Суперстан: „Хадис” . - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
  • 50
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

„Хадис” . Мухаммад Пайгамбардын(САВ)осуяттары.

#941 Пользователь офлайн   banda-312   02 Май 2015 - 14:22

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 221
  • Катталган: 02 Март 15
  • Соңку аракети: 26 Июл 2015 19:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан Бишкек

2.05.2015 12:085-хадис: Шариятка терс болгон бардык нерселердин жана бидааттардын жараксыздыгы (Имам ан-Навави "40 хадис" кыргызча)


Момундардын энеси Умм Абдуллах Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Аллахтын элчиси (салляллаху ‘алейхи уа саллям) айткан:

«Кимде-ким биздин ишибизге[1] анда болбогон[2] жаңы нерсе киргизсе[3] ал кайтарылат[4] (кабыл кылынбайт)» аль-Бухари. Муслимдин дагы бир баяндоосунда хадис төмөндөгүчө: «Кимде-ким биздин ишибизге ылайык келбеген бир амал жасаса, ал кайтарылат (кабыл кылынбайт)».  

عَنْ أمِّ المُؤمِنينَ أمِّ عبْدِ اللهِ عائشةَ رَضِي اللهُ عَنْهَا قالَتْ: قالَ رسولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:  مَنْ أَحْدَثَ فِي أَمْرِنَا هَذَا مَا لَيْسَ مِنْهُ فَهُوَ رَدٌّ  رواه البخاريُّ ومسلمٌ.  وفي روايةٍ لمسلمٍ: مَنْ عَمِلَ عَمَلاً لَيْسَ عَلَيهِ أَمْرُنا فَهُوَ رَدٌّ.

 

Пайдалары:

1.             Шариатка туура келбеген диндеги бардык жаңы нерселерди (бидаат) четке кагуу. Ал эми экинчи риваятта – кандай гана диндеги жаңылык болбосун, аны таштоо керектиги айтылган: ким гана болбосун, өзү динге бидаат ойлоп таап, өзү ошону аткарып жатканбы же ага чейин эле бидаат бар болуп аны үйрөнүп алган болсо да. Чындыгында кээ бир тежиктер бидаат кылганына актанып айтышат: «Биз динге эч кандай жаңылык киргизген жокпуз го!». Аларга каршы далилге хадистин экинчи риваятын алып келиш керек. Бул хадис бардык бузуку, ыплас иштердин кабыл болбой турганына далил; бизге бул хадисти жаттоо – милдет.

2.            Шариатта же анын жалпы көрсөтмөлөрүндө далили бар болгон бардык иштер четке кагылбайт, кабыл болот.  М: Абу Бакирдин Куранды бир китеп кылып чогултуусу; аалымдардын грамматика, тафсир, фикх, арифметика жана башка илим чөйрөлөрүндө эмгектерин жазуулары – бул илимдер адамзатынын жашоосун жеңилдеткен, аларга көп мүмкүнчүлүк түзүп берген: жер жүзүн жакшыртууга, Куран жана Сүннөттүн негизинде өкүм чыгарууга жана Аллахтын шариатын бекемдөөгө.

3.            Келишим жокко чыгарылат (жараксыз болот) качан ал шариатка каршы келип калса. Дагы келишим жараксыз болот качан анын негизги шарттарынын бирөө бузулса. Эгерде ал жарашуу (тынчтык) келишими болсо, алынган нерселер кайтарылып берүүсү туура.  М: Бир жаш улан зинага барат. Анын күнөөсүн жууш үчүн атасы 100 кой жана 1 кулду төлөм кылып айалга берет. Бирок, Аллахтын элчиси, салляллаху ‘алейхи уа саллям, берилген малын кайтарып алганга, ал эми баланы жазалоого буйурат.

4.           «…биздин ишибизге ылайык келбеген…» же динибизге ылайык келбеген. Бул сөздөргө ылайык: эгер акимдин (башкаруучунун) өкүмү шариаттын негиздерине каршы келе турган болсо – мындай өкүм аткарылбайт, четке кагылат. 

5.           Кайсы бир иштин тыю салынганы анын бузуучу жаратылышы бар экенинен. Тыю салынган нерселер динден эмес жана аларды таштоо, кабыл кылбоо зарыл.

6.           Ислам дини толук жана эч кандай кемтиги жок

 


[1]Аллах ыраазы болуп берген биздин Ислам динибизге жана шариатыбызга.

[2]Шаритка ылайык келбеген, ага каршы нерселер; шариатта же анын жалпы көрсөтмөлөрүндө далили жок болгон бардык иштер.

[3]Өзүнүн көңүлүнөн жаңы бир нерсе жаратса же ойлоп тапса.

[4]Бул иштердин жараксыздыгынан жана алар этибарга алынбагандыктан – аларды жасаган адамга иштери кайтырылып берилет.
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#942 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   02 Май 2015 - 23:57

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312


Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#943 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   03 Май 2015 - 23:33

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Пайгамбар, саллаллаху
алейхи ва саллам, айтты:

"Эгерде силер динине жана кулк- мунозуно ыраазы болгон бир
адам силерге куда тушуп келсе, анда ага (кызынарды)
бергиле! А эгер силер мындай
кылбасанар, анда жер бетинде
фитна кучоп, бузукулук жайылат". (Сунан ат-Тирмизи)

Бир адам Хасан аль-Басриге келип:
"Коп адамдар кызыма куда
тушуп жатышат,
кимисине кызымды
берейин?"
– деп сураганда, ал: "Алладан
корккон таква адамга турмушка бер. Эгерде ал аны
жакшы корсо, урматтайт. А
эгер жаман корсо, анда ага зулумдук кылбайт", – деп
насаат кылды.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#944 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   07 Май 2015 - 00:54

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

ЫЙМАН
Абу Бакр айтты : Ыймандуу адамда төрт сапат бар болсо, ал Аллахтын эң мыкты кулу болот.
1 - Аллахтын алдында тообо кылган адамга кубанса,
2 - Күнөө кылган адамдын күнөөсүн кечир деп с
уранса!
3 - Карызы барлардын карызын төлөөгө Аллах жардам берсин деп жалбарса,
4 - Соопчулук иш жасаган адамдын соопчулук иштерине жардам берсе.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#945 Пользователь офлайн   ROZI   12 Май 2015 - 09:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Алланын Элчиси Мухаммад (саллаллаху алайхи уа саллам) айтты:
Өзүнүкү туура болсо да талаш-тартышты таштаган адамга Бейиштин четинен хансарай берилишине кепилдик беремин.
Тамашалашса да жалган айтпаган адамга Бейиштин ортосунан хансарай берилишине кепилдик беремин.
Кулк-мүнөзүн оңдогон адамга Бейиштин төрүнөн хансарай берилишине кепилдик беремин. (Имам Абу Дауд).

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 11010549_10206153937429298_5059240413610983902_n.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 12 Май 2015 - 09:56

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#946 Пользователь офлайн   ROZI   12 Май 2015 - 10:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

"КУРАН" Ибну Аббас разияллоху анху айтат.
Кимдир бирөө Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху аллейхи ва салламга келип сурады.
—Эй Алланын элчиси!! Амалдардын эң жакшысы кайсыл?
Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху аллейхи ва салам жооп берди.
"Халул— Муртахил" , "Халул— Муртахил" деген эмне экенин билесиңерби.
Куран ээси, Куранды башынан аягына чейин окуп жеткирет жана кайра башынан баштайт, кайсыл жеринен келип токтогон болсо, ошол жерден улантат.
"ХАЛ"—деп бара турган жерге жеткен кишини айтат жана "МУРТАХИЛ" деп көчкөн кишини айтат. Мындайча айтканда Курандын акырына чейин жетип, кайра башынан баштоо.
Акырына жеттим болду, кийин кайра окуйм деп таштап койбоо керек....


КУРАНДЫ АР ДАЙЫМ ОКУП ЖҮРҮҢҮЗ.....


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#947 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   13 Май 2015 - 21:34

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

АЛЛАНЫН КЕЧИРИМДУУЛУГУ

Анас бин Малик баяндаган хадисте Алла Элчиси (саллаллаху алейхи вассалам) мындай деген .
Алла Таала мындай дейт: Эй адам баласы! Сен Мага дуба кылып жана Менден умут кылсан, сенин жанылыштыктарына карабастан, мен сени кечирем жана жанылыштыктарына конул бурбайм.
Эй адам баласы! сенин куноолорундун коптугу булуттарга чейин жетсе жана андан кийин сен Менден куноолорунду кечируумду сурансан, сени кечирем жана кетирген жанылыштыктарындын коптугуно конул бурбайм.
Эй адам баласы! Сен мага жер жузу толгон каталар менен келип, бирок Мага эч нерсени шерик кошпостон Мага жолуксан, сага жер жузу толо кечирим менен келээрим шексиз. Тирмизи
Ким бир жаман иш кылса, оз жанына жабыр кылса, кийин Алла Тааладан кечирим сураса, Алла Тааланын Кечиримдуу экендигин табат, корот. (Ниса суросу, 110-аят).
-Алла Таала пендесинин куноолору канчалык коп болсо да аны кечирет.
-Алла Таала ага шерик кошуудан башка бардык куноолорду кечирет.

Билдирүүнү түзөткөн: Senuchunzhashaim: 13 Май 2015 - 21:35

Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#948 Пользователь офлайн   sladkaya15   16 Май 2015 - 23:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 63
  • Катталган: 08 Январь 15
  • Соңку аракети: 28 Окт 2019 18:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

+
Томкоруп тоскоолдукту женип кетем,
Талпыным максатыма дагы жетем!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#949 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   18 Май 2015 - 02:56

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Дуба кылбоо - кайгылардын эң чоңу.
Аллаху Таала Мумин сүрөсүнүн алтымышынчы аятында:
«Мага таза (ыкыластуу) жүрөгүңөр менен дуба кылгыла.
Дубаңарды кабыл кыламын», - деп айткан.
Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи васаллам”:
«Аллаху Тааланы унутуп, гафлет менен (ыкылассыздык менен) кылынган дуба кабыл болбойт»,- деген.
Дубанын кабыл болуп-болбогонуна эмес дуба кылганда аткарылуусу керек болгон шарттарынын аткарылып-аткарылбаганына тынчсыздануу керек. Анткени, шарттарына ылайык кылынган дуба сөзсүз түрдө кабыл болот. Муну аяттар менен хадиси шарифтер билдирүүдө.
Хазрети Мавлана Халид Багдади мындай дейт:
«Жалгыз гана дуба кылып өзүбүздү өзүбүз алдабайлы. Аллаху Тааланын жараткан мыйзамдуулуктарына моюн сунбай, себептерине жабышпай, амал кылбай дуба кылуу мужиза тилөө деген сөз. Мусулманчылык ары амал кылуу менен, ары дуба кылуу менен ишке ашат. Алгач себебине жабышуу керек (тактап айтканда, максатыңа жеткирүүчү себептерди аткаруу керек), андан кийин дуба кылуу керек.»
Хазрети Имам Газали:
«Дубанын адептеринин бири – өзүңдүн алсыз экениңди билдирүү, тунук ой менен, хушу менен (ыкылас менен, берилип), Аллахтан коркуп, дубанын кабыл боло турганын үмүт кылып, тилегиңди туруктуу түрдө жалбарып суроо», - деген.
Кул ар убак Ээсине, Жаратканына муктаж. Аллаху Таала бардык нерсени себептер менен байланыштырып жаратканы үчүн себептерге жабышуу буйрук кылынды. Себептерге жармашабыз жана дуба кылабыз. Анткени, дуба кылуубузду Өзү каалап буйрук кылууда. Ниматка жеткен кезибизде да, балээге учураган кезибизде да дуба кылуубуз буйрук кылынды.
Хазрети Имам Раббани мындай дейт:
«Дуба кылуубуз буйрук кылынды. Кулдун Раббине дуба кылуусу, жалынып-жалбаруусу, сыйынуусу, ыйлоосу Раббине жагымдуу келет.»
Балээ келгенде Аллаху Таалага жалбарбоо, дуба кылбоо – келген балээден да чоң өкүнүч, андан да өткөн кайгы болуп саналат.
Хазрети Мухаммед Масум мындай дейт:
"Балээ Аллаху Тааладан келет. Балээден куткаруучу да - Аллаху Таала. Ар нерсенин белгилүү бир убакыты бар. Убакыттарын өзгөртүү мүмкүн эмес. Арыздануу пайда бербейт. Ага сыйынып дуба кылынса эч кандай кайгы, кыйынчылык калбайт. Дуба кылбоо – кайгылардын эң чоңу.”
Шарттарына ылайык кылынган дубанын натыйжасынан тынчсызданбоо керек жана бул тууралуу ашыкпоо керек.
Бир күнү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам):
«Кул күнөө кылбаса же сила-и рахимди таштабаса (туугандары менен карым-катнашын үзбөсө) жана ашыкпаса дубасы кабыл болот»,- деп айткан. Ошол жердеги сахабалардын кээ бирөөлөрү:
"Йа Расулаллах, ашыгуу кандай болот?” - деп сурагандарында, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам): «Дуба кылдым, бирок, кабыл болгонун көрбөдүм деп дуба кылууну жыйыштырып койот», - деп жооп берет.

Хазрети Али Рамитани мындай дейт:
«Дубаңардын кабыл болуусу үчүн Аллаху Таалага эч качан каршы келбеген тилиңер менен дуба кылгыла.»
Хазрети Яхья бин Маин: "Аллаху Таалага моюн сунуу казынага окшойт. Бул казынанын ачкычы – дуба. Бул ачкычтын тиши – адал тамак”, - деген.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#950 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   20 Май 2015 - 01:01

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

ЫЙМАНДУУЛУК АДАМЗАТТЫН АБИЙИРИ.

Биз адамзаттын жан дүйнөсүндө, жүрөгүндө 90% караңгылык болот. Ал караңгылыкты жарыта турган бул- ыйман нурудур. Ыймандуулук адамзаттын ички жан дүйнөсүн тазалап турат. Ыймандуу болуунун негизги кадамы Ислам дини Аллах жолуна түшүү. Ислам дининде баары бар, адеп-ахлак, сый урмат, мээримдуулук, боорукерлик, сабырдуулук, кечиримдүүлүк бар. Адамзат ушул мүнөздөрдү өзүнө камтып алса ,туура пайдаланса ошондо ыймандуу адам боло алат. Биз өзүбүзгө көп эскертип туурубуз керек. "Мен бул дүйнөгө эмнеге жаралдым? Менин бул жашоодо максатым эмне? Мен эмне кылсам туура болот?" - деп алдындагы келечек максатка аракет менен умтуулу керек жана ушул суроолор менен биз өзүбүздү жаман жолдордон тыйып турабыз. Ыймандуу адам өз жашоосу канчалык деңгээлде шариат талабына жооп берерлигине көңүл буруусу зарыл. Ыймандуу адам өзүнө каалаган жакшылыкты бирөөгө каалабаса чыныгы ыймандуу мусулман боло албайт.

Ыймандуу болуунун өзү эле көп мээнетти талап кылат. Биз өзүбүздү ыймандуу алып жүрүүбүз үчүн, Аллахтын мыйзамдары менен тыйып туруубуз керек. Керек болсо ар күнү өзүбүзгө-өзүбүз суроо менен Аллахты көп эстеп, андан коркуу менен, зикирлерди көп-көп кылып туруубуз бул биздин ыйманыбыздын мөмөсүдүр. Ыймандуу адам дарак олтургузат жана анын өстүргөнү алга умтуулу болот. Ыймансыз адам аны кыйып кыйратканы жарга умтулусуу болот. Ыймандуу адам ошол даракты кандай карап өстүргөн болсо, өзүнда ошондой карап жаман иштерден тыйып абайлап жакшы жаманга акырында мөмөлүү дарака айланат. Мөмөлүү дарак дегенибиз ыймандуулуктун чокусу десек да болот. Ыймандуу адам Аллах Тааланын барлыгына, бирлигине, анын ериштелерине, пайгамбарларына, китептерине, кыяматтын келүүсүнө, жакшылык жамандык Алладан экендигине, өлгөндөн кийин тирилүү бар экендигине ишенип жашап келет. Ыймандуу адам акылынын тунуктугу, пикиринин кеңдиги, адеп-ахлагы менен башкалардан айырмаланып турат. Ыйман нуру орогон инсандын жүрөгу таза, жүзү жарык, сабырдуу,кечиримдүү, мээримдүү жана Аллахымдын эң жакшы көргөн сүйүктүү инсаны болот. Ыймандуу болгон кандай жакшы мусулман бир туугандар. Ыймандуу болуп жашайлы!
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#951 Пользователь офлайн   ramazan9494   21 Май 2015 - 11:14

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 19 Май 15
  • Соңку аракети: 22 Июн 2015 14:01

Allahym sizderden raazy bolsum.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#952 Пользователь офлайн   ROZI   22 Май 2015 - 10:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

АЛЛАХ МУСУЛМАНДЫН КАЙСЫ АБАЛЫНА КУБАНАТ?

"Узактагы тууганы кайтып келгенде үй-бүлө кандай кубанган болсо, НАМАЗ окуу жана ЗИКИР чалуу үчүн МЕЧИТТЕ отурган мусулмандын бул абалына АЛЛАХ ТААЛА дал ошондой кубанат, кубаттайт" .

(Куттуу хадис, Ибн-и Мажа, Масажид, 19).


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#953 Пользователь офлайн   ROZI   22 Май 2015 - 10:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

" Ыйманы эң кубаттуу болгон адам – бул ахлагы эң жакшы болгон жана жубайына абдан жумшак болгон адам.” [Тирмизи]
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#954 Пользователь офлайн   ROZI   22 Май 2015 - 10:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

" АЛЛАХЫМ"

"БЕШ КАРАҢГЫЛЫК БАР, ЖАНА АЛАРДЫН ЧЫРАГЫ ДА БЕШӨӨ"

1. Дүйнөнү сүйүү— караңгылык.
Анын чырагы— Аллахтан коркуу.
2. Күнөө— караңгылык.
Анын чырагы— тооба кылуу.
3. Кабыр— караңгылык.
Анын чырагы— "Лаа илааха иллаллоху, Мухаммадур Расулуллох"
4. Акырет— караңгылык.
Анын чырагы— жакшы амал.
5. Кыл көпүрө— караңгылык.
Анын чырагы— Ишеним.



Раабия Адавия рахматуллоху аллейхи белгилүү таква аял болчу., ал түнү бою намаз менен алек болчу, таң аткандан соң бир аз уктачу, жана таң атып жарык болуп калганда, коркуп тура калчу да, өзүнө— өзү..
— Качанга чейин уктайсың? Жакында Кабыр азабы келет, ошондо сурнай тартылганга чейин уктай турган учур болот,—деп жемелөөчү.
Өлүмү жакындап калган кездн, ал бир аял кызматчысына, тахажжуд намазын окуганда кийип жүрчү жүндөн токулган көйнөгүнө, өлгөндө аны ороп көмүүсүн жана өлүмү тууралуу эч кимге айтпоосун наасат кылып, өтүнгөн.
Ошентип аны ошол насааты боюнча көмүштү.
Соң ал кызматчы аял түшүндө Раабияны кооз кийим кийип жүргөнүн көрдү да, андан аны кепиндегенде ороп көмгөн көйнөк кайда— деп сурады?
Раабия, ал көйнөк менин амалдарым менен чогуу оролуп турат,— деди.
Кызматчы аял, мага кандайдыр бир насаат бериңиз— деп андан сурады.
Ошондо ал......
"КОЛУҢДАН КЕЛИШИНЧЕ АЛЛАНЫН ЗИКИРИН КЫЛ. ОШОНУН БЕРЕКЕСИНЕН КАБЫРДА СЕНИН АБАЛЫҢ СУКТАНААРЛЫК БОЛОТ, —деди.


"АЛЛАХЫМ БИЗДИН АМАЛДАРЫБЫЗДЫ ДА СУКТАНААРЛЫК КЫЛСЫН" Оомин...


Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 22 Май 2015 - 10:46

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#955 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   06 Июнь 2015 - 01:36

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

АЛЛАНЫ ЭСТӨӨ, ЗИКИР КЫЛУУ.

Ырасында мусулмандын ишеними кургак-супсак ишеним эмес. Анын ишеними ар качан жандуу, ар дайым өз күчүндө болушу керек. Ал ар жерде, ар бир ишинде Жаратканды ойлоп, эстеши керек. Адам баласы Алланы эстеп жүргөн чакта гана бир жактуу жакшылык менен чектелбейт, эки дүйнөлүк бакыттын балтатым мөлтүр булагынан даам сызат. Алланы эстеп зикир кылуу адамдын жан-дүйнөсүн тазалайт, адамдык бийик сапаттарга ээ кылат, элдин керегине жараган, эл үчүн күйүп-жанган эр азамат болууну талаптайт. Ал эми Алланы унутуу – бул азгырык каракүч атыккан шайтан үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Ал ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып адамды ак жолдон адаштырууга бар күчүн жумшап жандалбас урат. Мына ошондуктан Алла Таала буга кайра-кайра кайрылып өзгөчө басым жасайт:

«Жараткандын атын эсте, ага бүт жан-дилиң менен бет ал!» (Муззаммил сүрөсү, 8)

«О, ыймандуулар! Алланы көп эстегиле, аны эртели-кеч аруулап даңазалагыла! » (Ахзап, 41-42)

«Ыймандуулардын жүрөгү Алланы эстегенде бейпилдик табат. Көңүл бургула, жүрөк Алланы эскергенде гана бейпилдик табат» (Раад сүрөсү, 28)

Алланы зикир кылуу бул Алла сөзүн тек сөз иретинде кайталоо эмес, аны жан-дили менен айтуу, ал жүрөккө бейпилдик, ырахат тартуулаган абал. Жогоруда белгиленгендей зикир кылуу жүрөктү сан түркүн ыпластыктардан арылтып, Исламдын тунук булагына жууп, эң мыкты сапаттар менен шөкөттөйт.

«Тилге жеңил, таразага коюлганда оор, аша Мээримдүү Алланы сүйүндүргөн эки сүйлөм бар: Субхааналлахи ва бихамдихи, Субхааналлахил- азиим» (Бухари, Даават 65, Айман, 19, Тавхид, 58; Муслим, Зикир, 31; Тирмизи, Даават, 60; Ибни Маажа, Адаб, 56)

(ЫЙМАН НУРУ группасынан алынды)
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#956 Пользователь офлайн   Begim_4   06 Июнь 2015 - 01:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 095
  • Катталган: 11 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Сен 2021 08:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ала-тоо

Однажды люди спросили пророка Мухаммада ﷺ:
“О Посланник Аллаха! Будет ли нам награда за доброе отношение к животным?” Он сказал: “Награда будет за доброе отношение ко всему живому” (Бухари и Муслим)

Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#957 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   06 Июнь 2015 - 02:25

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

~БАЛА ТӨРӨП,АНЫ БАГУУНУН СООПТОРУ~

Пайгамбарыбыз( саллаллаху алайхи васалам) айтты:
"Аялдын боюнда болгон кезинде,ага кундузу менен орозо кармаган, туну бою тахажуд окуган,Аллах ка жалынып жалбарган жана Аллах жолуна чыгып эмгектенген адамдын сообуна барабар сооп берилет. Качан ал аял толгогондо баардык калайык ага канча сооп берилгенин билбейт. Бала торолгондон кийин ага сут эмизсе, анда суттун ар бир ууртамына бир жанды тирилткендин сообу берилет. Качан баланы суттон чыгарганда бир периште келип ал аялдын далысын таптап, мактап айтат:"Бул кыйынчылыктардын акысына сенин мурдакы баардык куноолорун кечирилди,эми жаныдан амалды башта".

Убада ибн Соомиттен(разиаллаху анху) риваят:
"Пайгамбарыбыз(саллаллаху алайхи васалам) айтты:" Кайсыл кыз турмушка чыга электе эле кайтыш болуп кетсе же бир аял тороттон каза болсо же нифаста каза болсо, анда буларга ШЕЙИТТИН ДАРАЖАСЫ берилет".

Пайгамбарыбыз(саллаллаху алайхи васалам) айтты:
"Оо, аялдар! Силердин бироонор бул нерседен ыраазы эмеспи:"Качан бир аял озунун куйоосунон боюнда болуп, куйоосу андан ыраазы болсо,анда ал аялга орозо кармап, туну бою ибадат кылган кишинин сообунчалык сооп берилет. Качан ал аял толгосо анда ага бериле турган белектерди асман жана жердеги эч бир макулук билбейт. Баланы торогондон кийин эмизген суттун ар бир ууртамына жана баланын ар бир соргонуна ал аял учун бир сооптон берилет. Эгер баланын себебинен туну ойгонсо,анда ага Аллах жолуна жетимиш ишке жараган кул азат кылгандын сообу берилет. Силер билесинерби булар кимдер? Жыргалчылыкта оскон, жакшы амалдарды кылган жана куйоолоруно моюн сунуп шугурсуздук кылбаган аялдар".

"Бактылуу аял" китебинен.
ЖАЗГАН: Молдо Нурмухаммад

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: image.jpg

Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#958 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   06 Июнь 2015 - 02:43

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

~ЖУМА КУНУНУН СУННОТТОРУ~

✅1.Жума кунуно даярдануу, маселен чачтарды, тырнактарды алуу бейшемби кундон башталат. (Ихья).

✅2.Гусул дааратты болсо жума куну, жума намазына жоноп жатып алган дурус. ( Ибид).

✅3.Мисвак пайдалануу. (Ибид).

✅4. Миск сыяктуу жыпар жыттардан себинуу. (Ибид).

✅5.Мыкты делген кийимдерин кийуу. (Кимия Саадат)

✅6. Жума куну эртен менен мечитке баруу. Ким мечитке канчалык эрте келсе ошончолук чон сооп. (Бухари).

✅7.Мечитке жоо келген жакшы, анткени ар бир кадам учун орозо учун берилгендей сооптор берилет.(Тирмизи).

✅8. Хутба окулуп жаткан кезде имамды- конул буруп угуп туруу.

✅9.Хутба окулуп жаткан учурда Аллахтын Элчисинин ( Саллаллаху алейхи уа саллам) аты аталган кезде салават дуруд шарифти окуу керек.

✅10.Хутбанын ортосундагы тынымдарда дуба окуган дурус. Журок менен окуу лаазым. ( Адаби Зиндаги).

✅11.Жума намазынын парзынын биринчи рекетинде Фатиха суросунон кийин "Ал-А'лаа" суросун, ал эми 2 рекетинде болсо ал-Гашия суросун окуган жакшы.(Бухари).

✅12.Жума намазынан мурун же кийин 《Кахф》суросун окуган мыкты. ( ат Таргиб)

✅13.Аллахтын Элчисине (салаллаху алайхи коп коп салаваттарды айтуу абзел .

✅14. Хадистердин биринде айтылгандай, жума куну аср намазынан кийин намаздан турбастан туруп томонку салаватты окуй турган болсо, ошол адамдын сексен жылдык куноосу кечирилип, сексен жыл ибадат кылгандын сообу берилет:Аллахумма, Солли 'алаа Мухаммадин Набиййил-уммиййи, ва 'аала алихи ва саллиму таслима!! !!!

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: image.jpg

Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#959 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   06 Июнь 2015 - 02:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

~ХАДИС~

Умму Фарва (радыяллаху анху) айтат:
"Пайгамбар (саллаллоху алейхи уа саллам) дан" кайсыл амал абзелирээк" -деп сураганда, ал:"Баштапкы убактысында окулган намаз",-деп жооп берди.
(Абу Дауд).

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: image.jpg

Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#960 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   06 Июнь 2015 - 03:17

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

~ ХАДИС~

Салман (радыяллаху анху) дан риваят:"Пайгамбар(саллаллоху алейхи уа саллам) айтты: Ким дааратын уйунон жакшы алып, андан кийин мечитке келсе, ал Аллахтын коногу болот. Конок куткон конокко сый корсотот" .
(Табарони, Мажма'у завааид).

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: image.jpg

Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
  • 50
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 33 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 33, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 10 Сен 2025 10:32

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: