Билдирүүнү түзөткөн: SULUU-KYZ: 12 Май 2015 - 15:55
9-май күнү ардагер-карыя жамгырда калды... Биз кайда баратабыз?
#101 12 Май 2015 - 15:53
#102 12 Май 2015 - 15:54
Эльвира Караева (11 Май 2015 - 09:16) жазган:

Эльвира Караева (11 Май 2015 - 09:39) жазган:

Эльвира Караева,
Сүрөттө чиновниктердин кол чааттырын караңыз жана ардагерлердин!
Эгер эки тарапты тең карай турган болсок!
Изилдеп жүрсөк жумурткаданда ушинтип кыр табылып калат экен!
Билдирүүнү түзөткөн: Barika: 12 Май 2015 - 16:39
☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#103 12 Май 2015 - 15:56
#104 12 Май 2015 - 16:19
peri-jan (12 Май 2015 - 12:55) жазган:
Талкуу дагы кичине уланат окшойт

Komissar.
E (12 Май 2015 - 13:01) жазган:
Сиз минтип жазбасаңыз деле, кечээ күндөн бери жаппаганымдын себеби - салмактуу пикир күтүүдөн улам болчу. Кызматтык абалымды кыпчыбай эле коюңуз

atai9292 (12 Май 2015 - 13:05) жазган:
Эреже сакталышы керек! Антпесе, бан

stimyl.kg (12 Май 2015 - 13:23) жазган:
Мен да сизге капамын

Мындай нааразычылыктар эрежеде жазылгандай, купуяга жөнөтүлөт. Анан бир тараптуу жазбагыла деп какшанган тарап дал мен болуп жатам

Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
#105 12 Май 2015 - 16:21
rabia (12 Май 2015 - 14:31) жазган:
чет жерде болгондугубуз учун,интернет булактарынан ар кандай билдируулорду окуп, балким сиз айткан реалдуулуктан алыстап жаткандырбыз .Теманын жабылбай турушун суранат элем .Жарым жартылай темалардын санын кобойтпой бир аз кутоо турсак ,балким далилдер чыгып Ак же кара деген жыйынтык чыгаттыр.
MIRlan (12 Май 2015 - 15:07) жазган:
Гезитке бул окуяга байланыштуу чакан материал жарыяланышы ыктымал.
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
#106 12 Май 2015 - 16:23
Мына сиз айткан ойду менда айтканы турам!
Жаан жашын билгенден кийин бүткүл элге эмес, ошол саналуу эле калган ардагерлерге гана чаатыр тиге койуш бир тоону томкоргончолук кыйын эместир эле?!
Жамгырда темселетпей бир автобус жалдап койсочу! Айта берсең сөз көп жана чиновниктер эле караланып калат экен!
Анан дагы ардагерлерге параддан кийин сыйлайбыз деп сөз кеткен экен. Ушул нерседа аткарылбаганы чындыкбы?
☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#107 12 Май 2015 - 16:25

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#108 12 Май 2015 - 16:33
Алдын ала белгиленгендей кыргыз бийлиги согуш ардагерлерине сый урмат кылып, белек тапшырылат деген кептер, нѳшѳрлѳп жааган жамгырдан кийин унутулуп, эл этегин жыя албай, ал эми майлуу курсагын араң кѳтѳргѳн чиновниктер коштоп жүргѳн кошоматчыларынын коштоосунда акүйгѳ кире качышты.



Эльвира Караева бир нерсе деңизчи?
Чын көзүм менен көрбөдүм бирок!
Мекенде болгонумда бул жерде талкуулашып олтургандан көрө деп ардагерлердин өздөрүнө жетип бармакмын!
Билдирүүнү түзөткөн: Barika: 12 Май 2015 - 16:35
☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#109 12 Май 2015 - 16:40
Биздин келечегибиз кандай болоорун. Саналуу гана ардагерлер калды. Эльвира Сариева! Сиз эми модератор экенсиз, кайсы темага кирбейин фактысы жок эле, жаап саласыз. Сынды туура кабыл алып, катанызды ондоого аракет кылсаныз жакшы болот. Мен модератор экенмин деп эле аша чаппай. Барика эже азаматсыз! Элди, аталарды ойлоп жан куйгузупсуз. Мирлан аке мен сиздин оюнузга толук кошулам. Гезитке жарыялаш керек, эгер бул гезит жарыялабаса башка деле гезиттер толтура! Эльвира Сариева, Атай тема боюнча жазсаныздар.
#110 12 Май 2015 - 16:41
Barika (12 Май 2015 - 15:37) жазган:
Сиз сыяктуу, туура бул сүрөттү казактын жана кыргыздын деп бөлүп жазбаганым!
Себеп дегенде ошол казак ардагери казактар үчүн гана согушкан эмесда! Ошол үчүн мен жалпы ортого салдым!
Сиздин айтууңуз боюунча ошол сүрөттү, (1-деги) биздин чиновниктерге үйбө дегендей ой калтырып жатат!
Негизи эле мен күнөөнү ошол казактын артында кол чаатыр кармап турган жан сакчыгада коём! Себеби ардагерге кол чаатыр алып келгенге чейинда, ардагерден бир кадам алыста ошол чиновникти жамгырдан калкалап турат!
Эмне үчүн?! Согуштун ардагерлери жеңиш алып келбегенде ошол жан сакчысы ошол жердеда турмак эмес! Ойлондубу ушул нерсени?!
Мына көрдүңүзбү теманын аталышыда ушул нерсеге барабар! "Биз кайда баратабыз" ! Казак, кыргыз, орус бүткүл дүйнө жүзүндөгү эки буттуларды айбан эмес, адам кылып жаратканго! Ушунчалык неге мынча ташбоор болобуз?!
Менин ойумча Кыргызстанда, Казакстанда тартылды деп сүрөттөрдү эки бөлүп олтургандын кажети жок! Ошондой эле мен сиз айткан чиновниктер Сариев менен Жээнбековторду теманын башында дал ушулар деп белгилеп өткөнүм жок! Мен жалпы эле элге кайрылгым келди зээним кейип!
Ооба кийин форумчулардын билдирүүсүнөн кийин бир чиновниктин коментарийин алып келдим дал ошентип сүйлөгөнү чындыкбы?!
Макул эми сиз айтып, жактап жаткан чиновниктерге келсек!
Ооба туура чиновниктер кол чаатыр алып келгени үчүн күнөөлүү эмес!
Сиз айткандай: Ардагерлерге тиешелүү шартты алдын ала параддын уюштуруучулары кам көрүшү керек! Же силерге Сариев жана Жээнбеков ар бир ветерандын артынан чуркап, кол чаатыр таратып жүргөнүн көрүү өтө зарыл иш беле ?
Балким ошол парадка сап башында, тиешелүү шартты түздүрүп бербеген Сариев менен Жээнбеков болуп жүрбөсүн!
Мен зонтик берип турбасам, сен зонтик берип турбасаң, баары берип турбаса, эмне үчүн чиновник берип турушу керек?!"
--->Албетте дал чиновник берип турушу керек!
Айдан түшсөда! Алар деген эли үчүн бийликге келген! Ардагер эле эмес, элин дагы ошентип корголоп алышы керек!
Эми сизге келели

Казакстан менен Кыргызстанды бөлбөй, Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиши жалпы совет элине таандык деген пикириңизди мен да колдойм. Бул - айныгыс факт! Бирок болуп өткөн жана талкууга алынган окуяларга келсек, ал кошумча маалыматтар менен толукталышы зарыл. Ошол эле бул Казакстанда болуп өткөн окуя, а бул Кыргызстанда болуп өткөн окуя деп. Бирок баарыбыз, кыргыз, казак, керек болсо, дүйнөлүк коомчулук ардагерлерди улутуна бөлбөй, сыйлашыбыз керек, муну да колдойм. Чиновниктерге келсек, Сариев жана Жээнбеков эле эмес, президент (ошол күнү Москвада болгонуна карабастан) баш болуп, параддын тиешелүү жогорку даярдыкта өтүшүнө эң сап башында көзөмөл кылышы керек. Бирок! Бирок, ошондо дагы дал сиз илген сүрөттөн улам, бул окуяга чиновникти күнөөгө жыгуу туура эмес! Эли үчүн бийликке келген деп жазыптырсыз, ооба, ошондой. Ошентсе дагы, алардын башкы милдети - зонтик менен камсыз кылуу эмес да. Кичине мындай, глобалдуу ой жүгүртүү керек эмеспи. Дүйнө тыйындан курулган күндө да, андай майда-чүйдө иш-чаранын даярдыктарын тиешелүү мам.кызматкерлер, параддын уюштуруучулары эске алышы зарыл болчу. Анан эң бир логикага сыйбаган жорук - ушул окуяга саясий боёк берүү аракети болуп жаткандыгы.
На то пошло, ар бирибиз бүгүндөн баштап, тегерегибиздеги адамдарга, балким бир туугандан баштайт чыгарбыз, ардагер эле эмес, улуу кишиге сый көрсөтүү зарыл экендигин айтышыбыз кажет! Дагы бир жолу кайталап жазам, ушундай эле окуя дагы катталса, зонтикти чиновниктен күтүп отурбай, менин, же сенин, же дагы бир чиновник эмес адамдын колунда зонтик барбы, чуркап, карыя-байбичеге кармат! Кармат да, сүрөткө тартып ал. Эгерде, ушул тема жабыла элек болсо, алып келип бул жерге ил, башкаларга үлгү бол.
Кымындай ишти деле чиновниктен күткөндү токтотуу зарыл. Өткөндө окуп калдым эле комментарийлерден "өзүн ушундай кыйын саясатчы сезет экен, айылындагы туалетти куруп берип койбойбу" , же бүгүн дагы окудум "мен муну тааныбайт экем, туулган жерине жол салып бербейби" ... Кантип ушундай болсун? Зонтик чоңоюп отуруп жол салып берсин дегенге жеттик! Баарыбыз уятка кала турган окуя болду, чиновниктер эле эмес, именно, баарыбыз!
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
#111 12 Май 2015 - 16:44
Barika (12 Май 2015 - 15:54) жазган:
Сүрөттө чиновниктердин кол чааттырын караңыз жана ардагерлердин!
Эгер эки тарапты тең карай турган болсок!
Изилдеп жүрсөк жумурткаданда ушинтип кыр табылып калат экен!
Кыйкым издөөнүн да чеги болот да


Кол чатыр сизче эмне кылышы керек? Ал жаандан тоссо жетиштүү. Сизге түсү маанилүүбү? Же көк зонтикке жамгыр көп таамп, карага аз тамат бекен?

Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
#112 12 Май 2015 - 16:49
stimyl.kg (12 Май 2015 - 15:56) жазган:
Barika (12 Май 2015 - 16:23) жазган:
Мына сиз айткан ойду менда айтканы турам!
Жаан жашын билгенден кийин бүткүл элге эмес, ошол саналуу эле калган ардагерлерге гана чаатыр тиге койуш бир тоону томкоргончолук кыйын эместир эле?!
Жамгырда темселетпей бир автобус жалдап койсочу! Айта берсең сөз көп жана чиновниктер эле караланып калат экен!
Анан дагы ардагерлерге параддан кийин сыйлайбыз деп сөз кеткен экен. Ушул нерседа аткарылбаганы чындыкбы?
Көп сөз - *** сөз

Жеңишти ардегерлер чиновниктер үчүн эле алып берген эмес, жалпы советтик эл үчүн кылган. А биз алардын мураскерлерибиз. Эмки жылы, келгиле, 9-майга чейин форумдун алкагында акция кылып, тыйын-тыпыр чогулталы, аянтка келчүлөргө такси камсыздап берели, кийин сый тамак уюштуралы. Кошуласыңарбы?
Кызыкканым, эмнеге демилгени өзүбүздөн издебейбиз, эмнеге күнөөнү оодара коюуга кыйынбыз?!
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
#113 12 Май 2015 - 16:50
#114 12 Май 2015 - 16:55
Senuchunzhashaim (12 Май 2015 - 16:25) жазган:

Менин да сизге окшоп ой жүгүрткөн адамдарга жүрөгүм ооруп турат. Ылайым, баарыбыздын өмүрүбүз узун болсун!

Barika (12 Май 2015 - 16:33) жазган:
Алдын ала белгиленгендей кыргыз бийлиги согуш ардагерлерине сый урмат кылып, белек тапшырылат деген кептер, нѳшѳрлѳп жааган жамгырдан кийин унутулуп, эл этегин жыя албай, ал эми майлуу курсагын араң кѳтѳргѳн чиновниктер коштоп жүргѳн кошоматчыларынын коштоосунда акүйгѳ кире качышты.



Эльвира Караева бир нерсе деңизчи?
Чын көзүм менен көрбөдүм бирок!
Мекенде болгонумда бул жерде талкуулашып олтургандан көрө деп ардагерлердин өздөрүнө жетип бармакмын!
Сиз жогорудагы маалыматты кайдан алдыңыз, мына ошол порталга жазыңыз, канчасы чын, канчасы калп деп! Мен ушак териштире албайт экенмин.
KUMTOR1 (12 Май 2015 - 16:40) жазган:
Биздин келечегибиз кандай болоорун. Саналуу гана ардагерлер калды. Эльвира Сариева! Сиз эми модератор экенсиз, кайсы темага кирбейин фактысы жок эле, жаап саласыз. Сынды туура кабыл алып, катанызды ондоого аракет кылсаныз жакшы болот. Мен модератор экенмин деп эле аша чаппай. Барика эже азаматсыз! Элди, аталарды ойлоп жан куйгузупсуз. Мирлан аке мен сиздин оюнузга толук кошулам. Гезитке жарыялаш керек, эгер бул гезит жарыялабаса башка деле гезиттер толтура! Эльвира Сариева, Атай тема боюнча жазсаныздар.
Жогоруда акция өткөрүү боюнча демилге жаздым. Эмдиги жылы бар болсок, сизди да волонтер, же спонсор катышуучу катары көрүүнү чыдамсыздык менен күтүп калам. Ал эми нааразычылыгыңызды тиешелүү факттары менен купуядан күтүп калам.
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
#115 12 Май 2015 - 17:00
Орус, кыргыз, казак, кыскасы согушка катышып эрдик алып берген ардагерлерибизге жаза!
☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#116 12 Май 2015 - 17:01
Жаанда калган ардагер Бишкектеги жатаканалардын биринде жашайт. Ага жардам көрсөтүү үчүн деле кыска убакыт аралыгында акция өткөрсөк болот. Кайрымдуулук кылуу үчүн. Макулсуздарбы?
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
#117 12 Май 2015 - 17:04
Билдирүүнү түзөткөн: Senuchunzhashaim: 12 Май 2015 - 17:05
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#118 12 Май 2015 - 17:11
Senuchunzhashaim (12 Май 2015 - 17:04) жазган:
Чоң сүйлөгүңүз келип, бирок айбыгып турсаңыз, купуя ачык

Мындай да, эгерде мен карманган позиция чиновниктерди актап-жактагандай туюлса, айла жок. Болгону мен медалдын экинчи жагын көрсөткүм келип жаткан. Бул табигый көрүнүш. Адам эмнени көргүсү келсе, ошону көрөт, эмнеге ишенгиси келсе, ошого ишенет эмеспи. Ошол үчун да талкуу болуп жатпайбы, эгерде баарыбыз окшош ойлонсок, мымыр-жумур оокатыбыз улана бермек да, туурабы? Бир гана жагдай - талаштан тактык, чындык жаралат. Жараткан бар болсо, ал сиздин чындыгыңызды да, менин чындыгымды да көрүп турат.
Бир карикатура эске түшүп кетти:

Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
#119 12 Май 2015 - 17:19
Эльвира Караева (12 Май 2015 - 16:49) жазган:

Жеңишти ардегерлер чиновниктер үчүн эле алып берген эмес, жалпы советтик эл үчүн кылган. А биз алардын мураскерлерибиз. Эмки жылы, келгиле, 9-майга чейин форумдун алкагында акция кылып, тыйын-тыпыр чогулталы, аянтка келчүлөргө такси камсыздап берели, кийин сый тамак уюштуралы. Кошуласыңарбы?
Кызыкканым, эмнеге демилгени өзүбүздөн издебейбиз, эмнеге күнөөнү оодара коюуга кыйынбыз?!
Ооба сиз айткандай мисалыңызды түшүндүм, бирок бир аз айландырайын. "Көп сөз, бекер эле сөз"!
Чиновниктер мооонтип отуратда азыр камыравай!

Андан кийинки демилгеңизди кош колдоп колдойм буюруса, аман бололук!
Көөөөп сөз айтып ар бир жазган посттуңузга жооп берейин дедим...
Анча мынча жери супердин эрежесине ылайык келбейт экен анан дагы чочуп жүрбөң эзели саясатка кирбеген, талкуу жүргүзбөгөн, адамга эмне бале болду деп жогоруда айтканыңыздай мойнума алам бирок!

Саясаттан алергиям бар. Чын башым ооруйт!


Кызыканыңыз, демилгени чиновниктерге оодарып айыптабадым эле башында. Жөн гана адам затты таш боор болбойлучу дейин дегем!
☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#120 12 Май 2015 - 17:24
Эльвира Караева (12 Май 2015 - 17:01) жазган:
Жаанда калган ардагер Бишкектеги жатаканалардын биринде жашайт. Ага жардам көрсөтүү үчүн деле кыска убакыт аралыгында акция өткөрсөк болот. Кайрымдуулук кылуу үчүн. Макулсуздарбы?
Бул акция качан кайсыл жерде болот? Ишенем бул акцияга Сариевге окшогон чондор маани деле бербейт...
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.