Чиновник жамгырлуу күнү кол чатыр менен келгенине күнөөлүү эмес да, туурабы?
Ардагерлерге тиешелүү шартты алдын-ала параддын уюштуруучулары кам көрүшү керек! Же силерге Сариев менен Жээнбеков ар бир ветерандын артынан чуркап, кол чатыр таратып жүргөнүн көрүү өтө зарыл иш беле? А эмнеге ардагердин артында келе жаткан карапайым адамдарды (орто жаштагы аял жакшынакай эле кол чатыр менен келе жатат) сөкпөйсүңөр?
!
Ылдыйдагы сүрөттө деле толтура адам зонтикчен жүрөт, эмнеге бирөө-жарымы ветеранга берип турган эмес?! Ооба, биз бир нерсе болсо эле чиновникти аша сөккөнгө көнүп бүткөнбүз, бирок ошол эле чиновниктер мен, сен жана бизге окшогон элдин ичинен суурулуп чыгат. Ар бирибиз ойлонушубуз керек, мен зонтик берип турбасам, сен зонтик берип турбасаң, баары берип турбаса, эмне үчүн чиновник берип турушу керек?!
Туура,жада калса жан сакчылары менен жылуу жумшак кымбат унааларда келгенинде деле күнөө жок.Бирок,кайда келгенин,кимдин урматына чогулганын аңдап түшүнүш керек болчу.
Эл үчүн кызмат кылам деп келген адамдар,антип койсо деле куп жарашмак.А сиздин адамгерчилигиңизге таянсак ардагер болбосо деле жок дегенде карыган ата-энеси бардыр эле.Артынан чуркатып,драмалаштырып отурбай ,бир ооз буйрук менен бүтө турган иш болчу.
Аларды сөккүдөй алар ким?Сиз,биз сыяктуу карапайым адамдар.Бул темага тиешеси жок алардын.Тема адамгерчиликти талкулоо үчүн ачылбаганын билет чыгарсыз.Дал ушу чиновниктерибиздин шалаакылыгына арналган тема болуп жатпайбы.

Супер-Инфо
super.kg
видео

















