкүн эмес, Кокон хандыгынын жазалоочу отряды Абдурахман Афтобачинин желдеттери Кызыл- үңкүрдү курчап алышкан Алымкул бий өзү да бар болчу дешет. Жалаң кыргыз- кыпчатардан түзүлгөн ондон ашык адам эч кимге билгизбей чептин жашыруун жолу менен мүшөк каптарга жүктөлгөн алтындарды алып чыгып кетишиптир, -Маматкулбий, Эсенгул баатырды өзүнө чакырып алып кеңешип атты.
-Ооба, бирок ошол кишилер кимдер экенин алигиче дайындары чыкпай атпайбы. Мына андан бери канча мезгил өттү,жоголгон казынанын дегеле дайын-оту жок.
-Казынада эмне буюмдар бар экени такталдыбы?
-Ооба, жоондугу бир кучак келген он эки таар каптарга жүктөлгөн алтын, күмүш, сыргалар, алтын шакектер, билериктер, ар кандай кооз буюмдар атүгүл алардын арасында уютулган алтындар дагы бар имиш.Ал алтын буюмдар... тиги Иран, Ооган, Араб атүгүл Кытай жактан да келген буюмдарбар экен. Соодагерлерден түшкөн, каракчылардан тартылып алынган, уурдалган,тонолгон, кыскасы ар кошкондон бир кошкон болуп чогултуп келген алтын буюмдар болчу дешет. Менимче ал буюмдар Өзбек, Тажиктерлин деле колуна өтүп кеткен жок.Анда эбакта эле билинмек. Алтындар өзүбүздүн эле кыргыздарда, бирок каякта,кимдер алганы дайынсыз болуп атпайбы.
Кызыл-Үңкүрдүн ичинде Кокондуктарменен кыргыз-кыпчактар кызыл-кыргын болуп жатканда билинбей сепилден жашыруун чыгып кетишкен он бешке жетпеген адам Абдурахман афтобасинин желдеттеринин курчоосуна түшүп калып, бири да калбай баары өлтүрүлгөн турбайбы. Анда сепилден жашыруун алынып чыккан алтындар каякта кетиши мүмкүн. Ошончо адамдардан кантипэле бир-экөөсү аман калышпасын. А балким алтындарды каяккадыр жөнөтүп жиберип өздөрү кокусунан курчоого кабылып калышкандыр?
-Ал алтындар Абдурахман Афтобачинин жазалоочу отрядынын колуна түшүп калып, бөлүп-балап кетишкендир?
-Анда ал кабар эле Кокон хандыгына эбакта эле жетмек, анын үсүтүнө хандын желдеттери ошончо аллтын буюмдарды тынчтык жолу менен бөлүшө алышпайт болчу, ортодо сөзсүз кан төгүлүү болуп кетмек. Ал окуя эбакта бизге да угулмак.
-Алтындарды бир жерге жашырып, көмүп салыштыбы?
-Ызы-чууда, арт жакта куугунчулар келатышканда үлгүрө алышмак эмес, көмгөн күндө да жаңы көмүлгөн жер билинип калмак. Болду болбоду аларды качкындардын кандайдыр бөлүгү тоо тарапка алыпкетишти да бир жерге жашырып коюшту. Тоо арасында жашырганга ылайыктуу үңкүрлөр көп эмеспи. Хамзанын каракчыларды деле канча мезгилден бери тоо арасындагыүңкүрлөрдү эч кимге билинбей жашап жүрүштү. ОШондой үңкүрлөрдүн биринде жашырылып калышы да мүмкүн
-АНда ошол үңкүрлөрдүаңтарып- теңтерип издесекпи?
-Ошентсе да болот, бирок сак болушкерек. Азыр кырдаал анча түзүк эмес, жергебизди орустар да каптап кетти. Аларчет-чеберин билип калчу болсо эле алар да издөөгө өтүшөт, ошончо байлыктан куру калып калабыз.
-Анда он-ондон кылып адам курап, үчтопок бөлүнөлү. Тоо-таштарды бөлүп алып, жакшылап издеп көрөлү, Кудайым буюруп табылып калса табылды, табылбай калса анда ошол алтынды жашырган адамдардан тирүү калгандарын издеп табуу керек.
Маматкул бий менен Черикчил бий ээн боз үйдө кымыздан ууртап-татып коюп, өздөрүнчө акылдашып отурушту. Экөө көптөнбери жолгуша элек болчу. Атайын Кара-Кочкордон өтүп айтылуу Соң-Көл жайлоосуна келип серүүндөп отурушканын эки аптадай болуп калган. Ушул мезгил аралыгында дайынсыз жоголгон казына туралуу өздөрүнчө талкуу кылып, акыл-кеңеш курупкөрүштү. Ошол Кызыл-Үңкүрдөгү окуяга катышкан кыргыздардын бир-экөөсүн издеп таап, жоголгон кызынага анча-мынча болсо да илмек издегенге аракет кылып көрүштү. Бул мезгилде Орусия тараптан орустардын жаңы тобу Ысык-Көлдүн Чолпон- Ата тарабына көчүп келишкен. Алар үчүн Сары Өзөн Чүй өрөөнү дегеле ылайыктуу жер болчу. Алар акырындап Бишкек сепилинин жанына Токмоктун айланасына жакыныраак көчүп келип жайгаша башташты. Кээ бир өзүнүн тобу менен келишкен көпөс адамдар жакшы жерлерди тандашып, ошол жерге үй салдырып, айлана-чөйрөсүн өзүнүн менчигине алып киришти. Кокон эзүүсүнөн куткарган орустарга кайсы жерди тандап алып жатышса да кыргыздар “лям” деп ооз ачышпады.
Акырныдап Кокондуктардын кол салуусу, үстөмдүк кылуусу көп жылдык эзүүсү такыр такыр токтотулуп, унутула баштады. Өмүрү талаачылыкты иштеп көрбөгөн көчмөн кыргыз эли орустардын эгина йдап жатканын көрүшүп, аларга жалданып да иштей коюп жүрүштү
Жоголгон казынан кайда жашырылганын жападан жалгыз бир гана адам билээрин, ал Улукбек экенин, эки гана адам билчү,бирөөсү Мэхрибан, экинчиси анын атасы Набиджан. Набиджандын кокусунан оозунан сөз чыгып кетип, Кокон желдеттеринин Мэхрибанды көптөн бери издеп жүрүшкөнү да ошондон болчу. Ал Самаркандагы кандайдыр бир короонун ичинде Улукбек менен жашарынып жатканда түндөсү келген караандар экөөнү тең эстери оогончо сабашып, Улукбектин кооз ат жабдыгы баратын тартып, чапанын сыйрып алышып, өлөөрчө токмок жеген өзүн катуу чырмап байлап туруп, тоо арасындагы эски көрүстөндүн ичине ыргытып салып кете беришкенэле. Ал эми Мэхрибанды болсо Самаркандан Ошко, анан Алай, Өзгөнгө алып барып көл тарапкан келген Абил бий деген көпөскө бир тай, бир кап унга сатып жиберген. Ал бий аны Көлдүн бир жакасын кармап турган Мырзахан деген кишигетартуу кылып жиберди. Көзү-башы бакырайган бул сулуу кызды Мырзахан өзүжактырып калып токолдукка алып алды. Анын мындан сырткары дагы үч аялы барболчу. Жашырылган алтындарынан анча алыс кете албаган Улукбек Мэхрибанды издеп Самарканд, Анджиян, Ош атүгүл Памир Алайга чейин барып, жедеп өлүү-тирүүсүн билбей түңүлгөн соң кайтып келди.
Эми өзүн жападан жалгыз сезе бул жерден таптакыр алыс жакка кетип эч ким тааныбаган тынч жерге барып отурукташып жашоону ойлонуштурду. “Жетишет ушунча жыл жер казып тентидим, эми мен адамча жашоом керек. Качанкыга чейин ушинтип кайра-кайра көр ичинде коркуп, кор болуп өмүрүмдү өткөзөм. Мен да адаммын, керек болсо мен деген бул дүйнөдөгү эң байадаммы”. Ал ушундай чечимге келди, бирок мынча алтынды башка жакка кантип алып кетүүсүн ойлоп башын катырып атты. Акыры өзү менен кошо бир кап алтынды алып,ошону сатып жер, үй мал алып жашоону чечти.
Чоң-Кеминге, Ново Российскийге, Кичи Кеминге Самсоновка кыштактары түшө баштады.
"Мынакей көптөгөн алтындардын, ушунча байлыктардын кожоюну болгонума дээрлик жыйырма беш жылдын жүзү болуп кетиптир. Ушул аралык ичинде эмне жакшылык өрдүм. Тескеринче кандай гана азаптарды тартпадым. Канчалаган кордуктарды көрүп, канчалаган өлүмдөрдөн калдым. Дагы жаным бек экен, менин ордумда башка бирөөлөр болгондо эбакта эле тиги дүйнөдө жүрмөк. Анын үстүнө алтындардын дагы таасири болду болуш керек.Ошону деми менен мен кандай кыйынчылык, тоскоолдук болсо да аларды жеңипжашашым керек деп өзүмө-өзүм кайрат-күч берип, дем берип келбедимби. Кызык,ушунча байлыгым туруп мен эмнеге жер безип, тентип көрүнгөндөн кор болуп жүрөм.Менин анча-мынча алтындарымды тартып алган тигил эле Хайрулланы карабайсыңбы, Самаркандга белигилүү киши болуп, заматта эле байып кеткенин. Ал бул алтындардын элүүдөн бир бөлүгүн гана алган. Беш алты жерге үй салдырып, (дагы эмнелери бар экенин ким билет?) атактуу көпөстөрдүн бири болуп чыга келди. Мен ошондон эмнем кем, Кудая шүгүр колу-бутум соо, ден-соолугум деле жаман эмес.Бирок башты ооруткан бир гана нерсе турат, ушунча алтындарды каякка жумшайм,кимдер менен байланыш түзөм. Эгер алар шек алып билип калышсачы, артымдан аңдып жүрүшүп мени өлтүрүп, ушунча байлыкка өздөрү ээ болуп алышат да. Жок дегенде тиги маркум болуп кеткен Хайрулладай болуп анча-мынча тажрыйбам болсо эмне. Жежок дегенде бир тааныш адамым жок. Кичинемден бери бирге жүргөн Максүттү болсо Хайрулла кылычыменен барсалап таштаган. Жакын адамым Мэхрибан болсо дайынсыз кетти, анынөлүү-тирүүсү билинбейт. А балким тигил Үрүмчүдөгү Хабибулланы өлтүрүпкетишпегенде ошонун көмөгү тийет беле мага. Азыр кимге ишене алам, катылганалтындардын чет-чеберин билгизсем эле ал өзүнүн жакындарына айтат, аларөздөрүнчө баардыгы биригип алышып, менин көзүмдү курутушат. Кичинемдендербиштик кылып жер кесип жүрүп сооданы дагы үйрөнбөпмүн. Эми каякка барып, ким менен акылдашам, бир колуң бир колуңа жоо дегендей достон душман көп, эч кимгеишенүүгө да болбойт. Алтын бар жерде ар дайым кан, ажал, аны менен кошокызыл-кыргынды өзү менен коштоп жүрөт. Баарын деги башка жакка ташып кете албайм, андан көрө аларды ордунан козголтпоюн. Улам четинен баштыктап алып,түгөнгөндө кайрадан алып анан ушинтип пайдаланайын. Жетишет буларды үзүрүн көрчү мезгил жетти, болбосо качан көрөм булардын убайын. Билинбегени менен мезгил кушу көз ачып жумганча учуп өтүп баратат. Кечээ эле жыйырмалардагы бозулан жигит элем мына кырк бешке таяп кеттим, эми он беш, жыйырма жылдан кийин таптакыр абышка, чал болуп калам. Астымда бала-бакырам, күтүрөгөн малым жок,үстүмдө үйүм жок, мындан жыйырма беш жыл мурдагы дервиштен эмне айырмам бар.Мынча байлыктын ээси болгонум менен ары-бери тентип, урунуп-беринип жүрүп эле ушул куракка, ушул ахывалга жетип калдым. Бул алтындардын убайынан да азабын көп тарттым. Кой, тезинен жашоо-турмушумду өзгөртүшүм керек... Бул акыркы алтынымды сатып өзүмө ээр-токуму менен ат, бир сыйра кийим, жол-азык алайын.Самаркандда тентип жүргөндөн пайда жок, ал жакта мени издеп жүрүшөт. Мындан үч күн мурун Кокон хандын мени кууган жигиттерине кармалсам алар мени соо коюшпайт. Эртең эле таң атпай Кызыл-Үңкүр тарапка жөнөшүм керек”.
Түнкү карангылык акырындап сээлдеп,айланага жаңыдан жарык кире баштаган маалда жалгыз аяк жол менен үстүнө жалтыраган жаңы чапан кийген, башында ак селдеси бар, зоот атка минген караторусунан келген киши күн чыгыш тарапты көздөй жалгыз кетип баратты. Бул акыркы алтынын соодалап кайрадан катылган казынаны көздөй сапар тарткан Улукбек болчу.
#350 20 May 2015 - 18:43
ДОСТОРДУН КЕҢЕШИ
(Бүгүнкү заман)
Арадан бир аптадай убакыт өтөкн соң Хамид Каныбекти өзүнө чакырып алды. Анын жашаган үйлөрү эле коро-жайы бирөзүнчө чоң имарат экенин көрүп Каныбек “бул жактагылардын баары ушундай бай жашашабы? ” деп ойлоп жүргөн. Андай эмес экенин кийинчерээк кеч түшүндү. Бул жактагы элдердин жашоо-турмушу кыргыз жергесиндегилерден эч айырмасы жок болчу. “Мамлекетке көз каранды болбогон, баштийбеген бул эмне болгон уюм?” – буга анын башы жетпей жүрдү.
Үч кабаттуу чоң заңгыраган үйдөн Хамид Каныбекти тосуп чыкты. Демйде жанында эки-үчтөн “телохранителдери” жандап жүрүшчү. Өзүнүн бөлмөсүндөгү чоң залга ээрчитип келип, узунунан келген столдун жанында орундуктардын бирине отур дегендей колун жаңсап белги берди. Каныбек четки столго аяр отура эмне айтар экен деп тигини карап калды. Хамид ага жылмая карап өзү да анын жанына отура кетти.
-Өзүңдү тартынбай-этпей эле эркин кармап отура бер. Бизде иштеп, бизде кызмат өтөп жаткандан кийин бул үй да өзүңдүн үйүң болуп эсептелет. Азыр..., - ал столдогу тегерек чекитти басып койду эле аркы бөлмөдөн шыңгыраган үн угулуп көп өтпөй узун өрүлгөн чачтары бар, моймолжуган кара көз, кара каштуу, жаштары али жыйырмага чыга элек эки жашкыз кирип келишип, стол үстүнө тамак аштарды коё башташты. Алардын соңунан дагы бир кыз келип ичкиликтердин эки-үч түрүн столго жайгаштырды. Анан тигиге башын ийе таазым кылып кайра кетмекчи болду эле Хамид аны белектен кармап калды.
-Бул кыз Тажикстан тараптан келген кыз, аты Зухра. Каалайсыңбы ушуну сага дайындап береийн, кааласаң аял кылып аласың, кааласаң убактылуу жүрө бересиң. Карачы кандай чырайлуу кыз...
Каныбек менен алиги кыздын каректери бири- бирине чагылыша түштү, кыз уялгандай дароо башын төмөн салып кетти.
-Жок, кереги жок, ырахмат.
-Өзүң бил, -ал кыздын колун коё берип, кете бер дегендей белги берди эле тигил башын ийе –таазим кылып, акырын сыртка чыгып кетти.
-Кааласаң башка кыздарды да таап берем. Баса айтмакчы, ичкиликтин кайсы түрүн жакшы көрөсүң, виски, француз коньягы, орустардын арагы тартынбай айта бер бардыгы болот
-Мен ичкилик ичпейм, - КАныбек аны эмне максат менен чакырганына түшүнө албай турду.
-Эң жакшы –мен деле көп ичпейм,тескеринче сенин ичпегениң мага майдай жагып турат. Тамеки чегесиңби?
-Жок.
-Ал эми алигигечи... ага кандайсың?
-Алигиңиз эмне?
Хамид каткырып күлүп жиберди.
-Ал эмне экенин билбейсиңби, кокаин,героин, морфи дагы ушул сыяктуулар.
-Мен аны өмүрү оозума алып, даамын татып көргөн эмесмин.
-Эң сонун, колдон келсе андан алыс бол, өзүңө жакшы болот. Анда кел пиводон ууртап-татып коюп сүйлөшүп отуралы.
Көп өтпөй элиги кыздардын бирөөсү куурулган кандайдыр бир канаттуунун этин алып келди.
-Өткөн жолку мушташканың мага аябай жакты. Мен сенден мындайды күткөн эмесмин. Өзүмдүн көзгө басар тандалма,ишенимдүү жигиттеримди алып келгем. Азаматсың, аларга эң жакшы сокку бердиң...
Каныбек унчукбай анын айтканын угуп отура берди.
-Алдыңдагы эттен алып жесең, мынакей бычак, шылый кечип алып жей бер... – ал столдо турган кош миздүү бычакты Каныбекке сунду. Каныбек анын айтканын жасап канаттуунун бир санын бөлүп кесипалды да тарелкага салып четинен жей баштады. Кайсы канаттуунун эти экенин айырмалай алган жок, бирок ушунчалык даамдуулугуна таңгалып атты.
-Эмесе мындай Абдурасул мырза (албул жакта да өзүн Абдырасул деп тааныштырган) сен менин купулума толуп турасың.Бизге машыктыруучу болуп да иштеп анан мага менин кайтаруучу болуп да иштебейсиңби? Акчасын жакшы төлөп берем, арманда болбойсуң. Мени менен жүрсөң каалагандай жашоо болот. Акча, каалаган кыз-келин, тамак-аштар, алдыңда каалаган машина... түшүндүңбү?
-Түшүндүм, бирок сиздин өзүңүздүн кайтаруучуларыңыз бар эмеспи?
-Сен деген алардан ашып өткөн эң жакшы сапаттарды көрсөттүң мушташуу боюнча. Баса бычак урганды, атканды билесиңби?
-Бычак урганды анча өздөштүрбөгөм, бирок аткан жагынан Кудая шүгүр элемин.
-Бычак урганды да бат эле үйрөнөсүң,андан көрө менин сунушума кандай карайсың? Мен дароо эле жооп бер деп айтпайм,жакшылап ойлонуп, кабыргаң менен кеңешип, жообун эртең айт, шашпа жакшылап ойлон.
КЕчинде Каныбек менен Кахар өздөрүнчө сүйлөшүп жатышты
-Алар баш-отубуз менен эле биздиазгырып, өздөрүнө тартып алмай болушту го. Эмне кылыш керек? Эгер аларга таптакыр эле тереңдеп кирип кетсек кайра чыгуу кыйын го. Анын үстүнө булар эмне болгон кишилер экенинен өзүбүз да түшүнбөй жатпайбызбы. Кылтакка келип өзүбүз илинип алдык, эми оңою менен булардан кутулуп кете албайт окшойбуз.
-Булар эмне болгон уюм экенин билесиңби? , -Кахар бир нерсенин четин кылтыйтты.
-Жок, мен да ошону биле албай жатпаймынбы.
-Билбесең анда жакшылап билип ал,кечээ мен машыктырып жаткан бир жигиттен акырын сураштырып бардыгын билип алдым. Булар наркотик менен иштейт экен. Героин, кокаин, морфи сыяктуубангизаттарды Индияга, Пакистанга, Кытайга, Иран, Ирак жөнөтүп турушат, атүгүл Кыргызстан, Тажикстан аркылуу Россия тарапка өтүп кетишип, ал жактан Германия,Великобритания, Франуия, Австрия жактарга да барып сатып келишет экен. Ал бир мамлекетте өздөрүнүн оптом ала турган клиенттери бар имиш. Алардын арасына жергиликтүү полиция кызматкерлери да аралашып кетишиптир. Ошон үчүн булар аябайгандай бай жашап жатышпайбы.
-Түшүнүктүү.
-Эмне үчүн бизге, өзүнүн, мыкты деген жигиттерин машыктыртып атышат? Алиги жыйырма беш жигитти ушуга даярдап жатышпайбы. Буларга аралашсак кайра чыгып кетүү биз үчүн кыйын болуп калат.Балким өлүгүбүз эле чыгып кетиши мүмкүн. Азырынча кеч болуп кете электе макулдугуңду бербей кое тур. Келишим менен эле иштегенибиз дурус, мөөнөтүбүз бүткөндө тигилерди Хамиддин купулуна толгондой кылып машыктырып, анан кайра булчөйрөдөн чыгып кеткенибиз абзел. Ага чейин Саид менен менин карындашымды табууга аракет кылып көрөйүн. Буларды иши бизде албетте анча кызыктырбайт, андан көрө өз ишибизди бүткөргөнгө аракет кылалы. Эгер Саидди таап калсак үчөөбүз тең чогуу кайра Кыргызстан тарапка өтүп кетишибиз керек.
-А эгер ал макул болбосочу?
-Көндүрөбүз, алдайбыз, азгырабыз,таптакыр эле макул болбосо мажбурлайбыз, коркутабыз. Күчтөп болсо да алып кетебиз.
-Таптакыр эле макул болбой ал өзүнө топ түзүп алса эмне кылабыз?
-Анда Саиддин ишенимине кирип, ошол топко кошулууга аракет кылабыз?
-Мен Хамидке телохранитель болуп иштеп берүүгө отказ берейинби?
-Ошентпесең болбойт. Бул өтө коркунучтуу нерсе, баш-отубуз менен кирбей субардинацияны кармап, келишим боюнча өз кызматыбызды кылып жүрө берели.
-Моюн толгой коёбуз деп тигилердин ачуусуна тийип албайбызбы? Алар бизден көптү талап кылчу түрлөрү бар.
-Башка айла жок, келишимибизди эле жан дилибиз менен иштеп берип эле көздөрүнө көрүнө алсак болду да. Тигилерге башка эмне керек?
-Кептин баары ошондо болуп жатпайбы.
-Кандай гана адам болбосун өзүнүн тобуна “талковый” адамдары кошкусу келет да. Биз экөөбүз аларга күтүлбөгөн жерден асмандан түшкөндөй болуп атпайбызбы. Сен таамай аткыч, бизче айтканда көзгө атар мергенчи болсоң, мен “кара пояс” же чыгыш элинин мушташын жакшы өздөштүргөн бывший тренир, экөөбүз тең готовый продукция болуп атпайбызбы. Ошосебептен алар бизди колдорунан чыгаргылары келишпей колдон келишинче өздөрүн көздөй тереңирээк сүңгүтүп, бегирээк кармагылары келип жатышат
-Анда эмне кылалы телохранителден отказ берейинби?
-Ошент, бирок жакшылап түшүндүрүп. өчөштүрбөгөндөй, ачууларына тийбегендей болобу
-Болуптур, анда эртең жообун айтам ага.
Экөө жарыкты өчүрүшүп уйкуга кетишти.
#351 20 May 2015 - 19:00
ЭСКИ КҮМБӨЗДӨГҮ УКМУШТУУ КӨРҮНҮШ
(мурунку заман)
Улукбектин алиги казына жашырылган калмактардын эски көрүстөндөрүнө айланага эбакта карангы кирип калган маалда,түндөсү жете келди. Өзүн далай ажалдан алып калган бул тааныш көрүстөндөргө эбакта көнүп бүткөн. Атынын оозун тарта алыста караандар көрүнбөйбү дегендей айланасына кылдат көз жүгүртүп алды. Асманда бир да булут жок чайыттай ачык боло ай эбакта жогору көтөрүлүп, теребелди бүт жарык кылып турган болчу. Кимдир бирөөлөр дүрбү менен карап шексинип калбасын деп ал бул жакка күндүзү келгенден даймыа чочулап турчу. Алиги тээ илгери карышкырлардын тобу кол салганда Максүт чыга калчу эски күмбүз алыстан эле бакыйып мен мына дегендей көрүнүп турду.“Бышык күмбөз экен канча жыл болду, ошол боюнча эле былк этпей турат”. Тээ илгери көрүстөндөрдүн арасынан Хамзанын жигиттерин өлтүргөндө кылыч, бычак,мылтыктарын ушул күмбөздүн ичине көмүп, жашырып салганын эстеди. “Көрдү казганга баары бир шамшарлар, кылычтар керек, ордунда болду бекенби алар?”Улукбек дароо эле атынын башын ошол тарапка бурду. Жакындаганда минип жүргөн аты күмбөзгө жолобой артка кетенчиктеп, кошкуруп туруп алды. Атына ачуулана жерге түштү да бутун тушап байлап, күмбөздү көздөй жөө кадам таштады. Жакындай бергенде кандайдыр бир адамдын онтогондой үнү угулду. Жаңылыш угуп калдымбы деп токтой калып акырын кулагын төшөдү, ооба жаңылбаптыр, кандайдыр бир адамдын катуу кыйнала онтогон үнү угулуп атты. Улукбек дароо койнунан кош миздүү узун шамшарды сууруп чыкты, бир аз олтурган соң акырын сактана күмбөздүн оозуна жакындай берди. Бир нерсе болсо эле шамшарын шамшарын шилтегенге даяр турду,күмбөздүн караңгы оозуна жакындап келип ичине көз жүгүрттү, күтүлбөгөн жерден өзүнө карай секирген караанга болгон күчү менен кош миздүү шамшарын шилтеп өткөнгө үлгүрдү. Ал караан ошол күүсү менен токтоно албай тигини жандай өтүп тоголонуп түштү. Аны тургузганга үлгүртбөй дагы эки-үч жолу капталына матырып алды. Анын карышкыр экенин жаздемдебей тааныды. Өткөн жол Хайрулланын дөбөт ити менен кармашканда төрт аяктуу мындай жаныбарларга бычакты кандай шилтешти өздөштүрүп алган болчу. Жерде жаткан карышкыр бир аз тырпырады да жатып калды.
Күмбөз ичинде онтогон үндү уга коюп Улукбек дароо шамшарын кош колдой кармап ичине баш бакты. Башка карышкырлар жок экен, төр жакта онтоп жаткан үнгө жакындап келип оттугун жандырып шумдуктуудай көрүнүшкө туш болду. Ичеги-карды чубалып, али да болсо өлбөй жаткан аялды,жарымысын карышкыр жеп таштаган эмчектеги баланы көрдү. Кийген кийимине,өң- турпатына карганда өзбек аялдарына окшошуп кетет экен. Ал бир нерсе сүйлөйүндеп жакшы эле аракет кылгансып атты, бирок тили күрмөөгө келбей койду. Бираздан кийин көзүн жалдыратып жаткан боюнча кыйналып жатып, оо дүйнөгө узап кетеберди. “Шордуу, түн ичинде бул жакта каяктан адашып жүрөт?” –Улукбек айланасынакөз жүгүртүп, ары жакта чүпүрөк баштыкча жатыптыр, ачып ичин карады эле ымыркайдын кийимдери бир аз тамак-аш бар экен. Сыягы бир жерден качып чыгып,төркүндөрү жакка баратса керек. Улукбек эмне кылаарын билбей бир азга ойлонуптурду, анан тээ илгери өзү ушул күмбөздүн ичине көмүп, жашырып кеткен куралдарбар бекенби деп төр жагына барып кош миздүү шамшары менен жерди чукулап каза баштады. Көп өтпөй шамшар катуу нерсеге урунуп, адегенде эле ай кылычты суурупалды. Алардын артынан бир нече мылтык, шамшар кылычтарды алып чыкты. “Курганкелин өзүнөн бир кадам эле алыс жерде мындай куралдардын жатканын билгенде балким өлмөк эмес беле? Бул да болсо Кудайдын буйругу... Эми буларды эмнекылсам, кайсыл жерге жашырсам? Көр-көр мышыктар менен алигидей жаныбарлардын жеми болбогудай кылыш керек”. Ал бир аз ойлонуп турган соң так эле курал-жарактар жашырылган оюкту дагы чоң кылып, кеңейтип каза баштады. Анан бир жарым адамкенен батчудай кылып казып, ичеги-карды чубалган келинди шашпай өзүнүн чапаны менен ороп анын жанына жарымысы карышкырдын жеми болуп кеткен наристени да чүпүрөк менен тыкан таңып, ороп экөөнү чогуу бир чуңкурга жаткырды.
Алардын эки жагына эки мылтык, эки кылыч коюп, үстүнөн топурак менен шилтеп көмө баштады, өлүктү жашырып бүткөнчөтүн бир оокум болуп калган эле. Топурактарды дөбөчө кылып үйүп, үстүн катуу таптап тебеледи да сырттан эки-үч таш алып келип үч жерге жайгаштырды. Шашпастан тизелеп отуруп алып жерде көмүлүп жаткандарга куран окуду. Өзүнө калтырган бир кылыч, мылтыкты алып сыртка чыкты.
Алиги өлгөн карышкырдын жанына дагы эки карышкыр келип алыптыр. Бирөөсү бери карай умтулуп келатты эле тигинин колунда кылыч менен мылтыкты көрүп даай алган жок,тескеринче экөө ары көздөй узап кетишти дагы обочороок жерге бери карап туруп алышты. Улукбек атын эстей коюп эки жагына көз жүгүрттү. Ал эбакта эле чылбырынүзүп көздөн кайым болуп кетиптир. Кимгедир ал жинденип алды, анан айланасынабир аз көз жүгүрткөн сөң катылып жаткан казыналарга шашыла кадам таштады.Асмандагы айдын жарыгы кадимкидей күдүзгүдөй кылып жарык берип турган болчу.Өзүнө тааныш дөбөчөнүн жанына келди, ары жактагы өзүнөн анча алыс эмес дагы бир дөбөчөдөгү кара оюктан кандайдыр бир мышыкка окшогон макулук атып чыкты да өзүнөн оолак боло берди. Улукбек ага анча маани да берген жок, андайларга тээ кичинесинен эле көнүп бүткөн. Анын эс-дартынын баары эле катылуу казына ордунда бекенби деп бет маңдайындагы дөбөчөдөн көзүн албай келаткан. Атүгүл анын артынан аңдып келатышкан алиги эки карышкырды да анча аңдаган жок.
Дөбөчөгө жетээри менен дароо кылычты кынынан сууруп алып, чукулап казып кирди. Арадан жарым чай кайнам убакыт өткөнсоң ал жерди бир адам баткыдай оюкча кылып казды да айланасына көз жүгүртө тээ обочороок жерде өзүн акмалап турушкан эки карышкырдан башка эч ким жок экенине чындап ынанган соң, оюктун ичине сойлоп кирип кетти, анан шашпастан оттукту жандырып шамчыракты күйгүздү. Адегенде эле денелери сөөктөрүнө чапталышып катыпкалган адам өлүктөрү көзүнө урунду. Булар тээ эбакта өзү өлтүрүп туруп,алтындар менен кошо көмүп кеткен Хамзанын желдеттери болчу.
Шашпастан өзү менен ала келген баштыкка алтын, күмүш сыргаларды, шакек билериктерди, ар кандай идиштерди, тыйындарды өз- өзүнчө кылып сала баштады. Бул жолкусунда дегеле шашып койгон жок. Бир капты толтура кылып салды да шашпастан оозун бууп, калгандарын бир бурчка иреттеп жайгаштырып үйдү. Катып калган өлүктөрдү болсо бирден сыртка алып чыгып баштады. Анан баштыкчага салынган алтын, күмүш буюмдарды сыртка чыгара албай бир топко убараланды. Оюкча кичинекей болчу, аны кайра дагы кеңейтип казып эптеп отуруп баштыкты сыртка сүйрөп чыкты. Хамзанын желдеттеринин катып калганөлүктөрүн тээ алыс жакка сүйрөп алып барып таштады. “Булар менин алтындарым менен чогу жатпашы керек”. КЕтип баратып кайра ойлоно кетти. “Кой кантсе да мени менен чогуу жүргөн желдеттер эле, өлүктөрүн кор кылбайын, бир убакта менделе ушундай болом да”. Анан кылычы менен үч-төрт киши баткандай кылып чуңкур казып, баарын кыдырекей жайгаштырды да үстүнөн топурак менен таптап, тебелеп койду. Жалаң ушулар менен алектенип атып түндүн бир тобун мойсоп жиберген эле.Кайра эски ордуна келгенде алиги эки карышкыр алтын салынган баштыкты тегеректеп алышыптыр. Артында асынып жүргөн мылтыкты алып октоп машаны басып көрдү эле “чып” этип чабылып атылбай койду, сыяга дат басып калса керек.Кылычын алдына сунуп тигилерди ары көздөй кубаламакка айбаат берип көрдү эле алардын дегеле каччу түрлөрү жок. Баштыктын ичинде баалуу нерсе бар экенин билишкендей анын жанынан айланчыктап кетишпейт. Өздөрүн көздөй жалаңдап келаткан кылычты көрүшүп, сактана туруп калышты. Улукбек дээрлик үч кадам жакынкелгенде экөө сүйлөшүп алышкандай эки жактан тап беришти.
Ишемби күнгө чейин бүтүрөбүз буюрса,вообще комментарий жазбай тургулачы?
#355 22 May 2015 - 00:26
ШЕКТЕНҮҮ ТУУДУРГАН СҮЙЛӨШҮҮЛӨР
(бүгүнкү заман)
Хамид тигил экөөнүн түндөгү сүйлөшкөн сөздөрүн күн мурунтан билгендей мамиле жасады. Айткандарын дароо кабыл алды.
-Болуптур, эрк өзүңөрдө, бирок силер машыктырып жаткан жигиттердин үзүрлүү жемиши болгондой болсун. Эгер алардан жыйынтык чыгара албай турган болсоңор экөөңөр тең менден кетем деп ойлобогула. Качып деги эч кайда кете албайсыңар.
Кахар таамай аткандын жол-жоболорун, эрежелерин, өзгөчөлүктөрүн үйрөтүп, Каныбек чыгыш элдеринин өзгөчө мушташуу ыкмаларын машыктырып жатышты. Ал эми Хамид болсо жумасына бир маал өзүнүн жигиттери кандай машыгып жатышканын карап, текшерип кетет.
Кахар менен Каныбек экөө бир нерсеге баштары жетпей, таңгалып жүрүшөт. Хамид тигил экөөнүн айттырбай эле билип койчу жана ошолоруна жараша мамиле жасачу. Анткени өздөрү жаткан бөлмөдө атайын угучу аппарат жайгашканын эч кимиси билишчү эмес. Аны экөө тең кийинчерээк билишти, бирок өтө эле кеч болуп калган болчу.
Арадан эки ай өтпөй эле тигилер Кахардын карындашы Зулфияны таап келишти. Ал Македонка айылында жашаган Афган жигитине турмушка чыгып, андан эки балалуу болуптур. Каныбек менен алардын үйүндө да конок болуп барып келишти. Экөө колдорунан келишкенче Зулфияга акчалай жардам беришти.
Бир күнү Хамид Каныбек менен Кахарды өзүнө чакырып алды.
-Мынакей көп жылдан бери издеп жүргөн карындашыңды да бат эле таап бердик. Көрдүңөрбү менин укуругум узун, Кудай буюрса алиги Саидиңерди деле табабыз, биздин чек арадан башка жакка кетип калбаса эле, бирок бирнерсеге түшүнбөйм, анын мынчалык силерге эмне зарылчылыгы бар. Издеттирбей эле койбойсуңарбы, бир тууган карындашыңды деги таптыңар?
-Аны менен өзүбүзчө, жекече эсептеше турган иштерибиз бар.
-Эркекчеби, аа түшүнүктүү. .., тиги кыргыздардын жергесинде жүргөндө силерге туура эмес иш жасаган го. Ал маселени биз деле чечип беребиз, андайларды жазалаган биздин деле колубуздан келет.
Кечинде өздөрүнүн бөлмөсүндөгү төшөккө жатканда экөө Саид туралуу сүйлөшө калышты.
-Чын эле Хамид айткандай Саид бул жакта жок болуп калса эмне кылабыз, жүрө беребизби жөндөн-жөн эле убакытты өткөрүп. Балким ал өздөрүнү жигиттери менен кайрадан Кыргызстанга барып катылуу турган алтындарды алып, башка мамлекетке өтүп кетишсе эмне кылабыз. А биз болсо эч нерсе билбей эле бул жакта жүрө беребизби. Убакыттын өзү алтын, ар бир убакытты текке кетирбешибиз керек. Тигил жактагылар да бизди жоготуп жиберишти, Саидди таап, алтындарды бөлүшүп алышып, чет өлкөлөргө качып кетишти деп ойлоп калышы да ыктымал.
-Переговор менен сүйлөшүп өзүбүздүн дайыныбызды билдирип койбойлубу?
-Ансыз деле алар билет да можахеддер менен бул жакка кеткенибизди. ..
-Ошентсе да амандыгыбызбы билдирип коюшубуз абзел.
Арадан эки күн өткөндөн кийин Хамид тигил экөөнү кайрадан өзүнө чакырып алды.
-Экөөңөр тең мага чын ниетиңерден кызмат кылып жатасыңар силерге азырынча ыраазымын ушуңардан жазбагыла... Мынакей карындашыңды да таап бердим, эми мен дагы силерге көмөк көрсөтөйүн, алиги ким эле айтып аткан Саид беле? Колдон келишинче эми аны таап берүүгө аракет жасайм. Анын бүт керектүү нерселеринин баарын кагазга толтуруп, жазып бергилечи. Жашын, өңү-түсүн, келбетин, денесиндеги өзгөчө белгилерин, мурун кйсы жерде жашачу эле, бир туугандары кайсы жерде турат, канча бир тууганы бар. Кыргызстанда жүргөндө эмне кызмат кылчу эле, силер аны менен кандайча таанышсыңар, кыскасы эч нерсени калтырбай, өзүңөрдүн бөлмөңөргө отуруп алып шашпай толтуруп келгиле. Кагазды силер кандай толутуруп алып келсеңер мен ошондой эле дароо аны издөөгө кишилерди чабыттатам. Болуптур бошсуңар кете бергиле, бирок муну эртеңден калтырбагыла.
Экөө бөлмөлөрүнө келишти эч нерсеге түшүнүшпөй, бири-бирине таңгалыштуу карап калышты.
-Ал эмне эле мынчалык Саидди издеттиргиси келип жанталашып калды. Ал жөнүндө чет-чеберин чыгарып жиберген жок белең? –Каныбек Кахарга суроолуу карады.
-Койчу артыкбаш жүктү моюнга алып эмне кылмак элем мен. Ал жөн эле бизге жардам бергиси келип аткандыр?
-Антсе, мынчалык жанталашып анын дайындарын сурабайт эле го, бул жерде не то пахнет. Эгер биз Саидди бекеринен издеп жүрбөгөнүбүздү сезип, билип калчу болсо анда иш тетири жакка айланат. Анда эле эртерээк бул жактан кетишибиз туура келип калат.
-Кагазга анын туура эмес данныйларын берелиби?
-Бардыгын эле от и до жаза бергенде болбойт. Мисалы туугандары туралуу жазып кереги жок, андан сырткары кайсыл жерде туулган, буларды билбейбиз деп эле коёбуз. Ал эми келбетин, өңү-түсүн, жашын, өзгөчө белгилеин жазып беребиз. Чындыгында мен анын чыныгы жүзүн көргөн дагы эмесмин. Сүрөтү боюнча эле кандай экенин элестетип жүрөм, мага караганда сен жакшы билесиң да аны.
-Мен аны көрбөгөнүмө бир топ жылдай болуп калды өзгөрүп кетиш да мүмкүн. Бир гана өзгөчө белгисин билем, жаагында кулагынын алдында чоң шрамы бар...
Эртеси күнү экөө кагазды толтуруп Хамидке алып барып беришти. Анда Саид туралуу толук жазылган эмес болчу. Хамид кагаздагыны бир сыйра карап көрүп кабагын чыта үн катты.
-Силер толугу менен жазбаптырсыңар, менден бир нерсе жашырып жаткан түрүңөр бар. Болуптур, мейли ушул боюнча эле кала берсин издеттирип, таптырганга аракет кылабыз.
Арадан бир жума убакыт өткөндөн кийин Хамид Каныбекти өзүнө чакырып алып акырын сурады.
“Шрам” деген сөз эмне маанини билдирет?
-Ал орусчадан которгондо “тырык” деген маани, денеге курч нерсе тийип тилинип кетсе, же ок тийсе ал жерде тырык белиги калат го, ошону шрам деп аташат орустар.
-Аа түшүнүктүү.
Каныбек жолдо кетип баратып “бул сөздү кайдан алды, эмнеге сурады болду экен?” деп ойлонуп баратып кокусунан мындан бир жума мурун “Кахардын Саиддин кулагынын алдында чоң шрамы бар” деген сөзүн эстеди.
-Кызык аны кайдан укту болду экен, же ага Кахар өзү айттыбы. Эгер өзү айтса “шрам” деп орусча айтмак эмес да, өз тилдеринче эле айтып түшүндүрмөк. Да-аа, чын эле бул жерде не то пахнет, Кахардын өзү менен сүйлөшүп көрбөсөм болбой калды.
#356 22 May 2015 - 00:28
МЕРГЕНЧИНИН БАЯНЫ
(мурунку заман)
Биринчи карышкыр экинчисине караганда чоңураак экен, сыягы анысы дөбөт, экинчиси ургачы карышкыр окшойт. Ошол дөбөтү жандап өттү эле Улукбек кылычы менен шилтегенге үлгүрбөй калды. Анын азуусу сол жак колун чарпып өттү, билектери бычак менен тилгендей тилинип кеткендиктен дароо кан сызылып жая берди. Ачка карышкырлар канды көргөндө көздөрү кызарыып, ого бетер жаалданышты. Дөбөтү жүндөрүн тиксийте улам-улам тап берип бирок жалаңдагын кылычтын сүрүнө даай албай өзүнүн бет алдындагы эки аяктуу жаныбарды ары-бери айланчыктап турду. Эки экөө эки жактан улам-улам атырылып кол салыша кылыч шилтегенге үлгүртпөй кайра алыстан келип атышты.
Улукбек артында асынып жүргөн мылтыкты чечип ыргытты да кылычты кош колдой кармады. Көздөрү кызарган эки карышкырдын ыркыраганда азуулары кадимкидей көрүнүп турду.
Асмандагы ай эбакта уясына жашырынып, айлана эбакта жапжарык болуп калган болчу. Түнү бою уктабагандыкы анын үчтүнө карышкырларга жем болушкан аял менен баласын көмүп, жашырылган казынанын оозун ачып андагы өлүктөрдү алыс сүйрөп барып көмүп атып таңдын кандай атканын өзү да сезбей калган. Таңды таң атканча тыным албай иштегендиктен кадимкидей чарчап калыптыр. Бир жагынан канды көргөн ач карышкырлар бул түрлөрү менен кетчү түрлөрү жок. Алар улам качырып келишип, кайра алыстан кетишип тиштерин, азууларын көрсөтүп шакылдатып атышты. Булардын эрегешкен кармашы дэрлик эки чай кайнамга созулду.
Бир маалда ары жактан “тарс” этип атылган мылтыктын үнү угулуп дөбөт карышкыр жерге “жалп” эле дей түштү. Экинчи канчык карышкыры эсине келе куйругун кыпчып бет алды качып жөнөдү эле экинчи атылган ок да ага таамай тийип аны оңкосунан кулатты. Ары жактан өзүнүн ачып кеткен атын жетелеген атчан, жашы алтымыштарга таяп барып калган бакжагай аксакалдуу далдайган зор киши мылтыгын оң колуна кармай тигинин жанына бастырып келди. Жаздемдебей таамай атканына караганда көзгө атар мерген экени билинип турат. Кийген кийимдери деле жупуну экен. Ал шашпастан мылтыгын асынып алып тигиге кайрылды.
-Жол болсун жигит, таң атпай мүрзөлөрдүн арасында эмне кылып жүрөсүң карышкырлар менен кармашып? Сыягы менин баамымча бул ат сеники окшойт, же жаңылыш айтып атамбы? Аябай кыраакы көптү көргөн чал экени сүйлөгөн сөздөрүнөн, көздөрүнөн, өзүнө тың экени баскан-турганынан билинип турду, - баса айтмакчы бала көтөргөн жаш келинди кокусунан көздөрүң чалган жокбу?
“Эмне кылсам түндөгү болгон окуяны айтсамбы, же айтпасамбы? ” Улукбек өзүнчө ойлонуп турду.
-Атты кайрып бересиңерби? –күтүлбөгөн жерден эле тигил чалга суроолуу карады. Ал мыйыгынан жылмайып койду.
-Албетте, “ээси келсе бээсин бер” дейт, эгер сеники болсо мынакей ала бер, - чал чылбырды тигиге карматты, - тиги күмбөздүн жанындагы карышкырды сен жайлагансың го. Азамат жигит көрүнөсүң, аны бычак менен жайлаганыңа караганда... Мен өзүм мергенчи болом, атым Жолон, ата-тегибиз жалаң мергенчилик менен күн көрүп келишкен. Мен да ошолордун жолун жолдоп тээ бала чагымдан бери мергенчилик менен күн көрөм. Жалаң карышкыр, жолборс, сүлөөсүндөргө аңчылык кылам, ошолордун терисин сатып оокат кылам. Мага артык баш байлыктын да кереги жок, менин эң башкы байлыгым ден-соолугум анан үй-бүлөм. Өмүрү калаа ичинде же калың журт менен кошулуп жашап көргөн эмесмин. Тоодогу эң жакшы деген үңкүрлөрдүн биринде жашайм, -ал дароо эле өзүн тааныштырып артта калган өмүрүн кээ бир бөлүктөрүн үзүл-кесил бир сыйра баяндап бере бштады, эне-атам убагында Фергана, Ош өрөөндөрүнө атагы чыккан мергенчилердин бир болчу. Соодагер, көпөстөргө жолборс, илбирс, түлкү, карышкыр,сүлөөсүндөрдүн терилерин тапшырып, алардын ордуна азык-түлүк менен өздөрүн камсыздандырып турушчу. Апам жетимиш беш жашында, атам Жоломан токсон үч жашында “оо дүйнөгө” узашту. Ошентсе да өмүрү оорубай тың басып жүрүп бу дүйнөдөн көзү өттү. Аларды жайына тапшыргандан кийин бүт түйшүктү өзүмдүн мойнума алдум. ОШондо мен жыйырмадагы жигит болчумун. Атамдын жолун жолдоп мергенчилик кылып карышкыр, сүлөөсүндөрдү атып терисин сатып, эттерин ыштап кургатып кышкыга даярдап койчумун. Ошо боюнча кырктын кырына чыкканча эч кимге кошулбай жалгыз жашадым. Жашаган түнөгүмдү да эч кимге билгизчү эмесмин. Жыткычтардын терилери чогулуп калганда Самарканд, Ош, Ташкеттин базарына алып барып ок-дары, мылтык, коргошун андан сырткары кийим-кечек, тамак-аштарга айырбаштап келчүмүн.
Ошондой күндөрдүн биринде Кытайга сатылып кеткен бир кыздын кайра туулган жерине качып келаткан жеринен үйүр карышкырлар тобуна кармалып аз-аз жерден жем болуп кетээринле мен кокусунан көрүп калып, ажалдан куткарып калдым. Ал жактан эки өзбек , бир уйгур кыз болуп чогуу качышыптыр. Үймөлөктөшкөн ач карышкырлар тобу экөөнү талакей кылып үчүнчүсү болсо колунан келишинче жан талаша коргонуп жатыптыр. Аз болгондо, анча-мынча эле кечиккенде ал да талакейге түшмөк экен. Мылтык менен үймөлөктөшкөн карышкырларды аткылап кууп, ал кызды ажалдан чеңгелинен суурап калдым. Эс-учун жоготуп койгон аны үңкүргө көтөрүп барып дары чөптөрдү басып атып төрт-беш апта убакытта араң дегенде киши кылдым. Ал дээрлик мени менен кыштап чыкты. Анын жашы ошондо жыйырма үчтө болчу, аты Улзана, улуту жарымы уйгур, жарымы өзбек экен.
Убагында он алты жаш курагында көчөдөн уурдап кетишип, өзү менен кошо жети кызды Кытайга алып барып бир көпөскө сатып жиберишиптир. Ошол мезгилде атайын бир жерден кыз уурдап экинчи жерге сатып жүргөн Мырза деген жигит өзүнүн жардамчылары менен жалаң кыздарды сатып байып кетиптир. Андан кийинчерээк Улзананын өчүн алып бердим. Көзүн курутуп, байлыгын жардыларга талакей кылдым. Улзанага адегенде өзүмдүн карындашымдай мамиле жасап жүрдүм. Кийинчерээк Ферганадагы ата-энесин таап жеткирип барып берип келдим. Бир көп өтпөй эле ал кайра качып келиптир тоодогу үңкүргө. Ошол маалда карышкыр, жолборстор күчөп, ары-бери жалгыз жарым адамдарды жөн өткөрбөй жалмап турган мезгил болчу. Коркпой-үркпөй кантип өзү жалгыз аман-эсен таап келгенине таңгалам. Ошондон баштап экөөбүз чогу жашап калдык. Анын эне-атасы менен да катташып турабыз, терилерди алып барып берип, колдон келишинче жардамыбызды аябайбыз. Ушунча жылдан бери өмүрүмдө эң биринчи жакшы кубаныч болуп кетти. Улзана мага ымыркай төрөп берди. Анын атын өзүнүн айтуусу боюнча Хамида койгонбуз. Кызымдын кырк күнүн өткөрүп анан анын эне-атасына бармакпыз. Ууга кетип капканга кеткен жолборстун артынан кууп жүрүп отуруп үч күндөн кийин араң кармадым. Аны өлтүрүп, терисин сыйрып алып кайра турагыма кайтып келдим. КЕлсем Удзана көрүнбөйт, дөбөчөнүн башына чыгып алып дайыма мени тосуп турчу, ошо күнү мени тосуп чыккан жок. Үңкүрдө үч-төрт күндөн бери кызым экөө жалгыз эригип отуруп эне-атасын сагынып ошол жакка кетсе керк. Мен келгенден кийин деле чогуу кетсек болмок, эне-атасын сагынып, бир жагынан ымыркайлуу болгонуна кубанып мени күтпөй эле эртелеп кетип калса керек. Артынан барарымды билет да, мейли эми эртеңден калбай эле жетип барам. Үч-төрт күндөн бери көрбөй кызым Хамиданы сагынып кеттим. Мына, жаңыдан таң агарып келатканда чыккам, кокусунан силерге минтип кезигип калып атпаймынбы. Негизинен ушул аймакта, тегеректе карышкырлар көп, жалгыздап да, топ-тобу менен да жүрүшөт, сак болбосоң алардын “курмандыгы” жеми болуп калышың да мүмкүн. “Кайра жакшы болду, кайындарыма жөн барбай тигил үч карышкырдын терилерин сыйрып ала кетейин”.
Бул мергенчинин айткандарына караганда түндөгү болгон окуя, күмбөздүн ичине көмүлгөн аял менен жарымысы карышкырга жем болгон ымыркай мунун аялы менен кызына окшошконсуп атты. “Эмне кылсам, түндөгү көргөндөрүмдү айтсамбы, айтпасамбы? ” деп Улукбек аябай кыйналып турду. “Эгер айтсам аял менен кызы болуп калса анда эмне болот?”.
#357 22 May 2015 - 00:30
САИД
(бүгүнкү заман)
Ошондон көп убакыт өтпөй эле Хамид өзүлөрүнүн кишилери менен Саид аттуу адамдардын бардыгын издеттирип таптырып, алдыртып келе баштады. Дээрлик Ооганстандык айылдарынын да калааларынын да эч нерсесин калтырбай шимшилеттирди. Тигилер издеп жүргөн Саидди тигилер эч жерде таппай коюшту. Ал бир келген Саид аттуу адамдардын баардыгы “жок бул эмес” деп башын чайкап жатты Кахар. Алар ар кандай жаштагы, курактагы Саиддер болчу.
-Чыныгы Саиддин курагы канчаларда эле. Силер бир нерсени жаап, жашырган жоксуңарбы менден? –Хамид алда нерседен шек санай экөөнөн кайра-кайра сураштырып жатты.
-Ал жигит отуздардын тегерегинде болчу, али үйлөнө элек бойдок. Мындан бир топ жыл мурун биздикилер менен орустардын Армиясы согушуп жаткан маалда биз тарапта кызмат өтөгөн. Кийинчерээк Жума Наманганинин тобуна кошулуп Кыргыз жергесине чейин барып келген. Аны бул жакка жөнөткөнүнө дээрлик алты айдай болуп калды, биздин келгенибизге эле төрт айдан ашып кетти.
Эмнегедир акыркы мезгилдерде Хамид жанталаша Саидди катуу издетүүгө ала баштады. Эмне себептен аны мынчалык жанталашып издетип жатканына Кахар менен Каныбек таңгалып жатышты. Кечинде бөлмөлөрүнө келип жатканда бул теманы кайрадан талкууга алышты.
-Чын эле Саид бул жакта жокпу? Аны тааныгандардын баарынан сураштырып чыктык, бүт эле көрбөгөндөрүн айтышууда. А балким...
-Эмне балким?
-А балким ал бул жакта таптакыр эле келбеген чыгар, бул жакка кеттим деп кобп изин жашырып, Кыргызстандын же Тажикстандын бир бурчунда жүргөндүр? Жалгыз жорткон бөрү каалаган жагына жүрө берет да, үй-бүлөсү же шериги да жок болгондон кийин жашоосу кайсы жерде өтсө да ага баары бир да. Менимче ал өзү жашырган алтындардан эч убакта алыыс кетпейт.
-Андай болушу да вполне возможно. Бирок атайын келгенден кийин бул жакты түп көтөрө издеш керек. Балким таап калабыз, анын үстүнө Хамид да бизге көмөк көрсөтүп жатпайбы.
-Таңгалыштуу нерсеси ал эмне себептен эле буга баш оту менен киришип калды. Ал дагы бир нерсенин жытын сезип калган го дейм. Өткөн жолу менден “шрам” деген эмне деп сурады. Ал сөздү каяктан укканын билбейм. Сен айтпадың беле анын сол жак жаагында “шрамы” бар деп. Ошо сөздү кармап калса керек.
-Ал сөздү кайдан угат эле биздин сүйлөшкөн сөздөрүбүздү аңдытып, тыңдап жүрөбү? Балким бул бөлмөдө экөөбүздүн сүйлөшкөн сөздөрүбүздү тыңдай турган аппараттары болуп жүрбөсүн? Болбомо Саидге мынчалык баш-оту менен кийгилешип чуркабайт эле го.
-Андай болушу да мүмкүн “сактыкка кордук жок” дегендей сак болбосок болбойт. Эртең бөлмөнүн ичин кылдат текшерип көрөлүчү.
Ушуну менен экөөнүн сүйлөшкөн сөздөрү токтоду, жарыкты өчүрүшүп уйкуга кетишти. Угуучу аппарат дубал бетине аябай тыкан жерге орнотулгандыктан аны эч ким таба албайт болчу. Хамид экөөнүн сааттарына да угуучу аппаратты орнотуп таштаган. Саатты чечип ваннада жүрүшкөндө окшош сааттарды коюп алмаштырып кетишкен. Экөө каяк жакта жүрүшсө да сүйлөшкөн сөздөрү Хамидке угулуп турчу. Саидди бекеринен издеп жүрүшпөгөнүн билип бир нерсени сезип калган соң өзү да эбактан бери издештирип кирген.
Арадан эки ай убакыт өткөн соң Хамид Каныбек машыктырып жаткан залга келди.
-Жигиттердин ийгиликтери болуп жатабы?
-Өзүңөр карап сынап көргүлө... –Каныбек чыгыш элдеринин мушташуу ыкмаларын жакшы өздөштүргөн эки-үч жигитти ортого алып чыгып мушташтырып көрдү. Бул көрүнүш анын купулуна толдубу, толгон жокпу эч нерсе деп айткан жок. Каныбекке суроолуу кайрылды.
-Дагы жарым жылга чейин өзүңөрдөй кылып жок дегенде бир адамды даярдап бере аласыңбы? –себеби дегенде ушул келерки күз айларында “Кандуу спорт” деп аталган эрежесиз мушташуу боюнча Япониянын Токио шаарында бүткүл дүйнөлүк мелдеши болуп өтөт. Ага мен кыйын дегендер гана талдалып бара алышат. Биздикилер эки жолу барышып жеңилип келишти япондорго, ал жакта чоң байге коюлат. Ошого бир адам даярда, эгер даярдай албасаң анда ага өзүң катыш. Жок дегенде экинчи, үчүнчү орунду жеңип алганда жакшы болот эле. Кана бул колуңдан келеби, эгер келет десе мен тааныш кишилериме айттырып жаздырып коё берейин.
-Алты ай өтө эле кыска убакты го, балдарды даярдай алабызбы ушул кыска мөөнөттүн ичинде. Анын үстүнө буга катышыш үчүн темирдей эрк, талыкпас эмгек керек. Биздин балдар азырынча андай деңгээлге жетише элек.
-Андай балдар бизде жокпу?
-Эмне үчүн жок, бар албетте, бирок убакытты анан талбас эмгекти талап кылат.
-Кана айтчы даярдай аласыңбы?
-Аракет кылып көрөйүн колдон келишинче...
-Так жооп бер, же бар же жок деп...
-Өтө эле кыска убакыт, болуптур даярдайын бир-экөөнү, ошолордун кыйындарынын- кыйынын тандап алабыз. Айла кетсе өзүм катышым көрөм.
-Эң жакшы, бир сөздүү болуп ушул сөзүңдө тургандай бол.
Ошондон баштап Каныбек үч жигит тантап алып өзүнчө машыктыра баштады.
Бир күнү спорт залында өзүнүн балдарын машыктырып жатканда күтүлбөгөн жерде Кахар келип калды. Ал мындай убакта эгерим келчү эмес.
-Бери келчи Каныбек сүйлөшө турган сөздөр бар, өтө важный... Каныбек “машыга бергиле” деп бирөөсүнө дайындап коюп бери басып келди.
-Эмне болду деги тынччылыкпы?
-Тынччылык болсо бул жакка келмек белем. Кыскасы мындай, мен Саидди көрдүм. Аны таап бул жакка ээрчитип келишиптир. Мен Хамид шек алып калбасын деп, “ал эмес” деп койдум. Аны коё беришти артынан узата карап турдум. Кыскасы ал тегеректе эле жүрөт. Файзабад шаарынан чыгып кете элек. Үлгүрсөк аны кармайбыз, ошо себептен дароо эле сага келдим.
-Кеттик анда аны колдон чыгарып жибере электе дароо кармайлы, -Каныбек шапа-шупа кийине экөө сыртка жүгүрүп чыгышты. Анын ары жакта турган машинелерин от алдырыша көчөгө атып чыгышты. Хамид эртеден бери Кахардын аңдып келаткан болчу. Көп өтпөй эле алардын артынан мерседес машинеси жылып чыкты да тигилердин соңунан түшүп жөнөдү.
Хонда машинеси Файзабад шаарын кыдырып Саидди издеп жүрдү. Дүкөндөрдү, ашканаларды, мейманканаларды кыдырды. Акыры келип мурун өздөрү келгенде жатышкан мейманканага келип такалышты. Анда иштеген кызматкерлерден ак чапан кийип, сакал-мурутчан, оң жак жаагынын алдында чоң тырыгы бар жигиттин келген келбегенин сурашты. Мейманканадагы кызматкерлердин баардыгы экөөнү таанып калышкан. ОШол жигиттин экинчи кабаттагы жүз жыйырма бешинчи бөлмөгө жайгашканын айтышты. Каныбек менен Кахар экөө бери басып келип өздөрүнчө сүйлөшө кетишти.
-Эмне кылсак, тикелей эле бөлмөсүнө кирип барсакбы анда чочутуп алабыз го?
-Ме мобул калем сап аппаратты төш чөнтөгүнө салып ал, мен кошуна бөлмөдө экөөңөрдүн ар бир сүйлөшкөнүңөрдү угуп турам, үстүнкү кнопкасын басып койсоң угула берет. Эгер бир нерсе болсо эле жардамга жетип барам, -Каныбек жоон, кооз калем сапты Кахарга карматты, -ызы-чуу болбосун сак бол. Ал бүгүн күн кеч кирип кеткендиктен үлгүрүп кете албай калды. Автобустар сырт жактарга таңкы саат алтылардан баштап чыгып кете баштайт, ошого чейин бир топ нерселерге үлгүрүп, жетишишибиз керек. Навсякий безопасности пистолетиңди да алып ал. Бир жөнө, болуптур жолуң болсун. Кахар калем сапты төш чөнтөгүнө салып, тепкичтер менен акырын экинчи кабатка көтөрүлүп кетти. Каныбек төмөн жакта мейманканын кызматкерлери менен сүйлөшүп калды.
-Мага жүз жыйырма алтынчы бөмөдөн бериңизчи бир суткага?
-Аны ээлеп коюшту жаң эле, телефон аркылуу...
-Анда жүз жыйырма төртүнчү бөлмөнү бериңизчи?
-Ал дагы бош эмес.
-Биринчи гана кабатта бар, экинчи кабаттагыларды болсо бүт ээлеп алышты.
-Болуптур биринчи кабаттан болсо деле бере бер.
-Биринчи кабаттын эң четки жагында...
-Силерге эмне болгон, жакшы бөлмөлөрдөн тандап берчи элеңерго бизге?
-Азыр ушундай, келген кеткендер көп, бөлмөлөрдүн баары бош эмес.
Каныбек мейманканын башчысы менен сүйлөшүп атканда сырттан кара көз айнек тагынган эки адам кирип келишти. Алар Хамиддин кишилери экенин Каныбек жазбай тааныды. Экөө аны көрмөксөн болуша экинчи кабатка көтөрүшүп кетишти. “Кызык, булар бул жакта эмне жүрүшөт, же тааныштары барбы мейманканда? Тааныштары болгон күндө да бирөөсү эле келмек, мени менен учарашышмак? ” Каныбек өзү алган бөлмөсүнө кирди дагы ушуларды ойлоно кетти. “Баким булар Кахар экөөбүздү аңдып келишпесин, мүмкүн Хамид бир нерсенин чет-чеберин билип калган чыгаар?” Ал акырын келип терезенин жалюсун көтөрүп, көчө жакка бир сыйра көз жиберди. Анан тээ алыс жерде токтоп турган өзүнө тааныш кар мерседес машинесин көрдү. “Бул Хамидге тиешелүү машине” Ооба, ооба дал өзү, бул машинени бизге сунуштаганда биз аны албай отказ кылып анын ордуна “Хонда” машинесин албадык беле. “Здесь что-то нето” Каныбек кайрадан жалюсту жаап бекитип, кроватка чалкалай жата кетти да чөнтөгүнөн кийинекей радиого окшогон кутучаны алып чыгып Кахар менен Саиддин сүйлөшкөн сөздөрүн тыңшап уга баштады.
#358 22 May 2015 - 00:32
ЖАҢЫ БИР ТУУГАН
(мурунку заман)
Жоломан мерген Улукбектин кыймыл-аракетинен дароо эле көп нерсени баамдай койду.
-Мынча байлыкты кайдан таап алып жүрөсүң. Же Кудайым сенин пешенеңе ушинтип жазагнбы?
Муну укканда Улукбек катуу “селт” этип алды да дароо “мунун көзүн курутуу керек” деген ой кетти. Анын көздөрүнөн, ар бир кыймыл-аракетинен бүт нерсени байкап турган мерген мыйыгынан жылмая кетти. Улукбек койнуна акырын колун салып кош миздүү шамшарын кармап турган болчу.
-Коркуп чочулабай эле кой, мен өмүрү байлыкка кызыгып көргөн жан эмесмин. Менин байлыгым ден-соолук, анан үй-бүлөм. Мына булардан эмне пайда, -ал колу менен капта салынып оозу буулап турган алтындар тарапты көрсөттү. –Бул шайтандын азгырыгынан да жаман, ар дайым кырсыкты, азап-тозокту алып келет. А түгүл буларды ар дайым кан, өлүм коштоп жүрөт. Адам баласы жылкы мүнөз келет, буларың жакшы адамдарды дагы бузуп жаман адам кылып таштайт. Буларга кабылган адам кекиртегинен тамак өтпөй түнкү уйкудан калып азап-тозок, мүшкүлдүн баары ошондо башталат. Бул нерсе оорудан да жаман. Буга жолуктуң дегенчн тынч жашооң бузулат. Колдон келсе булардан алыс болгонуң эле жакшы. Мынчалык байлык адам баласына өлүмдү гана каалап турат. Мынча байлык менен сен алыска да узабайсың, узак да өмүр сүрө албайсың. Өзүңдүн жашооңо жеткендей алтындарды алгын дагы калгандарынын көзүн курут, болбосо мындай басканда эле сени өлтүрүп, байлыгыңды тартып алып кетишет. Менин сага айтаар кеңешим ушул жигит жакшылап ойлон. Кой анда мен кеттим, жакшы кал, -алиги үч карышкырдын терилерин ары-бери сыйрып ала койду дагы Улукбектин артында асынып турган мылтыгына кызыга көз жүгүртүп алды. Анан атын темине жолуна түшүп, сапарын улантып кете берди.
Улукбек анын артынан узата бир топко ордунан былк этпей карап турду. Анын карааны улам алыстан кичирейип отуруп бир кичинекей дөбөнү ашканда жок болуп кетти. Ошондо гана Улукек эсине келгендей ары жакта тураган атын шапа-шупа мине коюп тигинин артынан чаап жөнөдү. Эки дөбөнү ашып өткөндөн кийин гана аны кууп жетти.
-Токтой туруңуз, менде бир сөз бар.
Мергенчи эмне айтат дегенсип аттын тизгинин тарта тигини суроолуу карап калды. Атын капчыланып катуу чаап келген Улукбек эмне деп айтаарын билбей бир азга олку-солку болуп кыйналып турду да анан түндөгү окуяны төкпөй-чачпай айтып берди.
Мергенчи анын сөзүн аягына чейин угуп укпай атынын башын кайра мүрзөлөр жакка буруп, атына үстөккө-босток камчы шилтеп катуу чапкан боюнча жөнөдү. Анын артынан жөнөгөн Улукбек араңдан зорго үлгүрүп кууп жете албай кетип бара жатты.
Алдыда бараткан мергенчи атынын тизгинин тартып- тартпастан ошо күүсү менен эле атынан секирип түштү да болгон күчү менен эски күмбөздү карай жүгүрүп жөнөдү. АНын артынан удаалаш эле кууп жете келген Улукбек атынан түшө калып тигинин соңунан күмбөздүн ичине кирди. Ал түндө жаңы эле көмүлгөн бош топуракты эки колу менен чеңгелдеп казып жатыптыр. Улукбек жанына келип жардам берейин деди эле кереги жок деп кагып койду. Бир топ убакыт өткөндөн кийин аял менен карышкырга жарымы желген наристенин сөөгүн кайрадан казып чыкты. Ага оролгон чапанды ары-бери ачып жерип көзүн жума катуу бир бакырып алды да аларды кучактап баса жыгылды. ОШол боюнча былк этпей көпкө жатты. Улукбек дагы анын жанында ордунан козголбой отурду. Мергенчи бир аздан кийин кыймылга келип башын көтөрдү да кайрадан аялды кучактап алып солкулдап ыйлап кирди.
-Шорду башым, силерди сактап калганга дараметим болгон жок, баарына мен күнөөлүүмүн. Жолборстун артынан эмнеге кууп кеттим экен. Үңкүрдө экөөңөрдү жалгыз таштап эмнеге кетип калдым экен. Оо, шордуу башым, оо кудайым, эми канттим.
Мейли ыйлап бугун чыгарып алсын деп Улукбек да аны жайына койду. Ал ыйлап-ыйлып атып аялды кучактаган боюнча бир топко былк этпей жатты. Тээ бир топтон кийин акырын эсине келе жарымысынан ылдый жагы жок ымыркайдын бетинен акырын сылап эңкейип өптү да, аялды да бетинен өптү.
-Мени кечиргиле, баарына мен күнөөлүмүн. Эми мен эч убакта өзүмдү кечире албайм. Ал экөөнү көпкө мелтиреп карап турду, анан акырын өйдө боло берип артка чыгып кетти. Көп өтпөй эле жаңы гана сыйрылган жолборстун терисин алып келип бурчка койду. Күмбөздүн ичине эки адам баткыдай тыкан кылып төрт бурчтуу чуңкур казып чыкты. Анын алдына жолборстун терисин төшөп наристе менен аялды аярлай, тыкан чүпүрөк менен ороп чыкты. Экөөнү катарлаш жолборстун терисинин үстүнө жаткырып, өзүнүн атынын кооз тердигин сыйрып алып кэөөнүн үстүнө жапты. Анан бош топурактарды эки чеңгели менен кылдат шилтеп көмө баштады.
Арадан бир чай кайнамдык убакттын ичинде аларды жер менен жер кылып тегиз кылып көмүп бүтт. Сырттан таш алып келип алардын үчтүнөн киши тебелебегендей кылып айланта жайгаштырып чыкты. Алардын жанына коюлган эки мылтык менен кылычты алып бурчка коюп койду. Жанында турган Улукбекке көңүл бурбай бул жерде жалгыз өзү жүргөндөй эле өзү менен өзү сүйлөшө иштерин жасай берди. Анан шашпай туруп алып куран окуду. Анын катарына Улукбек да кошулду. Эртеден бери жардам берейин десе болбой, кагып коюп жаткан. Бул жолкусунда унчуккан жок. Куран узак дагы кырааты менен окулду. Куран окулап бүткөндөн кийин гана ал Улукбекке кайрылды.
-Сага ырахмат жигит, канча калса дагы өз парызыңды аткарыптырсың. Мен сага ыраазымын, атыңды да сурабаптырмын.
-Улукбек.
-Улукбек мен сенден суранарым алдагы алтындарың менен колдон келишинче бул жерден алыс барууга аракеттен. Болбосо алтын издеп жүрүшкөндөр бул жерди кайрадан казып жибериши мүмкүн. Булар эми түбөлүккө тынч жаткандай болушсун. Кана айтчы ыраазычылык иретинде менден сага эмне керек, эмне каалайсың?
Мындай суроону күтпөгөн Улукбек эмне айтаарын билбей шаштысы кетип калды. Анан ойлонуп туруп эртеден берки өзүнүн сунушун айтты.
-Мен көрүп турам, аябай кыраакы, кайраттуу, атүгүл айтканыңыздан жазбаган көзгө атаар да мерген экенсиңер. Менин бирден бир гана өтүнүчүм бар, эгер колуңдан келсе ушуну аткара алсаң жакшы болор эле.
-Айта бер тартынбай?
-Мен бул дүйнөдө төрөлгөн адамдардан эң эле жалгыз коколой гана башым бар адаммын. Ата-энемдин ким экенин да билбейм, бир туугандарым да жок. Ушул жашка келгени жер кезип, азаптанып жүрүп жолдош да дос да күткөн жокмун, атүгүл үй-бүлө да күтө алган жокму. Коколой жалгыз башым менен гана ээн талаада жалгыз жорткон бөрүлөрдөй болуп башым ооган жакта минтип ар кандай окуялардын күбөсү болуп тентип жашап оокатымды өткөрүп жүрөм. Мен да көрүп турам, силер да жападан жалгыз калдыңар. Менин бирден бир суранаарым эгер колуңардан келсе мени өзүңөр менен кошо ала кетип же бир тууган ини, же уул кылып алгыла. Канча калса да кокусунан тиги дүйнөгө өтүп кеткен күндө мына булардай кылып бапестеп көмүп, куран окутуп турганга жок дегенде бир адам керек эмеспи...
Экөө бир паска бирин-бири тиктешип унчукпай катып туруп калышты. Сыягы мындайды мергенчи да күтпөсө керек. Арадан бир топ убакыт өткөндөн соң экөө кол алыша анан кучакташып калышты.
#359 22 May 2015 - 00:35
ЖОГОЛГОН КЕНЧТИН ИЗИ
(бүгүнкү заман)
Экинчи кабатка көтөрүлүп барып эшикти аяр такылдаткан Кахар коридордо эч ким жок бекен дегендей айланасына сактана бир сыйра көз жүгүртүп койду. Бөлмөнүн ичинен эч дабыш билинбегендиктен экинчи жолу эшикти дагы катуурак такылдатты. Бир маалдан кийин каалганын ары жагынан тааныш үнлү укту.
-Бу ким?
-Мен!
Эшик шарт ачылып экөө бири-бирин тиктешип калышты. Кахар Саидди эски таанышын жаздемдебей тааныды. Ал болсо Кахарды тааныбаган түр көрсөттү.
-Сизге эмне керек?
-Кандай Саид, эч жериң өзгөрбөптүр го, ошол эле боюнча экенсиң...
-Мен сизди тааныбайм.
-Мен Кахармын бир убакта бир айылда тээ бала кезде чогуу жашаган Орус солдаттары менен согушканда да бир командада болгонбуз, эстедиңби эми.
-САга эмне керек?
-Кирсе болбу?
Тиги унчукпай экөө бир топко тиктешип болсогодо турушту. Кахар эмне максат менен келгенин Саид аныа түшүнө алган жок. Бирок жөн келбегенин, болгондо да өтө маанилүү иштер менен келгенин жүрөгү сезип турду. Анан коридорго башын чыгарып эч ким жок бекенби дегендей эки жагына көз жүгүртүп алды да өзү артка боло берип кир дегендей белги берди. Ал кирип кеткенден кийин дагы бир жолу сактана коридорго көз жүгүртүп эшикти ичинен катуу беките бери көздөй басып келди. Кахар бөлмөнүн ичине бир сыйра көз чаптырып өттү.
-Жаман бөлмөдөн албаптырсың, мен дагы бир убакта так эле ушул бөлмөдө жашагам.
ТИгил анын сөзүн аягына дейре чыгарбай дароо эле чорт сүйлөдү.
-Эмне айтмакчысың кулак сенде?
-Болутур сөздүн ток этер жеинен эле баштайлы убакытты созбой. Мен сени бир жылдан бери артыңдан сая түшүп издеп келе жатам. Мына акыры Кудайым буюруп экөөбүз кезигиштик. Сен болгон Кыргызстанда мен да болгом. Сен катышкан Жума Наманганинин алдында мен да кызмат өтөдүм. Мына бул жакка кайтып келдиң эле мен да келдим артыңдан...
-САга эмне керек?
-Бул эң жакшы суроо болду. Сөздү алыстан баштаганда пайда жок, эми кеген максатымды айтып ток этээр негизге жерге өтөлү катылган казынанын картасы каякта, алтындарды каяк жакка жашырдыңар?
Андан эгерим мындайды күтпөгөн Саид бирөө жонуна ийне сайып алгандай чочуп кетти да дароо койнунан тапанчасын суурап чыкты. Кахар бир нерсе деп сүйлөйүн деп келатты эле Саид аны сүйлөтпөй койду.
-Унчукпа суроону эми сен эмес мен беришим керек.
Кахар болуптур дегендей түр көрсөтө тигинин айтканынын күтүп калды. Самд аны эки колун желкесине алдыртты дагы ары дубал жакка караттырып туруп чөнтөк-баштарын тинтип, аңтарып чыгып төш чөнтөгүндөгүпистолетин сууруп чыкты. Анан кайра бери караттырып столго отур дегендей белги берди.
-Кана айтчы каяктагы катылган казынаны айтып жатасың?
Кахар Кыргызстандагы окуяны чыпчырагынан бери коротпой айтып берди.
-Так что Саид менден аны жашырам деп ойлобой эле гой. Ушунча байлыкты жалгыз эмне кыласың “жалгыз дарак токой болбойт” дегендей аны жалгыз эч жакка ташып кете албайсың. Тиги досуңду болсо алтындарды кызганып өлтүрүп койдуң...
-Мен аны өлтүрбөсөм ал мени өлтүрөөргө көздөнүп калган. Баса, айтмакчы мынча маалыматты кайдан алдың,жашырган казына туралуу кайдан билдиң?
-Эки-үч жылдан бери Кыргызстанда эмне эшек талкалап жүрдү дейсиңби, жалаң ушул жоголгон казынанын артынан издеп жүрүп күн өткөрүп келгем. “Чуркаган албайт, буюрган алат” деген кеп бар эмеспи, Кудайымдын буйругы экен ушунча отур-кыркка жакын адамдын ичинен жалгыз сага буюруптур.
-Жалгыз эле мен кэенимди кайдан билесиң?
-Жоголгон казынаны тапкандан кийин өзүңөрдө жүргөн топтордун бардыгынын көздөрүн курутуп төрт адам гана калгансыңар туурабы. Бирөөсү башка топко туткун болуп калган, ал эми үчөөңөр болсо эч кимге билгизбей казынаны башка жакка алып барып жашыргансыңар туурабы. Тиги афган жигит ары жердеш, ары айылдык бир досуң экөөңөр өз ара сүйлөшүп алып үчүнчүсүнүн да көзүн курут кылгансыңар туурабы. Кийин экөөңөр Жума Наманганинин кол алдында кызмат өтөп кеткенде бул жөнүндө эч ким билген эмес...
-Токтой турчу, бул маалыматтын бардыгын каяктан уктуңар, тигил башка топко туткунга түшүп кеткен аты ким эле атың өчкүр эстей албай жатпаймынбы. ..
-Бактияр...
-Ооба дал өзү, ошондон бери жалаң ушунун үчтүндө иштеп келе жатабыз, мындай маалымат буга чейин эле бизде бар болчу, маалыматтарды кантип алып жүргөндөрүбүздү айтууга болбойт. Ал секрет. Акыры казына силер аркылуу башка жакка катылганын билдик. Анан капысынан экөөңөрдү жоготуп жибердик. Сары изиңерге чөп салып артыңардан издеп жүрдүк, эмнегедир айылдаш досуң дайынсыз жок болуп кетти. Көрсө анын көзүн өзүң курутуп койгон турбайсыңбы. “Ким издесе акыры табат” дегендей мына акыры артыңдан сая түшүп, издеп жүрүп акыры таптык.
-Баса бул жөнүндө тиги наркомафиянын жетекчиси “бизче айтканда Босс”, Хамид билеби?
-Азырынча биле элек, бирок жытын алып, бир нерсени сезип жүрөт.
-Демек алар билбейт дечи, анда эмне мени издеттирдиңер Афгандагы “Саид” аттуу жигиттердин бардыгын бул жакка алып келдиртип?..
-Ал биздин өтүнүчүбүз болчу, биз ага кызмат кыла баштадык, ал болсо биздин ушул өтүнүчүбүздү аткарып сени таап бермек. Сен жөнүндө ага эч деле маалымат берген эмеспиз “жөн гана таанышыбыз” деп койгонбуз.
-Биз дегениңер ким, сенден башка дагы ким бар?
-Сени издеп келген эки адамбыз, ал кыргыз, аты Абдурасул...
-Ал кайда азыр?
-Башка бөлмөдө күтүп отурат. Кыскасы мындай биз экөөбүз сага көмөк бергени келдик. Жашырылган казынаны Кыргыз жергесинен алып кетүүгө биз сага көмөк кылабыз...
-Муну экөөңөрдөн башка дагы ким билет?
-Экөөбүз гана...
-Жок, сен бир нерсе жашырып жатканың билинип турат. Тигилер атайын тапшырма менен атайын экөөңөрдү жиберсе керек...
-Тигилериң ким?
-Өзүңөрдүн тобуңардагылар.
-Биз болгону беш адам болчубуз, үчөөсү түрмөдө экөөбүз болсо ал жактан качып чыктык. Кантип качып чыкканыбыз туралуу кийинчерээк газетага жарык көрүп, атайын издөө да жарыялашкан. Кааласаң ал гезитти сага көрсөтөм...
Ошо маалда Саид дубалда илинип турган саатты карап аткан болчу. Саат түнкү ондон өтүп он бирге жакындап калыптыр. Күтүлбөгөн жерден ал пистолетин Кахарга суна буйрук бере сүйлөдү.
-Колуңду желкеңе ал да ары кара!
Кахар анын айтканын жасады. Саид эч ойлонбостон колундагы пистолети менен желкеге уруп калды. Ал оңкосунан сайыла эси ооп жатып калганда, ары жактан жип алып келип эки колу-бутун байлап, үн чыгара албагандай кылып оозун да таңып кроваттын алдына сойлотуп жиберди. Анан ал көрүнбөгөндөй кылып кроваттын үстүн одеял менен жаап койду. Эч ким жок бекенби дегендей акырын эшикке келип кулагын төшөп коридорду тыңшады. Коридордо эч дабыш билинбейт. Бөлмөнүн эшигин ичинен жакшылап бекитип дароо балконго чыкты. Кошуна бөлмөлөрдүн баары күйүп турган эле. Балкондун жээгин карап асылып төмөн түшүүгө аракет кылды мүмкүнчүлүк ала албай койду. Эптеп тырмалаңдап жатып балконго жакын өсүп турган бактын бутагына асылууга аракет кылды. Ага эптеп жетип алып бактын бутактары аркылуу төмөн карай шыпырылып жөнөдү. Буту жерге жетпей калгандыктан аслып турган бутакты кое берип төмөн карай секирип түштү. Ошо маалда күтүлбөгөн жерден эки-үч караан аны үстүнөн басып калышты да эки колун артына кайрып, желкесине бирөөсүнүн пистолети такалды.
Эртеден бериэ көөнүн сүйлөшкөн сөздөрүн угуп отурган Каныбек “колдоруңду желкеңе ал да ары кара” деген Саиддин акыркы сөзүн укту, анан эмнегедир көпкө чейин экөө дымып калышты. Бир аздан соң кимдир бирөөнүн терезениби, балкондубу ачып аткан дабышын уккансыды. Каныбек дароо эле бир нерседен шек санай пистолетин чөндөгүнө салды да коридорго чыгып экинчи кабатка көтөрүлүп жөнөдү. Жүз жыйырма бешинчи бөлмөнүн эшигин такылдатты эле эч кандай дабыш чыккан жок. Дагы катуураак такылдатып көрдү, эч белги билинбеди. Анан болгон күчү менен тарсылдатып эшикти катуу жулкуп көрдү. Бир аз турган соң эки жагына көз жүгүртө артка кетенчиктей күү менен келип буту менен тепти эле кулпусу сынып кетти. Колунда тапанчасы бар бөлмөнү буту менен тээп талкалап талкалап жаткан жигитти көргөн коридордо кетип бараткан аялдын эки көзү алактай өз бөлмөсүнө кире качты. Каныбек дагы артка кетенсиктей экинчи жолу күүлөнүп келип тепкенде каалга сынып кетти. Ошол күүсү менен кирип барып бөлмө ичинен эч кимди таппай калды. Болкондун эшиги ачык экен, төмөн жакка көз жүгүрттү, карангыда кыбырап-сыбырап жүргөн беш-алты караанды көрдү. Кайра шашыла бөлмөгө кирип келди эле үч-төрт жигит ага пистолеттерин кезеп турушуптур. Бирөөсү Каныбекти ары картып туруп эки колун артына кайрып жип менен байлап жиберди. Көп өтпөй эле мыйыгынан жылмая сырттан Хамид кирип келди. Бери жактагылар бөлмөнүн ичин ары-бери шимшилеше кроваттын алдында эки колу, эки буту байлануу, атүгүл оозу да таңылуу эси ооп жаткан Кахарды сууруп чыгышты. Алар эч нерсе деп сүйлөшкөн жок. Эми кол байлануу Каныбек менен Кахарды алдыга салыша сыртка алып жөнөштү. Хамид артта калып мейманкананын кожоюнуна ыраазычылыгын билдиргендей бир канча доллар акчаны таштап койду.
-Мага көмөк бергендигиң үчүн, калганына болсо тиги сынган эшикти оңдотуп кой.
Мейманкананын караңгы бурчунда аларды эки мерседес машинеси күтүп туруптур. Алдыңкы машиненин арткы ордуна кирген Каныбек жанында эки колу артына байлануу отурган караанды көрдү. Бул Саид болчу. Эки мерседес от алыша ордуларынан козголушту да биринин артынан бири ээрчишеп дароо көздөн кайым болуп кетишти.
#360 22 May 2015 - 00:37
КҮТҮЛБӨГӨН КУУГУНЧУЛАР
(мурунку заман)
Жоломан карка бекем болуп байланып турган байлыкты жактырбагандай карап турду.
-Чынын айтканда бул мен үчүн эң эле жагымсыз нерсе. Алтын дайыма ажалды өзүнө чакырып турат, алтына көп адам дегеле узакка көп жашабайт. Баскан-турганын, ар бир кадамын ажал коштоп жүрөт. Мейли эми суранып калдың булардын бардыгын өзүбүз менен кошо ала кетели, бирок дароо соодалап жиберип көздөрүн куурутуш керек, болбосо...
Экөө каптагы алтындарды экиге бөлүп туруп атка арта салышты дагы батыш тарапка көздөй жүнүп кетишти. Аттанардан мурун Жоломан эски күмбөздүн жанына башын ылдый сала тизелеп көпкө чейин каткан казыктай катып турду. Анан атына шап минди да ары жакта атчан турган Улукбекти көздөй бастырды. Экөө жол карата эч үн катышпай бара датышты. Улукбек өзү менен өзү сүйлөшө катуу ойго чөмүлүп кетти. “Чын эле бул мергенчи туура айтат” ушул алтындын азабынан канчалаган адамдар каза табышты. Мени менен дайыма чогу жүргөн Максүттү эле карабайсыңбы. Эгер ушул алтын каргашадай болбогондо эмдигиче экөөбүз ээрчишип ал али тирүү жүрбөйт беле. Азап жеп тигил Кытайга Үрүмчүгө чейин барып келмек эмесмин. Алтынга азгырлып Хабибулла көпөс эмне болду башы бир жерде, денеси бир жерде калды. Эмдигиче соодасын кылып жүрө бербейт беле. Алтынга азгырылып Хайрулла эмне болду. Өлүгү көмүлбөй ит-кушка жем болуп талаада калды. Андан тышкары ортодо канчалаган адамдар өлүп кетти. Алтындын башталышы эле жаман болчу. Казынанын Кызыл-Үңкүрдөн жашырууна алып чыгышкан он бештей кыргыз эле эмне болду, дароо Кокон хандыгын жазалоочу отрядынын курчоосунда калышып бир да калбай тиги дүйнөгө сапар тартышты. Кокусунан күмбөздүн үстүнөн мүрзөгө жашырылып жаткан алтындарды көрүп калбаганда анын каякка катылганын эч ким билбей калмак. Же Кудай Таалам ушул алтындарды мага пешенеме жазганбы. Чын эле канчалаган гана өлүмдөрдөн калдым. Хайрулла жардын боорунан мени учура атканда эле Максүт менен кошо тиги дүйнөгө кете бербейт белем...
-Орустун солдаттары - анын оюн Жоломандын үнү чорт эткендей үзүп кетти, - шайтан алгырдыкы десе алар мэи бул жакка сөзсүз келбей койбойт, атүгүл каптардын ичин да текшерип жибериши мүмкүн. Эч жакка көңүл бурба тынч эле бастыра бер.
Улукбек башын көтөрө анча бийик эмес дөбөчөдөн чыга калышкан бардыгы окшош кийинишкен атчан солдаттарды көрүштү. Алдыңкысы дүрбүсү менен экөөнү карап турду да барып билип келчи булар кимдер экен дегендей экөөнү жиберди. Улукбек мергенчи экөө аттарынын басыгын ылдымдаттышты. Арт дактарында кыйкырып ат чаап келаткандаргы көңүл да бөлүшкөн жок. Алар жакындап келатканда экөө тең аттарынын ооздорун коё беришти. Арттагы орустун солдаттары өз тилдеринде кыйкырышып качкындарды кууп жөнөштү. Качкындар аттарын катуу чаап отуруп дөбөнүн ары жагына ашып кетишти. Бир кезде “тарс-тарс” эткен мылтыктын эки жолу атылган үнү угулуп, дөбөнүн башына чыга беришкен эки солдат дароо аттарынан кулап түшүштү. Бир азга ордунда имериле калган Жоломан кергенчи кайра атынын башын буруп оозун коё берди.
“Мына алтындын каргашы башталды. Бул алтындар болбогондо орустун солдаттары келишмек да кайра кетип калышмак. Бөөдөдөн бөөдө бейтааныш эки адам курман болушту” атын катуу чаап баратып мергенчи ушуларды ойлоп баратты. Көп өтпөй эле алиги эки орус солдаттары өлгөн дөбөнүн башына он чактыдай солдат чыга келишти. Булар тигилердин жетекчиси жиберген куугунчулар болчу. Өлүп жаткан өздөрүнүн кишилерин көрө дароо буйдалбастан тээ алыс жакта аттарын катуу чаап, уруп-согуп баратышкан экөөнүн соңунан түшүштү. Алдыңкылар да артта кууп келаткандар да аттарын чаап катуу ылдамдыкта кетип баратышты. Уламдан-улам акырындап эки тараптын аралыктар жакныдап келатты. Бир кезде арт жактагы орус солдаттары алдыңкыларды аткылай башташты. Жоломан атын катуу чаап баратып мылтыгын октоп кирди.Бир колу менен тизгинди кармай экинчи кол менен мылтыкгын артка суна машаны басты эле “тарс” эткен үн чыга алдыда келаткан солдаттарынын бирөө атынан учуп кетти. Экинчи жолу атылган ок катуу чаап келаткан солдаттын атына тийип ал катуу күүсү ат-паты менен оңкосунан сайылды. Улукбек Жоломандын таамай аткычтыгына өзүнчө баа берип келатты.
Канчалык аттарын катуу чабышканы менен каптагы алтындардын салмагы экөөнө тоскоол болуп жатты. Арттагы куугунчулар улам жакныдагандан жакындай беришти. Булардын ой максаты тээ бет маңдайындагы тоолорго жетип, эптеп коктуларды аралап кетүү болчу. Ал жерди Жоломан коён жатагына чейин жакшы билгендиктен орус солдаттарын адаштырып кетмек. Бирок бул ылдамдыктары менен экөө тең тоого үлгүрө алышчудай эмес Арттагы куугунчулар катуу ылдамдыктары менен дээрлик элүү кадамдай жакындап келишти. Баары бир булардан оңою менен кутула алчудай эмес. Күтүлбөгөн жерден Жоломан башына бир ой келди. Атын чаап бараткан боюнча каптын оозун ачып алтын теңге, тыйындарды артка чачып, ыргытып кирди. Куугунчулар дээлик чукул келип калышкан эле. Алар ыргытылып жаткан алтындарга адегенде анча маани беришкен эмес. Мергенчи каптан алтын чөйчөктү алып чыгып ыргытканда гана алдыда өтө чукул келип калган орус солдаттын бирөөсү атынын тизгинин дароо тартты. Анан атынан дароо секирип түшүп чөйчөктү баса калды. Жоломан колуна эмне тийсе ошону ыргытып жүрүп отурду. Куугунчулар улам бирден арта калып отурушуп эч кимиси калбай калышты.
Катуу ылдамдыкта бара жаткан эки качкын ошол ылдамдыктарынан жазбай чаап жүрүп отурушуп эртеден бери көздөп келатшыкан тоолорго жетишип, коктуларды аралап кирип кетишти.
Супер-Инфо
super.kg
видео