Kanat8427 (12 Май 2015 - 11:44) жазган:
Сурамжылоо кылбайсызбы? Биздин Окмот ардагерлерибиздин ыраазы кыла алдыбы деп?
Актоо да эмес, жактоо да эмес, болуп өткөн окуяга кеңири ой-жүгүртүү .
Ушул талкуулардан улам дагы бир жолу өзүм үчүн чыгарган жыйынтыкка бекем ишендим. Эгерде жазып жаткандардын ар жагында, чындап эле эч кандай кызыкчылыгы жок болсо, мен бул катарга теманын авторун да киргизет элем, анткени ал кыз биздин форумдун активдүү катышуучусу, жолугушуулардын уюштуруучусу, саясаттан алыс (дегим келгени саясатты түшүнбөйт эмес, кайсы бир саясий топтун, же саясатчынын буюртмаларын аткарбаган) адам. Демек, теманын автору сыяктуу бул темага жооп жазгандарды катардагы кыргызстандыктар, карапайым калктын сын-пикир билдирип турган бөлүгү деп ойлойм. Ошол катмардын жетеленме болбошун каалайт элем.
Сиздерге эң башта 3 сүрөт көрсөтүлдү, бири Казакстандыкы, экөө Кыргызстандыкы. Бирок Казакстанда жана Кыргызстанда тартылган сүрөттөр кайсы бир деңгээлде окшош деп тапканыңар менен айырмасы да чоң! Эл деген сел, ошентсе дагы, эшек кошо дүрбөптүр дегенден өтүшүбүз керек. Сүрөттү чыгарган ким, аны болбой эле интернетке Казакстандагы окуяга теңеп чыгарып жаткандар ким? Алардын көздөгөнү эмне? Кыргызстанда тартылган сүрөт Казакстандагы менен опокшош болсо, даана ошол чиновниктерди тытып жемекпиз. Бирок опокшош беле?!